СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

"Как привлечь мужчин при решении проблем женщин и детей?"(на кыргызском языке)

Категория: Литература

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«"Как привлечь мужчин при решении проблем женщин и детей?"(на кыргызском языке)»

Ажымүдүнова Сыдырым Ишенбековна

Ысык-Көл облусу, Түп району,

Сан-Таш айылы

«Аялдарга жана балдарга тиешелүү маселелерди чечүүгө эркектерди кантип катыштырыш керек?

Бул суроого жоопторду жазууда үй-бүлө темасы талкуулануусу абзел экени ачык-айкын. «Үй-бүлө кичинекей мамлекет»,- демекчи бардык жүрүм-турум ушул кичинекей мамлекеттен башталат.Дегеним, эркек балдарды тарбиялоодо ата-эненин тарбиясы чоң роль ойнойт.Кичинекей кезинен тартып, ата-эне балдарды жоопкерчиликке, эрежелерди сактап, үлгүлүү жүрүм-турумга багыт бериши керек жана келечекке олуттуу көз караш менен кароого да үйрөтүү абзел.Жөнөкөй эле турмуштук мисалдарды алалы, бала мектептеги майда-чүйдө нерселерди айтып келсе, же жана башка жагдайларды.Аны ушул учурдан баштап коомго аралашып, турмуштук жагдайдагы маселени өз алдынча чечүүгө үйрөтсөк жакшы болот эле.

Азыркы заманыбыздын чоң көйгөйү эркектердин көпчүлүгүнүн шалаакылыгы жана жоопкерчиликсиздиги.Мен көп мезгилден бери ушул темада бир ой-толгоо жазгым келип жүрдү эле, шарт түзүп жакшы теманы сунуштаган уюштуруучуларга ыраазычылык.Коомубуздагы бул көйгөй менталитетке да байланыштуу болуп калган деп эсептейм, чындыгында.Анткени көп аймакта гендердик теңдүүлүк жок.Келин,кыз, жалпы эле аялзатын алсыз жана коомдо өз оюн ачык айтпастан, жөнөкөй тил менен айтканда кың дебей оокат менен гана алектенүүсү керек.Бул маселени чечүүдө деле үйдөгү ата-эне тарбиясына барып такалат.Баласынын дүйнө таанымын кеңири кылып, аялзатынан мурда эркек адамдардын жоопкерчилиги чоң опол тоодой экендигин сездириш керек деп ойлойм.

Эркектерди маселе чечүүгө катыштыруу үчүн үй-бүлөдөгү эң жөнөкөй нерселерди кылдырып башынан көндүрсөк, балдарынын ата-энелер жыйналышына жөнөтүп,балдарга көп көңүл буруу керектигин эскертип,өспүрүм курактагы балдары болсо көп баарлашып, балдарынын кызыгууларына көңүл бурдуруп жана кайсы багыттагы чыгармачылыкка жөндөмдүү болсо ошол ийримдерге жаздырып дегендей.Анан кыргыздын көпчүлүк аялзатынын кемчилиги бул көп жоопкерчиликти өз моюндарына башынан эле алып алышат.Албетте бул нерсе шаардыктарга башкача угулушу мумкун, анткени мындай жагдайлар көпчүлүгү айыл-аймактарда көп кездешет. Аялдар үй-тиричилигин да, эшиктеги эркектердин жумуштарын да аткарып, күйөлөрүн башынан жаман көндүрүшөт.Ооба кээ бир учурда эми жардам берип калган учур болот эми, бирок дайыма эмес да. Анан балдары чоңойгондо аларды ошол көр тиричиликке жумшап башташат.Баягы эле сценарий башталат.Эркек ыңгайлуу жашоого көнүп алат.Коомдо бардык эркек ушундай дегенден алысмын.Бирок арасында бар.Ошондуктан эркектерди жоопкерчиликти сезе билгидей мамиле кылыш өзүбүздөн башталат ,айымдар. Немистердин белгилүү акын- сатириги Вилгельм Буш айткандай «Ата болуш оңой, атанын милдетин аткарыш кыйын» Улуу акындын сөзү өзү эле ата милдетин аткаруу канчалык чоң жоопкерчиликтүү, кыйын экендигин айгинелеп турат.Балдарды тарбиялоодо дагы жолдошторун башынан тарбиялоого катыштырып, таалим – тарбия, насаат сөздөрү өзүнүн жүрүм-туруму менен тарбиялоосу керектигин сездириши зор иш болоор эле. «Уядан эмнени көрсө учканда ошону алат»-дейт биздин кадырман калкыбыз, күнүмдүк турмуштагы, жакшы адаттар, жоопкерчиликтүү болуу, аялзатына аярлап мамиле кылуу, башка адамдарды ой-пикирин сыйлоо менен балдардын келечекте жакшы багытта чоңоюшуна чоң өбөлгө болот.

«Адамдын жаман-жакшысы туулгандан эмес,көргөн тарбиясынан»,-деп кадырман калкыбыздын жакшы макалында айтылгандай мырзаларды маселелерди чечүүдө улуу адамдарыбыз башка мырзалар үчүн үлгү болуп беришсе да чоң өзгөрүү болуп, жакшы болот.Бирок биз мындай пикирибизди айтканыбыз менен биздин ойлогон оюбузду кыстаган турмуш жеңип кетет чындыгында. Маселен, биздин эле жөнөкөй турмуш шаар жеринде жашоо шарт кыйын, ал жакта үйү жок, жумушу жок адамдарга кыйын, көп нерселердин баасы кымбат.Көпчүлүгү жаш бүлөдөгү аталар жумуш менен алектенет.Маңдай тери менен тапкан акчалары күнүмдүк кем-карчылардан ашпайт.Кээде алар жумуштан ушунчалык чарчагандыктан, балдарына деле көңүл бурууга дарманы келбей чарчашат.Акыры жүрүп чет өлкөлөп кетишет, ал жакта маяна жогорураак -бул ачуу чындык.Азыр Кыргызстандын атуулдары көбү Россияда, Бириккен Араб Эмираттарында,Болгария,Турция деги койчу санасаң саны түгөнбөйт биз жүргөн мамлекеттер.Анан Бул да мамлекеттик деңгээлде чечилчү маселе деп ойлойм.Өлкө башчыбыз Садыр Нуркожоевич жаш үй-бүлөлөрдү колдоп 100 миңден акча берди эле, ушуну менен эле чектелбестен дагы да, завод, фабрикаларды ачып, жумуш орундары менен , жакшы маяна менен жаш бүлөлөргө көмөк көрсөтүшсө бир аз да болсо маселе чечилип баштайт.

Кечээ жакында интернет айдыңынан бир маалымат окуп калдым. Анда Кыргыз Республикасынын үй-бүлө мыйзамдарына өзгөртүү киргизилет деп окуп калдым.Тагыраагы үй-бүлө кураардан мурда нике келишимин түзүп жана баш кошуу жөнүндө.Чындыгында бул божомол ишке ашабы же ашпайбы чындап келечекте көрөбүз.Бирок мен бул маалыматка токтолгонум ушул нерсени колдоор элем.Анткени үйлөнөөрдөн мурда ошол нике келишимине конкреттүү, даана,так пункттарды киргизсек.Биринчи кезекте эркектердин аялзатына болгон жоопкерчилигин тактаган.Мисалы, кандай милдеттерди аткарыш керек, үй-бүлөлүк маселелерди чечүүдөгү ролу, каржылык маселедеги ролу же балдарды багуудагы, тарбиялоодогу жана аларды коомго көндүрүүдөгү анын ролу,Албетте эми анда аялзатынын ролу да камтылат да эгер ишке ашса.Ошондой кагаз жүзүндө болсо эркектер өзүлөрүнүн милдетин эскерип, көз алдында болуп турат деген ойдомун.Биринчи ирээтте мамлекет колго алса эле көп нерсе орундалат.Антпесе өлкөдө ажырашуулар көбөйдү эле, көп эркектер алимент төлөбөй жүрүштү бир кыйла убакыт.Мамлекет катуу көзөмөлгө алгандан кийин жан талашып төлөп башташты, карызым очойуп кетпесин деп анан ушул эркектердин милдеттерин деле көп эскертип турса мамлекеттик деңгээлде үй-бүлөлүк жашоо шарт жакшырат беле.

Жогорудагы ой-пикирлеримди айтуу менен мен эркектерди аялзаты, балдарга байланыштуу маселелерди чечүүгө тартууда негизги оюм үй -бүлөдөн , баштапкы баскычтардан гана негизделет деген ойдомун.Бизди келечек муундарга үлгү кыла турган, тукумубузду илимдүү-билимдүү кылып, атыбызды да ай ааламга тарата турган эң күчтүү адамдар булар- биздин улуттун мырзалары.Андыктан ар бир аялзаты биз уулдарыбызды татыктуу тарбия берип, инсандык баалуу касиеттерди алып жүрүүгө, башка адамдардын ой-пикири менен эсептешүүгө, келечекке конкреттүү максаттарды коюу менен аларга жетүүгө умтулууга багыт берип жана аялзаты алсыз , алардын колунан эч нерсе келбейт, « алардын орду бир гана ашканада»,-деген эски стереотиптерден арылтуубуз кажет деген ойдомун. Анан дагы менин кошоюн деген дагы бир оюм, ажырашкан эркектерге бир чара колдонушса деп ойлойм.Айтайын дегеним, көпчүлүк эркектер аял алып, төрөтүп анан ажырашып андан соң дагы аял алып башкача айтканда чара көрүлбөй чартаңбай тээп жүрө беришет.Мындай турмуштук окуялар аябай көп.Маселен, Турцияда эркектер ажырашса аялына, балдарына үйүн таштап чыгып кетиши шарт, Ошондуктан алар, аялына жармашып жашашат , жоопкерчиликтин барын жакшы аткарышат деп укканмын.Бизде тескерисинче аялын 3 баласы болсо да кууп чыгарып жатышат.Жөнөкөй адамдардын көйгөйү ачыгын айтканда көбү көмүскөдө калат.Бизге дагы ушундай сыяктуу мыйзамдарды иштеп чыкса бир жыйынтык болот беле деген ниеттемин…


Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!