Уюштур | 5 мүнөт | Окуучуларды тактоо; Алтын эреже менен тааныштыруу Окуучуларга курттар жөнүндө музыкалык ыр тартуулоо,жагымдуу маанай түзүү; Топторго бөлүү: сүрөттөрдү тандап бөлүнүшөт,бир клеткалуу жана көп клеткалуу жаныбарлардын сүрөттөрү берилет. 1-топ.Зоологдор тобу 2-топ.Гельминтологдор тобу.(гр.helmins.helminthos курт жана ...логия)мите курттар жана алар козгоочу оорулар(гельминтоздор)жөнүндөгү илим. -“Азаматсыңар ”балдар ,анда эмесе бүгүнкү сабакка баарыбыз ушул девиз менен активдүү катышабыз. Топтук баалоо -кайсы топто туура жооптор берилип активдүү катышышса көпөлөк берилет. Жеке баалоо-кызыл көпөлөк берилет | Саламдашат. Жагымдуу маанайда сабакка киришет. Ар бир окуучу өзүнө жаккан сүрөттү тандоо менен 2 топко бөлүнүшүп олтурушат. Окуучулар жалпы “ Биз мыктыбыз” деп айтышат. Баалоонун түрлөрү менен таанышышат | | | |
Үй тапшырманы текшерүү | 10 мүнөт | Мен миллионер болгум келет викторинасы аркылуу,жалпак курттар тиби боюнча тесттик суроолорго жооп беришет. Жалпак курттардын канча түрү белгилүү? Жалпак курттарга төмөнкүлөрдөн кайсы түрлөр кирбейт? Эркин жашаган курттардын жана сырткы мителердин сезүү органдарынын милдетин эмнеси аткарат? Гермофродиттер деген эмне? Боор соргуч курту кайсы органы аркылуу ээсине бекийт? Сиңбеген азык заттар жалпак курттардын денесинен кантип сыртка чыгарылат? Ак планария кайсы типтеги жаныбарга кирет? Ак планаринын денесинин түзүлүшү кандай? Ак планария эмне үчүн гермофродит деп аталат? Эркин жашоочуларга кайсы жалпак курттар кирет? Жалпак курттар кантип дем алышат? | Жалпак курттар тиби боюнча тесттик суроолорго жооп беришет Окуучулар бул оюн аркылуу курттарды айырмалап билишет. | НК2 | ПК2 | Жеке баалоо |
Жаңы теманы түшүндүрүү | 12 мүнөт | Экрандан сүрөттөр көргөзүлөт. Ал эми бул сүрөттөрдөн эмнени көрүп турасыңар? Азаматсыңар! Жаңы тема: Тасма курттар классы,алардын адам жашоосуна келтирген зыяндары тууралуу маалымат аласыңар. Жаңы тема видео менен көрсөтүлөт.Видеодо тасма курттардын түрлөрү,түзүлүшү,көбөйүшү,жашоо тиричилиги адамдарга тийгизген зыяндуулугу,жугуу жолдору жөнүндө көргөзүлөт Тасма курттар,ЦЕСТОДДОР(лат.cestoda) -жалпак курттар тибинин классы,алар жаныбар жана кишинин ичегиси ж.б. органдарында мителик кылат,тасма сымал,узундугу бир нече мм ден 30 метрге чейин жетет,кээде андан да узун,ичегиси жок,тамак сиңирүүчү органдары жок азык денеси аркылуу сиңирилет,өтө тукумчул,өрчүшү татаал жана ээлерин алмаштыруу менен жүрөт.Жабышкактуу органы бар кичинекей башынан(сколекс),кыска моюнчасынан,узун муунакчаларынан (стробиласынан)турат. Бул класстын белгилүү түрлөрү:бодо малдын тасма курту,чочко тасма курту,жазы тасма курт,эхинококк ж.б Тасма курттар классы үч миңдей жаныбарлар түрүн камтыйт. Биринчи жолу курттарды изилдеп чыккан академик Скрябин.Бул окумуштуунун наамын азыр Бишкек шаарындагы агрардык академиясы алып жүрөт.Скрябин гельминтология илимин ачкан.Тасма курттардын баары мителер болуп саналат.Алар эмне үчүн мите болуп эсептелинет экенин аныктайбыз. 1.Аларда тамак сиңирүү органдары жок 2.Дем алуу органы жок 3.өтө түрдүү 4.Убактылуу ээлери бар 5.Өрчүүсү өтө татаал. Мындай ооруларды болтурбоонун жолу-малды ветеринариялык козөмолгө алуу жана финналуу бодо малдын этин,эхинококк бар малдын боорун текшерип билүү.Мындай булганган малдын этин,боорун терең жерге көмдүрүп салуу менен анын башка жаныбарларга таралышына жол бербөө керек. | Экрандагы сүрөттөр боюнча жаңы теманы ачышат.Бул сүрөттөр жалпак курттардын зыяндуулугу боюнча. Алардын жугуу жолдору көбөйүшү ж.б Сабактын темасы менен таанышышат. Жаңы теманы кунт коюп угушат | НК1 НК1 НК2 | ПК1 ПК1 ПК2 | |
Бышыктоо | 10 мүнөт | 1-топ.Бодо малдын тасма куртунун түзүлүшү жана тиричилик аракеттери. 2-топ.Эхинококктун түзүлүшү жана жугуу жолдору. 1.Кишиге бодонун тасма куртун жугузуучу булагы кайсы? 2.Бодо малдын тасма куртунун денеси канча бөлүктөн турат? 3.Эхинококк тасма куртунун узундугу канча мм? 4.Бодо малдын тасма куртунун дем алуу органы болобу? 5.Тасма курттарды жугузуп албоо үчүн алдын-ала кандай эрежелерди сактоо керек? 6.Тасма курттар кандай жерлерде кездешет жана эмне менен тамактанышат? 7.Эмне үчүн бул класстын өкүлдөрүн тасма курттар деп аташат? 8.Тасма курттар митечиликке кандайча ыңгайланышкан? | -Берилген тапшырма боюнча презентация жасашат. -Тез ылдамдык менен топтор суроолорго жооп беришип,упай топтошот. | НК3 | ПК3 | Аткарган иштерине жараша топто жана жекече баалоо |
Рефлексия | 3 мүнөт | Бүгүнкү өтүлгөн сабактан кайсы маалыматты мен турмушумда колдоно алам...деген суроого жооп жазышат.Түстүү стикерлерге жазып беришет. Кызыл стикер пайдалуу болду колдоно алам,көп маалымат алдым. Жашыл орто өтө деле маалымат ала алган жокмун. Сары жашоомдо такыр эле пайдасы жок. Тандап көтөрүшөт | -Сабак түшүнүктүү,кызыктуу пайдалуу болсо-кызыл,орто болсо-жашыл,жеткиликтүү болбосо-сары. | | | |