СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Тайлак баатыр (6-класс)

Нажмите, чтобы узнать подробности

Тайлак баатыр (6-класс)

Просмотр содержимого документа
«Тайлак баатыр (6-класс)»

Тайлак баатыр  XIX кылымдын башындагы кыргыз элинин атактуу баатырларынын башкы сабында Ак-Талаа аймагынан чыккан Рыскул уулу Тайлак баатыр турат. Бул тарыхый инсандын эрдиги, кеменгерлиги, алпейим берешендиги, намыскөйлүгү, кайраттуулугу азыркыга чейин айтылып келет.

Тайлак баатыр

  • XIX кылымдын башындагы кыргыз элинин атактуу баатырларынын башкы сабында Ак-Талаа аймагынан чыккан Рыскул уулу Тайлак баатыр турат. Бул тарыхый инсандын эрдиги, кеменгерлиги, алпейим берешендиги, намыскөйлүгү, кайраттуулугу азыркыга чейин айтылып келет.
Тайлак баатыр

Тайлак баатыр

Кыргыздардын көз карандысыздыгы үчүн күрөшкөн.   Тайлак Рыскул уулу азыркы Ак-Талаа жана Тогуз-Торо райондорунун чегинде, Куртка деп аталган аймакта туулуп-жашап өткөн кыргыз элинин баатырларынын бири. Аны болжол менен 1796-жылдары жарыкка келип,1838-жылдары каза болгон деп айтып келишет. XIX кылымдын биринчи жарымындагы кыргыз элинин көз карандысыздык үчүн болгон кыймылынын ири ѳкүлү.

Кыргыздардын көз карандысыздыгы үчүн күрөшкөн.

  •   Тайлак Рыскул уулу азыркы Ак-Талаа жана Тогуз-Торо райондорунун чегинде, Куртка деп аталган аймакта туулуп-жашап өткөн кыргыз элинин баатырларынын бири. Аны болжол менен 1796-жылдары жарыкка келип,1838-жылдары каза болгон деп айтып келишет. XIX кылымдын биринчи жарымындагы кыргыз элинин көз карандысыздык үчүн болгон кыймылынын ири ѳкүлү.
Жыйырма жылдык милдет .  Жыйырма жылга чукул аскердик жана баатырдык, башчылык турмушунда борбордук Тянь-Шанды жердеп турган кыргыздарды сырткы душмандардын басып алуусунан коргоп келген. Ал кездери ички ыйкы-тыйкы мамилелерден сырткары сырттагы коркунуч — Кокон хандыгы жана Цинь мамлекети бейпил турмуш менен эркиндикти колдон талашып турган.

Жыйырма жылдык милдет

  • .  Жыйырма жылга чукул аскердик жана баатырдык, башчылык турмушунда борбордук Тянь-Шанды жердеп турган кыргыздарды сырткы душмандардын басып алуусунан коргоп келген. Ал кездери ички ыйкы-тыйкы мамилелерден сырткары сырттагы коркунуч — Кокон хандыгы жана Цинь мамлекети бейпил турмуш менен эркиндикти колдон талашып турган.
Кокон хандыгына жай бербеген Тайлак Кокон хандыгы Тянь-Шань аймагындагы кыргыздарды кыңк дедирбей кармап туруу үчүн Ак-Талаанын Куртка өрөөнүнө сепил куруп, миңден ашык сарбаздын күчү менен элди эзип турган. Нарындыктар Кокондун эзүүсүнө каршы биринчи күрөшүн 1832-жылы Тайлак жана бир тууганы Атантайдын жетекчилиги менен жасайт. Бирок ал ийгиликсиз аяктайт. Тайлак кайрадан кол курап, Курткадагы сарбаздарга тынчтык бербей, эркин көнгөн эл ордого баш ийген эмес. Кокон хандыгынан Мадали хан жай бербеген Тайлакты туткундоо үчүн Арап башында турган аскер жиберип, чоң салгылаш Бычан жайлоосунда болгон. Кокондуктар 400дөн ашык сарбазынан ажырап, Тайлак баатыр белде кууп жетип, жекеме-жеке сайышта Арапты өлтүргөн. Ошондон бул күнгө чейин ал

Кокон хандыгына жай бербеген Тайлак

  • Кокон хандыгы Тянь-Шань аймагындагы кыргыздарды кыңк дедирбей кармап туруу үчүн Ак-Талаанын Куртка өрөөнүнө сепил куруп, миңден ашык сарбаздын күчү менен элди эзип турган. Нарындыктар Кокондун эзүүсүнө каршы биринчи күрөшүн 1832-жылы Тайлак жана бир тууганы Атантайдын жетекчилиги менен жасайт. Бирок ал ийгиликсиз аяктайт. Тайлак кайрадан кол курап, Курткадагы сарбаздарга тынчтык бербей, эркин көнгөн эл ордого баш ийген эмес. Кокон хандыгынан Мадали хан жай бербеген Тайлакты туткундоо үчүн Арап башында турган аскер жиберип, чоң салгылаш Бычан жайлоосунда болгон. Кокондуктар 400дөн ашык сарбазынан ажырап, Тайлак баатыр белде кууп жетип, жекеме-жеке сайышта Арапты өлтүргөн. Ошондон бул күнгө чейин ал "Арап өлгөн жер" деп аталып калган.
7 миң аскердин

7 миң аскердин "желин" чыгарган

  • .  Тайлак баатыр эр жүрөк кыраакы кол башчы катары өзүн көп кыйчалыш кырдаалдарда жогорку адамдык сапаттарга эгедер экендигин көрсөтө алган. 1825-жылы күз мезгилинде бейкут жаткан кыргыз айылдарына кыргын салган манжур-цын баскынчылардын Байан Бату генерал баштаган 7 миң аскерден турган кошуунунун мизин кайтарган. Ак-Талаанын Кароо капчыгайындагы бул салгылаш кыргыз жоокерлерине даңк алып келген. Бул туурасында тарыхчы Дөөлөтбек Сапаралиевдин жазганы бар. Бирок бир катар булактарда аскерлердин саны 500 деген маалыматтар да айтылып келет.
Жүрөктү өрттөгөн өлүм .  1838-жылы 42 жашында Кокон хандыгынын тыңчылары тарабынан жиберилген дервиш кейиптүү тыңчынын уусунан көз жумган. Баатыр жан таслим болгондон кийин Нарын өрөөнүндөгү тоолук кыргыздар кайрадан Кокон хандыгына баш ийүүгө аргасыз болгон.    

Жүрөктү өрттөгөн өлүм

  • .  1838-жылы 42 жашында Кокон хандыгынын тыңчылары тарабынан жиберилген дервиш кейиптүү тыңчынын уусунан көз жумган. Баатыр жан таслим болгондон кийин Нарын өрөөнүндөгү тоолук кыргыздар кайрадан Кокон хандыгына баш ийүүгө аргасыз болгон.
  •  
  •  


Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!