1.Өтүлгөн тема боюнча суроо-жооп өткөрөм.(Калыптандыруучу-суммативдик баалоону колдоном) Биздин үй бүлөнүн салттары. Каада-салт– кандайдыр бир элдин турмуштиричиликтеги, үй-бүлөдөгү жүрүм-турум нормалары, эрежелери, ырым-жырым, адеп-ахлак, каада-жөрөлгө, жол-жоболордун жыйындысы. Каада-салт улут пайда болгонго чейин эле узак мөөнөт жашап келген, белгилүү географиялык чөйрөгө жана тарыхый шарттарга байланыштуу калыптанган, ар бир элдин, этностук топтун, улуттун ичинде гана салыштырмалуу туруктуулукка ээ жана бир муундан экинчи муунга тынымсыз өтүп, коомдук пикирдин күчү менен аткарылып жана сакталып турат. Каада-салт адегенде диний түшүнүктө, кийин социалдык жана күндөлүк жашоо-турмушка ыңгайлашып, байыркы замандан бери оңдолуп-түздөлүп, өзүнө мүнөздүү туруктуу жөрөлгөлөр менен коштолуп, акырындап элдин салтына айланат. Кыргыздын каада салттарын билебизби балдар? Көңулдүү маанай түзүп алуу үчүн окуучуларга эки суроо менен кайрылам. Келечекте ким болгуң келет? Сени эмне кубандырат? Демек балдар силер өз каалаган максаттарыңарга жетүү үчүн терең билим берүү,татыктуу тарбия керек экен.Биз бул эки түшүнуктүү мугалим аркылуу гана алабыз. Андыктан биздин бүгүнкү жаңы темабыз “Мугалим мөмөлүү дарак” | Окуучулар суроолорго жооп берет.кыргыздардын салттарын атап өтүшөт Баланы бешикке салуу Ат коюу Сеп берүү Тушоо кесүү Ар бир окуучу берилген суроо боюнча жооп беришет. |
Биз алгач мектеп босогосун аттагандан кийин “А”тамгасын таанытып,экинчи ата-энелик атка татыктуу жана бул жашоодо өз ордубузду тапканга чоң салым кошкон инсан бул,албетте биздин алтындай болгон мугалимибиз болуп саналып келет. “Мугалим мөмөлүү дарак”деп бекеринен айтылбаса керек.Себеби мугалим эч бир адам көтөрө алгыс түйшуктү өз мойнуна көтөрүп,ары жоопкерчиликтүү,ары татаал,ары ардактуу эмгекти аркалап келет.Чындыгында эле алар чоң тамга менен жазылууга татыктуу.эчен залкар адамдар,эл башкарган президенттер да бир кезде мугалимдин окуучусу болгонун,алар берген билимдин үрөонү менен бийиктикке жеткенин тана албаспыз. Мугалим кандай гана ардактуу кесип.Бул кесип кылымдардан бери келе жаткан эскирбеген кесип.Анын педагогикалык акыл топтому,алысты көрө билгендиги,изденгичтиги жана жаш баладай жумшак баёо көңүлүн,бүткүл чыгармачылык кудуретин келечек ээлерине терең билим,мыкты тарбия берүүгө жумшагандыгы менен кадырлоого ээ болгон инсан.Баарыбыздын башат-тамырыбыз,асыл ой-тилектерибиз, жетишкен ийгиликтерибиз биринчи кезекте мектеп менен байланыштуу. Элибиздин рухий байлыгы мектеп аркылуу калыпка салынары белгилуу.Андыктан адамдын жан дилине илим-билим үрөөнүн сээп,жаркын максаттарга үндөгөн мугалимге алкыш айтсак да жарашат. | Мугалимдер окуучу: Аксаамай Мугалимдер - зирек жашап, ат багат, Мээ коротуп, мектеп ишин аркалайт. Мажурум тал шактарындай ийили, Мээрим төгүп, окуучусун калкалайт. окуучу: Нуркул Эч кири жок жүрөгүндө, сезимде, Эл-жер менен жаңы бирге, дил бирге. Эс-акылга ыйман менен жаңы ой, Эгип келет көтөрөр деп кезинде. окуучу: Айназик Өз тагдыры бир жыйынга, Өзгө тагдыр тынчтык бербей тыйымга. Өмүр сүрөт мугалимдер изденип, Өчпөс жарык чачамбы деп, кылымга. Окуучу:Эмилис Мугалим ким, ал биз өңдүү адамбы? Кантип алар өзгөртүшөт заманды? Ал улуу жан, адамдардын адамы, Жакшылыкка арышталат кадамы. Ата Журтка күнү-түнү кам жейби, Окуучу:Алиса Чарчабайбы ызы-чуудан, баладан? Үйгө барып иш кылабы ал адам? Мектепти да, үйдү дагы ардактайт, Мекен жүгү аны эч качан чарчатпайт. |
3.Бышыктоо:окуучуларды топторго бөлүп,оюн уюштуруу. 1-топ: “Мугалимдер”тобу 2-топ: “Окуучулар” тобу Оюн төрт түрдүн негизинде ишке ашат. 1-тур топтун атын чечмелөө 2-тур.макал лакаптар бурмаланып берилет.1-суроо 3-тур: сан артында суроолор: 5.Чыңгыз Айтматов быйыл канча жашта? 10.Базар-Коргондун канча жылдыгы белгиленди? 15.С.Жээнбеков кайсы сабактан мугалим болуп иштеген? 20.Өкмөт башчыбыз тарабынан быйыл кандай жыл деп жарыяланды?. 25.Биздин Колот айылындагы эң алгачкы мугалимдер? 30.Кыргызстандын эң алгачкы президенти ким болгон? 35.биздин мектепте азыркы күндөгү директор ким? 40.Сенин биринчи мугалимиң ким болгон? 4-тур чачылган тамгалар: Р Т Ч Л Й У А Н К Е З П Д М Л Г С И Н Р Т Ч Л Й У А Н К Е З П Д М Л Г С И Н Б О Мугалим жөнүндө учкул сөздөр “Мугалим бул-оор нерселерди оңой кылуучу адам” (Р.Эмерсон) | Мугалимдер тобу: Мугалим кандай гана ардактуу кесип.Бул кесип кылымдардан бери келе жаткан эскирбеген кесип.Анын педагогикалык акыл топтому,алысты көрө билгендиги,изденгичтиги жана жаш баладай жумшак баёо көңүлүн,бүткүл чыгармачылык кудуретин келечек ээлерине терең билим,мыкты тарбия берүүгө жумшагандыгы менен кадырлоого ээ болгон инсан. Окуучулар тобу:окуучу деген бул билим алууга,мугалимдин айтканын аткарууга,тартиптүү болууга,сабактан себепсиз калбоого тийиш. 2-тур 1.билим алуу ийне менен кудук казгандай. 2.ат адамдын канаты. 3.жигитке жетимиш өнөр аздык кылат 4.айдын жарымы-жарык,жарым караңгы 3-тур жашта 100 жылдыгы белгиленди. 3.орус тили жана адабияты. 4.аймактарды өнүктүрүү жылы 5.Т.Исак уулу,Калыков Ш.Исанов А. 6.Аскар Акаев. 7.Т.Рахманова 8.Кадыркулова Р. 4-тур Китеп,билим, мугалим,сабак,окуу, дептер,калем,инсан,агай 1.”Эгер мугалимде жумушуна да,окуучуларга да сүйүүсү болсо,анда ал эң мыкты мугалим”(Л.Толстой) “Жакшы мугалим болуу үчүн,окуткан сабакты жана окуучуну сүйүү зарыл”(В.Ключевский) “Ким эскини алпештеп,жаңыны аңдап билсе,андай адам мугалим боло алат”(Конфуций) |