СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Сергек жашоо мүнөзү

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Сергек жашоо мүнөзү»

Бекитемин: __________________________

мектеп мүдүрү Турганбаев К. М.

Жапар Шабиров атындагы жалпы орто билим берүү мектебинин 7 «б» класссында «Сергек жашоо мүнѳзүнѳ тарбиялоо» боюнча 2018 2019 окуу жылында ѳтүлүүчү тарбиялык сааттардын иш планы

Ѳтүлүүчү сабактын темасы

Мѳѳнѳтү

Негизги компетенттүүлүктѳр

Күтүлүүчү натыйжалардын кѳрсѳткүчтѳрү

Баалоо

1

Сергек жашоо мүнѳзү.

Сентябрь

  1. Сергек жашоонун компенеттери, мүнѳзү менен таанышат. Жаман адаттар, туура тамактануу, күн тартиби, спорт менен машыгуу, ачык маанай, таза аба, ооруларды алдын алуу ж. б. боюнча алгачкы маалыматтарды алат.

  2. Ѳзүнүн оюн айтууга, далилдей алууга, жашоодон алынган, кезиккен мисалдар менен айтып түшүндүрѳ алууга кѳнүгѳт.

  3. Ѳзү турмушта сергек жашоодо жашаганга умтулат. Сабактан алган маалыматтарын турмушта колдонууга аракет кылып, туура тамактанганга, спорт менен машыкканга кѳнѳт, жаман адаттардан алыс боло алат.

  1. Сабак максатына жетет эгерде, окуучу сергек жашоо мүнѳзү жѳнүндѳ билсе, туура тамактануу кандай болот билсе, ѳзүнүн күн тартибин жазып, жаман адаттар ж. б. боюнча тапшырмаларды аткара алса.

  2. Сабактан алган маалыматтарын башкаларга айтып бере алса, туура тамактануу кандай болоорун, спорттун түрлѳрү, күн тартиби менен башкалар менен ой бѳлүшѳ алса.

  3. Сабактан алган маалымат, кѳндүмдѳрүн турмушта колдоно алса. Спорттун кай бир түрү менен машыга алса. Туура тамактанууга аракет кылса. Жаман адаттардан алыс болууга аракет кылып, башкаларга да сунуштай алса.

Сыпаттама, анализдоочу, калыптандыруучу баалоо

2

Мен ѳзүм жѳнүндѳ эмне билем?

Октябрь

  1. Дени сак болуу учун, эмне кылуу керек, пайдалуу тамак – аштар, дарылар, оорулардын пайда болушу, дене түзүлүшү, микробдор жѳнүндѳ маалымат алат.

  2. Ооруларды санай алат, кайсы дарыны кандай ооруда ичет, кандай болгондо адам ооруп калат ж.б жѳнүндѳ талкууга катышып, оюн айтып бѳлүшѳ алат. Турмуштан алынган кѳргѳн, билгендери менен классташтарына айтып. Алардын оюн уга билүүгѳ кѳнүгѳт.

  3. Оорубаш үчүн ѳзү туура кийинип, тамактанууга аракет кылат. Ата – энеси жок дары ичпеш керектигин, кайсы тамактар пайдалуу экендигин үй шартында туура колдонот жана башкаларга да сунуштай алат.

  1. Дени сак болуп, капысынан ооруп калбаш үчүн эмне кылуу керек экендигин билсе.

  2. Оорулардын кандай болоорун, дарыларды кантип ичүү керектигин, ата –эне, догдурдун кѳрсѳтмѳсү жок дары колдонбош керектигин класста ой бѳлүшүп, берилген тапшырмаларды аткара алса.

  3. Класстан алган кѳндүмдѳрүн турмушта туура колдоно алса жана дары – дармектердин туура колдонулушу боюнча кичинекей балдарга айтып түшүндүрѳ алса. Ѳзү ооруп калбаш үчүн туура кийинип, тамактана алса.

Бири – бирин баалоо, сыпаттама баалоо.

3

Спорт – биздин жашообузда.

Ноябрь

  1. Спорттук иш – чаралар боюнча, мелдеш боюнча билимдерге ээ болот.

  2. Команда үчүн иштей алат. Утууга, максатка жетүүгѳ болгон кѳндүмү ѳсѳт.

  3. Ден соолугун чындайт, спорт менен кѳбүрѳѳк машыгат.

  1. Сабак максатына жетет эгерде, окуучу мелдешке катыша алса. Спорттун бардык түрлѳрү пайдалуу, дени соолукту чыӊдоого жардам берээри тууралуу билсе.

  2. Команда үчүн иштей алса, максатка жетүү, жеӊишке жетүү кѳндүмү ѳнүксѳ.

  3. Спорттун кайсы бир түрү менен болсо да машыга баштаса.

Суммативдик, формативдик баалоо.

4

Мен эмне туура эмес экендигин билем.

Декабрь

  1. Наркотик, алкоголдук ичимдиктер, тамеки тартуу, насвайдын зыяндары, жаман адаттар тууралуу кенири маалымат алат.

  2. Бул жаман адаттар тууралуу класста талкууга катыша алат, турмушта жолуккан, кѳргѳн окуялары менен бѳлүшүп, алардын аябай зыян экендигин далилдеп бере алат.

  3. Келечекте бул жаман адаттардан алыс болууга умтулат. Колдонбогонго аракет кылат. Башкаларга да сунуштай алат.

  1. Наркотик, алкоголдук ичимдик, тамеки, насвай жѳнүндѳ кеӊири маалымат алып, ѳзүнүн мурунку билимдерин тереӊдете алса.

  2. Бул жаман адаттар боюнча ѳз оюн айтып, далилдей ала турган болсо. Талашып, тартышуу, анализдѳѳ, жыйынтык чыгара билүү кѳндүмү ѳссѳ.

  3. Турмушта бул жаман заттарды колдонбосо. Башкаларды да кѳндүрѳ алса.

Сыпаттама, лидердин баалоосу, бири – бирин баалоо.

5

Менин дене түзүлүшүм. Ал кандай?

Январь

  1. Адамдын денесинин түзүлүшү боюнча маалымат алат жана кайсы органга кандай гигиена керектиги боюнча билимдерге ээ болот.

  2. Ой жүгүртүү, элестѳѳ кѳндүмдѳрү ѳсѳт. Ѳзүнүн кылган ишине отчет берүү, жоопкерчиликтүү мамиле кылууга кѳнүгѳт.

  3. Алган билимдерин турмушта колдонгонго аракет кылат жана башкаларга да сунуштайт. Мисалы, китепти туура, жатпай окуйт, партага туура отурганга кѳнѳт, туура басууга кѳнѳт ж.б.

  1. Адамдын денесинин түзүлүшүн, ар бир орган кайда жайгашаарын билсе. Ар биринин ѳзүнчѳ гигиенасы боюнча маалымат алса.

  2. Ѳзүнѳ жоопкерчиликтүү мамиле кылууга кѳнсѳ.

  3. Ѳзүнүн ден соолугуна кам кѳрүүгѳ аракет кылса.

Ѳзүн – ѳзү баалоо

6

Күн тартиби же менин жашоо образым.

Февраль

  1. Күн тартиби боюнча маалымат алып, анын кандай болушу керектиги жѳнүндѳ билимдерге ээ болот. Тазалык, витаминдер, туура тамактануу боюнча билимдерге ээ болот.

  2. Ѳзүнүн күн тартибин түзѳ алат. Анализдеп, жыйынтык чыгарганга кѳнүгѳт.

  3. Ѳзүнүн күн тартибин ѳзгѳртүүгѳ аракет кылат. Туура сергек жашоо мүнѳзү менен жашаганга аракеттенет.

  1. Күн тартибине эмнелер кирет билсе.

  2. Ѳз күн тартибин жазып, сүрѳттѳп, ага анализ бере алса.

  3. Күн тартибин туура жагына ѳзгѳртүп, сергек жашоо мүнѳзү менен жашаганга аракет кылса.

Сыпаттама, ѳзүн – ѳзү баалоо.

7

Гаджеттер. Мага керекпи же менин тандоом.

Март

  1. Гаджеттер боюнча маалыма алат. Телефон, телевизор, компьютер, планшет, плейстейшн, наушниктердин зыяндуулугу жана пайдасы жѳнүндѳ маалыматка ээ болот.

  2. Класста талкууга катышып, талашып – тартышкандын негизинде оюн далилдей алганга, андан туура жыйынтык чыгарганга кѳнүгѳт.

  3. Гаджеттерди туура колдонгонго аракет кылат. Кѳп колдонбоону башкаларга да сунуштай алат.

  1. Гаджеттер боюнча толук кеӊири маалыматка ээ болсо.

  2. Гаджеттер бонча талкууга катышып, зыяндуулугу, пайдасы боюнча ой – пикир айтып, оюн далилдей алса. Туура жыйынтык чыгара алса.

  3. Гаджеттерди колдонууда гигиенаны сактаса. Башкаларга да туура ой сунуштап, аларды кѳндүрѳ алса.

Ѳзүн – ѳзү баалоо, бири – бирин баалоо.

8

Таза аба же тазалык ден соолуктун булагы.

Апрель.

  1. Айылдагы жана мамлекеттеги тазалык боюнча маалымат алат. Ѳзүнүн тазалыгы боюнча пайдалуу маалыматтарга ээ болот.

  2. Айылдагы тазалыкка мүнѳздѳмѳ берип, мамлекеттеги тазалык боюнча айтып бере алат. Ѳзү таза болууга, үйүн таза кармоого, мектептеги тазалыкты сактоого жардам берууго кѳнүгѳт. Жоопкерчиликтүү болууга кѳнѳт.

  3. Кѳчѳдѳн таштанды таштабаганга аракет кылат. Мектепти, классты, ѳзүн таза кармайт.

  1. Айылдын, мамлекеттин тазалыгы, тазалык маселеси боюнча маалыматка ээ болсо. Таза аба сергек жашоонун негизи экендигин билсе.

  2. Класс, мектептин тазалыгы боюнча деги эле тазалык боюнча оюн башкаларга айтып, башкалардан уккан маалыматтар менен ѳзүнүн маалыматын кенейтсе.

  3. Классты, мектеп, үйдү таза кармаса. Тазалык иш – чараларына активдүү катышса.

Ѳзүн – ѳзү баалоо, бири- бирин балоо

9

Туура тамактануу

Май

  1. Туура тамактанунун негизи, пайдалуу азык заттар, витаминдер тууралуу маалымат алат. Кээ бир жашылча – жемиштерди, азыктардын курамы менен таанышат.

  2. Класста ѳз оюу менен бѳлүшүп, башкалардын оюн уга билет. Негизгини болуп кароо, оз алдынча жыйынтык чыгара билүү кѳндүмү ѳсѳт.

  3. Туура тамактанат. Витаминге бай жашылча – жемиштерди кѳп жегенге аракет кылат.

  1. Эгерде окуучу азык – заттар, витаминге бай жашылча – жемиштер жонундо билсе. Туура тамактанунун негизини муноздоп берсе.

  2. Оз оюу менен болушуп, туура жыйынтык чыгара алса.

  3. Туура тамактанса, жашылча – жемиштерге бай тамактарды коп жеп, башкаларга да сунуштай алса.

Ѳзүн – ѳзү баалоо

10

КР ССМ жана менин ден соолугумду чындоо үчүн укугум. Милдетим.

Май

  1. КР саламаттыкты сактоо министрлигинин мыйзамдары менен таанышат. Мекемелер менен жана балдардын укугу жана милдеттери менен таанышат.

  2. Билгендери менен бѳлүшүп, ѳз оюнун тууралыгын тактай алуу, маалыматты туура кабыл алуу, жеткирүү кѳндүмдѳрү ѳсѳт.

  3. Турмушта мекемелерге барганда, класстан алган маалыматтарын колдонот.

  1. КР ССМ деги буйрук, закондорду айта алса. Мекемелери жѳнүндѳ маалымат билсе.

  2. Билгендери боюнча ой бѳлүшүп, башкалардан алган маалыматтын негизинде туура жыйынтык чыгаруу кѳндүмү ѳссѳ.

  3. Күнүмдук турмушта класстан алган билимдерин туура колдонууга аракет кылса.

Бири – бирин баалоо, суммативдик баалоо.




Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!