СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Практикалык иш №5. «Органикалык эмес бирикмелердин ортосундагы генетикалык байланыштарга эксперимент жүргүзүү»

Категория: Химия

Нажмите, чтобы узнать подробности

Татаал заттар: оксиддер, негиздер, кислоталар жана туздар касиеттерин окуп-үйрөнүү алардын ортосунда байланыш бар экендигин көрсөттү. Бир класстагы заттын экинчисине өтүү реакциясы генетикалык байланыш («генезис» - грек сөзү, «келип чыгуу») деп аталат.

Просмотр содержимого документа
«Практикалык иш №5. «Органикалык эмес бирикмелердин ортосундагы генетикалык байланыштарга эксперимент жүргүзүү»»

Сабакка чейин

Сабактын темасы: Практикалык иш №5. «Органикалык эмес бирикмелердин ортосундагы генетикалык байланыштарга эксперимент жүргүзүү»

Сабактын методу: репродуктивдүү

Сабактын тиби: Аралаш

Сабактын формасы: практикалык сабак


Сабактын максаты

Көрсөткүчтөрү

А)Конкреттүү максаты (билим берүүчүлүк): Органикалык эмес бирикмелердин ортосундагы генетикалык байланыштарга эксперимент жүргүзүүнү окуп үйрөнүшөт

  • Органикалык эмес бирикмелердин ортосундагы генетикалык байланыштарга эксперимент жүргүзө алышса.


Б)Конструктивдүү (ѳнүктүрүүчүлук, тарбиялоочулук):

Органикалык эмес заттардын негизги класстары, касиеттери, алынышы, аталыштары, формуласы, химиялык теӊдеме боюнча түшүнүгү өнүгөт. Бири-бирин сыйлоого тарбияланат.

  • Органикалык эмес заттардын негизги класстары;

  • Касиеттери;

  • Алынышы;

  • Аталыштары;

  • Формуласы;

  • химиялык теӊдемеси боюнча алган билимдерин пайдаланып берилген тапшырмаларды өз алдынча чыгара алышса.


Күтүлүүчү натыйжа:

  • Органикалык эмес бирикмелердин ортосундагы генетикалык байланыштарга эксперимент жүргүзө алышат

Сабактын мотивациясы (бул сабак эмнени берет): Органикалык эмес бирикмелердин ортосундагы генетикалык байланыштарга эксперимент жүргүзүү боюнча маалымат алышат

Сабактын ѳбѳлгѳсү (Окуучунун априордук билими (мурунку билими)): Органикалык эмес заттардын негизги класстары, касиеттери, алынышы, аталыштары, формуласы, химиялык теӊдеме боюнча билими бар

Сабактын жабдылышы: Слайддар, сүрөттөр, моделдер, анимация колдонулат.

Убакыт: 45 минута

Убакытты бѳлүштүрүү:Чакыруу этабы:6-8мин

Түшүнүү этабы(сабактын негизги бѳлүгү):22-25 мин

Ойлонуу этабы (сабакты бышыктоо):12-12 мин

Сабак

Сабактын жүрүшү:

Чакыруу этабы:

Сабактын чөйрөсү: Саламдашуу,класстын тазалыгына кѳз салуу,тактоо.


Жагымдуу маанай түзүү:

Үй тапшырмасын текшерүү жана ѳтүлгѳн теманы кайталоо:

1.S→ S O2 → SO3→ H2SO4→ BaSO4→Na2SO4

2.P→ P 2O3 → P2O5→ H3PO4→ Na3PO4→Na2SO4

3.H2→ HCl→NaCl→ NaHSO4


Түшүнүү этабы(сабактын негизги бөлүгү):

Татаал заттар: оксиддер, негиздер, кислоталар жана туздар касиеттерин окуп-үйрөнүү алардын ортосунда байланыш бар экендигин көрсөттү. Бир класстагы заттын экинчисине өтүү реакциясы генетикалык байланыш («генезис» - грек сөзү, «келип чыгуу») деп аталат.

Мисалы, барийди күйгүзгөндө барий оксидин алууга болот, ал эми барий оксиди суу менен өз ара аракеттенишкенде барий гидроксиди алынат. Барий гидроксиди кислота менен реакцияга кирип тузду пайда кылат. Ушул айланыштардын баарын схема түрүндө көрсөтүүгө болот.

Ойлонуу этабы(сабакты бышыктоо):

1. Кандай пробиркада: а) натрий хлориди; б) натрий карбонаты; в) натрий сульфаты, 2) туз кислотасы эритмелеринин болгондугун сапаттык реакция жардамы менен тажрыйба жүзүндө далилдегиле.

Үйгѳ тапшырма:

1. Металл түрүндөгү магний, магний-гидроксидине кантип айланат?

Баалоо:




Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!