Просмотр содержимого документа
«Практикалык иш №2 Химия кабинетиндеги идиш жана лабороториялык жабдуу менен таанышуу»
Химия мугалими: Кабыланбек кызы Майрам
Практикалык иш №2 Химия кабинетиндеги идиш жана лабороториялык жабдуу менен таанышуу
8-класс
Сабактын максаттары
1. Лабораториялык идиш жана курал жабдыктар менен тааныштыруу жана иштөө
2.Коопсуздук техникасынын эрежелери менен таанышуу
Бунзендин штативи жана аны менен иштөө ыкмалары
1-металл тактасы
2-металл өзөк
3-жалпак бекиткич
4-темир шакекче
5-бурама менен бекитилген кыпчыткычтан турат.
Пробирка штативке түшүп калбагандай жана эркин жылдырылып тургандай кысылууга тийиш.
Химиялык идиштер жана жабдуулар
Химиялык идиштер: фарфор жана айнек идиштерге бөлүнөт.
Көпчүлүк эксперименттерди аткарууда жогорку температурага чыдамдуу жука айнек идиштер колдонулат. Айнек идиштерге пробирка , жалпак түптүү, тоголок түптүү конус түрүндөгү колбалар , химиялык стакан, пробирка кирет.
Суюктуктардын көлөмүн өлчөө үчүн: мензурка,цилиндр,өлчөөчү колба жана стакандар колдонулат.
Форфор идиштер кайнатуу, кургатуу жана заттарды майдалоо үчүн колдонулат
Спирт шамынын түзүлүшү жана аны менен иштөө
Спирт шамы 1-резервуардан турат, анын 2/3 бөлүгүнө чейин спирт куюлат.
2-билиги атайын металлдан жасалган түтүкчөдөн өтүп, 3-дисктин үстүнө жайгаштырылат жана капкагы жабылат.
Бышыктоо үчүн суроолор
1. Штатив кандай максатта колдонулат?
2. Химиялык идиштерге эмнелер кирет жана кандай түрлөрү бар?
3. Спирт шамын пайдаланганда кандай коопсуздук эрежелерин сактоо керек?
Көңул бурганыңыздарга чоң рахмат!