СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Суицид жөнүндө ачык тарбиялык сабак

Категория: Внеурочка

Нажмите, чтобы узнать подробности

Адамзаттын өмүрүнө өзүнө берилген белек.

Просмотр содержимого документа
«Суицид жөнүндө ачык тарбиялык сабак»



Жараткан бул дүйнөнү сыноо катары берген экен. Бул кыска сапар кең жана түбөлүктүү жашоого алып барат. Ошондуктан дүйнө жашоосу кыска болгону менен өтө маанилүү. Эң соңку жана натыйжа чыгаруучу сынак болсо - өлүм

Суицид түшүнүгү

Эң оболу айтылчу сөздүн маанисин так жана даана түшүнүп алуу туура болор. Суици́д (лат. sui caedere — өзүн өлтүрүү) – атайын аракет кылуу менен өз жанын кыюу деген маанини берет. Сыртынан караганда адам суицидге өз каалоосу менен жана өзүнүн аракети менен баргандай көрүнөт.

Бардык жан кыюуларды чыныгы жана ашкере суицид (парасуицид же псевдосуицид) деп эки чоң топко бөлсө болот. Ашкере суицид (псевдосуицид) аффект абалында аткарылып, жанын кыюудан мурун бул жагымсыз аракетине коомдун көңүл буруусун каалайт. Муну жапакечтин айлана-чөйрөсүнөн “жардам сураган” чыңырыгы деп түшүнсө да болот. Чыныгы суицид (парасуицид) болсо жакшылап ойлонулган аракет. Анын максаты кандай болбосун жанын кыюу.

Андан сырткары аракечтик, баңгилик, чылым чегүү, оор илдетке кабылганда сакаюуга аракет кылбоо, жол эрежелерин жана коопсуздук эрежелерин сактабоо, спорттун экстремалдуу түрлөрү менен машыгуу сыяктуу дароо жана түздөн-түз өлүмгө алып келбөөчү, бирок ден-соолук менен өмүргө коркунуч туудурган жүрүм-турум да кээ бир окумуштуулар тарабынан жашыруун суицид деп аталган экен.

Коомдун суицидге жакын тайпалары

Жаш жигиттер, кыздар жана өспүрүмдөр улууларга караганда көбүрөөк жан кыйышат. Аялдар өз жанын кыюуга 4 эсе көп аракет кылганы менен, эркектердин аракети аялдарга караганда үч эсе көбүрөөк ишке ашат.

Ал эми Кыргызстан тууралуу айта турган болсок, 2014-жылы 106 бала өз өмүрүнө кол салган. Адистердин айтуусу боюнча Кыргызстанда 40% адам бул илдеттин кырында турат.

Андан сырткары, өлкөбүздө 2019-жылы 8 айдын ичинде 112 окуучу, башкача айтканда, үч күндө бирден окуучу жанын кыйган. Суицидге көбүнчө 6-9-класстын окуучулары барууда.

Суициддин себептери жана алдын алуу жолдору

Жаш балдардын өмүрүн кыюусунун эң негизги себеби “бул улуу муундун, коомдун жана мамлекеттик органдардын кайдыгерлиги, балдарга жетишерлик көңүл бурулбаганы”, - дешет окумуштуулар.

Буга негизги себеп катары мектепте рэкеттик жана абак субмаданиятынын жайылышы, бала тарбиялоонун түркөй аракеттер менен коштолушу, үй-бүлөдө атанын же эненин жоктугу (толук эмес үй-бүлөлөр), суицид чегине келип калган баланын эч кимге кайрыла албашы, мектеп психологдорунун жетишсиздиги жана алардын чылкый материалисттик көз-карашта болушу сыяктуу чиркешкен себептер кирет. Бул себептерге чара катары үйдүн улуулары айрыкча, ата күнүнө балдарына эң кеминде 20 мүнөт убактысын бөлүүсү өтө маанилүү. Балдар үчүн эбегейсиз чоң жана чечилгис болуп көрүнгөн көйгөй чоң адамдын жардамы менен тез эле чечилип, улууларга болгон ишеними менен сүйүүсүн арттырат. Албетте, бул проблемаларды тоготпоо да туура эмес.

Коомдогу жалпы үмүтсүздүк дагы суицидге алып баруучу негизги себептерден болуп саналат. Коомдо жана үй-бүлөдө өкүм сүргөн жалпы депрессивдүү жана агрессивдүү тенденциялар, “биз (биздин мамлекет) эч качан оңолбойбуз”, “булар да болбой калды”, “жалган дүйнөдөн өлүп эле кутулбасаң” сыяктуу сөздөр баладагы жашоого болгон негативдүү көз-караштын калыптанышына алып келет. Бара-бара бала өлүмдү гана туура чечим катары көрө башташы мүмкүн. Ошондуктан тарбия берип жаткан адам Жараткандын табиятка койгон мыйзамдарын жакшы түшүнүшү керек. Мындан сырткары коомдо, мамлекетте жана дүйнө жүзүндө болуп жаткан кубулуш жана тенденциялардын нугунда болуп, баланын курагына, чөйрөсүнө жана интеллектуалдык деңгээлине жараша кеп-кеңештерин бере алышы зарыл. Мектептеги сынактар сыяктуу катаал деп саналган күндөр адам баласынын тагдырында сейрек эле кездешерин, анан калса, алар адамдын мүнөзү курчутуп, акылды курчутарын эскертип туруш керек экенин адистер айтып келишет.

Адистер дагы бир суициддик себеп катары азыркы ата-энелер менен педагогдордун балдарга өтө жогору талап коюусун жана маалыматты “кынтыксыз чагылдыргандыгы” үчүн гана баа алгандыгын белгилешкен. Мындай талап адилетсиз аракеттер менен коштолгондо, тагыраак айтканда, бир балага “көкүрөк күчүк”, башкасына “барынан жогу” катары мамиле кылынганда ого бетер оорлошот. Ушундан улам, биздин министирликтин аталышына бир гана билим берүү эмес, тарбия берүү деген сөз жана маани да кошулуп, мектепте бир гана билим үчүн эмес, тарбия үчүн да баа берүү зарыл.











№89 Б.Абдрахманова атындагы орто мектеби









Тема: СУИЦИД





Тузгон: \\

Б.Мамаева


Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!