“Бекитемин”
Директор______________Матикеева Г.М.
“__” “____” 2016-жыл.
Ош шаарындагы №11 В.В.Терешкова мектеп-интернатындагы
7-а-б-класстарынын арасында өткөрүлгөн “Акыл ордо” интеллектуалдык оюнунун жобосу:
“Акыл ордо” интеллектуалдык оюндун максаты:
1.Окуучулардын предметтик сабактарга болгон кызыгуусун арттыруу;
2.Окуучулардын интеллектуалдык деңгээлин жогорулатуу;
3.Логикалык ой жүгүртүүсүн өнүктүрүү;
1-тур Жалпы суроо тест түрүндө болот 6 окуучу катышат.
2-тур “ Категориялар” туру 4 окуучу катышат.
3-тур Логикалык суроо туру 2 окуучу катышат.
1-тур
Өз энесине жаа тарткан бала Ч.Айтматовдун кайсы чыгармасында сүрөттөлөт?
а ) Кыямат б ) Кылым карытар бир күн
в ) Бетме-бет г ) Эрте келген турналар
Төмөндөгүлөрдүн кайсынысы ат жабдыктарына кирбейт?
а ) Ээр б ) Тулга
в ) Куюшкан г ) Үзөңгү
3. Аталган улуттук оюндардын ичинен кайсынысы айлуу түндө ойнолот?
а) Орда б) Көк бөр
в) Ак чөлмөк г) Жоолук таштамай
4. Манастын жубайы Каныкей кайсы улуттан болгон?
а ) Казак б ) Калмак
в) Тажик г ) Өзбек
5. Бачики кайсы жаныбардын баласы болуп саналат?
а ) Карышкыр б ) Түлкү
в ) Коён г ) Суур
6 . Асмандагы жылдыздарды кароо үчүн ойлоп табылган атайын прибор эмне деп аталат?
а ) Лупа б ) Телескоп
в ) Киноскоп г ) Микроскоп
7. Эки чекитти бириктирген сызыкты эмне деп атайбыз?
а ) Сынык сызык б ) Созулма сызык
в ) Бүтүн сызык г ) Кесинди
8. Дүйнөлүк поп музыканын падышасы аталган ырчынын ысмын атагыла?
а ) Филипп Киркоров б ) Майкл Джексон
в ) Алла Пугачева г) Мадонна
9. Авганистан мамлекетинин борбору кайсы?
а ) Ашхабад б ) Астана
в ) Кабул г ) Ташкент
10. Падышы арстан “Король лев” мультфильмдеги бала арстандын аты?
а ) Симба б ) Тимба
в ) Пумба г ) Намба
11. Кыргыз тилинде канча жөндөмө бар?
а ) 6 б ) 8
в ) 2 г ) 4
12. Колдун кайсы манжасы кыргыз элинин каарманы болуп саналат?
а ) Бармак б ) Аты жок в ) ортон г ) Чыпалак
2-тур Категориялар туру .
“О” категориясы
“Биринчи”
“Инсандар”
“Канаттуулар”
“Спорт”
Сандар сүйлөйт”
“Мультфильм”
“С” категориясы
“О” категориясы
1.Бул өсүмдүктү кыздар каш өстүрүүдө пайдаланышат? ( Осмо)
2.Шырдак шырыганда бул буюм сөөмөйдү ийнеден сактайт? ( Оймо)
3. Рамазан айында мусулмандар аткарган парз? ( Орозо кармоо)
4. Голливуд кинотасмалары кыялданган белгилүү кино сыйлыгы? (Оскар)
5. Бул салат көбүнчө жаңы жылдык дастаркондун көркүн ачат? ( Оливье )
6. Кыргызстан экинчи борбору аталган шаар? ( Ош )
7. Бул эрдик ыр эгин чабык учрунда ырдалганы менен белгилүү? ( Оп майда )
8. Манас кичинесинде кайсы койчунун колунда тарбияланган? ( Ошпур)
9. Оюндан эмне чыгышы мүмкүн? ( От)
10. Ала кийиз жасоодо кийиз бетине эмне түшүрүлөт? ( Оймо)
11. Мугалимдер күнү кайсы айда белгиленет? (Октябрь)
12. Колдогу эң узун манжа? (Ортон)
“ Биринчи” категориясы.
КРнын биринчи президенти? (А.Акаев)
2. Биринчи космоско учкан аял? (В.В.Терешкова)
3. Ч.Айтматовдун Дүйшөнү бизге ким катары белгилүү? ( Биринчи мугалим)
4. Эмгекчилердин күнүн качан белгилейбиз? ( 1-май)
5. Жуманын кайсы күнү оор күн деп эсептелинет? (Дүйшөмбү күнү)
6.Кыргыздын биринчи мультфильми кандай деп аталат? (сандар чатагы)
7. Бул нерсе биринчи байлык деп саналат? ( ден соолук )
8. Биринчи нота кандай деп аталат? ( До )
9. 1-июнь күнү кандай майрам? ( балдарды коргоо күнү)
10. Адам баласы кайсы жаныбарды биринчи колго үйрөткөн? ( Итти)
11. “Чамгыр” жомогунда чамгырды үзүү үчүн чал биринчи кимди жардамга чакырат? ( Кемпирди)
12. Өлкөнүн биринчи айымы деп ким эсептелинет?
( Президенттин аялы )
“Инсандар” категориясы.
КРдагы биринчи президент аял? ( Р.Отунбаева)
“Сен таза болсоң,мен таза болсом, коом да таза болот” сөздөрү кимге таандык? ( И. Раззаков)
Клара Цеткин негиздеген майрам? (8-март майрамы)
Элдин тынчтыгы үчүн уулун курмандыкка чалган,белгилүү журт башкарган айым? (Курманжан датка)
Өзү айым болсо да,өткүрлүгү жана баатырлыгы үчүн мырза атына татыган баатыр кыз? ( Жаңыл Мырза)
Бишкек шаары дал ушул атактуу кол башчынын атын алып жүргөн? (Фрунзе)
Суусамыр өрөөнүнөн чыккан, өз атын көтөрө алгандыгы менен белгилүү болгон? ( Кожомкул)
Талас жеринен чыккан баатыр жоокер дзотко төшүн тосуп мекенин коргогон? (Ч. Түлөбердиев)
АКШнын жаңы шайланган президенти? (Трамп)
500 сомдо кимдин сүрөтү бар? ( Саякбай Каралаев)
“Кут алчу билим” чыгармасынын автору ким? (Ж.Баласагын )
”Берчи мага жарым кашык музыка” ыр саптары кимдин калемине таандык? (А.Осмонов)
“Канаттуулар” категориясы.
Тынчтыктын символу болгон канаттуу? ( Көгүчкөн)
Кайсы канаттуу алыстан кабар алып келет? ( Сагызган)
Ырчыларды кайсы канаттууга салыштырабыз? (Булбул)
Казга теңелип эмненин буту сынган? (Карганын)
Эр Төштүктү жер үстүнө алып чыккан куш кайсы? ( Алп каракуш)
Иштемчил адамды кайсы канаттуга салыштырат? (Чабалекей)
Дүйнө жүзүндөгү эң кичине канаттуу? ( Калибри)
Ит төрөсү кумайык, куш төрөсү ____( Будайык)
Эрте туруп жем чачамын уйкучу эмес, сергек кыз кайсы ырда эле?
( Жөжөлөрүм)
Кыздар кийген топу,тебетейлерге кайсы канаттуунун жүнүн тагып кооздошот? (Үкү)
Күндүз уктап ,түндө учуп жүргөн канаттуу? (жарганат)
Султанмуратты Ч.Атматовдун кайсы чыгармасында кезиктирүүгө болот?
( Эрте келген турналар)
“Спорт” категориясы.
1. Футболдун королу аталып жүргөн бразилиялык футболчу? ( Пеле )
2. Спорт оюндары боюнча төрт жылда бир өткөзүлүүлү ааламдагы спорттук иш чара эмне деп аталат? ( Олимпиада)
3. Эл аралык олимпиада оюндарынын эмблемасында канча шакекче бар?
( Беш)
Данияр Көбөнов спорттун кайсы түрү боюнча чемпиону болуп саналат?
( Грек-рим күрөшү)
6. Шахмат тахтайчасында жалпысынан канча фигура бар? ( 32)
7. Мектептеги спортко үндөгөн сабак? (Дене тарбия)
8. Шайба кайсы оюндун негизги элементи болуп саналат? ( Хоккей)
9. Коло медаль канчанчы орунду ээлеген оюнчуга берилет? ( Үчүнчү)
10. Бир тууган Кличколор спорттун кайсы түрү менен элге таанылган? ( Бокс)
11. Биринчиликти жеңген оюнчулар кандай наамга ээ болушат? ( Чемпион)
12. Баскетболдо топ эмнеге салынат? ( Шакекче)
“ Сандар сүйлөйт” категориясы
Манастын канча чоросу болгон? (Кырк)
Канча адамдан бири кызы р деп эсептелинет? ( Жети)
Жети өлчөп, канча жолу кесүү керек? ( Бир)
Жигитке канча өнөр болсода аздык кылат? (Жетимиш)
Эң чоң бир орунду санды ата? ( Тогуз)
Ош шаарына болжол менен канча жыр толду? (3000)
Биринчи мүчөл жаш адам баласы канчага чыкканда белгиленет? ( 12)
Бир көргөн канча уккандан артык? ( Миң)
Мектептеги бир сабак канча убакка созулат? (45 мүнөт)
“Ырыс алды-ынтымак” жомогунда чалдын канча уулу болот? ( Тогуз)
Келе жаткан 31-декабрь күнү биз канчанчы жылды тособыз? ( 2017-ж)
Бир суткада канча саат бар? ( 24 саат)
“Мультфильм” категориясы.
Фиона кайсы мультфильм каарманынын сүйүктүү жубайы? (Шрек)
Бул мульфильмде автоунаалардын эң көп түрүн кезиктирүүгө болот?
( Тачки)
Кичинекей тентек кыз Машанын досу? (Аюу)
Керемет көч мультфильмдеги күчүктү н аты? ( Борсулдак)
5.“Кыякты мен,ойной берем “ деп ырдаган мультфильдин аты?
( Крокодиль Гена)
Чыгыш күрөшү боюнча мыкты делген кытай аюусу? ( Кунфу панда)
Пингвиндер Лоло жана Пепе мекендеген жер эмне деп аталат? (Антарктида)
“Муз доорунда “ кичинекей баланын жанын эмне сактап калат? (мамонт)
Чычкан Джеррини кубалаган мышык? (Том)
Мультфильм каарманы Алекс достору менен кайсы аралга келет?
( Мадагаскар)
Кайсы мультфиьмде кырсыкка кабылганда желесин жайып жардамга шашкан жөргөмүш кишини кезиктирүүгө болот? (Человек паук)
Чилистен,Сулууке, Бомпош,Чыпалак кайсы мультфильдин каармандары? ( Китепке
“С” категориясы
1.Алтымыш минутаны камтыган убакыт бирдиги? ( Саат)
2. КРнын валютасы? (Сом)
3.Эки адам көрүшкөндө адегенде эмне кылуу керек? ( Саламдашуу)
4. Бул буюм менен жер айдалат? (Соко)
5.Салт боюнча кыргыздар кудалышканда кызга эмне салышат? (Сөйкө)
6. Максым,бозо,кымыз кыргыздын улуттук эмнеси болуп саналат?
( Суусундуктар)
7. Жайдын толуп калган ысык учурун эмне деп айтабыз? ( Саратан)
8. Кожомкул кайсы өрөөдөн чыккан баатыр? ( Суусамыр)
9.”Эрте келген турналар” чыгармасындагы Мырзагүлдүн сүйгөнү?
(Султанмурат)
10. Килограмм менен эмнени өлчөйбүз? (Салмак)
3-тур Логикалык суроолор
1. Мураттын 15 койу бар, 14нөн башкасы өлүп калды. Мураттын канча койу калды?
(14 кой)
2. Жамгырда калган унаанын кайсы дөңгөлөгү кургак бойдон калат?
( Запастагы)
Түзгөн мугалим: Ормокова Ч.