Уюштуруу:
|
Окуучулар менен саламдашуу.
Сабакка даярдыгын –китеп, карандаштарынын бар экендигин текшерүү.
Жагымдуу маанай түзүү:
Алтын эреже кайталанат.
|
НК1
|
ПК1
ПК2
|
Окуучулар сабакка китептерин алып даярданышат.
Бири- бирин карап, коплемент сѳздѳрдү айтып, сабакка жагымдуу маанай түзүшѳт.
Алтын эрежени кайталап айтышат.
|
Жаңы материалды тааныштыруу:
Китеп менен иштѳѳ:
|
Сабактын темасы жана максаты менен балдарды тааныштыруу. Слайддан көрсөтүлөт.
Кырдаалдык сүрѳт боюнча аңгемелешүү. Эмнелерди кѳрүп турасыңар?
Туура, эмесе балдар мен силерге ушул сүрөттөгү Түлкү менен сүлөөсүн жөнүндө жомок окуп берейин. Текстти тыным менен окуп беремин. Мындан ары кандай уланат деп ойлойсуңар? Чындап эле сүлөөсүндүн териси түлкүнүкүндөй болуп жалтырап калабы?
Силер кандай ойлойсуңар?
Силерге тааныш эмес сөздөр барбы?
Эмесе балдар, ушул жомоктун негизинде топто иштейбиз.
1-топ:Акылдуулар тобу-Жомоктун биринчи бөлүгүн ролдоштуруп окуп, аткарып бергиле.
2-топ: Билимдүүлөр тобу -Жомоктун экинчи бөлүгүн ролдоштуруп окуп, аткарып бергиле.
3-топ: Сүрөтчүлөр тобу-Чыгарманын мазмунун элестетип сүрөтүн тартып бергиле.
4-топ: Адептүүлөр тобу- Түлкү менен сүлөөсүндү пластилинден жасап бергиле.
Топтордо тапшырмаларды аткарууга убакыт берилет. Андан кийин окуучулардын презентациясына көңүл бурулат.
|
НК1
НК2
НК3
|
ПК1
ПК2
ПК3
ПК4
ПК5
|
Окуучулар сабактын темасы жана максаты менен слайддан көрүп таанышышат.
Сүрѳт боюнча ѳз ойлорун айтышат.
Түлкү жана сүлөөсүндүн сүрөтүн көрүшкөндүгүн айтышат.
Жомоктун мазмунун кунт коюп угушат.
Жомоктун биринчи бөлүгүн уккандан кийин, андан ары кандай уланаары жөнүндө өз ойлорун айтып беришет.
Андан соң жомоктун уландысын угушат.
Жаңы сөздөрдүн маанисин чечмелешет.
1-топ:Акылдуулар тобу-Жомоктун биринчи бөлүгүн ролдоштуруп окуп, аткарып берүүгө даярданышат.
2-топ: Билимдүүлөр тобу -Жомоктун экинчи бөлүгүн ролдоштуруп окуп, аткарып берүүгө даярданышат.
3-топ: Сүрөтчүлөр тобу-Чыгарманын мазмунун элестетип сүрөтүн тартып берүүгө даярданышат.
4-топ: Адептүүлөр тобу- Түлкү менен сүлөөсүндү пластилинден жасап берүүгө даярданышат
Убакыт соңуна чыккан соң аткарган иштерин презентациялышат.
|
Бышыктоо:
|
- Түлкү сүлөөсүнгө туура кеңеш айттыбы? Силер кандай ойлойсуңар?
- Куу түлкүнүн сөзүнө ишенген сүлөөсүнгө кандай баа бересиңер? Эмне үчүн?
- Түлкү менен сүлөөсүндү достор деп атоого болобу? Дос болуу үчүн кандай сапаттарга ээ болуу керек?
|
НК2
НК3
|
ПК3
ПК4
|
Окуучулар суроолорго эркин ой жугуртүп, жооп беришет. Кайтарым байланыш жүргүзүлөт.
Окуучулардын жооптору мугалим тарабынан кошумчаланат.
|
Жыйынтыктоо:
|
Балдар, силерге бүгүнкү сабак жактыбы?
Эмнеси менен жакты?
Демек достукту бекем сакташыбыз керек экен.
Ушул сыяктуу суроо-жоопторду толуктап, сабак жыйынтыкталат.
|
НК2
НК3
|
ПК4
ПК5
|
Окуучулар сабакта эмне жакканын айтышат жана суроолорго жооп беришет.
|