Жаңы теманы Түшүндүрүү (14-мүнөт) | Тексттик документ жана анын структурасы Оозеки айтылгандарды тамга-белгилер аркылуу туюндуруп, жазуунун пайда болушу адам баласынын өнүгүүсүнө эңчоңтүрткү бергендиги тарыхтан баарыңарга белгилүү. Таш бетинде, папирустарда, кагазда калтырылган жазуулар – бизге чейин кылымдар бою калтырылган жөн эле кабарлар эмес. Бул документтер аркылуу биз тигил же бул эпохада адамдар кандай жашап өткөнүн, эмне жөнүндө ой жүгүртүшкөнүн, эмнелерге кызыгышканы тууралуу талкуу жүргүзө алабыз. «Документ» деген сөздү латынчадан которгондо «күбөлүк», «далил» деген маанини түшүндүрөт. Адегенде бул сºз окуялардын жана фактылардын жазуу түрүндөгү ырастоолору дегенди билдирген. Мисалы, ар бир адамдын төрөлгөн фактысы документ түрүндө катталып, туулгандыгы тууралуу күбөлүк түрүндө жазылат; мектепти бүтүшү боюнча окуучунун билимдерин тастыктоочу документ – аттестатты алышат ж. б. Азыркы учурдагы документ түшүнүгү «мөөр жана кол тамга менен күбөлөндүрүлгөн кагазга» караганда алда канча кеңири маанини билдирет. Документ – бул катталган информацияны убакыт жана мейкиндик боюнча берүүгө арналган материалдык алып жүрүүчү. Текст – курчап турган чыныгы дүйнө тууралуу информация берүүнүн маанилүү бир формасы. Тексттик документ – бул кагаз бетинде, электрондук же башка материалдык алып жүрүүчүдө текст формасындагы информация. Тексттик документ макала, доклад, аңгеме, ыр, кулактандыруу, ведомость, нускама, маалымат кат ж. б. түрүндө болушу мүмкүн. Ар кандай тексттик документ бөлүмдөрдөн (жок дегенде бир бөлүмдөн) турат жана ал бөлүмдөр өз кезегинде дагы 79 бөлүктөрдөн ж. б. турушу мүмкүн. Мисалы, силердин окуу китебиңер беш чоңбөлүмдөн – главалардан турат; ар бир глава параграфтардан турат; параграфтар пункттарга бөлүнгөн. Бөлүмдүн ичинде текст абзацтарга бөлүнөт. Абзац – бул эки жанаша кызыл саптардын ортосундагы документтин бөлүгү. Компьютердин пайда болушу менен жазуу технологиясы түп-тамырынан бери өзгөрдү. Атайын тексттерди киргизүүгө ылайыкталган компьютердик программалардын жардамы менен каалаган текстти терип, ага кайрадан өзгөртүүлөрдү киргизсе боло тургандай шарттар түзүлдү. Терилип бүткөн тексттер компьютердин эсине сакталып, каалаган убакта монитордун экранына чыгарылып, аларды колдонууга, керектүү сандагы барактарды принтерден басып чыгарууга болот. Даярдалган текстти файл түрүндө электрондук почта аркылуу башка компьютерге жөнөтүү мүмкүнчүлүктөрү түзүлдү. Кол жазма, басуучу машинка менен документтерди түзүү («кагаз» технологиясы) технологиясынын ордуна бүгүнкү күндө «компьютердик» технология келди. Документтер компьютердик атайын программалардын чөйрөсүндө түзүлүп, анын эсинде сакталат. Керектүү убакта басып чыгаруучу түзүлүш аркылуу кагаз бетине каалагандай өлчөмдө түшүрүлүп, иштетиле баштады. Документтерди түзүүдө, сактоодо, кагаз бетине чыгарууда «компьютердик» технология «кагаз» технологиясына караганда бир катар артыкчылыктарга ээ. Келгиле, аларды салыштырып көрөлү. Тексттик документтерди түзүүчүкомпьютердик аспаптар Текстти даярдоо – компьютерди колдонуунун кеңири таралган тармагынын бири. Кандай гана компьютер болбосун тексттик документтерди түзүш үчүн атайын программалар орнотулат. Тексттик редактор – бул текст менен иштөөчү жөнөкөй программа. Тексттик редактор анча чоң эмес маалыматтарды жана тексттерди түзүүдө ыңгайлуу программа. Текст клавиатуранын жардамы менен киргизүүгө мүмкүн болгон тамгалардан, цифралардан, тыныш белгилеринен жана атайын символдордон турат. Таблицаларды, формулаларды, схемаларды, чиймелерди тексттик редакторлор иштете албайт. Тексттик редактордун мисалы катары «Блокнот» программасын алсак болот. «Блокнот» программасы узартылышы .txt болгон тексттик файлдарды кароодо, редакциялоодо көп колдонулат. «Блокнот» программасында тексттик документти жасалгалоонун минималдык мүмкүнчүлүктөрүиш жүзүнө ашырылган. «Блокнот» программасын көбүнчө ВЕБ-баракчаларын түзүүдө колдонушат. Тексттик процессор – бул кеңири мүмкүнчүлүктөргө ээ болгон тексттик редактор. Тексттик процессор жөн гана түрдүүдокументтерди, каттарды, баяндамаларды, ырларды, докладдарды, мектеп газетасына макалаларды жазууда гана колдонулбастан автоматтуу түрдө каталарды текшерүүишин аткаруу, тамгалардын жазылыш формаларын, өлчөмдөрүн өзгөртүүдө, документке таблицаларды, сүрөттөрдү, добуштун фрагменттерин ж. б. көптөгөн жасалгаларды киргизүүгө мүмкүнчүлүктөрүбар. Тексттик процессорлорго төмөндөгүтексттик редакторлорду киргизсек болот: • Writer, OpenOffice.org пакетинин курамына кирүүчүтексттик редактор; • Word, Microsoft Office пакетинин курамына кирүүчүтексттик редактор. Алардын жардамы менен барактын бетине ар түрдүүинформацияны оптималдуу жайгаштыруу жүргүзүлөт. Тексттик процессорлордун компьютердин экранында жүктөлгөн командалар системалары бирдей типте болот. Бул жагдайды Microsoft Office пакетиндеги Word тексттик процессорунун мисалында карайлы. | Жаны тема боюнча сабак учурунда топторго берилген тапшырмаларды аткара алышат. Өздөрүнүн пикирин билдире алышат; топтордо жана жеке иштей билишет;бири-бирин баалайт; |