СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Тойчубек кызы наргиза

Нажмите, чтобы узнать подробности

мультиурок

Просмотр содержимого документа
«Тойчубек кызы наргиза»

Сабактын темасы: Жашылча—жемиштер

Сабактын тиби: Сөз өстүрүү

Жаны лексика: Жөөк, көздү кубантат, берекелүү, бөлөнгөн.

Грамматикасы: Кандай? деген суроого берген сөздөр. Кыргыз тилиндеги созулма үндүүлөр, зат атоочтун көптүк түрү, этиштин көптүк түрү, этиштин өткөн чагынын -- ды мүчөсү.

Сабактын формасы: өз алдынча иштөө, топ менен иштөө, байкоо жүргүзүү.

Сабактын ыкмасы: Интерактивдүү

Колдонулуучу каражаттар: окуу китеби, иш дептери, сүрөттөр, жемиштер



Сабактын максаттары

Көрсөткүчтөр

Жаны сөздөрдүн маанисин түшүнө алышат, сүйлөмдөрдү орусчадан которо алат, ырды көркөм окуушат, маанисин түшүнүшөт.

Сүйлөмдөрду кыргыз тилине которо алышат

Сабакта өтүлгөн лексиканы маанисине жараша колдонушат

Жашылча жемиштер деген тема боюнча сөздөрдү атап, кыскача сүйлөмдөрдү түзүп, аларды сүйлөө кебинде колдоно алышат.

Жашылча-жемиштердин пайдасын билип, көп эмгек жумшала билип түшүнө алышат

Жашылча-жемиштердин пайдалуулугун билишет



Сабактын жүрүшү:

  1. Саламдашуу, даярдыктарды текшерүү, жагымдуу жагдайды түзүү.





Мен бүгүнкү сабакта эмне калайм. Окуучулар өз ойлорун тактада илинген дубал газетага чапташат.





Сабактын максатын айтуу:



Мугалимдин сөзү: Бүгүнкү сабагыбыздын темасы. “Жашылча-жемиштер”. Бүгүн биз силер менен төмөнкү тапшырмаларды аткарабыз. Бүгүн сабакта топтор менен иштейбиз, өз алдынча иштейбиз. Биз силер менен жашылча-жемиштерге байланышкан жаны сөздөр менен таанышабыз, сурөт боюнча иштеп суйлөм түзөбүз, жашылча-жемиштер боюнча кластер түзөбүз,текстти окуп, орус тилине которобуз, мазмунун сүйлөп беребиз.



Классты эки топко бөлуп, топтун атын белгилөө.

Окуучулар өзүн-өзу баалоо үч түстөгү жемиштер таратылат.



Алма- “5”

Алмурут- “4”

Шабдалы- “3” деген бааны билдирет.





  1. Тактага жаны сөздөр жазылат.



Сөздөрдү мугалим окуйт, окуучулар кайталашат.



Жөөк -грядка

Көздү кубантат- радует глаз

Буурчак – горох

Жыргап жаткандай – как бы радуется

Ашкабак - тыква





  1. Сүрөт менен иштөө.



Сүрөт боюнча сүйлөмдөрдү түзүшөт, фильворддогу сөздөрдү табышат. Тексттен созулма үндүүлөр катышкан сөздөрдү табышат. Созулма үндүүлөрдү эстерине тушүрүшөт.



  1. Текст менен иштөө.



2 топко тапшырмалар берилет



1-топ текстти окуп, орус тилине которушат.

2-топ тексттен темага байланышкан сөздөрдү таап , сүйлом түзүшөт.

  1. Эс алуу мүнөтү. Кыймыл аракет менен көрсөтүшөт.



Жаза берип чарчабай,

Туралычы отурбай.

Чуркайлы ордубуздан дүбүрөп,

Чабалы колду дүркүрөп.

Муштумду түйүп ачалы,

Андан соң жазып баштайлы.



  1. Топтор менен иштөө.



Топтор бири-бирине жашылча – жемиштер боюнча табышмактарды катышат, табышмактардын жандырмагын топтордо талкуулап табышат.



  1. Класстер түзүшөт.



Даамдуу бышкан

Алма

Кызыл тоголок



Сары тоголок

Ашкабак

Катуу жерде өсөт

  1. Сабакты бышыктоо

Мен бүгүнкү сабактан эмнени билдим?

Окуучула өз ойун жазып тактага чапташат.

Мисалы: Жашылчаны жемиштерден айырмалап билип алдым.

Табышмакты окуп, жандырмагын таптым.

  1. Сабакты жыйынтыктоо:

Сабакты бышыктоо үчүн төмөндөгүдөй интерактивдүү оюн ойнотулат.

“Сөз кутучасы” оюну ойнотулат.

Ортодогу столдо кутуча жана кеседе буурчак турат. Ар бир окуучу столго келип өтүлгөн сөздөрдүн кеп конструкцияларынын канчасын туура, так айтса ошончо буурчакты кутучага салат. Оюндун аягында мугалим жыйынтыктап кутучадагы буурчактардын көлөмүн көрсөтөт.

Ар бир окуучу өзүн-өзү баалап, эмне себептен мындай баа коюшту, өзойлорун айтышат, столдун үстүндөгү себетке жемиштерди салышат. Ал эми мугалим топторду баалайт.

  1. Уй тапшырмасын берүү

Жашылча-жемиштердин сүрөтүн тартып келишет.

Сабагыбызды ушу менен жыйынтыктайбыз. Саламатта баргыла!














Скачать

© 2023, 44 0

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!