Просмотр содержимого документа
«Тарбиялык саат: Менин сүйүктүү Кыргызстаным»
Тарбиялык саат
5-класс
-
Менин сүйүктүү
Кыргызстаным
Сабактын максаты: • Кыргызыстандын жаратылышы, символдору, улут аралык достук,тартип,тарбия тууралуу ой бөлүшүшөт; • Тынчтык биримдик мекенибиздин өнүгүшүнүн негизги шарты экендигин түшүнүшөт; • Ата Мекенин сүйүүгө тарбияланышат; Сабактын жабдылышы: Кыргызстандын картасы,герб,Гимн,жазылган сүрөттөрдү,жаратылышты чагылдырган сүрөттөр. Сабактын негизги иш аракети: 1.Мекенибиздин жаратылышы,Мамлекетибиздин символдору,элибиздин улут аралык достугу,ынтымагы,үрп адаттары тууралуу окуучулар менен ой бөлүшүү. 2.Мекен тууралуу ыр ырдоо, макалдардын маанисин чечмелөө. Сабактын негизги идеясы: Мекенди сүйүү,билим жана тарбия, ынтымак,улут аралык достук,окуучудагы ийгилик,чың ден соолук-Кыргызстандын гүлдөп өсүшүнө кошкон салым экендигин окуучуларга түшүндүрүү.
деген сөз кыргызда ата-бабанын конушу,балалыктын балдай таттуу учурларын башынан өткөргөн жерди билдирет. " width="640"
деген сөз кыргызда ата-бабанын конушу,балалыктын балдай таттуу учурларын башынан өткөргөн жерди билдирет.
Биздин ата-бабаларыбыздын урпактарына аскасы булут жымынган кооз тоолору,эң баалуу мурасы-бабалардан калган касиеттүү Ала-Тоо жергеси.
Бул — кыргыздын турак жайы. Элибиздин улуттук мүлкү. Кыргыздын боз үйү — элдин сергек акылынан чыккан, чебер колунан тамган, теңдешсиз өзүнчө өнөр.
Ай, аккан суу, аккан суу Ай-Ааламды, баккан суу, Сыр-Дайрадан кең туруп Сыр аякка баткан суу! Жабыркатпай жай-кышы
Жандын баарын баккан суу,
Дайра болуп ташкан суу,
Тар арыктан ашкан суу,
Агыны катуу болгон суу,
Ар өзөнгө толгон суу (Жеңижок)
Ысык-Көл кээде жымжырт, кээде толкун. Толкуса толкунуна тең ортокмун. Турмушта канча жолдош күтсом дагы, Бир сырлуу мындай жолдош күткөн жокмун.(А.Осмонов)
Ала-Тообуздун ажайып кооздугуна суктанып, саякатка, экотуризмге келген туристтердин агымы жылдан-жылга өскөнү байкалат.
Улуу Жибек жолунда жайгашкан Борбор Азиядагы тоого бай, күнөстүү Кыргызстан. Ата Журтубуз эң назик сөздөр менен даңазалоого татыктуу.
Мекен тили Ата журттун кареги,
Биримдиги күч кубаттын тиреги.
Мекен тили куттуу кыргыз элимдин,
Көкүрөккө согуп турган жүрөгү.
Көңүл бурганыңыздарга
чоң ырахмат!