Сабакка чейин
Сабактын темасы: Текшерүү иши №4
Сабактын методу: өз алдынча иштөө
Сабактын тиби: Аралаш
Сабактын формасы: өз билимин текшерүү сабагы
Сабактын максаты | Көрсөткүчтөрү |
А)Конкреттүү максаты (билим берүүчүлүк): органикалык эмес заттар, алынышы, касиеттери, колдонулушу, аталышы, классификациясы боюнча алган билимдерин текшеришет. | органикалык эмес заттар; алынышы; касиеттери; колдонулушу; аталышы; классификациясы боюнча берилген тапшырмаларды өз алдынча туура, так аткара алышса. |
Б)Конструктивдүү (ѳнүктүрүүчүлук, тарбиялоочулук): Жөнөкөй жана татаал заттар, органикалык эмес заттардын ортосундагы генетикалык байланыш, заттардын көп түрдүүлүгү, химиялык формула, химиялык реакция, химиялык теӊдеме боюнча түшүнүгү өнүгөт. Ынтымактуу болууга тарбияланышат. | Жөнөкөй жана татаал заттар; органикалык эмес заттардын ортосундагы генетикалык байланыш; заттардын көп түрдүүлүгү боюнча алган билимдери пайдалануу менен химиялык теӊдемелерди жаза алышса; Берилген маселе, көнүгүүлөрдү аткара алышса. |
Күтүлүүчү натыйжа:
органикалык эмес заттар;
алынышы;
касиеттери;
колдонулушу;
аталышы;
классификациясы боюнча берилген тапшырмаларды өз алдынча туура, так аткара алышат.
Сабактын мотивациясы (бул сабак эмнени берет): органикалык эмес заттар, алынышы, касиеттери, колдонулушу, аталышы, классификациясы боюнча алган билимдерин бекемдешет
Сабактын ѳбѳлгѳсү (Окуучунун априордук билими (мурунку билими)): Жөнөкөй жана татаал заттар, органикалык эмес заттардын ортосундагы генетикалык байланыш, заттардын көп түрдүүлүгү, химиялык формула, химиялык реакция, химиялык теӊдеме боюнча билими бар
Сабактын жабдылышы: Слайддар, сүрөттөр, моделдер, анимация колдонулат.
Убакыт: 45 минута
Убакытты бѳлүштүрүү:Чакыруу этабы:6-8мин
Түшүнүү этабы(сабактын негизги бѳлүгү):22-25 мин
Ойлонуу этабы (сабакты бышыктоо):12-12 мин
Сабак
Сабактын жүрүшү:
Чакыруу этабы:
Сабактын чөйрөсү: Саламдашуу,класстын тазалыгына кѳз салуу,тактоо.
Жагымдуу маанай түзүү:
Үй тапшырмасын текшерүү жана ѳтүлгѳн теманы кайталоо:
1. Металл түрүндөгү магний, магний-гидроксидине кантип айланат?
Түшүнүү этабы(сабактын негизги болүгү):
Элементтердин кычкылтектик бирикмелери оксиддер деп аталат:
Li2O, Na2O, K2O, Rb2O, Cs2O, Fr2O, Cu2O, CuO, Ag2O, BeO, CaO, SrO, BaO, ZnO, FeO, Fe2O3, Al2O3, CO, CO2, SO2, SO3, P2O5, N2O, NO, N2O3, N2O4, NO2, Cl2O, ClO, Cl2O3, ClO4, Cl2O5, ClO3, Cl2O7, Br2O, BrO, Br2O3, Br2O5, BrO3 ж.б.
Эки элементтен турган жана бири кычкылтек болгон кошулмалар оксиддер деп аталат.
Ойлонуу этабы(сабакты бышыктоо):
I вариант
1. Валенттүүлүк боюнча формула заттардын химиялык формуласын түзгүлө;
а)Cu O; ZnO ; б)SiO; MnO ;
2. 5гр натрий суу менен аракеттенишкенде канча көлөм суутек жана канча массадагы натрий гидроксидин алууга болот?
3. Төмөндөгү айлануулардын реакцияларынын теңдемелерин түзгүлө:
C → CO2 → H2CO3 → CaCO3 → CaHPO4
II вариант
1. Валенттүүлүк боюнча формула заттардын химиялык формуласын түзгүлө;
а)ClO; CO ; б)Na O; Ca O ;
2.1,3 гр кальций оксиди туз кислотасы менен аракеттенишкенде канча массадагы туз алынат?
3. Төмөндөгү айлануулардын реакцияларынын теңдемелерин түзгүлө:
P → P2O5 → H3PO4 → Ba3(PO4)2 → Ba(HPO4)
Үйгѳ тапшырма:
1.Төмөндөгү айлануулардын реакцияларынын теңдемелерин түзгүлө:
C → CO2 → H2CO3 → CaCO3 → CaHPO4
Баалоо: