Уюштуруу | 2мүн | Саламдашуу. Кел досторум ынтымакта бололу, Капалашып калсак эгер, Кечиришип койолу, Коздор, козго тике карап, Бир жылмайып койолу. Сабакты улуу жазуучубуз Ч.Айтматовдун “Адамга эӊ кыйыны, күн сайын адам болуу” Хосе Марти “Эӊ кыйын кесип – бул адам болуу” деген сөзү менен баш-т. | Саламдашат. Окуучулар кол кармашып, ырды чогуу ырдашат жана бири-бирине жылмаюу тартуулашат. Адам күн сайын өзүн-өзү өнүктүрүп, тарбиялап туруусу керек. | НК 1 НК 2 | КБ Оозеки мактап туруу |
Үй тапшырма- сын текшерүү Жаӊы теманы түшүнүү жана кабылдоо | 3мүн 20мүн | “Аукцион” ыкмасынын жардамы менен үй тапшырмасын суроо. Аукционго кыргыз тилинин сөздүк курамы, диалектилик сөздөр коюлат. Аукцион ыкмасынын тартиби менен тааныштырат. Балдар, силер ватманга бир кесипке тиешелүү сөздөрдү кластер стратегиясын колдонуп жазгыла. Өзүӊөрдү бир кесиптин ээси катары сезгиле. Мисалы,куруучулук кесипке: чийме, цемент, фундамент, ченегич ж.б. 1-топ мугалимдик 2-топ дарыгерге 3-топ жазуучулук 4-топ сүрөтчүлүк кесипке тиешелүү сөздөрдү жазышат. | Окуучулар аукционго активдүү катышып, өз ойлорун кеӊири айтышат. Окуучулар деӊгээлине жараша топторго бөлүнүп, ар бир топ өзүнө берилген тапшырманы аткарышат. Ар бир топ жазган иштерин жакташат. | НК 1 НК 2 НК 3 | КБ ЖБ |
Алган Билимди Бышыктоо Бышыктоо Үй тапшырма Берүү Баалоо | 7мүн 2мүн 10мүн 3мүн 2мүн | Сабактын темасы жарыяланып, окуучулар менен биргеликте сабакка максат коюлат. Окуучулардын оюн жыйынтыктап, слайдтын жардамы менен жаӊы тема түшүндүрүлөт. Тилдин сөздүк курамынын ичинде ар кандай кесипчиликке байланыштуу байланыштуу жана күндөлүк турмушта анчалык кеӊири колдонулбай турган сөздөрдү кесиптик лексика дейбиз. 2-тапшырма. Китеп менен иштөө. 130-көнүгүүну топтор оозеки аткарышат. 1-топ 131-көнүгүү, 2- топ 132-көнүгүү, 3-топ бир кесип жөнүндө кыскача эссе 4-топ бир кесипке байланыштуу сүрөт тартуу. Анаграммалар: Тамгалары адашып ката жазылган кесиптерди туура жазабыз: павор-повар, ссирак-кассир, мольде-модель, тордок-доктор, гамулим-мугалим ж.б 3-тапшырма. Ырды көркөм окугула. Ар бир кесипке таандык сөздөрдү улап жазгыла. 1-топ. “Маляр” 2-топ. “Жумушчу” 3-топ. “Учкучтардын ыры” 4-топ. “Плотник” “ Мен келечекте...болом” деген темада эссе жазуу. Окуучулар билимине, аракетине жараша бааланат. | Сабакка максат түзүшөт. Слайд аркылуу кесиптин түрлөрү жөнүндө маалымат алышат. 1-топ мугалим 2-топ дарыгер 3-топ жазуучулар 4-топ сүрөтчү деген ысым берилет. Ар бир топ өздөрүнө берилген тапшырманы тез жана так, туура аткарышат. Адашып ката жазылган кесиптерди, тууралап жазышат. Тез жана сулуу жазууга көнүгүшөт. Окуучулар ар бир кесипке таандык сөздөрдү улап жазышат. Тапшырманы күндөлүктөрүнө жазып алышат. Алган бааларын күндөлүктөрүнө койдурушат. | НК1 НК 2 НК 3 НК 2 НК 3 НК 2 НК 3 НК 2 НК3 | КБ ЖБ |