СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Практика жобосу (ПК тайпасы)

Категория: Завучу

Нажмите, чтобы узнать подробности

Окуу практикасы студенттердин билгичтиктерин калыптандырууга, алгачкы практикалык тажрыйбаларды алууга багытталган жана кесиптик ишмердиктин негизги түрлөрү боюнча ОКББнын НКББПсынын кесиптик модулдарынын чегинде ишке ашырылат. Андан ары тандаган адистиги боюнча жумуш ордунда иштөө менен жалпы жана кесиптик компетенцияларды өздөштүрүүгө өбөлгө түзөт. Окутуунун күндүзгү формасындагы бардык адистиктерде 2-курста окуган студенттер 4 апталык окуу практикасында биринчи аптанын 1-3- же 1-5-күндөрүн окуу жайда, ал эми калган мөөнөттү тиешелүү ишканаларда, мекемелерде (уюмдарда) өткөрүлөт.

Просмотр содержимого документа
«Практика жобосу (ПК тайпасы)»

11







.


Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги

ОшТУнун академик Б.Мурзубраимов атындагы

Өзгөн технология жана билим берүү институту

Институттун окумуштуу кеңеши тарабынан каралды

жана КАБЫЛ АЛЫНДЫ


2023-ж. 15.09 №2 протокол

БЕКИТЕМИН

директор, т.и.к., доцент

____________ Зулпуев З.Б.


2023-ж. 16.09




Орто кесиптик билим берүүнүн негизги кесиптик билим берүү программаларын өздөштүргөн студенттердин практикасы жөнүндө

ЖОБО

1. Жалпы жоболор

1.1. Бул жобо “Орто кесиптик билим берүүнүн Негизги кесиптик билим берүү программасын” (мындан ары ОКББ, НКББП) өздөштүргөн студенттердин практикасы жөнүндөгү жобону бекитүү тууралуу” КРнын Билим берүү жана илим министрлигинин (ББИМ) буйругунун жана КРнын Эмгек кодексинин негизинде иштелип чыккан.

1.2. Бул жобо окуу жайда ОКББнын НКББПсын өздөштүргөн студенттердин практикасын уюштуруу тартибин жана өткөрүлүүсүн аныктайт.

1.3. Практика кесиптик ищмердиктин түрлөрү боюнча кесиптик модулдарды өздөштүрүүнүн жыйынтыктоочу этабы болуп эсептелет.

2. Практиканын түрлөрү жана максаттары

2.1. Практиканын түрлөрү төмөнкүлөр болуп эсептелет:

  • окуу практикасы;

  • өндүрүштүк практика

2.2. Практиканын максаты: студенттердин ОКББнын тиешелүү адистиги боюнча кесиптик ишмердиктин бардык түрлөрүн жумуш ордунда өздөштүрүүсү, жалпы жана кесиптик компетенцияларды калыптандыруусу, ошондой эле адистикке зарыл болгон билгичтиктерди жана практикалык иштин тажрыйбасын алуусу.

2.3. Окуу практикасы студенттердин билгичтиктерин калыптандырууга, алгачкы практикалык тажрыйбаларды алууга багытталган жана кесиптик ишмердиктин негизги түрлөрү боюнча ОКББнын НКББПсынын кесиптик модулдарынын чегинде ишке ашырылат. Андан ары тандаган адистиги боюнча жумуш ордунда иштөө менен жалпы жана кесиптик компетенцияларды өздөштүрүүгө өбөлгө түзөт. Окутуунун күндүзгү формасындагы бардык адистиктерде 2-курста окуган студенттер 4 апталык окуу практикасында биринчи аптанын 1-3- же 1-5-күндөрүн окуу жайда, ал эми калган мөөнөттү тиешелүү ишканаларда, мекемелерде (уюмдарда) өткөрүлөт. Акыркы аптанын аягындагы эки-үч күндө студенттер окуу жайга келип отчет даярдоосуна уруксат берилет. Практиканын биринчи аптасында практиканын жетекчилери тарабынан студенттерге практика тууралуу маалыматтар, практика үчүн күндөлүктөр, аларды толтуруу эрежелери, практикага жолдомо жана практикадан өтүү мезгилинде аткарылуучу тапшырмалар берилет. Бул мезгил аралыгында студенттер менен иштөө офлайн жана онлайн режимдеринде WhatsApp, Zoom, Multiurok, Google Classroom ж.б. платформаларды колдонуп, уюштурулат.

2.4. Өндүрүштүк практика өзүнө төмөнкү этаптарды камтыйт:

  • өндүрүштүк (адистик профили боюнча) практика;

  • диплом алдындагы практика.

Адистик профили боюнча практика студенттерде жумуш ордунда жалпы жана кесиптик компетенцияларды калыптандырууга, практикалык жактан тажрыйба алууга багытталган жана ОКББнын Мамлекеттик билим берүү стандартында (МББС) каралган кесиптик ишмердиктин түрлөрү боюнча ОКББ НКББПнын кесиптик модулдарынын чегинде ишке ашырылат.

Диплом алдындагы практика студенттердин жумуш ордунда алгачкы практикалык тажрыйбаларын тереңдетүүгө, жалпы жана кесиптик компетенцияларды өнүктүрүүгө, өз алдынча эмгек ишмердүүлүгүнө даярдыгын текшерүүгө, ошондой эле мекемелерде (ишканаларда) жумуш ордунда иштеген мезгилде бүтүрүүчү мамлекеттик сынактарга же дипломдук иштерди аткарууга даярдык көрүүсүнө багытталган.

З. Практиканы уюштуруу

3.1. Окуу практикасы жана өндүрүштүк практика окуу жайы тарабынан студенттер кесиптик компетенцияларды өздөштүргөндө өткөрүлөт жана бир нече мезгилдерде ОКББ НКББПнын чегинде теориялык сабактар менен катарлаш жумуш ордунда өз-өзүнчө өткөрүлөт.

3.2. Окуу практикасы окуу кааналарында, лабораторияларда, окуу аянтчаларында же окуу жайы менен белгиленген тартипте түзүлгөн келишимдин негизинде базалык мекемелердин (ишканалардын) атайын жабдылган жумуш орундарында өткөрүлөт.

3.3. Окуу практикасы практиканын жетекчиси (кесиптик циклдеги дисциплиналардын окутуучусу) тарабынан өткөрүлөт.

3.4. Өндүрүштүк практикалар окуу жайы жана мекемелер (ишканалар) ортосунда белгиленген тартипте түзүлгөн келишимдин негизинде мекемелердеги (ишканалардагы) жумуш орундарында өткөрүлөт.

Өндүрүштүк практика мезгилиндеги жумуш практиканын программасынын талаптарына ылайык келген учурларда студенттер бош кызмат орундарына атайын буйруктун негизинде жумушка кабыл алынуусу мүмкүн. Окуу жана адистик профили боюнча практикалар өздөштүрүлгөндөн кийин үзгүлтүксүз түрдө диплом алдындагы практика өткөрүлөт.

3.5. Практикаларды өткөрүүнүн мөөнөттөрү ОКББ НКББПга ылайык окуу жай тарабынан коюлат.

3.6. Өндүрүштүк практикага жөнөтүү окуу жайдын директорунун буйругу менен жүргүзүлөт. Анда ар бир студентти мекемеге (ишканага) бекитүү, практикадан өтүүнүн түрү жана мөөнөтү көрсөтүлөт.

3.7. Окууну эмгек ишмердиги менен айкалыштырып жүргүзгөн студенттер кесиптик ишмердиги практиканын максаты менен дал келсе, анда окуу жана өндүрүштүк практикалардан өзү иштеген мекемеде (ишканада) өтүүгө укуктуу.

3.8. Өндүрүштүк (адистик профили боюнча) жана диплом алдындагы практикаларды уюштурууну окуу жайдан жана мекемеден (ишканадан) дайындалган практика жетекчилери ишке ашырышат. Практиканын окуу жайдагы жетекчилери окуу жайдын директорунун буйругу менен дайындалат.

3.9. Өндүрүштүк практиканын программасын ишке ашыруу үчүн ал практиканын окуу жайдагы жетекчиси төмөнкү документтерди жетекчиликке алат:

  • ушул жобо;

  • өндүрүштүк практиканын жумушчу программасы;

  • мекеме (ишкана) менен түзүлгөн келишим;

  • студенттерди практикага бөлүштүрүү жана окуу жайдан практиканын жетекчилерин дайындоо жөнүндө директордун буйругу;

  • практиканы текшерүүлөрдүн графиги;

  • жеке тапшырмалардын тизмеги жана практика боюнча отчет түзүү үчүн сунуштар (усулдук көрсөтмөлөр);

  • өндүрүштүк практиканын күндөлүгү;

  • аттестациялык барактын бланкы.

Жогоруда көрсөтүлгөн документтердин топтому өндүрүштүк практиканын башталуу датасынан кеминде 10 күн мурда даяр болуусу керек.

3.10. Практиканын программасынын аткарылышын жана окугандардын өз алдынча иштөөгө даярдыгын объективдүү баалоо үчүн өндүрүштүк практикага жөнөтүлгөн студенттерге төмөнкүлөр берилет:

  • практиканын күндөлүгү;

  • өндүрүштүк практикага тапшырмалар;

  • практика боюнча отчет түзүү үчүн сунуштар (усулдук көрсөтмөлөр).

4. Окуу жайдын укуктары жана милдеттери

4.1. Окуу жайы окуу пландарында практиканын бардык түрлөрүн жана этаптарын ОКББ НКББПга ылайык, мекемелер (ишканалар) менен түзүлгөн келишимдерди эске алып пландаштырат жана бекитет.

4.2. Практикаларды уюштурууга жана өткөрүүгө келишимдерди түзөт.

4.3. Практиканын программасын, мазмунун жана пландалган жыйынтыктарын иштеп чыгат жана мекемелер (ишканалар) менен макулдашат.

4.4. Практикага жетекчиликти ишке ашырат.

4.5. Практиканын программасын ишке ашырууну жана практиканы өткөрүү шарттарын, анын ичинде эмгекти коргоонун, жашоо коопсуздугунун жана өрт коопсуздугунун талаптарынын нормалык эрежелерге ылайык келүүсүн көзөмөлдөйт.

4.6. Практиканы группалык формада өткөрүү учурларында группа түзөт.

4.7. Студенттер практиканы өтөөнүн жүрүшүндө ээ болгон (өздөштүргөн) жалпы жана кесиптик компетенцияларды баалоо жол-жоболорун мекемелер (ишканалар) менен бирдикте аныктайт.

4.8. Практикадагы отчеттуулуктун формасын жана практикадан өтүүнү баалоонун материалдарын иштеп чыгат жана мекемелер (ишканалар) менен макулдашат.

4.9. Студенттердин практикага өз убагында жөнөп кетүүсүн жана аларга белгиленген тартиптеги өндүрүштүк окутууга студенттик аттестациялык китепчелердин (күндөлүктөрдүн) берилүүсүн камсыздайт. Практикадан өтүү мезгилиндеги финансылык чыгымдар (жол акы, суточные ж.б.) зарылдыгына карай төлөнүп берилет.

5. Мекеменин (ишкананын) укуктары жана милдеттери

  1. Практикаларды уюштурууга жана өткөрүүгө келишимдерди түзөт.

  2. Практиканын программасын, мазмунун жана пландалган жыйынтыктарын, практикага берилген тапшырмаларды макулдашат.

  3. Студенттерге жумуш орунун бөлүп берет, мекемеден (ишканадан) практиканын жетекчилерин дайындайт, насаатчыларды аныктайт.

  4. Студенттер практиканы өтөөнүн жүрүшүндө ээ болгон (освоенных) жалпы жана кесиптик компетенцияларды баалоо жол-жоболорун аныктоого жана жыйынтыктарды баалоого катышат.

  5. Практикадан өтүүнүн жүрүшүндө ээ болгон (освоенных) жалпы жана кесиптик компетенцияларды баалоонун материалдарын түзүүгө катышат.

  6. Бош кызмат орундары болгон учурларда окугандар менен тез арада эмгек келишимдерин түзө алат.

  7. Санитардык эрежелерге жана эмгекти коргоонун талаптарына жооп берген, практиканы өткөрүүнүн коопсуз шартын камсыздайт.

  8. Эмгекти коргоонун, өрт коопсуздугунун талаптары жана ошондой эле ички эмгек тартиби менен студенттерди тааныштырат.

6. Студенттердин укуктары жана милдеттери

  1. Практиканын программасында каралган жана жетекчи тарабынан берилген жекече тапшырмаларды толук аткаруу.

  2. Мекемелердеги (ишканалардагы) ички эмгек тартибинин эрежелерин сактоо.

  3. Эмгекти коргоо жана өрт коопсуздугунун талаптарын так сактоо.

  4. Практика мезгилинде күндөлүктү үзгүлтүксүз толтуруу. Практиканын жыйынтыгы боюнча отчет даярдоо жана аны мекемеге (ишканага) бекиттирүү.

  5. Практикадан өтүү учурунда келип чыккан бардык маселелер боюнча практиканын жана окуу жайдын жетекчилерине кайрылуу.

7. Баалоо, көзөмөл

  1. Практикага коюлган баа теориялык окутуунун баасына теңдештирилет жана студенттин жалпы жетишүүсүн жыйынтыктоодо эске алынат.

  2. Окуу кааналарында, лабораторияларда, окуу аянтчаларында өткөрүлгөн окуу практикаларында жетишүүнүн жана катышуунун эсеп-кысабы практиканын жетекчиси тарабынан белгиленген үлгүдөгү группалык журналга толтурулат.

  3. Окуу практикасынын ар бир түрү боюнча студенттердин катышуусу жана жетишүүсү боюнча маалыматтарды практиканын жетекчиси апта сайын бөлүмдүн башчысына билдирип турат.

  4. Окуу жайдан дайындалган практика жетекчиси өндүрүштүк практикадагы студенттердин жетишүүсү жана катышуусу боюнча атайын журналга учет (эсеп-кысап) жүргүзөт. Ал журнал өндүрүштүк окутуу боюнча директордун орун басарында сакталат.

7.6. Практиканын бардык этаптарында практиканын жүрүшү боюнча көзөмөлдү төмөнкүлөр ишке ашырат:

- студенттик группага бекитилген куратор – группадагы студенттердин жетишүүсүнө жана катышуусуна талдоо жүргүзөт;

- практиканын жетекчиси – жетишүүгө, катышууга, сабактарды өткөрүүнүн сапатына талдоо жүргүзөт;

- өндүрүштүк окутуу боюнча директордун орун басары жана окуу жайы боюнча практика жетекчиси группанын практика жетекчиси менен бирдикте практиканын бардык этаптарында жалпы жетекчиликти жана уюштурууну ишке ашырат.

8. Практиканы жетектөө

  1. Окуу жайда практикаларга жалпы жетекчилик өндүрүштүк окутуу боюнча директордун орун басарына жана практика жетекчиси кызматкерине жүктөлөт. Алар кызматтык инструкциялардын, учурдагы жетектөөчү документтердин негизинде практиканы уюштурууда, өткөрүүдө тиешелүү кызмат адамдарынын милдеттерин, жоопкерчилик даражаларын аныкташат.

  2. Этаптарына карай студенттердин практикасына жетекчиликти төмөнкүлөр ишке ашырат:

адистик боюнча бөлүмдүн башчысы, кафедранын башчысы жана окуу жайдагы практиканын жетекчиси.

Өндүрүштүк практикаларга жетекчиликке жакшы даярдыктагы, тажрыйбалуу, профилдик циклдеги дисциплиналардын окутуучулары дайындалат.

  1. Жогоруда белгиленген окуу жайдагы кызмат адамдары төмөнкүлөрдү камсыздашат:

- практикага окуу-усулдук жетекчиликти, анын ичинде эмгекти коргоо, жеке коопсуздук, өндүрүштүк санитария жана студенттердин гигиенасы маселелерин;

- практикага өз убагында жөнөп кетүүнү / кайтып келүүнү, практика боюнча белгиленген тартиптеги күндөлүктүн ж.б. зарыл документтердин студенттерге өз убагында берилүүсүн;

- ишканаларда (мекемелерде) жана окуу жайынын базасында практикалардын уюштурулуусун, өткөрүлүүсүн, сапатын жана мөөнөттөрүнүн сакталуусун көзөмөлдөөнү.

  1. Практикага жөнөтүлүүчү ар бир окуу группасына практика мезгили үчүн бир жетекчи дайындалат. Зарыл учурларда практика жетекчисин алмаштыруу директордун орун басарынын сунушу менен окуу жайдын директорунун буйругу аркылуу жүргүзүлөт.

  2. Окуу жайдан дайындалган өндүрүштүк (адистик профили боюнча жана диплом алдындагы) практикалардын жетекчилерине төмөнкүлөр милдеттендирилет:

  • ушул Жобо тарабынан белгиленип, мекемелер (ишканалар) менен макулдашылган өндүрүштүк практикага тапшырмаларды ж.б. жумушчу документтерди студенттерге берүү;

  • өндүрүштүк экскурсияларды, кеңеш берүүлөрдү, эмгекти коргоо, жумуш орундарындагы эмгек шарттары боюнча инструктаж өткөрүүнү уюштуруу;

  • студенттердин нормативдик документтерди билүүсү боюнча мекемедеги (ишканадагы) комиссиялар өткөргөн сыноолорго катышуу;

  • тиешелүү практиканын түрүнө ылайык студенттердин жекече тапшырмаларын аткаруусуна жана курстук (дипломдук) иштерине материалдарды тандоого (жыйноого) усулдук жардам көрсөтүү;

  • практиканын мекемедеги (ишканадагы) жетекчилери менен усулдук иштерди өткөрүү.

Практиканын бардык этаптарында практиканын уюштурулуусуна жана өткөрүлүүсүнө окуу жайдын директорунун буйругу менен дайындалган практика жетекчилери толук жоопкерчиликтүү болот.

  1. Өндүрүштүк практиканын жетекчиси төмөнкүлөргө милдеттүү:

  • практика башталганга чейин 3 күндөн кеч эмес мөөнөттө практиканттарды кабыл алууну уюштуруу маселелерин мекеменин (ишкананын) жетекчиси менен макулдашуу;

  • практика башталгандан кийин 10 күндүн ичинде практиканттарды кабыл алуу (зачисление) жөнүндөгү мекеменин (ишкананын) жетекчисинин буйругунун көчүрмөсүн, группанын практикадан өтүү графигин директордун орун басарына алып келүү;

- текшерүүлөрдүн графигине ылайык ишканада (мекемеде) өтүп жаткан практиканын жүрүшү жөнүндө тийиштүү отчеттук документтер аркылуу билдирип туруу.

9. Студенттердин коопсуздугун камсыздоо

  1. Практиканы кооптуу өндүрүштүк объектилерде (цехтерде, ишкананын структуралык бөлүмдөрүндө ж.б.) өтөп жаткан студенттерге эмгекти коргоо маселелери боюнча КРнын нормативдик-укуктук актылары аракетте болот.

  2. Практика жетекчилери эмгекти коргоо боюнча окутуудан жана жана билимдерин текшерүүдөн кеминде 3 жылда бир жолу өтүп турушат.

9.3. Практиканын ишканадагы (мекемедеги) жетекчиси студенттер менен төмөнкүлөрдү өткөрөт:

  • эмгекти коргоо боюнча инструктаж, жумуш орундарында стажировка, ишти аткаруунун коопсуз ыкмаларын жана методдорун үйрөтүүнү жана алар боюнча билимдерди текшерүүнү;

  • күтүлбөгөн (чукул) абалдар жаралган учурларда авариялык абалдарды жоюу, студенттердин өмүрүн жана ден соолугун сактоо, анын ичинде жабырлануучуларга биринчи жардам көрсөтүү чараларын көрөт;

  • эмгекти коргоо эрежелерин бузган студенттерди иштен четтетет жана анын практиканы улантуу маселесин окуу жайдын жетекчилигине билдирет.

Студенттердин жогорку коркунучтагы иштерди өз алдынча аткаруусуна жол берилбейт.

10. Практиканын жыйынтыктары

  1. Практиканын жыйынтыгы окуу жайы тарабынан иштелип чыккан практиканын программасы аркылуу аныкталат.

  2. Практиканын жыйынтыгында практиканын окуу жайдан жана ишканадан дайындалган жетекчилери тарабынан аттестациялык баракча даярдалат. Анда студенттердин кесиптик компетенцияларга ээ болуу деңгээли, ошондой эле практиканы өтөө мезгилинде студенттин кесиптик компетенцияларга ээ болуусу боюнча мүнөздөмө камтылат.

  3. Практиканы өтөө мезгилинде белгиленген талаптарга ылайык күндөлүк толтурулат жана ал практиканын ишканадагы жетекчиси тарабынан колтамга коюлуп, тастыкталат. Практиканын жыйынтыктары боюнча студент белгиленген формага ылайык отчет түзөт жана ал отчет ишкана тарабынан бекитилип, күндөлүк менен бирдикте практиканын окуу жайдагы жетекчисине тапшырылат.

Өндүрүштүк практика боюнча отчеттун формасы жана күндөлүгү ар бир адистик боюнча окуу-усулдук бирикмелер тарабынан аныкталат, иштелип чыгат жана бекитилет (сунуштар же усулдук көрсөтмөлөр). Отчеттун мазмуну практиканын программасы жана жеке тапшырмалар аркылуу аныкталат. Отчет практика жөнүндөгү отчетту даярдоонун сунуштарында (усулдук көрсөтмөлөрдө) көрсөтүлгөн маалыматтарды камтышы керек. Отчеттор практиканын ишканадагы жана окуу жайдагы жетекчилери тарабынан каралат.

  1. Практика учурунда студенттердин алган тажрыйбасын тастыктоочу графикалык, аудио-, фото-, видео-материалдар, компьютердик программалардын материалдары (түшүндүрмөлөрү, скриншоттору ж.б.) практиканын күндөлүгүнө тиркеме катары практиканын окуу жайдагы жетекчисине тапшырылат.

  2. Мекеменин (ишкананын) тиешелүү документтери менен тастыкталган практиканын жыйынтыктарынын негизинде өндүрүштүк практиканын жыйынтыктоочу аттестациясы жүргүзүлөт.

  3. Практиканын жетекчилери күндөлүккө практиканттын аткарган иштери боюнча кыскача ой пикир беришет. Анда студент тарабынан практиканын программасынын аткарылышы (ишке мамилеси, эмгек тартиби, кесиптик көндүмдөргө ээ болуу даражасы, мекемедеги коомдук турмушка катышуусу ж.б.), адистикке зарыл практикалык тажрыйбалары, жалпы, кесиптик компетенциялардын калыптануу критерийлери чагылдырылат.

  4. Практикадан өтпөгөн же практика боюнча канааттандырарлык эмес баа алгандарга жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестациядан өтүүгө уруксат берилбейт.


11. Жыйынтыктоочу жоболор

  1. Бул жобого өзгөртүүлөр жана толуктоолор окуу жайдын усулдук кеңеши тарабынан кабыл алынат жана окуу жайдын директору бекитет.

  2. ОКББнын НКББПсы боюнча студенттердин практикаларын өткөрүү жөнүндөгү мурдагы (2019-жылдын 16-сентябрындагыдагы, № 2 протокол) Жобо күчүн жоготту деп эсептелсин.

Колдонулган адабияттар

1. Положение о производственной практике студентов СПО. Приложение 5. Утверждено ПП КР №470 от 04.07.2012.

2. ОшМУнун №24 бюллетени. ОшМУда практикаларды уюштуруу боюнча (ОКББ үчүн) жобо. 2018

3. Положение о практике обучающихся, осваивающих ОПОП СПО, Москва, колледж РГУПС. 2017.

4. Положение о практике обучающихся, осваивающих ОПОП СПО Государственного автономного профессионального образовательного учреждения Мурманской области «Кандалакшский индустриальный колледж». Город Кандалакша, 2017.

5. Закон Кыргызской Республики «Об образовании» (№ 92 от 30.04.03) / Сборник нормативно-правовых актов в области образования КР. Выпуск 1. Бишкек: - Просвещение, 2004. - С. 13-56.

Иштеп чыккандар:

Раманкулов М., окуу бөлүмүнүн башкы адиси

Касымбеков А.А., окуу бөлүмүнүн башчысы

Муратбаева Г.Н., окуу иштери боюнча директордун орун басары

Макулдашылды:

Тынай уулу Б., өндүрүштүк окутуу боюнча директордун орун басары

Ой пикир билдиргендер:

Хакимова М.С., Экономика кафедрасынын окутуучусу

Кайназаров Б.А., Педагогика жана тил илимдери кафедрасынын улук окутуучусу


ТИРКЕМЕЛЕР

1-тиркеме. Жумушчу программанын титулдук баракчасы

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги

Ош технологиялык университети

Академик Б.Мурзубраимов атындагы Өзгөн технология жана билим берүү институту

_______________________________ кафедрасы




«Каралды» «Бекитилди»

кафедранын 202__-ж. “___”_______ Окуу-усулд.кеңештин 202__-ж. “____”

жыйынынын № ____ протоколу жыйынынын № ______ протоколу

Каф.башчысы: ___________________ Төрагасы: ___________________



Адистик: ______________________________________________

Окутуунун түрү: _______________________________________

Бүтүрүүчүнүн квалификациясы: ________________________


_________________________________ практиканы өткөрүү боюнча

ЖУМУШЧУ ПРОГРАММА


Окуу планы боюнча сааттардын торчосу

Дисциплинанын аталышы

Баары

Өдүрүштөгү жумуш убактысы

СӨАИ

Отчеттуулук




6-сем

6-сем

Диплом алдындагы практика

180 (6кр.)

90 с.

90 с.

ПК-21

Экз.

6-семестр

180

90

90

ПК-21

Экз.


Жумушчу программа НКББПнын негизинде түзүлүп, Окуу-усулдук кенештин 202__-ж. ____________ отурумунда бекитилген. № ________. протокол

Түзгөн:

2-тиркеме. Жумушчу программанын аннотациясы

«____________________________» кафедрасынын отурумунда

талкууланган жана бекитилген.

202__-ж. _________________ №______ протокол



Окуу-усулдук кеңешинин отурумунда бекитилди


202__-ж. _________________ №______ протокол





_________________________________________________________ адистиги боюнча __________________________________________ практиканы өткөрүү үчүн жумушчу программа (аннотация)






Түзүүчүлөр: ___________________________________________________________


Сын пикир жазган: _____________________________________________________


3-тиркеме. Жумуш ордунда окутуу (мындан ары ЖОО) боюнча диплом алдындагы практиканы өздөштүрүүнүн максаттары

ЖОО боюнча практиканын максаты – студенттердин адистик боюнча жалпы жана кесиптик компетенцияларын сапаттуу өнүктүрүү, ошондой эле компьютердик технологиялар жана маалымат кызматтары чөйрөсүндө орто звенодогу башкаруу адистерин даярдоо, жөнөкөй маселелерди чечүү үчүн программалык камсыздоону иштеп чыгууну камсыз кылуу. көйгөйлөр, аларды оңдоо жана эксперименталдык түрдө иштин айрым этаптарын текшерүү.

Максатка жетүү процессинде ЖOO догу төмөнкүлөргө салым кошот:

  • бүтүрүүчүлөрдүн квалификациясынын деңгээлине иш берүүчүлөрдүн күтүүлөрүнө ылайык келүүгө жетишүү;

  • студенттерди кесиптер жана кызмат көрсөтүүлөр рыногунда жакшыраак ориентациялоо, конкреттүү көндүмдөр кайда жана кандай суроо-талапка ээ болушу мүмкүн экендигин түшүнүү;

  • эмгек рыногунда бүтүрүүчүлөрдүн социалдык мобилдүүлүгүн жана кесиптик атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу;

  • баштапкы практикалык тажрыйбаны алуу, теориялык даярдыктын деңгээлин сактоо менен практикалык компонентти бекемдөө;

  • социалдык жана инсандык, «жумшак» деп аталган көндүмдөрдү өнүктүрүү, анын ичинде командада иштөө жөндөмдүүлүгүн өнүктүрүү, коммуникациялык көндүмдөрдү өнүктүрүү, чыгармачыл ой жүгүртүүнү, өзүн-өзү уюштуруучулукту, тартипти, жоопкерчиликти ала билүү ж.б.

  • теориялык билимдерди бышыктоо жана конкреттештирүү;

  • адистик боюнча тармактарда практикалык билгичтерин жана көндүмдөрүн практика жүзүндө калыптандыруу;

  • өз алдынча кесиптик иш-тажрыйбасын калыптандыруу;

  • бүтүрүү квалификациялык ишке зарыл болгон материалдарды жыйноо.







4-тиркеме. ЖООнун формаларынын практиканын түрлөрү боюнча мазмуну

ЖОО формасынын практикалык түрү

Окутуунун натыйжалары

Практиканын тематикалык мазмуну

Саат /

Тема боюнча көлөмүн жүктөө

Иш чөйрөсү, анын ичинде керектүү жабдуулар

Семестр

Окуу-таанышуу практикасы

(УМ1. Тапшырманы формалдаштыруу

УM2. Тапшырманы алгоритмдөө УM3.Объектке багытталган программалоо тилдерин колдонуу менен программа кодун жазуу, маалыматтарды аныктоо жана башкаруу

ПРО1

ПРО2

ПРО 3

  1. Сабакка киришүү, коопсуздук инструктажы;

  2. Microsoft Word текст процессорун колдонуу менен тексттик документтерди түзүңүз

  3. Microsoft Excel электрондук жадыбалдарын колдонуу менен маалыматтарды иштетүү;

  4. ЭЭМдин логикалык негиздери, элементтери жана компоненттери;

  5. Эсептөө системаларынын классификациясы;

  6. Маалыматтар базасын түзүү; Стандарттык жана аралаш структуралар үчүн программалоо алгоритмдери;

  7. Матрицаны көбөйтүү программасын түзүү;

  8. OS версиясын жана аны орнотууну изилдөө;

  9. Окуу практикасы боюнча отчетту даярдоо.

  1. 4саат

  2. 14

  3. 14

  4. 14

  5. 14

  6. 14

  7. 16

  8. 14

  9. 10

  10. 6

  • УПК

  • Окуу жана лабораториялык кабинеттер

  • Уюмдун өндүрүш участоктору (кеңселер, кассалар, оператордук бөлмөлөр, цехтер)

IV

Өндүрүштүк (адистик профили боюнча) практика

УM3. Объектке багытталган программалоо тилдерин колдонуу менен программа кодуну жазуу, маалыматтарды аныктоо жана манипуляциялоо,

УM4. Frontend иштеп чыгуу,

УM5. Backend иштеп чыгуу,

УM9. Коопсуздук жана ден соолук)

ПРО 3

ПРО 4

ПРО 5

ПРО 9

1. Интернетте программалоонун негиздери;

2. Сайттын дизайнын түзүүнүн негиздери жана ыкмалары;

3. Ар кандай программалык камсыздоону колдонуу менен веб-сайтты программалоонун негиздери;

4. Web баракчаларында графиканы колдонуу теориясы;

5. Сүрөттөрдү иштетүү жана редакциялоо ыкмалары;

6. Интернетте жылдыруу үчүн сайтты оптималдаштыруу ыкмалары;

7. Дизайн маселесин чечүүгө концептуалдык, чыгармачылык мамиленин негизинде долбоордук идеяны иштеп чыгуу;

8. Веб-сайттарды жана интернет-программалоону иштеп чыгуу жана аларды практикада колдонуу;Графические программы для создания чертежей информационной архитектуры web-сайта;

9. Маалыматтар базасын түзүү үчүн программалык каражаттар;

10. Виртуалдык серверди түзүү үчүн программалык куралдар;

11. Чыныгы веб-серверди конфигурациялоонун негизги принциптери;

12. Веб баракчаларды жайгаштыруу жана тейлөө үчүн колдонулуучу программалык куралдар;

13. Веб серверди конфигурациялоо;

14. Тармактык тиркемелерди иштеп чыгуу жана тейлөө;

15. Маалыматтар базасынын алыскы структурасын иштеп чыгуу, заманбап программалоо чөйрөлөрүнүн бирин колдонуу менен маалыматтар базасынын тиркемесин түзүү;

16. Маалыматтар базасын сарамжалдуу пайдалануу;

  1. 8саат

  2. 10

  3. 10

  4. 10

  5. 8

  6. 8

  7. 8

  8. 10

  9. 10

  10. 8

  11. 8

  12. 10

  13. 8

  14. 8

  15. 10

  16. 8

  17. 8


  • УПК

  • Окуу жана лабораториялык кабинеттер

  • Уюмдун өндүрүш участоктору (кеңселер, кассалар, оператордук бөлмөлөр, цехтер)

V

Дипломго чейинки практика

УМ1. Тапшырманы формалдаштыруу

УM2.Белгиленген тапшырманы алгоритмдөө

УM5 Backend иштеп чыгуу,

УM6. Версияны башкаруу системасы менен иштөө,

УM7. Белгиленген талаптарга ылайык программалык кодду каттоо,

УM8. Программанын кодун текшерүү жана оңдоо

УM9 Эмгекти коргоо жана коопсуздук)

ПРО1

ПРО2

ПРО3

ПРО4

ПРО5

ПРО6

ПРО7

ПРО8

ПРО9

1. Программалык кодду оңдоонун ыкмалары;

2. Ката жөнүндө билдирүүлөрдүн жана эскертүүлөрдүн түрлөрү жана форматтары;

3. Технологиялык журналдарды колдонуу ыкмалары, журналга жазуулардын форматтары жана түрлөрү;

4. Заманбап компиляторлор, мүчүлүштүктөрдү оңдоочулар жана программалык кодду оптимизаторлор;

5. Аппараттык камсыздоонун абалы жөнүндө билдирүүлөр;

6. Программанын кодундагы каталарды аныктоо;

7. Программалык кодду оңдоо ыкмаларын жана ыкмаларын колдонуу;

8. Өзгөрмөлөрдүн учурдагы маанилерин аныктоо;

9. Ката билдирүүлөрдү, эскертүүлөрдү, технологиялык журналга жазууларды интерпретациялоо;

10. Программист-техниктин кызматтык милдеттерине ылайык иш-чараларды уюштуруу;

11. Кесиптик иш чөйрөсүндө коопсуз эмгек шарттарын камсыз кылуунун өзгөчөлүктөрү.

  1. 16

  2. 18

  3. 16

  4. 18

  5. 16

  6. 16

  7. 16

  8. 16

  9. 16

  10. 16

  11. 16


  • УПК

  • Окуу жана лабораториялык кабинеттер

  • Уюмдун өндүрүш участоктору (кеңселер, кассалар, оператордук бөлмөлөр, цехтер)

VI

5-тиркеме. Практикаларды өздөштүрүү процессинде окутуу натыйжалары жана баалоо

Практиканын түрү

ПРО

Баалоо ыкмасы

Баалоонун сүрөттөлүшү

Баа

(Балл)

Окуу практикасы

УМ1. Тапшырманы формалдаштыруу

УM2.Тапшырманы алгоритмдөө УM3.Объектке багытталган программалоо тилдерин колдонуу менен программа кодун жазуу, маалыматтарды аныктоо жана башкаруу

ПРО1

ПРО2

ПРО 3

  • Билим берүү практикасы жөнүндө отчет

  • Күндөлүк

  • Мүнөздөмөлөрдү көрсөтүү жана башка көрсөткүчтөр

  • Практика өткөн ишкананын маалымат системасын изилдөө.

  • Туура отчет жазуу

Экзамен,

Күндөлүк, Отчет

Отчет-25

Күндөлүк - 20

Өзгөчөлүктөрү - 15

Чеберчиликтерин көрсөтүү -40

61-73 - “3”

74-86 – “4”

87-100- “5”

Өндүрүштүк (адистик профили боюнча) практика

(УM3 Объектке багытталган программалоо тилдерин колдонуу менен программа кодун жазуу, маалыматтарды аныктоо жана манипуляциялоо, УM4 Frontend иштеп чыгуу,

УM5 Backend иштеп чыгуу, УM9 Эмгекти коргоо жана коопсуздук)

ПРО 3

ПРО 4

ПРО 5

ПРО 9

•Практикалык көндүмдөрдү көрсөтүү;

• Өндүрүштүк практиканын отчету

• күндөлүк

• Презентация жана башка көрсөткүчтөр

• Компьютерлердин жана локалдык тармактардын көйгөйлөрүн чечүү көндүмдөрүн өздөштүрүү

• Уюмдун маалымат

базасын түзүү

• Туура отчет жазуу

Отчет-25

Күндөлүк -20

Өзгөчөлүктөрү -15

Чеберчиликтерин көрсөтүү -40


61-73 - “3”

74-86 – “4”

87-100- “5”

Дипломго чейинки практика

(УМ1. Тапшырманы формалдаштыруу

УM2.Белгиленген тапшырманы алгоритмдөө

УM5 Backend иштеп чыгуу,

UM6. Версияны башкаруу системасы менен иштөө,

УM7. Белгиленген талаптарга ылайык программалык кодду каттоо,

УM8. Программанын кодун текшерүү жана оңдоо

УM9 Эмгекти коргоо жана коопсуздук)

ПРО1

ПРО2

ПРО3

ПРО4

ПРО5

ПРО6

ПРО7

ПРО8

ПРО9

•Практикалык көндүмдөрдү көрсөтүү;

• Дипломго чейинки практика боюнча отчет

• Күндөлүк

• Дипломго чейинки практиканын темалары боюнча иштөө

• Презентация жана башка көрсөткүчтөр

• ООПта программаларды жана тиркемелерди иштеп чыгуу

• Вебсайтты түзүү жана андан кийинки тейлөө

• Туура отчет жазуу

Отчет-25

Күндөлүк -20

Өзгөчөлүктөрү -15

Чеберчиликтерин көрсөтүү -40


61-73 - “3”

74-86 - “4”

87-100 - “5”




6-тиркеме. Диплом алдындагы практиканы өздөштүрүү процессинде калыптандырылуучу окутуу натыйжалары

Диплом алдындагы практиканынын натыйжасында студент билим берүү программасын өздөштүрүүнүн күтүүлүчү натыйжасына ылайык келген төмөнкү окутуу натыйжаларына жетишет


Кесиптик окутуунун натыйжасынын коду

Кесиптик окутуунун натыйжасынын кодунун формулировкасы


1

КОН 1

Тапшырманы формалдаштыра билүү;


2

КОН 2

Берилген тапшырма үчүн алгоритм түзө алат;


3

КОН 3

Объектке багытталган программалоо тилдерин колдонуу менен программалык код жаза алат;


4

КОН 4

Фронтенд иштеп чыгууга жөндөмдүү;


5

КОН 5

Backend иштеп чыгууга жөндөмдүү;


6

КОН 6

Версияларды башкаруу системасы менен иштей алат


7

КОН 7

Белгиленген талаптарга ылайык программалык кодду форматтай алат;


8

КОН 8

Программанын кодун текшерип, оңдоого жөндөмдүү;


9

КОН 9

Эмгекти коргоо жана коопсуздук эрежелерин сактай алат.





7-тиркеме. Дисциплинанын технологиялык картасы

Иштин түрү

Сааты

Баллы

min/max

1

Операциялык системалар жана чөйрөлөр

45

1/5

2

Дискреттик математика

45

1/4

3

ЭЭМдин жана эсептегич системалардын архитектурасы

60

1/5

4

Маалыматташтыруунун техникалык каражаттары

60

1/5

5

Сандык усулдар

60

1/5

6

Компьютердик тармактар

60

1/5

7

Компьютердик тармактарды программалык камсыздоо

60

1/5

8

Тармактын экономикасы

30

1/3

9

Коюлган маселени формалдаштыруу

 


10

Алгоритмдештирүүнүн жана программалоонун негиздери

60

1/5

ОМ1

Коюлган маселени алгоритмдештирүү



11

Программалык продуктыларды иштеп чыгуунун технологиясы (Pyton)

75

1/5

ОМ2

Объектиге багытталган программалоо тилдерин пайдаланып программалык код жазуу, аныктамалар жана берилгендерди башкаруу (манипуляция)

 


12

Объектиге багытталган программалоо

60

1/5

13

Адистикке киришүү

15

1/3

ОМ3

Фронтенд иштеп чыгуу

 


14

Web-программалоо

45

1/4

ОМ4

Бэкенд иштеп чыгуу

 


15

Берилгендердин базалары

60

1/5

ОМ5

Версияларды көзөмөлдөө системасы менен иштөө

 


16

Delphi чөйрөсүндө программалоо/Программирование в среде Delphi

75

1/5

ОМ6

Талаптарга ылайык программалык коддорду жасалгалоо

 


17

Автоматташтырылган маалымат системаларын түзүүнүн негиздери

60

1/5

ОМ8

Программалык кодду текшерүү жана мүчүлүштүктөрүн оңдоо

 


18

C++ тилинде программалоо

75

1/5

ОМ9

Техникалык коопсуздук жана эмгекти коргоо

 


19

Жашоо ишмердигинин коопсуздугу

30

1/3


Өзгөрмө бөлүгү

 

1/5

20

Математикалык усулдар

60

1/5

21

Кесиптик ишмердиктеги маалымат технологияларынын негиздери

60

1/5

22

Кесиптик ишмердикти укуктук камсыздоо

30

1/3


Жалпы


100




8-тиркеме. Календардык-тематикалык иш пландын графиги

Практиканын календардык-тематикалык иш планынын графиги боюнча жалпы тапшырмалардын үлгүсү

Иштин түрү

Күнү

Сааты

Макс. балл

1

Мекеменин (ишкананын) иш графиги жана техникалык коопсуздук эрежелери менен таанышуу

1-күн

3

3

2

Мекеменин (ишкананын) структурасы, ишмердүүлүк чөйрөсү жана нормативдик-укуктук документтери менен таанышуу

2-күн

4

5

3

Мекемедеги (ишканадагы) кызматтык орундардын функционалдык милдеттери менен таанышуу, иш кагаздары менен иштөөнү үйрөнүү

3-күн

6

5












Жекече тапшырма (практика обьектисинин өзгөчөлүгүнө жараша берилет)





Жыйынтыгы



60




9-тиркеме. Жекече тапшырмалар

Практикада аткарылуучу жекече тапшырмалардын үлгүсү


Иштин аталыштары

Сааты

Максималдык балл

1

Мекеме (ишкана) менен таанышуу жана иштөөнү үйрөнүү


3

2

Мекемедеги (ишканадагы) колдонулуучу техкаражаттардын иштөө принциптерин анализдөө.


3

3

Теориялык билимдерди мекемеде (ишканада) колдонуу.


4

4

Отчетко (квалификациялык ишке) зарыл болгон тиешелүү материалдарды жыйноо.


5


Жыйынтыгы


15

10-тиркеме. Отчеттун титулдук баракчасы



Окуу жайы _______________________________

Бөлүм ____________________________________

Кафедра __________________________________

Адистик __________________________________




(Окуу, Адистик профили боюнча, Диплом алдындагы)

практикасынын


ОТЧЕТУ

 

 

Студент______________________________________________________

курсу_________группасы_______________________________________

Практика өтүлгөн ишкана_______________________________________

_____________________________________________________________




Отчет тапшырылган күн:__________________________________


Баасы ____________________


Практика боюнча жетекчи _____________________________________

(кол тамгасы, Ф.А.А.)





202__ – жыл






11-тиркеме. Отчеттун түрлөрү (үлгү)


Практиканын жыйынтыгы боюнча студент басылма тексти 1 беттен кем эмес жазуу жүзүндөгү отчет (кыргыз, орус же англис тилинде) берилет. Отчет практика учурунда аткарган иши боюнча белгилүү бир маалыматтарды камтыйт, ал эми отчет практика программасындагы милдеттеринин натыйжаларын чагылдырууга тийиш.

Отчет (портфолио) төмөндөгү документтерди камтыйт:

  • Отчет

  • Күндөлүк

  • Мүнөздөмө

  • Аткарган иштери боюнча маалымат

  • Ишканага тиешелүү компьютерлер принтерлерге техникалык мүнөздөмө

  • Фотоотчет

  • Жекече тапшырмалар

  • Презентация

  • Тиркемелер.


12-тиркеме. Баалоо критерийлери

Практика боюнча студенттердин аткарган иштеринин жыйынтыгын

баалоо критерийлери (үлгү)

Иштин аталыштары

Макс.бал

1

Календардык-тематикалык иш пландын графиги боюнча жалпы тапшырмалар (1-, 2-модулдар)

60

2

Жекече тапшырмалар

15

3

Отчет (мазмуну, жасалгаланышы, презентациясы)

15

4

Ишкана тарабынан берилген мүнөздөмө

10


Жыйынтыгы

100




13-тиркеме. Практикага жолдомо

№_____ «_____» ____________ 202__ -ж.


________________________________________

(ишкананын аталышы)

________________________________________

(жетекчинин аты-жөнү)





Ж О Л Д О М О


ОшТУнун Өзгөн технология жана билим берүү институтунун _____________________________ бөлүмүнүн ______________ тайпасынын студенти ________________________________ _________________________________________ 20 ___ - жылдын ___________________ баштап ___________________________ чейин ________________________ практикасын өтүү үчүн кабыл алууңузду суранабыз.



Бөлүмдүн башчысы: ________________________



Практика жетекчиси: ________________________

МО


14-тиркеме. Күндөлүктүн титулдук баракчасы

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги

Өзгөн технология жана билим берүү институту


_________________________________________________________________________

бөлүм

_________________________________________________________________________

кафедра

_________________________________________________________________________________________________

адистик






(окуу-таанышуу, адистик профили боюнча, диплом алдындагы)

практиканын


КҮНДӨЛҮГҮ

 

 

Студент__________________________________________________

курсу_________группасы___________________________________

Практика өтүлгөн ишкана___________________________________

__________________________________________________________

 



Практика жетекчиси _____________________________________

(кол тамгасы, Ф.А.А.)










202__ – жыл



15-тиркеме. Мүнөздөмөнүн үлгүсү

(Ишкананын фирмалык бланкасы)


ОшТУнун Өзгөн институтунун 3-курсунун студенти М.Кадыровго







Мүнөздөмө

“Электр менен жабдуу” адистигинин 3-курсунун студенти Кадыров Маматкерим 20__-жылдын 18-сентябрынан 16-октябрына чейин “Save the children” ишканасында диплом алдындагы практикасын ийгиликтүү өткөрдү.

И.Кадырбаев практикада калыптануучу компетенциялардын негизинде өзүнүн ишке болгон жөндөмдүүлүгүн жана эмгекчилдигин, тапшырылган иштерди так жана сапаттуу аткарып, ишке жоопкерчилик менен мамиле кылгандыгын жана кесиптик компетенцияга калыптандырууда активдүүлүгүн көрсөтө алды. Ишке кечикпестен келип, эмгек тартибин толук сактады.

Практиканын календардык-графиктик планында көрсөтүлгөн тапшырмаларды аткарууда окуу жайда алган теориялык билимдерин колдонууга жетишти.

Электрик катары ишканада өз милдеттерин так аткарууга жетишти, сайтты жаңылоо жана материалдарды жайгаштырууга, маалыматтар базасын жаңылоого жана ар түрдүү административдик иштерге жардам берди.

Практиканы өтөө убагында тандап алган кесиби боюнча терең билим алып жаткандыгын көрсөтө алды. Жекече берилген тапшырмалардын баарын аткарды. Ошондуктан, М.Кадыров практиканы ийгиликтүү өткөрдү деп эсептеймин.


“Save the children” ишканасынын жетекчиси __________________ К.Исканов

(кол тамга, ишкананын печаты)

16.10.202__


Негизги адабияттар

1. Информационные технологии в профессиональной деятельности [Текст]: учеб.пособие для студентов сред. проф. образования / Е. В. Михеева. - 13-е изд., стер. - Москва: Академия, 2014. - 378, [1] с: ил. - (Профессиональное образование. Общепрофессиональные дисциплины). - Библиогр.: с. 371-372. - студенты СПО. – ISBN 978-5-4468-0780-2: 662-11.

2. Информационные технологии в профессиональной деятельности [Текст]: учеб.пособие для студентов сред. проф. образования / Е. Л. Федотова. - Москва: ИД "ФОРУМ": ИНФРА-М, 2012. - 366 с.: ил. - (Профессиональное образование). - Библиогр.: с. 359-361. - ISBN 978-5-8199-0349-0. - ISBN 978-5-16-003262-7: 315-59.

3. Информационные системы [Текст]: учеб. для студентов сред. проф. образования / Г. Н.Федорова. - 4-е изд., стер. - Москва: Академия, 2013. - 201, [2] с.: ил. - (Среднее профессиональное образование. Информатика и вычислительная техника). - Библиогр.: с.199. - студенты СПО. - ISBN 978-5-4468-0300-2: 501-18.

4. Автоматизированные информационные системы [Текст]: учеб. для СПО / К. Н.Мезенцев. - 5-е изд., стер. - Москва: Академия, 2014. - 168 [2] с.: ил. - (Профессиональное образование. Автоматизация и управление). - Библиогр.: с. 168-169. -студенты СПО. - ISBN 978-5-4468-0710-9: 491-99.

5. Разработка и эксплуатация автоматизированных информационных систем [Текст]: учеб. для СПО /Д.Э.Фуфев, Э.В.Фуфаев. - Москва: Академия, 2014. - 300, [1] с.: ил. - (Профессиональное образование. Информатика). - Библиогр.: c. 297. - студенты СПО. - ISBN 978-5-4468-1097-0: 660-96.

6. Компьютерные сети [Текст]: учеб. пособие для студентов СПО /Е.О.Новожилов, О.П.Новожилов. - 4-е изд., стер. - Москва: Академия, 2014. - 223, [1] c.: ил. - (Профессиональное образование. Информатика и вычислительная техника). - Библиогр.: с. 222. - студенты СПО. - ISBN 978-5-4468-1405-3: 708-09.

7. Основы алгоритмизации и программирования [Текст]: учеб. для студентов СПО / И. Г. Семакин, А. П. Шестаков. - Москва: Академия, 2013. - 300, [1] с.: ил. - (Среднее

профессиональное образование). - Библиогр.: с. 298-299. - студенты СПО. - ISBN 978-5-7695-9537-0: 558-80…

Кошумча адабияттар

1. Основы информатики и вычислительной техники [Текст]: учеб. пособие для студентов СПО / М. В. Борисова. - Ростов-на-Дону: Феникс, 2006. - 541 с.: ил. - (Среднее

профессиональное образование). - ISBN 5-222-07744-6: 190-00.

2. Базы данных [Текст]: [в 2 кн.]: учебник для студентов вузов. Кн. 2: Распределение и удаление базы данных / В. П. Агальцов. - Москва: ФОРУМ: ИНФРА-М, 2011. - 270 с. ил. - (Высшее образование). - Указ. терминов: с. 261-264. - Библиогр.: с. 260-261. – ISBN 978-5-8199-0394-0. - ISBN 978-5-16-003526-0: 274-55.

3. Базы данных [Текст]: [в 2 кн.]: учебник для студентов вузов. Кн. 1: Локальные базы данных / В. П. Агальцов. - 2-е изд., перераб. - Москва: ФОРУМ: ИНФРА-М, 2012. – 349 с.: ил. - (Высшее образование). - Предм. указ.: с. 340-343. - Библиогр.: с. 337. - ISBN 978-5-8199-0377-3. - ISBN 978-5-16-003447-8: 325-85.

ПЕРЕЧЕНЬ РЕСУРСОВ ИНФОРМАЦИОННО-ТЕЛЕКОММУНИКАЦИОННОЙ СЕТИ «ИНТЕРНЕТ»

ЭБС «Университетская библиотека on-line» http://biblioclub.ru

ЭБС «ЮРАЙТ» https://www.biblio-online.ru

УБД ООО «ИВИС» https://dlib.eastview.com

Национальная электронная библиотека (НЭБ) https://НЭБ РФ

ПЕРЕЧЕНЬ ПРОГРАММНОГО ОБЕСПЕЧЕНИЯ, ПРОФЕССИОНАЛЬНЫХ БАЗ ДАННЫХ И ИНФОРМАЦИОННЫХ СПРАВОЧНЫХ СИСТЕМ

Windows 10


Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!