СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Педагогика , психологиядан тест

Категория: Всем учителям

Нажмите, чтобы узнать подробности

Педагогикалык, психологиялык тест 

Просмотр содержимого документа
«Педагогика , психологиядан тест»

Педагогика жана психологиядан тест

1.Кабыл алуу,анализ синтез,эске сактоо ,кайталоо практикада колдоно билүү сыяктуу операциялар кайсы үйрөтүм теориясына мүнөздүү ? А)Бихевиоризм Б)ассосиативдик-рефлектордук В)акыл аракетин этап этап боюнча калыптандыруу Г) коомдук өз ара таасирлешүү

2. Окутуунун алдыга жылдыруучу кыймылдаткыч күч кайсы? А) тарбия Б)окутуу В) карама-каршылык Г)мүмкүнчүлүк

3. «Кандай жашап жатасынар балдар?» чыгармасынын автору ким? А)К.Д.Ушинский Б)А.В.Сухомлинский В)Я.А.Коменский Г)Ш.А.Амонашвили

4.Илимий педагогикалык изилдөө усулдарын аныктагыла А)байкоо,ангемелешүү,эксперимент ,тест Б)тарбиялоо,окутуу,тестирлөө В) ангемелешүү,түшүндүрүү,анализдөө Г)адептүүлүк,синтездөө,прогноздоо

5. «Женилден оорго, жөнөкөйдөн татаалга, белгилүүдөн белгисизге» деген эреже окутуунун кайсы принцибине тиешелүү ? А)көргөзмөлүүлүк Б)илимийлик В)жеткиликтүүлүк Г) системалуулук

6.Окутуу методдорунун тандоого карата айтылган төмөнкү тыянактардын кайсынысы туура? А)мугалимдерге кайсы методду колдонуу керектиги министирлик тарабынан билдирилет Б)мугалимдин өздөрү тарабынан тандалат жана колдонулат В)мугалимдер методду окутуу техникасын эске алуу менен колдонушат Г)мугалимдер окутуу методун эмес , окуу ыкмаларын колдонгондо ийгиликке жетишет

7.Инсандын өнүгүшүнүн жана адеп сапаттарын баалоочу изилдөөнүн усулу эмне деп аталат? А)табигый эксперимент Б)байкоо В)рейтинг Г) статистика

8. «Эркин тарбиялоо» теориясын ким негиздеген? А)Я.А.Коменский Б)Ж.Ж.Руссо В)И.Г.Песталоцци Г)А.Дистерверг

9.Төмөнкүлөрдүн кайсынысы окутуу модели эмес? А)жүрүш-туруш аркылуу окутуу-үйрөтүү модели Б)жекелештирме модели В)коомдук өз ара таасирлешүү модели Г)маалымат иштетүү модели

10. К.Д. Ушинский балдар үчүн кандай аталыштагы окуу китептерин жазган ? А) «Жаны алиппе» Б) «Эне тил», «Балдар дүйнөсү» В) «Сүрөттөн сезим менен кабыл алынуучу балдар дүйнөсү» Г) «Педагогикалык поэма»

11.Адамдын чыгармачыл потенциалы аркылуу өзү билимдин туу чокусуна жетүүсү эмне деп аталат? А)инновация Б)акмеология В)технология Г)закон ченемдүүлүк

12.Тарбиялоо процессинин коллективдүү жана жекече ишмердүүлүк аркылуу уюштурулушу тарбиялоонун эмнеси деп аталат ? А)тарбиянын максаты Б)тарбиянын милдети В)тарбиянын формасы Г)тарбиянын каражаттары

13.Билим берүү уюмунун статусу же билим берүү программаларын таануу –бул? А)билим берүү программасы Б) магистр В)билим берүү стандарты Г)аккредитация

14.Баланын укуктары жөнүндөгү конвенция канчанчы жылы ,кайсы айда кабыл алынган ? А)1997-жыл 13-март Б)1989-жыл 20-ноябрь В)2001-жыл 18-декабрь Г)2003-жыл 6-февраль

15.Кыргыз Республикасында жогорку билим берүүнүн канча денгээли белгиленген? А)4 Б)3 В)6 Г) 5

16.Гегемония жана …деген сөздөрдүн мааниси бирдей А)тен укуктуулук Б)үстөмдүүлүк В)революция Г) союз

17. Тоталдык деген –бул…? А)жарым жартылайлык Б)сейректик В)бардыгын камтыгандык Г) женишке ээ болгондук

18.Конфронтация-бул…? А)тилектештик Б)сүйлөшүүлөр В)агрессия Г)карама -каршылык

19. Сангвиник –деген термин латын тилинен кыргызчага которгондо эмне деп которулат? Бирок илимий мааниге ээ эмес А)өт суюктугу Б)кан суюктугу В)былжыр суюктугу Г)кара кан

20.Окуучулардын алдына изденүү үчүн маселе коюлуп,тапшырма берилсе,кандай окуу деп аталат? А) проблемалык окутуу Б)өнүктүрүүчү окутуу В)иллюстрациялуу,түшүндүрмөлүү окутуу Г)догматикалык окутуу

21.Чет элдик педагогикалык концепциялардан айрыкча баланын жүрүш-турушуна көнүл бурууну талап кылган концепция кайсы? А)неотомизм Б)экзистенциализм В)бихевиоризм Г)неопозитивизм

22. Окутуу жана билим берүү теориясын изилдеген илим эмне деп аталат? А)педагогика Б)дидактика В) психология Г) этнопедагогика

23. « Билим берүү жөнүндөгү мыйзам» канчанчы жылы кабыл алынган ? А)1992-ж Б)1990-ж В)1993-ж Г)1995-ж

24. Прогма-грек сөзү,бизче которгондо эмнени түшүндүрөт ? А)иш аракет Б)окутуу В)тарбиялоо Г)билим берүү

25.Иштиктүү,иммитациялык ,тренинг,ролдук,театр,компьютердик оюндар окутуунун кайсы технологиясына тиешелүү ? А)тренингдик технология Б)диалогдук технология В)оюн технологиясы Г)интеграциялык технология




Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!