СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Тест тарых 9-класс

Категория: История

Нажмите, чтобы узнать подробности

тест тарых 9-класс

Просмотр содержимого документа
«Тест тарых 9-класс»

Тарых предмети боюнча тест


1. Б.з.ч. I миң жылдыкта Фергана ѳрѳѳнүндѳ ѳнүккѳн жер иштетүүчү отурукташкан маданияты бар мамлекет пайда болгон. Ал жерде … жашаган.

а) усундар б) кытайлар в) дабандыкдар г) сактар

2. Кыргызстандын аймагына Улуу Жибек жолу кандай пайда алып келген?

а) Кыргызстандын аймагындагы элдер кербендерди талап-тоноп, байышкан

б) Жаңы шаарлар, чептер пайда болуп, соода ѳнүккѳн

в) Тянь-Шандын бардык элдери жибек кийим кийип баштаган

г) Кыргызстандын аймагындагы элдер биринчи жолу кытайлыктарды кѳрүшкѳн

3. Барсбек каган бийлик жүргүзгѳн мезгил:

а) VI к. аягы VII к. башы б) VII к. аягы VIII к. башы

в) VIII к. аягы IX к. башы г) IV к. аягы V к. башы

4. «Улуу Кыргыз дѳѳлѳтүнүн доору» кайсы мезгилде болгон?

а) XI-XIII кк. б) VI-VII кк. в) IX-X кк. г) XIV-XV кк.

5. Кыргызстанда Караханийлерге тиешелүү кайсы тарыхий эстеликтер сакталып калган?

а) Бурана мунарасы жана Ѳзгѳн архитектуралык комплекси

б) Таш-Рабат кербен-сарайы жана Өзгөн мунарасы

в) Ак-Бешим шаарчасы жана Манастын күмбөзү

г) Кошой-Коргон шаарчасы жана Шах-Фазил мавзолейи

6. Ысык- Кѳлдүн Чыгышындагы Санташ ашуусунда эки дѳбѳ бар. Уламыш боюнча бирин сай таштарынан жүрүшкѳ кетип жаткан жоокерлер үйсѳ, экинчиси кайрылып келген жоокерлер үйгѳн дѳбѳ. Ал жоокерлердин башында ким турган?

а) Улукбек б) Чынгыз хан в) Хайду хан г) Амир Темир

7.Тарых -грек тилинен которгондо эмне маанини билдир:?

а изилдоо б окуу в жазуу

№ 8. Геродот адамзаттын тарыхында алгачкы жолу таркаткан чыгармасы кайсы?

а) XVI к. 60-жж. б) XVIII к. 90-жж. в) XIX к. 30-жж. г) XIV к. 45-жж.

9. Эмне үчүн кыргыздар Россияга каршы күрѳштѳ Кененсары-ханды колдобой коюшкан? Cебеби, кыргыздар …

а) кытайдык баскынчыларга каршы күрѳштѳ Россия жардам берет деп ойлошкон

б) казактар менен мамиле түзгүсү келген эмес

в) Россия менен достукта болуу, казактар менен болгон достуктан кымбатыраак деп эсептешкен

г) падышлык бийликтин колонизатордук тышкы саясатын ѳз башынан ѳткѳрүп кѳргѳн эмес

10. XIX кылымдын экинчи жарымында Түндүк Кыргызстанда кыргыздардын уруу бирикмесинде жогорку бийлик кимге таандык болгон?

а) Аксакалдарга б) Казыларга в) Бийлерге г) Манаптарга

11. Дүйнө тарыхында орто кылымдардын тарыхый окуялары ............................... башталат.

а) христиан дининин пайда болушунан; б) мусулман дининин пайда болушунан;

в) Рим империясынын түзүлүшүнөн; г) Рим империясынын кулашынан.

12. Кокон хандыгына баш ийген кыргыздар салык төлөөдөн тышкары кандай жумуштарды аткарууга милдеттүү болушкан?

а) жоокердик милдет аткарган, чептерди курушкан, жолдорду салышкан;

б) соода иштерин жүргүзгөн, жол салган;
в) жайында жайлоого, кышында кыштоого көчүүгө милдеттүү болушкан;
г) чептерди курушкан жана өзүлөрү үчүн жашашкан.

13. XIX к. биринчи жарымында түндүк Кыргызстанда кандай кырдаал түзүлгөн?

а) уруулардын ортосунда тынчтык жана макулдашуу түзүлгөн;

б) Кокон хандыгына каршы жортуулга даярданышкан;

в) уруулар арасында кастык чатакташуулар күчөгөн;

г) Россиянын курамына киришкен.

14. Заманизм-тарыхый адабий агым. Ал элдерди эмнеге үйрөткөн?

а) жашоонун жыргалын, бүгүнкү күн менен ыракаттанууну;

б) дүйнө жалгандыгын, анын сөзсүз кайгылуу бүтүшүн, өткөнгө кусалыкты;

в) адамдын күч-кубаттуулугун, анын жаңыланууга, прогресске умтулуусун;

г) ислам нормалары койгон талаптарды так аткарууга.

15. Кыргызстанга Улуу Жибек жолу кандай пайда алып келген?

а) Кыргызстандын аймагындагы элдер кербендерди талап-тоноп, байышкан;

б) Тянь-Шандын бардык элдери жибек кийим кийип баштаган;

в) жаңы шаарлар, чептер пайда болуп, соода өнүккөн;

г) Кыргызстандын аймагындагы элдер биринчи жолу кытайлыктарды көрүшкөн.

16. XIV к. экинчи жарымында Моголстандын уделдерге бөлүнүшүнүн негизги себеби эмне болгон?

а) Амир Темирдин агрессиясына каршы тынымсыз күрөштөр;

б) мамлекеттин ичиндеги феодалдык согуштар жана талаш-тартыштар;

в) феодалдык Мавераннахрга чагатайлардын бийлигин орнотууга Ильяс кожонун умтулушу;

г) Ак-Ордону бириктирүүгө моголстандык хандардын ийгиликсиз аракеттери.

17. Кыргыз элинин оң канатын чогулткан Сарыбагыш бийи-Атаке баатырдын өткөргөн курултайдын максаты эмне болгон?

а) бирдиктүү Кыргыз мамлекетин түзүү; б) кокондуктарга каршы күрөшүүгө аскер топтоо;

в) Кытайга элчи жөнөтүү; г) Орусияга элчи жөнөтүү.

18. “Анда Караханий кагандыгында жашаган түрк элдери, алардын аскерлери, жерлери, шаарлары менен айылдары жөнүндө тарыхый жана географиялык маалыматтар камтылган”. Бул кайсы китеп?

а) Сыма Цяндын “Тарыхый жазуулары” б) Махмуд Кашгаринин “Түрк тилдеринин сөздүгү”

в) Жусуп Баласагындын Кут алчу билими” г) Дашид ад-Диндин “Жылнаамалар жыйнагы”

19. Токмок шаарынын түштүк-батышынан 13 км. аралыкта, Кегети капчыгайына бара жаткан жерде, Чүй дарыясынын сол жээгинде жайгашкан. Жогоруда кайсы архитектуралык эстелик жөнүндө сөз болду?

а) Кошой-Коргон б) Манастын күмбөзү

в) Шах Фазил мавзолейи г) Бурана мунарасы.

20. Александр Македонский өлгөндөн кийин анын державасы ыдыраган. Анын себебин белгилегиле.

а) жеңилген элдер гректерге каршылык көрсөткөн жана өз алдынча жашагысы келишкен;

б) жеңип алган жерлер менен Македониянын байланышы солгундаган;

в) Александрдын бойго жеткен балдары болгон эмес;

г) кол башчылары чарчаган жана жеңип алгандарын сактагысы келген эмес.

21. Феодалдык тепкич-бул:

а) феодалдын сепилине кире бериштеги тепкич;

б) дыйкандар майда феодалдарга, майда феодалдар ири феодалдарга ж.б. төлөгөн салык жыйноо тартиби;

в) төмөнкү феодалдардын жогорку феодалдарга баш ийиши;

г) элдик чогулуштун, аксакалдар кеңешинин жана уруу башчысынын ортосундагы мамилелер.

22. XVI к. Осмон империясы начарлай баштаган. Буга эмне себеп болгон?

а) Жер Ортолук деңизинин өлкөлөрү түбөлүк тынчтык келишимин түзүшкөн;

б) Түркиянын европалык коңшулары жана багынган элдердин түрктөргө каршылыгы күч алган;

в) империянын башында тынчтыкты жактаган султандар турган;

г) түрк феодалдары жаңы жерлерди басып алгандан көрө, мурдагы жерлерине көбүрөөк камкордук көрө баштаган.

23. Улуу географиялык ачылыштардын башкы натыйжасы ................... болгон.

а) таттуу даамдар кескин арзандаган;

б) европанын өнөр жайынын өнүгүшүнө түрткү берилип, дүйнөлүк соода калыптана баштаган;

в) ар кайсы өлкөлөрдө кемелердин саны кескин көбөйгөн;

г) генералдар Европада гана эмес, Америкада да согушууга болот деп сүйүнүшкөн.

24. Төмөндөгүлөрдүн кайсынысы 1945-ж. СССРдин Японияга каршы согушка киришинин себеби эмес.

а) Крым конференциясында батыштагы союздаштарына берген СССРдин милдеттенмеси;

б) 1905-ж. Портсмут тынчтыгы боюнча жоготкон жерлерин кайтарып алуу аракети;
в) Ыраакы Чыгыштагы япондук Квантун армиясынын согуштук коркунучун жоюу зарылдыгы;

г) Япония басып алган Маньчжуриянын аймагын СССР өзүнө кошуп алуу аракети.

25. 711-ж. кыш айларындагы Суңга салгылашуусунда кыргыздардын жеңилишинин натыйжасын көрсөткүлө.

а) тез арада курал, аскер топтоп кийинки салгылашууга даярдана башташкан;

б) кырк жылдан ашуун убакыт Борбордук Азиядагы согуш аракеттерине катышкан эмес;

в) кыргыз элчиси Тан династиясына келип, аскердик союз түзүлгөн;

г) Түргөш кагандыгы, Тан империясы менен биргеликте түрктөргө каршы согуштук аракеттерди башташкан.

26. VI-XII кк. өлүк коюу салтында таш балбалдарды колдонуу кеңири тараган. Ал эми XIII к. бул салт токтогон. Буга эмне себеп болгон?

а) Кыргызстандын аймагында ислам дининин таралышы;

б) балбал жасалуучу таштар тартыш болуп, аны жасоо кымбатка турган;

в) балбалдарды жасоочу таш усталар жок болуп кеткен;

г) баскынчылык жортуулдарда аскерлер көп курман болуп, бардыгына балбал таштарды коюу мүмкүн эмес болуп калган.

27. 1876-ж. М. Д. Скобелев «Алай илимий-согуштук экспедициясын» уюштурган. Бул экспедициянын негизги максаты эмне болгон?

а) Кокон көтөрүлүшүн басуу; б) Кокон хандыгын толугу менен басып алуу;

в) алай кыргыздарын биротоло каратуу;

г) Кокон көтөрүлүшүнө катышкан алайлык кыргыздарды аёосуз жазалоо.

28. Кокон көтөрүлүшүн эки чоң мезгилге бөлүүгө болот. Биринчи мезгил экинчи мезгилден эмнеси менен айырмаланат?

а) көтөрүлүшчүлөрдүн саны аз болгону менен курал-жарагы күчтүү болгон;

б) көтөрүлүшчүлөр түздөн-түз Кокон хандыгына каршы күрөшкөн;

в) көтөрүлүшчүлөргө Орус падышалыгы жардам берген;

г) көтөрүлүштүн аймагы аз болгон.

29. 6. XIX к. 50-жж. башында Кокон хандыгынын саясий абалы өтө начарлаган. Төмөндөгүлөрдүн ичинен буга себеп болгон белгилерди тапкыла.

I) ордодогу ич ара чыр чатактар; II) хандыктын тез-тез сырткы жортуулдары;

III) кайра-кайра кайталанган козголоңдор; IV) хандардын тез-тез алмашуусу.

а) I, III, IV б) I, II, III в) II, III, IV

30.Акча -тыйындарды изидоочу илим кайсы илим?

А) генология б) нумизматика в) геральдика


Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!