СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Сынчыл ойломду кантип өнүктүрөбүз?

Категория: Всем учителям

Нажмите, чтобы узнать подробности

Сынчыл ойлом стратегиясы боюнча көптөгөн ой-пикирлер айтылып келет. Сынчыл ойломду кантип үстүрөбүз? деген суроо ар бир мугалимдин күндөлүк сабагына даярдануу учурунда пайда болуучу көйгөйлөрдүн бири болуп саналат. 

Просмотр содержимого документа
«Сынчыл ойломду кантип өнүктүрөбүз?»

ОКУУ ЖАНА ЖАЗУУ АРКЫЛУУ СЫНЧЫЛ ОЙЛОМДУ КАНТИП ӨНҮКТҮРӨБҮЗ?    Мааткеримов Зайналобидин Жеенбекович  2020-ж.

ОКУУ ЖАНА ЖАЗУУ АРКЫЛУУ СЫНЧЫЛ ОЙЛОМДУ КАНТИП ӨНҮКТҮРӨБҮЗ?

Мааткеримов

Зайналобидин

Жеенбекович

2020-ж.

Сынчыл ойлом деген эмне? “ Сынчыл ойлом” же орусча “Критическое мышление” деген термин англис тилинен алынган. Англис тилинин “ Critical thinking”  деген сөзүнөн биринчи орусчага, андан соң орусчадан кыргызчага “Сынчыл ойлом” деп которулган .

Сынчыл ойлом деген эмне?

Сынчыл ойлом” же орусча “Критическое мышление” деген термин англис тилинен алынган. Англис тилинин Critical thinking” деген сөзүнөн биринчи орусчага, андан соң орусчадан кыргызчага “Сынчыл ойлом” деп которулган .

« ОКУУ ЖАНА ЖАЗУУ АРКЫЛУУ СЫНЧЫЛ ОЙЛОМДУ ӨНҮКТҮРҮҮ» ПРОГРАММАСЫ КАЧАН ЖАНА КИМ ТАРАБЫНАН ТҮЗҮЛГӨН?  1996- жылы Америкалык педагогдор Чарльз Темпл, Джин Стил жана Крут Мередис тарабынан түзүлгөн.  Ал эми Кыргызстанда бул программа 1997-жылдан баштап колдонулуп келе жатат. Бул программаны бизге эл аралык “Сорос - Кыргызстан” фондунун волонтёрлору  сунуштап,  семинарларды өтүп  башташкан.

« ОКУУ ЖАНА ЖАЗУУ АРКЫЛУУ СЫНЧЫЛ ОЙЛОМДУ ӨНҮКТҮРҮҮ» ПРОГРАММАСЫ КАЧАН ЖАНА КИМ ТАРАБЫНАН ТҮЗҮЛГӨН?

  • 1996- жылы Америкалык педагогдор Чарльз Темпл, Джин Стил жана Крут Мередис тарабынан түзүлгөн.

  • Ал эми Кыргызстанда бул программа 1997-жылдан баштап колдонулуп келе жатат. Бул программаны бизге эл аралык “Сорос - Кыргызстан” фондунун волонтёрлору

сунуштап,

семинарларды өтүп

башташкан.

Сынчыл ойломдун 6 көндүмү Сураштырып билүү көндүмү; Маалыматты иштетүү көндүмү; Далилдөө көндүмү; Баалоо көндүмү; Тапшырмаларды аткаруу көндүмү; Чыгармачыл ойлонуу көндүмү.

Сынчыл ойломдун 6 көндүмү

  • Сураштырып билүү көндүмү;
  • Маалыматты иштетүү көндүмү;
  • Далилдөө көндүмү;
  • Баалоо көндүмү;
  • Тапшырмаларды аткаруу көндүмү;
  • Чыгармачыл ойлонуу көндүмү.

Америкалык педагог Уильям Глассер төмөнкү окутуу пирамидасына көңүл бурган 5% 10% 20% 30% 50% 75% 90%  Лекция ( мугалимдин монологу) Окуу (өз алдынча) Аудио-видео окутуу Көргөзмө (демонстрация) Дискуссия (талкуу) тайпасы (аз тайпада талкуулоо) Ишмердүүлүк процессиндеги практика . Башкаларды окутуу ( окуучулар башкаларды окутушат)

Америкалык педагог Уильям Глассер төмөнкү окутуу пирамидасына көңүл бурган

  • 5%
  • 10%
  • 20%
  • 30%
  • 50%
  • 75%
  • 90%

Лекция ( мугалимдин монологу)

Окуу

(өз алдынча)

Аудио-видео окутуу

Көргөзмө (демонстрация)

Дискуссия (талкуу) тайпасы

(аз тайпада талкуулоо)

Ишмердүүлүк процессиндеги практика .

Башкаларды окутуу ( окуучулар башкаларды окутушат)

Бенджамен Блумдун таксономиясы  Баалоо  Синтез Анализ Колдонуу Түшүнүү Билүү

Бенджамен Блумдун таксономиясы

Баалоо

Синтез

Анализ

Колдонуу

Түшүнүү

Билүү

 Б.Блум боюнча ой жүгүртүүнүн жөндөмдөр системасы

Б.Блум боюнча ой жүгүртүүнүн жөндөмдөр системасы

Суроо берүү маданияты

“ Сынчыл ойломду өнүктүрүү” программасында эң негизги талап – бул суроону туура тандоо болуп саналат. Суроо демекчи суроонун 2 түрү бар: жабык жана ачык. Жабык формада суроо берсек, анда окуучу кыскача гана жооп бериши мүмкүн. Ал эми ачык суроо берсек, анда окуучу өз оюн ачык айтып, бардык оюн айта алат. Мисалы кагазга суроо жазып (жабык) суроо берсек, анда ошол суроонун тегерегинде гана кыскача жооп берет. Ал эми оозеки (ачык) суроо берсек, анда окуучу майда деталдарынан бери жооп берет,

Америкалык психолог, педагог Бенджамин Блум –суроолордун ромашкасын түзгөн. Суроонун 6 түрү бар.

  • жөнөкөй суроо :
  • аныктагыч суроо : көбүнчө төмөнкү сүйлөмдөр менен башталат? Демек, сен ...................деп айттың ээ? Мен жаңылып калышым мүмкүн, бирок менимче сиз.......деп айттыңыз? Мындай суроо берүүнүн максаты адамдын жаңы эле айткан жообуна кайтарым байланышууга мүмкүнчүлүк берет. Эң негизгиси суроо бергенде негативдик мимика менен эмес, кашты өйдө көтөрүп, көздү чоң ачып бериш керек.
  • интерпретациялык (түшүндүрмө) суроо: көбүнчө Эмнеге? Эмне үчүн?-деген сөздөр менен башталат.
  • чыгармачыл суроо: “бы” деген орусча же “болгондо” деген сөзү бар суроолор чыгармачыл суроолор болот. Кандай ойлойсуңар? Кантип өзгөрмөк? ж.б
  • баалоочу суроолор: бул суроолор тигил же бул окуя же нерсени баалоо критерийлерине багытталган суроолор. Мунун өзгөчөлүгү эмнеде? Бул сабак тигил сабактан эмнеси менен айырмаланат? ж.б
  • практикалык суроолор: бул суроолор теория менен практиканын өз-ара байланышына багытталган суроолор. Каармандын ордунда сиз эмне кылмаксыз? Муну кайсы жерден кезиктирсе болот?
Сынчыл ойломду өнүктүрүүдөгү жазуу жана окуу программасында стратегиялар 4  чоң багытка бөлүнөт:  Маалымат менен иштөө . Инсерт, БББ, эки бөлүктүү күндөлүк, башкарып окутуу, божомол схемасы, адашкан логикалык чынжырчалар, авторго суроо, адабий ийрим, алдыга жылган лексия, тасма үстүндө иштөө Графикалык организатор (уюштургуч) – Венндин диаграммасы, концептуалдык таблица, кластер, концепциялар картасы,  зигзаг, жуп менен окуп жалпылоо, калем столдун үстүндө, ротация методу, Дискуссия – биргелешип издөө, менден кийин акыркы сөзүңүздү калтырыңыз, кайчылаш дискуссия, бурчтар Жазуу , - РАФТ, аналитикалык сезим, аргументтик эссе, куб, синквейн, 5-10-мүнөттүк эсселер, автордук кресло

Сынчыл ойломду өнүктүрүүдөгү жазуу жана окуу программасында стратегиялар 4 чоң багытка бөлүнөт:

  • Маалымат менен иштөө . Инсерт, БББ, эки бөлүктүү күндөлүк, башкарып окутуу, божомол схемасы, адашкан логикалык чынжырчалар, авторго суроо, адабий ийрим, алдыга жылган лексия, тасма үстүндө иштөө
  • Графикалык организатор (уюштургуч) Венндин диаграммасы, концептуалдык таблица, кластер, концепциялар картасы,
  • зигзаг, жуп менен окуп жалпылоо, калем столдун үстүндө, ротация методу,
  • Дискуссия биргелешип издөө, менден кийин акыркы сөзүңүздү калтырыңыз, кайчылаш дискуссия, бурчтар
  • Жазуу , - РАФТ, аналитикалык сезим, аргументтик эссе, куб, синквейн, 5-10-мүнөттүк эсселер, автордук кресло
  ИНСЕРТ  Окуучуларга окуу процессинде өзү түшүнгөндөрүн өздөрү сезип, туя билүүгө мүмкүнчүлүк берип, мурдагы алган билимдерин эске түшүрүү үчүн колдонулат. Өткөрүүнүн тартиби төмөндөгүдөй:  мугалим окуучуларга теманы айтат, алар өз ара жуптарда бул тема жөнүндө эмне билгендери болсо жазышат. Анан текст берилет. Текстти окуп билгендери текстте бар болсо же карама каршы ой пайда болсо, же такыр түшүнүксүз болсо белги коюп кетишет да, эң аягында доскага чыгып талкуулашат. Белгилер төмөндөгүдөй болуп тексттин талаасына коюлат : “ V” – билем “ +” – жаңы билдим “  ” – окугандарым билгендериме карама-каршы “ ?” – түшүнгөн жокмун

ИНСЕРТ

  • Окуучуларга окуу процессинде өзү түшүнгөндөрүн өздөрү сезип, туя билүүгө мүмкүнчүлүк берип, мурдагы алган билимдерин эске түшүрүү үчүн колдонулат. Өткөрүүнүн тартиби төмөндөгүдөй:
  • мугалим окуучуларга теманы айтат, алар өз ара жуптарда бул тема жөнүндө эмне билгендери болсо жазышат. Анан текст берилет. Текстти окуп билгендери текстте бар болсо же карама каршы ой пайда болсо, же такыр түшүнүксүз болсо белги коюп кетишет да, эң аягында доскага чыгып талкуулашат. Белгилер төмөндөгүдөй болуп тексттин талаасына коюлат :

V” –

билем

+” – жаңы билдим

” – окугандарым билгендериме карама-каршы

?” – түшүнгөн жокмун

БИЛЕМ / БИЛГИМ КЕЛЕТ / БИЛДИМ   БУЛ СТРАТЕГИЯ ТАБЛИЦА ТҮЗҮҮ МЕНЕН ИШТЕЛҮҮЧҮ СТРАТЕГИЯ. МУНУ ПЕДАГОГДОР ИЛИМИЙ ТЕКСТТЕРДЕ КӨП КОЛДОНУШАТ.  ТЕКСТ БЕРИЛЕ ЭЛЕКТЕН МУРУН ТЕМАНЫ ЧАКЫРУУ СТАДИЯСЫНДА ТАЛКУУЛАП, АЛ ТУУРАЛУУ ЭМНЕЛЕРДИ БИЛЕ ТУРГАНДЫГЫН 1-ГРАФАГА ЖАЗЫШАТ. АНДАН КИЙИН СУРООЛОРДУ ЖЕ КАНДАЙ МААЛЫМАТТАРЫ ДАГЫ БИЛГИСИ КЕЛЭЭРИН ЖАЗЫШАТ. АНДАН КИЙИН ГАНА ТЕКСТ ОКУЛАТ ЖЕ АР БИР ТАЙПАГА ТАРАТЫЛЫП БЕРИЛЕТ. ТЕКСТ МЕНЕН ТААНЫШКАНДАН КИЙИН ГАНА 3-ГРАФА ТОЛТУРУЛУП, ТАЛКУУЛАНАТ. БИЛЕМ БИЛГИМ КЕЛЕТ 1.......... БИЛДИМ ........... 2.......... ........... 3.......... ...........

БИЛЕМ / БИЛГИМ КЕЛЕТ / БИЛДИМ

  • БУЛ СТРАТЕГИЯ ТАБЛИЦА ТҮЗҮҮ МЕНЕН ИШТЕЛҮҮЧҮ СТРАТЕГИЯ. МУНУ ПЕДАГОГДОР ИЛИМИЙ ТЕКСТТЕРДЕ КӨП КОЛДОНУШАТ.
  • ТЕКСТ БЕРИЛЕ ЭЛЕКТЕН МУРУН ТЕМАНЫ ЧАКЫРУУ СТАДИЯСЫНДА ТАЛКУУЛАП, АЛ ТУУРАЛУУ ЭМНЕЛЕРДИ БИЛЕ ТУРГАНДЫГЫН 1-ГРАФАГА ЖАЗЫШАТ. АНДАН КИЙИН СУРООЛОРДУ ЖЕ КАНДАЙ МААЛЫМАТТАРЫ ДАГЫ БИЛГИСИ КЕЛЭЭРИН ЖАЗЫШАТ. АНДАН КИЙИН ГАНА ТЕКСТ ОКУЛАТ ЖЕ АР БИР ТАЙПАГА ТАРАТЫЛЫП БЕРИЛЕТ. ТЕКСТ МЕНЕН ТААНЫШКАНДАН КИЙИН ГАНА 3-ГРАФА ТОЛТУРУЛУП, ТАЛКУУЛАНАТ.

БИЛЕМ

БИЛГИМ КЕЛЕТ

1..........

БИЛДИМ

...........

2..........

...........

3..........

...........

ЭКИ БӨЛҮКТҮҮ КҮНДӨЛҮК. Эки бөлүктүү күндөлүк – бул, текст менен интерактивдүү иштөө стратегиясы. Мында окуучулардын социалдык-коммуникативдик компетенттүүлүгү калыптанат. Мында окуучулар текст менен таанышып чыгып, бир баракка эки бөлүктөн турган таблица сызып алып 1-сине “цитата” 2-сине “коментарий” деп жазып алышат. Цитатага окуучулар текстен өздөрүнө жаккан, кызыгуу жараткан, таң калтырган, о.э. жан дүйнөсүнө каршылык туудурган же болбосо жан дүйнөсүнө жакын бир цитатаны, фразаны же сөздү жазып алышат. ал эми оң жактагы коментарий деген бөлүгүнө ар бир цитатага коментарий жазышат. Мында балдар бул цитатаны жазууга эмне мажбур кылды, кандай ой-пикирди пайда кылды, ж.б. ой жүгүртүүлөрү керек. Себеби презентация учурунда бул суроолорго жооп берүүгө туура келет. Бир окуучу чыгып 1-цитатаны түшүндүрүп берет. Андан кийин кийинкиси. Ошентип цитаталар бүткұчө ушинтип уланат . ЦИТАТА 1 КОММЕНТАРИЙ 2 1 3 2 4 3 4

ЭКИ БӨЛҮКТҮҮ КҮНДӨЛҮК.

  • Эки бөлүктүү күндөлүк – бул, текст менен интерактивдүү иштөө стратегиясы. Мында окуучулардын социалдык-коммуникативдик компетенттүүлүгү калыптанат.
  • Мында окуучулар текст менен таанышып чыгып, бир баракка эки бөлүктөн турган таблица сызып алып 1-сине “цитата” 2-сине “коментарий” деп жазып алышат.
  • Цитатага окуучулар текстен өздөрүнө жаккан, кызыгуу жараткан, таң калтырган, о.э. жан дүйнөсүнө каршылык туудурган же болбосо жан дүйнөсүнө жакын бир цитатаны, фразаны же сөздү жазып алышат. ал эми оң жактагы коментарий деген бөлүгүнө ар бир цитатага коментарий жазышат. Мында балдар бул цитатаны жазууга эмне мажбур кылды, кандай ой-пикирди пайда кылды, ж.б. ой жүгүртүүлөрү керек. Себеби презентация учурунда бул суроолорго жооп берүүгө туура келет. Бир окуучу чыгып 1-цитатаны түшүндүрүп берет. Андан кийин кийинкиси. Ошентип цитаталар бүткұчө ушинтип уланат .

ЦИТАТА

1

КОММЕНТАРИЙ

2

1

3

2

4

3

4

БАШКАРЫП ОКУТУУ

Текст менен иштөөдө колдонулуучу стратегия .

текстти бөлүк менен окуйбуз да, окулган текстти талкуулап алабыз.

1. Тексттин темасы берилет

1. Тексттин темасы ........... болсо, анда текст эмне жөнүндө болушу мүмкұн? Дептерге өз оюңарды жазгыла. 2-3 мүнөт.

2. Жуп менен же топто идеялар менен бөлүшүү керек.

2. Топтон же жуптардан бирөө чыгып ойлорун айтышат.

3. Текстти 1-бөлүккө чейин окуу

3. Текстти мугалим көрсөткөн жерге чейин гана окуйбйз. Андан ары окуганга болбойт.

4. Тексттин окулуп бүткөн бөлүгүн суроолор аркылуу талкуулоо. (суроону мугалим текстти терең түшүнүүгө, аны анализдеп кыялданууга, жакшы түшүнүүгө ылайыкташтырып түзүшү керек) ушиндай процесс тексттин көлөмүнө жараша улана берет.

4. Кандай ойлойсуңар? Кантип элестетесиңер? Деген ж.б.у.с. суроолорго жооп бериши керек. Андан сырткары бул стратегияны колдонууда “Тексттеги окуя мындан ары кандай болот деп ойлойсуңар ?” деген суроо сөзсүз болушу керек.

5. Эң акырында айтылган ойлорду бириктирип эссе жазуу керек.

5. Ойлонуп 5 же 10 мүнөттүк эссе жазгыла. Бири бириң менен эссеңерди талкуулагыла. Каалоочулар жалпы класска эсселерин окуп беришет.

Божомолдоо схемасы Бүгүн биз “...........” деген түшүнүк кездешкен текст менен таанышабыз. Текст эмне тууралуу болушу мүмкүн кандай ойлойсуңар. 5 мүнөт тексттин мазмуну боюнча өз оюңарды жазгыла деп сабак башталат.  Текст берилет да божомолдоо схемасы түзүп алышат      Тексттин биринчи бөлүгүн окуп, жогорудагы схеманын 3 графасын тең толтурушат.  тексттин окулган бөлүгүн жана толтурулган графаларын талкуулап алышат ( жуптарда, топтордо) Биринчи окуя чындыгында эмне жөнүндө болду? А силер эмне деп божомолдоп жаздыңар? Эми мындан ары эмне болот деп ойлойсуңар? – деген суроолор менен талкуу жүргүзүлөт. Кимде кандай башка ой бар? Кандай окшош далилдерди айта аласыңар? деген суроолорду колдонуп, талкууну жыйынтыктап, тексттин 2-бөлүгүнө өтүшөт.  тексттин көлөмүнө жараша ушундай процесс уланат. Акырында ар бири жалпы текст боюнча 5 мүнөттүк эссе жазышат. Андан кийин жуптарда, анан топто эссе жазып, доскага чыгып айтып берет.  ЧЫНДЫГЫНДА ЭМНЕ ЖӨНҮНДӨ БОЛЧУ АНДАН АРЫ ЭМНЕ БОЛОТ 1. ЭМНЕ ҮЧҮН (ДАЛИЛДЕР) 2. 3.

Божомолдоо схемасы

  • Бүгүн биз “...........” деген түшүнүк кездешкен текст менен таанышабыз. Текст эмне тууралуу болушу мүмкүн кандай ойлойсуңар. 5 мүнөт тексттин мазмуну боюнча өз оюңарды жазгыла деп сабак башталат.
  • Текст берилет да божомолдоо схемасы түзүп алышат

  • Тексттин биринчи бөлүгүн окуп, жогорудагы схеманын 3 графасын тең толтурушат.
  • тексттин окулган бөлүгүн жана толтурулган графаларын талкуулап алышат ( жуптарда, топтордо) Биринчи окуя чындыгында эмне жөнүндө болду? А силер эмне деп божомолдоп жаздыңар? Эми мындан ары эмне болот деп ойлойсуңар? – деген суроолор менен талкуу жүргүзүлөт. Кимде кандай башка ой бар? Кандай окшош далилдерди айта аласыңар? деген суроолорду колдонуп, талкууну жыйынтыктап, тексттин 2-бөлүгүнө өтүшөт.
  • тексттин көлөмүнө жараша ушундай процесс уланат. Акырында ар бири жалпы текст боюнча 5 мүнөттүк эссе жазышат. Андан кийин жуптарда, анан топто эссе жазып, доскага чыгып айтып берет.

ЧЫНДЫГЫНДА ЭМНЕ ЖӨНҮНДӨ БОЛЧУ

АНДАН АРЫ ЭМНЕ БОЛОТ

1.

ЭМНЕ ҮЧҮН (ДАЛИЛДЕР)

2.

3.

АДАШКАН ЛОГИКАЛЫК ЧЫНЖЫРЛАР БУЛ СТРАТЕГИЯ - кобүнчө топто колдонулат. Мугалим бир окуяны, текстти тексттин көлөмүнө жараша беш алты бөлүккө бөлүп жазып, досканын четине коёт. Топко ал барактардагы тексттерди окуп чыгып ирээти менен коюу сунушталат. Окуучулар кезек менен чыгышып чынжырчаны ирээттешет. Качан гана бардыгын ирээтеп бүтүп, окуучулар бир пикирге келгенде мугалим текстти окуйт. Балдарга тексттин ирээтине көңүл коюп угуусун суранат. Анан окуучулар өздөрүнүн каталарын оңдошот (эгерде ката болсо) . Андан кийин жалпы талкуулашат.

АДАШКАН ЛОГИКАЛЫК ЧЫНЖЫРЛАР

БУЛ СТРАТЕГИЯ - кобүнчө топто колдонулат. Мугалим бир окуяны, текстти тексттин көлөмүнө жараша беш алты бөлүккө бөлүп жазып, досканын четине коёт. Топко ал барактардагы тексттерди окуп чыгып ирээти менен коюу сунушталат. Окуучулар кезек менен чыгышып чынжырчаны ирээттешет. Качан гана бардыгын ирээтеп бүтүп, окуучулар бир пикирге келгенде мугалим текстти окуйт. Балдарга тексттин ирээтине көңүл коюп угуусун суранат. Анан окуучулар өздөрүнүн каталарын оңдошот (эгерде ката болсо) . Андан кийин жалпы талкуулашат.

АВТОРГО СУРООЛОР Мээ чабуулун жасайбыз. Суроолор менен тема эмне жөнүндө болоорун талкуулап алабыз. Текстти этап (бөлүк) менен окуйбуз. Биринчи бөлүгүн окуп бүтүп суроолорду түзөбүз. Мында суроолор тексттин авторуна болушу керек. А авторду жаныбызда отурат деп элестетишибиз керек да, авторго ар ким суроолорун даярдашат. Катышуучулардын ар бири автор боло алышат. Автор доскага чыгып балдардын суроолоруна жооп бериши керек.  Ошентип тексттин бардык бөлүгүн ушундай процесс менен окуп талкуулап алабыз.  Кайсы суроого жооп ала албай калдыңар? Жообун кайдан алсак болот деп ойлойсуңар? – деп сабакты жыйынтыктайбыз.

АВТОРГО СУРООЛОР

  • Мээ чабуулун жасайбыз. Суроолор менен тема эмне жөнүндө болоорун талкуулап алабыз.
  • Текстти этап (бөлүк) менен окуйбуз. Биринчи бөлүгүн окуп бүтүп суроолорду түзөбүз. Мында суроолор тексттин авторуна болушу керек. А авторду жаныбызда отурат деп элестетишибиз керек да, авторго ар ким суроолорун даярдашат. Катышуучулардын ар бири автор боло алышат. Автор доскага чыгып балдардын суроолоруна жооп бериши керек.
  • Ошентип тексттин бардык бөлүгүн ушундай процесс менен окуп талкуулап алабыз.
  • Кайсы суроого жооп ала албай калдыңар? Жообун кайдан алсак болот деп ойлойсуңар? – деп сабакты жыйынтыктайбыз.
АДАБИЙ ТЕГЕРЕКЧЕ.

АДАБИЙ ТЕГЕРЕКЧЕ.

АЛДЫГА ЖЫЛГАН ЛЕКЦИЯ

  • Тема жазылат да, мээ чабуулун жасайбыз. Суроолор коюлуп, талкуу башталат . Кандай ойлойсуңар?.... Өз алдынча, жуптарда анан топтордо идеяларын талкуулашат. Бардык идеяларды чогултуп, идеялардын жалпы тизмесин жазабыз. Ар бирибизде (ар бир жупта, ар бир топто) жалпы идеялардын тизмеси болушу керек.
  • Тексттин биринчи бөлүгүн угабыз же көрөбүз. Андан кийин биринчи суроону кайталайбыз. Текстти угуп жатып идеяларыбыздын тизмесинде бар маалыматты V - белгиси менен белгилейбиз, ал эми туура эмес же калп идеялар болсо аны чийип салабыз. Жаңы идеялар болсо жазып алабыз да, кандайдыр бир күмөн санаган идея болсо ? – деген белги коёбуз.
  • Тема угулуп бүткөндөн кийин жуптарда талкуулайбыз. Кайсы маалымат туура чыкты? Кайсы жаңы маалымат пайда болду? Кайсы туура келбей калды? Жуптарда, анан топтордо талкуулап алабыз да, жалпылоочу эссе жазабыз. Теманын кийинки уктуруусуна өтөбүз. Теманын көлөмүнө жараша процесс уланат.
  • Биз бүгүн ..........деген темада талкуу жүргүздүк. Кандай ойлойсуңар?...... Кыскача эссе жазабыз.
  • Топтордун арасынан каалоочулар эссесин бардык катышуучуларга окуп берет.
ТАСМАНЫН ҮСТҮНДӨ ИШТӨӨ Бул стратегия башка текст же лекция сабактарына караганда окуучуларга кызыгуу жаратат. Көрсөтүүнү коёрдон мурда, бул тасманын темасын жазып, мээ чабуулун жүргүзөбүз. Мисалы: бул тасма эмне же ким жөнүндө? Кандай идеялар камтылган болушу мүмкүн? Андан кийин суроолорду даярдайбыз. Алсак Курманжан Датка жөнүндө кино коё турган болсок, окуучуларды топторго бөлүштүрүп, топтун санына жараша төмөндөгүдөй суроолорду даярдап аларга беребиз.  Курманжан Датка ким болгон?  Кандай эрдиктерди жасаган?  Тасманын кандай тарбиялык мааниси бар? ж.б.у.с. суроолор. Ар бир топко бирден суроо берилет. Тасма көрсөтүлүп бүткөн соң, ар бир топ өздөрүнө берилген суроого жооп жазышат (тасмага таянып жооп жазышат). Жоопторго башка топтон кошумчаласа да болот.  Презентация кызыктуу болуш үчүн суроону туура, так жана жакшы тандай билиш керек.

ТАСМАНЫН ҮСТҮНДӨ ИШТӨӨ

Бул стратегия башка текст же лекция сабактарына караганда окуучуларга кызыгуу жаратат. Көрсөтүүнү коёрдон мурда, бул тасманын темасын жазып, мээ чабуулун жүргүзөбүз. Мисалы: бул тасма эмне же ким жөнүндө? Кандай идеялар камтылган болушу мүмкүн? Андан кийин суроолорду даярдайбыз. Алсак Курманжан Датка жөнүндө кино коё турган болсок, окуучуларды топторго бөлүштүрүп, топтун санына жараша төмөндөгүдөй суроолорду даярдап аларга беребиз.

  • Курманжан Датка ким болгон?
  • Кандай эрдиктерди жасаган?
  • Тасманын кандай тарбиялык мааниси бар? ж.б.у.с. суроолор. Ар бир топко бирден суроо берилет. Тасма көрсөтүлүп бүткөн соң, ар бир топ өздөрүнө берилген суроого жооп жазышат (тасмага таянып жооп жазышат). Жоопторго башка топтон кошумчаласа да болот.

Презентация кызыктуу болуш үчүн суроону туура, так жана жакшы тандай билиш керек.

ВЕННДИН ДИАГРАММАСЫ Венндин диаграммасынын максаты - негизги түшүнүктөрдүн 2 тегерекче салыштыруу айырмачылыктары жазылат, ал эми эки тегерекченин ортосуна окшоштуктар жазылат.   Ь

ВЕННДИН ДИАГРАММАСЫ

Венндин диаграммасынын максаты - негизги түшүнүктөрдүн

2 тегерекче салыштыруу айырмачылыктары жазылат, ал эми эки тегерекченин ортосуна окшоштуктар жазылат.

Ь

КОНЦЕПТУАЛДЫК ТАБЛИЦА.

КОНЦЕПТУАЛДЫК ТАБЛИЦА.

КЛАСТЕР  КЛАСТЕР – англис тилинен «шингил» деп которулат. Түзүлүшү шингилге окшоп бир кырдуу эмес көп кырдуу , ар тараптуу ой-жүгүртүүнүн ыкмасы . Кластерди түзүү – бул маалыматтардын, идеялардын жана суроолордун картасын түзүүнүн жолу, ыкмасы. Кластерди түзүү когнитивдик (таанып-билүүчүлүк) изилдөөгө негизделген.  Кластерди түзүү – бул, идеяларды кандайдыр бир тартипте жайгащтырууга чейин, сизге аларды табууга жана иштеп чыгууга, түзүүгө же бузууга жардам берет,  Кластерди түзүү – бул, кандайдыр бир фактордун айланасында ой-пикирлерди чогултуучу технология.  Кластерди түзүү - бул, башкалардын иш тажрыйбасын пайдалануу жана ага форма берүүнүн техникасы  Жалпысынан бул изилдөө процесси.

КЛАСТЕР

  • КЛАСТЕР – англис тилинен «шингил» деп которулат. Түзүлүшү шингилге окшоп бир кырдуу эмес көп кырдуу , ар тараптуу ой-жүгүртүүнүн ыкмасы .
  • Кластерди түзүү – бул маалыматтардын, идеялардын жана суроолордун картасын түзүүнүн жолу, ыкмасы. Кластерди түзүү когнитивдик (таанып-билүүчүлүк) изилдөөгө негизделген.
  • Кластерди түзүү – бул, идеяларды кандайдыр бир тартипте жайгащтырууга чейин, сизге аларды табууга жана иштеп чыгууга, түзүүгө же бузууга жардам берет,
  • Кластерди түзүү – бул, кандайдыр бир фактордун айланасында ой-пикирлерди чогултуучу технология.
  • Кластерди түзүү - бул, башкалардын иш тажрыйбасын пайдалануу жана ага форма берүүнүн техникасы
  • Жалпысынан бул изилдөө процесси.
КОНЦЕПЦИЯЛАРДЫН КАРТАСЫ

КОНЦЕПЦИЯЛАРДЫН КАРТАСЫ

 БИРГЕЛЕШИП ИЗДӨӨ

БИРГЕЛЕШИП ИЗДӨӨ

 менден кийин акыркы сөздү калтырыңыз

менден кийин акыркы сөздү калтырыңыз

КАЙЧЫЛАШ ТАЛКУУЛАР

КАЙЧЫЛАШ ТАЛКУУЛАР

БУРЧТАР

БУРЧТАР

ИЙРИ-БУЙРУ ЖЕ ЗИГ-ЗАГ

ИЙРИ-БУЙРУ ЖЕ ЗИГ-ЗАГ

Угат Окуйт ЖУП МЕНЕН ОКУП ЖАЛПЫЛОО   Сабактын жүрүшү  Мээ чабуулу үчүн темага байланыштуу суроолорду берип 5 мүнөт талкуу жүргүзүлөт.  Балдарды жуптарга бөлүштүрөбүз. Текстти көлөмүнө жараша 2 же 4 бөлүккө бөлөбүз да, ар бир жупка таркатып беребиз.  1-окуучу тексттин 1-бөлүгүн окуп, аны 2-окуучуга айтып берет да, ал эми 2-окуучу 2-бөлүгүн окуп 1-окуучуга айтып берет.  Ар бир топ берилген тексти боюнча презентацияга даярданышат. Кааласа сүрөт, кааласа синквейн же кластер түзүп, темасын жактоого даярдык көрүшөт.  Биринчи тексттин 1-бөлүгүн жакташат. Баары жактап бүткөн соң гана кийинки бөлүктөргө өтүшөт.  Мында башка жуптан презентацияга чыккан катышуучуга суроолорду беришсе болот.

Угат

Окуйт

ЖУП МЕНЕН ОКУП ЖАЛПЫЛОО

Сабактын жүрүшү

  • Мээ чабуулу үчүн темага байланыштуу суроолорду берип 5 мүнөт талкуу жүргүзүлөт.
  • Балдарды жуптарга бөлүштүрөбүз. Текстти көлөмүнө жараша 2 же 4 бөлүккө бөлөбүз да, ар бир жупка таркатып беребиз.
  • 1-окуучу тексттин 1-бөлүгүн окуп, аны 2-окуучуга айтып берет да, ал эми 2-окуучу 2-бөлүгүн окуп 1-окуучуга айтып берет.
  • Ар бир топ берилген тексти боюнча презентацияга даярданышат. Кааласа сүрөт, кааласа синквейн же кластер түзүп, темасын жактоого даярдык көрүшөт.
  • Биринчи тексттин 1-бөлүгүн жакташат. Баары жактап бүткөн соң гана кийинки бөлүктөргө өтүшөт.
  • Мында башка жуптан презентацияга чыккан катышуучуга суроолорду беришсе болот.
РУЧКА CТОЛДУН ҮСТҮНДӨ  тема берилет. Окуучулар топ топко бөлүнүшүп тегерете отурушат жана темага байланыштуу идеяларын талкуулай башташат. Сааттын жебесинин багыты боюнча ар бир катышуучу өз идеяларын айтышат.    Сүйлөп жаткан катышуучу ручканы столдун үстүнө коюп, өз оюн айтат. Ошентип кезек менен талкуу уланат. Сүйлөп бүткөн катышуучу башкалар ручкаларын коюп ойлорун айтып бүтмөйүнчө экинчи ирет талкууга катыша албайт. Топтун арасынан бир киши катчы болот да бардык идеяларды топтоштурат. Мугалим каалаган учурда, каалаган топко барып “Бул ручка кандай идеяны айтты?” деп сурашы мүмкүн. Ошондуктан ар бир катышуучунун айткан идея пикирлерин көңүл коюп угуу талап кылынат. Аягында ар бир тегерек столдун презентациясын угушат. Катчы ойлорду топтоштурат. 6 1 Ручкалар 5 2 4 3

РУЧКА CТОЛДУН ҮСТҮНДӨ

тема берилет. Окуучулар топ топко бөлүнүшүп тегерете отурушат жана темага байланыштуу идеяларын талкуулай башташат. Сааттын жебесинин багыты боюнча ар бир катышуучу өз идеяларын айтышат. Сүйлөп жаткан катышуучу ручканы столдун үстүнө коюп, өз оюн айтат. Ошентип кезек менен талкуу уланат. Сүйлөп бүткөн катышуучу башкалар ручкаларын коюп ойлорун айтып бүтмөйүнчө экинчи ирет талкууга катыша албайт. Топтун арасынан бир киши катчы болот да бардык идеяларды топтоштурат. Мугалим каалаган учурда, каалаган топко барып “Бул ручка кандай идеяны айтты?” деп сурашы мүмкүн. Ошондуктан ар бир катышуучунун айткан идея пикирлерин көңүл коюп угуу талап кылынат. Аягында ар бир тегерек столдун презентациясын угушат.

Катчы ойлорду топтоштурат.

6

1

Ручкалар

5

2

4

3

Сүрөттөө Салыштыруу Ассоциациялоо Анализдөө Колдонуу Ооба же жок деген аргументтерди кийирүү 1   КУБ

Сүрөттөө

Салыштыруу

Ассоциациялоо

Анализдөө

Колдонуу

Ооба же жок деген аргументтерди кийирүү

1

КУБ

Синквейн  Синквейн - француз тилинен которгондо 5 катар (строка) дегенди түшүндүрөт.       1. мугалим   2. билимдүү, үлгүлүү   3. окутат, билим берет, тарбиялайт    4. мугалим-бул мөмөлүү дарак    5. тарбиячы   1 зат атооч сөз 2 сын атооч сөз  3 этиш сөз  4 сөздөн турган фраза  1 синоним сөз

Синквейн

Синквейн - француз тилинен которгондо 5 катар (строка) дегенди түшүндүрөт.

1. мугалим

2. билимдүү, үлгүлүү

3. окутат, билим берет, тарбиялайт

4. мугалим-бул мөмөлүү дарак

5. тарбиячы

  • 1 зат атооч сөз
  • 2 сын атооч сөз
  • 3 этиш сөз
  • 4 сөздөн турган фраза
  • 1 синоним сөз

ТУР ПО ГАЛЕРЕЕ  КӨҢҮЛ БУРГАНЫҢЫЗДАР ҮЧҮН ЫРААЗЫЧЫЛЫК БИЛДИРЕМ!

ТУР ПО ГАЛЕРЕЕ

КӨҢҮЛ БУРГАНЫҢЫЗДАР ҮЧҮН ЫРААЗЫЧЫЛЫК БИЛДИРЕМ!


Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!