СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

STEAM билим берүү багытын программалоо

Категория: Математика

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«STEAM билим берүү багытын программалоо»

"STEAM"  билим берүү багытын  практикалоо

STEAM – билим берүү, бул азыркы замандын, азыркы билим берүү технологиясынын негизги талабы десек жаңылышпайбыз.

Анткени азыркы жаңы технологиялар, маалыматтык океан кылымында билим берүүдөгү технологиялар да түп тамырынан өзгөрүү талабы келип чыкты.

Эмне үчүн биз STEAM багытында билим берүүүнү приоритеттүү деп кабыл алышыбыз керек деген суроого мен: “биз азыр кандай кылымда, кандай технологиялар ачылып жаткан заманда жашап жатабыз?”- деген сурооо менен жооп бергенге аракет кылалы.

Биз кандай заманда жашап жатканыбызды төмөндөгү 4, 5 мисал менен эле далилдесе болот:

Изилдөөчүлөр   миллиард жылдар бою сактоого жөндөмдүү 5 өлчөмдөгү маалыматтарды жазуучу 5D дискти жаратышты . Ал 360 терабайт маалыматты сактай алат жана 1000 градуска чейинки ысыкка туруштук бере алат.

Бостон балдар ооруканасынын окумуштуулары   канга сиңирилүүчү кычкылтек куюлган   микробөлүкчөлөрдү ойлоп табышты. Бул ачылыш адам дем ала албай турган учурларда да жашатууга мүмкүндүк берет.

Биолюминесценттик дарактар . Изилдөөчүлөр тобу айрым медузалардан жана от чымындарынан табылган ферменттин жардамы менен биоллюминесценттик дарактарды жаратууну чечти. Бул дарактар түнкүсүн кадимки шартта көчөлөрдү биожарыктандырууга мүмкүнчүлүк түзөт

Хизер Дьюи-Хагборг деген студент көчөдөгү тамеки калдыктарынан жана сагыздан табылган ДНКдан  аларды колдонгон адамдардын 3D портреттерин жаратат. Ал ДНК тизмектерин үлгүдөгү адамдын имиджин жаратуучу компьютердик программага киргизет. Адатта, бул процессте адамдын 25 жаштагы образы тартылат. Андан кийин модель толук көлөмдүү 3D портреттерде басылып чыгарылат..

ЖИ Шуберттин №8- симфониясын аягына чыгарды.   Шуберттин бүтпөй калган N8 симфониясынын аякташына 120 жылдан ашык убакыт кетти. Симфониянын үчүнчү бөлүгү Huawei Mate 20 Pro флагман смартфонунда колдонулган HiSilicon Kirin 980 микросхемасынын NPU модулунун негизинде жасалма интеллект тарабынан жазылган. Ооба ооба! Салыштырмалуу айтканда - смартфон симфонияны жазды. Ырас, композитор Лукас Кантор натыйжада чыгарманы симфониялык оркестрге ылайыкташтырууга жардам берген.

Мына урматтуу замандашым, караңызчы, бул миңдеген мисалдардын 4,5 и эле. Ушул мисалдарды көрүп туруп, азаркы замандын технологиялары канчалык деңгээлде алдыга өнүккөнүн элестетүүгө болот. Бирок биздин азыркы учурдагы билим берүү системабыз ошол жаңы технологиялар менен иштеп кетүүгө даяр кадрларды чыгара алабы? –деген чоң суроо турат. Тилекке каршы жок.

Биздин мектепти жана ЖОЖ дорду бүтүп жаткан окуучу студенттер эртеңки күнү азыркы учурда жок технологиялар менен иштеши мүмкүн. Ооба бүгүн жок, бирок эртең ачыла турган технологиялар менен иштешет. Анткени техникалык инновациялык прогресс ушунчалык тездик менен өнүгүп жатат. Демек биз ошол өнүгүү деңгээлине туруштук берип, сынчыл ой жүгүртүү менен ошол технологиялык прогресстин шарына кирип кете алган жаштарды тарбиялап чыгаруубуз керек.

Ал эми эски билим берүү системасы менен биз бул маселлелрди эч качан аткара албайбыз. Бизге жаңы билим берүү системасы, жаңы билим берүү технологиясы керек.

Статистикага көз чаптырсак 2012 –жылдан баштап 2019-жылга чейин STEAM багытындагы кесиптерге суроо-талап -17% га ал эми башка кесиптерге болгону-9% га эле өскөнүн көрүүгө болот. Ал эми эксперттердин айтымында 2022-жылдары STEAM багытындагы кесиптерге 9000000 дон ашык вакансия ачылат дешүүдө. Мына өзүңүздөр көргөндөй цифралар өздөрү айтып турат.

Ушул айтылгандардын негизинде биздин “Креатив-Таалим” билим берүү комплексинде кандай алгылыктуу иштер башталганы жөнүндө айта кетели.

Билим берүүнүн кызыктуу методикаларынын үстүндө иштөөнүн негизинде 2019-жылы Гүлнара Мелисовнанын инициативасынын негизинде предметтер аралык байланышты, алардагы темалардын кесилишин бирдиктүү изилдөө максатында  “Билим фестивалы”   деп аталган долбоорду иштеп чыгуу маселеси коюлуп, ал фестивалга ар бир мугалим жана ар бир окуучу тартылган. 

  Билим фестивалынын негизги максаты-бул ар бир окуучунун өзүнүн тандоосу жана кызыгуусу боюнча ошол багыттагы мугалим менен бирдикте изилдөө жүргүзүүсү болуп саналат. Бул фестивалга даярдыкды биринчиден жалпы бир нече теманы(2,3 тема жетиштүү болот, предметтердин спецификациясына жараша) тандап алуу жана ошол темалар боюнча ар бир предмет боюнча изилденүүчү объекттерин тактоо.

Мен жогорку класстардын бир темасына токтолуп кетейин. Биздин комплекс Бишкектеги жалгыз кыргыз тилинде билим берген жеке мектеп комплекс болгондуктан, биз улуттук баалуулуктарга өтө көп көңүл бурабыз. Ошондуктан теманы да Ушул кыргыз элинин жашоо-турмушундагы эң негизги атрибут болгон  “Боз үй”  деген теманы тандап алдык. Эми ушул боз үй темасында ар бир предмет боюнча мугалим жана окуучулардын топтору эмнелерди изилдейт?

Физика:  Боз үйдөгү жылуулуктун сакталышы, конвекция кубулушу кандай жүрөт, Кийиздин салыштырма жылуулук сыйымдуулугун, жылуулук өткөрүмдүүлүгүн, боз үйдүн формасы боюнча аба агымынынын түрлөрүн(ламинардык, турбуленттик) ж.б.

Математика:  Боз үйдүн ичинин аянты(тегеректин аянты), канаттардын саны менен боз үйдүн диаметринин катышы, боз үйдүн бийиктиги, кийизддердин, шырдак, төшөктөрдүн аянты, боз үйдүн көлөмү, боз үйдүн формасы(конус, цилиндир ) ж.б.

Химия:  Боз үйдүн материалдарынын заты, кийиздин түзүлүш курамы, кандай боёктор менен реакцияга кирет ж.б.

Биология:  Боз үйдүн экологиялык тазалыгы, экологияга зыянсыздыгы, адамдын организми үчүн пайдасы ж.б.  Технология:  Боз үйдүн керегелерин, ууктарын, түнүдүктү жасоо технологиясы, кийиздин жасалуу технологиясы, колдонулуучу материалдар ж.б.  Арт:  Боз үйдүн жасалгалары, шырдак, кийиз, төшөктөрдүн оймо чиймелери, анын мааниси, философиясы ж.б

Кыргыз тил жана адабияты:  Боз үйдүн ар бир элементтеринин аталышы, алардын уңгу, мүчөсү, боз үйдүн философиясы, тарбиялык маанилери, макал-лакаптар ж.б.  Тарых:  Боз үйдүн келип чыгуу тарыхы, дүйнөнүн ар кайсы тарыхындагы тарыхый маалыматтар ж.б.

Кыскасы ушул боз үй боюнча өтө чооң изилдөөлөрдү жүргүзүп, окуучуларды кызыктырып, бир учурда аларды кыргыздын тарыхы, маданияты, үрп-адат, салт-санаасы менен тарбиялоого мүмкүнчүлүк түзүлсө, экинчи жагы алардын изилдөөчүлүк жөндөмүн арттырып, креативдүү ой-жүгүртүүгө үйрөтөбүз.

Ал эми 2021-2022-окуу жылына карата STEAM билим берүү багытын кеңири практикалоо негизинде мектептин чегинде

Ал эми 2021-2022-окуу жылына карата STEAM билим берүү багытын кеңири практикалоо негизинде мектептин чегинде "STEAM билим берүү борбору" ишке киргизилип жатат. Атайын концепциясы иштелип чыгып, мугалимдерге тиешелүү темалар жана тапшырмалар берилди. Ошондой эле  STEAM билим берүү багыты боюнча мугалимдерди окутуулар жүрүп жатат.

Албетте бул алгачкы кадамдар, бирок жакынкы келечекте

Албетте бул алгачкы кадамдар, бирок жакынкы келечекте "Креатив-Таалим" билим берүү комплексинин  STEAM билим берүү борбору учурдагы тренддик билим берүү багытында чоң жетишкендиктерди көрсөтө алат деп ишендирип кете алабыз.

Көңүл бурганыңыздарга чоң рахмат!

Көңүл бурганыңыздарга чоң рахмат!

Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!