СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Улуттук боштондук кыймыл

Категория: История

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Улуттук боштондук кыймыл»

1916-жылдагы улуттук боштондук кыймыл

1916-жылдагы улуттук боштондук кыймыл

Улуттук боштондук кыймылдын келип чыгуу себептери. Көтөрүлүштүн башталышы, кулач жайышы. Кыймылдын жеңилиши жана натыйжасы
  • Улуттук боштондук кыймылдын келип чыгуу себептери.
  • Көтөрүлүштүн башталышы, кулач жайышы.
  • Кыймылдын жеңилиши жана натыйжасы
Улуттук боштондук кыймылдын келип чыгуу себептери. 1-дүйнөлүк согуштун кесепети келгин орус дыйкандарынын көбөйүүсү жана жерлердин тартып алынышы Салыктын 2-3эсе жогорулашы Колониалдык улутчул саясаттын күч алышы

Улуттук боштондук кыймылдын келип чыгуу себептери.

  • 1-дүйнөлүк согуштун кесепети
  • келгин орус дыйкандарынын көбөйүүсү жана жерлердин тартып алынышы
  • Салыктын 2-3эсе жогорулашы
  • Колониалдык улутчул саясаттын күч алышы
Жерлердин алынуусу Салык саясаты Падышанын указы ХХк. Башында колниалдык улутчул саясат күч алып, орус дыйкандары нын көчүп келүүлөрү кескин түрдө күч алган.1900-жылы Пржевальск уездинде жашаган орустар жалпы элдин 11%ын түзүп, айдоо жердин 23,8%ын ээлеген. Ошол орустар 1916-жылга карата жалпы уезддеги калктын 21,1%ын түзүп, айдоо жердин 67,3%ын ээлеп алышкан. Согуш жылдарында салыктын көлөмү 2 эсеге өскөн. Соода жана өнөр жай ишканаларына жеке көмөкчү чарбаларга салык 50% көбөйтүлгөн. Салыктын ондогон түрлөрү болгон:түтүн салык, жан салык, падыша салык, андан кийин жергиликтүү салыктар (ат, май, жигит кызмат үчүн чыгым ж.б.) Жергиликтүү элдерди тылдагы кара жумушка алуу жөнүндө буйрукка Николай II 1916-жылдын 25-июнунда кол койгон. Жарлык боюнча түркстан крайынан жалпысынан 250миң киши алынуу керек болгон. Пржевальск уездиндеги калкка «апийим салыгы» салынган. Сырдарыя областы-87миң киши Жети-Суу-60миң киши Фергана-50миң киши Самарканд-38миң киши Закаспийск-15миң киши

Жерлердин алынуусу

Салык саясаты

Падышанын указы

ХХк. Башында колниалдык улутчул саясат күч алып, орус дыйкандары нын көчүп келүүлөрү кескин түрдө күч алган.1900-жылы Пржевальск уездинде жашаган орустар жалпы элдин 11%ын түзүп, айдоо жердин 23,8%ын ээлеген. Ошол орустар 1916-жылга карата жалпы уезддеги калктын 21,1%ын түзүп, айдоо жердин 67,3%ын ээлеп алышкан.

Согуш жылдарында салыктын көлөмү 2 эсеге өскөн. Соода жана өнөр жай ишканаларына жеке көмөкчү чарбаларга салык 50% көбөйтүлгөн. Салыктын ондогон түрлөрү болгон:түтүн салык, жан салык, падыша салык, андан кийин жергиликтүү салыктар (ат, май, жигит кызмат үчүн чыгым ж.б.)

Жергиликтүү элдерди тылдагы кара жумушка алуу жөнүндө буйрукка Николай II 1916-жылдын 25-июнунда кол койгон. Жарлык боюнча түркстан крайынан жалпысынан 250миң киши алынуу керек болгон.

Пржевальск уездиндеги калкка «апийим салыгы» салынган.

Сырдарыя областы-87миң киши

Жети-Суу-60миң киши

Фергана-50миң киши

Самарканд-38миң киши

Закаспийск-15миң киши

Көтөрүлүштүн башталышы жана кулач жайышы Түркстандагы көтөрүлүш 1916-жылдын 4-июлунда Ходженттен башталган.Бул кабар башка аймактарга бат эле тараган. Көтөрүлүш Кыргызстан өтүп түндүк жагында Пишпек уездинде, Олуя-Ата уездинин тоо жак бөлүгүндө, Пржевальск уездинде, түштүктө Ош уездинин бир катар райондорунда болгон. Түндүк Кыргызстан аймагында кыймыл 6-7-август күндөрү башталган.

Көтөрүлүштүн башталышы жана кулач жайышы

Түркстандагы көтөрүлүш 1916-жылдын 4-июлунда Ходженттен башталган.Бул кабар башка аймактарга бат эле тараган. Көтөрүлүш Кыргызстан өтүп түндүк жагында Пишпек уездинде, Олуя-Ата уездинин тоо жак бөлүгүндө, Пржевальск уездинде, түштүктө Ош уездинин бир катар райондорунда болгон. Түндүк Кыргызстан аймагында кыймыл 6-7-август күндөрү башталган.

Көтөрүлүштүн жетекчилери  Кеминде - Мөкүш Шабданов Кочкор күн батышы жана Токмокто – Канат Ыбыке уулу Кочкордун күн чыгышында – Тезекбай Түлкү уулу Жумгалдын батышында –Көкүмбай Чыны уулу Нарындын түндүк аймагында – Байзак Мырза уулу Ысык-Көлдүн тескейинде – Баатыркан Ырайымбеков Ысык-Көлдүн күнгөйүндө – Баатыркан Ногоевдер хан шайланышкан

Көтөрүлүштүн жетекчилери

Кеминде - Мөкүш Шабданов

Кочкор күн батышы жана Токмокто – Канат Ыбыке уулу

Кочкордун күн чыгышында – Тезекбай Түлкү уулу

Жумгалдын батышында –Көкүмбай Чыны уулу

Нарындын түндүк аймагында – Байзак Мырза уулу

Ысык-Көлдүн тескейинде – Баатыркан Ырайымбеков

Ысык-Көлдүн күнгөйүндө – Баатыркан Ногоевдер хан шайланышкан

Көтөрулүштүн жеңилиши Жети-Суудагы көтөрүлүштү басуу үчүн Түркстан геиерал-губернаторлугунуи аймагынан күчтүү куралданган 6530 аскер келген, алардын 1105 атчан аскерлер болгон. Кийинчерээк согуш министринин буйругу менен дүйнөлүк биринчи согушта согушуп жаткан аскерлерден 2 орус-казак полку, 240 атчан чалгынчылар, 16 замбирек жана 47 пулемет кошумча жөнөтүлгөн. Мындан тышкары келгин дыйкандардын 43 проценти буга чейин эле куралдандырылган. Августтун аягында Пржевальскиден анча алыс эмес жерде көтөрүлүпгчүлөр менен жазалоочулардын ортосунда акыркы ири салгылашуу болгон. 21-августта бул жерде 4 миндей көтөрүлүшчү он, сол канат болуп душманга бир нече ирет чабуул коюшкан. Ал эми 28-августта Түптөгү салгылашууга 7 миндеи ашуун көтөрүлүшчүлөр катышкан. Сентябрь айында падыша аскерлери менен майда кагылышуулар гана болбосо, көтөрүлүш негизинен женилген.

Көтөрулүштүн жеңилиши

Жети-Суудагы көтөрүлүштү басуу үчүн Түркстан геиерал-губернаторлугунуи аймагынан күчтүү куралданган 6530 аскер келген, алардын 1105 атчан аскерлер болгон. Кийинчерээк согуш министринин буйругу менен дүйнөлүк биринчи согушта согушуп жаткан аскерлерден 2 орус-казак полку, 240 атчан чалгынчылар, 16 замбирек жана 47 пулемет кошумча жөнөтүлгөн. Мындан тышкары келгин дыйкандардын 43 проценти буга чейин эле куралдандырылган. Августтун аягында Пржевальскиден анча алыс эмес жерде көтөрүлүпгчүлөр менен жазалоочулардын ортосунда акыркы ири салгылашуу болгон. 21-августта бул жерде 4 миндей көтөрүлүшчү он, сол канат болуп душманга бир нече ирет чабуул коюшкан. Ал эми 28-августта Түптөгү салгылашууга 7 миндеи ашуун көтөрүлүшчүлөр катышкан. Сентябрь айында падыша аскерлери менен майда кагылышуулар гана болбосо, көтөрүлүш негизинен женилген.

Пржевальск уездинин Григорьевка болуштугундагы өрттөлгөн кыштактар, өлтүрүлгөндөр, дайынсыз жоголгондор жана жарадар болгон дыйкандардын тизмеси

Пржевальск уездинин Григорьевка болуштугундагы өрттөлгөн кыштактар, өлтүрүлгөндөр, дайынсыз жоголгондор жана жарадар болгон дыйкандардын тизмеси

Тукум курут болуп кырылып калуудан чочулаган кыргыздар сентябрдын аягынан баштап, өз жерин таштап, баш маана издеп Кытайды көздөй үркүшкөн (качышкан). Жан далбаса кылып колуна тийген буюмдарын, талануудан калган малын айдап, азьга-тозуп качкан кыргыздарды жазалоочу отряд менен келгин дыйкандардын кошуундары сая кууп жеткен жерден кырып, мал-мүлкүн талап жүрүп отурушкан. Үркүн кыш мезгилине туура келип, далай адамдар ак кар, көк муз баскан белдерден өтө албай кыргынга учураган. Кытайлык маалыматтар боюнча Жети-Суу областынан эле Кытайга 332 миң адам качып барган. 1916-ж. көтөрүлүштө 200 миңге жакын кыргыздар өлүп, Түндүк Кыргызстандын калкы 41,4 процентке азайган.

Тукум курут болуп кырылып калуудан чочулаган кыргыздар сентябрдын аягынан баштап, өз жерин таштап, баш маана издеп Кытайды көздөй үркүшкөн (качышкан). Жан далбаса кылып колуна тийген буюмдарын, талануудан калган малын айдап, азьга-тозуп качкан кыргыздарды жазалоочу отряд менен келгин дыйкандардын кошуундары сая кууп жеткен жерден кырып, мал-мүлкүн талап жүрүп отурушкан. Үркүн кыш мезгилине туура келип, далай адамдар ак кар, көк муз баскан белдерден өтө албай кыргынга учураган. Кытайлык маалыматтар боюнча Жети-Суу областынан эле Кытайга 332 миң адам качып барган. 1916-ж. көтөрүлүштө 200 миңге жакын кыргыздар өлүп, Түндүк Кыргызстандын калкы 41,4 процентке азайган.

корутунду 1916 ж. көтөрүлүш Кыргызстандагы ири улуттук-боштондук кыймыл болуу менен кыргыз элинин коомдук-саясий турмушундагы эң маанилүү окуялардан болгон. Жеңилип калганына карабастан, көтөрүлүштүн тарыхый мааниси зор. Түпкү калк көз каранды эместик үчүн күрөштүн тажрыйбасына ээ болгон. Кубаттуу элдик кыймыл аймактагы колониялык бийликти кыйла алсыраткан. Аймактын колониялык эзүүнүн запкысы жанына баткан көп улуттуу калкынын ынтымагы арткан. Алар падышалыктын колониялык улут саясатына каршы күрөштө бирге болушту. Кыргыз эли Ата журтун бошотуу үчүн, өз алдынчалык үчүн көтөрүлүшкө чыккан. 1916-жылдагы кайгылуу окуя – кыргыз элинин 19-кылымдын экинчи жарымы – 20-кылымдын башындагы улуттук-боштондук кыймылдарынын эң ириси. Ал элдин эсинде «Үркүн» деген ат менен түбөлүккө сакталып калды.

корутунду

  • 1916 ж. көтөрүлүш Кыргызстандагы ири улуттук-боштондук кыймыл болуу менен кыргыз элинин коомдук-саясий турмушундагы эң маанилүү окуялардан болгон. Жеңилип калганына карабастан, көтөрүлүштүн тарыхый мааниси зор. Түпкү калк көз каранды эместик үчүн күрөштүн тажрыйбасына ээ болгон. Кубаттуу элдик кыймыл аймактагы колониялык бийликти кыйла алсыраткан. Аймактын колониялык эзүүнүн запкысы жанына баткан көп улуттуу калкынын ынтымагы арткан. Алар падышалыктын колониялык улут саясатына каршы күрөштө бирге болушту. Кыргыз эли Ата журтун бошотуу үчүн, өз алдынчалык үчүн көтөрүлүшкө чыккан. 1916-жылдагы кайгылуу окуя – кыргыз элинин 19-кылымдын экинчи жарымы – 20-кылымдын башындагы улуттук-боштондук кыймылдарынын эң ириси. Ал элдин эсинде «Үркүн» деген ат менен түбөлүккө сакталып калды.
Колдонулган адабияттар  Махмутбекова М.Кыргызстандагы 1916-жылдагы элдик эркиндик которулуш. Омурбеков Т.Н. Кыргызстандагы 1916-жылкы улуттук боштондук көтөрүлүш (Кыскача тарыхый баян). Б.,2016 Шейшеканов Т.Б. Дис.1916-ж. Ысык-Көл өрөөнүндөгү көтөрүлүш: өбөлгөлөрү, өзгөчөлүктөрү жана кол башчылары.Бишкек,2004.

Колдонулган адабияттар

  • Махмутбекова М.Кыргызстандагы 1916-жылдагы элдик эркиндик которулуш.
  • Омурбеков Т.Н. Кыргызстандагы 1916-жылкы улуттук боштондук көтөрүлүш (Кыскача тарыхый баян). Б.,2016
  • Шейшеканов Т.Б. Дис.1916-ж. Ысык-Көл өрөөнүндөгү көтөрүлүш: өбөлгөлөрү, өзгөчөлүктөрү жана кол башчылары.Бишкек,2004.


Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Похожие файлы

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!