СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Тарбиялык саат 11

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Тарбиялык саат 11»

АКЫЛСЫЗДЫКТЫН АРТЫ – ӨКҮНҮЧ

Максаты: ➢ акылдуу жана акылсыз адамдын сапаттарын айтып бере алышат;

➢ жомоктун негизги идеясын түшүнүшөт жана мазмунун баяндап беришет;

➢ жомоктун негизинде эссе жазып, сүрөт тарта алышат.

Мугалим окуучуларга текстти окууга көрсөтмө берет же өзү көрктүү окуйт!

КОЁН МЕНЕН АРСТАН



Токойдогу жаныбарлар кооз табиятта эркин жүрүштөн коркушчу. Анткени бир арстан аларга ар дайым кол салчу, тузакка түшкөнүн жеп койчу. Ошондуктан бул жайлоо жаныбарлар үчүн кооптуу эле. Бир күнү жаныбарлар ойлонуп-ойлонуп олтуруп, акырында арстанга барып, өздөрүнө тийбөөсүн, анын тамак-ашы үчүн каалаган нерсесин алып келишерин айтышат. Бирок тажрыйбалуу арстан ал жаныбарлардын өзүнө бир тузак курушу мүмкүн экендигин ойлоп, сунушту кабыл кылбайт. Ал: «Мен ырыскымды өзүм иштеп, маңдай тер менен таап жеймин» - дейт. Жаныбарлар арстанга убадага турабыз деп сөз беришип, акырында көндүрүшүптүр. Келишим боюнча арстандын жеми эч машакатсыз күнүнө ага жеткирилиши керек эле. Жаныбарлар болсо кимисинин арстанга жем болуп барышы керектигин чүчү кулак тартуу аркылуу келишишти. Бир күнү кезек коёнго келет. Муну уккан коён: «Бул нерсе дагы качанга чейин уланат» - деп бакырып, каршы чыгыптыр. Жаныбарлар коёнду чакырып: «Ушул күнгө чейин сөзүбүзгө туруп, жаныбызды тобокелге салдык. Өжөрлөнүп, бизди да жаман атка калтырба. Азыр тез баргын, арстан сага жинденбесин» - деп аны мажбурлашат. Коён досторунан бир аз мөөнөт берүүсүн суранып, өзүн да, аларды да куткара турган бир план оюна келгенин айтат. Башка жаныбарлар канчалык аракет кылбасын коёндун оюн түшүнө албай коюшат. Коён болсо бир аз кечигип арстандын жанына барат. Анын кечиккенине кыжырданган арстан ачуусун андан чыгара баштайт. Арстан жаныбарлар менен түзүлгөн келишимдин бузула баштаганын ойлоп турганда, коён акырындык менен ага жакындап калат. Ачууга алдырып, жинденген арстан, коёндун алыстан келгендигин көрөт да, ага жакындап келип: «Пилдердин да быт-чытын чыгарганымды билесиң, алардын жанында сага окшогон коёндор эмне болуп калыптар?!» - деп үнүнүн барынча кыйкырат. Коён болсо арстанга жалынып, кечирүүсүн суранат да кечиккендигинин себебин айта баштайт: - Улуу урматтуу мырзам, жолго эрте менен чыккан элем. Өзүм эле эмес, жаныма дагы бир коёнду алып шашылып келе жатканбыз. Бир убакта жолдо башка бир арстан бизге кол салды. Жалынып-жалбардым, бизге тийбе, биз деген падышалардын падышасынын кулдары болобуз – дедим. Ал болсо: «Ким экен ал?! Азыр сени да, аны да майдалап салам» - деди. Мен болсо: «Уруксат бериңиз, акыркы жолу падышамдын жүзүн көрөйүн да, сиз жөнүндө ага да айтайын» - дедим. Ал: «Досуңду күрөөгө таштап кетсең гана сага уруксат берем деп айтты. Канчалык жалынып-жалбарганымдын пайдасы болбоду, досумду алып калып, мени жалгыз жөнөттү. Байкуш досум, мага караганда сулуу да, чоңураак да, семизирээк да болчу» деп кошумчалады. Айтылгандарга ачууланган арстан: «Эгерде айткандарың чын болсо алдыма түшүп, мени ага алып баргын. Анын жазасын берейин. Эгерде сен жалган сүйлөсөң, сенин жазаңды берейин» деп айтты.

Коён болсо курган тузагына арстанды түшүрүү максатында, алдыда кубанып кетип жатат. Ошентип олтуруп алар терең бир кудуктун башына келишет. Коён: - «Урматтуум, алар экөө тең ушул жерде» - деп кудуктун ичин көрсөтөт. Кудукка жакын келген арстан, коёндун аркага кетенчиктегенин көрүп: - Эмне үчүн бутуңду артка тарттың, кылчактабай алдыга түш – деп айтты. Анда коён: - Коркконумдан титиреп жатканымды көрбөй турасызбы? Колум, бутум өзүмө ээ болбой, жүрөгүм да түшүп калды – деп жооп берет. Арстан болсо коёнго кудукка көз салуусун жана ал арстандын ал жерде бар же жок экендигин билүүсүн буюрат. Коён: - Мени коюнуңа алсаң гана карай алам – деп айтты. Арстан коёнду көтөрүп, кудукка кароо үчүн ийилгенде, ал жерден бир арстан менен семиз коёнду көрөт. Душманын суудан көргөн арстан коёнду ыргытып жиберип, кудукка бой таштайт. Арстанды тузакка илиндирип, андан кутулган коён аябай сүйүнүп дароо досторунун жанына кайтып, аларга бул жаңылыкты жеткирет. Бардык жаныбарлар кубанычы койнуна батпай сүйүнүп, коёнду куттукташат жана жандарын аман алып калгандыгы үчүн ага ыраазычылык билдиришет.

1. Арстан менен коен сыяктуу адамдар турмушта кездешеби?

2. Коен чындап эле амалдуубу же акылдуубу?

3. Арстан сыяктуу алкымынын айынан өзүн курмандыкка чалган адамдар жөнүндө эмне айта аласыӊар?











































Төмөндөгүдөй темалардан бирөөнү тандап эссе жазгыла:

➢ "Ачуу душман - акыл дос";

➢ "Бирөөгө жамандык жасасаӊ өзүӊө кайтат";

➢ "Асманга түкүрсөӊ, бетиӊе чачырайт".


Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!