СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

ПТИ кафедрасы өзүн-өзү баалоо (аккредитация)

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«ПТИ кафедрасы өзүн-өзү баалоо (аккредитация)»

Ош технологиялык университетинин академик Б.Мурзубраимов атындагы Эл аралык Өзгөн технологиялык жана

билим берүү институту 050709 Башталгыч класстарда окутуу билим берүү программалары боюнча

программалык аккредитациядан өтүү үчүн

ӨЗҮН-ӨЗҮ БААЛОО БОЮНЧА ОТЧЕТУ

Жумушчу комиссиянын курамы

Аты-жөнү

Комиссиядагы орду

Кызматы

Кол тамгасы

1.

Тынай уулу Бактыбек

Төрагасы

Окуу иштери боюнча дир.орун басары

2.

Касымбеков Амангелди Ажикурбанович

Мүчөсү

Окуу бөлүмүнүн башчысы

3.

Абдулатов Абдурашит

Мүчөсү

Мамлекеттик тил боюнча дир.орун басары

4.

Раманкулов Мухаммед-Назар

Мүчөсү

Окуу бөлүмүнүн башкы адиси

5.

Муратбаева Гүлбарчын Насаркуловна

Мүчөсү

Күндүзгү окутуу бөлүмүнүн башч.

6.

Зулпуев Замирбек Базарбаевич

Мүчөсү

Сырттан окутуу бөлүмүнүн башч.

7.

Чокотаева Айзуура Абдыкалыковна

Мүчөсү

Кадрлар бөлүмүнүн башч.

8.

Дүйшөмамат кызы Алвина

Мүчөсү

Укук жана коомдук илимдер каф.башчысы

9.

Абдуллаева Рахатай Айбековна

Мүчөсү

Табигый-техник-к илимдер каф.башчысы

10

Нурдинов Болот Жолболдуевич

Мүчөсү

Педагогика жана тил илимдери каф.башчысы

11

Ташбаева Гүлмира Сулаймановна

Мүчөсү

Экономика кафедрасынын башчысы

12

Темиралиевүла Гжамал Тайлакбаевна

Мүчөсү

Практика жетекчиси




Мазмуну

1. Кыскартуулардын тизмеси

2. Киришүү

3. 1-стандарт. Билим берүүнүн сапатын камсыздоо саясатына минималдуу талаптар

4. 2-стандарт. Билим берүү программаларын иштеп чыгуу, бекитүү, байкоо жүргүзүү жана мезгил-мезгили менен баалоо

5. 3-стандарт. Инсанга багытталган окутуу жана студенттердин жетишүүсүн баалоо

6. 4-стандарт. Студенттерди кабыл алуу, билим берүүнүн натыйжаларын таануу жана студенттерди бүтүрүү 7. 5-стандарт. Окутуучулук жана окутуучу-көмөкчү курам

8. 6-стандарт. Материалдык-техникалык база жана маалымат ресурстары

9. 7-стандарт. Маалыматты башкаруу жана аны коомчулукка жеткирүү

10. 8-стандарт. Билим берүү уюмунун финансылык каражаттарын пландоо

жана башкаруу

11. Тыянактар


Кыскартуулар

Институт – ОшТУнун академик Б.Мурзубраимов атындагы Эл аралык Өзгөн технологиялык жана билим берүү институту

МАК – Мамлекеттик аттестациялык комиссия

МББС – Мамлекеттик билим берүү стандарты

ББИМ –Билим берүү жана илим министрлиги

МРС – Модулдук-рейтингдик система

НКББП – Негизги кесиптик билим берүү программасы

РК – Рейтингдик көзөмөл

ИИИ – Илим-изилдөө иштери

СИИИ – Студенттердин илим-изилдөө иштери

ЖББД – Жалпы билим берүүчү дисциплиналар

ББП – Билим берүү программасы

ПД – Профилдик дисциплиналар

БК – Башталгыч класстарда окутуу

ОК – Окутуучулук курам

ЖмП – Жумушчу окуу планы

ЖкП – Жеке окуу планы

ЖМК – Жалпыга маалымдоо каражаттары

СМС – Сапат менежменти системасы

СӨИ – Студенттердин өз алдынча иштери

СОӨИ – Студенттердин окутуучу менен өз алдынча иштери

ОУК – Окуу-усулдук комплекс

ОУС – Окуу-усулдук Совет

ОПл – Окуу планы



Киришүү

Педагогика жана тил илимдер кафедрасы (ПТИ кафедрасы) - Академик Б.Мурзубраимов атындагы эл аралык Өзгөн технологиялык жана билим берүү институтунун педагогика жана тил илимдер кафедрасы болуп эсептелет.

Кафедра өзүнүн ишмердүүлүгүн Кыргыз Республикасынын Конституциясынын, Жарандык кодексинин, Билим берүү жөнүндөгү мыйзамынын, өзүнүн Уставынын жана башка нормативдик-укуктук актылардын негизинде жүргүзөт.

Окуу жайдын почталык дареги

723600, Кыргыз Республикасы, Ош областы Өзгөн шаары, Манас көчөсү, номери жок. Факс: (03233) 5-31-47, тел.: (03233) 5-31-89, 5-30-34, e-mail: [email protected] , [email protected] 996706161861

Окуу жайдын кыскача тарыхы

1995-жылы Өзгөн шаарында ОшТУнун базасында Өзгөндөгү филиал катарында түзүлгөн. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана маданият министрлигинин коллегиясынын 2002-жылдын 25-мартындагы №2/7 чечимине ылайык, ОшТУнун ректорунун буйругу менен ОшТУнун Өзгөндөгү филиалы Ош технологиялык университетинин Өзгөн технология жана билим берүү институту болуп кайра түзүлгөн. 2006-жылы ОшТУнун ректорунун буйругу менен коллежге, 2007-жылы кайрадан институтка өзгөртүлгөн. 2007-жылы 30-октябрдагы №9/7 Кыргыз Республикасынын ББМдин коллегиясынын чечими менен академик Б.Мурзубраимовдун ысымы өзү негиздеген Өзгөн технология жана билим берүү институтуна ыйгарылган. 2016-жылдын 29-июнундагы ОшТУнун окумуштуулар кеңешинин чечимине ылайык ОшТУнун ректорунун №09-04/217 буйругу менен ОшТУнун академик Б.Мурзубраимов атындагы Өзгөн технология жана билим берүү коллежи болуп өзгөртүлгөн. 2019-жылдын 12-ноябрында кайрадан ОшТУнун академик Б.Мурзубраимов атындагы Эл аралык Өзгөн технологиялык жана билим берүү институту статусуна ээ болгон (КРнын Юстиция министрлигинин Ош башкармалыгы тарабынан 2019-жылдын 12-ноябрында берилген күбөлүктүн сериясы ГПЮ, №0036113, каттоо №72248-3306-У-е, ОКПО коду 23513765). ( Лицензия E2019-0001,2019 )

Окуу жайдын менчигинин формасы жана таандуулугу тууралуу маалыматтар

Уюштуруу-укуктук формасы – мекеме. Менчиктин формасы - мамлекеттик. Негизи окуу жайдын Уставы.


Институттун директору жана директордун орун басарлары тууралуу маалымат

Кызматы

Аты-жөнү

Телефон №, e-mail

.

Директор, философия илимдеринин кандидаты, доцент

Акматалиев Асанбек Тургунбаевич

0550451059, 0772451059, [email protected]

2.

Окуу иштери боюнча директордун орун басары

Тынай уулу Бактыбек

0772950489,

[email protected]

3.

Мамлекеттик тил боюнча дир.орун басары, филология илимдеринин кандидаты, доцент

Абдулатов Абдурашит

0777117057,

[email protected]

4.

Административдик-чарбалык иштер боюнча директордун орун басары

Жумакадыр уулу Манасмиң





Өзүн-өзү баалоо боюнча жумушчу комиссиянын курамы

1.

Тынай уулу Бактыбек

Төрагасы

Окуу ишт.боюнча дир.орун басары

2.

Касымбеков Амангелди Ажикурбанович

Мүчөсү

Окуу бөлүмүнүн башчысы

3.

Абдулатов Абдурашит

Мүчөсү

Мамл.тил боюнча дир.орун басары

4.

Раманкулов Мухаммед-Назар

Мүчөсү

Окуу бөлүмүнүн башкы адиси

5.

Муратбаева Гүлбарчын Насаркуловна

Мүчөсү

Күндүзгү окутуу бөлүмүнүн башч.

6.

Зулпуев замирбек Базарбаевич

Мүчөсү

Сырттан окутуу бөлүмүнүн башч.

7.

Чокотаева Айзуура Абдыкалыковна

Мүчөсү

Кадрлар бөлүмүнүн башч.

8.

Дүйшөмамат кызы Алвина

Мүчөсү

Укук жана коомдук ил.каф.башчысы

9.

Абдуллаева Рахатай Айбековна

Мүчөсү

Табигый-техник-к ил.каф.башчысы

10.

Нурдинов Болот Жолболдуевич

Мүчөсү

Педаг.жана тил ил.каф.башчысы

11.

Ташбаева Гүлмира Сулаймановна

Мүчөсү

Экономика кафедрасынын башчысы

12.

Темиралиева Гүлжамал Тайлакбаевна

Мүчөсү

Практика жетекчиси




Окуу жайда жүзөгө ашырылып жаткан билим берүү программаларынын тизмеси

Шифр

Аталышы

5.

050709

Башталгыч класстарда окутуу

Билим берүү программалары боюнча лицензиялар тууралуу маалыматтар

Окуу жайда бардык билим берүү программалары боюнча Кыргыз Республикасынын ББИМдин 2019-жылдын 2-августундагы №933/1 буйругунун (протокол №13-28, 18.06.2019) негизинде лицензия алынган. Лицензия № LS 190000207 (кайрадан катталгандагы лицензия № LS 190004091).Лицензия E2019-0001,2019, Лицензия E2019-0127,2019

Билим берүү программаларын аккредитациялоо тууралуу маалыматтар

Бардык билим берүү программалары боюнча аккредитация мөөнөтү 2022-жылдын 25-майында айында аяктайт.

1) Сертификат vk170000050; Каттоо номери 005, буйрук 25.05.2017 №05/3/001;

2) Сертификат vk180000090. Каттоо номери 050, буйрук 11.04.2018 №3/006;

3) Сертификат vk190000352. Каттоо номери 096, буйрук 05.04.2019 №3/19/02;

Окуу жайга берилген сыйлыктар тууралуу маалыматтар

1). 2018-ж., октябрь – Өзгөн райондук мамлекеттик администрациясынын Ардак грамотасы;

2). 2018-ж., декабрь – Өзгөн райондук мамлекеттик администрациясынын “Жылдын мыкты коллежи” диплому;

3). 2019-ж., декабрь - Өзгөн райондук мамлекеттик администрациясынын “Жылдын мыкты билим берүү мекемеси” 1-даражадагы диплому,;

4). 2019-ж., декабрь – “Элита+» көп нускалуу түстүү журналы, “Жылдын мыкты коллежи”.

5). 2019-ж., декабрь – Ош технологиялык универститенини “Жылдын мыкты коллежи” диплому;

6). 2021-ж., декабрь – Кыргыз Республикасынын президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн Ардак грамотасы;

7). 2021-ж., декабрь – Ош технологиялык универститенини “Жылдын мыкты институту” диплому;

8). 2022-ж., март - Ош технологиялык университетинин «Жылдын мыкты спортсмен окуу жайы» диплому.

Билим берүү программалары боюнча окуган студенттердин саны тууралуу маалыматтар

1-т

Шифр

Адистиктердин аталыштары

Курстар боюнча саны

1

2

3

баары

5.

050709

Башталгыч класстарда окутуу

109

118

81

308

Бардыгы

109

118

81

308

аблица

Аккредитациялануучу билим берүү программаларынын окуу пландары тууралуу маалыматтар

Кафедранын билим берүү программасы , окуу пландары ББИМ тарабынан 2019-жылы бекитилген мамлекеттик ББСтердин негизинде түзүлүп, институттун окумуштуу кеңеши тарабынан бекитилген.

Педагогика жана тил илимдер кафедрасынын тарыхы


ОшТУ ректорунун 1996-жылдын 21-октябрындагы №09-01/83 буйругу менен ОшТУнун Өзгөн филиалында коомдук, социалдык-гуманитардык дисциплинасы кафедрасы уюштурулган. Кафедраны улук окутуучу А.Абдулатов жетектеген. 1997-1998-окуу жылынан Педагогикалык багыттар боюнча: англис тили жана адабияты, кыргыз тили жана адабияты, тарых, башталгыч класстардын мугалими адистиктерин даярдоо колго алынгандан баштап 2000-жылы кафедранын базасында башталгыч билим берүүнүн усулу кафедрасы уюштурулуп.

Башталгыч билим берүүнүн усулу кфедрасын педагогика илимдеринин кандидаты А.Ф.Антонов, доцент А.Абдулатов, окутуучулар: З.Мааткеримов, З.Кадырова, Б.Нурдинов жетектеп келе жатат.

Кафедра уюшулгандан бери кафедрада ф.и.д. профессор К Зулпукаров, ф.и.к. доцент Г Маражапова, ф.и.к. доцент С.Б.Эргешова, окутуучулар Н Токтоболотов, К Жумабаев, Н.Мамадалиеа, Б. Абылкасымов, Г Абылкасымова А. Козубаева, А Сыдыков, Г Аламбаев. А Балбаков, Б.Назарбаев, Ж.Т.Жалилв, З.Мааткеримовдор эмгектенишкен. Кафедранын окутуучуларынын көптөгөн илимий макалалар, окуу-усулдук куралдары, китептери жана монографиялары жарык көргөн. .

Азыркы учурда кафедра элдин элетин көтөрүү, келечек муундарын билимге болгон ымтылуусун, коомдогу сабаттуулуктун түпкү тамырын иреттөө максатында 050709 “Башталгыч класстарда окутуу” жана 050704 “Мектепке чейики билим берүү” адистиги боюнча адистерди даярдап келүүдө. Жогоруда аталган адистер үчүн педагогика жана тил илимдери кафедрасы база болуп саналат. Бул кафедрада ф.и.д. профессор К.З.Зулпукаровдун жетекчилиги менен түзүлгөн “Перемиологиялык борбор” иштейт, борбор филология багыты боюнча окумуштууларды даярдаган мектеп болуп калды. Борбордо эмгектенген 6 талапкер (Г. Маражапова, Н. Каримова, А. Абдулатов, С. Эргешова, Н. Тургамбаев, Г. Рыскулова, Н. Рыскуловалар) диссертацияларын коргоду жана окумуштуу даражаларын алышты.

Азыркы күндө кафедрада билим берүүнүн мыктылары: адистикте кесиптик циклы боюнча окутуучулар Нурдинов Б.Ж., Абдулатов А., Калбердиева М.К, Исманова Г.Ж., Мусаев М.С., Максутова А.Т., Турдали уулу К., кыргыз тили жана адабияты боюнча Кайназаров Б.А., Матиева У.С., орус тили жана адабияты Хакимова М.К., Жолдошева Ч.М., Тагаев Т., чет тилдери боюнча Кадырова З.Э., Коконова Н.Ж., Н. Жунусали кызы эмгектенишүүдө, ошондой эле насаатчы тарбиячы катары Кыргыз Республикасына эмгеги сиңирген мугалимдер Мамасейитов А., Бакиров А., жазуучу, акын Тагаев Т. жаш муундарга педагогикалык практикада студенттерге билим, тарбия берүүдө чоң салымдарын кошуп келүүдө.

Кафедра өзүнүн бүтүрүүчүлөрү менен сыймыктанат: шаардык билим берүү мекемесинин мурдагы башчысы Абылкасимов И.М., Өзгөн шаарынын вице-мери Джусупов Т.С., Кумтөр оперейтинг компаниясынын оператору Хасанов А.А., О.Максүтов атындагы No97 орто мектептин директору Маматова У, ОшМУнун окутуучусу Бегматова А., Ош МЮИнин окутуучусу Бакирова Э.А., Өзгөн медициналык колледжинин бөлүм башчысы Карынова Ж.А. жана ЭӨТББИ окутуучусу Калбердиева М.К. жана башкалар.

ОКББ ЖББП 050709 “Башталгыч класстарда окутуу” адистиги боюнча (“башталгыч класстын мугалими” квалификациясы) жана 050704 “Мектепке чейинки билим берүү” адистиги боюнча (“мектепке чейинки курактагы балдардын тарбиячысы” квалификациясын) даярдоодо студенттерге жеке жана жалпы маданий кесиптик компетенцияларды калыптандыруу максат кылат. Бул багытта ОКББ ЖББП талаптарына ылайык студенттерди максатка умтулуу, уюштуруучулук, жоопкерчилик, жарандык, баарлашуу, толеранттуулук ж.б.у. сыяктуу сапаттарды өрчүтүү жана өркүндөтүү, алардын жалпы маданиятын жогорулатуу, өзүн-өзү ишке ашырууга умтулуу, үзгүлтүксүз билим берүү жана өзүн-өзү тарбиялоо чөйрөсүндө кесипте өзүн-өзү өркүндөтүү болуп эсептелет.

ОКББ ЖББПнын милдеттери:

  • коомдун жана өлкөнүн квалификациялуу педагогикалык, орто кесиптик билимге ээ билим берүүчү кадрларга болгон муктаждыгын канааттандыруу, илимге таянуу, академиялык илимдин мыкты салттарын сактоо, Кыргызстандын жана КМШнын алдыңкы билим берүү жана илимий мекемелери менен тыгыз кызматташуу;

  • 050709 “Башталгыч класстарда окутуу” жана 050704 “Мектепке чейинки билим берүү” адистиктери боюнча орто атайын билимдүү, рынок шартында атаандаштыкка жөндөмдүү адистерин даярдоо;

  • окутуунун формаларын жана методдорун өркүндөтүү, инновациялык технологияларды киргизүү, көп тил үйрөтүү аркылуу окуу пландарын жана билим берүү программаларын эл аралык стандарттарга шайкеш келтирүү аркылуу дүйнөлүк билим берүү мейкиндигине интеграциялоо;

  • укуктук маданияттын заманбап уюштурулушунун талаптарын жана алардын өнүгүү келечегин эске алуу менен орто кесиптик билим берүүнү даярдоонун сапатын тынымсыз жогорулатуу.

050709 “Башталгыч класстарда окутуу” жана 050704 “Мектепке чейинки билим берүү” адистиктери боюнча негизги кесиптик билим берүү программаларын өздөштүрүүнүн формалары: күндүзгү жана сырттан окуу формасында ишке ашырылат.



050709 Башталгыч класстарда окутуу

Стандарттын / чен-өлчөмдүн

аткарылышын баалоо



1 - Стандарт. Билим берүүнүн сапатын камсыздоо саясатына минималдуу талаптар


1.1. - чен-өлчөм. Билим берүү уюмунун так аныкталган жана кабыл алынган миссиясы, анын негизинде иштелип чыккан жана бекитилген, кызыкдар тараптардын керектөөлөрүнө ылайык келген стратегиялык жана учурдагы пландарынын болуусу. Билим берүү уюмунун миссиясынын негизинде иштелип чыккан жана кабыл алынган билим берүү максаттарынын жана окутуунун күтүлүүчү натыйжаларынын болуусу.

Педагогика жана тил илимдери кафедрасынын, профессордук-окутуучулук, окуу-көмөкчү курамы окуу-усулдук, илимий-изилдөө, тарбиялык жана коомдук иштердин аткарышат.

Педагогика жана тил илимдери кафедрасынын миссиясы: азыркы коомдун, инсандын муктаждыктарын канааттандырууга ылайыктуу квалификациялуу адистерди даярдоо. Ошондой эле жалпы институттун миссиясы;

Педагогика жана тил илимдери кафедрасынын максаты: тандап алган иш чөйрөсүндө, ийгиликтүү иштөөгө мүмкүнчүлүгү бар, орто кесиптик жактан адистешкен, социалдык-инсандык сапатта калыптанган мыкты кадрларды даярдоо;

Жогогрудагы айтылган миссия, максаттарды албетте жыйын арасында сырткы стейкхолдерлердин катышуусунда кабыл алынган жана сайтка орнотулган институттун сайты

Бул чен-өлчөм жетишсиздиктер менен аткарылып жатат.


1.2. - чен-өлчөм. Жыл сайын стратегиялык жана учурдагы пландардын, билим берүү максаттарынын, окутуунун натыйжаларынын аткарылышын иликтөө, аткаруунун натыйжаларын талдоо жана тиешелүү түзөтүүлөрдү киргизүү.

Мониторинг үчүн түзүлгөн административдик документтер бар. Ар бир окуу жылында институттун стратегиялык жана учурдагы пландарынын, билим берүүнүн максаттарынын, окутуунун күтүлүүчү натыйжаларынын аткарылышы иликтенип, аткаруунун натыйжаларын талдап, тиешелүү түзөтүүлөр киргизилет. Мындан сырткары Окумуштуу кеңештин планы ар окуу жылда бөлүмдүн ичинде кафедранын отчеттуулугун камтыйт.

Мисалы, мониторинг жүргүзүлүп, түзүлгөн стратегиялык жана учурдагы пландарынын натыйжаларынын аткарылышы, МББСтин аткарылышы боюнча окуу бөлүмү тарабынан иликтөөлөр жүргүзүлүп, окумуштуу жана административдик кеңештерде каралып турат. Окуу жайы тарабынан бардык мүмкүнчүлүктөр түзүлүп, кафедралар тарабынан ишке ашат. “ПТИ” кафедрасы тарабынан МББСтин талаптарын аткаруу максатында окуу пландары иликтенип, керектүү кабинет, аудиториялардын талапка жооп берүүсү, окутуучу курамы менен камсыз болуусунун натыйжалары кафедранын отурумунда каралып чыгат. Иликтөөлөрдүн натыйжалары тандалып, окумуштуу кеңештин отурумунда баа берилилип жана түзөтүүлөрдү киргизүү боюнча сунуштар айтылат.

Окуу процессин жеткиликтүү алып баруу үчүн ар бир предметке тиешелүү адис-окутуучулар сабак өтүшөт. Адис окутуучуларга кабинеттер бөлүп берилип, предметтерин студенттерге жеткиликтүү алып баруу үчүн техникалык каражаттар(доска, интерактивдүү доска, видеопроектор, компьютер принтер, ноутбук, смарт телевизор, интернет), көрсөтмө куралдар жана китептер менен камсыздалган. Маданий иш чараларды, жыйын, чоң жыйындарды, жолугушууларды өткөрүү үчүн чоң жана кичине активдүү зал менен камсыздалган

мббс аткаруу, стратеги план, базалык план  ПТИ каф. штаттык түзүмү 


Бул чен-өлчөм жетишсиздиктер менен аткарылып жатат.


1.3. - чен-өлчөм. Билим берүүнүн сапатын камсыздоо саясатын ишке ашырууга, контролдоого жана кайра кароого билим берүү уюмунун жетекчилиги, кызматчылары, окуучулары (студенттери) жана кызыкдар тараптардын катышуусу;

Билим берүү сапатын камсыздоо саясатын ишке ашыруу үчүн алардын функционалдык милдеттери иштелип чыккан. Сапаттык саясатты ишке ашыруу максатында директор, анын орун басарлары, бөлүм башчылары, окуу бөлүмү, кафедралардын башчылары жооптуу болуп эсептелет жана алар Окумуштуу кеңеште отчет беришет. Ал Окумуштуу кеңештердин жыйындарына иш берүүчүлөрдүн, кызыкдар тараптардын, студенттердин өкүлдөрү катышат жана билим берүүнүн сапатын өркүндөтүү чечимдери кабыл алынат. Мисалы, окуу жайдын сапат жаатындагы саясатынын негизги багыттары иштелип чыгып, талкууланып, макулдашылып, документтердин долбоорлорун окуу жайдын Окумуштуулар кеңешине бекитүүгө сунушталат жана бекитилген. Алар, “Система менеджмента качества”, “Положение о системе внутреннего мониторинга качества образования”, “Сапат боюнча кенеши” жоболорунун негизинде билим берүү сапатын камсыз кылуунун системасы ишке ашырылат, контролдолонот, окуу жайдын сапатын башкаруу системасын өнүктүрүү боюнча сунуштарды иштелип чыкты, сапат менеджменти системасынын натыйжалуулугунун критерийлери аныкталды, окуу жайдын сапат менеджменти системасынын милдеттерин түзүү боюнча бөлүмдөрдүн башчыларынын отчеттору талкууланды, сапатты жогорулатуу жана тажрыйба алмашуу боюнча ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаларды изилдөө иштери жүргүзүлдү, администрацияга жана Окумуштуулар кеңешине жыл сайын кеңештин компетенциясына кирген маселелер боюнча маалымат берилди, окуу жайдын ишмердүүлүгүндөгү чечимдерге өбөлгө болуучу кемчиликтерди жоюу жана чечимдерди иштеп чыгып комплексттик текшерүүлөрдүн натыйжалары анализденди.

Институттун жетекчилиги сапат менеджменти системасын иштеп чыгуу жана аны колдонууга киргизүү, ошондой эле натыйжалуулугун тынымсыз жогорулатуу милдетин аткарып келет. Сапат жаатындагы саясатынын артыкчылыктарын жана максаттарын иштеп чыгууну аныктоо үчүн администрация стратегиялык жана ыкчам пландаштыруу жол-жоболорун колдонот. Институттун администрациясы бардык кызматкерлерине керектөөчүлөр жана башка кызыкдар тараптардын талаптарынын аткарылышынын зарылдыгы жөнүндөгү маалыматты жеткирип турат. Институттун директору, өзгөртүүлөрдү киргизет. Сапат менеджменти системасынын иштөө жөндөмдүүлүгүн көзөмөлдөө окуу иштери боюнча директордун орун басарына жүктөлгөн.

Институттун жетекчилиги СМСтин актуалдуулугу жана зарылдыгы жөнүндө маалымат менен кызматкерлердин бардыгынын тааныш болуусун, сапат жаатындагы максатка жетүүдөгү ар биринин салымын, ошондой эле керектөөчүлөрдүн сунуш-пикири жөнүндөгү маалыматты бардык кызматкерлерге жеткирүүнү камсыздайт.

Институтта кызыкдар тараптар менен кайтарым байланышты камсыз кылуу жол-жоболору иштелип чыккан жана киргизилген. Бул жоопкерчилик өндүрүштүк практика бөлүмүнүн башчысына жүктөлгөн.

СМСтин ишмердүүлүгүн, анын жарактуулугун жана натыйжалуу иштешин камсыз кылуу максатында окуу жайдын жетекчилиги мезгил-мезгили менен анализ жүргүзүп турат. Институттун администрациясы СМСтин иштөөсү үчүн керектүү ресурстар менен камсыздайт. Бул жетекчилерди жана кызматкерлерди сапаттуу башкаруу боюнча окутуу, атайын бөлмөлөрдү бөлүштүрүү, каржылык жана материалдык-техникалык ресурстарды бөлүштүрүү ж.б. аркылуу болот. Сайт МУИТО,

Бул чен-өлчөм жетишсиздиктер менен аткарылып жатат.


1.4. - чен-өлчөм. Билим берүүнүн сапатын камсыздоо саясатын билим берүүнүн сапат менеджментинин документтештирилген тутумунун жардамы менен киргизүү.

Институтта билим берүү сапатын талдоону төмөндөгү документтер камсыздайт: Окумуштуу кеңештердин отурумдарынын пландарында, институттун жылдык планында, кафедралардын иш пландарында, алардын отурумдарынын протоколдорунда, кошумча курстарды өткөрүү пландарында, квалификацияны жогорулатуу пландарында ж.б.чагылдырылган. СМК модулдук көзөмөлдүн, экзамендик сессиялардын, мамлекеттик сынактардын, студенттердин сабактарга катышуусунун маалыматтарын талдоо аркылуу негизделет. Окуу жайдын сапат менежментинин документтештирилген системасы ISO 9001-2015 стандартына туура келет, ал AVN системасында орношкон.

Бул чен-өлчөм жетишсиздиктер менен аткарылып жатат.


1.5. - чен-өлчөм. Билим берүү уюмунда билим берүүнүн сапат менеджментинин документтештирилген тутумунун жардамы менен билим берүү сапатын камсыздоо саясатын киргизүүгө жооп берүүчү жооптуу адамдардын (кызматтардын) болуусу.

Окуу жайдын СМКнын милдеттери окуу бөлүмүнө жүктөлүп, алар тарабынан аткарылат. Окуу бөлүмү тарабынан жоболор иштелип чыгып, бекитилип, ошолордун негизинде иш алып барылат. Алар: “Система менеджмента качества”, “Положение о системе внутреннего мониторинга качества образования”, “Сапат боюнча кенеши”.

Бул чен-өлчөм аткарылып жатат.


1.6. - чен-өлчөм. Билим берүү уюмунун сайтында жарыяланган жана бардык кызыкдар тараптарга жеткиликтүү билим берүү уюмунун миссиясынын, стратегиялык жана учурдагы пландарынын, билим берүү максаттарынын, окутуунун натыйжаларынын, билим берүүнүн сапат менеджментинин тутумунун болуусу.

Окуу жайдын миссиясы, стратегиялык жана учурдагы пландары, билим берүү максаттары, окутуунун натыйжалары, билим берүүнүн сапат менеджменти жөнүндөгү жоболору сайтта жарыяланган.

сайт МУИТО

Бул чен-өлчөм жетишсиздиктер менен аткарылып жатат.


1.7. - чен-өлчөм. (5п.) Билим берүү уюму өзүнүн академиялык беделин жогорулатуу жана академиялык эркиндикти камсыздоо үчүн чараларды көрүшөт.

Окуу жайдын академиялык беделин жогорулатуу жана академиялык эркиндикти камсыздоо боюнча иш-аракеттер болуп келет. Мисалы, окутуучулар үчүн предметтик окуу пландарды өзүнүн тажрыйбасына, көзкарашы боюнча түзүүгө, окутуучу, студенттердин илим изилдөө темаларын тандоого, аларды өзүнүн ыкмаларынын негизинде жүргүзүүгө, алардын өзүнүн жөндөмдүүлүктөрүнө жана муктаждыктарына карата билим алуусуна, өзүн-өзү башкарууга, жүргүзүлгөн окутуу программаларын аныктоого жана ички тартиптер боюнча укуктар берилген. Биздин окуу жайда билим берүү жана илим изилдөө жагында инсанга берилген спецификалык укуктарды жана эркиндиктерди пайдаланууга бардык мүмкүнчүлүктөр түзүлгөн.

Илимий кызматташуулар, тажрыйба алмашуулар жана жетишкендиктер

Таланттуу, билимдүү студенттер сыймыгыбыз!

Илимий иш чаралар, илим

Бул чен-өлчөм жетишсиздиктер менен аткарылып жатат.


Күчтүү жактары:

1. Билим берүү программасы кафедранын ишмердүүлүгүнүн бардык түрлөрүнүн коомчулукка жеткиликтүүлүгүн массалык маалымат каражаттары жана алдыңкы маалыматтык технологиялар аркылуу камсыздайт.

2. Кафедра бардык пландаштырылган иштери, билим берүүчүлүк максаттарынын жана окутуунун жыйынтыктарынын аткарылышы эске алынып отчеттордо жана массалык маалыматтарда маалымдалат.

конок лекция, конок лекция, адистик сабактардын өтүлүшү

Алсыз жактары:

1. Кээ бир учурларда сырткы коомдун өзгөрүшүнө байланыштуу кемчилдиктер бар


Сунуштамалар:


1 - Стандарт жетишсиздиктер менен аткарылып жатат.





050709 Башталгыч класстарда окутуу

Стандарттын / чен-өлчөмдүн

аткарылышын баалоо



2 - Стандарт. Билим берүү программаларын иштеп чыгуу, бекитүү, байкоо жүргүзүү

жана мезгили менен баалоого минималдуу талаптар


2.1. - чен-өлчөм. Билим берүү уюмунун миссиясы менен дал келген жана мамлекеттик билим берүү стандарттарынын талаптарына ылайык так аныкталган билим берүү программасынын билим берүү максаттарынын болуусу.

Билим берүү программалары атайын усулдук көрсөтмөлөрдүн негизинде кафедрада иштелип чыгып, усулдук кеңеште каралган. Бул билим берүү программалары окуу жайдын миссиясына, билим берүү максаттарына, мамлекеттик билим берүү стандарттарына ылайык келет. Аларды иштеп чыгууда студенттердин жана башка кызыкдар тараптар катышышты жана пикирлерин сунушташты. Билим берүү программаларында билим берүү максатары так аныкталган жана ошонун негизинде ишке ашууда.

Билим берүү программасы

Бул чен-өлчөм аткарылып жатат.


2.2. - чен-өлчөм. Кесиптик, өндүрүштүк уюмдардын жана кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсүндөгү уюмдардын өкүлдөрүнүн катышуусунда иштелип чыккан, эмгек базарын чагылтуучу жана билим берүү программасынын максаттарына ылайык келген, универсал жана кесиптик терминдер менен баяндалган окутуунун күтүлүүчү натыйжаларынын болуусу.

Окуу жай тарабынан иш жүргүзүүдөгү билим берүү программаларын түзүүдө бүгүнкү күндө эмгек базарындагы талаптар эске алынып окутуунун күтүлүчү натыйжалары белгиленген. Алар билим берүү программаларында чагылдырылган. Билим берүү программасын түзүүдө бардык кызыкдар тараптар менен биргеликте каралган. Мисалы, башталгыч класстарда окутуу адистиги үчүн райондук, шаардык билим берүү өкүлдөрүнүн, мектеп директорлорунун катышуусунда иштелип чыккан. Коюлган максаттарга жетүү үчүн мониторинг өткөрүлүп, анын жыйынтыгы каралып турат. билим берүү программасын талкуулоо

Бул чен-өлчөм аткарылып жатат.


2.3. - чен-өлчөм. Билим берүү программасы боюнча так аныкталган жана мамлекеттик билим берүү стандартына ылайык окуу жүгүнүн болуусу.

Окуу жүгү окуу пландардын жана сааттардын нормасынын негизинде так такталып жана билим берүү стандартынын талаптарына ылайык түзүлгөн. Институт өз миссиясын жетекчиликке алып жана келечектеги өсүп-өнүгүүнү белгилеп, ошондой эле институтун уставынын негизинде коллектив төмөнкү билим берүүчүлүк максаттарын аныктаган:

Жалпы билим берүүчүлүк – компьютердик технологиянын жардамы менен окутуу стратегиясын ишке ашырууну, жалпы маданиятын жана кругозорун жогорулатуу үчүн билимдерди, билгичтиктерди колдонуу.

Базалык – тиешелүү адистиктердеги азыркы мезгилдин окуу процессинин сапатын камсыздоону, орто кесиптик билим берүү адистиктеринин окуу-тарбиялык программаларын сапаттуу ишке ашырууну жүргүү.

Профилдик – өндүрүштөгү жаңы технологияларды ишке ашыруу үчүн адистиктер боюнча кесиптик чеберчиликти өркүндөтүү, окутуу процессинин натыйжалуулугун жогорулатуу.

Окуу пландарынын так аныкталышы боюнча мониторинг жүргүзүлөт. Ар бир кафедранын ишмердиги боюнча, анын ичинде, окуу жүктөмүнүн бөлүнүшү, аткарылышы боюнча окумуштуу, административдик кеңештерде каралып турат. Сабактардын өтүлүш тартибин түзүүнүн жана бекитүүнүн жол-жоболорун окумуштуу кеңеш тарабынан кабыл алынган убакыт нормалары менен жолго салынат. Ал сааттардын эсептелүүсү, лекциялык, практикалык сабактардын, практикалардын, экзамендердин, мамлекеттик аттестациянын сааттарын эсептөө эрежелерин аныктаган ички документ болуп эсептелет. Билим берүү программасы

Бул чен-өлчөм жетишсиздиктер менен аткарылып жатат.


2.4. - чен-өлчөм. Билим берүү программасын өркүндөтүү максатында окуучулар (студенттер) менен жумуш берүүчүлөрдүн күтүүлөрүн, керектөөлөрүн жана канааттангандыгын мезгил-мезгили менен (бир жылда бир) баалоо.

Кафедранын практика программаларын өркүндөтүү үчүн студенттер менен жумуш берүүчүлөрдүн күтүүлөрүн канааттандандыруу максатында жумуш берүүчү ишкана, мекеме-уюмдар менен жолугушуулар өткөрүлүп, өндүрүштүк практикалардын программалары талкууланып, программаларга сунуштар алынып турат.

Кураторлор түзгөн пландын негизинде кураторлук сааттарды өткөрүшөт. Окуу процессиндеги студенттердин чечилбеген маселелери ал саттарда каралат жана мүмкүнчүлүккө жараша чечилет. Кээ бир меселелер усулдук же окумуштуу кеңештин жыйындарында каралат.

Иш берүүчүлөрдүн талаптарына ылайык бүтүрүүчүлөрдүн билимдери жана билгичтиктеринин туура келүүчүлүгү боюнча маалымат алуу үчүн жолугушуулар өткөрүлүп, алар менен биргеликте талкуланып турат. Жолугушуулардын жана талкулардын жыйынтыгына карай чечилбеген маселелер боюнча иш чаралар иштелип чыгат.

Жалпы окуу жайда жана кафедраларда кошумча акы төлөнгөн атайын комиссиялар буйруктун негизинде түзүлүп жумуш берүүчүлөр менен, бүтүрүүчүлөр менен иш алып барышат.

Окуу бөлүмү менен биргеликте билим берүү программасын өркүндөтүү максатында студенттер менен жумуш берүүчүлөрдүн күтүүлөрүн, керектөөлөрүн жана канааттангандыгы боюнча анализ жүргүзүлүп турат.

теория менен практиканы салыштыруу студенттердин теориядан алган билимин практика менен айкалыштырышы

Бул чен-өлчөм жетишсиздиктер менен аткарылып жатат.


2.5. - чен-өлчөм. Билим берүү программасы менен каралган практикалардын (тааныштыруучу, окутуучу, өндүрүштүк, педагогикалык, дипломдун алдындагы) бардык түрлөрүнөн өтүү үчүн окуу программасында орундарды берүү.

Окуу программаларында практикаларга зарыл деңгээлде орун берилген 4 апталык мөөнөткө окуу практикасы үчүн, 6 аптага чейинки мөөнөттө өндүрүштүк жана квалификациялык (диплом алдындагы) практикаларга жүктөмдөр бөлүнгөн. Тайпаларга жооптуу практика жетекчилери менен тиешелүү мекеме-ишканалардын практикага жооптуу кызматкерлеринин тыгыз байланышы колго алынган. Практика жетекчилери жеринде барып практиканын өтүү процессине катышып турушат. Педагогикалык практикаларда студенттердин ачык сабактарына катышып, анализ беришет. Практикаларды өтүп, аяктап келгенден соң атайын жыйынтыктоо конференциялары өткөрүлөт. Аларда студенттер өздөрүнүн практика мезгилиндеги үйрөнгөндөрүн, көндүм-жөндөмдөрүн конференцияга катышкандарга сунуш кылышат. Акыркы жылдары практикалардын жыйынтыктарын (отчетторун) видео роликтер жана слайддар менен коштоп көрсөтүү жолго коюлду. Педагогикалык адистиктеги студенттердин практика мезгилиндеги сабактарынын мыкты иштелмелери топтолуп, атайын жыйнак катары басмадан чыгаруу иштери колго алынган. Жыйнакты чыгаруудагы максат кийинки практикага чыгуучу студенттерге үлгү катары көрсөтүү болуп эсептелет. Райондун жана шаардын аймагындагы мамлекеттик жана жеке уюмдар, мекеме-ишканалар менен практикаларды өткөрүү максатында эки тараптуу келишимдер түзүлгөн (келишим мөөнөтү 5 жыл). Студенттерге практика учурунда мыкты усулдук жардам көрсөткөн мекеме-ишканалардын кызматкерлерин белгилеп туруу, сыйлоо баракчаларын тапшыруу иштери жүргүзүлүп турат. Окуу жайдын студенттери үчүн бардык практикаларды мекемелерде өткөрүүгө мүмкүнчүлүктөр түзүлгөн жана практикага жетекчилик кылуу мекеменин өкүлдөрүнө дагы бөлүнгөн. Мисалы алсак, мектептерде директор жана окуу бөлүм башчыларына жана башкаларга бөлүнгөн. Ошол себептен алар кызыкдар болуп практикалар өз деңгээлинде өтөт.

студенттердин практикадагы учуру


Бул чен-өлчөм жетишсиздиктер менен аткарылып жатат.


2.6. - чен-өлчөм. Актуалдуулугун камсыздоо үчүн илимдин соңку жетишкендиктерин жана технологияларын эске алуу менен конкреттүү дисциплинанын мазмунуна жыл сайын билим берүү уюму менен мониторинг жүргүзүү жана баалоо.

Актуалдуулугун камсыздоо үчүн илимдин жана окутуунун усулдарынын соңку жетишкендиктерин жана технологияларын эске алуу менен конкреттүү дисциплинанын жана тарбиялык сабактардын мазмунуна жыл сайын институтагы окуу-усулдук кеңеш тарабынан мониторинг жүргүзүлөт. Мисалы, кафедрада ачык сабактар уюштурулуп, конкреттүү дисциплинанын жана тарбиялык сааттардын мазмуну окуу-усулдук комплекстерде кандай чагылдырылганы аныкталат. Айрым сабактардын иштелмелери тажрыйба алмашуу максатында басылмаларга (“Эл агартуу” журналы, “Өзгөн нуру” гезити, социалдык тармактарга ж.б.) берилип, жарык көрүүсү традицияга айланган. Ар бир окутуучу ар бир семестрде жок дегенде 4 сабакка катышуу талап кылынат. Ар бир окутуучунун ачык сабак өтүшү жана ал сабактарга кесиптештердин катышуусу талап кылынат: бул алдыңкы тажрыйбанын жайылышына өбөлгө болууда, ачык сабактар мугалимге өзүнүн иши туурасында башка адистердин пикирин угууга мүмкүнчүлүк берет жана окутуучунун өз ишинин сапаты үчүн жоопкерчилигин жогорулатууда. Окутуучулардын иштөө ыкмаларын билүү жана түшүнүү үчүн бири-биринин сабактарына катышуусу алдыңкы тажрыйбаны мүмкүн болушунча кеңири жайылышына басым жасоодо. Студенттерге салттык сабактардан сырткары, телевизор жана проекторлорду, интерактивдүү досканы колдонуу менен сабактар өткөрүлөт.

Жомоктор дүйнөсү

башталгыч класстарда сабак өтүү Студенттин сүйлөө чеберчилигин калыптоодогу полемикалык ыкмалар


Бул чен-өлчөм жетишсиздиктер менен аткарылып жатат.


2.7. - чен-өлчөм. мониторинг жүргүзүү:

- окутуучулардын (студенттердин) окуу жүгүнө, жетишүүсүнө жана бүтүүсүнө;

Куратор прот.

- баалоо жол-жоболорунун майнаптуулугуна;

Баалоо жол жоболору

- окутуучулардын (студенттердин) жана жумуш берүүчүлөрдүн билим берүү программасы боюнча окутуудан

күтүүлөрүнө, керектөөлөрүнө жана канааттангандыгына;


- билим берүү чөйрөсү менен колдоо кызматтарына жана алардын билим берүү программасынын максаттарына шайкештигине;

- берилүүчү билимдин майнаптуулугун жогорулатуу жана адекваттуулугун аныктоо максатында бүтүрүүчүлөрдүн ишке орношуусун.

Окутуучулар үчүн окуу жүктөмдөрү окуу жылынын башталышында окуу нормаларына ылайык эсептелип, AVN маалымат системасын пайдаланып, бөлүштүрүлөт. Жетишүү боюнча жана бүтүрүүчүлөр тууралуу жүргүзүлгөн мониторингдердин материалдары алынат.

- баалоо жол-жоболорунун майнаптуулугуна;

Студенттердин билимин баалоо жол-жоболору кафедраларга бекитилген дисциплиналар боюнча даярдалат. Алардын майнаптуулугу окуу жылы ичинде бааланып, зарылдыгына карай өзгөртүүлөргө дуушар болот.

сабактардан жетишүүнү аныктоо

- берилүүчү билимдин майнаптуулугун жогорулатуу жана адекваттуулугун аныктоо максатында бүтүрүүчүлөрдүн ишке орношуусун;

Берилүүчү билимдин майнаптуулугун жогорулатуу жана адекваттуулугун аныктоо максатында бүтүрүүчүлөрдүн ишке орношуусу боюнча институтта окуу бөлүмү жана бүтүрүүчүлөр ассоциациясы мониторинг жүргүзөт. Институт тарабынан атайын жарманке уюштурулуп турат, жумуш менен камсыз болуу үчүн орундар камсыздалат.

Бүтүрүүчүлөр Ассоциациясы жөнүндө  ЖОБО, бош орундар жармаркеси,

Бул чен-өлчөм жетишсиздиктер менен аткарылып жатат.




2.8. - чен-өлчөм. Мониторинг жүргүзүүнү жана мезгили менен баалоону өткөрүү үчүн процесстерди жана жооптуу адамдарды (кызматтарды) аныктоо.

Мониторинг жүргүзүүнү жана мезгил-мезгили менен баалоону өткөрүү кафедраларга, окуу бөлүмүнө, усулдук кеңешке жүктөлгөн жана пландардын аткарылышын жетектейт. АВН системасы аркылуу сабактардан жетишүүнү аныктоо

 Сводная ведомость кафедры (Плановая)  план факт вып. уч. нагр

Бул чен-өлчөм аткарылып жатат.


2.9. - чен-өлчөм. Мониторингдин жана мезгили менен баалоонун натыйжаларын бардык кызыкдар тараптарды тартуу менен талдоо, талкуулоо жана аны билим берүү процессин уюштурууну жакшыртуу үчүн пайдалануу.

Кызыкдар тараптардын өкүлдөрүнүн катышуусунда өткөрүлгөн окумуштуу кеңештердин отурумдарынын пландарында модулдардын, экзамендик сессиялардын жыйынтыктарынын талданышы бүтүрүү маселелери каралган. Отурумдарда начар жетишүүнүн себептери жана аларды оңдоонун жолдору каралат. Билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү стандартынын ишке ашырылып жаткан бардык билим берүү программалары үчүн жетиштүү ресурстар менен камсыздоону милдеттендирген маселелер окуу жайда чечилген. Сайтта жайгашкан

Бул чен-өлчөм аткарылбай жатат.


2.10. - чен-өлчөм. Билим берүү программасын окуу-усулдук камсыздоо билим берүүнүн максаттарына, мамлекеттик билим берүү стандарттарына ылайык келүүсү.

Институттун китепканасында, электрондук китепканада (мультимедиа классында) окуу, окуу-усулдук жана усулдук китептер (адабияттар) жетишерлик санда бар. Андан тышкары окутуучулардын өздөрүнө бекитилген ар бир дисциплина боюнча даярдаган ОУКтары (окуу-усулдук комплекстери) институттагы  AVN маалымат системасына жайгаштырылган. Окуу-усулдук камсыздоо билим берүүнүн максаттарына, мамлекеттик ББСтерге ылайык келет. Окутуучулар тарабынан даярдалган окуу-усулдук комплекстер окуу жай тарабынан каржыланып, китеп болуп чыгарылып, пайданууга китепканага берилген. Кошумча электрондук китепканаларды пайдаланышат.

электрондук китепканалар: ЛИБ кж , окума кж, Улуттук эл. китепкана, эл аралык адабий китептер

Бул чен-өлчөм аткарылбай жатат.


Күчтүү жактары:

1. Окуу программаларындагы дисциплиналардан ОУКтар (окуу-усулдук комплекстер) электрондук вариантта AVN маалымат системасына, кагаздагы варианты китепканага коюлган.

2. Программалар окутуунун күтүлүүчү жыйынтыктарын жана окуу-усулдук камсыздоону иштеп чыгууну аткарат.

3. Программалар институттун бүтүрүүчүлөрүнүн ишке жайгашуусун, ошондой эле практиканын бардык түрлөрүн өткөрүүнү эске алат.

Алсыз жактары:

1. Окуу жүктөмдөрү эл аралык чен бирдиктерде аныкталбаган.

2. Программаларда орус тилинде окутуу каралган, ал эми студенттердин тилди билүүсү боюнча талаптын аткарылуусу жетишсиз.

Сунуштамалар:


2 - Стандарт жетишсиздиктер менен аткарылып жатат.




050709 Башталгыч класстарда окутуу

Стандарттын / чен-өлчөмдүн

аткарылышын баалоо

3 - Стандарт. Инсанга багытталган окутууга жана окугандардын (студенттердин)

жетишүүсүн баалоого минималдуу талаптар

3.1. - чен-өлчөм. Педагогикалык усулдарды, билим берүүнүн формаларын жана технологияларын баалоо жана түзөтүү үчүн окугандар (студенттер) менен үзгүлтүксүз өз ара байланышты пайдалануу.

Окутуунун колдонулган усулдарынын натыйжалуулугун аныктоо жана аларды жакшыртууга чечимдерди кабыл алуу үчүн кафедрада куратордук сааттар, студенттик кеңеш менен жолугушуулар жана студенттер менен болгон карым-катыштын башка формалары өткөрүлүп турат. Ошондой эле студенттер АВН программасынан өз жетишкендиктерин ачык айкын көрүп турушат. Окутуучулар тарабынан сабактар жаңы технологиялар менен аралаш проектор, смартТВ, электрондук доска аркылуу өтүшөт. Студенттердин билим алуусуна толук кандуу түшунүк алуу учүн кошумча библиотека, электрондук библиотека, интернеттерди колдонушат. Ал эми бүтүрүүчүлөрдүн көпчүлүгү адистик боюнча жумушка орношуп өз шарттарына байланыштуу кээ бирөөлөрү өлкөнүн жождорунда билимдерин улантышууда. Бүтүрүүчүлөр менен үзгүлтүксүз байланыш жүргүзүлүп турат, алар менен жолугушуулар өткөрүлүп, анда алардын сунуштары угулат, андан кийин ОУСтун отурумдарында талкууланып, чечимдер кабыл алынат.

Бүтүрүүчүлөр ассоциациясы тарабынан атайын план түзүлүп, анын негизинде үзгүлтүсүз иш алып барылат.Мисалы, ассоциация тарабынан бүтүрүүчүлөр менен окуу жайдагы окуу пландарынын түзүлүшү, окуу плангандагы окутулган дисциплиналар боюнча, аларга бөлүнгөн сааттардын жетиштиги, теорияда окутулган сабактардын практикада канчалык деңгелде колдонулушу, адистиктин актуалдылыгы ж.б. суроолор талкуланып турат. Окуу планына ылайык адистик предметтер боюнча лекциялык, практикалык, лабораториялык сааттар, ошондой эле курстук иштер каралган.

Модулдарды коюуда аткарылган өз алдынча иштер лаборатордук иш түрүндө, типтик эсептөө, курстук иштер эсепке алынат, алардын тизмелери дисциплиналардын окутуучулары тарабынан иштелип чыгат. Окутуучулар ОУКтарды (окуу-усулдук комплекстерди) иштеп чыгышат, аларда билимдердин көлөмү боюнча баалоонун системасы чагылдырылат.

 Улуттук китепкана 

 Окума кж. китепканасы 

Заман баб эл.китепкана РОС 

Эл. библиотека 

Библиотека им. А.Новои. Ташкент 

  Куратор прот. отчет  Академик Б.Мурзубраимовдун стимулу  

социалдык когоо  бош орундар жармаркеси   МУИТО сайты

 050709 Башталгыч класстарда окутБүтүрүүчүлөр Ассоцациясы: Бүтүрүүчүлөр Ассоциациясы жөнүндө ЖОБО

Бүтүрүүчулөр жөнүндө: Бүтүрүүчүлөр тизмеси Ассоциациясы.docx

Жомоктор дүйнөсү башталгыч класстарда сабак өтүү Студенттин сүйлөө чеберчилигин калыптоодогу полемикалык ыкмалар сабактардан жетишүүнү аныктоо 

кафедранын жетишүү жөнүндө отчету   практикага баруучу студенттер тизмеси 

Студенттердин жетишүүсү жөнүндө маалымат алуу: http://avn//AVN_search_st.html

электронная библиотека

  lib.kg ачык китепканасы 


Бул чен-өлчөм жетишсиздиктер менен аткарылып жатат.

3.2. - чен-өлчөм. Баалоочу адамдардын (экзаменаторлордун) окуучунун (студенттин) билимин текшерүүнүн усулдарына ээ болушу жана бул тармакта квалификациясын дайыма жогорулатуусу.

Окутуучулар студенттердин билимдерин текшерүүнүн түрдүү ыкмаларын кафедра тарабынан өткөрүлгөн усулдук семинарларда үйрөнүшөт. Бул багытта окутуучулар дайыма билимин жогорулатуунун үстүндө эмгектенишет. Акыркы эки жылда окутуучулар квалификациясын жогоруулатуу максатында көптөгөн семинарларга катышып, сертификаттарды алышкан. Белгилей кетүү жагы, семинарларга катышуу үчүн бардык чыгымдар окуу жай тарабынан каржыланат. Бул администрациянын окутуучулардын билимин жогоруулатуу үчүн түзүлгөн шарттары билимдин сапатына тасир тийгизүүдө. Окутуучулар бир гана адистик боюнча эмес, усулдук тараптан дагы билимин өркүндөтүшөт.

Бул чен-өлчөм жетишсиздиктер менен аткарылып жатат.

3.3. - чен-өлчөм. Билим берүү уюму окугандар (студенттер) жетишүүгө тийиш болгон окутуунун күтүлүүчү натыйжаларына карата адекваттуу жана окуучунун (студенттин) окутуунун пландалган натыйжасына жетишүү деңгээлин көрсөткөн баалоонун чен-өлчөмдөрү менен усулдарын өзүнүн сайтында жарыялоосу.

Кафедрада баалоону жүргүзүү процедураларынын ачыктыгы жана обьективдүүлүгү каралган, ал баалоо маселелери боюнча түшкөн даттанууларга өз убагында жооп берүүдөн турат. Ушундай жагдайлар пайда болгон учурда институтта андай маселелер окутуучулар жана жетекчилердин катышуусу менен жамааттык түрдө чечилет. Студенттер тигил же бул бааны эмне үчүн алаарын алдын ала билүү үчүн AVN маалымат системасынан билсе болот. Андан тышкары деканат тарабынан модулдардын жана сессиянын жыйынтыктары атайын стендте ачык чыгарылып турат. Ал жерден студенттер бардык маалыматтарды көрө алышат.

Бул чен-өлчөм жетишсиздиктер менен аткарылып жатат.

3.4. - чен-өлчөм. Баалоо жол-жоболорунун жумшартуучу жагдайларды жана баалоонун натыйжасын апелляциялоонун расмий жол-жобосун камтыган объективдүүлүгүн жана ачык-айкындыгын камсыздоосу.

Окуу жылдын башында куратордук сааттарда окуп жаткандар менен окутуунун системасы, алардын билимдерин баалоонун түрлөрү, талаптар тууралуу тааныштыруучу маектер өткөрүлөт, алар окутуунун толук процедурасын өткөргөн жана билим тууралуу диплом ала турган студенттер үчүн көрсөтүлөт. Баалоо жол-жоболорунун жумшартуучу жагдайларды жана баалоонун натыйжасын апелляциялоонун расмий жол-жобосу бар, анда баалоонун ачык-айкындыгы камсыздалган. Баалоо объективдүү жана ачык-айкын жүргүзүлүп жаткандыгын далилдеш үчүн ар бир сессиядан кийин жыйынтык чыгарылып, абсолюттук жана сапаттык жетишүү боюнча талкуулар административдик кеңеште жүргүзүлөт. Ошондой эле экзамендерди байкоо үчүн эки окуу корпуста видеобайкоо жүргүзүлөт жана ал байкоо ата-энелерге жана башка кызыкдар тараптарга керектүү болсо, көрсөтүлөт.


Бул чен-өлчөм аткарылып жатат.

3.5. - чен-өлчөм. Пайдаланылган баалоо жол-жобосу, болуучу текшерүүлөрдүн түрлөрү (экзамендер, зачеттор, дипломдук ишин коргоо ж.б.), окугандарга (студенттерге) карата талаптар, алардын билимин баалоонун колдонулуучу чен-өлчөмдөрү боюнча окуучуларга (студенттерге) толук маалымдоо.

Окуу жайда пайдаланылган баалоо жол-жобо иштелип чыгып, бекитилген. Ал жободогу экзамендер, зачеттортор үчүн талаптар, студенттердин билимин баалоонун колдонулуучу шарттары көрсөтүлгөн. Ал жобо Окумуштуу кеңештин оурумунда бекитилген. Институттун жумушчу административдик кеңешинин, Окумуштуу кеңештин отурумдарында студенттерди окуудан четтетүүнүн себептери талкууланат. Негизинен бул институт менен байланыштын жоголуусу, окуп жаткандардын үй-бүлөлүк материалдык оор абалынан чыккан каржылык карыз, ошондой эле ата-энелеринин жашаган жерлеринин алыстыгы. Окуп жаткандардын жетишүүсүн жогорулатуу жана бекемдөө үчүн ата-энелер менен үзгүлтүксүз иштер жүргүзүлөт, окууга болгон акыны төлөө үчүн жеңилдиктер берилет, ошондой эле окуу үчүн акы төлөөнүн жеңилдетилген формалары көрсөтүлүп турат. Студенттердин жетишүүсүн жогорулатуу үчүн кошумча курстар, негизги предметтер боюнча кошумча сабактар өткөрүлүп турат.

Устав, Баалоо жол жоболору

Бул чен-өлчөм аткарылып жатат.

3.6. - чен-өлчөм. Окугандарды (студенттерди) иргөөнүн себептерин талдоо жана алардын жетишүүсүн жогорулатуу жана окуучулардын (студенттердин) бекемделүүсү боюнча чараларды көрүү;

Окугандарды иргөөнүн себептерин талдоо жана алардын жетишүүсүн жогорулатуу, студенттердин бекемделүүсү боюнча чараларды көрүү үчүн окуу бөлүмү тарабынан жыйынтыктар чыгарылат. Ошонун негизинде иш алып барылат. Ошондой эле, кафедрада студенттер менен такай байланыш түзүүнүн тартиби кураторлор аркылуу, студенттердин жүрүм туруму жана билим денгээлинин анализи чыгарылат. Билимдерин баалоо жобонун жана окутуучулардын баалоо критерийлерине тийиштүү болгон принциптери менен кабыл алынган. Кээ бир пайда болгон маселелер оозеки тартипте чечилет.

Бул чен-өлчөм аткарылып жатат.

3.7. - чен-өлчөм. Окугандардын (студенттердин) даттанууларына чара көрүүнүн иштеп чыгарылган жана колдонууга киргизилген жол-жоболорунун болуусу.

Кафедрада билим берүүнүн натыйжалуулугун жана сапатын жогорулатуу максатында окуу сабактарын өткөрүүнүн ар кандай технологиялары жана формалары каралган. Биринчи иретте, окуу процессин өткөрүү үчүн маалыматтык технологияларды иштеп чыгууга жана жайылтууга өзгөчө көңүл бурулат: технологиялардын мультимедиасын колдонуу, файлдык сервер түрүндө электрондук маалыматтык каражаттары, ОшТУнун веб-сайты аркылуу иштеген маалыматтык билим берүү порталын түзүү каралган. Студенттерге окутулуп жаткан дисциплиналар кызыктуу жана натыйжалуу болуусу үчүн окутуучулар тарабынан сунушталган ачык сааттарда көрсөтүлөт. Студенттердин даттанууларына чара көрүү боюнча жол-жоболору иштелип чыгып, колдонууга киргизилген. Мисалы, ар бир окуу корпусанда даттануулар үчүн ящиктер коюлган. Ага ар бир студент өз болгон даттануусу боюнча кат таштайт. Ал ящик атайын комиссия аркылуу ачылып, дирекция тарабынан даттануулар боюнча иш жүргүзүлөт. Алардын жыйынтыгы боюнча директор жеке бир жылда эки жолу студенттер менен жолугушу өткөрүп, даттануулардын жыйынтыгы боюнча жүргүзүлгөн жумуштарды жеткирет. Жеке жолугушууда дагы студенттер өз пикирлерин ачык айта алышат.

Бул чен-өлчөм аткарылып жатат.

3.8. - чен-өлчөм (12п.1). Билим берүү уюму окутуунун сапатын жогорулатуу максатында инновациялык окуу-усулдук ресурстарды, педагогикалык усулдарды, формаларды жана технологияларды колдонуу.

Билим берүүнүн сапатын жогорулатуу максатында бардык окутуучулар жаңы технологияларды, инновациялык окуу-усулдук ресурстарды, педагогикалык усулдарды, формаларды колдоно билишет. Акыркы беш жылда сабактарды өткөрүү үчүн материалдык-техникалык жактан бардык керектүү шарттар түзүлгөн. Мисалы, бардык аудиториялар жаңы компьютерлер, телевизорлор, электрондук доскалар, диапроекторлор ж.б. менен камсыздалган. Бардык компьютер, телевизорлор интернетке байланышкан. Инновациялык окуу-усулдук ресурстарды, жаңы педагогикалык усулдарды, формаларды жана технологияларды колдонуу үчүн, башында айтылгандай окутуучулар жылда окуу жай тарабынан камсыздалган курстардан билимин өркүндөтүшүп турушат. Мисалы, ушул жылдын январь айында окутуучулар "Окутуудагы жаңы технологиялар", "Кызыктуу сабак өтүүнүн заманбап ыкмалaры" деген курстардан өтүп сертификаттарга ээ болушту.

Ошондой эле оор материалдык абалы боюнча иштөөгө мажбур болгон студенттер үчүн сабактарга эркин катышууга уруксат берилген жана башка кайрымдуулук, камкордук көрүлүп турат.

Бул чен-өлчөм аткарылып жатат.

3.9. - чен-өлчөм (12п.2). Билим берүү уюмунун окугандардын (студенттердин) ар кыл топторунун керектөөлөрүн аныктап жана аларды кошумча курстар, факультативдер, ийримдер аркылуу канааттандыруусу.

Кафедра студенттердин ар кыл топторунун керектөөлөрүн аныктап жана аларды сабактардан сырткары убактарда кыска мөөнөттүү курстардан окуусуна (көбүнчө компьютердик сабаттуулук жана тил курстарына), көркөм чыгармачылык (улуттук бийлер), спорттук (волейбол, жеңил атлетика), аялдар кенеши, кафедралардын илимий ийримдерин жана олимпиада өткөрүү боюнча жооптуулар, видео сабактарды уюштуруу жана чыгаруу боюнча жооптуулар иш алып келишет. Аларга дирекция тарабынан атайын кошумча эмгек акысы төлөнөт. Аткарылган иштер боюнча административдик кеңеште талкуулоо болуп, отчеттор каралат.

жомоктор дүйнөсүндө: жомоктор дүйнөсү

көркөм чыгармачылык бий топторунун сахнадагы көрүнүшү: мисал катары

бий чыгармачыл топтор сахнада , чыгармачыл топтор сахнада, Тургунбай Тагаев уюштуруучу чыгармачыл агайыбыз менен сыймыктанабыз

Бул чен-өлчөм аткарылбай жатат.

Күчтүү жактары:

1. Кафедра инновациялык окуу-усулдук каражаттарды пайдаланат.

2. Программа окуп жаткандардын артта калып калууларын талдайт жана студенттердин жетишүүсүн жогорулатуу жана бекемдөө боюнча чараларды кабыл алат.

3. Кафедрада студенттер менен окутуучулардын ортосунда пайда болгон көйгөйлөргө өз убагында жооп берүү принциптери аткарылат.

4. Окутуучу тарабынан берилген тийиштүү жетектөө жана жардам берүүнүн аркасында студенттердин өз алдынчалуулугуна өзгөчө көңүл бурулат.

Алсыз жактары:

1. Программалар кызыкдар тараптар менен регулярдуу байланышты толук эмес пайдаланабыз.


Сунуштамалар:


3- Стандарт жетишсиздиктер менен аткарылып жатат.





050709 Башталгыч класстарда окутуу

Стандарттын / чен-өлчөмдүн

аткарылышын баалоо

4 - Стандарт. Окуучуларды (студенттерди) кабыл алуу, билим берүүнүн натыйжаларын таануу

жана окуучулардын (студенттердин) бүтүрүүсүнө минималдуу талаптар

4.1. - чен-өлчөм. Окуучуларды (студенттерди) иргөөнүн жана кабыл алуунун калыс жана туура усулдары менен жол-жоболорун колдонуу, ошондой эле потенциалдуу окуучулардын (студенттердин) тапшыруусу үчүн негизсиз тоскоолдуктарды болтурбоо.

Билим берүү уюму мурдатан аныкталган, өзүнүн сайтында жарыяланган жана ырааттуу колдонулган студенттерди кабыл алууну, билим берүүнүн натыйжаларын таануу жана студенттердин бүтүрүп чыгышын жөнгө салуучу эрежелерге ээ.

ОшТУнун сайтында жарыяланган жана ырааттуу колдонулган абитуриенттерди кабыл алууну, билим берүүнүн натыйжаларын таануу жана студенттердин бүтүрүп чыгуусун жөнгө салуучу эрежелер бар. Бүтүрүүчүлөр 2-курстан кийин окуу пландарындагы “Кыргыз тили жана адабияты”, Кыргызстандын географиясы” жана “Кыргызстандын тарыхы” предметтеринен жана акыркы курстун аягында профилдик циклдеги дисциплиналар боюнча (Педагогика,психология, математиканын баштапкы курсу жана математиканы окутуунун методикасы, эне тили жана эне тилинин окутуунун методикасы предметтери) комплекстүү мамлекеттик сынакты тестирлөөдөн өтүү аркылуу тапшырышат.

Окуу жай студенттерди иргөөнүн жана кабыл алуунун калыс жана туура усулдары менен жол-жоболорун колдонуп, потенциалдуу абитуриенттердин институтка тапшыруусу үчүн негизсиз тоскоолдуктардын пайда болуусуна жол бербей турган деңгээлде иш алып барат. Абитуриенттерди кабыл алуу Кыргыз Республикасынын “Билим берүү жөнүндө” мыйзамына жана КР орто кесиптик билим берүүчү уюмдары жөнүндө жобого, КР Өкмөтүнүн “КР кесиптик жогорку жана орто билим берүүчү уюмдарынын иш-аракеттерин жөнгө салуучу ченемдик-укуктук актыларын бекитүү жөнүндө” жана 2012-жылдын 4-июнундагы №470 КР кесиптик орто билим берүү уюмдарынын ишин жөнгө салуучу актыларды бекитүү жөнүндө токтомдордун негизинде иштелип чыккан КРнын ББИМи тарабынан бекитилген студенттерди кабыл алуунун тартибине жана планына ылайык жүргүзүлөт. Кабыл алуу эрежелери ОшТУнун сайтына жайгаштырылган. Студенттерди тандоонун жана кабыл алуунун калыс жана объективдүү методдорду жана жол-жоболору бар. Потенциалдуу студенттердин өтүүсү үчүн негизсиз тоскоолдуктар жок. Кабыл алуу ачык-айкын жүргүзүлө. Абитуиренттерге жеке колдоочулук жок. Кабыл алуу процессин видеого түшүрүү жана ата-энелерге жана башка кызыкдар тараптарга көрсөтүү пайдаланыла. профориентация, кабыл алуу профориентация, профориентация

Бул чен-өлчөм аткарылып жатат.

4.2. - чен-өлчөм. Окуучуларды (студенттерди) кабыл алуу эрежелерин, процессин жана чен-өлчөмдөрүн ачык-айкын ырааттуу колдонуу.

Институт студенттерди кабыл алуу эрежелерин, процессин жана чен-өлчөмдөрүн ачык-айкын ырааттуу колдонот. 2020-жылдан бери окуу жайга кабыл алуу жана каттоо маалыматтык-коммуникациялык технологияларды колдонуу менен жүргүзүлүп келатат. Онлайн каттоо ББИМдин сайтындагы 2020.edu.gov.kg дареги аркылуу ишке ашырылат. Кызыкдар тараптар үчүн студенттерди кабыл алуу процесси, критерийлери жана эрежелери жеткиликтүү. Мунун бардыгы ОшТУнун сайтында жайгаштырылган. Алардын ачык-айкын жана ырааттуу аткарылышы жетекчилик жана кабыл алуу комиссиясы тарабынан көзөмөлдөнөт. Кабыл алуу процесси

Бул чен-өлчөм аткарылып жатат.

4.3. - чен-өлчөм. Окуучулар (студенттер) тандап алган билим берүү траекториясы, ошондой эле академиялык мобилдүүлүк программалары жана карьералык мүмкүнчүлүктөр боюнча толук жана өз учурунда маалымат жана консультация алуусу.

Институттун студенттерине тандап алган билим берүү траекториясы, ошондой эле академиялык мобилдүүлүк программалары жана каръералык мүмкүнчүлүктөр боюнча толук жана өз учурунда маалымат жана консультация берилип турат. Кабыл алынгандан кийин студенттер тандап алган билим берүү траекториясы боюнча сентябрь айында кафедра тарабынан бекитилген кураторлорунан маалымат алышат. Студенттер академиялык мобилдүүлүк программалары боюнча бөлүм башчыларынан маалымат алышат. Студенттер карьералык мүмкүнчүлүктөр боюнча б.а. ишке орношуу жана билимин жогорулатуу мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө маалыматты тиешелүү ББП боюнча кафедра окутуучуларынан алышат. Тиешелүү багыттар боюнча маалымат ОшТУнун сайтында жайгаштырылган.

МУИТО сайты, Кабыл алуу процесси

Бул чен-өлчөм аткарылып жатат.

4.4. - чен-өлчөм. Окуучулардын (студенттердин) академиялык жетишкендиктери жөнүндө маалыматтын негизинде жыйноо, байкоо жүргүзүү жана андан аркы иш-аракеттер үчүн так жол-жоболор менен инструменттердин болушу.

Студенттердин академиялык жетишкендиктери жөнүндө маалыматтарын жыйноо, байкоо жүргүзүү жана андан аркы иш-аракеттер үчүн так жол-жоболор менен инструменттер бар. Студенттердин академиялык жетишүүсү тууралуу маалымат AVN маалымат системасынын “Деканат” бөлүгүндөгү “Бальный журналда” толук маалымат, ал эми “Лучшие студенты” бөлүгүндө “4”ттөн “5”ке чейин баллга ээ болгон студенттер жөнүндөгү маалыматтар сакталат. Баллдык журналдагы маалыматтар бөлүм тарабынан талданып, кийинки иш аракеттер иштелип чыгат. Мисалы, баа коюу жол-жоболорун колдонуу эрежелеринин сакталышына мониторинг жүргүзүү, окуу тайпасындагы окуу предметтеринен студенттердин билим сапатын көтөрүү маселелери ж.б. Ар бир колдонуучу ал маалыматтар менен таанышууга мүмкүнчүлүк түзүлгөн.


Бул чен-өлчөм аткарылып жатат.

4.5. - чен-өлчөм. Билим берүү уюму окуучунун (студенттин) окутуунун күтүлгөн натыйжаларына жетишүүсү жана анын академиялык мобилдүүлүгүнө шарт түзүү үчүн квалификацияларды жана мурдагы окуган мезгилдерин объективдүү таанууну камсыздоосу.


Кафедрада студенттин окутуунун күтүлгөн натыйжаларына жетишүүсү жана анын академиялык мобилдүүлүгүнө шарт түзүү үчүн квалификацияларды жана мурдагы окуган мезгилдерин объективдүү таанууну камсыздайт. Башка окуу жайдан академиялык мобилдүүлүк программасы боюнча келген же которулуп келген студенттин мурдагы алган баалары зачеттук китепчесиндеги бааларына жана предметти кандай өздөштүргөнүнө карап, эсепке алынат. Бул учурларда окуу пландарындагы айрымалар көйгөй жараткан учурлар кездешет. Бул процессти жөнөкөйлөтүү үчүн мүмкүн болушунча окуу пландарында дал келбестиктерди азайтуубуз зарыл.


Бул чен-өлчөм аткарылып жатат.

4.6-чен-өлчөм. Билим берүү уюму билим берүү программасы боюнча окууну бүткөн жана окутуунун күтүлгөн натыйжаларына жеткен студенттердин алган квалификациясын, анын ичинде алган билиминин натыйжаларын, ошондой эле алынган билимдин мазмунун жана статусун тастыктаган документ менен, ошондой эле окууну бүтүргөндүгү жөнүндө күбөлүк менен камсыздоосу.

Институт кафедранын билим берүү программасы боюнча окууну бүткөн жана окутуунун күтүлгөн натыйжаларына жеткен студенттердин алган квалификациясын, анын ичинде алган билиминин натыйжаларын, ошондой эле алынган билимдин мазмунун жана статусун тастыктаган документ менен, ошондой эле окууну бүтүргөндүгү жөнүндө диплом менен камсыздайт. Өткөн окуу жылында окууну бүткөн жана окутуунун күтүлгөн натыйжаларына жеткен 310 бүтүрүүчү тиешелүү документ менен камсыздалган. 2021-жылдагы бүтүрүүчүлөрдүн саны тууралуу маалымат төмөнкү таблицада берилди

1 дипломдун нускасынын баасы 330 сом. Билим берүүнүн статусу орто кесиптик билим берүү. Окуу жай өзүнүн бүтүрүүчүлөрүнө диплом берүү укугуна акыркы жолу 2017-жылы ээ болгон. Дипломдун ичинде сериясы номери менен, окуу жайдын аталышы, мамлекеттик аттестациялык комиссиянын чечиминин убактысы, бүтүрүүчүнүн аты-жөнү, адистиги, квалификациясы, мамлекеттик аттестациялык комиссиянын төрагасынын жана окуу жайдын директорунун колтамгалары, институттун мөөрү, ачыктыгын текшерүү боюнча сайттын аталышы, каттоо номери (тиркемесинде: дипломдун сериясы жана номери, бүтүрүүчүнүн аты-жөнү, туулган датасы, билими жөнүндө мурдагы документи, окууга тапшырган жылы, окууну аяктаган жылы, окутуунун формасы жана ченемдик мөөнөтү, адистиги, адистешүүсү, жыйынтыктоочу мамлекеттик экзамендерден алган баалары, директор жана директордун орун басарынын колтамгалары жана мөөр, каттоо номери, окуу мезгилиндеги дисциплиналардын аталыштары, сааты жана баалары көрсөтүлгөн) берилген. 050709 Башталгыч класстарда окутуу

Бул чен-өлчөм аткарылып жатат.

Күчтүү жактары:

1. Студенттердин тандап алган билим берүүчүлүк траекториясы боюнча толук жана өз убагында маалымат жана кеңеш алуусундагы институттун ишмердүүлүгү студенттердин кесиптик өнүгүүсүнө шарт түзүүгө багытталган жана тандаган кесиби жөнүндө толук түшүнүктү (элестетүүнү) берет.

2. Рекламалык материалдар системалуу түрдө жаңыланып, окутуучулардын кесипке багыт берүү боюнча регулярдуу ишмердигине көзөмөл жүргүзүлөт, жыйынтыктары жалпыланып жана талданып, институттун ишмердүүлүгүн жакшыртуу үчүн чечимдер алынат.

3. Институттун ишине кызыкдар тараптарды чечимдерди кабыл алууга тартуу максатында аларды Мамлекеттик аттестациялык комиссияларына, Камкордук кеңешине, Ата-энелер кеңешине жана абитуриенттерди кабыл алуу комиссиясына мүчөлүккө кошуу.

Алсыз жактары:

1. Кесипке окутуунун методдорун, формаларын, алдыңкы технологияларды өздөштүрүү аркылуу бүтүрүүчүлөрдүн оптималдык деңгээлдеги негизги компетенцияларын калыптандырууга шарт түзүү зарыл.





050709 Башталгыч класстарда окутуу

Стандарттын / чен-өлчөмдүн

аткарылышын баалоо



5 - Стандарт. Окутуучулук жана окутуучу-көмөкчү курамга минималдуу талаптар


5.1. - чен-өлчөм. Билим берүү уюмунун окутуучулук жана окутуучу-көмөкчү курамды жумушка кабыл алуунун, кызматтан жогорулатуунун Кыргыз Республикасынын эмгек боюнча мыйзамына жараша ачык-айкын жана объективдүү чен-өлчөмдөрүн пайдаланышы.

Жумушка кабыл алганда жана окуу жүктөмдөрүн бөлүштүрүүдө окутуучулук жана окутуучу-көмөкчү курамдын квалификациясы, билими жана тажрыйбасы ишке ашырылып жаткан билим берүүчү программага жана билим берүү процессинин талаптарына ылайыктуулугу эске алынат. Башка иште жүрүп, Өзгөн институтуна которулуп жумушка алынгандарга жана окууну жаңы бүтүп, институтка жумушка келгендер үчүн, мурунку окутуучулук же өндүрүштөгү ишмердүүлүгүнүн натыйжалуулугу боюнча жана окуган жеринен маалымат же мүнөздөмө алынып турат. Аларга насаатчылар кафедралар тарабынан бекитилет. Үч айлык тажрыйбалык байкоодон кийин, директордун орун басарларынын катышуусунда кафедранын отурумунда (оң дагы, терс дагы учурларды, ошондой эле окутуунун жакшыртуу ыкмаларын) талкуулашып, жыйындын чечими менен андан ары иштөө үчүн жумушка кабыл алынат

Институт окутуучулук жана окутуучу-көмөкчү курамды жумушка кабыл алууда, кызматтан жогорулатууда Кыргыз Республикасынын эмгек боюнча мыйзамына жараша ачык-айкын жана объективдүү жүргүзөт.

керектүү материалдарды карасак болот сайт МУИТО


Бул чен-өлчөм аткарылып жатат.


5.2. - чен-өлчөм. Окутуучулук жана окутуучу-көмөкчү курамдын квалификациясы, билими жана тажрыйбасы ишке ашырылып жаткан билим берүүчү программага жана билим берүү процессинин талаптарына ылайыктуулугу.

Ош ТУнун академик Б. Мурзубраимов атындагы Эл аралык Өзгөн технологиялык жана билим берүү институтунун “Педагогика жана тил илимдери” кафедрасы

ОшТУ ректорунун 1996-жылдын 21-октябрындагы №09-01/83 буйругу менен ОшТУнун Өзгөн филиалында коомдук, социалдык-гуманитардык дисциплинасы кафедрасы уюштурулган. Кафедраны улук окутуучу А.Абдулатов жетектеген. 1997-1998-окуу жылынан Педагогикалык багыттар боюнча: англис тили жана адабияты, кыргыз тили жана адабияты, тарых, башталгыч класстардын мугалими адистиктерин даярдоо колго алынгандан баштап 2000-жылы кафедранын базасында башталгыч билим берүүнүн усулу кафедрасы уюштурулуп.

Башталгыч билим берүүнүн усулу кфедрасын педагогика илимдеринин кандидаты А.Ф.Антонов, доцент А.Абдулатов, окутуучулар: З.Мааткеримов, З.Кадырова, Б.Нурдинов жетектеп келе жатат.

Кафедра уюшулгандан бери кафедрада ф.и.д. профессор К Зулпукаров, ф.и.к. доцент Г Маражапова, ф.и.к. доцент С.Б.Эргешова, окутуучулар Н Токтоболотов, К Жумабаев, Н.Мамадалиеа, Б. Абылкасымов, Г Абылкасымова А. Козубаева, А Сыдыков, Г Аламбаев. А Балбаков, Б.Назарбаев, Ж.Т.Жалилв, З.Мааткеримовдор эмгектенишкен. Кафедранын окутуучуларынын көптөгөн илимий макалалар, окуу-усулдук куралдары, китептери жана монографиялары жарык көргөн. .

Азыркы учурда кафедра элдин элетин көтөрүү, келечек муундарын билимге болгон ымтылуусун, коомдогу сабаттуулуктун түпкү тамырын иреттөө максатында 050709 “Башталгыч класстарда окутуу” жана 050704 “Мектепке чейики билим берүү” адистиги боюнча адистерди даярдап келүүдө. Жогоруда аталган адистер үчүн педагогика жана тил илимдери кафедрасы база болуп саналат. Бул кафедрада ф.и.д. профессор К.З.Зулпукаровдун жетекчилиги менен түзүлгөн “Перемиологиялык борбор” иштейт, борбор филология багыты боюнча окумуштууларды даярдаган мектеп болуп калды. Борбордо эмгектенген 6 талапкер (Г. Маражапова, Н. Каримова, А. Абдулатов, С. Эргешова, Н. Тургамбаев, Г. Рыскулова, Н. Рыскуловалар) диссертацияларын коргоду жана окумуштуу даражаларын алышты.

Азыркы күндө кафедрада билим берүүнүн мыктылары: адистикте кесиптик циклы боюнча окутуучулар Нурдинов Б.Ж., Абдулатов А., Калбердиева М.К, Исманова Г.Ж., Мусаев М.С., Максутова А.Т., Турдали уулу К., кыргыз тили жана адабияты боюнча Кайназаров Б.А., Матиева У.С., орус тили жана адабияты Хакимова М.К., Жолдошева Ч.М., Тагаев Т., чет тилдери боюнча Кадырова З.Э., Коконова Н.Ж., Н. Жунусали кызы эмгектенишүүдө, ошондой эле насаатчы тарбиячы катары Кыргыз Республикасына эмгеги сиңирген мугалимдер Мамасейитов А., Бакиров А., жазуучу, акын Тагаев Т. жаш муундарга педагогикалык практикада студенттерге билим, тарбия берүүдө чоң салымдарын кошуп келүүдө.

Кафедра өзүнүн бүтүрүүчүлөрү менен сыймыктанат: шаардык билим берүү мекемесинин мурдагы башчысы Абылкасимов И.М., Өзгөн шаарынын вице-мери Джусупов Т.С., Кумтөр оперейтинг компаниясынын оператору Хасанов А.А., О.Максүтов атындагы No97 орто мектептин директору Маматова У, ОшМУнун окутуучусу Бегматова А., Ош МЮИнин окутуучусу Бакирова Э.А., Өзгөн медициналык колледжинин бөлүм башчысы Карынова Ж.А. жана ЭӨТББИ окутуучусу Калбердиева М.К. жана башкалар.

ОКББ ЖББП 050709 “Башталгыч класстарда окутуу” адистиги боюнча (“башталгыч класстын мугалими” квалификациясы) жана 050704 “Мектепке чейинки билим берүү” адистиги боюнча (“мектепке чейинки курактагы балдардын тарбиячысы” квалификациясын) даярдоодо студенттерге жеке жана жалпы маданий кесиптик компетенцияларды калыптандыруу максат кылат. Бул багытта ОКББ ЖББП талаптарына ылайык студенттерди максатка умтулуу, уюштуруучулук, жоопкерчилик, жарандык, баарлашуу, толеранттуулук ж.б.у. сыяктуу сапаттарды өрчүтүү жана өркүндөтүү, алардын жалпы маданиятын жогорулатуу, өзүн-өзү ишке ашырууга умтулуу, үзгүлтүксүз билим берүү жана өзүн-өзү тарбиялоо чөйрөсүндө кесипте өзүн-өзү өркүндөтүү болуп эсептелет.

ОКББ ЖББПнын милдеттери:

  • коомдун жана өлкөнүн квалификациялуу педагогикалык, орто кесиптик билимге ээ билим берүүчү кадрларга болгон муктаждыгын канааттандыруу, илимге таянуу, академиялык илимдин мыкты салттарын сактоо, Кыргызстандын жана КМШнын алдыңкы билим берүү жана илимий мекемелери менен тыгыз кызматташуу;

  • 050709 “Башталгыч класстарда окутуу” жана 050704 “Мектепке чейинки билим берүү” адистиктери боюнча орто атайын билимдүү, рынок шартында атаандаштыкка жөндөмдүү адистерин даярдоо;

  • окутуунун формаларын жана методдорун өркүндөтүү, инновациялык технологияларды киргизүү, көп тил үйрөтүү аркылуу окуу пландарын жана билим берүү программаларын эл аралык стандарттарга шайкеш келтирүү аркылуу дүйнөлүк билим берүү мейкиндигине интеграциялоо;

  • укуктук маданияттын заманбап уюштурулушунун талаптарын жана алардын өнүгүү келечегин эске алуу менен орто кесиптик билим берүүнү даярдоонун сапатын тынымсыз жогорулатуу.

050709 “Башталгыч класстарда окутуу” жана 050704 “Мектепке чейинки билим берүү” адистиктери боюнча негизги кесиптик билим берүү программаларын өздөштүрүүнүн формалары: күндүзгү жана сырттан окуу формасында ишке ашырылат.

  • окутуунун формаларын жана методдорун өркүндөтүү, инновациялык технологияларды киргизүү, окуу пландарын жана билим берүү программаларын эл аралык стандарттарга шайкеш келтирүү аркылуу дүйнөлүк билим берүү мейкиндигине интеграциялоо;

  • укуктук маданияттын заманбап уюштурулушунун талаптарын жана алардын өнүгүү келечегин эске алуу менен орто кесиптик билим берүүнү даярдоонун сапатын тынымсыз жогорулатуу.

Акыркы жылда окутуучулар тарабынан төмөнкү дисциплиналар боюнча 17 окуу-усулдук колдонмолор басылып чыгарылган: Кыртыз тил жана адабияты, Эне тили, ЭТОУ, Манас таануу.

Кафедранын курамы

Нурдинов Болот Жолболдуевич, кафедра башчысы

Тел.: +996706161861, e-mail: [email protected]

Билими: жогорку, 2004-жылы Кыргыз билим берүү академиясын “педагогика жана башталгыч билим берүү усулу” адистиги боюнча “башталгыч класстардын мугалими” деген квалификацияны алуу менен аяктаган, 2020-жылы Волгоград социалдык чөйрөдөгү адистерди кесиптик даярдоо гуманитардык академиясынын "педагог-психолог" тармагы боюнча"педагог-психолог, психологиялык дисциплиналарынын окутуучусу" квалификациясына ээ болгон, 2020-жылы Москва шаарындагы кошумча билим берүү жана кесиптик окутуу улуттук илим изилдөө институтунда "Мектепке чейинки билим берүүнүн педагогикасы жана психологиясы", 2021-жылы Ош билим берүү институтунда "мектепке чейинки билим берүү уюмдары" боюнча квалификациясын жогорулаткан. Окуткан сабактары: психология, педагогика. Билим берүүнүн мыктысы.

Абдулатов Абдрашит, филология илимдеринин кандидаты, доцент.

Тел.: +996777117057, e-mail: [email protected]

Билими: жогорку, 1979-жылы “педагогика жана башталгыч билим берүү усулу” адистиги боюнча “башталгыч класстардын мугалими” деген квалификацияны алуу менен Ош мамлекеттик педагогикалык институтту аяктаган.

Жазган эмгектери: 50 илимий иштердин, 2 монографиянын автору. Билим берүүнүн мыктысы.

Окуткан дисциплиналары: педагогика, кыргыз тили.




Калбердиева Майрамхан Кубатбековна, кафедранын ага окутуучусу.

Моб. тел.: 0555420224

Билими: жогорку, 2003-жылы “педагогика жана башталгыч билим берүүнүн усулу” адистиги боюнча “башталгыч класстар мугалими” квалификациясын, 2007-жылы “тарых” адистиги боюнча “тарых мугалими” квалификациясын алуу менен М.М. Адышев атындагы Ош технологиялык университетин аяктаган.

Эмгектери: 1 усулдук көрсөтмө, 15 илимий макалалары.

Окуткан дисциплиналары: педагогика, психология, каллиграфиянын негиздери, сүрөт жана сүрөт тартуу усулу.





Исманова Гулзуура Жанболотовна, окутуучу.

Тел: 0773729229, g-mail: [email protected]

Билими: 2002-жылы “педагогика жана башталгыч билим берүү усулу” адистиги боюнча “мугалим” квалификациясын алуу менен Ош мамлекеттик педагогикалык институтун аяктаган.

Окуткан дисциплиналары: ТИУ, музыка жана МОУ, педагогика, технологияны окутуунун усулу





Кайназаров Бийназар Алтынбекович, улук окутуучу.

Моб.тел.: 0779 25 16 99, e-mail: [email protected]

Билими: жогорку, 2000-жылы “кыргыз тили жана адабияты” адистиги боюнча “кыргыз тили жана адабияты окутуучусу” квалификациясын алуу менен Ош мамлекеттик университетин, 2013-жылы “каржы жана насыя” адистиги боюнча “экономист” квалификациясын алуу менен академик М.М. Адышев атындагы Ош технологиялык университетин аяктаган.

Эмгектери: 2 усулдук окуулуктардын , 1 усулдук көрсөтмөлөрдүн, 10 илимий макалалардын автору.

Окуткан дисциплиналары: эне тили, эне тилин окутуунун усулу, кыргыз тили жана адабияты, манас таануу.





Матиева Уултай Сапарбаевна, окутуучу.

тел: 0778818337, g-mail: [email protected]

Билими: жогорку, 1991-жылы “кыргыз тили жана адабияты” адистиги боюнча “кыргыз тили жана адабияты мугалими” квалификациясын алуу менен Ош мамлекеттик университетин аяктаган.

Эмгектери: 9 илимий макалалардын автору.

Окуткан дисциплиналары: кыргыз тили жана адабияты, эне тили. Билим берүүнүн мыктысы.





Хакимова Мамлакатхон Койчубаевна, улук окутуучу, тел:.0558067076, email: [email protected]

Билими: жогорку, 1980-жылы “орус тили жана адабияты” адистиги боюнча “башталгыч класстарда орус тили жана адабияты мугалими” квалификациясын алуу менен Ташкент областтык мамлекеттик университетин аяктаган.

Эмгектери: 5 илимий басылмалардын жана макалалардын автору.

Окуткан дисциплиналары: орус тили, дүйнөлүк адабият, эне тилин окутуунун усулу. Билим берүүнүн мыктысы.



Жолдошева Чолпон Морошевна, улук окутуучу. Тел.:+996778680478, e-mail: cholponjoldosheva68@gmail.com

Билими: жогорку, 1990-жылы “орус тили жана адабияты” адистиги боюнча “орус тили жана адабияты мугалими” квалификациясын алуу менен Ош мамлекеттик университетин аяктаган.

Эмгектери: 7 илимий макалалардын автору.

Окуткан дисциплиналары: орус тили жана адабияты,эне тили, манас таануу, көркөм окуу практикуму менен бирге балдар адабияты. Билим берүүнүн мыктысы.




https://oshtu.kg/2018/03/uzgenskij-kolledzh-texnologii-i-obrazovaniya-pri-oshtu-imeni-akademika-b-murzubraimova/

Бул чен-өлчөм аткарылып жатат.


5.3. - чен-өлчөм. Билим берүү уюмунун окутуучуларды тандоо, мотивациялоо жана бекемдөө үчүн, ошондой эле изилдөөлөрдү жүргүзүү үчүн шарттарды түзүүсү.

Институт кафедрага окутуучуларды тандоо, мотивациялоо жана бекемдөө үчүн, ошондой эле изилдөөлөрдү жүргүзүү үчүн аларга керектүү шарттарды түзүп берет. Жыл сайын окутуучулар өткөн окуу жылында аткарган окуу-тарбия, илим-изилдөө жана башка иштери боюнча аттестацияланып, жыйынтыгына карай стимулдаштырып айлык акыларына кошумча төлөмдөргө ээ болушат. Жаш кадрларды жумушка кабыл алуу конкурстук негизде жүргүзүлөт. Окутуучулардын жумуштан кетүүсү дээрлик жок, жашоо ордун которууга байланыштуу акыркы эки жылда эки окутуучу жумуштан кеткен. Кадрлардын жумуштан кетүүсүн минималдаштыруу үчүн алардын айлык акысы, иштөөгө түзүлгөн шартты камсыздоо маселелери чечилген.


Бул чен-өлчөм аткарылып жатат.


5.4. - чен-өлчөм. Окутуучулардын билим берүү программасына, мамлекеттик билим берүү стандарттарына, эмгек рыногунун керектөөлөрүнө ылайык келүүчү жана билим берүүнүн сапатын жогорулатууга шарт түзүүчү окуу куралдарынын, окуу китептеринин үстүнөн иштөөсү.

Окутуучулар билим берүү программаларына, мамлекеттик ББСтерге, эмгек рыногунун керектөөлөрүнө ылайык келүүчү жана билим берүүнүн сапатын жогорулатууга шарт түзүүчү окуу куралдарынын, окуу китептеринин үстүнөн пландуу иш алып барууда. Окутуучулар тарабынан иштелип чыккан китептер жана колдонмолор:

Кафедранын окутуучулары Кайназаров Б.А “Эне тили”, “Кыргыз тили” предметтеринен лекцияларынын топтому басмадан чыгарылып, студенттерге колдонууга берилген.

Бул чен-өлчөм аткарылып жатат.


5.5. - чен-өлчөм. Билим берүү уюму тарабынан иштелип чыккан, окутуучулук жана окутуучу-көмөкчү курамдын квалификациясын жогорулатуучу реалдуу пландарынын болушу.


ПТИ кафедрасынын окутуучуларынын квалификациясын жогорулатууда иститутта билимди өркүндөтүүнү тейлеген бөлүмү тарабынан иштелип чыккан, окутуучулук жана окутуучу-көмөкчү курамдын квалификациясын жогорулатуу боюнча реалдуу пландары бар. Акыркы үч жылда Ош жана Бишкек шаарларындагы жана чет элдик окуу жайларынан билимдерин өркүндөтүү боюнча курстарга онлайн, офлайн катышуу менен өз билимдерин өркундөтүүдө. Кафедранын окутуучуларынын квалификациясын жогорулатуу атайын бөлүм көзөмөлдөйт. Квалификацияны жогорулатуу планы жыл сайын институттун окумуштуу кеңешинде каралып, бекитилет.

квалификациясын жогорулатуу


Бул чен-өлчөм аткарылып жатат.


5.6. - чен-өлчөм. Окутуучулук жана окутуучу-көмөкчү курамдын квалификациясын жогорулатуунун туруктуу иштөөчү, кесиптик жактан өнүгүүгө жана өзүнүн ишинин чөйрөсүндө дайыма маалымдуу болууга мүмкүн берген системасынын болушу.

Кафедрада окутуучулук жана окутуучу-көмөкчү курамдын квалификациясын жогорулатуунун туруктуу иштөөчү, кесиптик жактан өнүгүүгө жана өзүнүн ишинин чөйрөсүндө дайыма маалымдуу болууга мүмкүн болгон системасы бар. Институттун окуу-усулдук кеңеши тарабынан системалуу түрдө окуу-усулдук семинарлар уюштурулуп, аларда усулдук иштер боюнча акыркы жаңылыктар менен окутуучулар тааныштырылып, алдыңкы тажрыйбалар үйрөнүлүп турат. 2018-жылы “Кесиптик билим берүүдө компетенттүүлүк мамилеге ылайык окуу-методикалык документтерди иштеп чыгуу жана технологияларды пайдалануу” (28 окутуучу), 2019-жылы “Негизги кесиптик билим берүү программасын иштеп чыгуу жана өркүндөтүү” (23 окутуучу), 2020-жылы “Окутууна компетенттүү мамиле” (26 окутуучу), 2021-жылы “Предметтик окутуучулардын кесиптик чеберчилигин жогорулатуу” (21 окутуучу) курстарынан өтүп, сертификаттарга ээ болушкан. Кыска мөөнөттүү курстар жана окутуучулардын билимин өркүндөтүү бөлүмү беш жылдан бери пландуу иш алып барат. Акыркы үч жылда бөлүм тарабынан уюштурулган билимдерди өркүндөтүү семинарларынан окуп, билим алгандар 100дөн ашык сертификаттарга ээ болушту. Азыркы күндөрдү 33 окутуучу онлайн курстан өтүп жатышат.

квалификациясын жогорулатуу

Бул чен-өлчөм аткарылып жатат.


5.7. - чен-өлчөм. Окутуучуларды инновациялык билим берүү усулдарына жана технологияларына мезгилдүү окутууга шарт түзүүсү.

Кафедрада окутуучуларды инновациялык билим берүү усулдарына жана технологияларына мезгилдүү окутууга шарт түзүлгөн. Андай иш чаралар системага түшүрүлгөн, жыл сайын январь айында квалификацияны жогорулатуу курстарынан окутуучулардын көпчүлүгү өтүшөт. Акыркы жылдары пандемияга байланыштуу онлайн форматта өткөрүлүп келатат. Азыркы күндөрдө 6 окутуучу инновациялык усулдар жана технологиялар боюнча онлайн курстан өтүп жатышат Алар боюнча кыска мөөнөттүү курстар жана окутуучулардын билимин өркүндөтүү бөлүмү иш алып барат. квалификациясын жогорулатуу окуу

Бул чен-өлчөм аткарылып жатат.


5.8. - чен-өлчөм (18п.). Билим берүү уюму окутуу менен илимий изилдөөлөрдүн ортосундагы байланышты чыңдоо, окутуунун инновациялык усулдарын киргизүү, алдыңкы технологияларды колдонуу үчүн илимий ишке кызыктыруу тутумуна ээ болот.

Кафедрада студенттерди окутуу менен илимий изилдөөлөрдүн ортосундагы байланышты чыңдоо, окутуунун инновациялык усулдарыи киргизүү, алдыңкы технологияларды колдонуу үчүн илимий ишке кызыктыруу максатында студенттер менен иш жүргүзүлүп конференция жолугушууларга катышып турушат. Алар окуу жайда жыл сайын өтүүчү илимий конференцияларда докладдар менен чыгышат. Окутуунун инновациялык ыкмаларын колдонгон жана окуу процессине алдыңкы технологияларды киргизген окутуучуларга демилгелик кызыктыруулар каралып, аларга акчалай жана моралдык сыйлыктар (сыйлоо баракчасы, ардак грамоталары) берилип турат. Өткөн окуу жылында ОшТУда өткөрүлгөн “Мыкты видеосабак” конкурсунда доцент Г.Т.Темиралиева жана окутуучу М.К.Калбердиевалар жеңүүчү болушуп, сыйлыкка татыктуу болушкан.

Студенттердин сыйлыктары кафедранын жетишкендиктери

Бул чен-өлчөм аткарылып жатат.


Күчтүү жактары:

1. Адистиктердин кадрлар менен камсыздалышы нормативдик талаптарга туура келет. Институтта илимий даражасы бар 3 адам эмгектенет илимдин кандидаттары, доценттер (философия боюнча -1, филология боюнча – 1, тарых илимдеринен – 1).

2. Окутуучулар курамы билим берүү программаларынын квалификациялык талаптарына жооп берет, ошондой эле квалификацияны жогорулатуу пландары аткарылат.

Алсыз жактары:

1. Кесиптик циклдеги кээ бир дисциплиналар боюнча штаттык окутуучулардын чектелгендиги.

2. Программалар окутуу менен илим изилдөөнүн арасындагы байланышты бекемдөө үчүн илимий ишмердүүлүктү шыктандыруучу системаны толук иштеп чыгуу.

Сунуштамалар:


5 - Стандарт жетишсидиктер менен аткарылып жатат.





050709 Башталгыч класстарда окутуу

Стандарттын / чен-өлчөмдүн

аткарылышын баалоо

6 - Стандарт. Материалдык-техникалык базага жана маалымат

ресурстарына минималдуу талаптар

6.1. - чен-өлчөм. Окуучулардын (студенттердин) ар кыл топторун, анын ичинде ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды керектүү материалдык ресурстар менен (китепкана фонддору, компьютердик класстар, окуу жабдуулары, башка ресурстар) менен камсыздоо.

Билим берүү уюму жетиштүү, жеткиликтүү жана билим берүү максаттарына ылайыктуу материалдык-техникалык жана маалымат ресурстарына ээ болушун кепилдөөсү зарыл.

Өзгөн институту жетиштүү, жеткиликтүү жана билим берүү максаттарына ылайыктуу материалдык-техникалык жана маалымат ресурстарына ээ жана жыл сайын аларда болгон кемчилдиктер пландуу түрдө жоюулуусуна кепилдик берилет. Административдик-чарбалык бөлүм керектүү ресурстарга заявкаларды кабыл алып, зарылдыгына карай камсыздайт. Өзгөн институтундагы материалдык-техникалык жана маалымат ресурстары талапка ылайык келет.

Акыркы жылдары кафедрада бардык керектүү жаңы мктериалдык-техникалык база менен камсыздалган. Кафедрада окутуучулар үчүн 3-копьютер, нотбук менен камсыздалган, ошондой эле аудиториялар заманбаб смарт ТВ, электрондук доска, доска, маркердик доска, көрсөтмө куралдары менен камсыздалган.

Студенттерди керектүү материалдык ресурстар менен: китепкана фонддору, компьютердик класстар, окуу жабдуулары, башка ресурстар менен камсыздоо талапка жооп берет. Аудиториялык фонд 2 окуу корпусунда жайгашкан 28 аудиториядан турат, алардын ичинен: 4 лекциялык аудитория, 20 кабинет, 2 компьютердик класс, 1 мультимедиа классы, 1 электрондук библиотека. Биринчи окуу корпусунда 60 орундуу окуу залы менен, экинчи окуу корпусунда 25 орундуу окуу залы менен китепканалар бар. Жалпы китеп фонду 31 миң 924 китептен турат, алардын 82% ын окуу жана окуу-усулдук китептер түзөт. Китепкана жыл сайын 10дон ашуун аталыштагы мезгилдүү басылма материалдарына жазылат. Китепкананын жалпы аянты 214 кв.м. Студенттер окуу-усулдук адабияттар менен 78%га, компьютерлер менен 100%га, аудитория фонду менен 100%га (окуу процесси бир сменада жүргүзүлөт) камсыз болгон. Ар биринде 25тен заманбап компьютерлер коюлган мультимедиа классы, электрондук библиотека, компьютердик класстар студенттер жана окутуучулар үчүн кызмат кылат. Компьютерлер чектөөсүз пайдаланууда интернет түйүнүнө кошулган. Окуу кабинеттеринин техникалык жабдылышынын абалы канааттандырарлык. Аудиториялар стенддер, плакаттар жана окуу колдонмолору менен жасалгаланып, жабдылган. Окуу жайда акыркы муундагы электрондук микроскоп жана приборлор менен жабдылган Кыргызстандагы эң мыкты илимий-изилдөө лабораториясы иштейт жана ал лаборатория студенттерге сабактарды өтүүдө да колдонулат.

Студенттердин ар кыл топторун, анын ичинде ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген студенттер керектүү материалдык ресурстар менен камсыздалышкан. Аларга ыңгайлуу болуу үчүн пандустар коюлган. Окуу жадыбалы боюнча биринчи этажда коюлган жана алар үчүн керектүү маалда кошумча сабактар уюштурулат. Ошондой эле кээ бир мүмкүнчүлүгү чектелгендер арызынын негизинде жана комиссиянын чечими менен контракттык төлөмдөрүнөн жеңилдик алышкан. МББСке ылайык, чен-өлчөмдө көрсөтүлгөн студенттерге керектүү материалдык ресурстары жетиштүү. Студенттер ушул ресурстарды жетиштүү убакытка пайдалана алышат. Алар ар бир программанын студенттерине жеткиликтүү. Бул маселелер мүмкүнчүлүгү чекткелген студенттерди камсыздоо боюнча атайын жобо менен жөнгө салынат. ПТИ кафедрасынын түзүмү жана каражаттары

Бул чен-өлчөм жетишсиздиктер менен аткарылып жатат.

6.2. - чен-өлчөм. Билим берүү уюму тарабынан окуу аянттарынын жакшы абалын жана жеткиликтүүлүгүн камсыздоо.

Институт тарабынан окуу аянттарынын жакшы абалы жана жеткиликтүүлүгү камсыздалган. Институтта студенттер үчүн бөлүнгөн окуу аянттары нормага туура келет. Материалдык-техникалык жактан жана аудиториялык фонд менен камсыз болуу деңгээли 80%, б.а. талапка жооп берет. Окуу корпустары окуу жайдын менчиги болуп эсептелет жана алардын техникалык паспорттору бар.

6.3. - чен-өлчөм. Окуу жайдын бөлмөлөрү санитардык-гигиеналык ченемдер менен эрежелерге, өрт коопсуздугунун талаптарына, ошондой эле Кыргыз Республикасынын эмгекти коргоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык эмгекти коргоо жана коопсуздук ыкмасынын талаптарына туура келиши.

Кыргыз Республикасынын эмгекти коргоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарынын талаптары аткарылып жатат. Жылда техникалык коопсуздук боюнча тааныштыруу жүргүзүлөт жана техникалык каражаттарды пайдалануугу уруксат берилет. Эгерде алар талапка жооп бербесе, анда колдонуудан алынат. Окуу жайда эмгекти коргоо жана коопсуздук техникасы боюнча окуу жайдын коменданты жооптуу болуп эсептелет жана ага кошумча эмгек акы чегерилет. Окуу корпустарындагы бөлмөлөр санитардык-гигиеналык ченемдер менен эрежелерге, өрт коопсуздугунун талаптарына, ошондой эле Кыргыз Республикасынын эмгекти коргоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык эмгекти коргоо жана коопсуздук ыкмасынын талаптарына туура келет. Санитардык-гигиеналык ченемдер жана өрт коопсуздугунун талаптарына жооп берүүсү жөнүндө документтер бар.

Бул чен-өлчөм жетишсиздиктер менен аткарылып жатат.

6.4. - чен-өлчөм. Жатаканада (бар болсо) окуу, жашоо жана эс алуу үчүн шарттарды камсыздоо.

Кафедрага алыстан келген студенттер үчүн институтта жатаканада окуу, жашоо жана эс алуу үчүн шарттар түзүлгөн. Жатакана азыркы замандын талабына толук жооп бербесе да алыстан барып келип окуган, көп бүлөлүү үйдө тарбиялангандар жана аз камсыз болгон үй бүлөлөрдүн өкүлдөрү үчүн жашаганга болот. Ал жерде тамак даярдаганга шарт бар, электр энергиясын акысыз пайдаланышат. Телевизор, кир жуугуч машина, тамак жасоо үчүн газ жана электр плиткалары менен жабдылган. Акыркы жылдары бардык талаптарга жооп бере турган жакшыртуу иштери жүрүп келет. Мисалы, акыркы жылдардагы жатаканага жумшалган каражаттан билсек болот. Ажатканасы сыртта жайгашкан. Комнаталарды студенттер өздөрүнүн табитине жараша жасалгалап алышкан. Жатаканада эмгектенген комендант, тарбиячы жана кароолчу бар. Жатаканада окутуучулар кезектешип нөөмөтчүлүккө турушат. Ар бир окутуучу өз нөөмөтчүлүгүндө студенттерге өздөрүнүн окуткан дицсиплиналары боюнча консультацияларды уюштурушат. Анда жашаган студенттер маданий-массалык иштерге активдүү катышат. Мисалы, Жаңы жылдык иш чарага, Нооруз элдик майрамына, Аялдардын эл аралык майрамдарындагы салымдары өзгөчө.

Бул чен-өлчөм жетишсиздиктер менен аткарылып жатат.

6.5. - чен-өлчөм. Окуу залдарда жана китепканаларда иштөө үчүн тиешелүү шарттарды түзүү.

Институттун чоң актылык жана башка окуу залдарында, аудиторияларда жана китепканаларда иштөө үчүн тиешелүү шарттар түзүлгөн. Чоң акты залы 300 орунга ылайыкталган, биринчи корпустагы китепкана 60 орундуу, экинчи корпустагы китепкана 30 орундуу, китепканадагы лекциялык жана практикалык сабактар үчүн аудиторияларда сабактарды өткөрүүгө бардык шарттар бар. Акыркы жылы китепканада ремонт жүргүзүлүп, бардык керектүү буюмдар жаныланды. Далил катары акыркы жылдарда эле китепкананын каражатарына, ремонтуна жана жаңы окуу-усулдук комплекстерди чыгарууга жумшалган каражат эсептелет.

Бул чен-өлчөм жетишсиздиктер менен аткарылып жатат.

6.6. - чен-өлчөм. Тамактануу үчүн (ашкана же буфет бар болсо) тиешелүү шарттарды, ошондой эле билим берүү уюмунун медпункттарында медициналык тейлөө үчүн тиешелүү шарттарды камсыздоо.

Кафедранын студенттери үчүн институттун тамактанганга ылайыкташтырылган буфет же ашкана жок болгону менен окуу жайдын территориясына жакын жерлерде бир нече тамактануучу жайлар бар. Студенттер алардан чоң танапис убагында тамактанганга үлгүрүшөт. Алар менен атайын келишим түзүлгөн. Окутуучулардын жана студенттердин пикирин алуу менен окуу жайга ашкана куруу боюнча иштер жүргүзүлүп келинет. Окуу жайда алгачкы медициналык жардам берүү кабинети бар. Медициналык жардам көрсөтүүчү кабинетте эң зарыл дары-дармектер, кушетка, танометр (кан басымын өлчөөчү аппарат), муздаткыч ж.б. бар. Медициналык кабинетте студенттер жана окутуучулар үчүн ыңгайлуу шарттар түзүлгөн. Атайын штатта мээрбан айым иштейт. Окутуучулар жана студенттер биринчи жардам, уколдор менен ошол жерде эле камсыз болушат. Медпункта студенттер жана окутуучулар үчүн ыңгайлуу шарттар түзүлгөн. Медициналык кабинет үчүн дагы кошумча заманбап аппараттарды сатып алуу боюнча иш алып барылууда.

Бул чен-өлчөм жетишсиздиктер менен аткарылып жатат.

6.7. - чен-өлчөм. Окуучуларды (студенттерди) окуу процессин толук ишке ашыруу үчүн зарыл жабдуулар, окуу китептери, окуу куралдары жана башка окуу-усулдук материалдар, анын ичинде электрондук ресурстар менен камсыздоо.

Студенттер окуу процессин толук ишке ашыруу үчүн зарыл жабдуулар, окуу китептери, окуу куралдары жана башка окуу-усулдук материалдар, анын ичинде электрондук ресурстар менен камсыздалган. Бардык дисциплиналардан ОУКтар иштелип чыгып, китепканага жана электрондук китепканага жайгаштырылган. Бардык студенттер аларды флэш-дисктерине көчүрүп алып, пайдаланышат. Акыркы эки жылдын ичинде окуу процессине керектүү бардык жабдуулар жаңыланган. Мисалы, үч кабинетте компьютерлер, бардык кабинеттерде диапроекторлор, доскалар жаңыланып, электрондук доскалар, смарт телевизорлор сатылып алынган. Андан тышкары химия лабораториясы толук жаңыланган. МББСтин талаптарына ылайык окуу процессин толук ишке ашыруу үчүн зарыл болгон жабдуулар, окуу китептер, окуу куралдары жана башка окуу-усулдук материалдар, анын ичинде электрондук ресурстар менен камсыздоону ишке ашыруу үчүн окуу жайдын мүмкүнчүлүктөрү камсыздалган. Окуу жай коомчулукка маалымат берүү үчүн өзүнүн сайтына  www.oshtu.kg жана жалпыга маалымдоо каражаттарын: облустук Ош жаңырыгы жана райондук Өзгөн Нуру , университеттин Студтаймс  гезиттерин жана Универ.KG журналын, ЭлТР  жана ОшТВ телеканалдарын жана социалдык тармактарды (Facebook.com , Instagram.com) пайдаланат.

lib.kg ачык китепканасы Улуттук китепкана Окума кж. китепканасы Заман баб эл.китепкана РОС

Бул чен-өлчөм аткарылбай жатат.

6.8. - чен-өлчөм.

Окуучуларды (студенттерди) окууга шыктандыруу жана натыйжаларга жетишүүсүнө түрткү берүү максатында тиешелүү адам ресурстары (кураторлор, класс жетекчилер, жатаканадагы тарбиячылар, психологдор ж.б.) менен камсыздоо.

Студенттерди окууга шыктандыруу жана жакшы натыйжаларга жетишүүсүнө түрткү берүү максатында окуу тайпалары куратор-тарбиячылар менен камсыз болгон. Окуу жайдын эсебинен Окумуштуу кеңештин чечими менен бардык кураторлорго стимул катары 40 пайыз кошумча эмгек акы чегерилген. Бул кураторлордун студенттер менен тыгыз иштөөсүнө түрткү болууда.

Жомоктор дүйнөсү башталгыч класстарда сабак өтүү Студенттин сүйлөө чеберчилигин калыптоодогу полемикалык ыкмалар



Бул чен-өлчөм аткарылып жатат.

Күчтүү жактары:

1. Кафедра студенттери институттагы тарбиялык иштердин уюштурулушу жана мазмуну студенттердин маданиятынын, нравалык жана эстетикалык сапаттарынын өнүгүүсүнө, атуулдук позициясынын калыптанышына, сергек жашоо образына, патриоттуулукка жана кесиптик талап коюучулукка өбөлгө түзөт. Программалар тарабынан көрүлгөн социалдык, турмуш-тиричилик шарттары жетишерлик деңгээлде.

2. Институттун материалдык-техникалык базасы мамлекеттик стандарттарга жана талаптарга туура келет. Ал билим берүүчүлүк жана тарбиялоо процесстерин керектүү деңгээлде камсыздайт.

Алсыз жактары:

  1. Кураторлорду дайындоодо адистештирилген окутуучулардын жетишпегендиги.

  2. Институтта ар түрдүү иш чараларды өткөрүү үчүн азыркы мезгилдин талабына ылайык келе турган музыкалык-аспатык, мультимедиалык каражаттарды сатып алуу зарыл.


Сунуштамалар:


6 - Стандарт жетишсиздиктер менен аткарылып жатат.




050709 Башталгыч класстарда окутуу

Стандарттын / чен-өлчөмдүн

аткарылышын баалоо


7 - Стандарт. Маалыматты башкарууга жана аны коомчулукка

жеткирүүгө минималдуу талаптар


7.1. - чен-өлчөм. Өзүнүн билим берүү максатын пландаштыруу жана ишке ашыруу үчүн төмөнкүдөй билим берүү уюму төмөнкүдөй маалыматты чогултат, системага салат, жалпылайт жана сактайт:

- окуучулардын (студенттердин) контингенти жөнүндө маалыматтарды;

- окуучулардын (студенттердин) катышуусу жана жетишүүсү, жетишкендиктери жөнүндө маалыматтарды;

жетишүү жөнүндө отчету сабактардан жетишүүнү аныктоо

- окуучулардын (студенттердин), алардын ата-энелеринин, бүтүрүүчүлөрдүн жана жумуш берүүчүлөрдүн билим берүү

программаларын ишке ашырууга жана анын натыйжаларына канааттангандыгы;

- материалдык жана маалыматтык ресурстарынын жеткиликтүүлүгү;

 ПТИ кафедрасынын түзүмү жана каражаттары

- бүтүрүүчүлөрдүн ишке орношуусу;

- студенттердин илимий изилдөөчү иштеринин натыйжалары (жогорку окуу жайлар үчүн);

- билим берүү уюмунун ишинин майнаптуулугунун негизги көрсөткүчтөрү.

Билим берүү уюму ишке ашырылып жаткан билим берүү программалары жана берилүүчү квалификациялар боюнча туура жана объективдүү, жетиштүү жана сапаттуу маалыматты дайыма өз убагында жарыялап турууга тийиш.

Билим берүү уюмунун социалдык ролу ишке ашырылып жаткан программа жана аны аткаруунун натыйжалары, берилүүчү квалификациялар, окутуунун деңгээли, окутуунун жана баалоонун жол-жоболору жана студенттердин окуу мүмкүнчүлүгү жөнүндө коомчулукка маалымдоону камтууга тийиш. Билим берүү уюму өз сайтына өзүнүн иши жөнүндө объективдүү маалыматтарды, анын ичинде ишке ашырылып жаткан билим берүү программаларынын тизмесин такай жарыялап турууга тийиш, бул маалыматтар так, туура, объективдүү жана жеткиликтүү болушу керек.

Өзгөн институтунда педагогика жана тил илимдер кафедрасы тарабынан ишке ашырылып жаткан билим берүү программалары жана берилүүчү квалификациялар боюнча туура жана объективдүү, жетиштүү жана сапаттуу маалыматтарды ОшТУнун сайтында жана башка соц тармактарда ачык айкын жарыялап турат.

  1. МУИТО сайты

  2. Орото касиптик билим берүүнүн негизги кесиптик билим берүү программасы

  3. Башталгыч класстарда окутуу” адистигинин окуу иш планындагы окуу процессинин кесиптик циклы жөнүндө

Институту социалдык ролу ишке ашырылып жаткан программа жана аны аткаруунун натыйжалары, берилүүчү квалификациялар, окутуунун деңгээли, окутуунун жана баалоонун жол-жоболору жана студенттердин окуу мүмкүнчүлүгү жөнүндө коомчулукка маалымдап турат. Институт ОшТУнун сайтына өзүнүн иши жөнүндө объективдүү маалыматтарды, анын ичинде ишке ашырылып жаткан ББПнын тизмесин дайыма жарыялап турат, бул маалыматтар так, туура, объективдүү жана жеткиликтүү болуп эсептелет.

Кесиптик билим берүү уюмдарында маалыматты башкарууга жана аны коомчулукка жеткирүүгө карата чен-өлчөмдөр:

1) өзүнүн билим берүү максатын пландаштыруу жана ишке ашыруу үчүн билим берүү уюму төмөнкүдөй маалыматты чогултат, системага салат, жалпылайт жана сактайт:

Билим берүүнүн максатын пландаштыруу жана ишке ашыруу үчүн институт төмөнкүдөй маалыматтарды чогултат, системага салат, жалпылайт жана сактайт. Ал маалыматтар AVN системасына жайгаштырылып, дайыма толкталып турат.

- студенттердин контингенти жөнүндө маалыматтарды

ПТИ кафедрасынын студенттер саны

- студенттердин катышуусу жана жетишүүсү, жетишкендиктери жөнүндө маалыматтарды

сабактардан жетишүүнү аныктоо 

- студенттердин, алардын ата-энелеринин, бутүрүүчүлөрдүн жана жумуш берүүчүлөрдүн билим берүү программаларын ишке ашырууга жана анын натыйжаларына канааттангандыгы

Бүтүрүүчүлөр жана иш берүүчүлөр


- материалдык жана маалыматтык ресурстарынын жеткиликтүүлүгү

Педагогика жана тил илимдер кафедрасы окуу жайдын 2-корпусунда 2-этаждуу имаратта жайгашып, окутучуулардын сабак өтүүсүнө жана студенттердин билим алуусуна толугу менен шарттар түзүлүп берилген. Кааналар ремонттолуп 1-этажындагы окуу кааналары заманбаб окуу материалдык техникалар менен жабдылган. Айта кетсек ар бир каанага интернет смарт ТВ телевизору коюлуп ага интернет уланган. Сабактардагы көрсөтмө куралдарын пайдалануу жакшырган, студенттердин ынгайылашуусуна карата заманбаб стулдар менен камсыздалган. методикалык кааналарда электрондук доска, компьютер принтер менен жабдылган.

- бүтүрүүчүлөрдүн ишке орношуусу боюнча кафедранын маалыматтарын институттагы карьера борбору ар бир окуу жылынын башталышында өткөн окуу жылы үчүн даярдайт. Мисалы, 2020-2021-окуу жылындагы бүтүрүүчүлөр тууралуу төмөнкүчө маалымат даярдалган:

Бүтүрүүчүлөр жана иш берүүчүлөр

- билим берүү уюмунун ишинин майнаптуулугунун негизги көрсөткүчтөрү


Бул чен-өлчөм жетишсиздиктер менен аткарылып жатат.

7.2. - чен-өлчөм. Билим берүү уюмунун окуучуларынын (студенттеринин) жана кызматкерлеринин ушул Минималдуу талаптардын 23-пунктунун 1- пунктчасында көрсөтүлгөн маалыматты чогултууга жана талдоого, кийинки иш-аракеттерди пландаштырууга катышуусу.


Кафедранын окутуучулары, администрация өкүлдөрү иштеген кызматына ылайык маалыматты топтоого жана аны талдоого катышат. Жыйынтыгы ай сайын Окумуштуу кеңеште талкууланып, анын негизинде кийинки иш аракеттер пландаштырылат.

Бул чен-өлчөм жетишсиздиктер менен аткарылып жатат.

7.3. - чен-өлчөм. Билим берүү уюмунун өзүнүн иши жөнүндө маалыматты коомчулукка туруктуу негизде берүүсү, анын ичинде:

- миссиясы;

- билим берүү максаттары;

Педагогика жана тил илимдери кафедрасынын миссиясы: азыркы коомдун, инсандын муктаждыктарын канааттандырууга ылайыктуу квалификациялуу адистерди даярдоо; 

Педагогика жана тил илимдери кафедрасынын максаты: тандап алган иш чөйрөсүндө, ийгиликтүү иштөөгө мүмкүнчүлүгү бар, орто кесиптик жактан адистешкен, социалдык-инсандык сапаттагы калыптанган мыкты кадрларды даярдоо;

- окутуунун күтүлүүчү натыйжалары;

ББПлар боюнча рынок талаптарына жооп бере алган орто звенодогу адистерди даярдоодогу күтүлүүчү натыйжалар тиешелүү ББПнын негизги кесиптик билим берүү программаларында (НКББПда) көрсөтүлгөн Орото касиптик билим берүүнүн негизги кесиптик билим берүү программасы

-берилүүчү квалификациялар; БКО квал


- окуунун жана окутуунун формалары жана каражаттары;

Окутуу күндүзгү жана сырттан окутуу формаларында, бюджеттик жана келишимдик негиздерде жүргүзүлөт.

- баалоонун жол-жоболору;

Баалоо жол-жоболору ар бир дисциплиналар боюнча кафедраларда иштелип чыгып, студенттердин билимин баалоодо колдонулат. Баалоо системасы жыйынтыктоочу

- өтүү үчүн база жана окуучуларга (студентгерге) берилүүчү мүмкүнчүлүктөр;

Студенттерди окутуу үчүн бардык шарттар түзүлгөн. Материалдык-техникалык камсыздоо талапка ылайык келет. Заманбап электрондук ресурстар (китепкана, электрондук китепкана, интернет) студенттер жана окутуучулар үчүн кызмат кылууда.

- бүтүрүүчүлөрдү ишке орноштуруу мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө маалымат;

Өзгөн, Кара-Кулжа райондорундагы мекеме-уюмдар, ишканалар, жеке ишканалар менен келишимдер түзүлгөн. Өндүрүштүк жана диплом алдындагы практикалардан өткөн мезгилдерде ишканалар өздөрүнө зарыл кадрларды тандап, жумушка чакырышат.

- студенттердин илимий изилдөөчү иштеринин жыйынтыктары (жогорку окуу жайлар үчүн);

Республикадагы көптөгөн окуу жайлар менен илимий байланыштар калыптанган. Окутуучулар жана студенттер илимий конференцияларга дайыма катышып турушат. илимий иштер

Бул чен-өлчөм жетишсиздиктер менен аткарылып жатат.

7.4. - чен-өлчөм. Билим берүү уюму коомчулукка маалымат берүү үчүн өзүнүн сайтын жана жалпыга маалымдоо каражаттарын пайдалануусу.

Институттун ишмердүүлүгү ОшТУнун сайтына (www.oshtu.kg) жалпыга маалымдоо каражаттарын: облустук Ош жаңырыгы жана райондук Өзгөн Нуру , университеттин Студтаймс гезиттерин жана Универ.KG журналын, ЭлТР жана ОшТВ телеканалдарын жана социалдык тармактарга (Facebook.com , Instagram.com) мезгил-мезгили менен жарыяланып турат.

Бул чен-өлчөм аткарылып жатат.

7.5. - чен-өлчөм (24п.). Орто жана жогорку кесиптик билим берүү уюмдарында ушул Минималдуу талаптардын 23-пункту менен каралган чен-өлчөмдөрдөн тышкары билим берүү уюмун башкаруу башкаруунун автоматташтырылган (программалык) тутумунун жардамы менен жүзөгө ашырылат. Андай тутум жок болсо орто жана жогорку кесиптик билим берүү уюму аны иштеп чыгууну же сатып алууну жана эксплуатациялоого киргизүүнү пландаштырат.

Окуу жай коомчулукка маалымат берүү үчүн өзүнүн сайтына www.oshtu.kg жана жалпыга маалымдоо каражаттарын: облустук Ош жаңырыгы жана райондук Өзгөн Нуру , университеттин Студтаймс гезиттерин жана Универ.KG журналын, ЭлТР жана ОшТВ телеканалдарын жана социалдык тармактарды (Facebook.com , Instagram.com) пайдаланат.

Жогоруда белгиленгендерден тышкары кафедра институтунда башкаруунун автоматташтырылган (программалык) тутумунун жардамы менен жүзөгө ашырылат: ал AVN автоматташтырылган маалымат системасы.

Бул чен-өлчөм аткарылып жатат.

Күчтүү жактары:

1. Өзгөн институтунун аймактагы жумуш берүүчүлөр менен туруктуу байланышы бар жана бүтүрүүчүлөрдү ишке жайгаштырууну уюштуруу маселелеринде студенттерге жардам берет.

2. Окуу процессин уюштуруу жакшы сапаттык деңгээлде (мисалы, мобилдүүлүк, материалдык-техникалык база) жана келечектеги бүтүрүүчүлөр үчүн карьералык өсүү жөнүндө системалуу түрдө маалыматтар жыйналат.

Алсыз жактары:

1. Мамлекеттик гранттын эсебинен окуган студенттердин саны жетишерлик эмес.

2. Тендер менен алынган материалдар, каражаттар жана куруп түзөтүү иштеринин сапаттары начар болууда.


Сунуштамалар:


7 - Стандарт жетишсиздиктер менен аткарылып жатат.





050709 Башталгыч класстарда окутуу

Стандарттын / чен-өлчөмдүн аткарылышын баалоо

8 - Стандарт. Билим берүү уюмунун финансылык каражаттарын пландоого жана башкарууга карата минималдуу талаптар

8.1. - чен-өлчөм.

Билим берүү уюмунун сапатын камсыздоо жана жетишкен деңгээлин кармап туруу үчүн билим берүү уюмунун финансылык каражаттары жетиштүү. Билим берүүнүн сапатын төмөндөтүүнүн эсебинен финансылык туруктуулукка жетишүүгө болбойт.

ОшТУнун академик Б.Мурзубраимов атындагы Эл аралык Өзгөн технологиялык жана билим берүү институтунун билим берүү уюмунун сапатын камсыздоо жана жетишкен деңгээлин кармап туруу үчүн билим берүү уюмунун финансылык каражаттары 2021-2022-окуу жылдары үчүн жетиштүү деңгеелде аткарылгандыгы үчүн кафедранын салымы зор. Азыркы учурдагы базар экономикасынын жана инфляциянын таасири менен окутуучуларыбыздын айлык акыларын жана башка нерселерге кетүүчү чыгымдардын көлөмүн азайтууга мүмкүн эмес. Жогорудагы маселелерди эске алуу менен, окуу үчүн болгон төлөмдөрдүн баасын жогорулатуу менен гана сактап калуу мүмкүнчүлүгү бар.

Бул чен-өлчөм аткарылып жатат.

8.2. - чен-өлчөм.

Окуучулар (студенттер), окутуучу жана окутуучу-көмөкчү курамга финансылык жардам ачык белгиленген максаттарга, милдеттерге ылайык ишке ашырылат. Окуучуларга (студенттерге), окутуучу жана окутуучу-көмөкчү курамга окуучулар (студенттер), окутуучу жана окутуучу-көмөкчү курам менен билим берүү уюмунун ортосундагы өз ара мамиле менен байланышкан бардык финансылык маселелер боюнча өз учурунда жана толук маалымат берилет.

ОшТУнун академик Б.Мурзубраимов атындагы Эл аралык Өзгөн технологиялык жана билим берүү институту нун билим берүү уюмунда студенттер, окутуучу жана окутуучу-көмөкчү курамга финансылык жардам ачык белгиленген максаттарга, милдеттерге ылайык ишке ашырылат. Жетекчилик тарабынан кафедранын студенттерине, окутуучу жана окутуучу-көмөкчү курамга билим берүү уюмунун ортосундагы өз ара мамиле менен байланышкан бардык финансылык маселелер боюнча өз учурунда жана толук маалымат берилет.

Бул чен-өлчөм аткарылып жатат.

8.3. - чен-өлчөм.

Билим берүү уюму жылдык жана стратегиялык финансылык пландоодо окуучуларга (студенттерге), окутуучу жана окутуучу-көмөкчү курамга финансылык жардам көрсөтүүнү эске алат.

Окуу жай жылдык жана стратегиялык финансылык пландоодо студенттерге, окутуучу жана окутуучу-көмөкчү курамга финансылык жардамдар өз убагында көрсөтүлөт. Аларды талкуулоого жана кабыл алууга кызыкдар тараптар жетекчилик, кызматкерлер, студенттер, алардын ата-энелери, бүтүрүүчүлөр, жумуш берүүчүлөр жана башка социалдык өнөктөштөр, талкуулоо болордун алдында күнү белгиленип, жогорудагы тараптар милдеттүү түрдө катышат.

ички жана сырткы стекхолдерлер

Бул чен-өлчөм аткарылып жатат.

8.4. - чен-өлчөм.

Билим берүү уюму финансылык каражаттарды пландоонун, башкаруунун натыйжалуулугун кепилдөөчү технологияларды колдонот. Билим берүү уюмунун бюджетин бөлүштүрүү болгон материалдык ресурстарды, учурдагы жана пландалуучу керектөөлөрдү баалоонун жана талдоонун негизинде жүргүзүлөт.

Окуу жай финансылык каражаттарды пландоонун, башкаруунун натыйжалуулугун кепилдөөчү технологияларды колдонуп, билим берүү уюмунун бюджетин бөлүштүрүү болгон материалдык ресурстарды, учурдагы жана пландалуучу керектөөлөрдү баалоонун жана талдоонун негизинде жүргүзүлөт. Жылдын башында бекитилген сметанын, түшө турган кирешенин чыгымдалышын көзөмөлдөө менен каржылык жана материалдык ресурстарын сарамжалдуу пайдаланууга жетишилет.

Бул чен-өлчөм аткарылып жатат.

8.5. - чен-өлчөм.

Билим берүү уюму, анын уюштуруу түзүмүндө функциялык милдеттери так аныкталган квалификациялуу финансылык кызматкерлердин штатына ээ.

Окуу жайдын уюштуруу түзүмүндө функциялык милдеттери так аныкталган квалификациялуу финансылык кызматкерлердин штатына ээ. Үч каржы кызматкер штаттык бирдикте каралган жана иш жүзүндө үч каржы кызматкерлер эмгектенишет. Алар башкы эсепчи, материалдык бухгалтер жана эсеп бухгалтери. Кызматкерлердин квалификациясы, билими жана тажрыйбасы, ошондой эле резюме, диплом жана башка тиешелүү документтер талаптарга шайкеш. Каржылоо системасы

Бул чен-өлчөм аткарылып жатат.

8.6. - чен-өлчөм. Билим берүү уюму финансыны башкаруудагы ачыктыкты жана айкындуулукту, сарамжалдуу финансылык башкарууну, бюджетти негиздүү түзүүнү, тобокелдиктерди баалоонун жана контролдоонун ички механизмдерин кепилдейт.

Окуу жай финансыны башкаруудагы ачыктыкты жана айкындуулукту, сарамжалдуу финансылык башкарууну, бюджетти негиздүү түзүүнү, тобокелдиктерди баалоонун жана контролдоонун ички механизмдерин кепилдейт. Ички тобокелчиликтерди көзөмөлдөө жана баалоо механизми бар. Окуу жайдын каржылык жана материалдык ресурстарын сарамжалдуу пайдаланууга алдын ала жазылган бир жылдык иш пландын негизинде, ошондой эле аткарылган иштерди көзөмөлдөгөн органдар тарабынан, жана кварталдык, жылдык отчёт тапшырууда көзөмөлдөнөт.

Бул чен-өлчөм аткарылып жатат.

8.7. - чен-өлчөм. Билим берүү уюмунун финансылык каражаттарынын олуттуу бөлүгү билим берүү, изилдөө ишин колдоого жана билим берүү уюмунун инфраструктурасын жакшыртууга багытталат. Билим берүү уюму өнүгүү үчүн зарыл болгон өз бюджетин пландуу түрдө көбөйтөт.

Билим берүү системасынын экономикалык функциясы учурдагы эмгек базасынын талаптарына жооп бере турган шартарды түзүү болуп саналат. Билим берүүнүн саясий функциясы болсо анын экономикалык максатына жетишүү үчүн керектүү нормативдик-укуктук актыларын иштеп чыгуудан ишке ашырылат. Окуу жайдын финансылык каражаттарынын олуттуу бөлүгү билим берүү, изилдөө ишин колдоого жана билим берүү уюмунун инфраструктурасын жакшыртууга багытталып жатат. Билим берүү уюму өнүгүү үчүн зарыл болгон өз бюджетин пландуу түрдө көбөйтүп жатат.

Бул чен-өлчөм жетишсиздиктер менен аткарылып жатат.

8.8. - чен-өлчөм. Билим берүү уюму өзүнүн финансылык абалын сырттан жана ичтен баалоо механизмине ээ. Билим берүү уюму үзгүлтүксүз негизде финансылык аудиттен өтөт.

Билим берүүнүн саясий функциясы болсо анын экономикалык максатына жетишүү үчүн керектүү нормативдик-укуктук актыларын иштеп чыгуудан ишке ашырылат. 2021-2022 окуу жылында биз толугу менен 1С программасына өтүп аны өздөштүрүп, бардык эсеп-кысапты 1С менен жүргүзүп, айлык жана кварталдык отчетторубузду электрондук түрдө тапшырууга жетиштик. Билим берүү уюму үзгүлтүксүз негизде финансылык аудиттен өтүп турат. Ошондой эле 1С бухгалтердик автоматташтырылган тутумунун негизинде финансылык ресурстарды пайдалануунун ачыктыгын камсыз кылган натыйжалуу финасылык эсеп жана отчеттуулук механизми бар.

Бул чен-өлчөм жетишсиздиктер менен аткарылып жатат.

8.9. - чен-өлчөм. Билим берүү уюмунун финансылык ресурстары билим берүү уюмун туруктуу өнүктүрүүгө түрткү берет (эмгек акы, коммуналдык, коммуникациялык жана башка кызмат көрсөтүүлөргө, окутуучулардын жана персоналдын квалификацияларын жогорулатууга чыгымдар, билим берүү уюмун өнүктүрүүгө чыгымдар).

Окуу жайдын финансалык ресурстары билим берүү уюмун туруктуу өнүктүрүүгө түрткү берээри (эмгек акы, коммуналдык, коммуникациялык жана башка кызмат көрсөтүүлөргө, окутуучулардын жана персоналдын квалификацияларын жогорулатууга чыгымдар, билим берүү уюмун өнүктүрүүгө чыгымдар) Кыргыз Республикасынын токтомдорунун, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин системасынын орто кесиптик жана жогорку билим берүү уюмдарынын типтүү штаттарынын, министрликтин буйруктарынын жана окуу жайдын жетекчисинин буйруктарынын негизинде ишке ашырылат жана аткарууга алынат.

Бул чен-өлчөм жетишсиздиктер менен аткарылып жатат.

Күчтүү жактар (бар болсо):

Алсыз жактар (бар болсо): Студенттердин белгиленген санына карата билим берүү программасын ишке ашыруу үчүн колдо болгон финансылык жана материалдык ресурстарга карыжылоо.

Сунуштамалар:



Тыянак

ПТИ кафедрасы жогоруда белгиленген билим берүү программалары боюнча өзүн-өзү баалоону жүргүзүп, ал программалардын алгылыктуу жана алсыз тараптарын аныктады.

1-стандарт боюнча

Күчтүү жактары:

1. Билим берүү программалары институттун ишмердүүлүгүнүн бардык түрлөрүнүн коомчулукка жеткиликтүүлүгүн массалык маалымат каражаттары жана алдыңкы маалыматтык технологиялар аркылуу камсыздайт.

2. Институт бардык пландаштырылган иштердин, билим берүүчүлүк максаттарынын жана окутуунун жыйынтыктарынын аткарылышын эске алат.

Алсыз жактары:

1. Адистиктердин программалары билим берүү сапатынын менежменттик системасын толук камсыздабайт.

Стандарттын бааланышы – стандарт аткарылууда.

2-стандарт боюнча

Күчтүү жактары:

1. Программалар окутуунун күтүлүүчү жыйынтыктарын жана окуу-усулдук камсыздоону иштеп чыгууну аткарат.

2. Программалар кафедранын бүтүрүүчүлөрүнүн ишке жайгашуусун, ошондой эле практиканын бардык түрлөрүн өткөрүүнү эске алат.

Алсыз жактары:

1. Окуу жүктөмдөрү эл аралык чен бирдиктерде аныкталбаган.

2. Программаларда орус тилинде окутуу каралган, ал эми студенттердин тилди билүүсү боюнча талаптын аткарылуусу жетишсиз.

Стандарттын бааланышы – стандарт аткарылууда.

3-стандарт боюнча

Күчтүү жактары:

1. Программалар студенттердин керектөөлөрүн кошумча секциялык ийримдер аркылуу канааттандырат.

Алсыз жактары:

1. Программалар кызыкдар тараптар менен регулярдуу байланышты толук эмес пайдаланат.

Стандарттын бааланышы – стандарт аткарылууда.

4-стандарт боюнча

Күчтүү жактары:

1. Студенттердин тандап алган билим берүүчүлүк траекториясы боюнча толук жана өз убагында маалымат жана кеңеш алуусундагы институттун ишмердүүлүгү студенттердин кесиптик өнүгүүсүнө шарт түзүүгө багытталган жана тандаган кесиби жөнүндө толук түшүнүктү (элестетүүнү) берет.

2. Рекламалык материалдар системалуу түрдө жаңыланып, окутуучулардын кесипке багыт берүү боюнча регулярдуу ишмердигине көзөмөл жүргүзүлөт, жыйынтыктары жалпыланып жана талданып, кафедрада институттун ишмердүүлүгүн жакшыртуу үчүн чечимдер алынат.

3. Институтда кафедранын ишине кызыкдар тараптарды чечимдерди кабыл алууга тартуу максатында аларды Мамлекеттик аттестациялык комиссияларына, Камкордук кеңешине, Ата-энелер кеңешине жана абитуриенттерди кабыл алуу комиссиясына мүчөлүккө кошулган.

Алсыз жактары:

1. Кесипке окутуунун методдорун, формаларын, алдыңкы технологияларды өздөштүрүү аркылуу бүтүрүүчүлөрдүн оптималдык деңгээлдеги негизги компетенцияларын калыптандырууга шарт түзүү зарыл.

Стандарттын бааланышы – стандарт аткарылууда.

5-стандарт боюнча

Күчтүү жактары:

1. Кафедрада адистиктердин кадрлар менен камсыздалышы нормативдик талаптарга туура келет, башталгыч класстардын окутуучулар, тилчилер жан илимий даражасы бар профессор, 3 илимдин кандидаттары, доценттер (философия боюнча -1, филология боюнча – 1, тарых илимдеринен – 1).

2. Окутуучулар курамы билим берүү программаларынын квалификациялык талаптарына жооп берет, ошондой эле квалификацияны жогорулатуу пландары аткарылат.

Алсыз жактары:

1. Кесиптик циклдеги кээ бир дисциплиналар боюнча штаттык окутуучулардын чектелгендиги.

2. Программалар окутуу менен илим изилдөөнүн арасындагы байланышты бекемдөө үчүн илимий ишмердүүлүктү шыктандыруучу системаны толук иштеп чыккан эмес.

Стандарттын бааланышы – стандарт аткарылууда

6-стандарт боюнча

Күчтүү жактары:

1. Институтта кафедранын тарбиялык иштердин уюштурулушу жана мазмуну студенттердин маданиятынын, нравалык жана эстетикалык сапаттарынын өнүгүүсүнө, атуулдук позициясынын калыптанышына, сергек жашоо образына, патриоттуулукка жана кесиптик талап коюучулукка өбөлгө түзөт. Программалар тарабынан көрүлгөн социалдык, турмуш-тиричилик шарттары жетишерлик деңгээлде.

2. Кафедрада материалдык-техникалык базасы мамлекеттик стандарттарга жана талаптарга туура келет. Ал билим берүүчүлүк жана тарбиялоо процесстерин керектүү деңгээлде камсыздайт.

Алсыз жактары:

1. Кафедрада ар түрдүү иш чараларды өткөрүү жана методикалык предметтерге азыркы мезгилдин талабына ылайык келе турган музыкалык-аспап, мультимедиалык каражаттарды сатып алуу зарыл.

Стандарттын бааланышы – стандарт аткарылууда

7-стандарт боюнча

Күчтүү жактары:

1. Бүтүрүүчулөрдү жумушка орноштуруучу аймактагы стейкхолдерлер менен туруктуу байланыш бар жана бүтүрүүчүлөрдү жумушка жайгаштыруу бош орундар ярмаркасында да каралат жана студенттерге жардам беришет.

2. Окуу процессин уюштуруу жакшы сапаттык деңгээлде (мисалы, мобилдүүлүк, материалдык-техникалык база) жана келечектеги бүтүрүүчүлөр үчүн карьералык өсүү жөнүндө системалуу түрдө маалыматтар жыйналат.

Алсыз жактары:

1. Мамлекеттик гранттын эсебинен окуган студенттердин саны аз.

2. Программалар студенттердин эл аралык программаларга, конкурстарга, проектилерге катышуусун камсыздабайт.


Стандарттын бааланышы – стандарт аткарылууда Ош технологиялык университетинин академик Б.Мурзубраимов атындагы Өзгөн технология жана билим берүү институтундагы аккредитациялануучу 050709 Башталгыч класстарда окутуу адистигинин билим берүү программалары жогоруда белгиленген күчтүү жана алсыз жактарды эске алганда, Кыргыз Республикасындагы улуттук аккредитациялык стандарттардын критерийлерине жана талаптарына туура келет.





Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!