СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Стресстен кантип чыгабыз!

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Стресстен кантип чыгабыз!»



“Бекитемин”

Уюштуруучу : КайбылдаевА..

Сабактын темасы:СТРЕСС-адамдын жагдайга дуушар болгону эмес,анын кырдаалдан чыгып кетиши.

Сабактын максаты:

  • Ата-энелер стресс жөнүндө түшүнүккө ээ болушат;

  • Стресске кабылбоонун эрежелерин үйрөнүшөт;

  • Стресстен чыгуунун жолдорун үйрөнүшөт.

  • Сабактын жабдылышы:

Слайддар, проектр ж.б.

  • Сабактын жүрүшү: Уюштуруу,

Бүгүнкү сабактын эрежеси

  • Активдүүлүк ;

  • Чын жүрөктөн жана ачык жооп берүү;

  • «МЕН»-өзүбүздү биринчи орунга коебуз, сезимдерибизге,ойлорубузга көнүл бурабыз!

  • Бүгүн баалоо болбойт, “жылмаябыз”

  • Досторубуздун да оюн сыйлайбыз..

Ата-энелерди активдештирүү.

Орундарыбыз менен алмашабыз”-көнүүгүүсү.

Өткөн теманы кайталоо:

Тема илинет

Сабактын максаты илинет.

1-кадам: Мугалимдин аӊгемеси.

Негизи, стресс көзөмөлгө алына турган болсо, жашоо бир канча жандуу өтөт. Ал эми ашыкча шашкалактык жана стресс түрдүү көйгөйлөрдү жаратат. Бирок бардык иштин ортосу жакшы дегендей, шашкалактыктын да орто даражасы бир ишти аткарууда жардам берет. Иштин өз убактысында бүтүшүнө түрткү болот.

Ойлонуп көрүңүз, бир окуучу бир ишке кенебестик, каалабагандык менен мамиле кылат. Ал эми башка окуучу, аткара турган ишин толкундануу менен, шашылуу менен бүтүргөнгө аракет кылат. Бул окуучулардын кайсынысы ийгиликке жетише алат? Албетте экинчиси. Бул сыяктуу өрнөктөрдү мугалимдик ишимде көп көрдүм.

Сабагын аткаргысы келбеген, ар күнү сабакка кеч калган же болбосо мектепке келгиси келбеген, класстан класска өтүүнү ойлонбогон окуучулардын көрүнүктүү ийгиликтерге жетишкендигин көрбөдүм. Бирок, ишин толкундануу менен, тополоң менен, тездик менен аткаргандардын чоң-чоң ийгиликке жетишкендиктерине күбө болдум.



2-кадам: Мугалим слайд аркылуу теманы түшүндүрөт.

1-слайд.

Текшерип көрүңүз:

Ашыкча стресс абалында жүргөндөрдүн өзгөчөлүгү:

  1. Чечим чыгарууда кыйналышат;

  2. Өздөрүнө эч ким маани бербей койгондой сезилет;

  3. Көндүм адаттарында, өзгөрүүлөр болот;

  4. Ар дайым ачуулуу жүрүшөт. Кек сактоо жана душмандык сезимдерин алып жүрүшөт;

  5. Спирттик ичимдиктерди ичүү жана тамеки чегүү адаттары бар;

  6. Иштерин жаңылыштык менен аткарышат жана ар дайым ийгиликсиздикке учурашат;

  7. Ар дайым терең ойго батып жүрүшөт;

  8. Нормадан ашыкча иштешет;

  9. Сүйлөгөндө кыйналышат;

  10. Өтө деле маанилүү болбогон иштерди ойлонуп ашыкча кыжаалат боло беришет, тескерисинче маанилүү иштерге көңүл коштук менен мамиле кылышат;

  11. Ден соолугуна ашыкча маани беришет;

  12. Жакшы уктай алышпайт;

  13. Өлүм жана жанын кыюу жөнүндө көп сүйлөшөт.

Ар дайым стресс абалында жүргөндөр көп ыйлашат. Ишин коркуу менен аткарышат. Ар дайым жол көрсөтүп туруучу бир адамга муктаж болушат. 2-слайд.

Нормадан ашыкча стресс абалында жүргөн адам күчүнүн аздыгынан, чарчаңкылыгынан жана каалоосуздугунан балдарына, өмүрлүк жарына, досторуна, жакындарына, ишине жакшы мамиле кыла албагандыктан, өзүн-өзү күнөөлөп, көп ыйлайт. Чыдабай балдарына бакырып-кыйкырып алып, кийин өкүнөт.

Уялчаак, тартынчаак жана коомдук жайларда жүзү кызарган, сүйлөөдөн кыйналган, ката кылуу коркунучу менен жашаган адамдар да көп ыйлашат. Бул адамдар депрессия абалына тез түшүшөт. Ашыкча таарынчаак болушат. Сезимдерин сыртка чыгарбай, бардык кайгы-муңдарын ичине сакташкандыктан, жалгыз калганда көп ыйлашат.

Ата-энеси же болбосо чоңдор тарабынан ашыкча сындалган, кордолгон, тоталитардык режимде тарбияланган балдар, сезимдерин ыйлоо менен билдиришет.

Ашыкча ыйлаган адамдарга, стресс абалында жүргөндөргө өзгөчө маани бериш керек, анткени бул чоң көйгөйдү жаратат. 3-слайд. Эскерүү

Стресс абалында көп жүргөн окуучум бар эле. Көңүлүнө жакпаган жана каалабаган окуяларга ыйлоо менен сезимдерин билдирет эле. Кийин дарыланып, жакшы болуп кетти. Стресстен, ашыкча кыжалатчылыктан кутулду.

Муну кандай жеңгендигин сураганымда: «Алгач, стресстен өз алдынча кутула албай тургандыгыма ынанып, дарыланышым керектигин түшүндүм. Сегиз ай бою бир клиникада дарыланып, доктордун айткандарынан чыкпадым. Доктор мени дарылоо менен биргеликте, өз насааттарын да аябады. Айрыкча бекем ишенимдин да, психикага таасир бере тургандыгын айтты. Мен да мурдатан эле Кудайга болгон ишенимим бекем, ибадат кылууга астейдил элем. Бул жаатта көптөгөн китептерди окудум, сабактарга катыштым, адистер менен бекем мамиле куруп алардан керектүү болгон маалыматтарды алдым.

Бул дүйнөдө жолоочу экендигимди, чыныгы үйүм, бара турган жерим акырет экендигин аңдап жеткендигим, мага укмуштуудай күч жана сабыр берди. Айланачөйрөмдөгү болуп жаткан окуяларга сабырдуулук менен мамиле кылууну үйрөндүм. Анткени Кудайга ишенүү жана моюн сунуу, адамга күч-кубат, чыдамдуулук берет экен. Бул оору менен күрөшүүнүн таасирдүү жолу болуп эсептелет», - деп жооп кайтарды.

4-слайд.

Стресске түшпөө үчүн:

  1. Адам, өзүнүн баалуулуктарын, толук аныктап, түшүнүш керек. Мүмкүнчүлүгү жете турган иштерди мойнуна алыш керек. Жете ала турган максат коюшу керек;

  2. Окуяларды туура анализдеп, позитивдүү көз караш менен мамиле кылышыңыз керек. Анткени: «жакшы көрө билген, жакшы ойлонот. Жакшы ойлоно билген да жашоосунан рахат алат»

  3. Адам өзү менен, үй-бүлөсү менен, айлана-чөйрөсүндөгүлөр менен, жалпы эле жашаган дүйнөсү менен жакшы мамиледе болуусу кажет. Өзүнө жана айланачөйрөсүнө душмандык кылган адам, дос таба албайт. Тескерисинче душмандарын пайда кылат;

  4. Тамактанууңузга көңүл буруңуз. Туура эмес тамактануу стерссти көбөйтөт;

  5. Жашоо образыңызды, максатыңыз менен жуурулуштурушуңуз керек. Ойлоруңуз, сөздөрүңүз, жүрүм турумуңуз жана максатыңыз бири бирине төп келиши керек;

  6. Адамдын, дүйнөгө жана айлан-чөйрөсүндөгү адамдарга болгон көз карашы тар болбошу керек. Көз караштын тардыгы адамды стресске түшүрөт;

  7. Каалабаган жана көңүлүңүзгө жакпаган ишти аткарууга мажбур болсоңуз, кечеңдетпеңиз. Тезинен бүтүрүүгө аракет кылыңыз;

  8. Стресстен кутулуу үчүн спирттик ичимдиктерди ичүүдөн жана тамеки тартуудан узак болуңуз;

  9. Уйкуңузду бир тартипке салыңыз;

  10. Китеп окуу, жазуу менен алек болуу, спорттук оюндар менен алек болуу, таза абада сейилдөө, саякатка чыгуу стерсстен чыгууга жардам берет;

  11. Бекем ишеним стресске түшпөөгө жардам берет;

  12. Пайдалуу дем алууну үйрөнүңүз,

  13. Өзүңүзгө убакыт бөлүңүз;

  14. Ар дайым күлүп жүргөнгө аракет кылыңыз;

  15. Ар дайым позитивдүү ойлонгонго аракет кылыңыз.








Бышыктоо: “Алма жана алма курт”Стресске алып келүүчү конфликтен кантип чыгабыз!

Дем алуу" көнүгүүсү “туруп алып”"

Толук дем алыңыз, колуңузду өйдө көтөрүп, алар менен кулагыңызды кармаңыз,демиңизди бир нече секунда кармаңыз. Тез эңкейип, колуңузду эркин салыңыз жана оозуңуз аркылуу абаны чыгарыңыз, «ха» үнүңүздү үн менен эмес, аба басымы менен чыгарыңыз. Андан кийин жай дем алып, колуңузду башыңыздан өйдө көтөрүңүз. Дем алууда аба агымы менен оң сапаттар (күч, бейпилдик, сергектик, ден соолук) кандайча “сортулуп”, дем чыгарууда бардык терс нерселер “берилип” (алсыздык, тынчсыздануу, коркуу, оору) каймана түрдө элестетүү керек.

Көнүгүү: "Жашоо үчүн күчтү кайдан алуу керек"

Максаты: ички ресурстарды актуалдаштыруу, ийкемдүү жүрүм-турумду калыптандыруу. Иштөө убактысы: 15 мүнөт. Стресс кырдаалында биз көп учурда оор кырдаалга туш болобуз жана стресстик кырдаалдан чыгуу үчүн эмне кылууну жана күчтү кайдан алууну билбей калабыз. Бул үчүн, өзүбүздүн ичиндеги жашыруун ресурстарыбызды табуу үчүн көз карашыбызды ичибизге бурушубуз керек. Мен сизге суроону чечүүгө жардам бере турган ыкманы колдонууну сунуштайм: жашоого күчтү кайдан алабыз? Бул сиздин оң сапаттарыңыздын жана ийгиликтериңиздин тизмеси. Катышуучуларга бир баракты үч тилкеге ​​бөлүп, аларды толтуруу сунушталат.

Балаңыздын күчтүү жактарым

Балаңыздын сиз сыймыктанган таланты же жөндөмү.

Балаңыздын жетишкендиктери эң кичинекей болсода









«Жакшы көрө билген, жакшы ойлонот. Жакшы ойлоно билген да жашоосунан рахат алат!»






Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!