СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Полисахариддер. Крахмал жана целлюлоза.

Категория: Химия

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Полисахариддер. Крахмал жана целлюлоза.»

Пердмет: химия 10-класс Мөөнөтү: мугалим: Молдобаева М.Т.

Текшерилди: ОББ: Мээримбекова Н. М.

Сабактын темасы: Полисахариддер. Крахмал жана целлюлоза.

Сабактын максаттары: Окуучулар...

Күтүлүүчү натыйжалар:

  1. Крахмал жана целлюлозанын түзүлүшү, табигатта кездешүүсү, алынышы, физикалык-химиялык касиеттери жана колдонулушу боюнча маалымат алуу. Углеводдор боюнча билимдерди бышыктоо, полисахариддерди касиеттерин крахмал менен целлюлозанын мисалында таанып-билүү жана реакциянын теңдемесин түзө билишет. Крахмалга сапаттык реакция жүргүзө билишет,


Сабак максатына жетет, эгерде окуучулар заттардын формулаларын жаза алышса. Касиеттерин мүнөздөгөн реакциялардын теңдемесин түзүп, теңдей алышса, биргелешип тажрыйба жүргүзө алышса жана тажрыйба боюнча баяндап, айтып, бере алса. Бири-бири менен иштөө аркылуу бири-бирин уга билсе. Алган билим билгичтик көндүмдөрүн турмушта колдоно алса.

  1. Крахмал менен целлюлозаны салыштыруу аркылуу, окшоштуктарын, айырмачылыкарын таанып билүү, анализдөө, негизгини бөлүп кароо, туура тыянак чыгара билүү көндүмдөрү өнүгөт.


  1. Биргелешип иштөө аркылуу, бири-бирин уга билүүгө, оюн сыйлай билүүгө, кубулуштарды байкоо аркылуу табиятты сүйүүгө, ага аяр мамиле кылууга, тажрыйба жасоо аркылуу так, тыкан болгонго тарбияланат.



Негизги жана предметтик компетенттүүлүктөр:

1. Крахмал жана целлюлозанын түзүлүшү, касиеттери, табияттагы жана адам жашоосундагы мааниси боюнча маалымат алат. Маалымат таба билүү, изденүү көңдүмү калыптанат. Полисахариддердин жаратылыштагы маанисин окуп үйрөнүү аркылуу углеводдор боюнча маалыматын тереңдетет.

2. Табиый-илимий билимдерге кызыгуусу артат. Салыштыруу, класстарга бөлүү, окуган материалдан аргументтүү жыйынтык чыгара билүү, илимий суроолорду кое билүү, илимий изилдөөнүн негизги себептерин ача билүү көндүмү өсөт. Лабораториялык иштерди аткаруудагы практикалык жөндөмү өнүгөт.

3.Алган билим, билгичтик, көңдүмдөрүн тесттерде, практикалык иштерде, текшерүү иштерде жана күнүмдүк турмушта, керектүү учурда колдонот. Целлюлоза менен крахмалды туура колдонуунун жолдорун сунуштай алат.

Сабактын тиби: Билимдерди өркүндөтүү, жалпылоо

Сабактын формасы: Топто иштөө

Колдонулуучу методдор: изденүү, изилдөө, иллюстрациялап түшүндүрүү, байкоо

Колдонулуучу баалоо методдору: Баяндап баалоо, калыптандыруучу, бири-бирин баалоо

Сабактын жабдылышы: Реактивдер: азот кислотасы, күкүрт кислотасы, кебез, крахмал, йод, суу, ширеңке. Тамак-аш продуктулары: жүгөрү, макарон, картошка, күрүч, майонез, йогурт. Курал-жабдыктар: пробиркалар, колбалар, пробирка кармагыч, спирт шамы, кургактагыч кагаз, фарфор идиштер.

Предмет аралык байланыш: Биология, математика.

Сабактын жүрүшү

  1. Уюштуруу, жагымдуу маанай (3 мүнөт)

  2. Өтүлгөн теманы кайталоо (10 мүнөт)

  3. Жаңы тема (10 мүнөт)

  4. Топ менен жалпы иштөө (10 мүнөт)

  5. Бышыктоо (6 мүнөт)

  6. Жыйынтыктоо (2 мүнөт)

  7. Баалоо (2 мүнөт)

  8. Үйгө тапшырма берүү (2 мүнөт)


Мугалимдин иш аракети

Окуучунун иш аракети

Сабактын темасы, максаты айтылат жана түшүндүрүлөт

Окуучулар сабактын темасын жана максатын угат жана түшүнүшөт

Өтүлгөн маалыматтарды кайталоо

Окуучулар өтүлгөн темалар боюнча топто иштеп, берилген сүрөттөрдүн жана таблицанын үстүнөн иштешет.

Окуучулар берилген суроолорго жооп берүү менен өздөрү билгендерин ортого салышат.



Сабак жагымдуу маанай менен башталат. Кучагыбызды жайып, бул кучакты маалымат деп түшүнөбүз. Эми ушул маалыматтарды сорттойбуз, бизге кереги жогун ойлобойбуз, мээбизди маалыматтардан бошотобуз дагы бүгүнкү алчу маалыматка бардык көңүлүбүздү бурабыз, чогултуп-чогултуп келип туруп бизге керектүү гана маалыматты алабыз. Мен да силерге керектүү гана маалыматты бергенге аракет кылам.

Сабакка даярданып алдык окшойт. Анда ар бир сабакта биз алтын эрежелерди сакташыбыз керек ээ. Кандай эрежелер эле алар? Келгиле бул жерге эрежелерди жазып алалы.

Алтын эрежелер

  • Бирин-бирин уга билүү

  • Бири-биринин оюн сыйлоо

  • Биргелешип иштөө

  • Активдүү болуу

  • Тынч отуруу

  • Кол көтөрүп сүйлөө

  • Кызыгып катышуу

  • Убакытты туура пайдалануу

  • Өз оюбузду так, ачык айтуу

  • Көңүл коюп отуруу

Балдар биздин бүгүнкү сабагыбыздын темасы “Полисахариддер. Крахмал жана целлюлоза – табигый полимерлер”.

Силер кандай деп ойлойсуңар, бүгүнкү сабакта крахмал жана целлюлоза боюнча кандай маалыматтарды аласыңар?

Балдар сабакка максат коюшат.

Крахмалдын түзүлүшү, касиеттери, жашообуздагы мааниси тууралуу маалымат алабыз. Эмне крахмал менен целююлозанын бир тема кылып өтуп жатабыз? Ж.б суроолорго жооп алабыз деп ойлойбуз. Сабак кызыктуу болот деп ишенебиз.

Мугалим максаттары, КН менен тааныштырат.

Балдар биз бүгүн силер менен эки топ болуп иштейбиз. Бирок бул сабакта уткан жана утулган топ болбойт, себеби биз бир аз кыялданабыз. Бир топ целлюлоза өндүргөн завод ачканга капитал топтойбуз, экинчи топ болсо кант диабетине каршы дары чыгарган фармацевтикалык завод ачканга капитал топтойбуз. Топтун катышуучулары өзүбүздү акционерлер деп элестетебиз. Ар бир тапшырманы баалуу кагаз - акция менен баалайм. Ар бир топ көп акция топтогонго аракет кылалы.

Өтүлгөн теманы кайталоо. Моносахариддер, дисахариддер, углеводдор, глюкоза, сахароза, фруктоза. Балдар улевоодор тууралуу биз силер менен таанышпыз. Булар табиятта кайда кездешишет? Фотосинтез деген эмне? Ким бизге фотосинтездин теңдемесин жазып берет? Булардын организмдеги ролу кандай эле? Суроолорго жооп берген окуучуларга, теңдеме жазган окуучуга баалуу кагаз.

Анда бүгүн биз силер менен углеводдор менен таанышууну улантабыз. Эне үчүн крахмал менен целлюлозаны полисахариддер деп коет экенбиз? Суроолорго жооп беришет, баалайбыз. Себеби булар полимерлер, көптөгөн мономерлерден турган, чоң макромолекула. Туура айтасыңар. Углеводдордон полисахариддердин ичинен эң кеңири таралганы, маанилүүсү крахмал жана целлюлоза. Гликоген дагы кирет бирок ал адамда жана жаныбарларда болот. Гликоген тууралуу башка сабакта өтөбүз. Эмне үчүн крахмал менен целлюлозаны бир темада өтөбүз, алгач ушул суроолорго жооп берүүдөн бүгүнкү сабагыбызды баштасак. Силер азыр дептериңердин бетин үчкө бөлуп сызып алгыла да биринчи графага крахмал экинчисине окшоштуктар, үчүнчүсүнө целлюлоза деп жазып койгула. нСабактын жүрүшүндө бул графаларды толтуруп отургула, экөөнү салыштырып окуганыңарга жеңил болот.

К рахмал менен целлюлозанын молекулык курамы жана формуласы, экөө тең полимер. Бул окшош жагы. Бирок түзүлүшү бул экөөнүкү ар башка. Крахмал эки полисахаридден: амилопектинден-бутактанган альфа глюкозанын 1,4 жана 1, 6 гликозиддик байланышынанан түзүлөт жана амилозадан сызыктуу түзүлүштөгү альфа глюкозанын 1,4-гликозиддик байланышы менен байланышкан глюкозанын калдыгынан турат. Целлюлоза болсо сызыктуу түзүлүштө жана бета глюкозанын 1,6-гликозиддик байланышы менен байланышкан глюкозанын калдыктарынан турат, ал эми бул калдык спиралга ороло албайт.

















Демек түзүлүшү ар башка болгону менен экөө тең кайра эле альфа глюкозадан турат экен, бул кайра экөөнү бириктирип жатат же негизи, түбү бир экен. (балдар дептерине окшоштуктарын, айырмасын жазышат)

Балдар биз жана айтпадыкпы бул заттар же полимерлер өсүмдүктөрдө фотосинтездин натыйжасында пайда болот деп, келгиле азыр кайсы өсүмдүктөрдө болоорун карайлы, силер кандай ойлойсуңар кайсы өсүмдүктөрдүн курамында болот? Балдар жооп бергенге аракет кылышат. Демек фотосинтездин натыйжасында пайда болсо фотосинтезге аныктама бергилечи, ал кандай процесс эле жана ким доскага чыгып фотосинтездин теңдемесин жазып түшүндүрүп бере алат.









Азаматсыңар, силер баалуу кагазыңарды алсаңар болот.

Крахмал жана целлюлоза кайсы өсүмдүктөрдө көп болот деп ойлойсуңар? Бааланат.

Маалыматты толуктап, тактап берет. (слайд)

Крахмал табигатта силер айтандай эле өсүмдүктөрдүн түймөктөрүңдө, тамырларында, уруктарында, жалбырактарында, сабагында, мөмөлөрүндө дан турундө болот. Күрүчтө 80%, жүгөрүдө 75%, картошканын түймөгүндө 25%, буудайда 70% крахмалдын даны болот.

Целлюлоза-өсүмдүк клеткасынын негизги түзүучү компоненти. Ал сөңгөктө, кендирде, кээ бир өсүмдөктөрдүн уругуну сырткы кабыгында (мисалы, күн караманын) болот.

Эми балдар азыр бул эки заттын физикалык касиеттери менен таанышалы. Силердин алдыңарда экөөнүн үлгүлөрү берилген, ошол боюнча мүнөздөмо бергиле.

Крахмал-түсү ак, аморфтук, даамы жок, жыты жок, муздак сууда эрибейт, ысык сууда көөп, клейстер деп аталган массаны пайда кылат.

Целлюлоза- түсү ак, даамы жок, жыты жок, катуу зат, сууда эрибейт.

Азаматсыңар балдар. Анда химиялык касиетине көңүлүбүздү буралы.

Экөөнүн молекулалык курамы бир болгондуктан, касиеттеринде да окшоштуктар болушу шарт. Бирок биз азыр бул эки заттын химиялык касиетиндеги айырмачылыгын карайбыз.

Эми балдар крахмалдын өзүнө йод тамызып эксперимент жасап көрөлү. (мугалим эксперимент жасап, демонстрациялайт). Өңү көгөрөт. Аны ысытуу керек. Ысытканда мурункудан да кочкул түстө болуп калат. Кайнатканда көк өң жоголуп, ак эритме пайда болот. Бул, йоддун эритмеси менен крахмал аракеттенишкенде эритменин өңүнүн көк болушу бул крахмалга сапаттык реакция болуп саналат. Тескерисинче крахмал менен йоддун аз өлчөмүн да аныктаса болот. Бул эксиперимент, крахмалдын курамындагы амилозага байланыштуу. Амилозанын спиралынын ичине йоддун молекулалары кирет да, кошулуу реакциясы жүрөт. Бул комплекстин өңү ачык сыя-көк түстө болот. Ысытканда ал комплекс бузулат да эритме түссүз болуп калат, муздатканда кайра татаал комплекстик бирикме пайда болот. Крахмалдын макромолекуласында альдегиддик топ жок болот, ошондуктан крахмал менен “күмүш күзгү реакциясы” жүрбөйт жана жездин (II) гидроксиди менен реакцияга киргенда кызыл чөкмөнү пайда кылбайт.







Балдарга курамында крахмалы бар тамак-аштар берилет, кандай тажрыйба кылууну өзүлөрү чечишет. Кылган тажрыйбасын презентациялап түшүндүрүп беришет.

Эми целлюлозанын касиеттерине байкоо жүргүзөлү. Целлюлозада үч гироксилдик топ болгондугуна байланыштуу, ал кислоталар менен этерификация реакциясына жөндөмдүү келет жана татаал эфирди пайда кылат. Уксус кислотасы менен аракеттенишкенде үч гидроксо топ алмашуу реакциясына дуушар болуп, үч ацетат целлюлоза пайда болот. Бул үч ацетат целлюлозадан жасалма жибек алынат. Үч ацетат целлюлоза органикалык эриткичтерде эригич келет да илээшкек затты пайда кылат. Бул болсо атайын түзүлүштүн, ичке түтүктөрүн, өткөрүлөт да, үч ацетат целлюлозанын макромолекуласы чоюлууга дуушар болуп, жип алынат, андан ары жасалма жибек даярдалат. Же ацетат жибеги. (слайд)









Ц еллюлоза азот кислотасы менен да реакцияга кирет да үчнитроцеллюлоза алынат. Бул зат пироксилин деген аты менен белгилүү (без дымный порох). Мугалим эксперимент көрсөтөт. Азот кислотасы менен күкүрт кислотасынан бир аз өлчөмдө аралаштырып, ага кебезди салат. Бир нече мүнөттөң кийин, аны суу менен эки жолу чайкайт. Андан кийин алынган үчнитроцеллюлозаны, кургаткыч кагаз менен кургатат. Кургаган үчнитроцеллюлозанын күйүшүн, кадимки кебездин күйүшү менен салыштырат. Балдар көргөндөрүн, байкагандарын баяндап беришет. Дептерлерине жазышат.









Ц еллюлоза менен крахмалдын касиетиндеги окшоштуктар -булар, алардын күйүүсү жана гидролизи.













Ошентип балдар биз силер менен крахмал жана целлюлозанын химиялык касиеттери менен таанышып бүттүк, эми булар биздин жашообузда керек бекен же кереги жокпу жооп берип когүлөчү же колдонулушу боюнча өзүңөр ойлонуп, кластер түзүп көргүлөчү. Балдар кластер түзүп, жооп беришет, мугалим кийинки слайд менен балдардын оюн тактап, толуктап берет.

Балдар, келгиле эми силер менен бүгүнкү сабакта өтүлгөндөргө бир кайрылып, эсибизде калган маалыматтарды тактап алуу үчүн, кийинки тест менен иштеп көрөлүчү.

Тест иштешет. Туура жообун берет, окуучулар өзүлөрү тесттерин текшеришет. Баллын айтып, өзүн-өзү баалашат. Мугалим да баалайт.

Формулалар менен иштөө. Балдарга карточка таратылып берилет. Ал карточкадагы суроолорго жооп берип, заттардын формулаларын табышат.

Балдар бүгүнкү сабакта уткан же утулган команда болбойт, анткени ар бир топ өзүнүн химиялык өндүрүшүнө капитал топтоду жана эки өндүрүщ эки багытта болду. Булар бири-бирине конкурент болбойт, ошондуктан утулган, уткан команда жок. Бирок ар кимибиз акыркы тестте өзүбүзгө акция алдык. Бул боюнча оюңар кандай?

Жакшы иштегендер, активдүү болгондор жогорку суммадагы акциялардан алышты.

Көрдүңөрбү балдар ар кимибиз жакшы иштесек, эмгектенсек, аракет кылсак компаниянын көпчүлүк акциясы ошол кишиге ыйгарылат экен. Эми акциянын артындагы сөздөрдү окугулачы.

Бул деген канчалык ийгиликтин жогорку тепкичине чыккан сайын, жөнөкөй, адамгерчиликтүү, кайрымдуу, боорукер, мээримдүү бол дегендик. Ал эми ийгиликке жетиш үчүн, эмгекчил, элпек, изденген, аракетчил, убакытты туура пайдалан билген адам болгула деген менин силерге каалоом. Бүгүнкү сабак силерге жакты деп ойлойм. Ошондуктан ар бириңдин оюңду билиш үчүн бул жерге жыйынтык таблицасын илип койгом, өз ойлоруңарды ушул таблицага келип, добуш берип билгизсеңер болот. Мен ишенем, силер бүгүнкү алган маалыматтарыңарды турмушуңарда, тест, текшерүү иштерде колдоно аласыңар деп. Үйдөн целлюлоза командасы, целлюлоза өндүрүшү боюнча, крахмал командасы крахмал өндүрүшү боюнча эссе жазып, слайд жасап келгиле. Бул жактан класстан чогуу көрүп, баалайбыз жана талкуулайбыз.








Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!