Просмотр содержимого документа
«Сабактар боюнча презентациялар»
Саламатсыңарбы
балдар
Геометрия сабагыбызды
баштайбыз.
Кутмандуу күнүңөр менен
Жагымдуу маанай каалаймын
Сабакка активдүү катышабыз
САБАКТЫН ТЕМАСЫ
АЙЛАНА ЖӨНҮНДӨ
ТҮШҮНҮК
САБАКТЫН МАКСАТЫ:
Окуучуларга айлананы сызуучу курал –циркуль тууралуу үйрөтүү.
Турмушта колдонулушун мисалдарда чагылдырып берүү аркылуу айлана жөнүндө түшүндүрүү.
Математика предметине кызыктырып, логикалык ой жүгүртүүлөрүн өнүктүрүү, бири-биринин пикирин уга билүүгө жана сыйлоого, өз оюн айта билүүгө, тактыкка, тыкандыкка үйрөтүү, топто иштей билүүгө үйрөтүү.
Силер ар кандай сызыктар менен таанышсынар.
Мисалы, түз сызык, ийри сызык.
Ийри сызыктар туюк жана туюк эмес болушу мүмкүн.
Туюк ийри сызыктардын эң
жөнөкөйү болуп айлана эсептелет.
Силер аны менен таанышсыңар.
Түз сызыкты сызуу үчүн сызгыч колдунулаары белгилүү. Ошондой эле айлананы сызуу үчүн да атайын курал колдонулат. Ал циркуль деп аталат (циркулду көрсөтөм).
Айлананы сызуу үчүн тегиздикте (мисалга, кагаздын бетинде) кандайдыр бир чекитти ( О) белгилеп алабыз. Андан кийин циркулдун ийне менен бекитилген учун ошол чекитке коюп, аны жылдырбастан карандаш бекитилген учун толук бир айландырып сызуу керек. Натыйжада айлана сызылат, бул учурда О чекити айлананын борбору болот.
Айлананы сызып жатканда циркулдун арышы өзгөргөн жок, ошондуктан айлананын бардык чекиттери борбордон бирдей алыстыкта жатат.
Мында борбору О болгон айлана берилген. А,В,С чекиттери бул айланада жатат. Анда О А= ОВ=ОС болору түшүнүктүү. Айлананын борборунан анын каалагандай чекитине чейинки аралыкты ( ОА,ОВ) радиус деп аташат.
Радиусту r (R) тамгасы
аркылуу белгилейбиз да, «эр»
деп окуйбуз, ал ОА=r болот.
Эгерде айлананын О борборун сызгычтын бир кыры менен дал келтирип, AD кесиндисин сызсак, анда айлананын диаметри деп аталуучу кесиндиге ээ болобуз. Мында AD=AO+OD=r+r=2r. Демек, айлананын диаметри анын эки радиусуна барабар:
AD=2R
Ошентип, айлананын борбору
анын диаметринин тең
ортосунда жатат.
M жана N чекиттери айланада жатпайт, M чекити анын ичинде, N чекити сыртында жатат деп эсептелет. Анткени OMr, ал эми ONr. Демек, айлананын борборунан анын ичигде жжаткан (сыртында) жаткан чекитке чейинки аралык радиустан кичине (чоң) болот.
Эгерде айлананын каалагандай эки чекитин (A жана C) туташтырсак, анда айлананын АС
хордасына ээ болобуз. «Хорда» грек тилинен алынган, музыкалык аспаптын керилип турган кылы дегенди түшүндүрөт. Ал эми айлананын ал хордага туура келүүчү же ага тирелип турган бөлүгү айлананын жаасы (АС) деп эсептелет.
Жыйынтыктоо: Эмнени үйрөндүңөр? Кандай суроолор бар бүгүнкү тема боюнча? (окуучулар берген суроолорго жооп берүү).
ҮЙ ТАПШЫРМА
КОНСПЕКТ ЖАЗУУ
АНЫКТАМА ЖАТТОО
КӨҢҮЛ БУРГАНЫҢАР
ҮЧҮН РАХМАТ
САЛАМАТТА КАЛГЫЛА