Просмотр содержимого документа
«Тарбиялык саат: Ата-энең сенин бейишиң.»
№ 6 мулкүбат атындагы орто мектеби
6-класс
Тарбиялык саат
Сабактын темасы:Ата –энең сенин бейишиң
Сабактын максаты:
Ата-энеге кайрымдуу болууга тарбияланып, адамдык асыл сапаттар калыптанат.Турмуштагы оң терс жагдайларга карата баамчылдык сезимдери, көз караштары өнугуп, өз алындынча ой жүгүртүүгө багыт алышат.
Сабактын жабдылышы: Сүрөт, планшет,
Сабактын жүрүшү:
1Уюштуруу иштери.
Сабакка окуучулардын ата-энелери да чакырылат, анткени бардык эле учурда ата-эне менен баланын ортосунда турмуштук жагдайлар туурасында же өз ара мамилелер жөнүндө ачык айрым аңгемешүүлөр боло бербейт.Демек,бул жерде ата-эне баласы жөнүндө,баласы ата-энеси жөнүндөгү ойлор айтылмакчы.Ошондой эле ата-эне баласынын ой жүгүртүүсүнө, жооп беришине баам салат.
Ата-эне жөнүндө
Мугалим:
- Ар бир ата-эне балам чоңоюп, эрезеге жетсе, адам болсо деп тилейт: баласын тамак-аш, кийим- кечек менен камсыз кылат,тарбия-таалим берип өстүрөт.
- Бул олтурган балдарыбызга тамак-аш, кийим –кечек бербесек да ушулар акыл-эстүү болуп,өзүлөрүн тартиптүү алып жүрсөэкен, адамдагы асыл сапаттарга ээ болуп,озүнө караган, ата-энесин,анан элин баккан уулдардан болсо деген тилектибиз, мугалимдер да тилейбиз.Айтабыз. «Кулактууга бир сөз»дейт элибизде.
- Үйдөн ата-эне айтса, мектептен биз мугалимдер айтсак эстүүсү илип кетээр.
- Ата-эненин балага болгон мээрими чексиз, көргөн камкордугу, келечегинен күткөн үмүтү чоң.
Баласы:
- -Ата, сен мени чын эле жакшы көрөсүңбү?
- Атасы:-Балам, менин сени канчалык деңгээлде жакшы көрөөрүмду өзүң балалуу болгондон кийин гана даанарак түшүнөсүн!
- Ошондон бери: «Балам балалуу болгондо билээрсиң»!деген лакап калыптыр.Атаң менен энең сенин бактылуу балалыгың, кайгы капасыз жаштык чагың үчүн кам көрүп,окуп билим алышыңа эмгекке үйрөнүп,акыл эстүү болуп чоңоюшуңа ыңгайлуу шарттарды түзөт. Илгеркилерден «ата-энеңди сыйласаң, өз балаңдан сый көрөсүң» деген сөз калган.Маселен, үй- бүлөдө чоң ата,чоң эне,уул –келини, небере чогуу жашайт дейли.Ата-энесине астейдил мамиле кылып, аларды сыйлап, барктап олтурган ата-энеге баласы да ошондой мамиле кылат.
Сүрөт менен иштөө:
- Ушул жерде окуучуларгаД.Н Толстойдун аңгемесине карата тартылган сүрөт көрсөтүлөт. Сүрөттө чоң ата, уул-келини жана небереси тартылган.Баланын атасы,апасы столдо тамак ичип олтурушат,ал эми чоң атасын столго чогуу олтургузушкан эмес. Анткени ал калтырап, тамакты төгүп- чачып калгандыктан өзүнчө олтургузуп коюшкан.Бала четте туруп олтуруп алып жыгачтан бир нерсе жасап жатат.
- Атасы сурайт: Балам, сен эмне жасап жатасың?
- Баласы: Мен жыгачтан табак жасап жатамын ата,сен картайганда ошого тамак куюп беремин.
Мугалим:
- Көрдүнөрбү балдар, ата-энеге кандай мамиле кылсаң өз балаңдан ошондой мамилени күтүшүң керек. Баланын өз ата-энесин сыйлап өтүүсү эң чоң ыймандык касиеттерден.
- Биз ата-энебиз жөнүндө билесизби?
- Алар ким, бизди кандай көрөт?
- Келгиле,чогуу талкуулап көрөлү.
- Талкуудан кийин төмөнкү планшет илинет.
- 1Ата-энең ыйык жана ардактуу, билесиңби?
- 2Ал сени эң жакын адамың, билесиңби?
- 3 Сен канчалык оорукчан,түрү суук, майып болсоң да сени эч кимге алмаштырбайт,билесиңби?
Мугалим:
- 4 Сен орой,ичкич,жолу болбогон адам болсоң да сени бүт дити менен коргоп, сен үчүн сыздап өтөт, билесиңби?
- 5 Сенин кыйынчылыгыңды мойну менен көтөрүп, кайгы касиреттине жүрөгү канап азап чегет, билесиңби?
- 6 Сенин ийгилигиңе бүт дити менен кубана билет, билесиңби?
- 7 Турмушта өз ордунду таппай калсаң өмүрү өткөнчө сенин убайыңды тартат, билиесиңби?
- 8 Сага сенден да артык күйөт өзү кийбесе да сени кийсин дейт,өзү ичпесе дасени ичсин дейт, билесиңби?
- 9 Эгер ооруп калсаң сенден көрө өзүлөрүнүн ооруганын артык көрөт,билесиңби?
- 10 Сенин балдарыңды сенден өзүңдөн кем көрбөйт,өзүндө болбогон кымбат буюмду сенде болсун дейт,билесиңби?
Суроо:
Мына ушундай эң ыйык,ардактуу дүйнөдөгү эң жакын адамыбыз ата-эненин чексиз мээримине эмне кылсак урмат, сый көрсөткөн болобуз, канткенде ыраазы кылабыз?
Жооп: Окуучулардын жоопторун угуп, анан доскадагы жазылганды ачып, окуп берүү:
- Ата –энеңе каяша айтпа:
- Алардын сөзүн эки кылба:
-Тилин алып айтканын аткар:
-Тамакка алардан озунуп кол салба:
-Колуңдан келген жардамыңды аяба:
-Ата-энеңдин жеңилин жерден, оорун колдонал:
-Ата-энең ооруп калса ага бардык дитиң менен жардамыңды көрсөт:
-Алар карыган кезде бапестеп бак:
-Орой сөз суйлөбө, көңулун оорутпа:
Жооп:
- -Бардык жакшы нерсеңди ата-энеңе бер:
- -Тиешелүү майрамдарда биринчи белекти ата-энеңе арна.
- Макалдар
- «Ата-энени сыйлаган абийир табат».
- «Эне сыйлаган элине жагат.
- «Алты күн ачка калсаң да атаңды сыйла»ж.б
- Окуучулар,ата-энелер жөнүндө макалдарды айтышып толукташат.
- Мугалим: ТУрмушта ар түрдүү жагдайлар, тагдырлар кездешет.
- Ата=энесин бакпай карылар үйүнө жеткиргендер,ата-энесине сөзү, колу тийгендер бар экени белгилүү.Эмесе акын Болуш Керимбаевдин төмөнкү эки ырына көңул буралык.
Ата жакшы-уул жакшы,эне-жакшы кыз жакшы.
1-окуучу «Таш боорлор кандай немесиң»
- Ээндеп айдап кемесин
- Элимдин укпай жемесин. Жоруктан-жоук кубалап,
- Карыптар кайрым жайына, Жоготуп сулуу элесин,
- Тагдырлар менен ойногон,
- Жеткирди кызы –энесин! Таш боорлор кандай немесиң?!..
- Жалбарып ыйлап турса да,
- Желдей көрбөй кеңешин.
- Акылдап алган сүйүнүп,
- Ашкансып тоону белесин.
- Алкаган ыйман батасын,
- Агарткан кирсиз жакасын.
- Карыптар кайрым жайына,
- Жеткирди жигит- атасын!
- Эрдик жасап койгонсуп,
- Эсине албай катасын.
- Таш боор уулун өстүргөн,
- Турмушка чексиз капасын!
2-окуучу: «Шаар эмес кыштактан»
- Бүрүшкөн жазбай денесин,
- Бүтүнүн тагдыр ченесин.
- УУ тилин тартпай агытып,
- Ургандар чыгат энесин.
- Шаар эмес кыштактан,
- «Шаан –шөкөтүн көрөсүң.
- Тарттырып турмуш жапасын,
- Кайнатып кандуу капасын.
- Сакалдан сүйрөп жулгулап,
- Сабашкан бар атасын.
- Көрүнүп жатса кашкайып
- Көмүскө кайда катасың?
- Андан кийин магнитофонго жазылган К Алмазбековдун «Эненин арманы» олтургандарга уктурулат .
- Балдарыбыз кайрымдуу болсун, ата-энелер ар дайым камкордукта, багууда болсун, ата-энеден ажырабасын деп сабакты бүтүрөбүз.