СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Педагогикалык психология

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Педагогикалык психология»

Тема: Билим берүү жаңыланууга муктаж.

Бүгүнкү күндө билим берүү системасы өлкөбүздүн башка тармактары сыяктуу өткөөл мезгилди, жаңыланууну, өнүгүүнү жана калыптанууну башынан кечирүүдө.

Педагогикалык процессте рынок дегенибиз өкмөт, ата-эне, мугалим, окуучу, коомчулуктардын ортосундагы максаттуу кызматташуу же көп тараптуу байланыш. Ал байланыштар өнүгүүгө алып чыгышы мыйзам ченемдүү.

Коомдо интеллектин, илимий көз караштардын жетишсиздигинен өлкөбүздүн социалдык экономикалык жактан өнүгүү деңгээли талапка ылайыктуу эмес. Андыктан азыр өлкөбүз илимий көз карашы жетик, чыныгы билимдүү, кесипкөй реформатор жаш адиске таңсык. Ошондуктан коомдун өнүгүүсүнүн, өзгөрүшүнүн башаты мектептен башталышы туура.

Кээ бир предметтер боюнча окутуу программаларынын эскилиги, айрым сабактар боюнча окуу китептеринин жетишсиздиги да өз кедергисин тийгизип жатат. Телефон, компьютер, интернет деп аталган булактар да балдардын сабакка болгон кызыгууларын солгундатты, окуучулардын дээрлик көпчүлүгү көркөм адабиятты окубайт. Окутуунун акыркы усулдарын колдонуу аркылуу жогоркудай жеңип өтүү милдети турат.Мугалимдер негизги билим берүүнүн генератору болгону менен реформага кайдыгер, анткени, аларды мамлекет тарабынан канаатандырарлык айлык акы, материалдык моралдык жактан колдоо мезгилге шайкеш эмес. Алардын эмгегине маани берип, натыйжасын тактап- талдагандар жокко эсе, текшерүүчүлөр гана бар. Мугалимдин эмгеги татаал жана коом алдында жооптуу экени көз жаздымда калып жатат.

Билим берүү жана окутуу төмөндөгүдөй критерийлер менен жаңыланышын каалар элем:

  1. Окутуунун жаңы усулдарын колдонуу менен окуучулардын билимге болгон кызыгуусун ойготуу.

  2. Татыктуу билим берүү үчүн заманбап техникалык жабдуулар менен толук камсыз кылынса.

  3. Мыкты, сапаттуу кадрлар даярдалып чыгарылса.

  4. Мыкты педагогдорду миграцияга жибербөө.

  5. Айыл мектептери үчүн да атайын педагогика иштелип чыкса.

  6. Мугалимдин айлык маянасы көбөйсө.

Мына ушул критерийлер ишке ашканда гана биздин билим берүүдө, окутуубузда ийгиликтер болот деп ишенем.

Мугалим жан дүйнөнүн зергери.

Мугалим... кандай гана ардактуу сөз. Мугалимдик кесип- кылымдардан бери келе жаткан эскирбеген кесип. Анын педагогикалык акыл топтому, алысты көрө билгендиги, изденгичтиги жана жаш баладай жумшак баёо көңүлүн, бүткүл чыгармачылык кудуретин келечек ээлерине терең билим, мыкты тарбия берүүгө жумшагандыгы менен кадырлоого ээ болгон инсан.

Жаратылышыман жан дүйнөм жаш балдарга жакындыгыманбы, канчалык оор, канчалык түйшүктүү экендигине карабастан мугалимдик кесипти тандап алгам.

Мен иштеген ушул жылдардын ичинде, бир топ ийгиликтерге жетише алдым деп ишенимдүү айта алам. Мектептеги тажрыйбалуу мугалимдердин сабактарына катышуу, алардын пикирлерин угуу, улуу педагогдордун айткан акылман сөздөрүн жана иш усулдарын окуп үйрөнүү мага өз натыйжаларын берди. Кийинки мезгилде стандарттуу эмес сабак деп эсептелген сабак мелдеш, презентация, сабак сахна, практикамда колдонуу өз эффектисин берип келүүдө.

Мугалим окутуп жаткан предметин терең билмейинче, аны окуучуларга жеткиликтүү түшүндүрмөйүнчө сабак эч убакта максатына жетпөөсүн ар бирибиз эле билебиз. Ар бир сабакты бири-бирине окшобогон эң жөнөкөй ыкма менен окутууга аракет кылам. Сабак өтүүдө жаңычыл мугалимдердин алдыңкы тажрыйбаларын, сабак берүүнүн алдыңкы ыкмаларын билгичтик менен пайдаланууга умтулам.

Менин окутуудагы негизги проблемам: Окуучулардын жазуу сабаттуулугун жана ой жүгүртүүсүн өстүрүү менен аларга ар тараптуу тарбия берүү.

Я. А. Коменскийдин: “Мугалим жарды болсо коом да, улут да жарды болот,”-деген сөзүн көңүлүмө түйүп, мугалимдик кесипке сөз тийип калбасын үчүн ички дүйнөмдүн капчыгын толтуруу максатында тренингине тынымсыз катышып, натыйжада өз окуучуларын турмушка, өзгөрүүлөргө даярдап, аларда мобилдүүлүк, динамизм, иштиктүүлүк сыяктуу сапаттарды өнүктүрүү тийиш экендигин түшүндүм.

Билим берүү стандарттары аркылуу билим берүүнүн маңызын өзгөртүүнүн максаты болуп окуучулары өтө жигердүүлүк, маданияттуулук, сабырдуулук, атуулдук, бийик этикалык деңгээл , эмгекти сүйүү, өз алдынча чечим кабыл алууга жөндөм, алынган билимдерди турмушта колдоно билүү, демилгелүүлүк сыяктуу сапаттарды калыптандырууну камсыз кылуучу компетенттүүлүккө ээ болушу саналат.

Менин педагогикалык философиям.

Аяр, чочулоо, кооптонуу сезими менен кадам баскан бөбөктөр менин, мен сыяктуу мугалимдердин колуна келип, кичинекей колдорун суна келечекке карай жетелешибизге ишенип, коркпой кадам шилтешет.

А биз ошол ишенимге даярбызбы? Биздин милдетибиз билим берүү ганабы, же тарбия жүгүн кошо тартуубу?

Ооба, ошол жүк биздин негизги милдетибиз экендиги талашсыз. Биз мугалимдер билим берүү менен гана чектелбестен, комплекстүү тарбия берүү жагын да бирдей алып баруубуз зарыл. Бул билим берүү системабыздын өзөктүү бөлүгүн түзгөн негизги критерийлердин бири болушу керек.

Улуу Манастын жети осуятында да гумандуулук, айкөлдүк, кечиримдүүлүк менен, арыбас мээнет , өнөр-билим аркылуу бакубат дөөлөткө умтулууга жетише ала турганыбызды белгилеп кеткен.

Кээ бир бала угуп кабыл алат, кээ бири көрүп кабыл алат, кээ бири кармап, сезип кабыл алат. Окуучуларга маалыматтарды берүүдө түрдүү ыкмаларды пайдаланып келем.

  1. Пассивдүү ыкма: мугалим окуучуга маалыматты берет.

  2. Активдүү ыкма: мугалим окуучуга маалыматты берет, окуучу кайра түшүнгөнүн мугалимге айтып берет.

  3. Интерактивдүү ыкма: мугалим окуучуга маалыматты берет,окуучу тобундагы окуучуларга айтуу менен биргелешип талкуулап, чечмелешет, аткарышат.Сабакты пландоонун натыйжалуу ыкмаларын терең өздөштүрүү менен сабактын төмөндөгүдөй түзүмүн колдонуп сабактарымды өтөм. –Шыктандыруу.

-Теманы жана күтүлгөн окуу натыйжаларын жарыялоо,берүү.

-­Тема боюнча зарыл болгон маалыматтарды берүү. –Интерактивдүү көнүгүүлөр (сабактын борбордук бөлүгү)

-сабактын жыйынтыктарын чыгаруу ,натыйжаларын баалоо Биринчи этап шыктандыруунун максаты, окуучулардын көңүлүн карала турган, окуучулардын кызыгууларын жарата турган темага топтоо.

Мисалы: “Мээ чабуулу”, “Микрофон”, “Муз жаруу”. Мээ чабуулу-тема боюнча боюнча берилген суроолордун, жооптордун жана сунуштардын агымы, ал эми тууралыгы же туура эместигине чабуулдан кийин анализ берилет.Сабак өтүүнүн кийинки этаптарында окуучунун билим алууда өз алдынчалыгын калыптандыруу жана билим алууга үйрөтүү максатында активдүү жана интерактивдүү окутуунун төмөнкү эң акыркы усулдарын колдоном.

  1. Окутуунун көргөзмөлүү усулу-

  2. Текстти кунт коюу менен түшүнүп окуу-текст менен иштөөнүн жаңы ыкмасы катары саналып, бардык окуучуларды окутуу процессине тартууга, окулуп жаткан темага карата кызыгуусун жогорулатууга, балдардын ой жүгүртүү ишмердүүлүктөрүн ылдамдатууга жардам берет.


Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!