СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Стандарт адам жана коом

Категория: Право

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Стандарт адам жана коом»








Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү уюмдарынын 5-9-класстар үчүн


«Адам жана коом»

предмети боюнча



ПРЕДМЕТТИК СТАНДАРТ

Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн

2015-жылдын «___»_____________

№ ___________ токтомуна

тиркеме




Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү уюмдарынын

5-9-класстар үчүн «Адам жана коом» предмети боюнча

ПРЕДМЕТТИК СТАНДАРТ




Мазмуну

1 - бөлүм. Жалпы жоболор

1.1. Стандарттын актуалдуулугу

1.2. Документтин статусу жана түзүмү

1.3. Жалпы билим берүүчү уюмдар үчүн негизги ченемдик документтердин системасы

1.4. “Адам жана коом” предметинин базистик окуу планындагы орду

1.5. Негизги түшүнүктөр жана терминдер


2- бөлүм. Предметтин концепциясы

2.1. Окутуунун максаттары менен милдеттери

2.2. Предметтин методологиялык негиздери

2.3. Предметтик компетенттүүлүктөр

2.4. Өзөктүү жана предметтик компетенттүүлүктөрдүн байланышы

2.5. Мазмундук тилкелер. Курстун түзүлүшүнүн логикасы

2.6. Окуу материалын мазмундук тилкелер жана класстар боюнча бөлүштүрүү.

2.7. Предметтин класстар боюнча мазмуну

2.8. Предмет аралык байланыштар.

3- бөлүм. Билим берүүчүлүк натыйжалар жана баалоо

3.1. Класстар боюнча окутуунун күтүлүүчү натыйжалары

3.2. Окуучулардын жетишкендиктерин баалоонун негизги стратегиялары

4 - бөлүм. Билим берүү процессин уюштурууга коюлуучу талаптар

4.1. Ресурстук камсыздоого коюлуучу талаптар

4.2. Жүйөлөөчү окуу чөйрөcүн түзүү








1 - бөлүм. Жалпы жоболор


1.1. Стандарттын актуалдуулугу

Стандарт коомтаануучулук билим берүүнүн максаттарынын жаңы редакциясы болуп эсептелип, инсандын руханий жана жарандык демократиялык калыптануусунда курстун ролун жогорулатууга, курстун практикалык багыттуулугу аркылуу инсандык ориентацияны күчөтүүгө, чыгармачыл дараметти өнүктүрүүгө, окуучулардын социалдык чөйрөдөгү иш-аракеттеринин көндүмдөрүн калыптандыруу жана өнүктүрүүгө багытталган.

Стандартка киргизилген өзгөртүүлөр азыркы Кыргызстандын - демократиялык, парламенттик республиканын – жаңы саясий реалийлерине туура келет. Курстун мазмуну саясий, социалдык, экономикалык, маданий жана экологиялык чөйрөлөрдөгү заманбап глобалдык өзгөрүүлөр менен тенденцияларды чагылдырат. Буга байланыштуу, окутуунун жаңы технологиялары, анын ичинде, символдорду түзүү жана таанып билүү көндүмдөрүн калыптандыруу менен байланышкан технологиялар каралган.

«Адам жана коом» түрдүү коомтаануучулук илимдердин социалдык-гуманитардык билимдеринин бирдиктүү курска интеграцияланган системасы болуп эсептелет. Курста жалпыланган түрдө төмөнкү илимдерге тиешелүү билимдер берилген:

Социология, ал коомдун жашосун жана уюшулушун бүтүн организм катары, адамдардын бири бири менен өз ара мамилесинин системасы катары, ошондой эле социалдык өз ара аракеттенүү процессинде индивиддер менен топтордун ортосунда пайда болуучу себеп-натыйжалык байланыштарды ачып берүү үчүн коомдо адамдардын өз ара аракеттенүсүнүн формалары менен ыкмаларын изилдеп-үйрөнөт.

Социалдык жана философиялык антропология, ал адам табиятынын жана адам болмушунун, адамдын жана адам коомунун проблемаларын (жашоонун маңызы, эркиндик, абийир, мораль, тандоо, чыгармачылык ж.б.), алардын өнүгүү мыйзам ченемдүүлүктөрү менен маданий көп түрдүүлүгүн изилдеп-үйрөнөт.

Психология, ал адамды, анын бейаң-сезимин, аң-сезимин, кулк-мүнөзүн, менталдуулугун, адамдардын өзүнө окшоштор арасындагы жүрүш-турушун түшүнүү үчүн адамдардын социалдык топтордогу бейаң-сезимдүүлүк (жекече жана жамааттык), аң-сезимдүүлүк, социалдык шарттар менен шартталган жүрүш-туруш мыйзам ченемдүүлүктөрүн изилдейт.

Социалдык философия, ал коомду адамдардын ишмердүүлүгүндөгү объективдүү (материалдык) менен субъективдүүнүн (аң-сезимдүү) карым-катышы, байланышынын көз карашынан изилдеп үйрөнөт.

Экономика, бул илим материалдык жыргалчылыктарды өндүрүш процессин (ишмердүүлүк жана мамилелер), бөлүштүрүүнү, алмаштыруу жана керектөөнү талдоого алат. Экономикалык сабаттуулук окуучуларга өздүк жыргалчылыктын жана бүтүндөй коомдун жыргалчылыгынын негизи катары, аларды күндөлүк турмушка ыңгайлаштыруунун механизми катары, ар түрдүү кырдаалдарда жүрүш-туруштун адекваттуу моделдерин тандап алуусу үчүн зарыл болуп эсептелет.

Политология, ал коомдун саясий чөйрөсүн: саясий бийликти, саясий институттарды, мамилелерди, процесстерди, алардын жашоосу менен өнүгүүсүнүн ыкмалары менен формаларын, саясий институттарды башкаруу методдорун, алардын жашоосунун мыйзам ченемдүүлүктөрүн изилдеп-үйрөнөт.

Укуктаануу, бул илим негизги укуктук түшүнүктөр системасын; мамлекетти коомдук-саясий кубулуш катары; укукту коомдук турмуштун социалдык-саясий кубулушу катары; мамлекет менен укуктун ортосундагы өз ара байланышты; укуктун түрдүү тармактарынын негизги түшүнүктөрү менен жоболорун изилдеп-үйрөнүүгө алат. 

Маданияттаануу (Культурология), ал маданият менен маданий процесстин жалпы мыйзам ченемдүүлүктөрүн, адамзаттын материалдык жана руханий маданиятынын эстеликтери менен кубулуштарын, ошондой эле адамдардын маданий кызыкчылыктары менен керектөөлөрүн, маданий баалуулуктарды сактоо, көбөйтүү жана өткөрүп берүүдө адамдардын катышуусун иликтейт. 

Этика, бул илим адамзат тарабынан иштелип чыккан моралдык баалуулуктар, азыркы учурдагы мораль жана адептик жүрүм-турумдун ченемдери, жакшылык жана жамандык, жашоого болгон аң-сезимдүү мамиле тууралуу түшүнүктөрдү берет.

Курста адам жана коом, эконоомика жана саясат, социалдык жана руханий өнүгүү тууралуу берилген жалпыланган билимдер универсалдуу илимий билимдер болуп саналат, ошондуктан коомдо жана мамлекетте бүгүн болуп жаткан, эртең да боло турган көп түрдүү процесстерди таанып билүүнүн инструменти катары кызмат кылат.

“Адам жана коом” мектеп окуучуларына коомдогу жашоонун ченемдери жана эрежелери, коомдук мамилелер жана алардын мыйзам ченемдүүлүктөрү, коомдук өнүгүү процесстери, өз өлкөсүнүн жана өзүнүн эл аралык коомчулуктагы орду тууралуу түшүнүктөрдү берет; жаштар келечекте кез келе турган көйгөйлөрдүн себептери менен маңызын жакшыраак талдап билүүгө, ал көйгөйлөрдү чечүүнүн алгылыктуу ыкмаларын табууну үйрөнүүгө, ошондой эле социумда өзүн алып жүрүүнүн адекваттуу ыкмаларын табууну үйрөнүүгө көмөктөшөт.








1.2. Документтин статусу жана түзүмү


Бул стандарт Кыргыз Республикасынын «Билим берүү жөнүндө» Мыйзамынын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-ж. 21-июлундагы №403 «Кыргыз Республикасында жалпы орто билим берүүнүн Мамлекеттик билим берүү стандартын бекитүү жөнүндө» Токтомунун негизинде иштелип чыгып, «Адам жана коом» предмети боюнча билим берүүнүн мазмунунун мамлекеттик милдеттүү минимумуна жана окуучулар менен бүтүрүүчүлөрдүн даярдык деңгээлине талаптарды белгилейт.

Стандарттын жоболору төмөндө көрсөтүлгөндөр тарабынан милдеттүү түрдө колдонулууга жана сакталууга тийиш:

  • тибине жана түрүнө, менчиктин формасына жана ведомстволук баш ийүүсүнө карабастан, Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүүчү уюмдары;

  • башталгыч жана орто, кесиптик билим берүү уюмдары;

  • педагогикалык жогорку окуу жайлары.

«Адам жана коом» предмети боюнча бул стандарт негизги жана орто жалпы билим берүүнүн базистик окуу планы, жалпы билим берүүчү уюмдун жумушчу окуу планы, негизги жана кошумча жалпы билим берүүчү программалар, окуу китептери жана окуу-методикалык куралдар менен комплексте колдонулат.

«Адам жана коом» предмети боюнча Мамлекеттик стандарт негизги мектептеги (5-9-класстар) билимдин милдеттүү деңгээлин аныктайт.

«Адам жана коом» предмети боюнча мамлекеттик билим берүү стандартынын мазмунунун милдеттүү минимуму бирдиктүү мазмундук тилкелердин натыйжасында, билим берүүнүн бардык баскычтарына карата алганда да, төмөндөгү башка билим берүүчүлүк тармактар менен предметтерге карата алганда да, бүтүн жана ырааттуу улануучу болуп эсептелет:

  • гуманитардык тармакта – тарых, адабият, география, экология, укук ж.б.

  • табигый-математикалык тармакта – табигый-математикалык илимдер тармагындагы ачылыштардын коомдук мааниси, илимдин прогностикалык (болжолдоочу) кызматы, азыркы дүйнөдөгү маалыматташтыруунун ролу ж.б.

«Адам жана коом» предмети боюнча билим берүү мазмунунун милдеттүү минимуму бардык окуучуларга коомтаануучулук негизги теориялык билимдерге ээ болууга эле эмес, жарандык активдүүлүктүн көндүмдөрүн иштеп чыгууга да мүмкүнчүлүк бере алат.


1.3. Жалпы билим берүүчү уюмдар үчүн негизги ченемдик документтердин системасы

  • Кыргыз Республикасынын “Билим берүү жөнүндо” мыйзамы (2013г.)

  • Кыргыз Республикасында жалпы орто билим берүүнүн Мамлекеттик билим берүү стандарты (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-ж. 21-июлундагы № 403 Токтому менен бекитилген)

  • Кыргыз Республикасында полимаданий жана көп тилдүү билим берүүнүн Концепциясы, 2008

  • Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-ж. 23-мартындагы №201 «Кыргыз Республикасындагы билим берүү системасын өнүктүрүүнүн стратегиялык багыттары тууралуу» токтому

  • 2020-ж. чейин Кыргыз Республикасынын мектеп окуучуларын жана окуучу жаштарын тарбиялоонун Концепциясы. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин 2014-ж. 22-июлундагы № 545/1 буйругу менен бекитилген

  • Кыргыз Республикасынын 2013-2017-жылдарда туруктуу өнүгүүсүнүн улуттук Стратегиясы.

  • Кыргыз Республикасынын 2013-2017-жылдарда туруктуу өнүгүүсүнүн улуттук Стратегиясын жүзөгө ашыруу боюнча Өкмөттүн Программасы.

  • Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүүчү уюмдары үчүн базистик окуу планынын долбоору.


1.4. «Адам жана коом» предметинин базистик окуу планындагы орду

«Адам жана коом» окуу предмети катары Кыргыз Республикасында башталгыч, негизги (тогуз жылдык) жана орто (толук) жалпы билим берүүнүн базистик окуу планынын мамлекеттик компонентин түзүүчүлөрдүн бири болуп эсептелет.


1.5. Негизги түшүнүктөр жана терминдер


Адам жана коом” предметинин мазмундук багыттары – мугалимге жана окуучуга окуп-үйрөнүлүүчү предметтин бүтүндүгүн көрүүгө мүмкүнчүлүк берген окутуунун негизги багыттары.

Баа – окуучуда калыптанган компетенттүүлүктүн, Мамлекеттик жана предметтик стандарттарда бекемделген сапаттык аныктоо даражасы.

Баа берүү – окуучунун таанып-билүү ишмердүүлүгүнө, мугалимдин жумушуна көзөмөл жүргүзүү; мектептин, о.э. билим берүүнүн сапатын жакшыртуу максатында маалыматтарды топтоо жана интерпретациялоо.

Белгилөө – баанын сандык билдирилиши.

Интерактивдүү методдор – окуучулардын өз ара ишмредүүлүк жүргүзүүсунө мүмкүнчүлүк берген методдор.

Инсандын активдүүлүгү (лат. тилинен – activus – ишмердүү) – адамдын дүйнөгө болгон ишмердүү мамилеси, адамзаттын коомдук-тарыхый тажрыйбасын өздөштүрүүнүн негизинде коомдогу материалдык жана руханий чөйрөдө ишмердүүлүк жүргүзүү жөндөмдүүлүгү; чыгармачыл ишмердүүлүктө, эрктүүлүктө жана баарлашууда көрүнөт.

Ишмердүүлүк – курчап турган чындык менен активдүү ишмердүүлүк жүргүзүү, мында тирүү жандык субъект катары объектке максаттуу түрдө таасир этет жана ушул жол менен өзүнүн муктаждыктарын канааттандырат. Адамзаттын ишмердүүлүгүнүн негизги түрү болуп эмгек эсептелет. Эмгек – адамзаттын келип чыгуусунда жана материалдык, руханий жактан өнүгүүсүндө негизги ролду ойногон.

Компетенция – окуучунун белгилүү бир кырдаалда (окуу, инсандык, кесиптик) натыйжалуу, майнаптуу иштөөсү үчүн зарыл болгон билим даярдыгына карата алдын ала коюулуучу социалдык талаптар (нормалар, стандарттардын тизмеси).

Компетенттүүлүк – окуучунун белгилүү бир деңгээлде компетенцияга ээ болгондугун аныктаган билим берүүнүн жыйынтыгы.

Окутуунун максаты – окутуунун түпкү жана орто арадык натыйжасы, ага окуучулар негизги жана предметтик компетенттүүлүктүн белгилүү деңгээлинде билдирилген когнитивдик (таанып-билүү), аффективдик (эмоционалдык-баалуулук) жана жүрүм-турумдук чөйрөдө жетишет, аны мугалим өлчөп жана баа бере алат.

Окутуунун технологиясы – билим берүүнүн максаттарына жана натыйжаларына жетишүүгө жана өлчөөгө багытталган окуу процессин уюштуруунун ыкмаларынын жана методдорунун тутуму.

Окутуунун методу – окутуу процессин ишке ашыруунун жолу, билим берүүнүн мазмунун өздөштүрүүнү камсыз ыклган мугалимдин жана окуучунун өз ара байланышкан ишмердүүлүгүнүн ирээттүү системасы.

Окутуунун модели – педагог тарабынан уюштурулган жана ишке ашырылган окутуу процессинин схемалык түрдө чагылдырылышы.

Метод – (гр. тилинен – methodos – изилдөөнүн жолу же таанып-билүү, теория, окутуу) – анык бир милдетти чечүүдө чындыкты практикалык же теориялык жактан өздөштүрүүнүн ыкмаларынын же операцияларынын жыйындысы.

Предметтик компетенттүүлүк – негизги компетенттүүлүккө карата мамиле боюнча жекече компетенттүүлүк, билим берүү натыйжаларынын топтому түрүндө айрым предметтердин материалдары менен аныкталат.

Портфолио (жетишкендиктердин папкасы) – окуучунун мектептеги класстык жана класстан тышкаркы ишмердүүлүктө корсоткон активдүүлүгү жана даярдыгы тууралуу маалыматтарды камтыган жекече жетишкендиктеринин топтому.

Натыйжалар (билим берүүчү) – негизги жана предметтик компетенттүүлүккө ээ болуу деңгээлинде билдирилген билим берүү процессинин белгилүү этабында окуучулардын били алуудагы жетишкендиктеринин топтому.


2 - бөлүм. Предметтин концепциясы


Мектепте окутулган «Адам жана коом» интегративдик предмети – адам, анын коомдогу жана глобалдык дүйнөдөгү орду, адамдардын ортосундагы толеранттуу мамилелер, ошондой эле адамдар менен мамлекеттик жана коомдук институттардын өз ара мамилеси тууралуу практика-ориентацияланган курс.


2.1. Окутуунун максаттары жана милдеттери


Курстун максатыгуманисттик жана демократиялык баалуулуктар менен принциптерге негизделген социалдык, жарандык-укуктук, коомдук-саясий, экономикалык жана социалдык-коммуникативдик компетенттүүлүктөр аркылуу жоопкерчиликтүү, аң-сезимдүү жашоого жана демократиялык укуктук мамлекеттин коомдук турмушунун ар кыл чөйрөлөрүндө өз алдынча ишмердүүлүккө даяр болгон социалдык маанилүү инсандын калыптанышына жана өнүгүүсүнө өбөлгө болуу.

Артыкчылыктар: демократиялык инсан жана жарандуулук, адамдын укуктары жана эркиндиктери, Кыргызстандын элинин көп түрдүүлүгү, полимаданияттуулугу жана биримдиги.

Коомтаануунун милдеттериөспүрүмдө курчап турган дүйнөнүн өзгөрмөлүү шарттарына ыңгайлаша билүүгө мүмкүнчүлүк берүүчү компетенттүүлүктөрдү (билимдерди, түшүнүктөрдү, иш-аракет программаларын, баалуулуктар жана мамилелер системаларын) калыптандыруу:

  • когнитивдик – бүтүрүүчү азыркы коомдогу социалдык-экономикалык, коомдук-саясий жана социомаданий кубулуштардын мыйзам ченемдүүлүктөрүн, анын ичинде ар түрдүү социалдык топтордун ортосундагы карым-катыштардын, ресурстарды башкаруу ыкмаларынын мыйзам ченемдүүлүктөрүн өз алдынча аңдап билет жана түшүндүрөт;

  • иш-аракеттик – жеке, коомдук жана экономикалык турмушта өз позициясын туюндурат жана коргойт, инсан аралык конструктивдүү мамилелерди түзө алат жана адам менен коомдук жана мамлекеттик институттардын ортосундагы өз ара аракеттенүү ченемдерин колдоно алат, укуктук ыкмаларды жана каражаттарды колдонуп коомдогу укук тартибинин сакталышына көмөктөшөт;

  • баалуулук – өзүнүн жүрүм-турумун жана башка адамдардын кылган иштерин улуттук жана жалпы адамзаттык руханий-адептик баалуулуктар жана жүрүш-туруштун белгиленген ченемдери менен салыштырат; социалдык жана экономикалык ишмердүүлүктү туруктуу өнүгүүнүн принциптерине ылайык жүргүзүү зарылдыгын аңдап түшүнөт.


2.2. Предметтин методологиялык негиздери

«Адам жана коом» предмети боюнча жаңы стандарт окутуунун жалпы дидактикалык принциптерине (илимийлүүлүк, ырааттуулук, жеткиликтүүлүк ж.б.) негизделип, ошондой эле коомдун турмушундагы такай өзгөрүүлөрдүн шартында жашаган инсандын өзүнүн муктаждыктарынан келип чыгуучу спецификалык предметтик принциптерди эске алат.

«Адам жана коом» предметинин принциптери:

  • Демократиялуулук, б.а., коомдук тилектештик, адилеттик духун, коом менен конструктивдүү өз ара аракеттенүү билгичтигин, чечимдерди кабыл алуу процессине катышууну тарбиялоо. Принцип мектеп жамаатындагы өз ара сыйлашуу жана ишенүү атмосферасын, окуучулардын өзүн өзү башкаруусун, мектептин ачык-айкындуулугун жана жергиликтүү коомчулук, балдардын, жаштардын жана башка коомдук уюмдар, массалык маалымат каражаттары менен байланышын, социалдык мааниге ээ болгон акцияларга (коомдук, маданий, экологиялык ж.б.) катышуусун караштырат.

  • Активдүүлүк жана өзүн өзү жөнгө салуу, б.а., өз алдынча чечимдерди кабыл алуу көндүмдөрүн өнүктүрүү; сынчыл ой жүгүртүү көндүмдөрүнүн негизинде активдүү жарандык позицияны жана жоопкерчилик сезимин пайда кылуу.

  • Практикалык ишмердүүлүк менен байланыш, б.а., инсандын активдүү турмуштук позиция үчүн зарыл болгон практикалык билгичтиктери менен көндүмдөрүн калыптандыруу (башка адамдар менен социалдык өз ара аракеттенүү көндүмдөрү, ар түрдүү кырдаалдарды өз алдынча талдай алуу жана коомдун укуктук ченемдерине ылайык жооптуу чечимдерди өз алдынча кабыл ала билүү билгичтиги ж.б..).

  • Удаалаштык, үзгүлтүксүздүк, интегративдүүлүк. «Адам жана коом» предмети бир катар этаптар аркылуу жүзөгө ашырылып, алардын ар бири окуу материалынын мазмунунун акырындык менен тереңдешин, кеңейишин, татаалданышын көрсөтөт.

  • Плюрализм, ар түрдүү дүйнөтаанымдык, саясий, диний ж.б. позицияларга, мектептеги жаштардын ар түрдүү коомдук уюмдарынын ишмердүүлүгүнө толеранттуу мамилени жана сый-урматты тарбиялоо; чыр-чатактарды күч колдонбой чечүү көндүмдөрүн сиңирүү.

«Адам жана коом» окуу предметинин мазмунунун негизги компоненти болуп типтүү социалдык кырдаалдарды чагылдырган таанып-билүүчүлүк жана практикалык маселелерди чечүү аркылуу таанып-билүү жана практикалык ишмердүүлүк тажрыйбасы, окуу коммуникациясы, окуу процессиндеги жана социалдык практикадагы долбоордук ишмердүүлүктүн тажрыйбасы эсептелет.

Иштин формалары жана методдору. Иштин таанып-билүүчүлүк жана издөө активдүүлүгүнө түрткү берген, аналитикалык, изилдөөчүлүк жана коммуникативдик көндүмдөрдү, ой жүгүртүүнүн өз алдынчалыгын жана демилгелүүлүгүн өнүктүргөн формалары менен методдоруна артыкчылык берилүүгө тийиш. Ошондуктан салттуу түрдө уюштурулган сабактардан тышкары, долбоорлоо методу боюнча иштөө (жекече же кичи топтордо); тренингдер; ролдук оюндар; мээге чабуулдар; тегерек столдор; изилдөө иштерине, дискуссияга катышуу сыяктуу окутуунун активдүү жана интерактивдүү методдорун колдонуу талапка ылайык. Демократиянын терең түшүнүктөрүн жана принциптерин окуп-үйрөнүүдө окутуунун активдүү жана интерактивдүү методдоруна таянуу менен, маалыматтуу, ойлоно билген, аракет кылууну билген жана каалаган жаранды тарбиялоого болот. Адептик сапаттарды өнүктүрүү үчүн өспүрүмдөрдүн социалдык мааниге ээ болгон иштерге катышуусун демилгелөө жана сыйлап кызыктыруу керек. Окуучулардын өзүн өзү башкаруусу, балдардын коомдук уюмдары лидерлик сапатка ээ болгон окуучулардын күчүн сынап көрүүгө мүмкүндүк берет.


2.3. Предметтик компетенттүүлүктөр

Компетенттүүлүк мамиле коомтаануучулук билим берүүнү уюштурууда жетектөөчү болуп саналат. Коомтаануучулук билим берүүнүн максаттары менен милдеттерине ылайык компетенттүүлүк мамиленин негизинде предметтик үч компетенттүүлүк бөлүнүп көрсөтүлгөн:

  • жарандык-укуктук;

  • коомдук-саясий, экономикалык;

  • социалдык-коммуникативдик.

Жарандык-укуктук:

  • Билимдерди адам укугун коргоо практикасында жана жарандык милдеттерди аткарууда натыйжалуу пайдалануу;

  • Адам укуктарын сыйлоо, маданият аралык толеранттуулук;

  • Өзүнүн жарандык демилгелерин ишке ашыруу;

  • Коомдо тартиптин сакталышына көмөктөшүү;

  • Укуктук чечимдерди өз алдынча кабыл алуу.

Коомдук-саясий. Экономикалык:

  • Өзүнүн жүрүм-турумун конкреттүү турмуштук кырдаалдарга коомдо кабыл алынган эрежелерге жана ченемдерге ылайык ыңгайлаштыруу;

  • Коомдук жана экономикалык турмуштун ар түрдүү кырдаалдарында укуктун, экономикалык максатка ылайыктуулуктун, адептүлүктүн, мораль жана этиканын позицияларынан чечимдерди кабыл алуу.

Социалдык-коммуникативдик:

  • Өзүнүн умтулууларын башка адамдардын жана социалдык топтордун кызыкчылыктары менен салыштыруу, гуманисттик баалуулуктарга болгон позициялардын көп түрдүүлүгүн жана сый-урмат мамилени таануунун негизинде өз көз караштарын цивилизациялуу түрдө коргоо;

  • Теңдик, дискриминациялабоо, расалык, этникалык жана маданий тиешелүүлүгүнө карабастан адамдын кадыр-баркын сыйлоо принциптеринин негизинде ар түрдүү маданияттардын өкүлдөрү менен мамилелешүү жана өз ара аракеттенүүнүн конструктивдүү методдорун пайдалануу;

  • Алган маалымат боюнча сын көз караш менен ой жүгүртүү жөндөмдүлүгү;

  • Жазуу жана оозеки коммуникацияны билүү;

  • Командада иштөөгө жөндөмдүүлүк.

2.4. Өзөктүү жана предметтик компетенттүүлүктөрдүн байланышы

Кыргыз Республикасында орто жалпы билим берүүнүн алкактык Улуттук стандартында өзөктүү катары 3 компетенттүүлүк каралган:

  • маалыматтык,

  • социалдык-коммуникативдик,

  • өзүн өзү уюштуруу жана көйгөйлөрдү чечүү.

“Адам жана коом” предметинде төмөнкү предметтик компетенттүүлүктөр белгиленет:

  • жарандык-укуктук,

  • коомдук-саясий жана экономикалык,

  • социалдык-коммуникативдик.

Предметтик компетенциялар өзөктүү компетенциялар менен тыгыз байланшта болуп, “Адам жана коом” предметинин алкагында алардын мазмунун өнүктүрөт жана тереңдетет.

Маалыматтык компетенттүүлүк – социалдык чөйрө менен өз ара аракеттенүүнүн түрдүү инструменттерин пайдалануу жөндөмдүүлүгү.

1. Чечилип жаткан маселелерге жана орун алган шарттарга тилди, символдор жана тексттерди колдонуу жана ыңгайлаштыруу, б.а., ар түрдүү кырдаалдарда кептик, жазма тилдик билгичтиктерди, символдорду аныктап таанууну, ошондой эле эсептөө билгичтиктери менен моделдөө көндүмдөрүн натыйжалуу пайдалануу.

Компетенттүүлүк коомдо жашоо, ийгиликтүү кесиптик ишмердүүлүк үчүн маанилүү болуп саналат.

2. Чечилип жаткан маселелерге жана орун алган шарттарга билимдерди жана маалыматтарды колдонуу жана ыңгайлаштыруу:

  • эмне белгилүү, ал эми эмне белгисиз экенин түшүнүү жана туюндуруу;

  • маалыматтын керектүү булактарына жетүүгө жолду аныктоо жана табуу;

  • маалыматтын өзүнүн жана анын булактарынын сапатына жана маанилүүлүгүнө баа берүү;

  • билимдерди жана маалыматтарды кайра иштетүү жана түзүмдөштүрүү.

Аталган компетенттүүлүккө ээ болуу мүмкүнчүлүктөрдү тандап алууга жана баалоого, ой-пикирдин жаралышына, чечимдерди кабыл алууга жана жооптуу иш-аракеттерди аткарууга негиз берет.

3. Чечилип жаткан маселелерге жана орун алган шарттарга технологияларды колдонуу жана ыңгайлаштыруу, б.а., заманбап маалымат технологияларын натыйжалуу колдоно билүүгө жөндөмдүүлүк.

Социалдык-коммуникативндик – башка адамдар менен өз ара аракеттенишүү жөндөмдүлүгү.

1. Башка адамдар менен натыйжалуу мамилелерди түзүү:

  • өзүн башка адамдын ордуна коё билүү жана кыраалды анын көз карашынан көрө билүү;

  • эмоцияларды натыйжалуу башкаруу – өзүнүн жана башка адамдардын жүйлөрүн жана эмоциялык абалдарын аңдап-түшүнүү жана түшүндүрүп берүү жөндөмдүүлүгү

Компетенттүүлүк адамдардын (достор, кесиптештер, өнөктөштөр) ортосундагы жылуу мамилелерди камсыз кылып, азыркы күндөгү социалдык-саясий жана экономикалык ишмердүлүктүн милдеттүү талабы болуп саналат.

2. Кызматташуу, командада иштөө:

  • өзүнүн идеяларын айта билүү жана башка адамдардын идеяларын уга билүү;

  • дискуссиянын динамикасын сезе билүү жана регламентти сактоо жөндөмдүүлүгү;

  • сүйлөшүүлөрдү жүргүзө билүү;

  • ар түрдүү пикирлердин болушуна мүмкүндүк берген чечимдерди кабыл алуу жөндөмдүүлүгү.

Компетенттүүлүк адам жамааттын алдында милдеттенмелерин, өзүнүн максаттарын жана артыкчылыктарын топ менен макулдаша аларын, зарыл учурда лидерликти өзүнө алып, башкаларды колдой ала турганын көрсөтөт.

3. Чыр-чатактарды башкаруу жана аларды чечүү:

  • ар түрдүү позициялар болушу мүмкүн экенин моюнга алуу менен, конкреттүү кырдаалдагы пикир келишпестиктер менен кызыкчылыктарды (мисалы, бийлик, сиңирген эмгектердин таанылышы, иште функцияларды бөлүштүрүү, адилеттикти талап кылуу), чыр-чатактардын булактарын жана тараптардын далилдерин талдоого алуу;

  • тараптар өз ара эмнеге макул, эмнеге макул эместигин аныктоо;

  • проблеманы кайра формулировкалоо;

  • кайсынысынан кандай шартта баш тартууга болорун аныктоо менен, максаттар менен талаптардын артыкчылыктуулугун көрсөтүү,

Компетенттүүлүк тараптардын кызыкчылыктары, муктаждыктары, максаттары же баалуулуктары ар башка болушунан улам келип чыккан каршылашуусу башкарыла турган жана эки тарап тең утушка ээ болгон чечимдерди кабыл ала турган процесс экенин адамдын түшүнүү жөндөмдүүлүгүн билдирет.

Өзүн өзү уюштуруу жана көйгөйлөрдү чечүү – адамдын өз турмушун башкара алуу жана өз алдынча аракеттене алуу жөндөмдүүлүгү.

1. Көптөгөн өз ара байланыштарды эсепке алуу менен аракеттенүү, б.а., өзүнүн иш-аракеттери жана чечимдери коомдук ченемдерге, социалдык жана экономикалык институттарга кандайча ылайыкташарын түшүнүүгө адамдын жөндөмдүүлүгү:

  • иш-аракеттердин кандай үлгүлөрү бар экенин түшүнүү;

  • алкагында өзү аракет кылган система тууралуу түшүнүктөргө ээ болуу (мисалы, анын түзүмү, маданияты, практикалары, формалдуу жана бейформал эрежелери, үмүттөрү тууралуу билүү);

  • өзүнүн иш-аракеттеринин түз жана кыйыр натыйжаларын болжолдоо;

  • болжолдуу натыйжалары өздүк же топтук ченемдер менен максаттарга канчалык ылайык келерин негиздөө менен, иш-аракеттердин ар кыл жолдорунун арасынан тандап алуу.

2. Турмуштук пландар менен долбоорлорду түзүү жана ишке ашыруу.

3. Керектөөлөрдү жана чектөөөрдү аңдап-түшүнүү менен, өз укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо:

  • өз кызыкчылыктарын аңдап-түшүнүү (мисалы, шайлоолордо);

  • өз аргументациясын негиздөөгө боло турган бекитилген эрежелер менен принциптерди билүү;

  • аргументациясын керектөөлөрү жана укуктары башкалар тарабынан тааныла тургандай кылып түзүү;

  • компромисстин жана альтернативалуу чечимдердин болуу мүмкүнчүлүгүнө жол берүү.


2.5. Мазмундук тилкелер. Курстун түзүлүшүнүн логикасы

«Адам жана коом» предметинин мазмундук тилкелери деген – мугалимге жана окуучуга окуп-үйрөнүү предметин бүтүн түрүндө көрүүгө мүмкүнчүлүк берген окутуунун негизги багыттары.

Курсун мазмундук компоненттери болуп төмөнкүлөр эсептелет:

  • окуп-үйрөнүүнүн өз ара байланыштагы жана өз ара аракеттеги объектилери: инсан жана жаран катары адам, тааным, коом жалпысынан, социалдык жана экономикалык мамилелер, жарандык коом жана мамлекет, укук чөйрөсү, маданият, руханий-адептик чөйрө;

  • социалдык көндүмдөр, билгичтиктер, өзөктүү компетенттүүлүктөр, өзүн өзү таанып-билүүнүн жана өзүн өзүн өзү реализациялоонун каражаттары, демократиялык жана гуманисттик баалуулуктар системасы, моралдык жана укуктук ченемдер, азыркы коомдун шарттарына ийгиликтүү кирүү жана активдүү жашоо үчүн зарыл болгон ишмердүүлүктүн ыкмалары.

Коомтаануунун түзүмүнүн өзөктүк огу болуп коомдо бүгүн жүрүп жаткан жана эртең да жүрө турган процесстер эсептелет. Коомдук процесстердин бардык көп түрдүүлүгү үч мазмундук тилкеге топтоштурулган: социалдашуу, ишмердүүлүк, жөнгө салуу (таблица 1):


Таблица 1. «Адам жана коом» предметинин өтмө мазмундук тилкелери


Мазмундук тилке

Сыпаттамасы


1


Социалдашуу:

-идентификация

-коммуникация жана жүрүм-турум

-ченемдөө (нормалаштыруу)


Идентификация, инсандык жана кесиптик өзүн өзү аныктоо

Социалдык өз ара аракеттенүү (карым-катыш, инсан аралык, кесиптик)

Социалдашуунун агенттери: үй-бүлө, курбалдаштар жамааты, мектеп, саясий жана кызыгуучулардын уюмдары, ММК, кесиптик окуу жайлары, кесиптик чөйрөлөр, мамлекет, жарандык коом

Социалдашуунун механизмдери: тууроо, девианттык жүрүм-турум, социалдык көзөмөл

Кооомдун ченемдештирилген системасы: баалуулуктар, социалдык жана этикалык ченемдер

Социалдык классификации жана ролдук жүрүм-турум

Физикалык жана психологиялык саламаттыктын өнүгүүсү

Таанып-билүүчүлүк жана коммуникативдик жөндөмдүүлүктөрдүн өнүгүүсү

Жалпы адамзаттык жана руханий-адептик баалуулуктарды энчилеп алуу

Инсанды жана жарандыкты калыптандыруу

2

Ишмердүүлүк

Материалдык баалуулуктарды жаратуу, өндүргүч күчтөрдү өнүктүрүү

Маданий баалуулуктарды жаратуу: маданият, дин, илим, искусство

Коомдук-саясий турмуштун ар түрдүү чөйрөлөрүндөгү ишмердүүлүк: адамдын ажыратылбас укуктарын бекитүү жана практикалык жүзөгө ашыруу, шайлоолор, адамдардын жашоосун жакшыртуу, Мекенди коргоо, элдердин ортосунда жылуу достук мамилелерди түзүү жана бекемдөө, планетадага тынчтыкты бекемдөө, жалпы адамзаттык баалуулуктардын бекемделиши үчүн күрөш

3

Жөнгө салуу

Коомдук мамилелерди жөнгө салуунун ыкмалары: мораль, укук, салттар, баалуулуктар

Чыр-чатактарды башкаруу

Өзүн, өзүнүн жашоосун, өзүнүн окуу кызматын уюштуруу

Турмуштук пландарды долбоорлоо

Адекваттуу жана оптималдуу чечимдерди кабыл алуу, каалагандай тармакта түрдүү технологияларды колдонуу

Коопсуздук жана укук тартиби

Коомду башкаруу, шайлоолор

Коомдун туруктуу өнүгүү контекстинде моделдөө жана болжолдоо

Азыркы учурдун глобалдык проблемалары, «планеталык аң-сезим», Цивилизациялык көйгөйлөрдү башкаруу, чечүү


Мазмундук тилкелер негизги жана толук орто мектепте окутуунун бардык этаптары үчүн өтмө болуп эсептелет. Курстун мазмунун аныктоодо аны сунуштоонун схемасы да, б.а., кароонун ирети менен тереңдиги да эске алынган.

Адам жана коом” предметинин түзүлүш логикасы

Орто мектептеги коомтаануучулук билим берүү 3 этапка бөлүнөт:

  • башталгыч билим берүү (1–4- класстар);

  • базалык билим берүү (5 – 9- класстар);

  • орто жалпы билим берүү (10-11- класстар).

1 этап (1-4 класстар) – өзүн көрсөтүүнүн көндүмдөрүнө ээ болуу, адамдардын окшоштугу жана айырмачылыктары аркылуу алардын теңдигин таанып-билүү, адам укуктарынын алиппеси, жүрүм-турумдун белгиленген эережелерин жана этиканы сактоо зарылдыгын түшүнүү.

2 этап (5-9-класстар) – бул этапта окуу материалын окуп-үйрөнүүнүн ырааттуулугу социалдык статустун өзгөрүшүнүн курактык чектерин, социалдык тажрыйбаны, окуучулардын таанып-билүүүчүлүк мүмкүнчүлүктөрүн эске алуу менен аныкталат. Экинчи этап маселелердин кыйла татаал алкагына багытталган – чыр-чатактуу кырдаалдарды чечүүнүн практикалык көндүмдөрүн калыптандыруу, бири бирине дискриминациялык эмес мамилелерди түзүү, коомдук жүрүм-турумдун толеранттуу формаларын калыптандыруу жана өнүктүрүү. Муну менен катар башталгыч мектепте окулган «Адам жана коом» предметине удаалаштыгын камсыз кылуу керек.

3 этап (10–11- класстар) Кыргызстанда демократиянын түзүлүш шартында жаш муундарга керек болгон билимдерге ээ болуу, инсандын активдүү жарандык позициясын, жоопкерчилик сезимин, коммуникация ыкмаларын, чыр-чатактарды чечүү ыкмаларын, адам, коом жана мамлекеттин өз ара аракеттенүүсүнүн механизмдерин түшүнүүнү калыптандыруу керек.

Коомтаанууну окуп-үйрөнүү концентрдик принцип боюнча түзүлгөн, мында мазмундук тилкелер үч контекстте ачылат: жеке (окуучунун өзү, үй-бүлөсү, достору менен байланышкан), социалдык (жергиликтүү курчаган чөйрө менен байланышкан), глобалдык (дүйнөлүк коомчулуктун жашоосуна катышуу менен байланышкан) (таблица 2):


Таблица 2. «Адам жана коом» предметиндеги мазмундук тилкелер жана контекст

Мазмундук тилкелер

Контекст

Жеке

Социалдык

Глобалдык

Адам («Мен»)


Адам жана аны курчаган жакынкы чөйрө

(«Биз»)

Коомчулук

Коом


Мамлекет

Дүйнөлүк коомчулук

Социалдашуу







Ишмердүүлүк







Жөнгө салуу








Курчап турган социалдык дүйнөнү таанып-билүү деңгээлинин жогорулоосу, социалдык турмуштун өзгөрүлгөн шарттарына ыңгайлашуу, чечимдерди кабыл алуу көндүмдөрүнө ээ болуу, коомдук кызыкчылыктын пайда болушу ушундайча жүрөт.

Коомтаануунун мазмунун класстан класска түзүмдөштүрүүнүн спираль сыяктуу принциби окуучулардын жаш курак өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен предмет аралык жана предметтин ичиндеги келишүүлөрдү талап кылат. Ошондуктан окуу материалы социумдун кеңейүү принциби боюнча жөнөкөй кадыресе билимдерден илимий теориялардын фрагменттерине карай түзүлөт.

Мектеп окуучуларынын социалдык-экономикалык мейкиндигинин акырындык менен кеңейиши, алардын өз мүмкүнчүлүктөрүнүн чегинде реалдуу турмушка аралашуусу негизги орто мектепте (5-9-класстар) төмөндөгү тематикалар менен белгиленет:

  • 5- класс – Адам жана аны курчап турган жакынкы чөйрөсү (үй-бүлө, достор, мектеп, коңшулар ж.б.)

  • 6- класс – Адам жана анын коом менен байланышы жана жергиликтүү коомчулуктар

  • 7 -класс – Адам, коом жана мамлекет

  • 8 – 9- класс – Адам жана дүйнө

Өнүгүүнүн социалдык кырдаалдарына жана «Мен – аң-сезим» жүзөгө ашырылышына туура келген окутуунун конкреттүү мазмундук планы ар бир алкактын (жылдык теманын) чегинде, бирок кыйла жогорку деңгээлде аткарылат:

  •  «Мен» өзүн өзү идентификациялоо (өзү менен, мектеп жамааты, өз аймагы менен мамилелерде);

  • өзүн башкалар менен бириктирүү: үй-бүлө, курбалдаштары, муун, эл менен;

  • өзүн башка адамдын, топтун, жалпылыктын (класс, чоң кишилердин дүйнөсү, мамлекет) мейкиндигине көчүрүү– МЕН өзүн өзү аңдап билүү жана өзүн өзү көзөмөлдөө;

  • МЕНдин коом менен болгон мамилелерин моделдөө: менин коомум, мен – коомдун мүчөсүмүн, мен өз мамлекетим үчүн жооп берем.

Мазмундун мындай уюштурулушу бир кыйла сыйымдуу схема болуп эсептелет, ага ылайык кереги жок кайталоолордон качуу үчүн материалды берүүдөгү ырааттулук сакталат. Ошол эле учурда бул схемадагы ар бир «клеткача» мазмундук жана тематикалык тилкелерге, окуу процесинде алардын айкалышуусуна кыйла толук жооп берген мазмун менен толтурулушу мүмкүн. Мыныдай «матрицанын» натыйжасында педагог бүтүндөй курстун логикасын сактоо менен өз ишин оңой пландай алат.

Сунушталып жаткан мамиленин өзгөчөлүктөрү төмөнкүдө турат:

  • 5-класстан 9-класска чейинки вертикалды түзүү;

  • мазмундун жарандык компетенттүүлүктү жана жарандык идентүүлүктү калыптандырууга багытталышы;

  • курстун тарбиялык жана өнүктүрүүчү компоненттеринин күчөтүлүшү;

  • материалдын көбүрөөк жеке даректелүүсү, өспүрүмдөрдүн кызыкчылыктарын, керектөөлөрүн жана курактык өзгөчөлүктөрүн эске алуу;

  • бүгүнкү күндө мектептерде кеңири жыйылып жаткан кошумча билим берүү менен органикалык байланышы;

  • учурдун курч көйгөйлөрүнө, алардын өспүрүмдөрдү ойлонткон аспектилерине кайрылуу;

  • курстун мазмунуна психологиялык жана тарыхый-маданияттаанучулук материалдарды киргизүү;

  • жарандык маданият тууралуу билимдерибизди байыткан адамдардын, тарыхый жана көркөм каармандардын образдарына кайрылуу;

  • окуучуларды мектепте, райондо, шаарда, мамлекетте уюштурулган реалдуу социалдык маанилүү иштерге аралаштыруу жолу менен курстун издөөчүлүк, компетенттүүлүк, практика-ишмердүүлүк багытын күчөтүү.

2.6. Окуу материалын мазмундук тилкелер жана класстар боюнча бөлүштүрүү

Таблица 3. Адам жана коом – окуу материалын мазмундук тилкелер жана класстар боюнча бөлүштүрүү

Мазмундук тилкелер

5- класс


6- класс


7 -класс

8- класс

9 -класс

Социалдашуу

Идентификация

Менин кайталангыстыгым

Менин атым

Кулк-мүнөз

Эмоциялар жана сезимдер

Адамдын керектөөлөрү (муктаждыктары)

Менин үй-бүлөм

Адамдын үйү

Үй-бүлөлүк баалуулуктар жана салттар

Коом деген эмне?

Майда мүдөөлүү адам жана жаран

Улут деген эмне?

Менин Мекеним

Мамлекет деген эмне?

Мамлекеттик символика

Адамдын жашоосунун табигый чөйрөсү

Адамдын биопсихосоциалдык табияты

Ойлонуу, кеп

Адамдын жашоосунун маңызы

Адамдын организминин мүмкүнчүлүктөрү

Ден соолук жана узак жашоо

Улуттук өзгөчөлүк

Адамдардын ортосундагы диний, социалдык, курактык айырмачылыктар

Мен, менин досторум жана коңшуларым

Мектеп, окуучу

Жайлуу үй-бүлө жана жайсыз үй-бүлө

Мамлекет, диктатура жана демократия

Адамдын керектөөлөр (муктаждыктары) (материалдык жана рухий, чыныгы жана жалган), адамдын кызыкчылыктары

Адамдын мүмкүнчүлүктөрү: жөнөкөй жана көрүнүктүү (талант, гениалдуулук)

Өспүрүмдөрдүн баалуулуктары, турмуштук багыттары, ишенимдери

Топтор, лидерлер жана аутсайдерлер

Кылмыштуу топтор

Жергиликтүү коомчулуктар Мечит. Чиркөө

Жашаган жери (айыл, шаар, аймак)

Жергиликтүү мадания

Промыселдер жана кол өнөрчүлүктөр

Улуттук менталитет

Кыргызстандыктардын адептик баалуулуктары

Дин рухий багыт катары

Кыргызстандын салттары жана өзүнчөлүгү

Патриоттуулук

Бакыт жана жашоонун маңызы

Үй-бүлө, нике, эрте никелер. Үй-бүлөдөгү эркек жана аял

Жаран, бийлик, демократия

Укуктук мамлекет.

КР жаранынын жана адамынын укуктук статусу

Инсан, инсандын туруктуулугу, өзү өзү баалоо

Маданияттуу адам

Кесиптик өзүн өзү аныктоо

Аял үй-бүлөдө жана коомдо

Эркек үй-бүлөдө жана коомдо

Этнос

Дүйнө элдеринин руханий, этномаданий салттары

Жарандуулук

Жарандын укуктук жарамдулугу жана жарамдуулугу (дееспособность)

Бажы союзу

Евразиялык экономикалык союз

Коммуникация жана жүрүм-турум

Баарлашуунун

алгачкы көндүмдөрү

Менин досум

Инсандын адептик сапаттары жана кылык-жоруктары

Адам өзүн жана башкаларды кантип баалайт

Мүмкүнчүлүгү чектелген жана өзгөчө муктаждыктары бар адамдарга болгон мамиле

Адептик баалуулуктар жана бузукулуктар (намыс, сараңдык, ичи тардык)

Үй-бүлөдөгү мамилелер

Зыяндуу адаттар (тамеки чегүү, аракечтик, баңгилик)

Тартип бузуулар



Баарлашуунун баалуулугу жана маданияты

Абийир жана уятсыздык

Адептик баалуулуктар (намыс жана кадыр-барк, боорукерлик жана гумандуулук, сүйүү жана ырайымдуулук)

Жакшылык (ишеним, калыстык, боорукерлик, адамдарды сыйлоо)

Жамандык (зордук-зомбулук, алдоо, жүзү каралык, каардуулук жана таш боорлук, агрессивдүү улутчулдук жана фашизм)

Өмүргө жана ден соолукка мамиле, зыяндуу адаттар (токсикомания жана баңгилик)

Керектөө маданияты

Курбалдаштар арасындагы баарлашуу

Симпатия жана антипатия, кызматташтык жана атаандаштык, инсан аралык мамилелердеги өз ара түшүнүшүү

Башка адамдардын жүрүш-турушка, кылык-жоруктарга тийгизген таасири

Чыр-чатактар, акыл-эстүү компромисс, башкаларды түшүнө билүү

Өзүнүн «Менин» реализациялоо

Тартип бузулар, кылмыштар, күнөөлөр

Тартип бузуулардын себептери

Инсанга каршы кылмыштар

Менчикке каршы кылмыштар

Маалымат алууга болгон укук

Инсан маалымат мейкиндигинде (инсанга таасир этүү методдору, ММК таасири)

Массалык маалымат каражаттары менен карым-катыштын маданияты

Жарандык жүрүм-турумдун жүйлөрү

Жарандык кылык-жорук

Билим алууга болгон жүйөлөр

Үй-бүлөдөгү мамиле, психологиялык климат, «аталар жана балдар» проблемасы


Баарлашуу маданияты

Дискуссия маданияты

Жалпы адамзаттык баалуулуктар

Баалуулуктар жана маданияттар диалогу

Этнос аралык чыр-чатактар

Чыр-чатактарды чечүүнүн ыкмалары

Келишимдик мамилелер


Ченемдөө (Нормалоо)

Адам коомунун эрежелери (моралдын эрежелери, мыйзамдар)

Менин укуктарым


Моралдык ченемдер (тыюулар, насыяттар) ички моралдык көзөмөл

Инсандын жана окуучунун укуктары менен милдеттери

Жарандардын тең укуктуулугу



Топтук ченемдер жана санкциялар.

Адептик-этикалык ченемдер

Бизнес-этика

Укуктук ченемдер

КР Конституциясы

Адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктери

Укуктун бийлиги Мыйзамдын алдындагы тең укуктуулук

Адам укуктарынын жалпы декларациясы

Жашоого болгон укук

Эркиндикке жана жеке кол тийгистик

Жеке жашоо эркиндиги

Дин тутуу эркиндиги

Кыймылдоо эркиндги

Жарандын милдет

БУУнун социалдык ченемдери жана эл аралык укуктук актылар

Адамдын укуктары, ар-намысы жана эркиндиктери Жарандык жоопкерчилик

КР Конституциясы

Иштиктүү этика


Ишмердүүлүк


Окуу, эмгек, оюн, чыгармачылык

Кызматкер, кесип

Товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү жеке жана үй-бүлөлүк керектөө


Окуу ишмердүүлүгү

Мектеп жана окуу

Мектеп экономикасы

Жеке үй чарбачылыгы

Үй-бүлөнүн материалдык жыргалчылыгы (кирешелер жана жыйып-терүүлөр, чыгымдар, үй-бүлөлүк бюджет)

Үй чарбаларынын экономикалык ишмердиги

Керектөөчүлөр (керектөөлөрдүн жогорулоосу мыйзамы, сатып алуулар тууралуу чечимдерди кабыл алуу)

Экологиялык керектөөлөр, «жашыл керектөө»

Товарларды экологиялык маркерлөө


Жергиликтүү өз алдынча башкаруу

Курултай

Менин шаарымдын (айылымдын) социалдык портрети

Менин шаарымдын (айылымдын) ресурстары

Ишканалар (фирмалар)

Менчик

Эмгектин бөлүнүүсү жана адистешүүсү

өндүрүш, өндүрүмдүүлүк, технологиялар

Маркетинг

Шаардын чарбалык ишмердүүлүгү жана экологиясы

Өндүрүштү экологиялаштыруу




Демократиялык шайлоолор

Мамлекеттин Президенти, парламенти, өкмөтү, бюджети

Сот бийлиги, прокуратура

Экономика – чарба, илим, карым-катыштар системасы

Керектөөлөр, жыргалчылыктар, өндүрүштүн факторлору, ресурстардын чектелгендиги

Экономикалык тандоо, альтернативалуу баа, өндүрүштүк мүмкүнчүлүктөрдүн ийри сызыгы

Товар, пайда, нарк, акча

Ресурстардын, товарлардын жана акчанын айлануусу.

Экономикалык системалар

Рынок кантип иштейт?

Суроо-талап, сунуш, рыноктук тең салмактуулук

Баалар жана инфляция

Жарандык коом,

БөУ (НПО)

Саясий партиялар

Ишкердик, бизнести уюштуруу формалары, капитал

Биржа, баалуу кагаздар

Банк системасы

өндүрүш, чыгымдар жана пайда

Атаандаштык жана монополия

Эмгек жана аны сыйлоо

Жумушчу күчү, жумушсуздук

Үй-бүлө экономикасы

Турмуш деңгээ-ли жана жашоо минимуму

Коркунучтар (тобокелдер)

Кыргызстандын

экономикалык дарамети

Эл аралык соода-сатык

Бажы

Валюта

Эмгек миграция


Жөнгө салуу

Бийлик деген эмне?

Тартип бузуулар үчүн жоопкерчилик

Адилеттүү коом (эркиндик, адилеттик, милдет)


Моралдык жана юридикалык жоопкерчилик

Социалдык жана табигый чөйрөгө карата жоопкерчилик Улуттук намысты коргоо

Керектөөчүлөрдүн укугун коргоо

Жеке коопсуздук (жол, укуктардын бузулушу, сот эмне үчүн керек)

Мамлекеттик кооопсуздук (Мекенди коргоо, армия)

Укук тартиби

Укук коргоо органдары

Юридикалык жоопкерчилик

Айып төлөөлөр жана жазалар

Топ менен кылган кылмыштар үчүн жоопкерчилик


Жарандардын жоопкерчилиги (дисциплиналык, жарандык-укуктук, административдик, кылмыш-жаза)

Жеке жашоону коргоо


Үй-бүлө укугу

Экономикалык агенттердин ортосундагы талаштарды жөнгө салуу

Сот акыйкаттыгы

Социалдык коргоо жарандардын мамлекет тарабынан корголушу




2.7. Предметтин класстар боюнча мазмуну

5 - класс – Адам жана аны курчап турган жакынкы чөйрөсү (үй-бүлө, достор, мектеп, коңшулар ж.б.)

6 - класс – Адам жана анын коом менен байланышы жана жергиликтүү коомчулуктар

7 - класс – Адам, коом жана мамлекет

8 - 9 -класстар – Адам жана дүйнө







2.8. Предмет аралык байланыштар.


Предмет аралык байланыштар окуучуларга башка предметтерден алган билимдерин колдонууга жардам берет.


Тарых

Экономикалык тарых, чарба

Дүйнөлүк элдердин маданияты, маданияттардын диалогу

Мамлект, саясий партиялар, бийлик, саясий режимдер, демократия, авторитардык бийлик

Дин, норма, эрежелер

Башка өлкөлөрдөгү моралдын нормалары, диндин жана саясаттын баалуулуктары

Аргумент катары тарыхый фактыларды колдонуу

Кыргызстандын мамлекеттүүлүгүнүн тарыхы

Кыргызстандын эл аралык уюмдарга мүчө болуусу, КР БУУга мүчө, БУУнун принциптери, ж.б. эл аралык уюмдар

География

Экология, жаратылышты коргоо

Климаттык шарттар жана коомдун социалдык-экономикалык өнүгүүсү

Айлана-чөйрөнүн булганышы

Экологиялык технологиялар, энергия үнөмдөөчү технологиялар

Глобалдык проблемалар

Биология

Адамзаттын өнүгүү концепциясы

Адамдын биолгоиялык жана социалдык өнүгүүсү

Ден-соолуктун анатомиясы

Табиятка жана жаныбарлар дүйнөсүнө болгон мамиле

Токой жана адам. Кызыл китеп

Адабият

Акын-жазуучулардын ар түрдүү тема боюнча чыгармалары: инсан, мораль, адеп, патриоттулук, жүрүш-туруш, эмгек, өз ара мамиле, конфликттер, үй-бүлө, дос, психологиялык портреттер, ж.б.

Атактуу адамдардын биографиялары

Математика

Финансылык математика

Статистикалык маалыматтарга анализ жүргүзүү, проценттер, салыштырма салмак, энчи

Физика

Илимдин мааниси, техникалык ачылыштардын коомдун өнүгүүсүнө тийгизген таасири

Технология

Кесиптер менен таанышуу

Өндүрүштү уюштуруу

Информатика

Экономикалык жана статистикалык анализ

Маалыматтык технологияларды колдонуу, графиктерди түзүү, ж.б.

2 - бөлүм. Билим берүүчүлүк натыйжалар жана баалоо


3.1. Окуучуларды окутуудан күтүлүүчү натыйжалар (баскычтар жана класстар боюнча)

Натыйжалар таблицасындагы белгилөөлөрдүн идентификатору:

1 - цифра – класс (5, 6, 7, 8, 9)

2 - цифра – тематикалык тилке: 1. Социалдашуу; 2. Ишмердүүлүк; 3. Жөнгө салуу

3 - цифра - компетенттүүлүк: 1. Жарандык-укуктук; 2. Коомдук-саясий. Экономикалык; 3. Социалдык-коммуникативдик

4 - цифра – натыйжа

Мисал: 5.1.2.3.

1 - цифра – класс (5, 6, 7, 8, 9)

2 - цифра – тематикалык тилке: 1. Социалдашуу; 2. Ишмердүүлүк; 3. Жөнгө салуу

3 - цифра – компетенттүүлүк: 1. Жарандык-укуктук; 2. Коомдук-саясий. Экономикалык; 3. Социалдык-коммуникативдик

4 - цифра – натыйжа 3. Мамлекеттин негизги белгилерин, органдарын жана мыйзамдарын, жарандардын өз мамлекетин жакшыртуудагы мүмкүнчүлүктөрүн аныктайт

Эскертүү: Тематикалык тилкелердеги жана компетенттүүлүктөрдөгү натыйжалардын саны бирдей эмес болушу мүмкүн (1 ден 3-5ке чейин)


Таблица 4. Адам жана коом – окуучулардын билим алуусунун класстар боюнча натыйжалары

Мазмундук тилкелер

Компетент-

түүлүктөр

5 -класс

6 -класс

7- класс

8 -класс

9 -класс

1

Социалдашуу

1. Жарандык-укуктук

5.1.1.1. Өзүн ысымы, улуту, белгилүү бир родго тиешелүүлүгү боюнча идентификациялайт өзүнүн жана башка адамдардын кайталангыстыгын баалайт

5.1.1.2. «Жаран», «Мекендин татыктуу уулу», «коом», «улут» түшүнүктөрүнүн маанисин ачып берет

5.1.1.3. Мамлекеттик символиканы сыпаттайт: желек, герб, гимн

6.1.1.1. Жаратылыштын адам үчүн маанисин ачып берет, жаратылышка болгон камкор мамиле – адамдын жана жарандын нравалык милдети экенин түшүнөт

6.1.1.2. Адамды адам кылган эмне экенин түшүндүрөт, адам организминин мүмкүнчүлүктө-рүн сыпаттайт

6.1.1.3. Агрессивдүү улутчулдук жана жарандык париоттуулук ар башка түшүнүктөр экенин түшүндүрөт, Жердеги тынчтыкты сактоодо нацизм жана фашизм коркунучтуу экенин аңдап-түшүнөт

7.1.1.1. Керек-төөлөрдүн ортосундагы айыр-мачылыктарды, адамдын мүмкүн-чүлүктөрүн мүнөздөп берет, өзүнүн керектөө-лөрү менен мүм-күнчүлүктөрүн баалайт

7.1.1.2. Өспүрүмдөрдүн баалуулук ориентациялрындагы артыкчылыктарды аныктайт жана аргументтейт

7.1.1.3. Шаардын (айылдын) турмушуна өзүнүн катышуусун баалайт, изилдөө ишинин көндүм-дөрүн көрсөтөт, өз коомчулугунун маданий салттарына болгон сый-урматын көрсөтөт

8.1.1.1. Кыргызстандын өзүнчөлүгү эмнеде экенин түшүндүрүп берет, кыргызстандыктардын адептик баалуулуктарын жана руханий ориентирлерин , улуттук тарыхты, маданиятты, тилди жана салттарды сыйлоону талдоого алат

8.1.1.2. Маданият аралык толеранттуулукту адам укуктарын жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон баалуулук катары түшүндүрөт, терс аяктыктын социалдык көрүнүштөрүн сыпаттайт, алар жүрүм-турумда кантип байкалат, агрессивдүү улутчулдук, диний фанатизм, диний терсаяктык

8.1.1.3. Жеке жана кызматтык бийликтин айырмачылыгын түшүндүрөт, жеке жана кызматтык бийликтин айырмасы эмнеде, авторитаризм деген эмне, авторитардык бийлик, демократиялык бийлик, демократиянын маңызы эмнеде

9.1.1.1. «Этнос» жана «улут» түшү-нүктөрүнүн ортосундагы айырмачылыкты түшүндүрөт, Кыргыз Республикасынын калкынын этникалык курамын талдайт, коомдун этникалык жана маданий көп түрдүүлүгүнө баа берет

9.1.1.2. Жарандардын «укуктук жарамдуулугу» жана «жарамдуулугу» түшүнүктөрүнүн ортосундагы айырмачылыкты түшүндүрөт, 6дан 14 жашка чейинки жаш балдардын толук эмес жарамдуулугу деген эмне, Кыргызстандын жаранынын укуктук активдүүлүгүн талдоого алат

9.1.1.3. Адамдын жарандык (жеке) укуктары менен эркиндиктеринин маанисин түшүндүрөт, кандай укуктар саясий укуктар болуп эсептелет, алар эмнени билдирет, жеке жана саясий укуктар өз ара кандай байланышкан, жарандуулукка болгон укук деген эмне

9.1.1.4. Адам укуктарынын жалпы декларациясын талдоого алат, социалдык, экономикалык, маданий укуктарды айырмалайт, адам укуктарынын глобалдык дүйнөдөгү маанисин түшүндүрөт

2. Коомдук-саясий. Экономикалык.


5.1.2.1. үй-бүлөлүк баалуулуктарды жана салттарды, ар бир адамдын турмушундагы үй-бүлөнүн ролун сыпаттайт, өзүнүн үй- бүлөсүнүн генеалогиялык тамырлары тууралуу түшүнүктөргө ээ болот

5.1.2.2. Моралдык ченемдер кантип пайда болгонун, алар мыйзамдардан эмнеси менен айырмаланарын түшүндүрүп берет

5.1.2.3. Мамлекеттин негизги белгилерин, органдарын жана мыйзамдарын, өз мамлекетин жакшыртууда жарандардын мүмкүнчүлүктөрүн аныктайт

6.1.2.1. Өзүнүн жана башка адамдардын жүрүш-турушун жана кылык-жорук-тарын адептик баалуулуктардын, жакшылык менен жамандыктын позициясынан баалайт

6.1.2.2. Иш-аракеттерди мораль тарабынан айыпталгандарга жана мыйзам менен жазалангандарга бөлүштүрөт

7.1.2.1. Жергиликтүү кооомчулук кандай түзүлгөнүн жана кызмат аткарарын аныктайт, жергиликтүү маданияттын өзгөчөлүктөрү

7.1.2.2. Жүрүм-турумдун топтук адептик-этикалык, укуктук ченемдер, иштиктүү этика менен жөнгө салынуучу типтерин талдоого алат

8.1.2.1. Адамдын жарандык сапаттарын, алар иш-аракеттерде кандайча байкаларын, жарандык иш-аракет кадимки иш-аракеттерден эмнеси менен айырмаланарын аныктайт

8.1.2.2. Өз жашоосундагы билим берүүнүн маанисине баа берет, көрүнүктүү адамдардын айткандарын талдоого алат, адам бактыга жана жашоонун маңызына жетиш үчүн эмне кылуусу керектигин көрсөтөт, бул маселе боюнча өз пикирин билдирет

9.1.2.1. Эмне үчүн коомдо активдүү болуу керек экендгин түшүндүрөт, активдүү жарандык позицияны чечмелеп, демократиялык жарандын өзгөчөлүктөрүн көрсөтөт

9.1.2.2.

Коомдун коомдук, саясий, экономикалык турмушундагы маалыматтын, ММК, интернеттин ролун түшүндүрөт, өз Мекенинин жана дүйнөнүн саясатында эмнелер болуп жаткан билүүнүн эмне үчүн кереги бар, коомдук пикир деген эмне

3. Социалдык-коммуникатив

дик

5.1.3.1. Ар түрдүү адамдардын кулк-мүнөзүн, адамдын жүрүм-турумунда акылдын, эрктин, мүнөздөрдүн ролун сыпаттайт

5.1.3.2. Достукта эң негизги нерсе эмне экенин аныктайт, классташтары менен достук мамилесин көрсөтөт

5.1.3.3. Өзүнүн жана башка адамдардын жүрүм-турумундагы жана кылык-жоруктарындагы намыстын жана кадыр-барктын, сараңдыктын жана ичи тардыктын көрүнүштөрүн көрсөтүп, мүнөздөп берет

6.1.3.1. Досторуна, коңшуларына, үй-бүлөсүнө, окуучу катары өзүнө карата алганда өзүнүн идентификациясын түзөт

6.1.3.2. Адамдардын ортосундагы диний, социалдык, курактык айырмачылыктар

ды сыпаттайт, алардын улуттук өзгөчөлүктөрүнүн белгилерин аныктайт

7.1.3.1. Класстагы, үй-бүлөдөгү, курбалдаштар жамаатындагы өзүнүн ролун жана өз ара мамилелердеги көйгөйлөрдү аныктайт

7.1.3.2. Инсан аралык достук мамилелердин түзүлүшүндө антипатия жана симпатия, кызматташтык жана атаандаштык кандай роль ойнорун, башка адамдар өзүнүн жүрүм-турумуна жана кылык-жоруктарына кандай таасир тийгизе турганын түшүнөт

7.1.3.3. Өз ара түшүнүшүүү кандай принциптерге негизделерин, чыр-чатактуу кырдаалдарда кандай жүрүм-турум ылайыктуу, кандай ылайыксыз экенин түшүнөт

8.1.3.1. Үй-бүлөдөгү карым-катыштардын тибин, азыркы этапта «аталар» жана «балдар» проблемасы эмнеде экенин талдоого алат, үй-бүлөдөгү идеалдуу карым-катыштардын моделин түзөт

9.1.3.1. «Адам инсаны» жана «Инсан» (баш тамга менен) түшүнүктөрүнүн ортосундагы айырмачылыкты, адамдын ички жана сырткы маданияты кайсы белгилери боюнча аныкталарын түшүнөт, өзүнүн инсанын өнүктүрүүнүн жана кесиптик өзүн өзү аныктоонун турмуштук планын долбоорлойт

9.1.3.2. Инсан аралык жана маданият аралык мамиле маданиятынын адептик, этикалык принциптери менен ченемдерин, дискуссия жүргүзүү эрежелерин, чыр-чатактарды чечүүнүн ыкмаларын, иштиктүү этиканын эрежелерин пайдаланууга умтулуусун көрсөтөт

2

Ишмердүүлүк

1. Жарандык-укуктук

5.2.1.1.Адамдын руханий жана материалдык керектөөлөрүн мүнөздөп берет

5.2.1.2. Башка элдердин салттары менен үрп-адаттарын окуп-үйрөнүүнүн маанисин аңдап түшүнөт

6.2.1.1. Жайлуу жана жайсыз үй-бүлөлөрдүн болуш себептерин, балдар эмне үчүн балдар үйлөрүнө туш болорун аныктайт

7.2.1.1. Ар-намыс жана кадыр-баркка, жыныстык кол тийбестикке, ден соолук жана өмүргө каршы багытталган жүрүм-турум типтерин талдоого алат

8.2.1.1. «Укуктун бийлиги» туюнтмасын, адам укугу деген эмне экенин, мамлекет жарандардын укуктарын кантип камсыздарын чечмелеп, КР Конституциясы боюнча жарандын милдеттерин түшүндүрүп берет

8.2.1.2. Демократиялык шайлоолор кандай болуш керектигин, шайлоочулардын кызыкчылыктары эмнеде экендигин, адамдар эмне үчүн шайлоолорго катышууга тийиш экендигин талдоого алат

9.2.1.1. «Коом жана жарандык коом» («жарандардын коому») түшүнүктөрүнүн ортосундагы өз ара байланышты жана айырмачылыктарды, БӨУ (НПО) коомдун турмушунда кандай роль ойнорун белгилейт

9.2.1.2. Адам укугун коргоо деген эмне экенин, укугу бузулган учурда кайда кайрылуу керектигин, керектөөчү ката кетирип алуудан кантип качуусу жана бузулган укуктарын калыбына келти-риши керектигин түшүндүрүп берет

2. Коомдук-саясий. Экономикалык

5.2.2.1. Ата-эненин бийлиги, аскердеги бийлик, мамлекеттик бийлик адамдардын ишмердүүлүгүнө жана жүрүм-турумуна кандай таасир тийгизерин түшүндүрүп берет

5.2.2.2. Өз үй-бүлөсүнүн, туугандарынын жана тааныштарынын кесиптерин, өзү жана үй-бүлөсү пайдаланган товарлар менен кызмат көрсөтүүлөрдүн топтомун сыпаттап берет

6.2.2.1. Диктатура менен демократиянын ортосундагы айырмачылыктар

ды мүнөздөйт

6.2.2.2. Окуу ишмердүүлүгүн уюштуруу боюнча өзүнүн иш-аракеттерин пландайт, өзүнүн мектеп турмушуна катышуусуна баа берет, жүрүм-турумдагы жана окуудагы жеке жоопкерчилигин далилдейт

6.2.2.3. Мектептин коммуналдык мейкиндиги, мектеп турмушунун экономикалык аспектилери, мектепте эмгек ишмердүүлүгүн жүргүзүү мүмкүнчүлүктөрү тууралуу айтып берет

6.2.2.4. Адамдын ишмердүүлүгүнүн түрлөрүн, киреше булактарын, чогултуунун ыкмаларын жана үй чарбачылыгынын чыгымдарын сыпаттап, үй-бүлөлүк бюджетти эсептейт

6.2.2.5. Рационалдуу керектөөчүлүк тандап алуунун маңызын, товарлардын таңгакчаларындагы жана товарлардын өзүндөгү атайын символдордун маанисин түшүндүрүп берет, керектөө маданиятынын маанилүү элементтерин атап көрсөтөт

7.2.2.1. Өз шаарындагы (айылындагы) ишканалардын ресурстарын, ишмердүүлүгүнүн түүрлөрүн жана типтерин аныктайт, аларды ыктымалдуу иш берүүчүлөр же керектөөчүлөр үчүн товарларды өндүрүүчүлөр катары талдоого алат

7.2.2.2. Өндүрүш процессинин механизмдерин, эмгектин бөлүнүшүн жана адистешүүсүн, маркетингди, эмгек өндүрүмдүүлүгүн жогорулатууда жаңы технологиялардын ролун түшүнөт

8.2.2.1. Президенттин, парламенттин, өкмөттүн негизги милдеттерин, мамлекеттик бюджет деген эмне экенин, мамлекеттин кирешелери кайдан келип чыгарын жана алар кандай жумшаларын түшүндүрүп берет

8.2.2.2. Керектөөлөрдүн, жыргалчылыктардын, өндүрүш факторлорунун ортосундагы айырмачылыктарды, чектелгендик көйгөйүнүн, экономиканын негизги маселелеринин, экономикалык тандап алуунун маңызын чечмелеп түшүндүрүп берет

8.2.2.3. Товар, пайдалуулук, нарк, сейректик, чыгымдар, суроо-талап, сунуш, баа түшүнүктөрү өз ара кандай карым-катышта экенин аныктайт, акчанын түрлөрүн жана функцияларын көрсөтүп берет

8.2.2.4. Ресурстардын, товарлардын, акчанын айлануу схемасын сыпаттайт, экономикалык системалардын типтерин салыштырат

8.2.2.5. Рыноктун иштөө механизм-дерин, суроо-талап жана сунуш мыйзамдарын, суроо-талаптын өзгөрүшүнө кандай факторлор таасир тийгизерин, базар баасы кандайча түзүлөрүн, инфляция деген эмне экенин түшүндүрүп берет


9.2.2.1. Демократиялык коомду өнүктүрүүдө мамлекеттин жана саясий партиялардын ролу кандай экенин көрсөтөт

9.2.2.2. Бизнес жүргүзүүгө өзүнүн мүмкүнчүлүктөрүн баалайт, бизнестин ар түрдүү юридикалык фирмаларынын артыкчылыктарын жана мүчүлүштөрүн, ишкердик капитал кантип түзүлөрүн талдоого алат

9.2.2.3. Фирманын өндүрүшкө жумшалган чыгымдарын эмне түзөрүн, киреше жана пайда кантип аныкталарын, атаандыштык жана монополия шарттарында фирмалардын жашоосунун мүмкүнчүлүгү кандай экенин талдоого алат

9.2.2.4. Тирлик минимумун эсептейт, адамдардын жашоо деңгээлинин көрсөткүчтөрүн талдоого алат, камсыздандыруу уюмдары жаранга, фирмага, мамлекетке эмнеси менен пайдалуу экенин талдайт, үй-бүлөнүн болжолдуу бюджетин түзөт

9.2.2.5. Кыргызстандын экономикалык дараметин, анын сырткы соодасынын шарттарын, бажы, чет элдик валюта менен байланыштуу көйгөйлөрдү, эмгек миграциясынын себептери жана натыйжалары кайсылар экенин түшүндүрүп берет

3. Социалдык-коммуникатив

дик

5.2.2.1. Өзүнүн окуу ишмердүүлүгүн, эс алуусун жана бош убактысын уюштурат, өзүнүн чыгармачылык иштерин көрсөтөт

6.2.3.1. Маданият аралык толеранттуулук баарлашуу маданиятынын негизги принциби экендиги тууралуу бүтүмдөрдү чыгарат, кеп этикетинин эрежелерин, жакшы манераларды, меймандостук мыйзамдарын мүнөздөйт

7.2.3.1. Турмуштук пландарды долбоорлоо аркылуу өзүн өзү аныктоого жана өзүн өзү реализациялоого умтулуусун көрсөтөт

8.2.3.1. Рационалду жүрүм-турум эрежелерин талдоого алат, конкреттүү мисалдардын негизинде альтернативалуу наркты эсептеп чыгарат, сабаттуу чечимдерди кабыл алуу үчүн экономикалык моделдерди пайдаланат


9.2.3.1. Кандай баалуулуктар жалпы адамзаттык (гуманисттик) болорун айырмалайт, аларды категориялар боюнча классификациялайт: бийик руханий баалуулуктар, маданияттын баалуулуктары, саясий жана жарандык баалуулуктар, демократиялык коомдун баалуулуктары, экологиялык баалуулуктар

9.2.3.2. Аял менен жана эркектин коомдогу жана үй-бүлөдөгү ролу тууралуу кеңири таралган көз караштарды, үй-бүлөнү пландоо деген эмне экенин талдоого алат

3

Жөнгө салуу

1. Жарандык-укуктук

5.3.1.1. Тартип бузуу деген эмне экенин түшүндүрүп берет, тартип бузуулар үчүн жоопкерчиликтин түрлөрүн ажыратат

6.3.1.1. Өмүр-өлүм маселелери боюнча өз оюн билдирет, өмүр – баалуулук экенин, өз өмүрүңө, ден соолугуңа жоопкерчилик менен мамиле кылуу керектигин, зыяндуу адаттар ден соолукка кандай таасир тийгизерин түшүнөт

6.3.1.2. Баланын укуктары жөнүн-дөгү Конвенцияга, өлкөнүн Консти-туциясына, КР Үй-бүлө Кодексине ылайык, баланын укуктарын санап берет

6.3.1.3. Тиешелүү мыйзамдардын негизинде жашыл тилкелерди, парктар менен токойлорду пайдаланууга жана коргоого, бүткүл дүйнөлүк маданий жана табигый мурастарды сактоого байланыштуу маселелерди ачып берип, жаратылышка келтирилип жаткан зыян менен аны калыбына келтирүүгө жумшалчу чыгымдарды салыштырат

7.3.1.1.

Тартип бузуу менен кылмыштын ортосундагы айырмачылыкты, күнөө деген эмне экенин түшүндүрөт, тартип бузуучунун потенциалдуу белгилерин (аморалдык жүрүш-туруш, руханийсиздик, жазаланбагандык) аныктайт

8.3.1.1. Адамдардын сүйүү мамилелериндеги каталар пайда кылган типтүү көйгөйлөрдү талдоого алат; мамлекет эмне үчүн жана кантип үй-бүлө-нике мамилелерин жөнгө салууга катышат

8.3.1.2. Эркиндиктерди жүзөгө ашыруу мыйзам менен жөнгө салынары жана коомдук тартиптин эрежелери жалпынын кызыкчылыгы болгондуктан аларды эч ким буза албастыгы тууралуу бүтүмдөрдү чыгарат


9.3.1.1. БУУнун максаттарын, милдеттерин жана принциптерин, БУУнун Программаларын, туруктуу өнүгүүнү, жакырчылыкты, тынчтыкты сактоону, адам укуктарын, теңсиздикти, адамдын коопсуздугун, баланын укуктарын, адамзаттын маданий мурастарын чечмелеп түшүндүрүп берет

9.3.1.2. Эл аралык –укуктук актылар менен (Адам укуктарынын жалпы декларациясы, Баланын укуктары боюнча Конвенция) жана КР Констиуциясындагы жалпылыктарды талдоого алат, «Конституция – түз аракеттеги мыйзам» деген туюнтманын маанисин түшүндүрөт


2. Коомдук-саясий. Экономикалык

5.3.2.1. Тамеки чегүүнүн, аракечтиктин, баңгиликтин кесепеттерин түшүндүрүп берет, бул заяндуу адаттар боюнча өзүнүн жеке пикирин билдирет

6.3.2.1. Күндөлүк турмушунда адамдар жашап турган чөйрөсүнө кантип зыян келтиргенине баа берет, чыгарган калдыктардын санын азайтуу боюнча үй чарбаларынын мүмкүнчүлүктөрүн сыпаттайт, «жашыл колдонуунун» маңызын түшүнөт, товарларды экологиялык маркерлөө тууралуу маалыматтарды сунуш кылат

7.3.2.1. Өз жеринин экологиялык көйгөйлөрүнүн себептерин ачып берет, өндүрүштү экологиялаштыруу деген эмне экенине түшүндүрмө берет

7.3.2.2. Өз кооомчулугундагы укук тартибинин сактылышына баа берет, «укук тартиби» жана «коомдук тартип» түшүнүктөрүнүн ортосундагы айырмачылыкты көрсөтөт

7.3.2.3. Милициянын ролу менен сот акыйкатынын ортосундагы айырмачылыкты, жашы жете электердин иштери боюнча соттун ролун түшүндүрөт

8.3.2.1. Кандай мамлекет укуктук болуп саналарын жана Конституцияда Кыргыз мамлекети жөнүндө эмне деп айтылганын, укуктук мамлекетте кандай иш-аракеттер аткарыла турганын, ал эми мыйзамдын бийлиги болбогон мамлекетте кандай иш-аракеттер аткарыларын аныктайт

8.3.2.2. Сот акыйкатынын жана прокуратуранын ишмердүүлүгүн эмне түзөрүн, эмне үчүн Конституцияда соттун көз карандысыздыгы көрсөтүлгөнүн түшүндүрүп берет

9.3.2.1. Баалуу кагаздар деген эмне экенин, аларды ким сатып аларын жана сатарын, баалуу кагаздар менен жүргүзүлүүчү мыйзамдуу операциялар «алдамчылык» пирамидалардан эмнеси менен айырмаланарын, банктар кадимки адамдардын жана фирмалардын иш

мердүүлүгүндө кандай роль ойнорун түшүндүрүп берет

9.3.2.2. Эмне үчүн жумушсуздук орун аларына, эмгек биржасы кандай милдеттерди аткарарына, мамлекетттин социалдык саясаты кандай чараларды көрөрүнө талдоо жүргүзөт

9.3.2.3. Үй-бүлө, мүлктүк жана мүлктүк эмес, эмгек мамилелери кандай укуктук ченемдер менен жөнгө салынарын түшүндүрүп берет

3. Социалдык-коммуникатив

дик

5.3.3.1.Өзүнүн укуктарын, адилеттүү коомдун негизги белгилерин сыпаттайт

6.3.3.1. Укуктар качан бузуларын, жеке жана мамлекеттик коопсуздукка коркунуч тууларын аныктайт, бул маанилүү маселелерди ким жана кантип чечерин түшүндүрөт

7.3.3.1. Шылдыңдоо жана жалаа жабуунун айырмачылыгы жана окшоштугу эмнеде экенин, бейбаштык деген эмне экенин, адам уурдоо үчүн жоопкерчиликтин чени кандай экенин, жашы жете электер уурдоого каршы кандай сактануу чараларын көрүшү керектигин түшүндүрүп берет

7.3.3.2. Акча, мүлккө опуза талап болгон учурда эмне кылуу керектигин, опуза талап үчүн кандай кылмыш жазасы болорун түшүндүрүп берет

8.3.3.1. Инсанга маалыматтык таасир этүүнүн кандай методдору бар экенин, адамга ММК кандай таасир тийгизерин аныктайт

9.3.3.1. Келишим деген эмне экенин, адамдардын ортосундагы мамилелерде келишимди колдонуу эмне менен шартталганын, экономикалык турмушта келишимдердин кайсы түрлөрү көп кездешерин түшүндүрөт


3.2. Окуучулардын жетишкендиктерин баалоонун негизги стратегиялары

Баалоо:

  • андан ары окутуу үчүн окуучулардын даярдыгынын деңгээлин өлчөө үчүн;

  • орундарды аныктоо же башка артыкчылыктарды берүү максатында окуучулардын рейтингин өткөрүү үчүн;

  • окуучулардын окуусуна тескери байланышты камсыз кылуу үчүн, окуучулардын өздөрүнө да, мугалимдерге да;

  • окутууда стандарттарды аныктоо жана аларга туура келүү үчүн;

  • окутуу процессинде багыт берүү жана жетекчиликти ишке ашыруу үчүн

колдонулат.

Баалоо окуунун ички жүйөсүнө түрткү берүүгө, өзүн өзү баалоо, өзүн өзү анализдөө жана өз ара баалоо, өз ишмердүүлүгүн жана башка окуучулардын ишмердүлүгүн сын көз караш менен баалоо көндүмдөрүн калыптандырууга багытталып, окутуунун эмоциялык жагымдуу чөйрөсүн түзүүгө өбөлгө болот. Бул максатта баалар да, сапаттык жана сыпаттама ыкмалар да колдонулат.

Баалоо маселесин чечүү үчүн мугалим:

  • бааны окутуунун натыйжасына жетүү даражасынын көрсөткүчү катары карайт;

  • натыйжаларга жетүү жана жеке өнүгүүсү жагынан окуучулардын прогрессин байкоого алат;

  • сапаттык жана сандык баалоонун ар түрдүү формаларын (жекече жана топтук иш, оозеки жана жазуу иши ж.б.) жана методдорун, ыкмалары менен инструменттерин (окуучунун портфолиосу, байкоолор, тесттер, текшерүү иштери ж.б.) пайдаланат;

  • көйгөйлөрдү биргелешип чечүү үчүн окутуу процессиндеги прогресс жана кыйынчылыктар тууралуу окуучуларды жана алардын ата-энелерин кабардар кылат;

  • окуучуну ким, качан жана кайсы жерде баалап жатканына карабастан, окуучуга коюлган талаптардын биримдигин камсыз кылат.

«Адам жана коом» интегративдик предмети боюнча баалоо курсту түзүүнүн негизги принциптерине жооп бериши керек:

  • Берилген курска интеграцияланган айрым–айрым предметтердин билимдеринин суммасы эмес, окуучуларга социалдык көйгөйдү түрдүү дисциплиналардын (социология, укук, экономика, политика, этика) көз карашынан кароого мүмкүнчүлүк берген таанып-билүү ишмердүүлүгү бааланат

  • Практика-багытталган принцип, анын негизинде мектептин чегинен тышкары жерлерде аракеттене билүү мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуучу компетенттүүлүктөр иштелип чыгат.

Курстун алкагында баалоону пландоодо окуучулардын жетишкендиктеринин деңгээлин баалоого кошмча окуучуларда өзүн өзү баалоо, өзүн өзү анализдөө жана өз ара баалоо, өзүнүн жана башка окуучулардын ишмердүүлүгүнө сын көз караш менен баа берүү көндүмдөрүнүн калыптануу даражасын баалоо жүргүзлөрүн эстен чыгарбоо зарыл. Баалоо системасы окуучуда окууга болгон ички жүйөгө түрткү берүүгө да багытталышы керек.


«Адам жана коом» предметинде баалоонун принциптери:

  • Объективдүүлүк. Обьективдүүлүк принциби бардык окуучулар бир эле сыноодон бирдей шарттарда өтүшүн талап кылат. Маалыматтарды иштеп чыгуунун объективдүлүгү мугалимде да, окуучуларда да баанын так критерийлеринин болушун талап этет. Баалоо класстагы жагымдуу атмосферанын шартында жүргүзүлүүгө тийиш.

  • Ачыктык баалоонун критерийлери менен формалары окуучуларга күн мурунтан белгилүү болуусун талап кылат. Окуучулар эмне жана кантип бааланарын билиши керек, мында алар баалоонун критерийлерин иштеп чыгууга катыша алышат.

  • Ишенимдүүлүк. Бул принцип материал боюнча кошумча сабактарды өткөрбөстөн, берилген тапшырмаларды кайталап колдонууда бир эле окуучуга карата алганда бирдей жыйынтыктарды камсыз кылууга тийиш.

  • Валиддүүлүк – баалоо методунун шексиздиги, ал өлчөнүүгө тийиш болгон нерсенин өлчөнүп жатканын көрсөтөт.


Баалоонун түрлөрү

Кыргыз Республикасында орто жалпы билим берүүнүн Мамлекетик билим берүү стандартында баалоонун үч түрү белгиленген: диагностикалык, формативдик жана суммативдик.

Диагностикалык баалоо окуу жылынын / ар бир циклдин башында кийинки прогрессти баалоо үчүн жүргүзүлөт: мугалим окуу жылынын ичинде окуучунун компетенттүүлүктөрүнүн калыптангандыгынын баштапкы деңгээлин жетишилген натыйжалар менен салыштырууну жүргүзөт.

Формативдик баалоо. Формативдик баалоонун максаттарын окуучулардын материалды өздөштүрүүсүнүн ийгиликтүүлүгүн жана жекече өзгөчөлүктөрүн аныктоо, ошондой эле окуучулардын ийгиликке жетишүүсү үчүн сунуштамаларды иштеп чыгуу түзөт. Окуучунун жөндөмдүлүктөрүнүн деңгээли эмес, ал аткарган конкреттүү иш бааланат.

Окутуунун аралык натыйжаларын баалоодо окуучулардын өзгөчөлүктөрү (ишти аткаруу темпи, теманы өздөштүрүү ыкмалары ж.б.) эске алынып, окуучулардын жетишкендиктерине жана прогрессине көңүл бурулат. Журналга баа зарылдыгына жараша коюлат, мугалим окуучулардын жеке прогрессине өздүк байкоолорун белгилеп түшүрөт.

Суммативдик баалоо. Мындай баалоо окутуунун ар бир баскычы үчүн пландалган натыйжаларга окуучунун жетүү даражасын аныктоо үчүн колдонулат.

«Адам жана коом» интегративдик предмети боюнча баалооонун 3 компоненттен турган системасы сунушталат:

1. Иш-аракеттик шкала / байкоо: Окуучулардын мектеп чөйрөсүндө жана тышкы чөйрөдө жүрүш-турушу жана өз ара аракеттери кандай экенин аныктоого жардам берүүчү критерийлери бар шкала.

Бул – мазмунду билүүнүн баасы эмес, билгичтиктерди текшерүү. Ал субьективдүүдөй туюлушу мүмкүн, бирок «Адам жана коом» предметинин жалпы максаттары үчүн жогорку даражада валиддүү болушу ыктымал.


5

4

3

2

1

Дайыма

Көп учурда

Кээде

Сейрек

Эч качан


«Адам жана коом» интеграцияланган предметинде баалоо курстун түзүлүшүнүн жалпы принциптерине жооп берүүгө тийиш:

  • Аталган курска интеграцияланган предметтердин айрым–айрым билимдеринин суммасы эмес, окуучуларга социалдык көйгөйдү түрдүү дисциплиналардын (социология, укук, экономика, политика, этика) көз карашынан кароого мүмкүнчүлүк берген таанып-билүү ишмердүүлүгү бааланат

  • Практика-багытталган принцип, анын негизинде мектептин чегинен тышкары жерлерде аракеттене билүү мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуучу компетенттүүлүктөр иштелип чыгат.

Курстун алкагында баалоону пландоодо окуучулардын жетишкендиктеринин деңгээлин баалоого кошумча окуучуларда өзүн өзү баалоо, өзүн өзү анализдөө жана өз ара баалоо, өзүнүн жана башка окуучулардын ишмердүүлүгүнө сын көз караш менен баа берүү көндүмдөрүнүн калыптануу даражасын баалоо жүргүзлөрүн эстен чыгарбоо зарыл. Баалоо системасы окуучуда окууга болгон ички жүйөгө түрткү берүүгө багытталышы керек.

Критерийлер:

  • Окуучу башкалардын сөзүн бөлбөстөн, өз оюн айтуусуна мүмкүнчүлүк береби?

  • Окуучу башкалардын өзүнүкүнөн айырмалуу көз караштары болушу мүмкүн экенине жол береби?

  • Талаш учурунда окуучу башкалардын дарегине шылдыңдаган, кемсинткен сөздөрдү айтуудан качабы?

  • Окуучу тигил же бул маселе боюнча башка адамдардын пикирин сурайбы?

  • Чыр-чатактарды чечүүдө окуучу күч колдонобу? Чыр-чатактарды чечүү үчүн компромисстерди табууга аракеттенеби?

  • Башка окуучулардын укугу бузулса, окуучу аны коргойбу?

  • Окуучу балдарга жана кыздарга бирдей мамиле жасайбы?

  • Окуучу жергиликтүү мүнөздөгү көйгөйдү чечүүгө багытталган иш-чараларга катышабы?

  • Башка критерийлер.


2. Долбоорлоо /окуучунун активдүү позициясы (жыйынтык аттестацияны өткөрүүдө кошумча баа катары):

9-класста окуучулардын 2 долбоорду иштеп чыгуусу жана болжолдуу аткаруусу: 1) инсандык-ориентацияланган жана 2) коомдук-ориентацияланган.

Долбоорлоонун негизги максаты болуп окуучунун өзүн өзү аныктоосу, турмуштук кырдаалдарга карата өз алдынчалыктын жана активдүү позициянын иштелип чыгышы, аны жүйөлөө, коомдун турмушуна активдүү катышуу, өзүн өзү реализациялоосу эсептелет.

Долбоорлоо боюнча болжолдуу багыттар:

Биринчи (инсандык-ориентацияланган) долбоор: Мен – инсанмын. Менин келечегим.

Экинчи (коомдук-ориентацияланган)долбоор: Жооптуу болуу деген эмне (үй-бүлөдө, мектепте, коомдо, жашаган жерде ж.б.).

Долбоорлоону баалоонун болжолдуу критерийлери:

Маанилүү: Долбоорлоону баалоонун критерийлери мугалим тарабынын иштелип чыгып, окуучулар окуучулар менен талкууланышы керек.


Проблема

Проблема / анын актуалдуулугу белгиленген, изилдөө/ иш-аракеттин максаттары так аныкталган

Чечимди издөө жана пландоо

Өткөрүлгөн изилдөө /иш-аракет тереңдиги, өз алдынчалыгы, чыгармачыл мамиле жасалышы, ар түрдүү методдордун колдонулушу менен айырмаланат

Долбоор боюнча маалыматтарды издөө

Маалыматтын көп сандагы ишенимдүү булактары (кагазга түшүрүлгөн, компакт-дисктер, интернет-булактар), маектер, жолугушуулар

Продукт

Өткөрүлгөн изилдөө / иш-аракет темага жана проблемалуу суроого жооп берет. Коюлган максаттар аткарылды. Бүтүмдөр логикалуу, негизделген жана коюлган максаттарга ылайык келет

Долбоордун жыйынтыктарын презентациялоо

Изилдөөнүн/иш-аракеттин жыйынтыктарын көрсөтүүнүн ар кыл формалары тандалып алынган, алар долбоордун максаттарына, материалдын мазмунуна туура келет, окуучунун салымын көрсөтөт. Сүйлөгөн сөзү ырааттуулугу, баяндоонун логикасы жана кеп маданияты менен мүнөздөлөт. Окуучулар долбоордун мазмунун кыска жана толук ачып бере алуу, кабыл алынган чечимдерди аргументтүү түрдө негиздеп бере алуу билгичтиктерин көрсөтүшөт

Топ менен долбоорлоо учурунда

Биргелешкен аракеттер, иштин графиги так пландалган, топтун катышуучуларынын ролдору бөлүштүрүлгөн, изилдөө/иш-аракеттин жүрүшүн топтоо активдүү талкулоо уюштурулган


Окуучулардын ар бири (топ) төмөнкүлөр үчүн кошумча балл алышы мүмкүн:

  • Долбоорду/долбоорлорду аткарууда оригиналдуу методдорду колдонуу

  • Долбоордун/долбоорлордун жыйынтыктарын презентациялоонун стандарттуу эмес ыкмаларын колдонуу.

Талкуулоо үчүн кошумча критерийлер:

Долбоорду жүзөгө ашыруу боюнча ишмердүүлүктү баалоо үчүн окуучулардын жарандык көндүмдөрүнүн төмөндө келтирилген тизмесин пайдаланууга болот.

Мугалим ар бир (же тандоо боюнча) критерийге белгилүү сандагы баллдарды коёт. Иштин жыйынтыгы боюнча баллдарды эсептөө жүргүзлөт. Эгер окуучу мүмкүн болгон жыйынтыктын 90 %дан 100 %га чейин топтосо – «5» коюлат, 75 % дан 90 %га чейин – «4», 50 % дан 75 %га чейин – «3».


Өзө ара аракет

Көзөмөл (мониторинг)

Таасир этүү

Билгичтик:

– кичи топтордо, комитеттерде иштөө

– угуу

– маалымат алуу, көз карашты аныктоо үчүн суроолорду берүү

– коомчулукту кызыктырган маселелерди талкуулоо

– жарандардын топторуна, кызыкчылыктар боюнча топторго катышуу

– окшош топтордун колдоосуна ээ болуу үчүн союздарды түзүү

– чыр-чатактарды башкаруу: ортомчулук, сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү, компромисс, консенсусту (макулдашуу) издөө, чечим чыгаруу

– тандалган лидердин же өкүлдүн ролунда болуу менен, мектептик жана коомдук милдеттерди аткаруу

Билгичтик:

–коомчулукту кызыктырган суроолорду талкуулоо

– коомчулукту кызыктырган суроолордун ММКда талкууланышына байкоо салуу;

– мамлекеттик чиновниктерден жана мекемелерден, кызыккан топтордон, жарандык уюмдардан маалымат жыйноо

– коомчулуктун жыйналыштарына катышуу

– жарандык көйгөйлөрдөн маалыматы бар адамдар менен маектешүү

– маалымат алуу максатында мамлекеттик чиновниктерге, эксперттерге суроолорду берүү

– маалымат алуу жана алмашуу үчүн басма жана электрондук ресурстарды пайдалануу

Билгичтик:

– добуш берүүгө катышуу

– өзүнүн кызыкчылыктарын же топтун кызыкчылыктарын көрсөтүп берүү

– петициялар менен кайрылуу

–каттарды жазуу

– коомчулуктун алдында чыгып сүйлөө

– жарандык уюмдарга, саясий партияларга, кызыкчылык боюнча топторго катышуу

– кандидатарды же коомчулукту кызыктырган маселелер боюнча позицияларды колдоо же четке кагуу

– коомчулукту кызыктырган маселелер боюнча көз караштар менен таанышуу үчүн ММК, компьютер түйүнүн пайдалануу



3. Теориялык мүнөздөгү суроолор: эссе, жазуу түрүндөгү тесттер, оозеки жооптор, докладдар, рефераттар ж.б. жардамы менен баа коюу.


Жалпысынан баалоодо окуучулардын билимин, билгичтигин, көндүмдөрүн текшерүүнүн төмөндөгү методдору колдонулат:

  • текшерүнүн оозеки түрлөрү (сурамжылоо, суроолорго оозеки жооп берүү, оозеки текшерүү иши ж.б.),

  • текшерүнүн жазуу жүзүндөгү түрлөрү (терминологиялык жат жазуу, өз алдынча иш, текшерүү иши, тематикалык реферат, тесттердин ар кыл түрлөрү).

  • Текшерүүнүн практикалык түрлөрү (практикалык иш, эксперименталдык иш ж.б.).

Суммативдик баалоодо оозеки суроонун көлөмү азаят, ал эми жазуу иштеринин көлөмү көбөйөт. Айына жок дегенде бир ирет текшерүү иштерин өткөрүү сунуш кылынат. Мындай иштерди өткөрүүдө сөзсүз түрдө текшерүү иштеринин ар түрдүү формаларын колдонуу зарыл. Окуучулардын текшерүү иштерин текшерүүдө окуучулар менен кери байланыш түзүү, аткарылган иштерди аргументтелген талдоо жүргүзүү зарыл. Бул жерде окуучунун ишмердүүлүгү бааланат, ал эми мугалимдин окуучуга болгон мамилеси коюлган баага таасир тийгизбеши керек.

Объективдүү баалоо. Баалоонун критерийлерин пайдалануу менен, окуучулардын окуудагы жетишкендиктерин баалоо (критерийлер боюнча баалоо).

Обьективдүүлүк принцибин камсыз кылуучу баалоо – критерийлер боюнча баалоо.

Критерийлер боюнча баалоо ар бир окуучунун ишмердүүлүгүн гана баалоого (бир окуучунун жообун/ишин башка окуучунун жообу/иши менен салыштырбай) мүмкүндүк берет. Окутуунун натыйжаларына карата алганда окуучунун окутулгандык деңгээлин аныктайт. Бул жерде ар бир окуучу тарабынан материалды өздөштүрүү деңгээли баалоонун критерийлерине жана тиешелүү күтүлгөн натыйжаларга жараша бааланат.

Окуучунун окуудагы жетишкендиктерин баалоонун критерийлеринин негизи болуп окутуудан күтүлүүчү натыйжалардын жыйынтык максаттары эсептелет.

Мындай баалоонун критерийлерин пайдаланууда окуу процессинин бардык катышуучулары үчүн баалоо ачык-айкын жана түшүнүктүү болот. Бул критерийлер обьективдүү баалоону камсыз кылат. Мындай баалоодо мугалим баалоонун критерийлери менен окуучуларды күн мурунтан тааныштырусу керек. Ушундай учурда гана окуучулар ар бир тапшырмага түшүнүү менен мамиле кылышат, бул болсо кийинки жетишкендиктерге жетүүгө мүмкүндүк берет.


«Адам жана коом» предмети боюнча баалоонун болжолдуу критерийлери:

1. Оозеки жооп

Оозеки жоопту баалоонун критерийлери

Оозеки жооп:

а) окуп-үйрөнүлгөн теориялардын негизинде туура болууга;

б) толук болууга; материал белгилүү бир логикалык удаалаштыкта берилүүгө;

в) материал адабий тил менен берилүүгө;

г) жооп өз алдынча болууга

тийиш.

Оозеки жоопко коюлуучу баалардын ченемдери:

  • «2» деген баа – жооптон окуучу окуу материалынын мазмунун түшүнбөгөнү же мугалимдин жетелеме суроолорунан кийин оңдой албаган олуттуу каталарды кетиргени байкалат.

  • «3» деген баа –жооп толук, бирок олуттуу ката кетирилген же жооп толук эмес, байланышсыз.

  • «4» деген баа –окуп-үйрөнгөн теориялардын негизинде жооп толук жана туура; материал белгилүү бир логикалык удаалаштыкта берилген, ошол эле учурда мугалимдин талабы менен оңдолгон 2-3 анча олуттуу эмес ката кетирилген.

  • «5» деген баа – окуп-үйрөнгөн теориялардын негизинде жооп толук жана туура; материал белгилүү бир логикалык удаалаштыкта, адабий тил менен берилген; өз алдынча жооп.

2. Жазуу түрүндөгү жооп

Жазуу түрүндөгү жоопту баалоонун критерийлери:

Жазуу түрүндөгү жоопту баалоодо төмөнкү элементтерди бөлүп көрсөтүүгө болот:

  • проблеманы ачып берүүдө өз көз карашын (позициясын, мамилесин) көрсөтүү;

  • проблеманы теориялык деңгээлде ачып берүү (негиздөөлөр менен байланышта) же жоопто терминдер менен түшүнүктөрдү пайдаланбастан;

  • коомдук турмуштун фактыларына же өз тажрыйбасына таянуу менен өз позициясын аргументтөө.

Жазуу жүзүндөгү жоопко коюлуучу баалардын ченемдери:

  • 2» деген баа проблема ачылып берилбесе же тапшырманын контекстиндеги эмес маалымат (коомдук турмуштун же өз тажрыйбасынын фактылары) берилсе коюлат.

  • «3» деген баа көтөрүлгөн проблема боюнча өздүк позициясы аргументтөөсүз тиричилик деңгээлинде берилсе коюлат.

  • «4» деген баа проблеманы ачып берүүдө өз көз карашы (позициясы, мамилеси) көрсөтүлсө коюлат. Проблема терминдерди жана түшүнүктөрдү формалдуу колдонуу менен ачылган. Коомдук турмуштун фактыларына же өздүк социалдык тажрыйбасына таянуу менен өз пикирин аргументтеген.

  • «5» деген баа проблеманы ачып берүүдө өз көз карашы (позициясы, мамилеси) көрсөтүлсө коюлат. Проблема теориялык деңгээлде, негиздөөлөр менен байланышта, контекстте терминдерди жана түшүнүктөрдү корректүү колдонуу менен ачылган. Коомдук турмуштун фактыларына же өздүк социалдык тажрыйбасына таянуу менен өз пикирин аргументтеген.

3. Практикалык иш

Баалоонун критерийлери:

Практикалык ишти баалоодо төмөндөгү элементтерди бөлүп көрсөтүү керек:

а) иште зарыл болгон ырааттуулукту сактоо;

б) окуучулар ишти аткаруу үчүн зарыл болгон билимдердин булактарын өз алдынча тандап алышат;

в) практикалык иштерди аткаруу үчүн зарыл болгон теориялык билимдерди, практикалык билгичтиктер менен көндүмдөрдү өз алдынча пайдаланышат.

Практикалык ишке коюлуучу баалардын ченемдери:

  • «2» деген баа окуучу ишти аткарууга даяр болбосо коюлат. Алынган натыйжалар туура бүтүмдөрдү жасоого шарт түзө албайт жана коюлган максатка туура келбейт. Теориялык материалды начар билери жана керектүү билгичтиктердин жоктугу көрүнөт. Окуучу начар даярдангандыктан, мугалимдин жана башка окуучулардын жетекчилиги менен көмөгү натыйжа бербейт.

  • «3» деген баа практикалык иш мугалимдин же жакшы даярданган жана бул ишти «эң жакшы» аткарган окуучулардын жардамы менен аткарылса коюлат. Ишти аткарууга көп убакыт жумшалат (толук бүткөрүү үчүн ишти үйгө берүүгө болот). Окуучулар теориялык материалды билерин көрсөтөт, бирок өз алдынча иштөөдө кыйналат.

  • «4» деген баа практикалык иш же өз алдынча иш окуучу тарабынан толук көлөмдө жана өз алдынча аткарылса, коюлат. Аткаруунун зарыл болгон ыраатынан четтөөлөр байкалат, бирок алар жыйынтыктын тууралыгына таасир тийгизе албайт (айрым аймактарды же өлкөлөрдү мүнөздөөдө типтүү пландын пункттарын алмаштыруу ж.б.). Окуучулар мугалим көрсөткөн билим булактарын колдонот. Иш окуучунун теориялык негизги материалды билерин, ишти өз алдынча аткаруу үчүн зарыл болгон билгичтиктерге ээ болгонун көрсөтөт. Иштин жыйынтыктарын берүүдө так эместиктер жана этибарсыздыктар болушу мүмкүн.

  • «5» деген баа иш толук көлөмдө тиешлеүү ырааттуулукту сактоо менен аткарылса, коюлат. Окуучулар толугу менен өз алднча иштешет: ишти аткаруу үчүн зарыл болгон булактарды тандап алышат, практикалык ишти аткарууга керектүү теориялык билимдерин жана практикалык билгичтиктери менен көндүмдөрүн көрсөтүшөт.

Талдоо

Баалоонун эң негизги этабы болуп алынган натыйжаларды балоо эсептелет. Окуу процессинде мугалим ар бир өткөрүлгөн ишке талдоо бериши керрек.

Талдоонун жыйынтыгы боюнча мугалим:

1. Окуучулар менен кери байланышты түзүүсү жана каталардын үстүндө иштөөнү сунуш кылуусу;

2. Өзүнүн ишмердүүлүгүнө өзгөртүүлөрдү киргизүүсү, мисалы:

  • окуучулар кыйналган темаларды өдөштүрүүнү улантуу;

  • окуучулардын түшүнүүсүн жакшыртуу үчүн кошумча убакыт бөлүү;

3. Окутуу методикасын көңүл бурусу, оңдоолорду киргизүүсү;

4. Календардык-тематикалык пландоону коррекциялосу керек.

4 - бөлум. Билим берүү процессин уюштурууга коюлуучу талаптар


4.1. Ресурстук камсыздоого коюлуучу талаптар


Билим берүү процессин ресурстук камсыздоого коюлуучу талаптар коомтаануу сабактарында максаттарга жетүүнү жана окуучулардын жетишкендиктеринин пландалган натыйжаларын эске алуу менен түзүлүп, төмөнкү элементтерди камтыйт:

  • Предмет боюнча окуу китептеринин же/жана алардын курамдык бөлүгү болгон электрондук тиркемелери бар окуу китептеринин, аныктамалык, окуу-методикалык адабиятттардын болушу.

  • Предмет боюнча кошумча басылма жана электрондук билим берүү ресурстары, анын ичинде Интернет.

  • Курстун темалары боюнча демонстрациялык таблицалардын, схемалардын жана башка графикалык уюштуруучулардын болушу.

  • Предмет боюнча өзүнүн графикалык уюштуруучуларын түзүү үчүн окуу каражаттарынын (кагаз, карандаштар, флипчарттар ж.б.) болушу.

  • Техикалык каражаттар (аудио-, видеоаппаратура, компьютер, проектор, көбөйтүүчү техника, интерактивдүү такта ж.б.)

  • Натыйжалуу коммуникация максатында окуу мейкиндигин өзгөртүү үчүн жеңил ыңгайлуу эмеректин болушу.

«Адам жана коом» курсунун жалпы билим берүүчү программасын ишке ашырган педагогикалык кадрлардын квалификациясына коюлуучу талаптар:

  • Билим берүү процессинин субьектиси катары адам жөнүндөгү илимдердин системасын, анын курактык, жекече өзгөчөлүктөрүн, өнүгүүсүнүн социалдык факторлорун билүү.

  • Окуучулардын эркиндиктери менен укуктарын сактоо, окуучуларга социалдык жардам жана колдоо көрсөтө алуу.

  • Педагогикалык процесстин бүтүндүгү, заманбап психологиялык-педагогикалык технологиялар тууралуу билимдердин системмасына ээ болуу, өнүктүрүүчү окутуу технологияларын билүү.

  • Окуучулардын сабактан тышкаркы ишмердүүлүгүн уюштурууну билүү.

  • Билим берүү мекемелеринин системасын жана аларды башкаруунун негиздерин билүү.

  • Билим берүү тармагында тажрыйба-эксперименттик иштерди жана изилдөө иштерин уюштуруунун негиздерин билүү.

  • Ар түрдүү типтеги билим берүү уюмдарында «Коомтаануу» курсун окутуунун заманбап методикасын билүү, окутуунун ар түрдүү каражаттарын колдонуу.

  • «Коомтаануу» курсу боюнча профилдик окутууну жүргүзүүгө даяр болуу, автордук програмаларды иштеп чыгуу.



4.2. Жүйөлөөчү окуу чөйрөсүн түзүү

1. Окуучуларды окуу-процессинде субьекттик позициялоо үчүн шарттарды түзүү (окуу диалогун жүргүзө алуу, коммуникативдик-ишмердүүлүк мамилеге негизделген сынчыл ойлом технологиясы, дебаттар, долбоорлоор методу сыяктуу билим берүү технологияларын киргизүү аркылуу өз ишмердүүлүгүн проблемалаштыруу; өзүн өзү көзөмөлдөө жана өзүн өзү баалоо көндүмдөрү);

2. Окуучулардын өзүн өзү башкаруу органдарынын ишмердүүлүгүн башкаруучулук колдоо системасын жарандык коомдун баалуулуктарына жана төмөндөн чыккан демилгелерге, демократиялык принциптерге (жеке жоопкерчилик, макулдашууга умтулуу, башкаруу позицияларынын алмашуучулугу, ой пикир эркиндиги, мүмкүнчүлүктөрдүн теңдиги ж.б.) багыттап модификациялоо.

3. Окуучунун социалдык статусун, социалдык жоопкерчилигин жогорулатууга, мектеп турмушунун баалуулугун, патриоттуулукту, жарандыкты, толеранттуу аң-сезимди калыптандыра турган атайын чөйрөлөрдү түзүү.

4. Бекем социалдык байланыштарды түзүү, ар бир окуучуда жарандык мамилелерди түзүүгө жөндөмдүлүктүн калыптанышына көмөк көрсөтүү.

Азыркы коомдун өзгөрүү тенденциялары окуучулардын билим алуу даярдыгына инновациялык мамилени талап кылат. Мектептин алдына окуучуну жаңы, тез өзгөрүүчү шарттарга даярдооо милдети коюлган. Ал төмөнкүлөрдү талап кылат:

  • окуучулардын маалыматты өз алдынча издөө, алуу, иштеп чыгуусу, алмашуусу, маалымат мейкнидигинде тез багыт алуусу үчүн жүйөлөөчү окуу чөйрөсүн түзүү;

  • окуучулардын жөндөмдүүүлүктөрүнүн толук ачылышынө өбөлгө болуучу шаттарды түзүү.

Ошентип, билимдерди активдүү түрдө, чыгармачылык менен издөө жана алуу проблемасы бүгүнкү мектептин алдында курч коюлуп отурат. Окутуу жана тарбиялоо процесси мамлекет мектептин алдына койгон бүтүрүүчүнүн идеалдуу моделине жакындоого көмөк көрсөтүшү керек, ал өзүн инсан, демократиялык жарандык коомдун идеалдарын активдүү алып жүрүүчү катары сезген, башка маданияттардын баалуулуктарын сыйлаган, креативдүү жана сынчыл ойлонгон, таанып-билүүгө, чыгармачылыкка жана өзү алдынча билим алууга жүйөлөнгөн бүтүрүүчү болуп саналат.

14



Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!