СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Сармерден 2015-жыл.

Категория: Истоки

Нажмите, чтобы узнать подробности

"Сармерден"

Просмотр содержимого документа
«Сармерден 2015-жыл.»

Хор: «Сармерден»

Жаныртып бүгүн салтыбыз,

Чогулдук мында баарыбыз.

Сармерден айтып ырдайлы,

Жазылсын биздин жарпыбыз.

Кайырма: Ынтымак элге ыр-күлкү,

Тартуулап келген сармерден,

Өркүндөп өскөн өнөрдүн,

Майрамы экен сармерден.

Ташкындап турган талантты,

Таанытып келген сармерден.

Буулугуп жаткан шумкарды,

Шаңшытып берген сармерден.



Саламдашуу:Кожобекова Айгерим

Кыргыз, кылымдардан кылым аркалап, кыйыр жолду басып, көчүп-конуп, ак карлуу ашуу ашып, коломтодон от өчүрбөй түтүн буулатып, өргө которуп, тукум улантып, куш салып,тайган агытып, кылыч кармап, душман багынтып, желеге кулун байлап, дүркүрөтүп төрт түлүк малын айдап, «Кыргыз» деген аты кылымдар өчүрбөй өмүр өтөгөн.

Баатыр уулу Мирислам:

Жараткан теңир колдоп,

Суулайман тоосу төп келген.,

Ак-Буура суусу көрк берген,

Мекенибиздин экинчи борбор шаары болгон,- 3014 жылдык тарыхы бар, ордолуу Ош шаарыбыздын күн батыш тарабынан орун алган айтылуу №11 В.В.Терешкова мектеп-интернатында

Кыргоолду атат бир мерген,

Кыргыз эл баалап сын берген.

Кыйындарды чогулткан,

Кызыктуу биздин сармерден демекчи кыз-жигит ортосундагы «Сармерден» оюнунда жүз көрүшүп отурабыз, андыктан саламатсыздарбы? Таалыкпай таалим берген, окуучунун камын жеген ардактуу кесиптин ээлери болгон сүйүктүү агай-эжейлер жана келечектен көптү үмүттөндүргөн кымбаттуу окуучулар…

Айгерим: Ошондой эле

Жүзү суудай тунук,

Мартабасы бийик,

Кичүүгө өрнөк болгон,

Жакшыларга өбөк болгон.

Адамдын адалын билген,

Достуктун адилин билген.

Кургак жерге тамчы болгон,

Зөөкүрдүгө камчы болгон.

Таразадай так болгон,

Калыстар тобу, бүгүнкү сармерденге куш келиңиздер!

Кыргыздар сөздүн чебери,

Кыргыздын күмүш кемери.

Кыргыздын салтын жоготпой,

Кыргызча салам берели.



Мирислан: Ассалоому алейкум,

Кадырман элим аманбы?

Амандашып жалпына салам айтсам жаманбы?

Келтирип айтам саламды,

Кутмандуу элим аманбы?

Кымбатым өскөн жер мекеним,

Бактылуу бир балаң экенмин,

Атамдай алпештеп өстүргөн,

Нанынды актаар бекенмин,-демекчи кезекти 6 «А» классынын окуучусу Жаанбаев Азатка беребиз.

Айгерим: Анда эмесе силерге жооп кылып 9 «Б» классынын окуучусу Мырзаева Чынара ырдайт.

Ырда жигит, ырда кыз,

Ырдаганга не жетсин.

Бийле жигит, бийле кыз,

Бийлегенге не жетсин. Шаңдуу кол чабуулар менен сиздер үчүн «Кыргыз бийи».

Мирислан: Силердин бийинерге жооп кылып, биздин шок жигиттер «Кара жорго» бийине бийлеп беришет.

«Эне» деген ыйык туткан асылзат,

Ак жүзүндө мээрим нуру чачырайт.

Бул дүйнөнүн ачуусу да, таттуусу,

Энекемдин күлкүсүнөн байкалат,-дегендей 8 «А» классынын окуучусу Сатыбалдиев Сыймыктан энелерге арналган жакшы ыр жаңырсын.



Айгерим: Силерге жооп болуп энелер үчүн 6 «Б» классынын окуучусу Бекназар кызы Айзат ырдайт

Кыргыз тили улуу дайра кечкен тил,

Өлүм, өмүр таржымалын чечкен тил.

Кыргыз тилге башка элдер суктанып,

«Манас» баткан океанбы дешкен тил,-дегендей 8 «Б» классынын окуучусу Абдылда кызы Кулпунайдан көркөм окуу болсун.



Мирислан: Анда эмесе 6 «Б»классынын окуучусу Аманбек уулу Сүйүнбек жооп кылат.

Жаагын, жаагын ак карым,

Сени кандай сагындым.

Дайым сени күтө берем,

Декабрдын баш жагын,-демекчи 6 «Б» классынын окуучусу Алмаз уулу Өмүргө кезекти берели

Айгерим: Силерге жооп кылып Кулпунай ырдасын.

Эчкинин көркү сакалда,

Сөздүн көркү макалда, дейт Мирислан кезекти макал айтышууга берели.

Мирислан: Билим гүлун сепкенин,

Билим алтын мектебим.

Ата-энеден артыкча,

Айткан акыл кептерин, демекчи мугалимдерди даңктап 9 «А» классынын окуучусу Абдисатаров Бегали ырдасын.

Айгерим: Анда эмесе силерге жооп кылып 7 «А» классынын окуучусу Мелисбек кызы Айселки ырдайт.

Кел эми Мирислан кезекти табышмак айтышууга берели.

Мирислан: Басканы сонун маралдай,

Биздин Ала-Тоонун кыздары ай,-демекчи 8 «А» классынын окуучусу Тенишбек уулу Мадиярдан силер үчүн бир чыгарма болсун.

Айгерим: Токсон канат боз үйүндө чоңойгон,

Толкундай бол кыргызымдын жигиттери

Токсон тогуз өнөрдүн ээси бол деп,

Тоолук эне төрөгөн сени, мени,-демекчи 7 «Б» классынын окуучусу Таирбекова Фатимадан силерге жооп болсун.

Намысты колдон алдырбай кезекти жанылмач айтууга берели.

Мирислан: Кезекти кыз-жигит айтышына берели.

Кыргыздын болгон экен жери кенен,

Тоолук эл чексиз жерди мекендеген.

Эл-жерин жоодон сактап коргоп турган,

Жолборстой батыр уулу Манас деген,-демекчи 6 «А» классынын окуучусу Дуйшеев Эльдияр манас айтып берсин.

Хор: «Эр Манастын элинде»

Айгерим: Ар нерсенин аягы бар, башы бар,

Кендин дагы алтын дилде ташы бар.

Бул турмуштун сыноосуна чөкпөстөн,

Ар убакта ачык болсун жолунар.

Мирислан: Ушуну менен биздин «Сармерден» сынагыбыз соңуна чыкты. Көнүл бурганыңыздар үчүн чоң ырахмат!






Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!