СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Тарых сабагын окутууда маалыматтык компьютердик технологияларды колдонуу

Категория: История

Нажмите, чтобы узнать подробности

Тарых сабагын окутууда маалыматтык компьютердик технологияларды колдонуу.  Тема боюнча суроо-жооптор, Маалыматтык технологиялар менен өтүлүүчү сабак 

Просмотр содержимого документа
«Тарых сабагын окутууда маалыматтык компьютердик технологияларды колдонуу»


СЭБОМ предметинен Семинардык тапшырма

3- курс СЭО (б) 11-18 Ишенбек уулу Бакберген



Тема: Тарых сабагын окутууда маалыматтык компьютердик технологияларды колдонуу.

  1. Маалыматтык компьютердик технологияларга түшүндүрмө бергиле?

Окутуунун маалыматтык компьютердик технологиялары – бул маалыматты даярдоо жана окуучуларга берүү процесстери, аларды жүзөгө ашыруунун каражаттары компьютер болуп саналат.

Азыркы тарыхты окутуу процесси, анда компьютердик техно­логияны кеңири колдонуу менен мүнөздөлөт. Окутуунун компьютердик технологиясы - деп, предметтик тармакта, окутуунун алдыга коюлган максаттарына натыйжалуу жетишүүгө багытталган, азыркы компьютердик каражаттарды колдонууга негизденген окутуунун методдорунун, формаларынын жана каражаттарынын жыйындысын түшүнөбүз.

  1. Мультимедиалык” сабактын артыкчылыктарынын бири көрсөтмөлүүлүктү күчөтүү болуп саналат. Күтүлгөн натыйжага жетишүү үчүн көрсөтмөлүүлүккө кандай талаптар сакталышы керек?

  1. Көрсөтмөлүүлүктүн таанылуучулугу, ал берилүүчү жазуу жүзүндөгү жана оозеки маалыматка ылайык келүүгө тийиш;

  2. Көрсөтмөлүүктү берүүнүн динамикасы. Эффектилер менен аша чаап кетпөө абдан маанилүү;

  3. Сүрөттөрдүн видео катарынын ойлонулган алгоритми. Окутуучу натыйжа максималдуу болсун үчүн сүрөттөрдү экранга берүүнүн удаалаштыгын абдан жакшы ойлонуу зарыл;

  4. Көрсөтмөлүүлүктүн оптималдуу өлчөмү. Бул минималдуу гана эмес, максималдуу өлчөмдөргө да тийиштүү, алар да окуу процессине терс таасир кылса, окуучулардын кыйла тез чарчоосуна түрткү болот;

  5. Экранда көрсөтүлүүчү сүрөттөрдн оптималдуу саны. Слайддардын, фотолордун, ж.б.у.с. санына азгырылууга болбойт, алар окуучуларды алаксытат, башкыга көңүл токтотууга жолтоо кылышат.

  1. Сабак учурунда слайдды колдонуунун кандай өзгөчөлүктөрү бар?

Слайддарды колдонуу окуучуларга, бөлүктөр, темалар боюнча материалдарды эстөөгө жардам берип, предмет боюнча кошумча материалдар менен тааныштырылат.

Слайддардын өзгөчөлүгү андагы материалдардын көптүгүндө, көрсөтмө куралдардын бардык түрлөрүн камтыгындагында. Анда, карта, көркөм сүрөттөр, инсандардын портреттери, анимациялар, видео үзүндүлөр, үн коштолгон материалдар болот.

  1. Окутуунун мультмедиялык каражаттарына эмнелер кирет?

Мектепте тарых сабагын окутууда эң натыйжалуу каражат болуп саналат. Ага маалыматтарды алып жүрүүчү визуалдык (көрүү аркылуу кабыл алуучу) негиздеги жана аудио эффектер кирет. Алар үн, текст, графика, сүрөттөр, цифиралык форматтагы видеолор.

  1. Электрондук окутуу деген эмне?

Электрондук окутуу- компьютердик, маалыматтыкжана телекоммуникациялык технологияларды колдонуп, аудиториядан же аралыктан билим берүүнү окуу процессинде колдонуу.






















Маалыматтык технологияларды пайдалануу менен өтүлүүчү сабак. Предмет: Кыргызстан тарыхы

Класс: 11-класс


Тема:§26. СССРдин тарашы. Эгемендүү Кыргыз Республикасынын жаралышы. (Слайд DVDдискте).

1-слайд

2-слайд





Жаңы теманы түшүндүрүү.

3-слайд

Окуучуларга мугалим тарабынан слайдда көрсөтүлгөн инсандар тууралуу кандай маалыматтарды айта алышат деген суроо берилет. Андан кийин толук маалымат айтылат.

СССРде ошондой эле Кыргызстанда президенттик бийликтин кабыл алынышы менен президенттик шайлоолор болуп өткөн. Бул слайдда М. С. Горбачевдун СССРдин башына келиши жана Кыргызстандын туңгуч президенти А. Акаевдин президент болуп шайланышы көрсөтүлгөн



4-слайд



1990-жылы 15-декабрда Кыргыз ССРинин Жогорку Совети «Кыргыз Республикасынын мамлкеттик эгемендүүлүгү жөнүндөгү декларациясын» кабыл алган. Бул декларацияны документтүү материал катары карап, окуучуларга диктордун коштоосунда окулат.

5-слайд

Кыргыз ССРинин областтарга бөлүнүшүн өркүндөтүү жөнүндөгү мыйзамы 1990-ж. декабрда чыккан. 1990-ж. 14-декабрда Чүй, Жалал-Абад областтары түзүлүп, Нарын, Талас областтары калыбына келтирилген.



6-слайд

1991-ж. 22-январда «Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинети жөнүндө» мыйзам кабыл алынган. Премьр-министр Насирдин Исанов болгон.







7-слайд

1991-ж. 21-мартта СССРди сактап калуу референдуму болуп өткөн. СССРге кирген 15 союздук республикаларды жана борбор шаарларын атагыла.

8-слайд

1991-ж. 5-февралда М. В. Фрунзенин атын алып жүргөн борборго БИШКЕК деген баштапкы аталышы берилген. Сүрөттө көрсөтүлгөн мекемелерди атап, аларга мүнөздөмө бергиле.













9-слайд

Кыргызстандын мамлекеттик символдору тууралуу диктордун коштоосунда узактыгы 5:14 мүнөт болгон видеодон үзүндү коюлуп, окуучулар кеңири маалымат алышат. (https://youtu.be/h5wSlfu1VlQ)



10-слайд

1991-ж. 31-августта «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик көз карандысыздыгы жөнүндөгү декларацияны» кабыл алган. Буга чейин Кыргыз мамлекетинин өнүгүшүндө кандай этаптары басып өткөнүн эстегиле.





11-слайд

  • 1991-ж. 8-декабрда Белорусь Республикасы, Россия Федерациясы, Украина Көз каранда эмес мамлекеттердин шериктештигин (КМШ) түзүү келишимине кол коюшкан.

  • 1991-ж.21-декабрда Алматыда Белорусь, Россия, Украина, Молдавия, Азербайжан, Армения, Казакстан, Өзбекстан, Кыргызстан, Түркмөнстан , Тажикстан КМШны түзүү келишимине кол коюшкан.

  • 1991-ж. 25-декабрда М. Горбачевдун СССРдин Президентинин милдетин аткарууну токтоткондугун билдирген

12-слайд





Жогорудагы слайдда көрсөтүлгөн желектер кайсы өлкөгө таандык экенин тапкыла.



13-слайд

КМШнын түзүлүшүнүн тарыхый мааниси:

  1. СССРдин кулашы жана КМШнын түзүлүшү мыйзам ченемдүү болгон.

  2. КМШга кирген мамлекеттер биргелешип ынтымакта жашоонун зарылчылыгын түшүнүшкөн

  3. КМШнын маселелерин биргелешип, тең укукта чечүү үчүн Совет түзүлгөн.

  4. КМШга кирген мамлекеттердин чек аралары бөлүнгүс жана кол тийгис деп таанылган.

  5. Бул процесс чыр-чатаксыз, кан төгүүсүз, тынчтык жол менен өткөн.



14-слайд

Тема боюнча бышыктоочу суроолор:

  1. Президеттик шайлоолор качан болгон?

  2. Кыргызстандын мамлекеттик эгемендүүлүгү жөнүндөгү декларацияга мүнөздөмө бергиле.

  3. СССРдин кыйрашынын себептери кайсылар?

  4. СССРди сактап калууга болот беле?

  5. КМШнын түзүлүшү жана анын тарыхый мааниси эмнеде?





Үйгө тапшырма:

  1. § 26. Теманы окуп чыгуу

  2. Өтүлгөн темага байланыштуу слайддарды жана видео тасмаларды карап чыгуу


Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!