Просмотр содержимого документа
«Тарбиялык саат 6-класс»
“ Текшерилди
“ 8 ” сентябрь 2024
Орг : ______________ Шайбекова М .
Тема : Кылмыштуулук деген эмне ?
Максаты : Окуучуларга кылмыш , кылмыштуулук , уурулук ж . б жаман адаттар жөнүндө түшүнүк берүү .
Сабакта окуучулар кылмыштуулук боюнча өз ойлорун кеңири айта алышат .
Окуучулар тартип сактоого , жаман жолго жүрбөөгө үйрөнүшөт .
Сабактын тиби : Стандарттуу эмес сабак .
Сабактын усулу : интерактивдүү .
Сабак аралык байланыш : кыргыз тили , адеп , тарых .
Сабактын жабдылышы : буклеттер , сүрөттөр .
Сабактын жүрүшү :
Уюштуруу . Мамлекеттик тил гимни . Доклад .
Балдар коомдогу терс көрүнүштөр боюнча ойлорун айтышат . Мектеп ичинде болуп жаткан рекетчилик боюнча көргөн билгендерин айтышат .
Балдар азыркы учурда мезгилдин жүрөк өйүткөн эн эле көйгөйлүү болгон чоң проблемасы бул кылмыштуулук . Кылмыштуулук бул чоңдор арасында да , балдар арасында да кеңири таркайт жада калса коркунуч болуп жаткан чон маселе .
Арабызда бул көрүнүштөр күн сайын өсүп келүүдө . Окуучулар арасындагы налог , талап тоноочулук , мушташ – бул дагы кылмыштуулукка кирет .
Өспүрүм кез – инсандын калыптануу мезгили . Ушул учурда көпчүлүк уул кыздарыбыз туура эмес жолдорго түшүп кетишет . Улуулардын айткан сөздөрүн укпай адепсиз аракеттерди жасап жатышат .
Өспүрүм куракта мүнөздүн андан ары калыптануусу жүрөт . Кылмыштуулукка да ушул куракта көп барышат .
Кылмыштуулук :
Орой сүйлөө , адеп эжрежелерин сактабоо .
Көрөалбастык , бирөөгө зыян келтирүү .
Уурулук , каракчылык
Зордук , зомбулук .
Баңгилик , аракечтик .
Бейбаштык , хулигандык .
Мушташуу , сөгүнүү .
Сабактан көп калуу .
Укук бузуу .
Жүрүм турум эрежесине каршы туруу ж . б .
Рэкетчилдик – англис тилинен которгондо “ зордук , зомбулук ” дегенди түшүндүрөт .
Жыйынтыктоо : Кылмыштуулукту алдын алуу үчүн эмне кылуу керек деп ойлойсуңар ?
Ыймандуу болуу .
Улуулардын айтканын угуу
Мектептеги ар кандай ийримдерге катышуу .
Сабакты калтырбоо жана аларга даярдануу .
Үй тапшырма : Үйдөн ар бир окуучу “ Кылмыштуулукту кантип алдын алабыз ” деген темада ооз эки ой жүгүртүп келүү .