Просмотр содержимого документа
«Ачык сабак Тема: Бишкек»
Сабактын максаты |
1. | Билим берүүчүлүк | Окуучулар Нарын облусу тууралуу кенири маалымат жана түшүнүк алышат. |
2. | Өнүктүрүүчүлүк | Окуучулар салыштырышып изилдөө менен маалымат алышып,топтордо бирге даярданышып,жооп берүү көндүмдөрүн өнүктүрүшөт. |
3. | Тарбия берүүчүлүк | Окуучулар өз алдынча жана мугалим менен бирге сабакта чыгармачылык менен иштөөгө тарбияланышат. |
Число:________ Классы:________ Тема:________________________
Сабактын тиби: Жаңы теманы окуп үйрөнүү.
Сабактын усулу: Интерактивдүү усул
Сабактар аралык байланыш: Кыргыз тил,тарых ж.б.
Сабактын жабдылышы: Слайд,сүрөттөр,класстер,видео-ролик, батман,скотч,маркер
ж.б.
Сабактын жүрүшү: Уюштуруу
1.Саламдашуу
2.Окуучуларды жоктоо
3.Окуучулардын эске тутуусун билүү максатында акыл чабуул
уюштуруу.
4.Түзүлгөн алтын эрежени эске алуу.
5.Үй тапшырманы суроо.
6.Топторго бөлүнүшөт.
7.Жаңы теманы баяндоо.
Нарын облусу Кыргызстандын борбордук бөлүгүндө жайгашкан. Кыргызстандын эң чоң облусу. СССР Жогорку Советинин Президиумунун 1939 жылдын Жетинин айынын 21деги Указы менен Тянь-Шань облусту болуп негизделген. 1988-жылы Тянь-Шань жана Ысык-Көл облустары бириктирилген. 1990-жылдын Бештин айынын 14дө кайра Нарын жана Ысык-Көл облусу болуп бөлүнгөн.
Административдик-аймактык бөлүнүшү:
Нарын облустуда 5 район, 1 шаар, 135 айыл бар.
1. Ак-Талаа району (борбору-Баетов)
2. Ат-Башы району (борбору- Ат-башы)
3. Жумгал району (борбору-Чаек)
4. Кочкор району (борбору-Кочкор)
5. Нарын району (борбору-Нарын)
1. Нарын шаары