Күндөлүк сабактын планы
Классы: 7-класс 2-чейрек
Предмет: Алгебра
Окуу китебинин аталышы: Алгебра авторлор:
Сабактын темасы: Маселе иштөө
Сабактын максаты: | Күтүлүүчү натыйжа,көрсөткүчтөр: |
- Билим берүүчүлүк: Маселе чыгарууда предмет ичиндеги байланыштарды аныктай билүүсүн калыптандырышат жана жаңы ыкмалар менен иштөөгө үйрөнүшөт; - Өнүктүрүүчүлүк: Сабакта алган билимин башка сабактарда колдоно билишет, анализдөөнү жана өз алдынча иштөө жөндөмдөрүн өнүктүрүшөт; -Тарбия берүүчүлүк: Жоопкерчиликке, эмгектенүүгө, топто иштөөгө, кандайдыр бир иш аракеттерге баа берүүгө, бири-бирин сыйлоого тарбияланышат. | -Сабак максатына жетет,эгерде: Маселе чыгарууда предмет ичиндеги байланыштарды аныктай билүүсүн калыптандырышат жана жаңы ыкмалар менен иштөөгө үйрөнүшсө; -Сабак максатына жетет,эгерде: Сабакта алган билимин башка сабактарда колдоно билишет, анализдөөнү жана өз алдынча иштөө жөндөмдөрүн өнүктүрүшсө; -Сабак максатына жетет,эгерде: Жоопкерчиликке, эмгектенүүгө, топто иштөөгө, кандайдыр бир иш аракеттерге баа берүүгө, бири-бирин сыйлоого тарбияланышса. |
Сабактын тиби: Комбинацияланган сабак;
Сабактын формасы: Аралаш;
Сабактын методу: Интерактивдүү (мугалим менен окуучулар, мугалим менен окуучу, окуучу менен окуучу, окуучу менен компьютер);
Баалоо усулу: Мугалимдин баалоосу, бири-бирин баалоо, калыптандыруучу баалоо ыкмалары;
Сабак аралык байланыш: Математика, геометрия, информатика, физика,адабият.
Колдонулуучу окуу каражаттары: окуу китеби,иш дептерлери, методикалык колдонмолор,карточкалар, плакаттар;
Сабактын жабдылышы: Компьютер, интерактивдүү доска, маркер, экран,
бор,китеп
Сабактын регламенти |
№ | Сабактын этаптары | Убактысы | |
| Уюштуруу | 3 мин. | |
| Үйгө берилген тапшырманы текшерүү | 8 мин | |
| Маселе иштөөнүн ыкмалары | 5 мин | |
| Маселе иштөөгө тажрыйба көрсөтүү | 10 мин | |
| Маселе иштөө | 8 мин | |
| Теманы бышыктоо, системалаштыруу | 5 мин | |
| Сабакты жыйынтыктоо | 3 мин | |
| Үй тапшырмасы | 2 мин | |
| Баалоо | 1 мин | |
Сабактын жүрүшү: | Компетенттүүлүк |
№ | Сабактын этаптары | Мугалимдин иш аракеттери | Окуучунун иш аракеттери | Баалоо |
| Уюштуруу | Саламатсыңарбы окуучулар!Азыр биз сабакты баштоодон мурун жагымдуу маанай түзүп, бүгүнкү келген коноктор менен саламдашып алсак. | Мугалим менен саламдашат жана коноктор менен саламдашышат.Жагымдуу маанай түзүп окуучулар бири-бирине комплимент айтышат | |
| Үйгө берилген тапшырманы текшерүү | Кана балдар, өтүлгөн тема боюнча кайталоо ирээтинде берилген үйгө тапшырма боюнча слайд тесттеги суролорго жооп беребиз. 1.Функция… ? а) Функциянын графиги? б) Өсүүчү функция деп... в) Кемүүчү функция... г) Сызыктуу функция... (Тесттин толук бөлүгү сабактын планында тиркелген) | Окуучулар алдыга коюлган милдеттерин аткаруу үчүн өтүлгөн тема боюнча суроолорго жооп беришет. | Эмоциянал- дык баалоо |
| Маселе иштөөнүн ыкмалары | Бүгүнкү өтүлө турган сабактын темасы: Мисал иштөө. Сабактын максаты мисал иштөөнүн өзгөчө ыкмалары менен көнүгүү иштөө. (Слайддын толук варианты сабактын планына тиркелген) | Суроолорго жооп берип,мурунку алган билимдерин активдештиришет. Предмет аралык байланышты аныкташат. | Эмоцианал-дык баалоо |
| Маселе иштөөгө тажрыйба көрсөтүү | Эми балдар сабакты өнүтүрүү максатында алган билимибизди тажрыйба жасоодо пайдаланабыз. Тажрыйбалык иш у=4х Х | -2 | -1 | 0 | 1 | 2 | У | -8 | -4 | 0 | 4 | 8 | У у=4х Х Бул функция өсүүчү функция. Графиги түз сызык | 4 окуучу жылуулук санын эсептөөгө тажрыйба көрсөтүшүп,алгоритмдин берүү жолдору аркылуу тажрыйбанын жыйынтыгын чыгарышат.Калган окуучулар байкоо жүргүзүшүп,иштин жүрүшүн, алгоритмдин берүү жолдору аркылуу чыгарылган тажрыйбанын жыйынтыгын дептерлерине жазышат | Калыптан дыруучу баалоо |
| Маселе иштөө | Окуучулардын жазуу түрүндөгү өз алдынча иштөөсүн пландаштыруу менен окуучулардын билгичтиктерин,көндүмдөрүн ар кандай учурларда пайдалана билүүсүнө, жекече, жуп жана тобу менен иштөөсүндө аныктама, эреже, формулаларды туура колдонуусуна көңүл буруу менен аткарган иштерин текшерүү. №28 у=-2х жана у=-3х №29 у=5х-1 жана у=-х+2 (Маселенин толук варианттары сабактын планында тиркелген) | Окуучулар жекече же топ менен иш аткарууда билгичтиктерин, көндүмдөрүн пайдалана билишет. Маселе иштөөдө сөзсүз түрдө аныктама, эреже, формулаларга таянуу керектигин баамдашат,маселелерди жекече, жуп жана тобу менен иштөөдө активдүүлүктөрүн көрсөтүшөт. Аткарган иштерин бири-бирине беришет. | Өз алдынча жазуу түрүндөгү иштерин текшерүү. Мугалим- дин баалоосу. Бири-бирин баалоо |
| Теманы бышыктоо, системалаштыруу | Мисал иштөөдө өтүлгөн темаларга гана таянбастан, баардык функцияларды жана предмет аралык байланыштарды эске алып системалаштыруу, колдонуу керек экенине басым жасоо аткаруу ирээтин, аткаруу техникасын текшерүү менен доскадагы класстерлер боюнча теманы бышыктоо. | Мисал иштөөдө күнүгө өтүлгөн гана тема мааниге ээ болбостон,мурда өтүлгөн темаларды да кайталоо, системалаштыруу керек экенин баамдап билишет. | Бири-бирин баалоо |
| Маселе иштөөдөгү иш-аракеттер | Маселе иштөөдө туура,так чыгарган окуучуларды мактоо менен шыктандырып,аларга өзүнчө кыйынчылыктагы көнүгүүлөрдү берип, калган орто окуган окуучуларга билим деңгээлдерине жараша жекече маселе чыгарууга жардам берүү.Окуучулардын маселени далилдей билүүсүнө көнүл буруу.Чыгарган маселелерин же өз алдынча иштерин текшерүү | Алдыңкылардан болуп иштеп келген окуучулар мугалимден жекече тапшырмаларды алып,өзүнө өзү баа бере алат да, шыктануу менен активдүүлүгүн көрсөтөт.Өзүнүн катасын жана жолдошторунун катасын байкап,өздөрүнүн оюн далилдей билишет | Мугалим-дин баалоосу |
| Сабакты жыйынтыктоо | Мугалим иш учурунда текшерүү формасын,окуучулардын өзүн-өзү,бири-бирин текшерүү жолдорун белгилейт. Тапшырманы аткаруудагы окуучулардын өз алдынчалуулугунун үлүшүн белгилөө. Балдар, бүгүнкү сабакта мисал чыгарууда алгебра сабагын башка предметтер менен б.а.информатика ,физика предметинен алган билимдери менен айкалыштырып мисал чыгарууда көптөгөн жеңилдиктерди байкадык. | Бул теманын үстүндө окуучулар алган билимдерин практикада колдонуу менен башка сабактардан алган билимдерин айкалыштырып, ар кандай маселелерди өзгөчө ыкмалар менен чыгара алышат | Өзүн-өзү баалоо |
| Үй тапшырмасы | Окуучуларга класста иштеген иштерин өз алдынча улантып, маселе иштеп келүүнү үйгө тапшырмага берип,кээ бир кошумча тапшырмаларга көрсөтмө берүү. Функцинын негиздери боюнча өз алдынча маселе түзүп, эсебин чыгарып келүү. Интернет булактарын, кошумча маселе чыгаруу үчүн китептерин пайдалануу. | Тапшырманы күндөлүккө жазышат, көрсөтмөнү угушат | |
10 | Баалоо | Быйтыкчалардын жардамы менен | Окуучулар бири-бирин быйтыкчалар аркылуу баалашат. | |
|
“ Достук” орто мектеби
6-7-класстар арасында математика сабагы боюнча
АКЫЛ ОРДО
интеллектуалдык оюну.
2019-жыл
Саламатсыздарбы!!
Бүгүнкү “Акыл ордо” – интеллектуалдык оюнубузду улуу ойчул Гольфиндин сөзү менен баштасак:
Китеп билим булагы,
Китепти сүйө билгиле.
Ал турмушуңарды жеңилдетип,
Ой пикириңердин, сезимдин, окуялардын чиеленишин чечүүгө жардам берет.
Башкаларды жана өзүн – өзү урматтоого үйрөтөт деген экен.
Китепти көп окуп, терең билим алууга үндөө менен «Достук» орто мектебиндеги “Акыл ордо” интеллектуалдык оюну ачык деп жарыяланат.
Акылы бар билимди самайт,
Акылы жок кийимди самайт демекчи.
Акыл миң күндүк,
Кийим бир күндүк экендигин аныктаган 8 окуучу биздин алдыбызда турат.
Кылычты ар ким байланат,
Чабарына келгенде кандай жигит шайланат демекчи менин колумдагы кубокту жана китепти ким алып кетерин билгиңиз келсе алдыңкы мүнөттөрдө биз менен болуңуз.
Анда бүгүнкү катышуучулар менен таанышсак. Окуучулар өздөрүн тааныштырат. Баардыгы “Акыл ордого” билимин сынаганы катышат, ал эми кээ бир окуучулар билимине билим кошкону катышат экен. Азаматсыздар таанышканымдан абдан кубанычтамын. Анда эмесе биринчи тур оюнун баштаса.
1-тур. Аралаш суроолор.
1..Эгемендүү Кыргыз Республикасынын мамлекеттик желеги качан кабыл алынган?
1999-жыл
1992-жыл
1995-жыл
1989-жыл
2..Балдардын ден соолугуна кам көргөн мектептеги сабак?
-математика
-биология
-дене тарбия
-химия
3.Санды бөлүүдөн келип чыккан жыйынтык кандай деп аталат?
Айырма
Сумма
Тийинди
Көөйтүндү
4.“Мүнүшкөр” деп кыргыздарда кимди аташат?
Ат таптаган адамды
Куш таптаган адамды
Аңчылык кылган адамды
5.Сүткө таттуу кошулмаларды кошуп,тондурулган азык?
-Ёгурт
-балмуздак
-каймак
-сметана
6.Манастын ысымын ким койгон?
Жакып
Акбалта
Думана
Чыйырды
7.Экиге бөлүнбөгөн сандар кандай деп аталат?
Так сандар
Бөлүнбөс сандар
Калдыксыз сандар
Жуп сандар
8.Фудбол оюнунда 1 тайм канча убакытка созулат?
1 саат
45 мин
90 мин
20 мин
9.Токтогул Сатылгановдун сүрөтүн канча сомдук купюрадан кезиктирүугө болот?
20 сом
100 сом
1000 сом
1 сом
10.Бул атрибуттардын кайсынысы “ Ордо” оюнунда колдонулат?
Чүко
Топ
Жоолук
Жыгач жумур
11.“Бөлтүрүк” деп кайсы жаныбардын баласын аташат?
Түлкү
Карышкыр
Аюу
Сүлөсүн
12.“Жарамазан” ыры кайсы айда айтылат?
Рамазан айында
Чилде түшкөн айда
Эң кыска айда
Жай айларында
13.Текстин эң кичине бирдиги болуп эмне саналат?
2-тур. Категориялар.
Табышмактар
Мектеп
Кыргыз оюндары
Күн желеси
Дасторкон
“ И” тамгасы менен башталган сөздөр.
Табышмактар.
1.Австралия талаасын ,
Саякаттап табасың.
Чөнтөгүндө баласын,
Көргөндө таң каласың.
Эки колун көтөрүп,
Буту менен кетет ал.
Муну кимдер чече алат? (кеңгеру)
Жыл мезгилин ылгабас,
Кышдыр жайдыр кургабас. (арча)
Муун – муун муунчак,
муун ала түйүнчөк.
сегиз кыздын энеси,
селкилдеген келинчек.
узун –узун бою бар,
курамалуу тонубар. ( камыш)
тап табышмак,
Күндүзү көрөм.
Түндөсү көрбөйм. (күн)
Алты көкүл атасы Аалам көркүн ачып турат,
Күмүш нурдуу карындашы көлөкөлөп качып турат
Атасы айланып жүрөт, карындашы байланып жүрөт.(күн, жер, ай)
Атасы молдо,
Апасы жорго.
Кызы бийчи,
Баласы ырчы.(көпүрө, суу, балык, бака)
Аталат адам ысымы,
Эсиңде болсо эми айтчы.
Болгонго 3000миң жылдыгы. ( сулайман –Тоо)
Белгилүү эне мекени,
Билебиз Датка энени.
Ажалга тике караган,
Камчыбек бектин мекени. (Алай)
Ийне сайсаң илинбейт,
Чыккан жери билинбейт. (шамал)
Менин болот жагым үч,
Чокум дагы билгин үч.
Атымды менин айтканда,
Биринчи болот дайым үч. (үч бурчтук)
2.Мектеп
1.Жети жаштан жогорку балдарга билим берүүчү жай?
Бул нерсенин үнү окуучуларды сабакка чакырат?
Билим күнү качан белгилент?
“ маша жана аюу” мультфильминде Машанын мугалими?
Орто мектептин бүтүрүүчүсүнө мамлекет дал ушул кагазды тапшырат?
Класстык журналдагы сандар, булар-?
Узундукту өлчөө үчүн колдонулган мектеп куралы?
Тарбия кени мектеп, ал эми билим кени?
“Канаттандыраалык” баасы сан түрүндө канча деген бааны түшүндүрөт?
Окуучуларга арналган мектептеги бөлмөлөр?
3.Кыргыз оюндары
1.Кайсы тойдо жаңы басып баштаган балага арнап жарыш уюштурулат?
Топ таш оюнун канча таш менен ойнолот?
Кыздар таш менен ойногон оюн эмне деп аталат?
Ыр кесе оюнуна катышуучулар эмнени кезек берип бири- бирине сунушат?
Упай оюнунда бир басым деп канча чүкө аталат?
Көкбөрү оюну дагы кантип аталат?
Кыз куумай оюнун баштоодо кыз менен жигиттин кимиси алдыраак турат?
Ак терек, көк терек,бизден сизге…
Айлуу түндө кайсыл оюн ойнолот?
Тогуз коргоол оюнунда канча үй бар?
4.Күн желеси
1.“Шрек” мультфильминдеги негизги каармандын өңү кандай?
Жаңы келин алганда кыргыздар ушул түстөгү жолук салышат?
Казакстандын желеги ушул өңгө боёлгон?
“Кызыл алма” кинотасмасындагы “Бей тааныш кыздын” ролун жараткан актриса?
Күз мезгилинде кандай төөнүн карды жарылат?
Жөө жүргүнчүлөргө арналган светафордо автоунааларга арналган светафордон айырмаланып кайсы түстөгү жарык жок?
“Бутагыңа конойун, кыштын жолун торойун” – деп, Алыкул Осмонов кайсыл даракка кайрылган?
“Көгүлтүр от” көрсөтүүсүн кайсы майрамда көрө алабыз?
“Көк жал” деп кыргыздарда кайсы жаныбарды аташат?
10.Кайсыл жаратылыштын кубулшунан биз бир эле убакта жети өңдү көрө алабыз?
5. Дасторкон
1.Ширин гүрүч азыгы эмнеден жазалат?
Жаңы төрөлгөн ымыркай ушул азык менен оозанат?
Алысты жакын кылган кыз, ал эми тамакты таттуу кылган?
Ата- энесинен качып барып түлкүгө жем болгон жомок каарманы?
Кайсы азык эң улук деп саналат?
Чай кайнайт, ал эми айранчы?
Кымыз ачытуу үчүн пайдаланылуучу идиш?
Эмгекчил аарылар бизге кайсы азыкты беришетр?
Бул тамак Нооруздун көркүн ачат?
6.“ И” тамгасы менен башталган сөздөр.
1.Бүт дүйнөнү бириктирип турган желе?
Илептүү сүйлөмдүн аягына эмне коюлат?
Ээсине ашыкча берилгендиги үчүн Японияда дал ушул үй жаныбарына эстелик коюлган?
Жуманын алтынчы күнү кыргызча кандай деп аталат?
Бул буюмду чимирип, апаларыбыз жүндү жипке айлантат?
Көпчүлүк жомоктор ушул сөз менен башталат?
Милиция кызматкерлери баш ийген министирлик?
8.Жай бою ырдап, бийлеп кышында кумурскага баш калкалоону сураган жандык?
9.Билим алууну ушул нерсе менен кудук казганга салыштырышат?
10.“Кимдин? Эмненин? деген суроолорго жооп берген жөндөмө?
4-тур. Логикалык суроолор.
Аки таштан там ак болобу?
Байдын үйү менен кедейдин үйү күйүп жатат, милиция кимдин үйүн биринчи өчүрөт?
1ди өзүнө 1000 жолу көбөйтсө канча болот?
Теңдемеде жана өсүмдүктө бар нерсе бул эмне?
1 күндө канча минута бар?
Төөнүн 2 көзү, 4 туягы болгон. Азыр анын 1 көзү сокур, 1 буту аксак. Төөнүн канча көзү,канча туягы бүтүн?
Столдун үстүндө 3 шалгам 4 алма турат. Бала келип бир алма алды. Столдо канча жемиш калды?
8.Эки чымчык бири түндүктү, бири түштүктү карап олтурат, экөө бири – бирин кантип карашат?
9.Кайсыл жерде аттын буту болбойт?
10.202 көз канча адамга таандык?
11.Кайсыл идиш – аяктан тамактанганга мүмкүн эмес?
12.Эң чоң казанга эмне батпайт?
13.Жарык бөлмөдөн эмнени көрүүгө болбойт?
14.Бир жумуртка 10 минутада бышат. Анда 5 жумуртка канча убакытта бышат?
15.Эрте менен биз кайсыл тамакты ичип жей албайбыз?
“Акыл ордо”
интеллектуалдык оюну.
6-7--класстар
Билеги күчтүү бирди жыгат,
Билим күчтүү миңди жыгат.
Даярдаган: Айдарова Н.Э. «Достук» орто мектеби