SEA-Cтарттык эксперимент Германиялык прект менен өтүлгөн сабак
Жангелдиева Динара Тууганбековна
Геометрия
Тема: Үч бурчтуктун тышкы бурчу
1.Старттык эксперимент: В
А С
Колдонулуучу материалдар:
кагаздан кесилген кең бурчтуу үч бурчтук
кагаздан кесилген түрдүү үч бурчтук
кагаздан кесилген түрдүү төрт бурчтук
клей , кайчы, түстүү кагаздар, скотч, маркер, сызгыч, транспортир, А-4 кагазы, флипчарт.
Эксперименттин сүрөттөлүшү
1.Доскага кең бурчтуу үч бурчтук жабыштырылат чокулары АВС деп белгиленет.
2.Үч бурчтуктун бурчтары 1 ,2,3 жана тышкы бурчу 4 деп белгиленет.
3.1чи жана 2чи бурчтары айрылып тышкы 4чү бурчка чапталат.
2.Мумкун болгон байкоолор
- бурчтары ар түрдүү болгон үч бурчтук берилди;
- бурчтары 1,2,3 деп белгиленген үч бурчтук көрдүм
- Үч бурчтукту доскага чаптады;
- АВС кең бурчтуу үч бурчтукту доскага жабыштырды;
- АВС үч бурчтугун көрдүм ;
- бурчтары 1,2,3 деп белгиленген үч бурчтук көрдүм ;
- 1чи,2чи бурчтарын айрып үч бурчтуктун сыртына жабыштырды
- 1чи,2чи бурчун айрып 4чү бурчка чаптаганда бурчтар барабар болуп калды;
- А жана В бурчтарын айрып С бурчун толуктап койду;
- үч бурчтуктун жандаш жаткан бурчтары
- А жана В чокусундагы бурчтарды айрып С чокусундагы бурчту толуктап койду;
- С чокусу толукталып жарым айланага окшошуп калды
- 1чи,2чи бурч айрылып 4чү бурчка чапталды 3чү жана 4чү бурч жарым айлананы берди;
- С чокусундагы жандаш жаткан бурчтар ;
3.Тандалган байкоолор
- бурчтары ар түрдүү болгон үч бурчтук берилди;
- бурчтары 1,2,3 деп белгиленген үч бурчтук көрдүм;
- АВС кең бурчтуу үч бурчтугун доскага жабыштырды;
- 1чи,2чи бурчтарды айрып үч бурчтуктун сыртына жабыштырды;
- 1ч,2чи айрылып 4чү бурчка чапталды, 3чү жана 4чү бурчтар жарым айлананы берди;
- С чокусу толукталып жарым айланага окшоп калды;
- С чокусундагы жандаш жаткан бурчтар 180˚ка барабар болуп калды;
4.Суроолор
- Фигуралардын ички жана тышкы бурчтарынын кандай байланышы бар?
- Тышкы бурч эмнеге барабар?
5.Мүмкүн болгон божомолдор.
1-суроо боюнча.
- 1чи бурч менен 2чи бурч биригип 4чү бурчка барабар болуш керек;
- үч бурчтуктун ички бурчу менен тышкы бурчу бир жакта жатат, ошон учун болуш керек;
- тышкы бурч менен жандаш жаткан ички бурч жайылган бурчту түзөт болуш керек;
- ички бурч үч бурчтуктун ичинде,тышкы бурч ошол фигуранын сыртында жатат;
2- суроо боюнча
- тышкы бурчу жайылган бурчу менен ички бурчтун айрымасына барабар болуш керек
- үч бурчтуктун ички 1чи жана 2чи тар бурчтары тышкы бурчту берди 1чи бурч+2чи бурч=тышкы бурчка барабар;
- тышкы бурч жайылган бурчту толуктайт;
- үч бурчтуктун эки бурчунун суммасына барабар болуш керек;
6.Эмне изилденет
- тышкы бурч жана ички бурчту
- үч бурчтуктардын жана төрт бурчтуктардын тышкы бурчтарын.
7.Мүмкүн болгон верификациялык тажрыйбалар.
1-топ
-берилген фигуралардын эки бурчунун суммасы тышкы бурчка барабар экенин эсептеп көрүү;
2-топ
-берилген фигуралардын ички жана тышкы бурчу биригип 180˚ка барабар экенин эсептеп көрүү;
3-топ
-ромб, тик бурчтук, параллелограмм, квадрат, трапециялардын ички эки бурчтарынын суммасы тышкы бурчка барабар болоорун же ашып кетээрин көрүү;
8.Верификациялык тажрыйбадан келип чыккан концепциялар
- каалагандай үч бурчтуктар үчүн ички бир бурчуна жандаш жаткан бурч ал үч бурчтуктардын тышкы бурчу болот.
- каалагандай үч бурчтуктар үчүн тышкы бурчу аны менен жандаш болбогон эки ички бурчтарынын суммасына барабар болот.
- каалагандай төрт бурчтуктар үчүн аткарылбайт.
- каалагандай үч бурчтуктардын тышкы бурчу менен ички бурчу 180˚ка барабар болот.
9.Колдонулушу
Шырдак жасоодо, оймо чиймелерде, архитектурада, геометрияда, физикада, курак курганда, үйдүн чатырын тургузганда, суу тосмолорун койгондо ж.б.