Ош шаарындагы №11 В.В.Терешкова мектеп-интернаты
Тарых 5-класс
Тарых мугалими Ормокова Ч.
Тема: Кыргыздардын жазуусунун
пайда болушу.
Сабактын максаты:
Окуучулар байыркы кыргыздар колдонгон жазуулары жана алфавиттери тууралуу түшүнүк алышат.
Өз алдынча ой жүгүртүү жана элестетүү көндүмдөрүн калыптандырышат.
Теманын планы:
1.Байыркы кыргыздар колдонгон руна сымал жазуулар.
2. Кыргыздар колдонгон алфавиттер.
1.Байыркы кыргыздар колдонгон руна сымал жазуулар.
Байыркы кыргыздар түрк уруулары сыяктуу руна сымал жазууларды колдонгон. Бул жазуу Орхон-Енисей жазуулары деп аталат.
Байыркы ата-бабаларыбыз акыл-насааттарын, осуяттарын,санжырасын, керээзин ташка чегип жазышкан. Ошол таштагы жазуулар адамдардын кайсы кылымга таандык экенин, таржымалын, кары-жашын, даража-наамын, байлыгын көрсөтүп, бүгүнкү күн элибиздин тарыхын баяндайт.
Руна сымал жазуу эстеликтери Енисей аймагынан
Хакас-Минусин ойдуңу
Тува
Тоолуу Алтай
Краснояр крайынан табылган.
Ошондой эле Талас жана Кочкор өрөөндөрүнөн да табылган.
Ал жазуулар таш бетине чегилип сакталып калган. Бул жазуулар VI-XII кылымдарга таандык.
38 тамгадан турган алфавит ошол мезгилдеги Кыргыз мамлекетинин иш- кагаз, дипломатиялык керектөөлөрүнө колдонулган.
Байыркы түрк жазуулары
Руна сымал жазуулары
Орхон-Енисей жазуулары
2. Кыргыздар колдонгон алфавиттер.
Кыргыздар ислам динин кабыл алгандан кийин,араб алфавитин өздөштүрүшкөн. Орто кылымдарда араб алфавитин колдонуп, белгилүү алым Жусуп Баласагын «Куттуу билим» ( «Кутадгу билиг» ) деген түрк тилиндеги чыгармасын, ал эми Махмуд Кашкари (Барскани) «Түрк тилдеринин сөздүгү» («Диван лугат ат-түрк») аттуу түрк тилиндеги сөздүгүн жазган.
«Кут алчу билим» чыгармасында Жусуп Баласагын китепти көп окууга, билим алууга жана илимге умтулууга жаштарды үндөгөн. Ал окуунун пайдасы жөнүндө жаштарга төмөндөгүдөй ыр саптарын арнаган.
«Айткым келди, о акылман, сөз жайын,-
Окуу, билим пайдасынан баштайын.
Окуу-түндө алдыңдагы шам чырак,
Билим алсаң, маңдай ачык жаркырап.
Окуу, билим көп нерсеге жеткирет,
Бул экөөнөн урмат сыйды көп көрөт».
Ким жашынан көп окуп, билим алат,
Бойго жетсе тилеги орундалат.
Окууда тырышчаактык берет жемиш,
Илим-билим дөөлөткө кенен өрүш.
Байкап көрсөң калети жок бул сөзү ак,
Илим-билим алган адам акыйкат.
Кимде-ким окуй билсе, олжоо табар,
Кимде-ким билим алса, бек аталар.
XV кылымдын аягы XVI кылымдын башында жашаган Сайпидин Аксыкенди араб тамгасы менен кыргыз тарыхы боюнча көп маалыматтарды берген. XVIII Кылымда ата-бабаларыбыз Россияга, Кытайга араб тамгасы менен каттарды жазган.
Кыргызстанда расмий түрдө 1927-жылга чейин араб, 1928-39-жылдары латын алфавити колдонулган.
1940-жылы кириллицага негизделген орус алфавити киргизилген.
Кыргызстандын аймагынан сырткары жашаган кыргыздар араб
( Афганистан, Кытай, Өзбекстан жана Түркия өлкөлөрүндө жашагандар) латын жазмасын колдонушкан.
Бышыктоо:
- Руна сымал жазуу эстеликтери кайсы жерден табылган?
- Кыргыздар кайсы алфавитти колдонушкан?
- «Кут атгу билиг» кимдин чыгармасы?
- Кыргыздар кайсы жылдан баштап орус алфавитин колдоно башташкан?
- Латын алфавитин да колдонгонбу кыргыздар?
Үйгө тапшырма:
Жусуп баласагындын «Кут алчу билим» чыгармасындагы окуунун пайдасы жөнүндөгү ыр саптарын жаттайсыңар жана маанисин түшүнөсүңөр.