СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Тарых аз убакыт ичинде жазып.буто алгыс

Категория: История

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Тарых аз убакыт ичинде жазып.буто алгыс»

Тарых эч качан бир жылда биротоло жазылбайт

"Фейсбук". Орусиядагы окумуштуулар Фейсбук колдоно алышпайт, аларда бул каражат тыюу салынган, бирок түрк элдерин ичтен жарып, тээ алмустактан бардык түрк тилдүү элдер кыргыз тилдүү болушкан деген "кесмени" кулакка илип жаткан Козодойго орус бийликтери кыргыз аудиториясы үчүн иш алып баруусу үчүн уруксат берип жатканын аңдоо керек. (Карапайым окумуштуулар Фейсбукту) VPN аркылуу ачкандан жалтайлашат, муну алар менен маегимден улам билем).

Козодойдун кайрылганы - Орусиянын илимий жана коомдук аудиториясы эмес, анткени ал жакта, кайталайын, Фейсбук мыйзамдуу ачылбайт. Бул - дакансалар "бүт түрк элдери кыргыз тилдүү тура!" деп жыргашы үчүн алардын аудиториясына арналып жазылган козодойлук посттор.

Эгерде Козодой, маселен, "Фейсбукта" Орусиянын Украинага каршы баскынчыл согушун айыптачу болсо, анда дароо андан чет өлкөгө чыга турган паспортун жулуп алышмак.

Айтмакчы, мында бир жагдай бар: Козодой көп куру чечен риторикасын Фейсбукта гана жазат, кийин ал "китебимде мындай сөз жок" деп оңой кутулуп кете алат, себеби Фейсбук - нагыз илимий талаш майданы саналбайт эмеспи.

Илим болсо өз жолу менен кете берет. Илим саясий технологдордун убактылуу иш-аракетинен алда канча бийик.

Пантүркизм барбы?
Путинчилер азыркы тапта да "пантүркизм бар" деп коркушат, ал түгүл татарлардын латын алфавитине 20 жылдай эле мурда тыюу салышкан.
Тектеш түрк калктарынын маданий ынтымагында эч кандай "пантүркизм" жок.
Түрк калктарынын тарыхын орток изилдөө көптөгөн мыкты натыйжаларды берээри бышык.
Козодой бир жолку сөзүндө "Худяков менен Бутанаев ара-чолодо гана кыргыз тарыхына кайрылышкан" деп кине койгон экен.
Козодойдун өзү 1990-2010-жылдары жалаң гана Орусиянын 1985-2010-жылдардагы саясий тарыхын изилдеп келген, анысын өзү унутуп калган го.
Ал эми Ю.Худяков менен В.Бутанаев өмүр бою кыргыз таануу маселелерин башка илимий темалар менен айкалыштырып изилдеп келишкен. Өмүр бою! Алардын арбагы ыраазы болгондой алкыш айтуубуз керек.

Ич күйдүлүк - жок.
Козодой, дагы баса белгилейин, керек болсо 100 том жазсын, дакансалар аны өмүр бою каржылай беришсин.
Анын айрым ойлору биздин ойлорубузга деле үндөш.
Айрым ойлору популисттик. Мисалы, кыргыз тарыхын жалаң гана Шиберге чегерүүнүн өзү популисттик.

Кыргыз тарыхы - алда канча кеңири мейкиндикти кучагына алат

Демек, кыргыз тарыхы Шибердеги кыргыз тарыхынан да алда канча кеңири экендиги, Теңир-Тоодо б.з.ч. доордо эле кыргыздар байырлагандыгы тууралуу илимий жобону биз да ырааттуу коргой бермекчибиз.
Манчжуриядагы, Эдил бою, Кырым, Кичи Азиядагы кыргыз издери дагы изилдениши керек.

Эренак менен Мухаммед Кыргыз
Эренак - орток бабаларыбыздын шаман бойдон калган бутагынын өкүлү, ал эми Мухаммед Кыргыз сыяктуу теңир-тоолук мусулман кыргыздар жана алардын бабалары Карахандар доорунан тартып ислам динин (ханафий сунний жолунда) туткан кыргыздардын өкүлдөрү.
Алардын бабалары орток, бирок кийинки этностук-тарыхый жолу айырмалуу.
Бул илимий жобону Ала-Тоодо ырааттуу жазып келебиз.

Адабиятка шилтеме
Баса, Козодойдун китебинде бир дагы чет тилдеги китепке шилтеме жок экен (орус илиндеги гана адабиятты учураттым/ 8 архивдик документ, 122 китеп же макала), ал түгүл Орусиядагы хакас, алтай, тыва тилдериндеги булактарга да эч шилтеме жок.

Ал эми Эренактын доорун иликтөө үчүн бир катар түрк тилдериндеги, англис, франсуз, немис, мажар, монгол, кытай, манчжур, жапон, ж.б. тилдердеги адабияттарды дагы кылдат иликтөө керек.

Бээжиндик профессор Ю Тайшандын 2019-жылы шардана кылынган жаңы этнонимиялык сунушуна ылайык, кыргыз тарыхы б.з.ч. X кылымга чейин тереңдөөдө.

Демек, кыргыз таануу жаатын иликтеген полиглот булак таануучулар жана тарыхчылар үчүн дың дагы эле мындан ары дагы бузула бериши абзел.

Дегиңкиси, кыргыз таануу - бул жалпы түркология илиминин ажырагыс бир бутагы экендигин чала сабат киши гана четке кагышы мүмкүн.
Же атайылап тымызын саясий тапшырык алган путинчил саясий технолог гана аны четке кага алат.

***


Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!