СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Тил илиминин маселелери

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Тил илиминин маселелери»

Тил илиминин жалпы маселелери

ТИЛ ДЕГЕН ЭМНЕ?

«Тил адам баласынын өз ара катнашынын маанилүү куралы болуп саналат». В. И. Ленин.
«Тил дегенибиз – ойдун тикеден-тике чындыгы». К. Маркс. «Тил да эс сыяктуу байыркы нерсе». Ф. Энгельс.

ТИЛ КАЧАН ПАЙДА БОЛГОН?

Адамдардын бири-бири менен пикир алышуучу эн негизги куралы – тил. Ошондуктан ал коом менен бирге пайда болгон. Тилсиз коомдун да болушу мүмкүн эмес. Тил коомдук зарылдыктан келип чыккан, ошондуктан ал – коомдук көрүнүш.

ТИЛДИН ЧЫГЫШЫ.

Тилдин чыгышы жөнүндө ар кандай теориялар бар. Алар төмөнкүлөр: үн тууроо теориясы, сырдык сөз теориясы, маркстик теория.

ҮН ТУУРОО ТЕОРИЯСЫ

Бул теория боюнча адамдардын тили жаратылыштагы ар кандай кубулуштардын үнүн тууроодон келип чыккан. Мисалы: тарс, карс, шак, чыйп, бак, күп.

СЫРДЫК СӨЗ ТЕОРИЯСЫ

Алгачкы адамдар корккондон, капалангандан, сүйүнгондөн ж.б. ар кандай дабыштарды, добуштарды чыгарышкан. Адамдардын тили ушундан келип чыккан: ох, ах, ой, бах.

МАРКСТИК ТЕОРИЯ

Тилдин чыгышын маркстик теория гана туура түшүндүрдү.
Эмгек адамды түздү, эмгексиз жашоо жок. Эмгек адамдардын биргелешип иштөөсүн талап кылды. Биргелешип иштөө адамдардын бири-бирине бир нерсе айтуу зарылдыгын талал кылды;
тил бара-бара муунактуу бир тыбыштын артынан экинчи тыбышты айтууга жараган тил катары пайда болду. Эмгектин өнүгүшү менен акыл-ой өсүп отурду;
тилдин чыгышына биологиялык жана социалдык өбөлгөлөр да таасир этти.

ТИЛ ЖАНА ОЙЛОО

Тил менен ойлоо ажырагыс байланышта, буларды бири-биринен ажыратып кароого болбойт. Ар кандай ойлор тилдин материалдык базасының негизинде түзүлөт. Адамдын тили да ой, аң-сезим менен бир мезгилде жаралган.

ТИЛ ЖӨНҮНДӨГҮ МАТЕРИАЛИСТТИК ТҮШҮНҮК

Тилди эч кандай башка сыйкырдуу күч (кудай) жараткан эмес, ал коом менен кошо эмгектин негизинде жаралган.

ТИЛ ЖӨНҮНДӨГҮ ИДЕАЛИСТТИК ТҮШҮНҮК

Тил жаратылыштан тышкары турган кандайдыр бир күчтүн (кудайдын) жардамы менен гана жаралган. Адегенде адамды жаратып, андан кийин тил киргизилген деген түшүнүк.

ДИАЛЕКТ

Жалпы элдик тилдин жергиликтүү өзгөчөлүгүнө ылайык өзүнүн кээ бир фонетикалык, лексикалык, грамматикалык өзгөчөлүктөрү менен адабий тилден айырмаланган бөлүгү диалект деп аталат. Кыргыз тилинин түндүк жана түштүк (түштүк-батыш, түштүк-чыгыш) диалектилери бар. Түндүк диалектиге Чүй, Талас, Токтогул өрөөнүндө жана Ысык-Көл, Нарын областтарында жашаган кыргыздардын тили кирет. Түштүк диалектини Ош, Жалал-Абад областтарында жана Өзбекстанда, Тажикстанда жашаган кыргыздардын тили түзөт.

ГОВОР

Диалектинин ичиндеги тилдик өзгөчөлүктөр говор деп аталат. Кыргыз тилинде Талас, Чүй, Ысык-Көл, Нарын, Ош, ичкилик ж.б. говорлору бар.

ДИАЛЕКТОЛОГИЯ

Адабий тилдеги диалектилерди изилдеген илим диалектология деп аталат. Диалектология гректин   сүйлөшүү жана  илим, окуу деген сөздөрүнөн куралган.

ДИАЛЕКТОЛОГРАФИЯ

Айрым тилдин жергиликтүү диалектилеринин фонетикалык системасы, грамматикалык түзүлүшү жана лексикалык составы жөнүндө системалуу кабар берүү.

ТАРЫХЫЙ ДИАЛЕКТОЛОГИЯ

Ар бир говордун, диалектинин пайда болуш тарыхын, озгөрүш себептерин, ар бир тилдин калыптаныш процессии, алардын башка диалектилер жана тилдер менен болгон мамилелерин изилдейт.

СИНЕРЕЗИС

Дифтонгдордун, үнсүздөрдүн алсырап, созулмаларга айланып кетиши. Мисалы, таг, тау, тов, – тоо; сув – суу; сагат – саат; бейжай – бээ жай; жап + ып = жаап; сага -саа; чыбыр – чаар.

АДАБИЙ ТИЛ

Жалпы элдик (улуттук) тилдин негизинде калыптанып, белгилүү бир нормага салынган, айтылышы, жазылышы, колдонулушу такталган, айтылуучу ойду даана бере ала турган, коомдун бардык өкүлдөрүнө тиешелүү болгон тилди адабий тил деп айтабыз.

Адабий тил – улуттук тилдин эң жогорку формасы, ал бүткүл элдин бардык өкүлдөрү тарабынан колдонулат.
Кыргыз адабий тили түндүк жана түштүк (түштүк-батыш, түштүк-чыгыш) диалектилердин базасында Улуу Октябрь Социалисттик Революциясынан кийин гана түзүлдү.

АГГЛЮТИНАТИВДИК ТИЛДЕР

Сөздүн уңгусунан кийин мүчөлөрдүн тизмектелип жалгануусу менен өзгөрүлүүчү тилдер.
Мисалы, жардам+даш+уу+чу+лар+ды, китеп+и+нин, киши+лер+дин, эмгек+чи+лер+дин. Бул тилдерге түрк (казак, кыргыз, өзбек, түркмөн, алтай, якут, татар, башкыр, кара кал-пак, хакас, азербайжан ж.б.) жана монгол тилдери кирет.

ФЛЕКТИВДҮҮ ТИЛДЕР

Уңгу менен мүчөнүн айкалышынан уңгунун алгачкы түрү жана курамы өзгөрүп, уңгу менен мүчөнүн чеги өзгөрүлүп кеткен тилдер.
Мисалы, сон – сна, писать – пишу, дай – даватъ, брал -бери, Москва – московский, тащи – таскай ж.б. Буга орус, украин, немис, француз, латын, араб, еврей ж.б. тилдер кирет.

АМОРФТУК ТИЛДЕР

Сөздүн уңгусуна мүчөлөр уланбай турган тилдер. Буга вьетнам, кытай, япон ж.б. тилдери кирет.

Бычмачылык жана тикмечилик

Бычмачылык жана тикмечиликте фасонду тандоодо ыңгайлуу, тыкан, адамдын жашына ылайык, мүчөсүнө жарашыктуу, ошондой эле модага ылайык болуусу эске алынат. Кийим ным болгондо формасы бузулбас үчүн кийим тигилүүчү кездеме бышырылат. Айрым кездеме (макмал, креп, чийбаркыт) бышырылбайт.

Үй шартында кийим бычуу жана тигүүгө төмөнкүлөр керек: сантиметрлүү тасма, кагаз, карандаш, сызгыч жана бурчтук, жумуру формалуу лекало, кайчы, төөнөгүч, материалга өңдөш жана көктөгөнгө түрдүү  түстүү жиптер, атыр самындын жука алкындысы, бор, оймок, түрдүү номердеги ийне, туурасы 30-40, узуну 80-100 см картон. Кийимдин үлгүсүн кагазга (газета, балдар клеенкасын пайдаланса да болот) сызгыч, бурчтук жана лекалону колдонуп, түстүү карандаш менен түшүрүлөт. Үлгү кездемеге бор же самын алкындысы менен чийилет. Кездеме бычууга кадимки кайчы , ал эми аларды үтүктөөгө үтүк тактасы керек.

Кээ бир мода журналдарында үлгү чийилген барактар тиркелет. Үлгүлөрдүн ар биринин өзүнчө шарттуу белгилери болот, башкача айтканда, ар бир сызык өзүнчө сүрөттөлөт. Мындай үлгү атайын кескич менен көчүрүлөт. Бул үчүн үлгүнүн алдына үлгү толук баткыдай барак кагазды коюп, шарттуу сызыктар боюнча кескич менен түшүрөт. Үлгүнүн жанына тартылган кичине чиймелер боюнча моделдин бардык бөлүктөрү көчүрүлгөндүгүн текшерүү зарыл. Денени ченеп, кыйла так үлгү жасоого болот.

Ченөө адам табигый абалда (адам колун ылдый түшүрүп турган абалда) жүргүзүлөт: бул учурда кийимдин фасонун эске алуу керек. Чен сантиметрлүү тасма менен алынат. Ченөөдө тасманы өтө катуу тартпоо же бош кылбоо керек. Алгач бел сызыгын аныктап алуу талап кылынат, бул үчүн бел кур же тасма менен курчалат. Чен толук өлчөмдө жазылат, бирок чийме жарым өлчөм боюнча түшүрүлөт. Моюн курчамы. Моюн айланта ченелет.Көкүрөк курчамы. Колтук алдынын деңгээлинде көкүрөктүн көтөрүңкү бөлүгү боюнча айланта ченелет. Бел курчамы. Бел сызыгы боюнча ченелет. Жамбаш курчамы. Курсак менен кошо дене айланта ченелет.Шым жамбаш курчамы. Шымдын арткы бүктөмү аркылуу жамбаш айланасы ченелет.Ийин узундугу. Моюндан ийинге чейинки аралык ченелет.

Туш кийиз жасоо

Туш кийиз жасоодо – негизги көңүл четине бурулат. Чети баркыт, чий баркыт макмал ж.б. ылайыктуу  материалдан бычылып (башы, эки жаны, капкалдырыгы), кергичке керилип, бетине сүт же самын менен көчөт түшүрүлөт. Көчөткө «жарым бадам», «жарым кыял», «барман боочу» өңдүү оюндар кирет. Алар илме шибеге менен бутактанта сайылат. Сайылып бүткөндөн кийин башы, эки жаны менен «П» формасында бириктирилип, капкалдырыгы, ортолугу салынып, жээктелет.

Туш кийиздин ортосу четинин өңүнө карата тандалат. Чети кандай материалдан болсо, ошол эле материалдан аны дал ортосуна тумарча орнотулат. Жээги саймаланбай ийректелип, чети кара, кызыл, көк, жашыл түстөгү калың жердик менен 5-7см. жээктелип, ал ийрек же ромб түрүндө кош тигиш менен шырылат. Четинин ичи иштелет. Туш кийиз сайууда башына эки курдай кызыл жиптен жол жүгүртүп, анын ортосуна жарым бадам оюм толтура сайылат. Ага бир кат эле жип түшөт да кайрадан бир катар сары менен кызыл жиптер «аламончок» өңдөнүп кетет. Туш кийиздин ортолугуна түшкөн көркөм көчөттөргө эки элидей төө өркөчтүү жарыш «суу» жүргүзүлүп, анын араларына сайма берилет. Туш кийизде кызылга сары өңдү же кызылга ак өңдү айкалыштыра берсе жарашыктуу көрүнөт. Көчөттөргө карата жиптердин түрү түшөт. Көчөт чийиндерине кызыл жана көк жип тандалса, анын ичи сары менен кызыл, ак-кызыл менен чаар «аламончоктолот».

Шырдак

Шырдак- кийизден жасалып, жерге салынуучу үй буюму. Бети эки бөлүктөн – ортосу (Орто шырдактагы орточо узундугу 2-2,5 м.) жана четинен (25-35 см.) турат да, кыюусу (6-10 см.), жээги (0,5-1,0 см.) болот. Адегенде шырдактын кийизи жасалат. Кийизи кылчыксыз жүндөн уютулат. Кылчык жүн боекту жакшы албайт.

Шырдак жасоо. Ак кийизден керектүү өлчөмдүү шырдактын бөлүктөрү бычылат. Ал түс айкалышына карай ар кыл түскө боелот. Боелгон эки бөлөк түстөгү кийиз өңүнөн  биринин үстүнө бири коюлуп, көктөлүп, бетине оюм түшүрүлөт. Оюмдарга – ортосуна «кыял», «мүйүз», «жалпы», «табак», «бадам» сыяктуу чоң оймолор четине «кочкор мүйүз», «сыңар мүйүз» ж.б. кирет. Түшүрүлгөн оюм боюнча бычак менен кылдат кесилет. Оюлган кийиздер ажыратылып, бир түстүн оюму экинчисине дал келтирилип, кыналыштырып  тигилет. Ал жерге оң, сол ийрилип чыйратылган үч кат түстүү үч жиптен, үстү бастырылма милте (жөрмөмө жип сыртына чыгарылбайт) жөрмөлөт. Ортоңку бөлүгү чети менен кыюу аркылуу бириктирилет. Четине да кыюу салынат. Алар, мисалы, ортоңку бычак учу, четки бычак ж.б. деп аталат. Бардыгы бүткөндө кара кийизден ичилиги ичтелип, шоона менен шырылат. Шоона үчүн көбүнчө төөнүн жүнү пайдаланылат. Четине милтеникиндей үч жиптен ( мисалы эки четкиси көк, ортоңкусу кызыл ж.б.) жээк бастырылат.

Коргоого алынган коруктар жана айбанаттар

1975-жылы дүйнөдө 1350 дөн ашуун корголуучу аймак болгон. Алардын көпчүлүгү АКШда, Австрияда, Японияда жана Канадада жайгашкан. Бүгүнкү күндө жаратылыштын  аймактык гана эмес, ошондой эле 150 дөн ашык аквалдык комплектер да корукка айландырылган.

Коргоого алынган аймактар өз милдетине, корголуу режиминин өзгөчөлүктөрүн жана аянтынын өлчөмүнө жараша бир нече типке (коруктарга, жаратылыш ревезваттарына, заказниктерге) бөлүнөт. Бирок коргоого алынган аймактардын бирдей эле типтери ар кайсы өкүлдөрү ар түрдүү мазмунга ээ болушу мүмкүн. Кыргызстанда коргоого алынган аймактар эки категорияга – коруктар менен заказниктерге бөлүнөт.

Коруктар – бул чарбалык пайдаланууга биротоло тыюу салынган жана бардык жаратылыш компоненттери жана алардын мыйзам ченемдүү айкалыштары – жаратылыш комплекстери мүмкүн болушунча табигый абалында толук сакталып турган аймактардын же акваторийлердин участогу.

Коруктарда токойлорду кыюуга, козу карын, жемиш, өсүмдүк минералдарды жана тоо тектерин жыйноого, суу обьектилерин белгилүү бир максаттар үчүн пайдаланууга  тыюу салынат. Кайсы бир себептерге байланыштуу коруктардын жаратылыш комплекстериндеги тең салмакттуулук бузулган өзгөчө учурларда гана аны калыбына келтирүү үчүн адамдын кийлигишүүсүнө уруксат берилет (мисалы, токойлорду санитардык кыюу, кээ бир жаныбарлар кескин көбөйүп кеткенде аларды атуу ж.б).

Азыркы мезгилде Кыргызстанда көптөгөн коруктар бар. Алардын көпчүлүгү Улуу Октябрь революциясынан кийин түзүлгөн. Азыркы мезгилде коруктар бири – биринен аянты боюнча (бир нече жүз миң гектарга чейин) бир топ айырмаланып турушат. Өлкөдөгү эң ири коруктар Короноц, Алтай, Печера – Илыч коруктары болуп саналат.

Корголуучу негизги обьектисине жараша коруктар комплекстүү жана атайын болуп бөлүнөт.  Биздин өлкөдөгү коруктардын көпчүлүгү комплекстүү коруктар.




Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!