СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

"Суунун курамы"

Категория: Химия

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«"Суунун курамы"»

Cуунун курамы, касиеттери.

Сабактын максаты: Суунун курамы. Суунун касиеттери, физикалык, химиялык касиеттери менен таанышат. Жаратылыштагы суулар боюнча маалымат алышат.Суунун химиялык касиетири боюнча лабораториялык иштер аткарышат. Пайда болгон заттарды байкайт.Суунун анализдөө, синтездөө ыкмалары менен таанышат.

Көрсөткүчтөр: Эгерде окуучу затты түзүүчү эӊ майда бөлүкчөнү билишсе, ошол билимди пайдаланып маселе, мисал иштей алышса, газдардын көлөмүн, андагы кармалган бөлүкчөлөрдү эсептеп чыгара алышса. Суунун молекулалык массасны , молдук массасын таба алышса.

С

абакты уюштуруу: 1.Жаӊы теманы кабыл алууга окуучуларды даярдоо.

(чөйрө түзүү)

2.Өтүлгөн темалар боюнча кайталоо, жаны теманы кабыл үчүн көнүгүүлөр менен окуучуларды машыктыруу.Мисалы:

  • Формула деп эмнени түшүнөсүӊөр?

  • Химиялык формула деген эмне?

  • Бул жазуулар эмнени түшүндүрөт?

  • 3Н, 2Н2О, 5О2, 3CuCI2 ,7CI , 3N2 ,5Fe2O3 ,2CuO , H2 ,O.

  • Валенттүүлүк деп эмнени түшүнөсүӊөр?

  • N2O ,SiO2 , Li2O , P2O5 ,CaO, HF ,MgCI2 , FeCIбул заттардын курамындагы элементтердин массалык үлүшүн тапкыла деген суроолор берилет.

3.Эки атом суутек, бир атом кремний, 3 атом кычкылтектен турган заттын формуласын жазгыла.

4.Берилген сүрөттөр боюнча кайсы зат, кандай атомдордон тура тургандыгы боюнча айтып бергиле.


а) б) в) г)

Мугалим окуучу менен бирдикте өтүлгөн темаларды эске түшүрүп жаӊы тема айтылат.

Сабактын жүрүшү:

Суроо: Суу жөнүндө эмне билесиӊер?

  • Суу – түссүз, даамсыз суюк зат,

  • 1

00

да кайнайт,

  • - 0

тоӊот,

  • Mr ( H2O) = 18

  • М(H2O) = 18г/моль



Суроо: Дүйнө жүзүндөгү суулар , суу запастары кандай?

( окуучулар өз алдынча иштешет андан группада талкууланат)

Суроого толук жооп алуу үчүн окуучулар текст менен иштешет.

Текст: Суу суутектин эӊ маанилүү бирикмеси. Суу жаратылышта эӊ кеӊири таралган бирикме.Жаратылышта суунун запасы – деӊиздерде, океандарада 1,4 млрд км3 ал эми муздун запасы 30 млн км3 , көлдөрдөгү, өзөн суулардын запасы 2млн км3. Атмосферада 14 миӊ км3 суу буусу кармалат. Суу бардык жаратылыштагы минералдарда, тоо пародаларында ,топурактын курамында ,жан-жаныбарлардын жана өсүмдүктөрдүн клеткасынын курамына кирет. Мисалы: медузанын денесинин 99,9%, чоӊ кишинин денесинин 60-80% ын суу түзөт. Суу планетада бирдей таралган эмес, суунун негизги бөлүгүн океандар 97,4% ын түзөт. Суу запасынын 0,014% гана адамдарга жетет. Жер бетинде суу жетишпеген эӊ көп райондор бар. Ал эми кээ бир жерлерде адам баласынын туура эмес аракеттериненин натыйжасында суу запастары өзүнүн баалуу сапаттарын жоготкон. Кантсе да эволюциялык теориянын негизинде тиричилик сууда пайда болгон. Суу органикалык дүйнөнүн өрчүшү үчүн негизги жашоо чөйрөсү болуп саналат. Демек , суу запастарын тазалоо жана коргоо зарыл.

Электр тогу менен сууну ажыратканда газдар пайда болот.Эки (2) көлөм суутек , бир (1) көлөм кычкылтек . Нормалдуу шартта 1л суутектин массасы 0,089г болорун билүү менен,бөлүнүп чыгуучу газдардын массалык катышын эсептеп чыгарууга болот.

( 0,089

2) : 1,429 = 1: 8

Суунун молекуласында кычкылтек бир атомдон кем болбошу керек. Ал эми суутектин кычкылтеке болгон эӊ жөнөкөй массалык катышы 1:8 ге барабар болсо, анда суунун молекуласында суутектин эки атому ( м.а.б ) болууга тийиш . Демек суунун формуласы Н2О.

Суунун физикалык касиети.

Жытсыз, даамсыз, түссүз, суюк зат.

100

да кайнайт. ( 101кПа басымда), -0

да тоӊот. Тыгыздыгы ( 4

де) 1г/cм3



абият суусунда дайыма аралашмалар болот. Аны пайдалануу масатында тазалоонун ар түрдүү ыкмаларын колдонулат. Ичиле турган сууда эрибеген кошундулар жана оору пайда кылуучу микроорганизмдер болбоого тийиш.Булар адатта көлмөлөрдө болот. Эгерде ичиле турган сууну көлдөрдөн же дарыялардан алса , анда аны бассейндерде тундурушат, кумдун катмарлары аркылуу сүзөт.Эрибеген заттардан тазалануучу сууну хлор менен, ал эми кээде микрорганизмдерди озон же ультра кызгылт-көк нурлар менен иштетишет.Сууну андагы эриген заттардан тазалоо үчүн буулантып айдоону же дистиляцияны колдонушат. Аптекаларда , химиялык лабораторияларда , автомашинелердин муздаткыч системаларында пайдаланылуучу көп өлчөмдөгү дистирленген сууну буулантып айдоочу кубдарда же электр дистиляторлорунда алышат.

Суу боюнча текст талкууланат.

2- суроо: Табиятттагы сууну кантип тазалоо керек?

( китептеги материалды колдонуу керек)

Кудуктагы суу бир кыйла тереӊдикте жайланышат да микроорганизмдер болбойт.Кудуктагы сууда туздар эриген абалда болот да адамдын организми үчүн пайдалуу.Суу түтүктөрүндөгү суулар суу сактагычтардан же дарыя суулар болот да мындай сууларда микроорганизмдер көп болот. Бул микрорганизмдерди шаарга суу тазалоочу станцияларда тазаланып жиберилет.( 6.6- сүрөт). Суу торчолордон өткөрүлөт, суудагы калкып жүргөн заттардан тазалоо үчүн. Андан кийин бассейнде кум аркылуу өткөрүлөт, бул учурда суудагы эрибеген бөлүкчөлөр кармаалат. Андан майда микрорганизмдерден тазалоо үчүн сууну хлордоо жүргүзүлөт.Андан кийин суу түтүктөрүнө жиберилет.

Аптекаларда дарыларды даярдоодо, химиялык лабораторияларда тазаланган суу колдонулат.Сууну суунун курамындагы эрип жүргөн заттардан тазалоо үчүн буулантып айдоо ыкмасы колдонулат.Сууну кайнаганга чейин ысытып бууландырып , аны кайра муздаткычта суунун буусу конденсацияланып суюктука айланат, колбада таза дистирленген суу алынат.( 6.7- сүрөттө көрсөтүлгөн). Жамгыр суусу да таза жаратылыш суусу болуп саналат.

Суунун химиялык касиети боюнча лабораториялык иштер аткарылат:

  1. Суунун активдүү металлдар менен аракеттениши;

  2. Суунун металлдардын оксиди менен аракеттениши;

  3. Металл эместердин( P,S) оксидин менен аракеттениши ;

Жыйнтыкталат, химиялык реакциянын теӊдемеси жазылат.

  1. суроо: Суунун мааниси кандай ?

Суунун колдонулушу боюнча слайд көрүшөт. Талкууланат.

Сабак жыйынтыкталып, окуучулардын билимдери бааланат.






Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!