СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Тарбиялык саат 5-класс

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Тарбиялык саат 5-класс»

Жалпы билим берүүчү №2 Токтогул атындагы техникалык лицеи.

“21-февраль –Эл аралык эне тил күнүнүн” бир айлыгына карата “Мамлекеттик тил –достуктун тили”-деген темада өтүлүүчү фестивалдын сценарийи.



1.Акыйнек.(4.улуттун тилинде).

Алып баруучу Ким барктаса өз энесин,өз тилин,

Барктай билет дүйнө элинин көп тилин.

Ар улуттун энеси уулу,тили улуу.

Өйдө ,ылдый деп айта албайбыз эч бирин!

 Кымбаттуу агай-эжелер, кадырлуу коноктор жана сүйүктүү окуучулар!   Эне тилдин Эл аралык күнүнө карата даярдалган салтанаттуу фестивальга куш келипсиздер!

2.Обондуу ыр:Гүлжан эже,Нурглүл эже.

Алып баруучу:

Менин тилим эзелтеден улуу тил,

Улуулугун, сулуулугун тыңдап бил.

Улуу тилди бурмалабай, урматтап,

Ушул тилде эркин сүйлөп,ырдап жүр.

Саламдашуу (6 тилде:,орус,англис,казак,өзбек,япон,кыргыз).

Алып баруучу:Кыргыз элим көркөм сөздүн устасы,

Ар бир сөзү кылымдардын нускасы,

Өрнөк алып муундардан-муунга,

Кылым бою сактап келет кыскасы!

3.Тил Гимни.(Катышуучулар баары).

Алып баруучу:Алтындай сөздү куюлткан,

Айкөлдү айтып туюнткан,

Шекердей сөзүн куюлткан,

Шерлерди айтып туюнткан,

Элирип айтып киргенде,

Табиятты кубулткан,

Ободон жамгыр куюлткан,

Күн-түндөп айтып Манасты,

Айрандай элди уюткан демекчи кезекти манасчылапрга берсек...

4.Манас айтуу(7-класс окуучуларынын аткаруусунда.)






Алып баруучу:Эне тилим ыйык туткан сыймыгым,

Бабалардан жете келген сыйлыгым.

Тамчы суудай бапестелип сакталган,

Жүрөгүмдөн түнөк алган ыйыгым демекчи 5.Кезекте көрүнүш “Биз ар түрдүүбүз,бирок бирдейбиз”.(9-10-Класстар).

Алып баруучу:Эне тилде ой жүгүртөм,сүйлөймүн.

Канат созо ай- ааламга күүлөймүн,

Аалам менен алакалар түзүлүп,

Эне тилди энекемдей сүйөмүн, демекчи,”Тил улуттун баалуулугу жана байлыгы ” . 6.Кезекте көркөм окуу:(Айзат,Асема).

7.Хор (жалпы катышуучулардын аткаруусунда).


Алып баруучу: Эне тилим – кубат берчүү куралым,

Өзүң менен сыймыктанаар убагым.

Керек болсо берер элем жанымды,

Жан ордуна келет тилди сурагым.

Алып баруучу: Бүткүл дүйнөлүк Эне тил күнүнө карата даярдалган программабыз аягына чыкты,көңүл бурганыңыздарга чоң ырахмат. Көрүшкөнчө, аман болуңуздар

Аягы



Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!