СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

"Улут болсоң - тилиң менен улутсуң" 21 - февраль Эл аралык эне тил күнү

Категория: Всем учителям

Нажмите, чтобы узнать подробности

21-февраль Эл аралык Эне тил күнү

Просмотр содержимого документа
«"Улут болсоң - тилиң менен улутсуң" 21 - февраль Эл аралык эне тил күнү»




«Тилулуттун жан дүйнөсү»



  1. Саламдашуу. Слайд. Көркөм окуу

  2. Тил гимни. Хор

  3. Манас эпосунан үзүндү

  4. Күү Маш ботой

  5. Көркөм окуу. 9-3 класстарынын окуучулары. Слайд

  6. Кыргыз бийи.

  7. Обондуу ыр.

  8. Онлайн тест.













  1. Саламдашуу: Саламатсыздарбы урматтуу агай-эжелер, семинардын катышуучулары жана жалпы меймандар!

Саламдашууну Кыргызстан жөнүндө слайд коштойт.


Айнура Сталбековна:


21-февраль - Эл аралык эне тил күнү. Кыргыз тили - Кыргыз Республикасынын калкынын,, кыргыз улутунун тили. Эне тилди сүйүү ар бир атуулдун адамдык парзы, тагыраагы, эне тил - адамдын кан-жаны менен кошо бүткөн, боор эт менен тең, эч нерсе менен алмаштыргыс ыйык дөөлөтү,, сыймыгы.

Айназ Асанбекова:

Кыргыз тили байыркы бай тилдердин бири экендиги тарых барактарында маалымдалат. Бирок заманбап жашоо, технологиянын өнүгүшү, неологизмдердин (жаңы сөздөр) пайда болушу да кыргыз тилине өз таасирин тийгизип келет.. Андыктан кыргыз тилин кадырлоо, сүйүү, өнүктүрүү тууралуу көптөгөн иш-чаралар, акциялар жүргүзүлүп келет.

Айнура Сталбековна:

21-февральЭл аралык эне тил күнү.Юнеско Эл аралык уюмунун генералдык конференциясы 1999- жылы 17-ноябрда бул күндү эне тилдин эл аралык майрам күнү катары белгиленген.

Асанбекова Айназ:


2000-жылдан тарта белгиленип келет. Бул датанын майрам катары тандалып алынышынын себеби 1952-жылы 21-феврвлда Бангладештин борборунда студенттер эне тилинин мамлекеттик тил болушун талап кылып көтөрүлүшкө чыгшып, полиция кызматкерлеринин огунан каза болушкан.

Чормукова Айзат:


Юнеско уюмунун иликтөөүнө караганда, дүйнөдө 6500 тил колдонулуп, алардын көпчүлүгү жоголуу чегине жеткен. Ошондой эле БУУнун башкы Ассамблеясы 2008-жылды Тилдердин эл аралык жылы деп жарыялаган.




  1. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тил гимни. Хор -классынын окуучуларынын аткаруусунда.


Тил гимни

Тил жаралып, Көкө-тенир танынан 
Адамзатым дөөлөтүнө буйурган. 
Адам деген түп сөзунөн элимдин 
Кыргыз тили ай-ааламга жаңырган.

Кайырма:

Кыргыз тили жүрөгүм 
Манас ата туу туткан 
Кыргыз тили Мекеним 
Менин өлкөм Кыргызстан


Мекен тили Ата журттун кареги 
Биримдиги күч кубаттын тиреги 
Мекен тили куттуу кыргыз элимдин 
Көкүрөккө согуп турган жүрөгу.


Кайырма:

Кыргыз тили жүрөгум 
Манас ата туу туткан 
Кыргыз тили Мекеним 
Менин өлкөм Кыргызстан


Мекен тилин ыйык тутуп сактайлы. 
Мекен тили бак таалайдын кутманы
 
Мекен тили кан жаныбыз, туубуз
 
Ата журттун келечеги, ак таңы.


Кайырма:

Кыргыз тили жүрөгум 
Манас ата туу туткан 
Кыргыз тили Мекеним 
Менин өлкөм Кыргызстан.



Айзат Турдалиевна:

  1. 21-февраль – Эл аралык Эне тил күнүнө карата назарыңыздарга эне тили тууралуу жазылган ыр саптарын сунуштайбыз.

Көркөм окуу: Кыргыз тили жана адабияты сабагынын мугалимдери жана окуучулардын аткаруусунда.


Айнура Сталбековна:

Эне тилим” Раимжан Курбанов

Мен кыргызмын, сатылбаган, сатпаган,

Мен кыргызмын, асман жерге жашташмын.

Эзелкимин, келечекмин, максатмын,

Кылы дагы кыйшайганын каалабайм,

Кырчылдаган кыргыз деген жакшы аттын.

Мен кыргызмын түгөнөөрдө түтөгөн,

Мен кыргызмын жок болоордо күчөгөн.

Мен кыргызмын тарыхым бар, тилим бар,

Мезгилдердин ой-чуңкурун түзөгөн.

Айназ Жээнбаевна:

Мен кыргызмын, жөнөкөймүн, улуумун,

Мертинтпеген эчен азап улуу муун.

Кылымдар улап кетээр эл көчүн,

Кыргызмын мен, Эр Манаска муунмун.

Ошондуктан кайрыламын мен сага,

Көтөр башты улутташым, кандашым!

Көкүрөктө улуу намыс кайнасын!

Ар бир кыргыз аманаты Манастын,

Хан тукуму кулга айланып калбасын.

Көк теңири ай-ааламга тийишкен,

Байкуш болбо башты төмөн ийип сен.

Бизге теңир берген улуу тоолорду,

Бүт дүйнөнү карасын деп бийиктен.

Чормукова Айзат:

Күң кылбасын келген-кеткен коногу,

Кыргыз кызы-күндөй баркы жогору.

А жигиттер мырзасыңар баарыңар,

Тексиз, нарксыз кул жүрүшту коёлу.

Бабалардын алып асыл өрнөгүн,

Балдар өссүн бапестеген өз жерин.

Каршы туруп катаалдыктар ыргытса,

Качырып кир тарыхтарга, турмушка.

Бүтүндөй бир тыйын эмес улуу журт,

Бир да сөзүң жоголбосун укыргызча!

Бүжүрөбөй көтөр башты жаркылдап,

Нур чайылсын жан дүйнөгө алтын жаап.

Сен падыша, падышасың!

Уккун мени!

Падышасың эй кыргыз!

А тоолоруң теңир берген алтын так!


Айжан:

Эне тилим – ыйык туткан сыймыгым,

Бабалардан жете келген сыйлыгым.

Тамчы суудай бапестелип сакталган,

Жүрөгүмдөн түнөк алган ыйыгым.

Эне тилде ой - жүгуртөм, сүлөймүн,

Канат созо, ай ааламга - күүлөймүн.

Аалам менен алакалар түзүлүп,

Эне тилди энекемдей сүйөмүн




Нурзат:

Эгемен күнгө жеткен азат тилим,
Эзелтен ынтымакка башат тилим.
Эртеңки келечеги айдан ачык,
Эл менен алга карай басат тилим.

Асмандан балбыл жанган жылдыз тилим,
Ааламга аты чыккан Чыңгыз тилим.
Арыбай кылымдарды багынта бер,
Ардагым ата мурас Кыргыз тилим!


Нурбийке:

Кылым сүрүп кыргыз тили,
Кызгалдактай гүлдөсүн
Жайып тамыр-бутактарын,
Жаш арчадай бүрдөсүн
Ишкананы кенен ээлеп
Иш кагазда сайрасын
Көчөлөрдө эркин басып
Көрнөктөрдө жайнасын

Бакчаларда байыр алып
Окуу жайда окулсун
Тоолуктардын өз тилинде
Токтомдору токулсун
Телеграф, телефондор
Сүйлөп турсун кыргызча
Ата журттун эне тили
Аралашсын турмушка
Желбиреген желегиндей
Жетсин колу жылдызга.



  1. Манас эпосунан үзүндү.

классынын окуучулары Мусаева Нурбийке, Өмүргазиева Нурзат

-классынын окуучусу Керимбердиев Аргендин айтуусунда.


Кошой дөө менен Жолой дөөнүн күрөшү” (үзүндү)


Көкөтөйдүн көк туусу
Көтөрүлдү калкылдап,
Ырамандын Ырчуулу

Жар чакырып баркылдап,
Майдан тартып баары журт
Барып турган жери ошол.
Көргөндүн көзү айнышып,
Көпчүлүк турду майышып,
Айтып сөздү жыйганча,
Аны-муну кылганча,

Ачып көздү жумганча,
Ырамандын Ырчуулу,
Ычкыры бапик кырк мууну,
Жанында бар Жаш Айдар,
Жалпы баары кеп айтар,
Карчылар журтка бек айтар:
«Калмак, манжуу, кыргыз журт,
Көпчүлүгүң — кара курт,
Көкөтөйдүн ашында
Көк жал Манас сөзүн тут!
Урук кууп ала албайт,
Ушунчалык көпчүлүк
Убарага сала албайт.
Ата кууп албады,
Азар түмөн көпчүлүк

Арбын балбан салбады.
«Калкым кабар уксун — деп,
Каруусу келсе, чыксын, — деп,
Уксун, — деди силерди,
Улуктар бизди жиберди.
Уюп жаткан көп элдин
Баары арманда калбасын.
Балбандан балбан тандасын,
Бас кишиден салбасын!
Жердеги чулу кара таш
Топурактай уучтап,
Тозоң кылып кармасын!
Ошол өңдүү адамдан
Тобунан киши тандасын!
Темирди талдай сындырган,
Пил, керик араң жылдырган,
Душманды басып сындырган,
Туугандын көөнүн тындырган
Дөө жеңбеген бөкөдөн,
Көптөн коркпос жекеден,
Журтка болгон чегеден,
Калмак менен кыргыздан,
Бура тартпас баатырдан
Эки балбан чыксын — деп,
Кабар ушул уккун — деп,


  1. Чебердин тийсе кол учу,

Чер жазган мукам добушу.

Чертилип келдиң, байыртан,

Чечен тил кыргыз комузу.

Демекчи -классынын окуучуларынын аткаруусунда аттуу күүсү назарыңыздарда!

  1. Көркөм окуу. , -класстарынын окуучуларынын аткаруусунда.

Көркөм окууну слайд коштойт.

Адина:

Эл туруп эне тилин унуткан бар,

«Эл безер» атка конуп куруткан бар.

Эненин сүтүн эмип, тилин билбей

Эненин сай-сөөгүн сыздаткан бар.


Сумая:

Ким барктаса өз энесин, өз тилин,

Барктай билет дүйнө элинин көп тилин.

Ар улуттун энеси улуу, тили улуу,

Өйдө, ылдый деп айта албайбыз эч бирин!


Зухра:

Орус тили жылдызда,

Биздин улуу заманда.

Бирок кыргыз кыргызча

Сүйлөбөсө жаман да!

Эне тил

Эне тилди энем мага үйрөткөн,

Эне тилде энем менен сүйлөткөн.

Эне тилде өз атымды билгенмин,

Эне тилим сырын ачты дүйнөнүн.

Сумая:

Эне тилим башка тилди үйрөттү,

Эне тилсиз дилим аны сүймөкпү?

Эне тилсиз өзгө тилдин куту жок,

Эне тилсиз өзгө тилдин жыты жок.

Алия:

Эне тилсиз тааныр белем жеримди.

Эне тилсиз тааныр белем элимди.

Эне тилсиз укмак белем «Манасты»

Эне тилсиз укмак белем санатты.

(Түмөнбай Байзаков)

Эрбол:

Кыргыз тили - бизге керек,

Биз кыргыздын уулубуз.

Эне тилин сактай билген.

Жаңы доордун муунубуз!

(Жолдошбай Кененбаев)

Амина:

Эне тилим эне сүтүм, таалайым.

Ачып турган ак калпагым маанайым.

Кылымдардын кылымдарга кыялбай.

Сен өркүндөп өсүшүндү каалаймын.

Абдурахман:

Отко салсаң, чокко салсаң күйбөгөн,

Жоголгон жок, кеткени жок дүйнөдөн.

Эне тилим нечен кылым карыткан,

Ушул тилде бабам Манас сүйлөгөн.


Амина:


Турган чакта жергебизде аш толуп,

Эне тилим жадырасын жаз болуп.

Эгерде ким эне тилин жерисе,

Катып калсын, кыймылдабай таш болуп.


Акылай:

Эне тилин өгөйлөп жектегендер,
Эне тил элегинен өтпөгөндөр.
Кыргыздын өзүн чанып, сөзүн чанып,
Кыргызча кымыз ичип, эт жегендер,
Калайык, айткылачы, булар кимдер?

Улуттук ар намысты тепсегендер,
Улуттун кадырына жетпегендер.
Өздөн чыккан жат болуп, дилин сатып,
Өзүнүн маңкурттугун сезбегендер,
Кыргызым, айт чынынды, булар кимдер?


Медина:


Бабабыз Манас тилин билбегендер,
Балдарына орусча сүйлөгөндөр.
Калкы эмес, керт башынын камын көрүп,
Кыргызга кымындай да күйбөгөндөр,
Оо, журтум, айткылачы, булар кимдер?

Кыргыздын ак калпагын кийбегендер,
Кыргыздын эсебинен күн көргөндөр,
Туя албай эне тилдин улуулугун,
Түбөлүк жан дүйнөөсү кирдегендер,
Эл, журтум, айткылачы, булар кимдер?


Шакирдин:


Айлансам аз, ала тоолуу кыргыз жерим,

Түбү терең каада-салттуу кыргыз элим.

Алмашпайм, дамбал кийген сакалчанга,

Кыргызымдын жарык кабак, кенен пейилин.

Белдеринде жылтылдаган күмүш куруң,

Бабаларым тагынышып өткөн мурун.

Оймо-чийме жарашыктуу кооз кийим,

Аялзаттын ажарланткан айдай нурун.




Нурадил:


Жандүйнөмдү жаркыраткан, агарткан,
Жалгыз гана Кыргыз Тилге сыйынам.
Жашоо-турмуш титиретип үшүтсө,
Жалынына ушу тилдин жылынам.

Кыргыз Тилде кызык кепти сүйлөшсөм,
Кыдыр даарып жолум шыдыр ачылат.
Күн өрттөнүп, таш куйкалап турса да,
Чаңкоом канып, суусаганым басылат.

Куу турмушуң кууратканда жүдөтүп,
Кыргыз Тилим кол булгалап чакырат.
Жашымды аарчып жаагым ылдый куюлган,
Жарпым жазып, жардам берет батыраак!

Рустам:

Эне Тилим энекемдей үйрүлүп,
Кут төгүлгөн дасторконун жайнатат.
Куурап калган бутактарым гүлдөшүп,
Мөлтүрөгөн мөмөлөрүн байлашат.

Кыялданып бак аралап баратсам,
Куштар дагы кыргызча так сайрашат.
Кыргыз көйнөк кийинишкен кыздардай,
Кызгалдактар жан-жагымда жайнашат


Турдумамбет:


Чырмалышкан иштин да чатышы бар,
Чындыктын да чыгышы, батышы бар.
Чытырмандын Кудайы пил эле эмес,
Чымындын да жашоого акысы бар.

Сайдын дагы башталган башаты бар,
Саяпкердин сактаган такасы бар.
Өрөөндөгү
 кенедей өзөндүн да,
Өз тилинде чардаган бакасы бар
.



Назик:

Кыргызмын дейсиң мага,
Кыйшактап бийлеп туруп,
Кыргызмын дейсиң мага,
Кыргызча араң сүйлөп туруп.

Кыргыз эмес кыргызды жыдыткандар,
Кылым кезген тарыхын унуткандар,
Кыргыз эмес кыйшайтып калпак кийип,
Кадыр-баркын калкынын куруткандар!

Тил жоголбойт, жоголсо, жоголот дил, уулуң дагы, кызың да жоголот, бил!
Тил жоголбойт, жоголсо айланасың
Колу-бутсуз мунжуга тоголок бир!

Калдайгандын баары эле канат эмес,
Кабыландын баары эле Манас эмес.
Калкын чанган, калкынын тилин чанган
Кан болсо да кыргыздын баласы эмес.


Сезим:


Жыргагандын баары эле турмуш эмес,
«Жылт» эткендин баары эле жылдыз эмес.
Билебиз деп төштөрүн каккан менен
Билбегендер өз тилин кыргыз эмес!

Тил жоголбойт,
Жоголсо, жоголот дил.
Тукумуң да, тууруң да жоголот, бил!
Тил жоголбойт, жоголсо айланасың,
Колу-бутсуз мунжуга тоголок бир!

Керемет:

Кудуреттүү, кереметтүү, канаттуу,
Кыргыз Тилдей тил жок жарык дүйнөдө.
Кудай мени кыргыз кылып жараткан,
Кыргыз Тилин мүмкүн эмес сүйбөөгө!

Кыргыз Тилдин кудуретин карачы,
Кылымдарга кылчайып көр азыраак.
Жаактуулар “Манас” айтып жатканда,
Жамгыр төгүп жиберчү экен шатырап!

Улуу тилге Жер-Асман да багынып,
Уулуп бороон, уук-кереге качырап.
Кар жаачу экен таңгалдырып жайында,
Коломтодо от күйчү экен чатырап!



Жибек:

Билбейм башка кудуреттүү тилди мен,
Кыргыз Тилге ийик сыяк ийрилем.
Жылуу-жумшак сөз сүйлөшүп кыргыздар,
Жыланды да чыгарышкан ийнинен!

Аталарым сөз сүйлөшүп олуттуу,
Токтотушкан уруш-чабыш, согушту.
Аксакалдар ак бата арнап сүйлөсө,
Баласыздар балалуу да болушчу!

Айланайын Кыргыз Тилим күчүңдөн,
Акынсынам сен бардыгың үчүн мен.
Аталарым айбарлуу сөз агытып,
Асманда учкан кушту жерге түшүргөн!

Марлен:

"Кыргыз тилим минип калды араба"

Буга чейин айтты далай акындар,
Антсе дагы айта турган акым бар.
Кыргыз болуп төрөлгөндөр,
Кыргыз тилин унутууга, айтчы, кандай акың бар?

Кыргыз туруп орусчалап сүйлөгөн,
Өз баласын орусчалап тилдеген.
Кыргыз туруп кыргыз тилин сүйбөгөн,
Арабызда кыз-уландар жок бекен,
Салам менен "приветтин" айырмасын билбеген.

Жеңиш:

Казактарды карагыла, казакча го ырлары,
Өзбектерди карагыла, өзбекче ырдады.
Орусчалап бийлегин деп,
Орусчалап сүйлөгүн деп силерди ким кыйнады?
Чет тилди да үйрөнөлү,
Бирок анын сүйлөй турган жери бар,
Ата-бабам айтып келген, ар нерсенин чеги бар.
Айткылачы, кыргыздарым,
Кыргыз тилдин башка тилден кай жеринен кеми бар?

Адыл:

Таза туруп баттык окшойт санаага,
Ак нерсени алмаштырдык карага.
"Ата" дешти алмаштырып "папага",
"Эне" дешти алмаштырдык "мамага".
Башка тилдер минип жүрсө Мерседес,
Кыргыз тилим минип калды араба.

Кыргыз дебейм, кыргыз үчүн көксөбөгөн максатты,
Кыргыз дебейм, элди бөлгөн, жерди бөлгөн аймакты.
Кыргыз дебейм, сатып жүргөн өз мекенин, там-ташты,
Кыргыз дебейм, өз тилинде сүйлөбөгөн акмакты.

Бакдөөлөт:

Мен кыргызмын, кыргызымдын жаранымын,
Тандап кийген кийимдин жарашыгын.
Улуу элден экенин айгинелейт,
Башымдагы шонкойгон ак калпагым.
 
Женил ойго озумду алдырбаймын,
Оз элимди уятка калтырбаймын.
Тилин, дилин, кебетин озгортушкон,
Манкурттарга журогум сыздайдайт дайым.

  1. Көзгө сүйкүм кыргыз бийин,
    Кимдер гана билбесин.
    Кыргыз кыздар кызгалдактай,
    Кулпурушуп бийлешсин.

Кыргыз бийи” -класстарынын кыздарынын аткаруусунда.

  1. Обондуу ыр. “Эне тил”

  2. Онлайн тест.


Кыргыз тили жана адабияты боюнча райондук семинарга арналган класстан тышкаркы иштин планы.

Тема: “Улут болсом - тилим менен улутмун”




Класстан тышкаркы ишти уюштуруучулар:

Карыбек уулу Акматаалы атындагы орто мектебинин кыргыз тили жана адабияты сабагынын мугалимдери:


Жумалиева Айнура, Асанбекова Айназ, Чормукова Айзат





Бекитемин: Мусаева Амина Исировна




Класстан тышкаркы иштин максаты:


Өз элибиздин маданиятын, кыргыздын адептик нарктуулугун, кыргыз тилинин баалуулугун түшүндүрүү. Улуу кыргыз элинде Эне тили үчүн күйүп, аны көздүн карегиндей сактай турган инсандарды тарбиялоо.



Эне тилим эчен кылым карыткан,

Эч ким аны өчүрө албайт тарыхтан”






















Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!