Просмотр содержимого документа
«Тема: Эллинизм 5-класс»
№ 11 В.В.Терешкова мектеп-интернаты тарых 5-класс Мугалим Ормокова Ч.
Сабактын темасы: Эллинизм
Сабактын максаты:
Билим берүүчүлүк
Өнүктүрүүчүлүк
Тарбиялык
Окуучулар өз алдынча маалыматтарды башкаларга айтып жеткире билүү көндүмдөрүн өнүктүрүшөт
Александр Макендонскийдин империясы тууралуу маалымат алышат .
Окуп таанышуу аркылуу окуучулар Александр Македонскийдин өзгөчөлүктөрүн талдашат.
Сабактын планы:
- Македониянын Грецияны басып алышы.
- Александр Македонскийдин империясы жана анын кулашы.
Македониянын Грецияны басып алышы
- Македония Балкан жарым аралында жайгашкан байыркы мамлекет. Борбору- Пелла.
- «Македония» деген сөз «Бийик жер» дегенди билдирет.
Македонияны биринчи башкарган падышасы Пердикка I болгон.Байыркы Македониянын тарыхы б.з.ч. VIII кылымдан башталган. Б.з.ч. V кылымда мамлекет өнүгүп, күч-кубаттуу өлкөгө айланат. Ушул мезгилде тыйын чегилет. Бул мамлекет грек шаарлары менен соода, чарбачылык иштери менен байланышып турган.
Балкан жарым аралы
Б.з.ч. 336-ж. падыша Филип II тушунда мамлекеттин аймагы кеңейген. Ал Грецияга кол салып, гректерди жеңет да өз үстөмдүгүн орнотот.
Филипп II өлгөндөн соң, уулу Александр Македонский тактыга келет.Александр жаштайынан акылдуу,терең билим алууга умтулган. Ал тарых, математика, медицина,искусство география жана саясат илимдерине өтө кызыккан.
Александр Македонскийдин империясы жана анын кулашы.
- Александр Балкан жарым аралынан тартып Инд дарыясына чейин созулган эбегейсиз зор империя түзгөн.
- Персия
- Сирия
- Финикия
- Египет
- Индия мамлекеттерин каратып алган.
- Египет мамлекетине өзүнүн аты менен Александрия шаарын негиздеген.
Александр Македонский
- Александр башына таажы, үстүнө кымбат баалуу таштар менен кооздолгон кийимдерди кийип, укмуштуудай асемдиктерге бөлөнгөн.
- Ал мени кудай деп эсептегиле,менин бутума жүгүнүп тургула деп талап кылган.
- Б.з.ч 323-ж.Александр капысынан дүйнөдөн кайтат.
Эллинизм
- Жаңыдан түзүлгөн мамлекеттерде маданияттын эллиндик деп аталган түрү калыптанган. Эллинизм байыркы гректердин жана байыркы дүйнөсүн күч менен бириктирүүнүн натыйжасында келип чыккан. Эллиндерди жалпы тил, салт-санаа, үрп-адат, дин, жазуу бириктирип турган.
- Эллинизм б.з.ч. IV к. жаралып, б.з. VI к. ортосуна чейин рим маданияты.
- Эллинизмдин борборлору Египетте-Александрия, Сирияда-Антиохия, Кичи Азияда-Пергам, Родос аралы,Афины болгон.
Египеттик Александрия
- Александр негиздеген Египеттин борбору Александрия Жер Ортолук деңиздеги эң чоң шаарга айланган.
- Нил дарыясы аркылуу Египеттен бул жакка эгин,папирус,Нубиядан алтын жана пилдин сөөгүн алып келишкен. Александрия шаарында таш төшөлгөн түпсүз көчөлөр,театр, падышанын кооз сарайлары,гимназиялар,Мусей же « мусалардын ыйык жери » (аял кудайлар) болгон.
- Мусейде эбегейсиз зор китеп кана болгон. Китепканада папируска же пергаментке жазылган 700 миңге жакын кол жазма болгон. Александрияда Сицилиядан келген грек окумуштуусу Архимед иштеген.
Суроолор
- Александр Макендонскийдин империясы кайсы аймактарды кучагына алган?
- Александрия шаары кайсы мамлекетте жайгашкан жана картадан өз алдынча белгилеп көрсөт?
- Эллинизм маданияты деген эмне?
Александр Македонский тууралуу 10 факт
- Б.з.ч. 356-ж туулган октябрь же июль айында
- Эске тутуму эң жакшы өрчүгөн жана армиясындагы ар бир аскерин жатка билген 30 миң аскери болгон
- Жаш кезинде окумуштуу Аристотельден билим алган аны атасы Филипп II жалдап окуткан.
- Согуштагы биринчи жеңиши 18 жашта болгон.
- Эч качан ал согуштан жеңилген эмес.
- Эки көзү эки башка түстө болгон. Бир көзү көгүш, экинчи көзү күрөң түстө.
- Биринчи сүйгөнү туткун кыз болгон. Бир көргөндө эле ал кызды жактырып калган. Кыздын аты Роксана болгон.
- 1)Роксана 2) Статира 3) Парисатида
- 70 ашык шаарды өзүнүн атына койгон.
- Өз учурунда мамлекеттин тышкы иштерин да жакшы билген
- Эмнеден каза болгону табышмактуу 32 жашында каза болгон.
Үй тапшырма:
1. Т тамгасын пайдаланып Александр Македонскийдин оң жана терс мүнөздөрүн дептерге жазып келесиңер.
2. Жумушчу дептер менен иштеп келүү.
- 5-класстын окуучулары азаматсыңар!