СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Педогогикалык писихологиянын чет элдик теориялары

Категория: Психологу

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Педогогикалык писихологиянын чет элдик теориялары»

ОШ МАМЛЕКЕТТИК УНИВЕРСИТЕТИ

МАТЕМАТИКА ЖАНА ИНФОРМАТИКА ФАКУЛТЕТИ.

Онугуу жана педогогикалык психологиядан оз

алдынча иш.





Текшерген: Сабирова Махабат мыйзамовна.

Даярдаган: Калыбекова Айзада Закировна.

ФМОМ(б) 1-20 тайпасы.



Тема: Писихикалык өнүгүүнүн чет элдик теориялары

План:

1.Курак жана педагогикалык писихология илиминин чет өлкөлөрдө өнүгүшү.

2.Курак жана педагогикалык писихологиянын октябрь революциясына чейинки жана СССР учурунда калыптанышы.

3. Жыйынтыктоо































Балдар психологиясынын тарыхы 19 кылымдын ортосунан башталат. Ага чейин балдар психологиясынын проблемалары жалпы психология илиминин ичинде изилденип келген.

Балдар психологиясынын алгачкы өнүгүү этабы жаш балдардын кунумдук өнүгүүсүн чагылдырган күндөлүктөн жана эмпирикалык (айрым психикалык фактыларды байкоо илимий тажрыйба менен изилдөө) байкоодон алынган, топтолгон материалдар түзгөн.

Курак жана педагогикалык психология эки чоң проблеманы изилдейт.

- Ар турдуу курактагы балдарды үйрөнө турган эффективдүү методдорду ойлоп табуу жана аны мектеп практикасына киргизүү.

-Психикалык өнүгүүнүн булактарын теориялык деңгээлде изилдөө. Саналган эки багытта эффективдуу илимий жургузуу үчүн окумуштуулар физиология, жалпы психология ж. б. илимдерде иликтенген, текшерилген эксперименттердин жыйынтыгын, теориялык материалдарды топтоп, колдонуу жолдорун изилдешип, аны мектеп турмушунда колдонууга аракеттенишкен.

- 19 кылымдын башталышында психологдор мектептерде атайын психологиялык лабораторияларды ача башташкан. Мындай лаборатория Э. Мейман тарабынан Германияда ачылган. Университеттердин, педагогикалык институттардын алдында писихологиялык лабораториялар түзүлгөн. Анда жасалган психологиялык куралдар, методдор мектептеги окуу, тарбия иштерин изилдеп, анын эффективдүүлүгүн көтөрүүгө түртку берген. Курак жана педагогикалык психологияда ачылган жанылыктарды, натыйжалуу методдорду топтоп, 1907-жылы Э. Мейман «Лекции по экспериментальной педагогике деген китебин жазган. Анда балдарды ар тараптан үйрөнүү маселелерине көпул бурулган. Э. Мейман педагогика мектеп жашындагы конкреттуу баланып көнүл буруусун, денесинин онугуусун үйрөнүү зарылчылыгын козгогон.

Бул эмгек ошол учурдагы мугалимдердин педагогикалык түшунугун өстүрүүгө практикалык жардам берген.

Педагогика, психология илиминде өнүгүүнүн закон ченемдүүлугун алдын ала көрө билүү жана жаш баланын жөндөмдүүлүгун эрте аныктоо мумкунчулугу негизги проблема болуп саналат. Бул теориялык проблеманы чечууну 1883-жылы англиялык психолог Ф. Гальтон сунуш кылган тест методу ишке ашырды. Ф. Гальтондун окуучусу Д. Кеттелдин изилдөөсү тесттин илимге кеңири тароосуна туртку берди. 1892-жылдан баштап, Ф. Галь тон жана Дж. Салли тест методун педагогикалык практикага алып өттү. Француз психологдору А. Бине жана врач Т. Симонанын катышуусу менен 1905-жылы тест методун акылдын онугумсун же жалпы мектептерде окууга жөндөмсүз балдарды ылгоо учун колдоно баштады. Бул метод илимде Бине-Симонанын метрикалык интеллект шкаласы деген ат менен белгилүү.

1911-жылы немец психологу В. Штерн «интеллекти коэффиценти» деген ушунукту илимге кийирди. Бине психология илимние «акыл жаш» тушунугун киргизген. Интеллект коэффиценти темөнкудөй аныкталат: Өнүгүүнүн нормалдуу темпин шарттуу турдө 100 деп алып, акыл жашын паспорттук (хронологиялык) жашка бөлүп, аны 100гө көбөйтөт. Мисалы: 4-жашар баланы акыл жашы 5 жаш болсо, анда анын инттеллект коэффициенти (5:4) x 100- 125ти түзөт. Экинчн мисал паспорттук жашы 7ге барабар болгон баланын акыл жашы 6га барабар болсо, акыл коэффициенти (6:7)X100-86ны түзөт. Бул баланын акыл жактан өнүгүүсү артта калганын билдирет.

Акыл жаш Бине-Симондун шкаласы боюнча төмөнкүдөй анык талат: Эгер бала нормалдуу балдарга ылайыкталган тесттердин бардык турун чечүүгө күчү жетсе, анда ага өзүнөн бир жашка улуу балага эсептелген тести берет, бул тестти да ийгиликтүү чечип, бирок өзүнөн эки жаш улуу балага эсептелген тести берет бирок өзүнөн эки жаш улуу балага негизделген тестти чыгара албаса, анда анын акыл жашы паспорттук жаштан бир жаш жогору экендигин көрсөтөт.

Бирок баланын акылын мындай математикалык жол менен аныктоого кээ бир окумуштуулар (Л. С. Выготский) макул боло беришпейт.

Америкалык психолог Стэнли Холл биогенетикалык I законго таянып, балдар психологиясынын жана педология илиминин кеңири таралуусуна өбөлгө тузду. Балдардын психикалык өнүгүүсун негиздөөгө аракет жасаган. Холл өзүнүн илимий жоболорун негиздөөдө туура эмес рекапитуляция2 теориясын методологиялык негиз кылып алып, ар бир бала өзүнүн индивидуалдуу өнүгүүсүндө адам уруусунун (родунуп) негизги, тарыхый этапрын (тактаганда онтогенез 3 филогенездин 4 негизги тепкичтери кыскача кысып кайталоо) кайталайт деген идеясын сунуш кылган. С. Холл бөбөктер айбандардын өнүгүү фазасын кайталаса, ал эми балалык чак байыркы адамдардын негизги ишин болгон аң уулоо, балык кармоо дооруна туура келет деп түшүндүргөн.

С. Холл көп илимий фактыларга таянып, баланы үйрөнө турган комплекстүү илимдин тармагын түзүүнү талап кылат. Бул илимге деген ат берилген. Педологияны составына физиология, психология жана педагогика илимдери кирген.

Педологдор - акыл бул баланын жаңы маселени чечүүдө тез ылайыкташуусу, адам менен бирге төрөлгөн жөндөмдүүлүктүн бышуусу, мүнөздүн өзгөчөлүктөрү, кызыгуу жана ынтаа аркылуу мүнөздөлөт дешкен. Жөндөмдуулук дегенде мүнөздүн белгилеринин атадан балага даяр турдө берилүүчү феномен деп түшүндурүшкөн. Мындай ой жүгүртүү ар дайым эле чындыкка жакындай бербейт.

Балдар психологиясына алгылыктуу салым киргизген окумуштууга немец психологу В. Штерн кирет. Балдар психологиясы жөнүндөгү ой толгоосун

Штерн баланын психологиясын үйрөнүүчү негизги метод деп байкоону эсептеген. Байкоо жөнөкөй эле сандар эмес ,ал материалдын ишеничтүү, кемчиликсиз сапаты деп, байкоо методуна чон талап койгонl. Б. Штерн кептин баладагы өнүгүү доорлорун көрсөтүү менен баланын психикалык өнүгүүсүндө чоң мааниси бар экендигин көрсөтөт.

Австриялык психолог К. Бюлер биология илиминдеги законго таянып,баланын жалпы психикалык өнүгүү теориясын түзүүгө аракеттенет. К. Бюлер «Очерк духовного развития ребенка2 деген эмгегинде баланын биринчи жылдагы турмушуна өзүнчө бап арнайт. Анда баланын өнүгүүсүнүн негизги тепкичтери болгон. (Бюлер ушундай ден ойлойт) инстинкт дрессура, интеллегин накыл) атайын өнүгүүнүн этабы катары эсептейт. Бул тепкичтерди ар бир бала өзүнүн онтогенездик өнүгүүсүндө басып өтүү керек экенин баса көрсөтөт. Бир тепкичтен экинчи тепкичке өткөндө нервдик байланыштын бышуусу спонтандуу (ички себептердин натыйжасында пайда болот) деген бир жактуу ойду берет. Бюлер бала адам коомунда тарбиялануучу, өнүгүүчү социалдык жан экендигин этибарга албаган.

К. Бюлердин китебинде баланын кабыл алуусу жөнүндө бай материалдар кездешет. Мында баланын Фантазиясынын пайда болушуна жана жомоктун психологиялык негизине көп көңүл бурат. Бюлер өз эмгегинде ойлоо процессине жана анын баладагы өнүгүү өзгөчөлүктөрүн көрсөтөт.

К. Бюлер өзүнүн бай материалдарында балдар психологиясынын көп кырдуу проблемаларына (баланын ой жугуртүүсүнө, жөнөкөй сүйлөмдөн өзгөрүү татаал суйлөмгө өтүүсүн сөздүн өзгөрүү мүнөзүнө, окуу процессисине тоскоолдук кылуучу кекечтенүүгө, сакоолукка, туура эмес сүйлөөсунө (ышкырма тыбыштарды , шуулдама тыбыштардай сүйлөө) көп көңүл бурат. К. Бюлердин көтөргөн маселелери өз учурунда негиздүү болуу менен мугалимдер үчүн жазган эмгектери ошол кездин столдон түшпөс китебине айланган. Психикалык өнүгүүнүн жалпы концепциясын XX кылымдын башында 3. Фрейд иштеп чыгууга аракеттенет. 3. Фрейд психикалык өнүгүүнүн кыймылдаткыч күчү социалдык мамилелерден сыртта жатат деп, психикалык өнүгүү биологиялык жана инстинктивдүү аракетке жараша болорун негиздеген. Бул атактуу окумуштуунун эмгектери советтик чындыктан алыс деп, анын бизде басылышына чек коюлган. Мындай чечим психология илимин деги чоң, илимий тилке болгон психо аналитикалык, терапия теориясынын, техникасынын өнүгүүсүнө тоскоолдук кылган.

Курак жана педагогикалык психология илиминин калыптануусунда Э. Торндайктын изилдөөлөрү көзгө илинерлик. Ал 1903 жылы жазган «Педагогическая психология деген китебинде окуу процессинде окуучулардын ойлоосунун өнүгүүсүн изилдеген, Торн дайктын эмгектеринде бир жактуу, туура эмес ой жүгүртүүлөр да кездешет. Ал эволюциялык биологиянын таасирине берилип, адамдар менен айбандардын үйрөнүүсүндөгү айырмачылыктарды ажыратмай, жаныбарларга жүргүзгөн эксперименттен алынган илимий жоболорду өзгөрүүсүз эле жалпы психология илимине алып өткөн. Торндайктын мындай илимий тыянактары анын эмгектерине болгон ишенбестикти туудурган.

Балдар психологиясында көрүнүктүү орунду швейцариялык психолог Ж. Пиаже ээлейт. Ж. Пиаже 20-жылдагы алгачкы эмгектеринде жаш балдардын ойлоосуна сапаттык мунөздөмө берүүгө аракет жасайт.

Ж.Пиаже баланын психикалык өзгөчөлүгүн, жаратылышын биологиялык нукка таянып чечүү менен төмөндөгүдөй түйүндүү, карама-каршы илимий жыйынтыктарды чыгарат. -Баланын ойлоо өзгөчөлүгү эгоцентристтик* мунөздө.

- Эгоцентрист феномени 7-8 жашка чейинки балдар үчүн психикалык өнүгүүнүн негизи.

- Мектепке чейинки балдар-асоциалдык индивид. Алардын натураларында негизги орунду ээлейт. Балдар бир гана өзүнүн органикалык керектөөсүн канааттандыруунун камын жейт.

- Баланын ойлоосуна практикалык тажрыйба, курчап турган чындык менен мамилелешүүдөн келип чыккан жекече тажрыйба эч кандай таасирин тийгизбейт.

Ж. Пиаженин мындай тезистерине анын окуучуларынын бири А. Валлон каршы чыгып, баланын психикалык өнүгүүсүндө социалдык фактор чечүүчү орунда турарын чечкиндуу жактаган.


Ж. Пиаженин кийинки эмгектеринде баланын ойлоосу жөнундөгү концепциялары (теория) кескин түрдө өзгөргөн. Пиаже чөйрөнүн чоң кишилер менен болгон мамиленин ойлоого тийгизген таасирин алгачкы эмгектериндегидей ачыктан ачык танбайт. Интеллекттин өнүгүүсүнүн негизи болуп, баланын тышкы жөнөкөй иш-аракети саналарын, анын таасиринде интеллектуалдык операциялар өнүгүүнүн конкреттүү эксперименттер менен далилдеген.

Ж. Пиаже баланын акылы тепкичтүү өнүгөрүн, анын үч тепкичинин объективдүү жашарын негиздеген:

- Биринчи тепкич мектепке чейинки балдарга тиешелүү. Ал операцияга чейинки мезгил деп аталат. Мында баланын курчаган чөйрө менен таанышуусу аракет аркылуу жүрөт. Бул тепкич баланын речинин өнүгүү мезгилинен заттарды операциялоону үйрөнгөнгө чейин созулат. Операцияга чейинки мезгил 5-6 жашта токтойт. Өнүгүүнүн бул этабында ойлоо операциясынын касиети болгон кайра өзүнүн баштапкы абалына келиш феномени кездешпейт. Женевалык психологдор бул ойлобнун касиетин «ойлоонун баштапкы абалына келиши» (обратимость мышления) деп аташкан.

Ойлоонун бул касиети ар бир операциянын карама-каршы же тескери операциясынын жашаарын, ал биринчи жыйынтыктан башталып,кайтадан заттын алгачкы абалын калыбына келтирүүнү белгилейт. Мындай ойлоо өзгөчөлүгүн балдар белгилүү мезгилге чейин өздөштүрө албай турганы конкреттүү экспериментте далилденген. Экспериментатор балдардан окшош формадагы, бирдей бийик тиктеги идиштерге куюлган суулардын массалары бирдей деген жооп алгандан кийин, алардын көз алдыларында ошол эле сууну ар түрдүү формадагы (бийик, кен, жапыз, тар) идиштерге куйганда, суунун массаларынын көбөйүп, азайып кеткенин далилдешкен. Мындан балдар математикалык көп түшүнүктөрдү өздөштүрүүгө күчтөрү жетпейт деген корутундуну чыгарган (Пиаже).

-Экинчи тепкич конкреттүү операция мезгили деп аталат. Мында ойлоо операциялардын деңгээлинде жүрөт. Операциянын өзү деле аракет, бирок жөнөкөй аракеттен айырмасы ички, озүнүн калыбына келүүчүлүгү менен айрымаланат.

- Божомолдуу түрдө 10-14 жаштагы балдарда формалдуу операция мезгили пайда болот. Бул акыл өнүгүүсүнүн үчүнчү тепкичи деп аталат. Мында баланын акыл иш-аракети операцияларды жүргүзгөндө гипотетикалык (гипотеза, болжоп айтылган) жөндөмдүүлүктүн деңгээлинде өтөт.









Балдар психологиясы пайда болгонго чейин балдардын психикасын үйрөнүү, аларды окутуу, тарбиялоо маселелеринин үстүндө А.Н.Радищев, К.Д. Ушинскийлер иштешкен. Революционер демократ Радищев баланын нормалдуу өнүгүүсү дененин материалдык органдарынын, нервдин, мээнин функциясына жараша болуп, алардын (нерв системасынын, мээнин) өнүгүүсү менен баланын психикасы да өнүгөт деген бир жактуу ойду жактаган.

К. Д. Ушинский курак жана педагогикалык психологиянын өнугүүсүнө чоң салым киргизген жана бул илимди негиздөөчүлөрдүн катарына кирет.

К. Д. Ушинский өзүнүн жана башка эмгектеринде окуу процессинде эстин, көңүл буруунун, тилдин, ойлоонун жана эмоциянын маанисин баса көрсөтөт. К. Д. Ушинский окутуунун борбордук проблемасы деп ойлоо процессин эсептеген. Окутуу ойлоону ар тараптан өркүндөтүүгө жараша болот дейт. Ушинский окутууда өзгөче салыштыруу методуна кеп маани берип, салыштыруусуз түшүнүк, түшүнүксүз маалымат жок дейт. Педагогикалык психологиядан биринчи эмгек жазган орус педагогу, психологу П. Ф. Каптеров болгон. Ал 1877-жылы Педагогическая психология деген китебин жазат. Жогоруда айтылган информациялар курак жана педагогикалык психологиянын Октябрь революциясына чейинки өнүгүшүнүн кыскача тарыхы.

Ал эми курак жана педагогикалык психологиянын Октябрь революциясынан кийин өнүгүүсүнө салым киргизген окумуштуу ларга П. Ф. Лесгафт, А. Ф. Лазурский, А. П. Нечаев, Н. Н. Рыб ников, Н. А. Сикорскийлер кирет. Бул окумуштуулардын эмгектери курак жана педагогикалык психологиянын калыптануусуна туртку берди.

1923-жылы жалпы Россиялык психоневрологдордун съезди өтөт. Съездде психология илиминде марксизм теориясын колдонуу менен психология илимин кайра түзүү маселеси коюлган.

1930-жылдын башталышында советтик психологдор марксисттик позицияда туруп, педагогиканын негизги проблемаларын, жоболорун талкууга алышкан. Мында педология илиминин тескерн жактары сындалат. Ушул дискуссиянын негизинде 1936-жылы 4-июнда ЦК ВКП (б) нын -деген ат менен токтому чыгат. Мында курак жана педагогикалык психологиянын өнүгүүсүнө тийгизип жаткан методу сындалат. Тест методун окуу, тарбия иштерине киргизүүгө катуу тыюу салынат. Муну советтик доордогу чоң илимий жоготуулардын бири катары көрсетсе болот.

Курак жана педагогикалык психологиянын проблемаларын ар тараптан биринчи болуп кетерүүгө аракеттенген окумуштуулардын катарына П. П. Блонский кирет. Блонский өзүнүн , , деген эмгектеринде курак жана педагогикалык психологиянын маселелерин иликтеген. Блонский атайын методиканын жардамы менен артүрдүү курактагы балдардын акыл-эсинин, ойлоосунун закон ченемдуулуктөрүн изилдеген.

Балдар психологиясынын өнүгүүсүнө Н. К. Крупскаянын эмгектери да бир топ салым кошкон. Крупская марксисттик педаг гиканы түзүүдө көзгө илинерлик иш жасаган. Ал баланын личносттук калыптануусуна чоң маани берет.

Курак жара педагогикалык психологиянын өнүгүүсүнө А. С. Макаренконуй да салымы бар. Макаренко баланын психикалык өнүгүүсүндөгү кыймылдаткыч кучкө көп көңүл буруу менен биогенетикалык, социогенетикалык теориялардын ролуна өз түшүнүгүн берген. Анда баланын психикалык өнүгүүсү тукум куучулукка толук көз каранды деген тезиске катуу каршы чыгат.

Социалдык фактордун баланын психикалык өнүгүүсүндөгү маанисин өз эмгегинде баса көрсөтөт. Таланттын аз гана проценти тукум куучулукка көз каранды болуп, анын өнүгүүсүндө маданият, маалымат, коомдук иштер, эмгек чоң мааниге ээ экендигин өзүнүн практикалык экспериментинде далилдеген. А. С. Макаренко личносттун өнүгүү психологиясынын түрдүү аспекттерин (личносттун коллектив менен болгон өз apa мамилесин, личносттун өнүгүүсүндөгү келечек жолун, личносттун мотивациялык сферасынын калыптануусун, мүнөздүн пайда болуусун) ар тараптан анализдеп, өзүнүн аныктамасып, түшүнүгүн берген. Психология илиминин чоң түйүндүү проблемасы болгон калыптанууну социогенетикалык, биогенетикалык агымдар менен катуу күрөшүү аркылуу чечүүгө аракеттенет. Социогенетиктердин коллектив чөйрөнүн таасирине бирдей жооп берүүчү индивиддердин тобунан турат деген ойлоруна каршы чыгып, коллектив максаттуу уюштурулган личносттордун тобунан турат деген прогрессивдуу ойду жактаган.


Теориялар:

  1. Интеллект деген лат. сөзүнөн, которгондо түшүнүү (баамдоо), таануу (билүү) деген маанини билдирет.

  2. Биогенетика-гр. Ата-тек, жеке адам өзүнүн өнүгүүсүндө атабабалар дын өнүгүүсүндөгү негизги этаптарды кайталайт. инсандык сапат тубаса берилет деген окуу.

  3. Рекапитуляция-мурдагыны кыскартып кайталоо. Тактаганда, индивидуалдуу өнүгүүдө ата-тектин белгилерин жогорку органикалык формаларын кайталоо

  4. Онтогенез - гр. жеке адамдын туулгандан баштап өлгөнгө чейинки өнүгүүсүндөгү өзгөрүүлөргө дуушар болушу.

  5. Филогенез - гр. элдин, уруунун, улуттун же жалпы адамзаттын бардык органикалык формаларынын жашоо башталгандан берки өнүгүү этабы.

  6. Белгилей турган нерсе, Холл бала коомдо тарбиялануучу, онүгүүчү социалдык жан экендигин эсепке албайт. Бул анын жетишпегендиги.

  7. Лат. деген сөзүнөн келип чыгат. Кыргызчалаганда «мен» дегенди билдирет. Башка адамдардын кайгыруусуна жана тышкы таасирге көңүл бурбай, жалан өзүнүн жеке максаты, умтулуусу чечилбеген маселелери менен алек болуусун мүнөздөөчү баланын таануу позициясын белгилейт.


Колдонулган адабияттар:

  1. Мейман Э. Лекции по экспериментальной педагогике. Т. 1. Пер. с нем. М., Издание Т-ва «Мир». 1914. с.54

  2. Штерн В. Психология раннего детства до шестилетнего возраста. Пер. с нем. Пг. 1922.

  3. Бюлер К., Очерк духовного развития ребенка. Пер. с нем М., ,1930





Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!