СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Улут Уңгусу- Кыргыз наркы

Категория: Истоки

Нажмите, чтобы узнать подробности

Улут уңгүсу-Кыргыз наркы. Хан бийлигинен нарк улук

Просмотр содержимого документа
«Улут Уңгусу- Кыргыз наркы»



Улут уңгусу- Кыргыз наркы”

1.Уюштуруу (Доклад окуу)

2.Хор “Кыргыз калкым”

3. Саламдашуу

4. Каада-салт көргөзү (Бешикке салуу)

5. Хор “Ошол да толук кыргызбы”

6. Кыргыз бий. “Жалын бий”

7. топ таш ойноо.

8.Тогуз коргоол ойноо

9.Ак терек-көк терек оюну

10. Акыйнек, макал айтуу, жанылмач.

Жүрүшү:

1.Уюштуруу (Доклад окуу)

Кыргыз элинин улуттук баалуулуктары ар бир улуттун, элдин туу туткан, алмуздактан бери аздектеп, эненин сүтү, бешиктеги ыры, атанын кеби, нарктуу санжыралары менен укумдан- тукумга, атадан балага сакталып, өтүп келген. Улуттун улуттугун сактаган өзгөчөлүгү.

Кыргыз элинин байыртадан бери сактап келе жаткан баалуулуктары көп. Биздин тарыхыбыз, тилибиз, динибиз, маданиятыбыз, салт-санаабыз, тарыхый эстеликтерибиз, нарк-насилибиз. Бирок доор алмашкан сайын, баалуулуктар өзүнүн ордун жоготуп, коом өзгөргөн сайын баалулуктарга болгон көз караштар өзгөрүп келет. Айрыкча ааламдашуу заманында, интернет доорунда бир коомдук башкаруудан экинчи коомдук жолго түшүп, башка күчтүү коомдордун маданиятына жетеленип, өзгөчөлүгүбүздү жоготуп баратабыз.

Улуттук баалуулуктарыбыз күн өткөн сайын жок болуп унутулуп бараткан сыяктуу. Алар коомдун жана улуттун бешигинде өнүгүп жаралат. Маселен, эне тилибиз, салт-санаабыз, үрп-адатыбызды эле алалычы. Ал дарактын көркүн ачкан мөмөлөрү жана гүлдөрү сыяктуу. Өз маданиятын калыптандыра албаган жана жоготуп койгон улут, жемиш бербеген же аны жоготкон дарак сыяктуу. Ар бир кыргыз ата-бабалардын салтын үрп-адатын билип, кийинки муунга берүүсү керек. Себеби элди эл кылган, жана башка элдерден айрымалаган бул-улуттук баалуулуктары.





Анткени эне сүтү менен буткөн тилде гана чыныгы кыргыз уул-кызынын жан дүйнөсүнө баалуулуктарды сиңирип, өз улуту үчүн сыймыктанууга тарбиялоого болот. Үй-бүлөдөгү ата-энени орду, улуу менен кичүүгө сый мамиле кылуу, дасторкон маданияты, сүйлөшүү адеби, кыз баланы тарбиялоодогу өзгөчөлуктөр, уулду мырзалык сапаттарга тарбиялоо, улуттук тамак-аш жасоого үйрөтүү, улуттук оюндар ж.б. багыттагы ангемелешүү, баарлашуу сааттарыын өткөрүү, практика жүзүндө оюн ойноо, тамак-аш даярдоо сыяктуу иш аракеттер өз натыйжасын берүүдө.

Мында ата-эне, чоң ата, чоң эне, таята, таене, ага-эжелердин катышуусу менен өз турмуштук тжрыйбасында колдонуп келген мыкты журум-туруму, билген өнөрлөрү менен бөлүшүү, балдарды турмушка даярдоо максаты ишке ашырылат. Анткени боз үй деген эмне экенин билгенибиз менен, аны кантип тигүү керектигин, жасалгаларын жасоо, ички буюмдарын туура жайгаштырууну баарыбыз эле биле бербейбиз. Дасторконго баары отурган сон гана ата-эне баштамайын тамакка кол салбоо керектиги же бата кылмайынча андан туруп кетпоо сыяктуу үй-бүлө эрежелери бүгун унутта калып, сакталбай калгандыгы өтө өкүнүчтүү. Анткени бул балдардагы улууну урматтоо, ата-энени сыйлоо сапаттарын калыптандырып, үй-бүлөдөгү ынтымактын сакталышынын бирден бир өбөлгөсү экенин эсибизден чыгарбоого жардам берет.

Кыргыздар ар дайым улутун, тилин, дилин, наркын бузбай сактап келген эл. Улуттук баалуулуктар-бизди башка улуттардан айырмалап турган эң негизги өзгөчөлүгүбүз. Билим уясы болгон мектебибиздин негизги миссиясы- улуттун тилинде терең ой жүгүртүп, сүйлөй алган, улут маданиятынын көрөңгүсүнө сугарылган мыкты инсандарды тарбиялап чыгаруу болуп саналат.

2.Хор “Кыргыз калкым”

Кемер кур, кемсел өтүк, ак калпагы,
Кээ бирөө билбейт жүрөт анын баркын.
Элинен белги берип тааныштырган,
Киймиңден кагылайын, кыргыз калкым.

Кайырма:

Кыргыз калкым, кыргыз калкым,
Киймиңден кагылайын, кыргыз калкым.
Үйүнө конок келсе жүзү жарык,
Кой союп, сыйлай билет ата - салтын.
Кызытып кымыз берип, май жегизген,
Пейлиңден кагылайын, кыргыз калкым.

Кайырма:

Кыргыз калкым, кыргыз калкым,
Пейлиңден кагылайын, кыргыз калкым.









Жайлоо гүлгө жамынган,
Атам, апам айылдан.
Мен айылды, мен айылды сагынам.
Мен айылды, мен айылды сагынам.

Көчөгүлгө жамынган,
Папам, мамам калаадан,
Мен каланы, мен каланы сагынам.
Мен каланы, мен каланы сагынам.

Атам, апам Мекени,
Папам, мамам Мекени –
Тууган жерди, тууган жерди сүйөмүн.
Тууган жерди, тууган жерди сүйөмүн.

3.Саламдашуу

Жыргалдуу биздин өлкөдө,
Кыраан күлкү, каткырык.
Тарбиялайт, өстүрөт,
Замана бизди, замана
бизди шат кылып.

Укмуштан укмуш туудурган,
Уландар өсүп жетилсин.
Кызыктан кызык чыгарган,
Кыздардан көп сыр, кыздардан
көп сыр чечилсин.

Окуйлу балдар тырышып,
Жеңишке жеңиш улансын.
Азамат, деп балдарым,
Замана бизге, замана
бизге кубансын.

Турмуш озу ушундай,
Алга жургуч неме экен.
Алпештеген дилибиз,
Айланайын кен Мекен!

Омур озу ушундай,
Оропкугон неме экен.
Эленсимде турасын,
Жылдызданып кен Мекен!

Атам Манас сыяктуу,
Эр болсом деп тилеймин.
Душман кечип ото албас,
Шер болсом деп тилеймин.

Элге кызмат кылгын деп,
Энем мени тородун.
Чолпонбайдай шер болуп,
Копко тийсин керегим.





Кожожаштай козго атаар,
Мерген болсом жазбаган.
Баатыр болсом Чубактай,
Эч бир жоодон качпаган.


Кыргын салсам душманга,
Дуйшонкулдай тайманбай.
Шумкар болуп качырсам,
Сейтек жоону сайгандай.

Каада-салт көргөзү (Бешикке салуу)

Баланы бешикке салуу ырымы кыргыздарда кадимки чоң той менен коштолот. Ымыркайдын киндиги түшүп, төрөлгөнүнө жети күн болгондон баштап бешикке салынат. Бешик наристени бакканга, таза кармаганга, уктатканга бир топ ыңгайлуу. Салт боюнча бешикти төрөлгөн наристенин таенеси алып келет. Ал эми наристенин бешикке салынган күнүн бешик тою дешет.
Илгертен эле бешик тою берилүүчү күнү нан бышырылып, мал союлуп, айыл-апа, куда-сөөк, тууган-уруктар, тааныштар чыкырылган. Жентек делип сары май омурулуп, досторконго жер-жемиштер, боорсоктор, таттуулар төгүлгөн. Кур кол келбей белек- бечкектерин ала келишкен коноктор наристени алкашып, бешигине боорсок, таттуу, мөмө-чөмөлөрдү чачышкан. Ошол салт бүгүнкү күнгө чейин сакталып келет. Баланы бешикке көптү көрүп, көп жашаган, көп төрөгөн, дөөлөттүү байбичеге салдырышат. Эгер ымыркай кыз болсо – бешикке кайчы, сөйкө, шуру, эркек болсо – чүкө, камчы салынат. Оң-сол чүкөлөрдү бешикке салып, аны баш жагынан көтөрүп «бар бол», «оң бол» деп эңкейткенде чүкөлөр күлтүккө түшүп кетет. Баланы бөлөөрдүн алдында алгач бешикке ар кандай оорулар, жин-шайтандар жашынып калбасын деп арча менен бешиктин ичи-сыртын аласташат. Анан: «Шайтандар кач, кач, кач, ээси келди!»-деп алып барып жаткырышып, «Бешик апа, бек карма! Умай эне, уйку бер!» деп таңат. Бөлөп жаткан учурда ыйлаак болбосун деп оозуна боорсок тиштеп алат. Жуурканы, куржуну, кабы, баштыгы болуп жети нерсени бешикке жаап, төрөгөн энесине карматат. Ал көтөрүп алып төрдөн эшикке, эшиктен төрдү көздөй жүгүнөт. Байбичелер алкап, баталарын беришет. Анан байбичелердин эң улуусу бешикти минип алып, камчылана теминет. «Ой, кайда жөнөдүң? Кайда барасың?»-деп сураганда: «Мекеге баратам»,-деп жооп берет.














5. Хор “Ошол да толук кыргызбы”

Жайлоолоп боз үй тикпесе,
Жадырап кымыз ичпесе.
Ошол да тоолук кыргызбы?
Ардактап кары күтпөсө.


Кайырма:
Кыр-кырда жылкы кишенеп,
Казанда турбаса бышкан эт.
Ошол да тоолук кыргызбы?
Балдары минбесе, небере минбесе кысырек.


Кыздары беш көкүл өрбөсө,
Конокко кой союп бербесе.
Ошол да тоолук кыргызбы?
Калпагын башка кийбесе.


Кайырма:
Көздөрү жалдырап жылдыздуу,
Дүйнөсү буруксуп гүл жыттуу.
Чолпондой ажары жанбаса,
Айтчы ошол тоолук кыргызбы?


6.Кыргыз бийи. “Жалын бий”

(Анжелика Бекболсун, Калыйнур Бүбүсара)

7. Топ таш ойноо.

8.Тогуз коргоол ойноо

9.Ак терек-көк терек оюну

10. Акыйнек,

Акый, акый, акыя
Кыздар кийген такыя
Кырдуу калпак, тебетей
Балдар кийет бакыя, - деп келип:





Илгеркинин кыздары
Курак курган куракчы
Азыркынын кыздары
Тооруп турган каракчы

Илгеркинин кыздары
Сайма сайган саймачы
Азыркынын кыздары
Болгон сөзү "майлачы"

Илгеркинин кыздары
Шырдак шырган уз эле
Азыркынын кыздары
Омуроолойт түз эле

Суунун башы Сулайман,
Сурабаймын кудайдан
Азыркынын балдарын,
Жасап алам ылайдан.

Он жактагы эркектер ,
Сол жактагы эркектер,
Беттешээрге жоо таппай.
Бекер мында быдылдайт.

Макал айтуу,

• Эл - эне, жер - ата.
• Элдин иши эрдин мойнунда.
• Эл эмгегин жер жебейт.
• Эл коргосоң озорсуң, коргобосоң тозорсуң.
• Элге кылган жакшылык жерде калбайт. Сый жерде калбайт.
• Элдүү түлкү ачка олбойт.
• Ата - өчпөс чырак, эне - соолбос булак.
• Атанын уулу болуш урмат, элдин уулу болуш кымбат.
• Эр жигит энеден туулат, эл үчүн өсөт.
• Эр болсоң көк бол, сөзүңө бек бол.
• Жигиттин сөзүнүн өлгөнү, өзүнүн өлгөнү.
• Ак ойлоп, адал иште.
• Калк айтса, калп айтпайт.
• Желге жел кошулса - жут, элге эл кошулса - кут.
• Бирдик болбой тирдик болбойт.
• Улук болсоң, кичик бол.
• Эр жигиттин ичине ээр токумдуу ат батат.




• Уулду төрөйт, уятын кошо төрөбөйт, Кызды төрөйт, кыялын кошо төрөбөйт.
• Уул жакшысы урмат, кыз жакшысы кымбат.
• Жакшыны жолдошунан тааны.
• Жакшы болуу аста-аста, жаман болуу бир паста.
• Жаман деген бир ат бар жууса кеткис, Жакшы деген бир ат бар кууса жеткис.
• Адеби жок жигит, жүгөнү жок атка окшойт.
• Жамандын жаны ардак.
• Ата тарбиялаган бала - эстүү, эне тарбиялаган бала - эптүү.
• Эне көргөн тон бычат, ата көргөн ок жонот.
• Энесин көрүп кызын ал, эшигин көрүп төрүнө өт.
• Аганы көрүп ини өсөт, эжени көрүп сиӊди өсөт.
• Улуу көч каякка барса, кичи көч ошол жакка барат.
• Уядан эмнени көрсө, учканда ошону алат.
• Жашында кылжыӊ болсо, карыганда мылжыӊ болот.
• Өз тарыхын билбеген адамдын келечеги жок.
• Сен деген сенек сөз, Сиз деген сылык сөз.
• Этек-жеӊди жыя отурсаң - абийирге аралжы, Тизгинди жыя кармасаң - жанга аралжы.
• Кең пейилдүү кемибейт, тар пейилдүү жарыбайт.
• Жакшынын шарапаты тиет, жамандын кесепети тиет.
• Жакшыга жолуксаң жетесиң муратка, Жаманга жолуксаң каласың уятка.
• Жаман менен жолдош болсоң кесири жугат, Жакшы менен жолдош болсоң насиби жугат

Жанылмач.

Апал сулуубу? Үсөн улуубу?

Үпөл сулуубу?

Асан менен ким эгиз?

Апал менен ким эгиз?

Үсөн менен ким эгиз?

Үпөл менен ким эгиз?









Арала балам, араала,

Атаңа бир аз карала.

Cен аралабаганда,

Ким арааламак эле.

Сен каралабаганда

Ким караламак эле.



Апам алмадан үчтү үздү,

Алмуруттан үчтү үздү.

Жетпегенин кубүсө.

Жерге баары түз түштү.
————————————-

Ал аралда да марал,
Бул аралда да арал,
От экен маралга да арал,
Оттосун аралга да марал.
————————————-
Аттап барып алты кучак отун алдым,
Алты котур нарга артып алдым.
——————————————————
Ай, Айдарбай!
Кызыл мүйүз уюңду,
Үйүнө айдай бар.

————————————————-
Алабатага алабаталатпастан,
Алабатага алабаталатып,
Алабатага алабаталатабыз.
————————————————
Асманда эки айры куйрук:
Бири ак кыска айры куйрук,
Бири кара кыска айры куйрук.
Ак кыска айры куйруктуу айры куйрук
Кара кыска айры куйруктун жолун тосот.
Кара кыска айры куйруктуу айры куйрук
Ак кыска айры куйруктун жолун тосот.
————————————————————————




Бадал арал, бадал арал,
Бадал аралда оттогон бала марал.
Бактияр бээсин алабатага
Алабаталатам деп барып,
Алабатага өзү алабаталанып калды






Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!