СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Педагогика илиминин келип чыгышы жана онугуу тарыхы

Нажмите, чтобы узнать подробности

Педагогика илими жонундо студенттер учун даяр реферат. 

Просмотр содержимого документа
«Педагогика илиминин келип чыгышы жана онугуу тарыхы»

Киришүү

Педагогика – тарбиялоо, билим берүү жана окутуу проблемаларын изилдеп үйрөнүүчү теориялык жана прикладдык илимдердин жыйындысы. Университеттерде, институттарда ж. б. окуу жайларында адистештирилген программалар боюнча окутулуучу курс да педагогика деп аталат. Педагогика адегенде балдарды тарбиялоонун теориясы катары өнүккөн. Азыркы педагогика окутуу жана тарбиялоо, маданий-агартуу, агитациялык-пропагандалоо, адистердин кесиптик билимдерин өркүндөтүү проблемаларын камтыйт. Тарбиялоо башка илимдерде да үйрөнүлөт: социологияда тарбиялоо коомдун жана мамлекеттин функциясы катары, ал эми психологияда болсо инсандын руханий, ички духунун өнүгүшүнүн шарты катары каралат. Педагогика тарбиялоо процессинин закон ченемдүүлүктөрүн, анын структурасын жана механизмдерин изилдейт, окутуу жана тарбиялоо процессинин теориясын жана аны уюштуруунун методикасын, мазмунун, принциптерин, уюштуруу формаларын, методдорун жана ыкмаларын иштеп чыгат.

Педагогика башка илимдер менен өз ара байланыштуулугунун натыйжасында “кошунду” дисциплиналар пайда болду. Мис, педагогиканын социология менен биригүүсү (педагогикалык социология), психология менен кошундусу (педагогикалык психология), медицина менен биригүүсү (дарылоо педагогикасы), искусство таануу менен кошундусу 5 www.bizdin.kg (театрдык, музыкалык педагогика), укук таануу менен биригүүсү түзөтүү (эмгек педагогикасы), аскердик билимдер менен биригүүсү (аскер педагогикасы) ж. б. “кошунду” дисциплиналарды пайда кылды.

Азыркы шартта педагогика илиминин түрдүү тармактары боюнча эң баалуу материалдар жана тажрыйбалар топтолуп жатат; педагогикалык изилдөөлөрдүн масштабы жана саны кескин өсүүдө, педагогикалык информациялардын агымы күчөп жатат. Бирок, педагогиканын айрым бөлүмдөрүндөгү жана тармактарындагы иштелмелердин ашыкча автономдоштурулгандыгынын натыйжасында жеке изилдөөлөрдүн корутундулары жалпы теорияда чагылдырылбай келүүдө. Бул кемчиликтерди жоюу педагогиканын керектүү милдеттеринин бири жана анын мындан аркы өнүгүшүнүн шарты болуп эсептелет.



Педагогика илими жана анын категориялары

Педагогиканын жалпы түшүнүктөрү (категориялары) – тарбиялоо, окуу, окутуу, билим берүү, педагогикалык процесс. Категорияларда аларда белгиленүүчү чындыктуу кубулуштардын өзгөрүүлөрү жана илимий ойдун ар бир кубулуштун маани-маңызына тарап жайылышынын даражасы чагылдырылат. Kөп педагогдор (П. Г. Редкин, А. Н. Острогорский, Л. Н. Толстой ж. б.) өз эмгектерин түшүнүктөрдү анализдөөгө жана аларга аныктама берүүгө, алардын арасындагы өз ара байланыштарды мүнөздөөгө арнашкан. Педагогикалык түшүнүктөрдүн системасын иштеп чыгуу, тиешелүү аныктамаларды жана терминдерди тактоо иши улантылып жатат; ошондой болсо да педагогиканын категорияларын азыркыча түшүнүп кабылдоого мүнөздүү болгон негизги тенденциялар ачык болду.

Тарбиялоо, сөздүн кең маанисинде – өсүп-өнүгүүгө таасир этүү жана ошол таасирдин натыйжасы. Адамды анын бүткүл өмүрү (турмушу) тарбиялайт деген ойдун мааниси да дал ушунда. Сөздүн адистик тар маанисинде тарбиялоо деп тарбиялоочунун жумушун, өсүп-өнүгүүгө максаттуу жетекчилигин жана ошол жетекчиликтин натыйжасын түшүнөбүз. Педагогикалык жетекчилик мурдагы педагогикада тарбиячынын тарбиялануучуларга түздөн түз таасир этүүсү деп эсептелинип келген. Илимий педагогика ырастоосу боюнча адамдын инсандыгы ишмердик процессинде калыптанат. Бул ишмердүүлүүк өсүп-өнүгүүгө чоң таасир этет, б. а.

Окуу – бул түшүнүктү кыскача билимдерди, билгичтиктерди жана көн-дүмдөрдү өздөштүрүү деп аныктоого болот. Мурда бул термин адамга гана карата колдонулуп келген болсо, азыр кибернетикалык адабияттарда ал о. эле машиналарды “окутууга” карата да пайдаланылат. Ушуга байланыштуу “окуу” түшүнүгү максаттуу аракеттердин тажрыйбасы катары бир кыйла кеңири талкууланып жүрөт.

Окутуу – сөздүн тар маанисинде, окууга жетекчилик кылуу. Кең мааниде алганда окутуу эки жактуу процесс; ал окуу материалын берүүнү жана өздөштүрүүнү, б. а. мугалимдин ишмердигин (сабак берүүнү) ж-а окуучулардын ишмердиктерин (окуп билим алууну) ичине камтыйт.

Билим берүү – системалаштырылган билимдерди жана аларга байланыштуу болгон практикалык таанып билүүчүлүк ишмердикти өздөштүрүү процессин жана натыйжасы. Педагогикалык процесс улам жаңыланып туруучу социалдык маселелерди ийгиликтүү чечүү үчүн коомдук турмуштун бардык сферасында болуп өтүүчү тарбиялоо менен билим берүүнүн, окутуу менен окуунун, өзүн-өзү тарбиялоо менен кайрадан тарбиялоонун, нукура тарбиялык ишмердик менен кеңири социалдык кубулуш катарындагы тарбиянын өз ара байланыштарын аныктап чыгып, алардын бири бирине камтылыш татаал процесстерин терең анализдөөгө туура келет. Мына ушул кубулуштарды толугураак чагылдыруу үчүн педагогикадагы категориялардын бири катарында “педагогикалык процесс” деген термин кеңири колдонулат.


Педагогиканын келип чыгышы жана өнүгүшү

Педагогиканын калыптанышы турмуштук байкоолордон жалпылаштырууга карай, тарбия жөнүндөгү ар түрдүү ойлордун айтылышынан толук педагогикалык системаларга карай, эмпирикалык сунуштардан нукура теориялык изилдөөлөргө карай, эркинче айтылган ойлордон эксперименталдык текшерилүүчү концепцияларга карай, сапаттык анализдөө методдорун колдонуудан так (өлчөө, ченөөлөрү болуучу) сандык баалоолорго жана мүнөздөмөлөргө карай, жоромолдуу ойлор менен утопиялардан илимий алдын ала көрө билүүлөргө карай багытталып калыптанып олтурган. Көп тармактуу бул татаал процесс уланууда, азыркы педагогиканын түрдүү бөлүмдөрү бирдей өнүккөн жок. Мис.; окутуу процессин изилдөөлөрдө сандык талдоо методдору кеңири колдонулат, мында окутуунун алгоритмдери аныкталат, аны программалоонун проблемалары иштелип чыгат, бирок, тарбиялоонун методун иликтеп изилдөөдө сандык талдоо методун колдонуу боюнча биринчи гана кадамдар жасалууда. Социалдык-педагогикалык проблемаларды изилдөөдө тарбиялоо теориясы билим берүү теориясынан бир кыйла алдыда.

Педагогиканын өсүп-өнүгүүсүнүн түрдүү этаптары түрдүүчө тереңдикте жана түрдүү толуктукта изилденген, бирок, бул процесстин негизги контуру жетишерлик даражада аныкталган. Бизге белгилүү болгон биринчи педагогикалык жалпылоолор кул ээлөөчүлүк коомдогу тарбияга тиешелүү. Тарбиялоонун жана окутуунун максаттары, тартиптин мааниси, мугалимге жана окуучуга коюлуучу талаптар жөнүндөгү пикирлерди Байыркы Чыгыштын ойчулдары айтышкан. Ал пикирлерди эмпирикалык системалардын педагогикасынын башталышы деп кароого болот. Байыркы доордун педагогикасы сөзсүз авторитардык болгон. Анын максаты тарбиянын жардамы менен ыймандуулукту жана каада-салтты, коомдук түзүлүштү: Египетте жрецтер сословиесинин талашсыз авторитетин, Индияда касталык топтордун түзүлүшүн, Кытайда императордун буйруктарын жана үй-бүлө традицияларынын кебелбес туруктуулугун сактоо болгон. Байыркы доордогу педагогикалык ойлор философиянын, диндин, саясаттын системасында пайда болуп өнүккөн; адам, коом, жакшылык жана жамандык жөнүндөгү жалпы түшүнүктөр менен биргелешкен; диний китептерде (Библия, Куран, Талмуд ж. б.) ата-энелер жана балдар өздөрүн кандай алып жүрүү керектиги жөнүндөгү нормалар, деталдаштырылган акыл-насааттар баяндалган. Байыркы замандын философиясы Африкада (б. з. ч. V–IV к.) эң күчтүү өнүккөн. Демокрит, Протагор, Сократ, Платон, Аристотель теоретик педагогдор болушкан. Алар мектептик жана үй-бүлөлүк тарбия маселелери менен чектелишкен эмес; социалдык кеңири проблемалар: саясат жана тарбия, мамлекет жана инсан, билим берүүнүн коомдун турмушундагы мааниси ж. б. изилдешкен. Байыркы замандын педагогикасынын тарбиядагы күчтүү жагы мына ушунда, бирок, дал ушул проблемаларды чечүүгө кул элөөчүлүк коомдун идеологиясы (тарбиянын ошол кезде жашап турган мамлекетти чыңдоонун куралы катарында пайдаланылышы, гармониялуу өнүккөн адамдын барыдан мурда кул ээлөөчүлүк мамлекет тарабынан коюлган маселелерди ишке ашыруунун каражаты деп эсептелиши) таасир эткен. Албетте, мындайларды ал кезде адам катары эсептелбеген кулдар эмес “эркин төрөлгөндөр” деп түшүнүшкөн. Антикалык (байыркы гректик, байыркы римдик коомдук түзүлүш) педагогика тарыхый жагынан гана эмес, өзүнүн эң бай эмпирикалык байкоолору, ой жүгүртүүлөрү, көрөгөч божомолдору менен биз үчүн баа жеткис кызыктуу. Антикалык ойчулдар, о. эле педагогика кээ бир жалпы теориялык жоболорун (билим берүүнүн тарбиялоочулук баркы, адамды комплекстүү тарбиялоонун зарылдыгы, фрагментардык “көп кырдуу билимге” караганда системалык билим берүүнүн артыкчылыгы жөнүндөгү ж. б.) формулировкалашкан. Байыркы грек философиясында педагогиканын өнүгүшүнүн негизги тенденциялары: материалисттик тенденция негизинен Демокритте (б. з. ч. 460–370-ж.), идеалисттик тенденция Сократта (б. з. ч. 469–399-ж.) жана анын окуучусу Платондо (б. з. ч. 427–347-ж.) так туюнтулуп көрсө-түлгөн. Демокриттин ырастоосу боюнча адамдын акыл-оюнун калыптанышында анын турмуштук тажрыйбасы, иши, кылык- жоругу чечүүчү мааниге ээ. “Жаратылыш менен тарбия окшош. Тарбия адамды өзгөртөт жана аны башкача кылып жаралтуу менен жаратылышты түзөт”. Анын мындай көз карашына Сократтын борбордук педагогикалык идеясы таптакыр карама каршы. Сократ педагогдун башкы милдети – адамдардын алардын өздөрүндөгү мурдатан билинбей келгенсиген түшүнүктөрдү жана элестөөлөрдү сездирип ойготуу болуп эсептелет. Буга “сократтык аңгеме” менен жетишүүгө болот, мындай аңгеме өткөрүүчү сүрөмөлөп жетелөөчү суроолорду берүү менен керектүү корутунду чыгарат. Демокриттин ырастоосу боюнча адамдар жаратылыштан эмес көнүгүүдөн, үйрөнүүдөн, аракеттенүүдөн жакшырат, ал эми Сократ боюнча жакшы болуш үчүн эмне жакшы, эмне жаман экендигин билүү гана жетиштүү. Демек, Сократ адамдын ахлак-адептүүлүгү анын билиминде деп эсептеген. Методологиялык негиздери боюнча бири-бирине карама- каршы бул позицияларда жалпы формада болсо да, тарбияны эки башка позицияда кабылдоо белгиленген. Биринчиси (материалисттик) бытиёну, жашоо-тиричиликтин мүнөзүн, тажрыйбанын ролун алгачкы аныктоочу деп тааныйт. Экинчиси (идеалисттик) “таза” аңдап сезүүнү, моралдык үгүттөөнү, таасирдүү сөздү кыялга батууну ашкере даңазалайт.

Байыркы Грециянын эң ири окумуштуусу Аристотель (б. э. ч. 384–329-ж.) материализм менен идеализмдин ортосунда олку-солку болгон, бирок, бул проблеманы теориялык жактан карап чыгып, ал акырында Демокриттин позициясын уланткан. Анын окуусу боюнча дене (тело) жандан (душа-ой) мурда жаралган сыяктуу эле акыл-эси болбогон жандын элементи да акыл-эстүү элементтен мурда жаралат... Сезим ойгонгон абал, эрктүүлүк аракеттер, о. эле кумарлануу, дилгирленүү жаңы төрөлгөн балдарга да таандык, ошондой болсо да эстүүлүк жана ойлонуу жөндөмү, албетте, кийинчерээк – алардын чоңоюшу менен пайда болот. Ошондуктан, жан (душа-ой) жөнүндө кам көрүүдөн мурда дене жөнүндө кам көрүү керек, андан ары, денеден кийин шыктуулукту тарбиялоо жөнүндө кам көрүлөт, анткени аны калыптандыруу акылды тарбиялоого, ал эми денени тарбиялоо – жанды тарбиялоого кызмат кылууга тийиш.

Байыркы Рим адабиятында педагогика маселелерине салыштырмалуу аз орун берилген. Батыш Европа элдеринин педагогикасына христиандык идеологиянын келип чыгышы жана анын көп кылымдар бою эволюциялык өнүгүшү өтө таасир эткен. Алгачкы христианство кулдардын жана эзилген эмгекчилердин идеологиясы катары пайда болгон. Бирок, IV кылымдын башталышында эле ал идеология Рим империясынын расмий идеологиясы деп таанылган. Ф. Энгельстин сөзү боюнча “чиркөө... феодалдык түзүлүштүн эң эле жалпыланган синтези” болуп калган. Бул синтездин элементтеринин бири – тарбия, ал эми анын жетекчилери – чиркөөнүн ишмерлери болушкан. Педагогика маселелери негизинен дин илиминин трактаттарында жарыяланып турган. Педагогикалык ой-пикирлер диний догмалардын кысымында болгон: бул жарык дүйнөдөгү адамдар – келгиндер, жолоочулар; адамдын денеси – бул шайтандын түтүкчөсү; ой-пикирлер жана каалоо-тилектердин бардыгы күнөө; тарбиянын башкы максаты – тукумдарды каза таптырып, алардын арбактарын, периштелерин жоошуутуу болуп эсептелет деген сыяктуу диний догмалар орун алган. Бул көз караштар, албетте, илимге зыяндуу. Чиркөө ишмерлеринин арасында өз учуру үчүн билимдүү философтор жана жазуучулар болушкан. Алар педагогикалык трактаттарды түзүшкөн, догмаларды формулировкалашкан, педагогикалык кеңештерди беришкен, бирок, ошондой болсо да “орто кылымдагы билим берүү менен тарбиянын мазмуну ошол кездеги чиркөө менен диндик түзүлүшкө карата аныкталгандыктан, ал кезде педагогикалык теория жөнүндө сөз болушу да мүмкүн эместигине алар ынанышкан”. Фанатик чиркөөчүлөр грамматика “негизги диндик китепти” окуганды, философия “еретиктерди шылдыңдап маскаралоого” кызмат кылганды, астрономия болсо диний майрамдардын даталарын эсептөөнү үйрөтүшү керек деп талап кылышкан.

Педагогиканын андан аркы өнүгүүсү феодализм урап, буржуазиялык коом пайда боло баштагандагы Кайра жаралуу дооруна (Италияда – XIV–XVI к., башка өлкөлөрдө XV–XVI к. акыры) туура келет. Адегенде схолистика расмий философия болуп кала берген, бирок антикалык ойчулдарга кайрылуу, табияттаануунун ийгиликтери, маданияттын жалпы жогорулашы философияда билим берүүнүн бардык системасында жана педагогика тармагында схоластикага каршы багыттардын пайда болуп күчөшүнө таасир эткен. Орто кылымдын атеизмине адамдын ар тараптан өнүгүү идеалы каршы коюлган. Аларды ойчул-гуманисттер: испаниялык психолог жана педагог Х. Вивес, англиялык саясый ишмер Т. Мор, франциялык жазуучу Эразм Роттердамский ж. б. негиздеп өнүктүрүшкөн. Гуманисттердин педагогикалык көзкарашында, албетте, ар бир автордун улуттук бөтөнчөлүгү, өлкөсүнүн спецификасы, өзүнүн жеке кызыкчылыгы чагылдырылган. Бирок, негизги педагогикалык талаптар бардык гуманисттер үчүн бирдей жалпы болгон. Алар үчүн көңүлдүн борборунда – адам, анын турмушту сүйүүсү, өмүргө кумарлануусу, активдүү ишмердикке суктануусу турган. Гуманисттердин көзкараштары, ой-пикирлери азырынча системалаштырылган бирдиктүү педагогикалык теория боло алган эмес. Педагогикалык ой-пикирлер ар түрдүү адабияттык формаларда: философиялык трактаттарда (мис.; Х. Вивестин “Илимдерди окутуу жөнүндө”), сатиралык ой толгоолордо (мис.; Эразм Роттердамскийдин “Похвальное слово глупости”), фантастикалык баяндоолордо (Т. Мордун “Утопия”), сатиралык романда (Ф. Рабле “Гаргантюа и Пантагрюэль”), философиялык эсселерде (“Опыты” М. Монтень) жазылган. Гуманисттердин идеялары педагогиканын өнүгүшүнө таасир этип, аны чагылдырганы менен XV–XVI кылымдарда мектептерде схоластика басымдуулук кылган. XVI кылымда түзүлгөн “Общество Иисуса” (“Иисустун коому”) аттуу реакциячыл католиктик иезуиттер ордени өзүнүн авторитардык педагогика системасын иштеп чыккан. Элдик массасынын караңгылыгын иезуиттер диндик ишенимдерди сактап калуунун шарты деп эсептешкен. Алар негизинен орто жана жогорку мектептерди ачышкан.

Кайра жаралуу доорунун акырында гуманизм өзү да таза философиялык мүнөзгө ээ болгон. Схоластиканы сынга алуу (Н. Кузанский, Дж. Бруно, Т. Кампанелла ж. б. ойчулдардын) натурфилософиялык концепцияларына байланыштуу болуп дүйнөгө схоластикалык көзкараш жана дүйнөнү схоластикалык методдор менен аңдап билүүлөр бузулуп талкаланган; теологиянын бүткүл тармактарына кайтадан материалисттик тенденцияга жол ачылган.

Жаңы доордун материализминин атасы Фрэнсис Бэкондун (1561–1626-ж.) көзкарашын марксизмдин негиздөөчүлөрү: “Илим – бул тажрыйбалык илим жана ал рационалдуу методду туюлуп сезилүүчүлөргө пайдалануудан турат. Индукция, анализ, салыштыруу, байкоо, эксперимент – рационалдуу методдун башкы шартынын маани-маңызы” (К. Маркс, Ф. Энгельс. Соч., 2 изд., т. 2, с. 142) деп мүнөздөшкөн. “Илимдердин жакшы жагы жана аларды өркүндөтүү жөнүндө” деген сочинениесинде Бэкон окумуштуулар тарабынан топтолгон билимдерди системалаштырып, аларды жаңыча классификациясын сунуш кылган. Мында педагогика өзүнчө дисциплинага бөлүнгөн, бирок, анын предмети толук белгиленген эмес; мис., педагогика негизинен китеп окууга жетекчилик кылуу деп түшүндүрүлгөн. Сунуш кылынган системаны жетекчиликке алып Бэкон педагогикалык проблемаларды өзүнүн эмгегинин түрдүү бөлүмдөрүндө: дене тарбияны адамдын денеси жөнүндөгү илимге байланыштырып, окутуунун ыкмалары – “речтин методунун теориясы” китебинде, адептик тарбияны – адам жөнүндөгү китебинде ж. б. карап чыккан. Бэкон өнөкөт, адаттардын маанисин ар тараптан анализдеп чыгып, адат адамдын жаш кезинен башталып өнөкөткө айлана тургандыгын жана тарбия дегенибиздин мааниси – бул эрте калыптанган адат деп белгилеген. Бэкондун бул ойлору кызыктуу болгондугуна карабастан унутулуп калган. Таанып-билүүнүн сенсуалисттик теориясынын Бэкон тарабынан айтылган жоболору педагогиканын андан аркы өнүгүүсүнүн гносеологиялык негизи болуп калган; Коменскийдин дидактикасы, Локктун философиялык, психологиялык жана педагогикалык чыгармалары дал ошол теорияга таянат.

Педагогиканы салыштырмалуу өз алдынча теориялык билимдин тармагы катарында Ян Амос Коменский (1592–1670) иштеп чыккан. Анын “Великая дидактика” аттуу чыгармасы үгүттөөчүнүн сөзү же акыл-насыят айтуусу эмес, ал 9 www.bizdin.kg теоретиктин жалпылаштыруучу эмгеги. Мында педагогикалык система логикалык жактан негизделген ойлордун, далилдөөлөрдүн жана корутундулардын өз ара байланышкан формасында баяндалып берилген. Ал системада педагогикалык кубулуштардын универсалдуу жалпы закон ченемдүүлүктөрү, мугалимге коюлуучу талаптар ишке ашырылган. Ал идея адамдардын бирдейлиги жөнүндөгү жаңы гумандуулук көзкарашынын талабына, мектептин социалдык жаңы идеясына: “бардыгын бардыкка үйрөтүү” идеясына толук жооп берген. Коменскийдин педагогикасы өз учурундагы граждандык тарыхтын жана маданияттын мүнөздүү белгилерин чагылдырган. Коменскийдин дидактикасында дин менен байланыштуулук сакталып калган. Ф. Бэкондун таасири астында өнүккөн материалисттик сенсуализмдин идеялары христиандык көзкараштар (адамды аркы дүйнөгө даярдоо) менен кошулуп кеткен. “Великая дидактиканы” Коменский жаңыдан өнүгө баштаган капитализм менен анын катуу кысымында калган феодализмдин курч күрөшүү доорунда жазган. Коменскийдин педагогикасы ошол тарыхый процесстин прогрессивдүү күчтөрүнө кызмат кылып, схоластикалык мектепке күчтүү сокку урган, мектеп тажрыйбасынан чыккан жакшылыктарды жалпылап анын өнүгүшүнүн келечегин чагылдырган.

Педагогика андан аркы өнүгүүсүнө мүнөздүү көрүнүш – бул тарбия теориясы менен окутуу теориясынан кескин дифференциацияланышы болуп эсептелет. Алар Коменскийдин дидактикасында дагы эле бирге коюлуп келген. Европалык адабиятта адептик тарбия проблемаларын жаңы башталыштарда иштеп чыгуунун биринчи аракети Дж. Локк (1632–1704) тарабынан жасалган. Анын “Мысли о воспитании” деген китебинде байкоолордон дыкаттык менен тандалып алынган эң кеңири материал камтылган. Локктун материализми (Ф. Бэкон менен Я. А. Коменскийдики сыяктуу) дагы эле метафизикалык мүнөздө болгон. Ошондой болсо да Локк педагогика өнүгүүсүн кыйла уланткан. Ал эмпирикалык психологияны иштеп чыгып инсандыкты тарбиялоо, кулк-мүнөздү калыптандыруу, өз алдынча ойлонууну өнүктүрүү проблемаларын изилдеген.

Франциялык агартуучулар тарбия маселесин адамдын турмушунун жана коомду кайра куруунун кардиналдык проблемалары менен бирдикте карашкан. 1748-ж. жарык көргөн Ш. Л. Монтескьёнун “О духе законов” китебинин бир главасында башкаруунун түрдүү формаларына (монархияга, деспоттук мамлекетке, республикага) ылайыктуу тарбияны карап чыгып деспоттук тарбиянын жагымсыз кемчиликтерин ашкерелеп ага “республикалык тарбияны” каршы коёт. 10 жылдан кийин К. А. Гельвеций “Об уме” китебин анонимдүү жарыялайт; 1773-ж. анын “О человеке, его умственных способностях и его воспитании” китеби чыгат. Бул чыгармаларда тарбиянын жаратылышы адамдын жаратылышы жана ага социалдык түзүлүштүн таасири менен тыгыз байланышта изилденет. Жөндөмдүктөрдүн жаратылыш бирдейлиги жөнүндөгү теорияны өнүктүрүү менен Гельвеций адамдардын социалдык бирдейлик идеясына келген, сословиелик артыкчылыктарга каршы, аристократиянын билим берүүгө жана маданиятка жасаган монополиясына каршы чыккан. Франциялык материалисттердин башчысы Д. Дидро (1713–1784) бул концепцияларды өтө тактаган. Ал Гельвеций сыяктуу эле бардык нормалдуу адамда потенциалдуу жакшы шык болоруна шектенген эмес, эски феодализм, чириген коомдук тартип, эрежелер таланттарды муунтуп басып, балдарды билимсиз калтыра тургандыгын түшүнгөн. Бирок, Дидро Гельвецийдин адамдар арасында жаратылышы боюнча жеке айырмачылык жок имиш деген ырастоосун туура сындап көрсөткөн. Ал тарбиялоо жана билим берүү жекеликти (индивидуальность) өнүктүрүүгө тийиш деген педагогиканын эң орчундуу жоболорунун бирин жактап калган. Экономика менен маданияттын өнүгүш шартын Дидро физика-математикалык жана табият илимдерин жайылтуудан көргөн. Ошонун натыйжасында педагогикада чындыктуу билим берүү жаңы идеясы ырасталган.

Педагогикалык ойлордун өнүгүү тарыхында Ж. Ж. Руссонун (1712–1778) педагогикасы бөтөнчө орунда турат. Ал агартуучуларга чукул жакындашкан, бирок закондуулукту өркүндөтүү жана жалпы билим берүү коомду адептүү идеалга алып келүүсү мүмкүн деген жалган көзкараштан эркин болгон. Өзү жашап турган коомдо илим жана искусство амалкөйлүккө, меркантилизмге, чириген моралга гана кызмат кыла тургандыгын мазактап курч формада далилдеген. Руссо иштеп чыккан педагогикалык системанын балдардын табийгый өнүгүшү менен эсептешүү керек деген негизги талабы педагогиканын XVIII кылымдагы мыкты жетишкендиги болгон. Коменский үчүн тарбияны жаратылыштын жалпы законуна баш ийдирүү болсо, анда Руссо жаратылышка ылайыктыкты баарыдан мурда тарбиянын балдардын жаратылышына, алардын шыгына, алардын жаш өзгөчөлүктөрүнө шайкеш (туура дал) келүүсү деп эсептеген. Ал: адам 10 www.bizdin.kg жаратылышынан кемтиксиз мыкты, табигый абалында бардык адам бирдей, адамдын башкы табигый укугу – эркиндик деп жарыялаган. Мына ошондон табигый (эркин) жалпы адамзаттык тарбиялоо талабы келип чыккан. Руссонун педагогикасы ой жүгүртүүдөн жаралган абстракттуу конструкцияланган система болгон. Анын “Эмиль, или О воспитании” деген китеби роман-трактат эле. Ал китепте кеңири философиялык ой жүгүртүүлөр, гениалдуу социологиялык божомолдор, айрым психологиялык байкоолор жана педагогикалык тажрыйба менен далилденбеген фантазия түрүндөгү сунуштар бөтөнчө айкалыштырылып берилген. Руссонун педагогикалык көзкараштары социалдык гана эмес психологиялык шарттары (өбөлгөлөрү) боюнча да карама-каршылыктуу болгон. Адам жаратылышын идеалдаштырып, ал баланын өз алдынча өнүгүү мүмкүнчүлүгүн ашыкча баалаган, балдардын жеке “изилдөөчүлүк” тажрыйбасын билимдерди системалуу үйрөнүүгө каршы койгон. Тарбиялоону өз алдынча өнүгүүгө багыттоону талап кылып, ал дагы бир объективдүү зарылчылыкты – өнүгүүнү багыттоо зарылчылыгын барктабай койгон.

XVIII кылымда Германиянын шарттарында жаңы көз караштар жана идеалдар коомдук турмушта эмес, философияда бекитилген, анткени ал кездеги немецтик буржуазия артта калган жана начар болгон. Немецтик идеализмдин негиздөөчүсү И. Кант (1724–1804) философияны, этиканы жана педагогиканы ашыкча баалоо менен сындап карап чыккан. Канттын өтө карама-каршылыктуу педагогикасында өз уят-сыйытын сактоо, өз милдетин актоо, адептик закондун талаптарына баш ийүү идеясы терең орун алган. Бирок, ал законду Кант формалдуу түшүнгөн. Эгерде адамдын кылык-жоругу, кылган иши кандай гана жакшы болбосун эгер аны адам милдеттүүлүктөн эмес, өзүнүн жөндөмдүүлүгү боюнча аткарса, анда Кант ал кылык-жорукту адептүү деп эсептеген эмес. Ошондуктан адептүү адат-көндүмдөргө ал “таза” моралдык ой-сезимди каршы койгон. Бул догма педагогикада идеалисттик ырым-жырымдарды бекитип, педагогикалык теория менен практиканын айырмачылыгын негиздеген.

Педагогикалык ойлордун өнүгүшүнүн жаңы этабы швейцариялык педагог-демократ И. Г. Песталоццинин (1746– 1827) чыгармачылыгына байланыштуу. Анын чыгармачылыгына Руссонун демократизми, Француз революциясынын педагогикалык идеялары жакшы таасир эткен. Песталоцци биринчи жолу окуу менен өндүрүмдүү эмгекти бириктирип, аны тарбияга кызмат кылгыдай пайдалануу керек деп далалаттанган, ал политехникалык даярдоо идеясына жакын турган. Мектепте окутуу жолу менен ар бир баланын жөндөмдүүлүгүн өнүктүрүү, балдарды турмушка үйрөтүү жолу менен элди өз алдынча жашоого даярдоо жөнүндөгү анын идеясы XIX кылымдагы буржуазиялык-демократиялык педагогиканын туусу болуп калган. Песталоцци тарбиялоону жекечелештирүү талабын койгон, тарбия менен өнүгүүнүн өз ара байланышын ар тараптан анализдеп чыгууга аракеттенген, элементардык билим берүү теориясын түзгөн, башталгыч (элдик) мектептин жеке методикаларын иштеп чыгуу боюнча көп иштерди жасаган. Песталоццинин ысымы алга жылуунун символу, осуяттары өз учурундагы прогрессивдүү педагогиканын идеологиялык куралы болуп калган. Ошондой болсо да анын концепциялары карама-каршылыктуу болгон. Ал саясаттан көз каранды эмес мектептин болушу, балдарды курчап турган чөйрөдөн – турмуштун таасиринен изоляциялоо мүмкүн деп ишенген, эненин балага болгон сүйүүсүн тарбиянын негизги жана чечүүчү методу катары баалаган. Песталоццинин чыгармачылыгы татаал жана карама-каршылыктуу болгондугунун натыйжасында аны менен ар түрдүү багыттагы философтор жана педагогика ишмерлер байланыштуу болушкан. Германияда Кант, Фихте, Гербарт, Фребель Песталоццинин идеяларын түрдүү чечмелөө менен өздөрүн анын жактоочулары деп эсептешкен.

Педагогиканын философиялык жана психологиялык аргументтүү далилденген теория катары иштеп чыгууга биринчи болуп И. Ф. Гербарт (1776–1841) аракеттенген. Ал педагогика менен этиканын байланышы жөнүндөгү маселени карап чыгып, педагогика үчүн философиялык жана психологиялык фундамент зарыл экендигин негиздеген. Гербарттын философиясы менен психологиясы бардык кубулуштарды түбөлүктүү жана өзгөрүлбөй тургансыган элементтерге бөлүү деген метафизикалык идеяга бaш ийген, мис.; материалдык дүйнөдө – бул реалдар деп аталуучулар; адептүүлүк жагында – бул жөнөкөй, караманча абстрактуу этикалык башталыштар; адамдын психикасында – бул элементардык түшүнүктөр аң- сезимдин атомдору. Гербартчылардын балдарды башкарууну алардын эркин басынтуу катарында карагандыгы ачык авторитардык мүнөздө болгон. Гербарттын көз карашынын көп сандаган улантуучулары (О. Вильман, К. Стой, В. Рейн) анын педагогикалык системасын жакшыртууга аракеттенишкен, бирок, алардын бул аракети толук аткарылбастан, айрым гана маселелер менен чектелип калган.

Педагогиканын теориясынын өнүгүшүнө Германиядагы солчул песталоцисттердин башчысы Ф. Дистервег (1790– 1866) көмөк көрсөткөн. Адамдык жаратылышты жана анын өнүгүүсүн талап кылуу менен Дистервег жаратылышка ылайыкташуу принциби салыштырмалуу экендигин биринчи көрсөткөн, ал “жаратылышка ылайыкташууну” “маданиятка ылайыкташуу” (б. а. коомдук өнүгүүнүн керектөөлөрү) менен айкалыштырууга чакырган. Дидактикалык эрежелердин салыштырмалуулугун, ийкемдүүлүгүн, карама-каршылыгын алардын өз ара байланышын көрсөтүүгө багытталган анын аракеттери дидактика үчүн жаңылык болгон. Педагог-диалектик Дистервег өзүнүн дидактикасында Гегелдин өнүгүү идеясын жетекчиликке алган. Ал окутуу процессин терең анализдеп чыгып, бир топ методикалык кеңештерди берген. Педагогиканын буржуазиялык тарыхында Дистервегге тийиштүү баа берилген эмес; аны эң мыкты көрүнүктүү практик деп гана аташып, анын оригиналдуу ойчул экендиги жөнүндө эч нерсе айтылган эмес.

Педагогиканын XVIII–XIX кылымда өнүгүшү социалдык-утопиячылардын окуусунун келип чыгышына байланышкан. Францияда А. Сен-Симон менен Ш. Фурье, Англияда Р. Оуэн масштабы боюнча эбегейсиз чоң, өтүмдүү, божомолдору боюнча гениалдуу, бирок илимий негизделбеген социалдык, анын ичинде педагогикалык реформалардын долбоорлорун сунуш кылышкан. Таптык-антагонисттик коомдун акылга сыйбаган структурасын жактырышпай алар “бардыгынын баары менен” күрөшүнө таянган мамлекетти сынга алышкан, коомдун жана айрым инсандын кызыкчылыктарын ар тараптан бириктирүүгө умтулушкан. Сен-Симон (1760–1825) билим берүүдөгү сословиелик артыкчылыкты кабыл алган эмес, эмгекке жөндөмү боюнча иштөөгө бардык жарандар акылуу экендигин далилдеген; илимий билимдер да бардык адамдарга жеткиликтүү болууга тийиш. Фурье (1772–1837) келечектеги коомду бардык мамилелер күчтүү тилекке, кызыгууларга негизделген эркин эмгектик ассоциация катары элестеткен. Оуэн (1771–1858) “Об образовании человека” (1812) деген китебинде адамдын кулк-мүнөзү айланадагы шартка жараша түптөлө тургандыгы жөнүндөгү ойду теориялык жактан өркүндөткөн. Америкалык философ, психолог жана педагог Джон Дьюи (1859–1952) келечектеги мектеп жалпы практикалык эмгекке негизделген балдардын чакан коому болуш керек деп эсептеген. Өндүрүмдүү эмгек анын ою боюнча жаңы мектепти турмуш менен байланыштырып, балдардын көндүмү болуп калат да, билим берүүнүн жана тарбиялоонун каражатына айланат. Дьюинин ою боюнча эмгек мектеби коомдук тартипке тарбиялоого керектүү шарт түзөт, балдардын өз алдынчалыгынын жана чыгармачылыгынын аренасы болуп эсептелет. Принцибинде ушул туура жоболорду Дьюи негизинен алганда консервативдик, утилитардык (кийинчерээк ачык реакциячыл болуп кеткен) мазмун менен толтуруп таштаган.

Дүйнөлүк педагогикага ошондой эле Россиянын экономикасы менен маданиятына байланышкан көптөгөн педагогикалык проблемаларды Россиялык, Украиналык, Белоруссиялык педагогика ишмерлери чечишкен. Ошол кездеги эски көз караштарга каршы туруп алар бардык адамдар бактылуу болууга, жаратылыш байлыктарынан пайдаланууга, өз эмгегинин үзүрүн көрүүгө, агартуунун жакшылыгын алууга бирдей укуктуу экендигин салтанаттуу жарыялашты. Россияда маданиятты жана агартууну өнүктүрүүгө багытталган мамлекеттик ири өзгөртүп түзүүлөр доорунда (XVII к. аягы, XVIII к. башы) Пётр I тарабынан чакырылган чет элдик окумуштуулардан башка да орус педагогика ишмерлери Л. Магницкий (1669–1739), Феофан Прокопович (1681–1736), М. Смотрицкий (1657–1733), В. Татищев (1686–1750) жемиштүү эмөнүгүшү тарбиянын алдына коюла турган жаңы милдеттер, мектепти өнүктүрүү тенденциясы, айрым окуу предметтерин окутуунун методикасы боюнча кеңештер ж. б. чагылдырылган. Улуу орус окумуштуусу, Россиядагы материалисттик философиянын негиздөөчүсү М. В. Ломоносов (1711–1765) билим берүүнүн жалпы элге жеткиликтүү болуусуна умтулуп, сословиесиз окутуунун принцибин талап кылган. Ломоносовдун демилгеси менен анын долбоору боюнча 1755- ж. Москва университети ачылган, ал академиялык гимназиянын жана Москва университетинин гимназиясынын “Регламенттерин” жазып, жогорку мектеп үчүн бир катар окуу китептерин жана окуу куралдарын даярдаган. Ломоносовдун “Регламенттеринде” ошондой эле балдарды тарбиялоо жана окутуу жөнүндөгү анын ойлору баяндалган. Педагогика боюнча биринчи монографиялык сочинениелер Россияда XVIII кылымдын экинчи жарымында пайда болгон. Алардын авторлору – И. И. Бецкой (1704–1795), Ф. И. Янкович де Мириево (1741–1814), Н. И. Новиков (1744– 1818) педагогика билимин жайылтуучулар болгон. Россияда педагогиканын андан аркы өнүгүшү боштондукка чыгаруу кыймылынын өсүшүнө, крепостнойлукка каршы күрөшкө байланыштуу болгон. Орус революция ойлорун негиз салуучу А. Н. Радищев (1749–1802) өзүнүн саясый жана философиялык чыгармаларында педагогикалык маселелерди да карап чыгып сословиелик мектепти демократиялык позициядан сынга алган, элди агартуу маселесин болочок (дыйкандар) революциясынын шарты катары көтөрүп чыккан. Орус революциячыл демократтар В. Г. Белинский (1811–1848), А. И. Герцен (1812–1870), Н. А. Добролюбов (1836–1861), Н. Г. Чернышевский (1828–1889) педагогиканын төмөнкүдөй теориялык проблемаларын иштеп чыгышкан: адамдын жаратылышы жана аны тарбиялоо, тарбиянын максаты, коомдук турмуштагы тарбия менен агартуунун ролу жана алардын инсандын акыл-ой кулк-мүнөзүнө тийгизген таасири, адамды жана жаранды тарбиялоо, гуманитардык жана табияттаануу билимдеринин билим берүүчүлүк мааниси, эстетикалык тарбиялоонун маңызы ж. б. Эгерде Батыш Европада агартуучулар XVII–XVIII к. прогрессивдүү буржуазиялык идеологияга жол салуу менен жалпысынан “үчүнчү сословиенин” кызыкчылыктарын жакташкан болсо, анда XVIII–XIX к. Россиядагы революциялык агартуучулук элдин кеңири массасынын миллиондогон эмгекчил дыйкандардын идеологиясы катарында көтөрүлүп чыккан. Россиядагы педагогикага традициянын материалисттик артыкчылыгы сыяктуу философиялык жоболор жана Батыш Европадагыга караганда табияттаануу фундаментинин бир кыйла бекемдиги таасир эткен. болот.

XIX кылымдын 60-жылдарындагы Россиядагы коомдук- педагогикалык кыймылды окуп толук маалымат алууга болот. Атамекендик педагогиканы билимдин өз алдынча тармагы деп теория катары негиздөөчүсү К. Д. Ушинскийдин (1824–1870) эмгектеринде турмуштун эң курч талаптары чагылдырылган. Анын эмгектеринде жалпы педагогикалык мүнөздөгү көптөгөн теориялык проблемалар каралган. Өзүнүн биринчи эле “О пользе педагогической литературы” (1857) деген макаласында Ушинский теория менен практиканын байланышын талдап чыккан. Турмуш менен байланышы болбогон кабинеттик система эч кандай ишенимге татыбайт, анын эч кандай мааниси жок деп көрсөткөн. Ушинский коомдук тарбия ишиндеги жагымдуу ойлор эки негизге: коомдун, элдин керектөөлөрү жана бардык элдерге жалпы илимдин корутундуларына таянуусу керек деп белгилеген. Ушинский социологияны илим деп эсептеген эмес, бардык элдерге жалпы деп ал антропологиянын көрсөткүчтөрүн гана эсептеген. Элдик мектептин алдыңкы ишмерлери, алардын ичинде педагог-демократ И. Н. Ульянов ж. б. Ушинскийдин идеяларын ишке ашырууга умтулушкан. Ушинскийдин эмгектери Армениянын (Г. Агаян жана Н. Гер- Геводян), Азербайжандын (Р. Эфендиев), Грузиянын (Я. С. Гогебашвили), Казахстандын (И. Алтынсарин) ж. б. прогрессивдүү педагогдордун чыгармачылыгына жакшы таасир эткен.

Л. Н. Толстойдун (1828–1910) педагогикалык иштери өзгөчө мааниге ээ. Балдардын ички дүйнөсүн психологиялык анализдөөнүн тереңдиги боюнча, расмий педагогикалык идеологиянын формалдуулугун жана такыбасынуучулугун сыноонун күчтүүлүгү боюнча анын чыгармаларына теңдеш жок. Толстойдун көз карашындагы (биринчи орус революциясынын алдындагы социалдык шарттарды чагылдырган) карама-каршылыктар анын педагогикалык көзкарашына да таасир эткен. Көрүнүктүү ойчулдар коомдун өнүгүшүнүн илимий теориясы иштелип чыга электе педагогиканын социалдык проблемаларын чече алышкан эмес. Мындай теорияны илимий коммунизмдин негиздөөчүлөрү К. Маркс менен Ф. Энгельс түзгөн. Ошондон кийин гана педагогика ишенимдүү методологиялык негизге ээ болгон. К. Маркс менен Ф. Энгельс коомду тирүү организм катарында анын иш-аракетин жана өнүгүүсүн изилдешкен, аларга чейинки бардык материализмдин бир жактуулугун, кемчиликтерин сынга алышкан. Алар илимий материализмди коомдук турмуштун тараптарына ырааттуулук менен жайылтышкан. Маркс менен Энгельстин эмгектеринде тарбиянын көптөгөн маанилүү өзгөчөлүктөрүнө: анын материалдык өндүрүш жана коомдук мамилелер менен шартталгандыгына, таптык коомдогу тарбиянын таптык мүнөзүнө, өнүгүп жаткан өнөр жайдын керектөөлөрү менен буржуазиялык мектептин антагонизмине илимий түшүндүрмө берилген. В. И. Ленин педагогиканын эң маанилүү проблемаларын: буржуазиялык маданияттын негизги карама-каршылыктары жөнүндөгү, демократиялык жана социалисттик маданияттын өнүгүшүнүн законченемдүүлүктөрү жөнүндөгү, элдин духунун өсүшүнүн шарты катарындагы пролетардык революция жөнүндөгү, пролетариаттын саясый жеңишинен кийинки маданий революциясы жөнүндөгү, көп улуттуу мамлекеттеги мектепти куруу жөнүндөгү эң маанилүү проблемаларды анализдеп чечкен. Лениндин бул идеялары советтик педагогиканын негизи болуп калган.



Советтик педагогиканын пайда болушу жана өнүгүшү

В. И. Ленин элге билим берүүнүн, маданияттын жана агартуунун өзөктүү проблемаларын иштеп чыгып ишке ашырууга түздөн-түз өзү катышкан. Педагогиканын теориясынын өнүгүшү анын саясатка байланышы, пролетариаттын маданий мурастарына жана эски мектепке болгон мамилеси жөнүндөгү, коммунисттик моралда тарбиялоонун мазмуну жана методдору жөнүндөгү, жалпы билим берүүчү мектептин окуучуларын политехникалык даярдоо жөнүндөгү маселелерге түздөн-түз байланыштуу болууга тийиш эле. Мына ушул ж. б. толуп жаткан татаал суроолорго В. И. Лениндин макалалары, мугалимдердин, саясый агартуу кызматкерлеринин, жаштардын алдында сүйлөгөн сөздөрү, анын Наркомпрос кызматкерлерине берген директивалары жооп берген. В. И. Ленин жаңы коомдо окуу, тарбия жана билим берүү эскиче калуусу мүмкүн эмес, бирок алар эски коомдон калган материалга таянышы керек деп көрсөткөн. Агартуу боюнча Бүткүл россиялык 1-съезддин (август, 1918) катышуучуларына элге билим берүү тармагындагы Совет өкмөтүнүн саясатынын принциптүү негиздерин түшүндүрүп жатып В. И. Ленин “...турмуштан четтеги, саясаттан четтеги мектеп – бул жалган жана эки жүздүүлүк” деген. Билим берүүдө улуттук, сословиелик, динге ишенүү ж. б. чектөөлөрдүн алынып ташталышы, чиркөөнү мамлекеттен жана мамлекетти чиркөөдөн ажыратуу, мектепти башкаруудагы эски сословиелик-бюрократтык аппаратты жоюу жаш муундарды окутуунун жана тарбиялоонун бардык иштерин түптамырынан кайра курууга жол ачкан. Өткөн мезгилдеги педагогиканын прогрессивдүү идеялары (билим берүүнү динге байланыштырбоо, эркек балдарды кыздар менен бирге окутуу, эмгекке тарбиялоо) ишке ашырылган; тарыхта болуп көрбөгөндөй ири маселе – мектепти таптык үстөмдүктүн куралынан коомду таптарга бөлүштүрүүнү толук жок кылуунун куралына айландырып, аны адамдын личностун тарбиялоонун куралы катарында пайдалануу ишке ашырылган. Турмуштук муктаждык болгондуктан, жаңы мектептин актуалдуу проблемалары РСФСР Наркомпростун илимий- методикалык комиссияларында эч токтоосуз каралып турган. Педагогика боюнча изилдөө иштери кеңири жүргүзүлө баштаган. Наркомпростун алдында коммуна мектеби, тажрыйба станциялары сыяктуу изилдөө лабораториялары уюштурулган. Аларды П. Н. Лепешинский, М. М. Пистрак, С. Т. Шацкий ж. б. башкарып, тарбиялоонун жана окутуунун жаңы методдорун иштеп чыгып, практикада текшерип турушкан. Педагогика боюнча теориялык ишти туңгуч советтик педагог-марксист Н. К. Крупская башкарган. Октябрь революциясынан кийин А. В. Луначарский, М. Н. Покровский элге билим берүүнүн көрүнүктүү ишмерлери менен бирдикте Н. К. Крупская К. Маркс, Ф. Энгельс жана В. И. Лениндин идеяларын активдүү пропагандалап, аларды теориялык жактан иштеп чыккан. Н. К. Крупская коммунисттик тарбиянын жана дидактиканын теориялык проблемалары боюнча иштеген, балдардын коммунисттик кыймылынын маанисин ачып көрсөткөн, саясый-агартуучулук иштердин көптөгөн орчундуу маселелерин иштеп чыккан. Педагогиканын предмети, анын философияга болгон катышы, педагогикалык ойлордун өнүгүшүнүн диалектикасы деген сыяктуу методологиялык маселелер П. П. Блонский, А. Г. Калашников, А. П. Пинкевич, Б. Б. Комаровский, И. Ф. Сводовский, О. В. Трахтенберг ж. б. эмгектеринде берилген.

Советтик мектептин жана педагогиканын он жылдык өнүгүшүнүн жыйынтыгы А. Г. Калашниковдун редакциясында даярдалган 3 томдук педагогикалык энциклопедияда (1927–1928) чагылдырылган. КПСС БКнын 1931-жылдын 5-сентябрындагы “О начальной и средней школе” деген токтомунда буга чейин сунуш кылынып келген мамлекеттин жок болушу менен мектеп да кошо жоголот да, анын ордун мектептен тышкаркы иштердин ар түрдүү формалары жана методдору ээлөөгө тийиш деген жалган теорияны айыптаган. Педагогика тармагындагы илим изилдөө иштеринин мазмуну кескин өзгөрүлүп, дидактика менен методикаларды иштеп чыгуу тездетилип, мектеп башкаруу маселелерине орчундуу көңүл бурула баштаган. 1934-жылы педагогика боюнча М. М. Пистрактын педагогикалык институттар үчүн “Педагогика” окуу китеби чыгарылган. 1934–40-ж. педагогика боюнча чыгарылган жаңы окуу куралдарын даярдоодо И. А. Каиров, П. Н. Груздев, Е. Я. Голант, Н. К. Гончаров, С. М. Pивec, Л. Е. Раскин, С. Х. Чавдаров ж. б. эмгектенишкен.

1941–45- жылдары Улуу Ата Мекендик согуштун каардуу сыноосун советтик педагогика жана мектеп өздөрүнүн негизги милдеттерин ийгиликтүү аткаргандыгын ачык көрсөттү. 1943-жылы РСФСР педагогикалык илимдер Академиясы (1966-жылдан СССР педагогикалык илимдер Академиясы) түзүлгөн. Академия дүйнөдөгү эң ири илимий педагогикалык мекеме болуп эсептелет. Ал педагогиканын негизги тармактары боюнча изилдөөлөр жүргүзөт; элге билим берүү маселелери боюнча мамлекеттик документтерди иштеп чыгууга активдүү катышат; педагогиканын бардык тармактары боюнча илимий журналдарды чыгарат. Педагогиканын зор жетишкендиги болуп А. С. Макаренконун эмгектери эсептелет, ал окутууну өндүрүмдүү эмгек менен бириктирүү жөнүндөгү марксисттик-лениндик принципти ийгиликтүү ишке ашырган. Советтик дидактикада окутуунун методдору, окутуу процессиндеги тарбия менен билим берүүнүн өз ара байланышы, окууну мотивациялоо, окуучулардын өз алдынча иштөөлөрүн уюштуруу (М. А. Данилов, Б. П. Есипов, Э. И. Моносзон, М. Н. Скаткин, С. Г. Шаповаленко ж. б.) маселелери эң сонун изилденип чыкты. Окутуу менен өнүгүүнүн өз ара байланышы боюнча жүргүзүлгөн эксперименталдык изилдөөлөр (Л. В. Занков, Д. Б. Эльконин ж. б.) балдардын өнүгүү деңгээли өскөндүгүн далилдеген, ал болсо окутуу проблемаларын ийгиликтүү чечүүгө мүмкүндүк берет. Билим берүүнүн мазмунун аныктоо проблемалары, дифференциацияланып, окутуу проблемалары ийгиликтүү изилдөөгө алынган. 1929-жылы өнөр жайларды индустриализациялаштыруу жана айыл чарбаны коллективдештирүүгө байланыштуу элге билим берүү саясаты толук аныкталган.

Советтик педагогикада билим берүүнү политехникалаштырууга багыт алынган. Мугалимдердин алдына бүгүнкү күндүн талабын (сабатсыздыкты жоюу) камсыз кылуу, адистерди даярдоонун темпин тездетип, сапатын көтөрүү, социализмдин таяныч базалары катарындагы фабрика-заводдун, райондордун, совхоздордун жана колхоздордун керектөөлөрүнө кызмат кылуу сыяктуу негизги милдеттер коюлган. Бул маселелерди чечүү бардык жерде мугалимдерди коомдук иштерге тартууну талап кылган (эгерде мугалим өзүнүн убактысынын 70% коомдук иштерге, 30% мектепке жумшаса, анда ал туура деп эсептелген). 1929-жылы ноябрда партиянын пленуму Наркомпросту окуучуларга жалпы билим берүүнүн деңгээлин жогорулатуу максатында II баскычтагы мектептин программасын кайра карап чыгууну милдеттендирген. 1930-жылы жети жылдык мектептин ролун күчөтүү жана II баскычтагы мектепти бир эле мезгилде орто билим жана эмгектин кандайдыр бир тармагы боюнча квалификация берүүчү политехникум тибиндеги мектепке өткөрүү жөнүндө чечим кабыл алынган. Экономисттердин, саясатчылардын жана педагогдордун арасында карама-каршы эки көз караш: монотехнизм (жаштарды эрте, тар кесиптештирүүнү талап кылуучу) жана политехнизм (жаштарды ар түрдүү өндүрүшкө мүнөздүү болгон типтүү процесстер менен тааныштырууну талап кылуучу) пайда болгон. Монотехнизмдин жактоочулары белгилүү профсоюздук ишмер Б. Г. Козелев жана академик О. Ю. Шмидт, политехнизмдин жактоочулары Н. К. Крупская, А. П. Пинкевич жана А. В. Луначарский болушкан. Политехнизмдин жактоочулары адамды эрте жашынан тар адистиктин туткунуна айландырууга болбойт, тескерисинче адистештирүүгө чейин кесипке багыттоочу гана жалпы билим берүү керек деп эсептешкен. Алар эң негизгиси тигил же бул техникага ээ болуу эмес, анын иштөө принцибин туура түшүнүп билүү деп эсептешкен. О. Ю. Шмидт менен Б. Г. Козелев политехнизмди утопия деп аташкан. Алар өспүрүмдөрдү 12 жаштан баштап завод- фабрикаларда иштетүүнү сунуш кылышкан. Алардын ою боюнча тар адистештирүүдө эмгекти бөлүштүрүү болбой койбойт, ал адамга да, өндүрүшкө да тезирээк пайда келтирет. В. И. Лениндин “О работе Наркомпроса” (5-9-февраль, 1921-ж.) деген макаласы менен дискуссияга чекит коюлуп, партиянын тиешелүү директивасына ылайык кесиптик билим берүү 15 жаштан башталышы белгиленип, монотехнизм айыпталган.

СССРдин Бүткүл Россиялык Борбордук Аткаруу Комитети (ББАК) менен Эл комиссарлар Советинин (ЭКС) токтому менен 1930/31-окуу жылында өлкөдө жалпыга милдеттүү: айыл жерлеринде башталгыч (төрт жылдык), шаарларда жети жылдык окутуу киргизилген. Ошол кездеги элге билим берүү системасы төмөнкүдөй документтердин негизинде ишке ашырылган: 1) 1918–жылы 16-октябрда Бирдиктүү эмгек мектебинин ЖОБОСУ кабыл алынып, ага ылайык I баскычтагы 5 жылдык мектепте балдар 8 жаштан 13 жашка чейин; II баскычтагы 4 жылдык мектепте алар 13 жаштан 17 жашка чейин окутулган. 2) 1923-жылы 8–декабрда Бирдиктүү эмгек мектебинин УСТАВЫ кабыл алынып (ага кийинчерээк өзгөртүүлөр киргизилген), ал уставка ылайык I баскычтагы 4 жылдык мектепте балдар 8 жаштан 12 жашка чейин, II баскычтын 3 жылдык 1-концентринде 12 жаштан 15 жашка чейин (жети жылдык мектеп, ФЗС, ШКМ), 2 жылдык 2-концентринде 15 жаштан 17 жашка чейин окутулган. 3) 1933-жылы 19-сентябрда советтик политехникалык мектептин Уставы кабыл алынып, анын “0” группасында балдар 7 жаштан 8 жашка чейин, I баскычтагы 4 жылдык мектепте 8 жаштан 12 жашка чейин, II баскычтагы 3 жылдык мектепте 12 жаштан 15 жашка чейин, 3 жылдык орто мектептин I баскычында 15 жаштан 18 жашка чейин окушкан. 1966-жылдагы КПСС БК менен СССР Министрлер Советинин “Жалпы билим берүүчү орто мектептин ишин андан ары жакшыртуунун чаралары жөнүндөгү” токтомунда илим менен техниканын азыркы өнүгүүсүнө ылайык окуу процессин рационализациялоонун, окуучулардын билиминин сапатын жогорулатуунун зарылдыгы аныкталган. Анда билим берүүнүн мазмунун илим, техника, маданияттын өнүгүүсүнүн талаптарына шайкеш келтирүү; 1-класстан акыркы класска чейин илимдердин негиздерин окутуудагы иреттүү улантуучулукту белгилөө; окуу материалын окуу жылдары боюнча рационалдуу бөлүштүрүү; илимдердин негиздерин окутууну төртүнчү окуу жылынан баштоо; окуу программаларын жана окуу китептерин артыкча деталдаштыруудан жана экинчи катардагы материалдан арылтуу жолу менен окуучуларды ашыкча жүктөнтүүнү жоюу белгиленген. Башталгыч мектепте окутууну оптималдаштыруу проблемасы билим берүүнүн мазмунун реформалоодо негизги орунду ээлеген. Окумуштуу педагог-психологдор (Л. В. Занков, Д. Б. Эльконин, В. В. Давыдов) окуучулардын таанып билүүчүлүк ишмерүүлүгүн активдештирүү жолу менен баштапкы билим берүүнүн мөөнөтүн төрт жылдан үч жылга өткөрүп кыскартууну сунуш кылышкан. 1969/70-окуу жылынан баштап СССРдеги бардык мектептерин массалык түрдө башталгыч билим берүүнүн үч жылдык программасына өткөрүү ишке ашырылган.

Советтик педагогика өзүнүн биринчи күндөрүнөн баштап эле жаш муундарды окутуу-тарбиялоонун өзөктүү проблемаларын марксисттик-лениндик окуулардын негизинде чечүүнү изилдеген. Педагогикалык илим-изилдөө мекемелеринин иштери мектептин жана мугалимдердин ишмердүүлүктөрү менен тыгыз байланышта жүргүзүлүп келген. Жаңы педагогиканын теориялык жоболорун текшерип, анын идеяларын пропагандалоо максатында илимий педагогикалык ишмердиктин эксперименттик базасы болгон тажрыйбалык мектептердин жана станциялардын кеңири тармагы түзүлгөн.

Советтик мектептин тарыхында анын өнүгүүсүнүн ар бир этабы биринчи кезекте дайыма программалык- методикалык иштерди кайра куруудан башталган. Жалпы орто билим берүүгө өтүүнү ишке ашырууда мектептик билим берүүнүн мазмунун модернизациялоо жана окуу-тарбиялоо процессин өркүндөтүү менен бирдикте ишке ашырылган. Педагогика илиминин ишмерлери мугалимдер менен бирдикте мектептеги окуу-тарбиялоо процессин кайра куруунун зарылдыгын негиздеп, аны практикада ишке ашырууну камсыз кылышты. Мектепте билим берүүнүн мазмунун илимдин, техниканын жана маданияттын өнүгүү деңгээлине туура келтирүү маселесин чечүү максатында дидактиканын жетишкендиктерине баарыдан мурда өнүктүрүп окутуунун теориялык негиздерине таянып советтик методистер XX кылымдын 60-70-жылдарында мектептик программалар үчүн окуу материалдарды тандап алуунун принциптерин иштеп чыгышкан, аларды илимий-техникалык жетишкендиктерге шайкеш келтиришкен, табигый жана гуманитардык илимдердин байланыштарын белгилешкен, орто окуу жайларынын ар түрдүү типтериндеги жалпы билим берүүнүн бирдиктүү деңгээлинин жалпы негиздерин аныкташкан. Натыйжада окуучуларды практикалык ишмердүүлүккө даярдоонун мазмуну жаңыланып, окуу курстарынын системалуулугу жана окутуунун политехникалык багытталышы күчөтүлүп, үзгүлтүксүз билим берүү байытылган. Дидактикалык-методикалык проблемаларды изилдөөгө М. Н. Скаткин (“Проблемы современной дидактики”, М., 1984), Ю. К. Бабанский (“Методы обучения в современной общеобразовательной школе”, М., 1985; “Оптимизация учебно-воспитательного процесса”, М., 16 www.bizdin.kg 1982), В. В. Краевский (“Проблемы научного обоснования обучения”, М., 1977), И. Я. Лернер (“Дидактические основы методов обучения”, М., 1981) ж. б. олуттуу салым жасашкан. Мектептик реформа окуучуларга билим берүү, аларды тарбиялоо жана өнүктүрүүнү комплекстүү ишке ашырууга байланышкан бир катар проблемаларды андан ары изилдөөнүн зарылдыгын талап кылды. 1985-жылы окуу программаларында илимий-техникалык жетишкендиктерди жана коомдук-саясый турмуштагы социалдык зор өзгөрүштөрдү эске алуу ишке ашырылган; аларда илимдердин негиздеринин жогорку деңгээли жана ошону менен катар алардын окуучулар үчүн жеткиликтүүлүгү, окуучуларды илимдин эл чарбасында технологиялык, экономикалык жана практикалык колдонуштары менен тааныштыруунун мүмкүнчүлүктөрү камтылган. Программаларды иштеп чыгуу, мугалимдер үчүн окуу китептерин жана методикалык колдонмолорду түзүү 1985/86- окуу жылы мектептердин жогорку класстарында информатика жана электрондук-эсептөө техникасынын негиздерин (А. П. Ершов, В. М. Монахов) окута баштоого мүмкүндүк берди. Өткөн кылымдын 60-70-жылдарында окуу-тарбиялоо процессинде проблемалык окутуунун негизделген методдорун (И. Я. Лернер, М. И. Махмутов, A. M. Матюшкин) сезимталдуу колдонууга жардам берүүчү уюштуруу-педагогикалык иш-чараларынын системасы, жаңы техникалык каражаттарды комплекстүү пайдалануунун методикасы (С. Г. Шаповаленко), окутуу методдорун оптималдуу тандап алуунун жолдору (Ю. К. Бабанский) активдүү иштелип чыккан. 1980-жылы СССРдин Педагогика илимдери академиясынын (ПИА) окутуунун мазмунун жана методдорун илим- изилдөө институтунда эксперименталдык окуу китептери боюнча атайын лаборатория түзүлүп, окуу китептерин тажрыйбада текшерип чыгуу уюштурулган. 1984-жылы илимий-идеялык жагынан жеткиликтүүлүгү жана кыскалыгы, тактыгы баяндалып, берилишинин ачыктыгы жана кызыктуулугу, методикалык жеткилеңдүүлүгү боюнча мурункулардан кескин айырмалана турган жаңы окуу китептерин түзүү максатында СССРдин ПИАсы “Школьный учебник” деген жалпы академиялык комплекстүү программаны бекиткен. Программаны ишке ашыруу 1984-жылы окуу китептерине коюлуучу жалпы талаптарды иштеп чыгуудан, алардын көлөмдөрүн аныктоодон башталган. 60-жылдан баштап мектепти реформалоонун талабына ылайык окутуунун жана тарбиялоонун методдорун өркүндөтүү проблемаларын изилдөө көбүнчө практикалык багытта жүргүзүлгөн; методдордун системасы жана алардын мугалимдер менен окуучулардын ишмердиктеринде колдонулушу талдоого алынган. Изилдөөлөрдө окуучулар менен мугалимдердин мүмкүнчүлүктөрүнүн конкреттүү шарттарын эске алуу аркылуу ийгиликтүү окутуунун методдорун жаратуу, окутуу менен тарбиялоонун өз ара байланыштуулугун күчөтүп окуучулардын окуп билим алууга ынтызар болуусун мотивациялап стимулдаштыруу проблемаларына басымдуу көңүл бурулган. Педагогика илими окуучуларды саясый-идеялык, эмгектик жана адептүүлүк жактан бирдиктүү тарбиялоону камсыз кылуунун жалпы теориялык маселелерин иштеп чыккан. Ар түрдүү курактагы балдардын дүйнөгө көз карашынын социалдык-педагогикалык жана психологиялык негиздери аныкталып, бардык окуу предметтеринин мазмунундагы дүйнөгө көз караштык башкы идеялар менен теориялардын системасы белгиленген; окутуу процессинде жана класстан тышкаркы ишмердүүлүктө көз карашты калыптандыруунун жолдору жана каражаттары мүнөздөлүп көрсөтүлгөн. Ошону менен катар эле балдардын жана өспүрүмдөрдүн коомдук пайдалуу өндүрүштүк эмгегин нормага келтирүүгө, аны өлкөнүн түрлүү региондоруна жана жергиликтүү шарттарга ылайыктоого байланыштуу изилдөөлөр жүргүзүлгөн. Натыйжада психологиялык маалыматтар менен катар философиялык, социологиялык, экономикалык, медициналык, ошондой эле фундаменталдык жана прикладдык илимдердин техниканын жана өндүрүштүн өсүшүн илимий техникалык прогресстин өсүшүн, аныктай турган жетишкендиктерин пайдалануу менен иштелип чыккан окуучуларды эмгекке даярдоонун жалпы концепциясы бир кыйла байытылып өркүндөтүлгөн. Ошонун базасында типтүү жаңы программалар, окуучуларды эмгекке жана кесипке окутуунун ар түрдүү багыттары боюнча бир катар методикалык жана окуу колдонмолор түзүлгөн. “Өндүрүштүн негиздери. Кесип тандоо” деген мектептин жаңы курсунун программасы иштелип чыккан. Ал программанын негизги максаты – окуучулардын эмгегинин социалдык багытталышын күчөтүү, азыркы экономикалык ойлонууну калыптандыруу, мектеп окуучуларын эрте эмгекке тартуу жана аларды техникалык чыгармачылыкка кириштирүү болгон. Ушул максатта мектептерде жана райондордо кесипке багыттоонун формалары жана методдору өркүндөтүлүп, 1985-жылдан баштап СССР ПИАсынын алдында техникалык жана жаш натуралисттик чыгармачылык, мектептердин жана СПТУлардын окуучуларынын рационализаторлук жана ойлоп табуучулук иштери боюнча илимий кеңеш иштеген. Ушул эле мезгилде педагогика илиминин дагы бир маанилүү маселелери – мектеп таануунун проблемасын изилдөөгө олуттуу көңүл бурулган, анткени мектеп ишин башкарууну өлкөдө жалпыга сегиз жылдык билим берүүнү жана анын келечеги катарында акырындык менен жалпы орто билим берүүгө өтүүнү ишке ашыруу эң маанилүү болучу. Бир нече жылдар бою билим берүү органдарынын жана методикалык мекемелердин уюштуруу педагогикалык ишмердиктерине байланыштуу изилдөөлөр жемиштүү жүргүзүлгөн. Он биринчи беш жылдыкта мектеп таануунун теориялык негиздери аныкталып, башкаруунун бардык функцияларынын өз ара байланышы белгиленип, аларды оптималдаштырууну окуу-тарбиялоо процессин оптималдаштыруу менен бирдикте жүргүзүүнүн зарылдыгы көрсөтүлгөн, советтик коомдун социалдык-экономикалык өнүгүү шарттарында мектептин ишин андан ары башкарууну өркүндөтүүнүн жолдору белгиленген. Бул багыттагы изилдөөлөрдү андан ары кеңейтүү максатында 1986-жылы СССРдин ПИАсында башкаруунун жана элге билим берүүнүн экономикасынын илим-изилдөө институту уюштурулган. Педагогика илиминин алдына мектептердин ишинин жогорку денгээлде жана натыйжалуу болуусуна олуттуу салым жасоо милдети жүктөлгөн. Ал үчүн изилдөөлөрдүн сапатын жана эффективдүүлүгүн жогорулатып, алардын натыйжаларынын практикада колдонулушун камсыз кылууга жетишүү зарыл эле. Окумуштуу-педагогдордун, психологдордун, методисттердин илимий эмгектери конкреттүү сунуштарда, окуу китептеринде, методикалык колдонмолордо пайдаланылып, ишке ашууга тийиш эле. Ушул турмуштук маселелерди чечүү зарылдыгы педагогикалык илимдин алдына төмөнкүдөй олуттуу проблемаларды белгиледи: – мектептерде, кесиптик-техникалык жана атайын орто окуу жайларында окуучуларга жалпы билим берүүнүн бирдиктүү деңгээлин камсыз кылуу; – табигый-математикалык циклдеги предметтерди окутуунун деңгээлин жогорулатып, аны өсүп келе жаткан муундарда дүйнөнүн азыркы табигый илимдик сүрөттөлүшүн калыптандырууга, илимдин жетишкендиктери азыркы өндүрүштүн негизги тармактарында жана ишмердиктин башка сфераларында практикалык жактан кандайча колдонула тургандыгын даана билүүгө багыттоо; – окуучуларды компьютерлерден пайдалануунун ыкмаларына үйрөтүп, бул техниканы эл чарбасынын ар түрдүү тармактарына кеңири пайдалана билүүнү калыптандыруу үчүн жалпы билим берүүчү мектептердин жогорку класстарында, кесиптик-техникалык окуу жайларында, атайын орто окуу жайларында электрондук-эсептөөчү техниканын негиздерин окутууну уюштуруу; – жалпы билим берүүчү мектептердин окуу процессине компьютерлерди киргизүүгө байланыштуу психологиялык жана педагогикалык изилдөөлөрдү уюштуруу. Бул милдеттерди аткаруу жолунда СССР ПИАсы өзүнүн бүткүл күч аракетин мектепти билим берүүнүн мазмунун өлкөдөгү улам өсүп жаткан социалдык, илимий жана техникалык прогресстин талаптарына ылайык иштеп чыгууну илимий жактан камсыз кылууга жумшаган. Педагогика илиминин бул багытта жүргүзүлгөн изилдөөлөрүнүн натыйжасында: мектептик билим берүүнүн мазмунунун илимий-техникалык деңгээли көтөрүлдү, анын политехникалык багытталышы күчөдү, башкы идеялар менен түшүнүктөрдүн системасы өркүндөтүлдү, билим алуу процесси менен эмгек көндүмдөрүнө үйрөнүүнүн байланышы жанданды, орто мектептеги предметтер аралык байланыштын системасы тагыраак деталдаштырылып иштелип чыкты, окуучулардын билимин баалоонун критерийлери өркүндөтүлдү. Ушул маселелер жаңы программаларды жана жаңы окуу китептерин түзүүдө пайдаланылып, аларда мурдакыга караганда жалпылоонун жогорку деңгээли орун алып, илимий маалыматтарды теориялык жактан сезимталдуулук менен түшүнүп билүү күчөтүлдү, фактологиялык жана справка түрүндөгү материалдар кыскартылып, окуучулардын жалпы өнүгүүсүнө жардам бергидей тапшырмаларга көбүрөөк орун берилди. Жалпы билим берүүчү жана кесиптик мектепти реформалоонун негизги багыттарын илимий жактан камсыз төмөнкүдөй: “Окутуунун мазмунун жана методдорун өркүндөтүү”, “Ар тараптан өнүккөн окуучунун личностугун (инсандыгын) тарбиялоо”, “Мектептик окуу китеп”, “Айыл мектебинин мугалими”, “Мектеп жана ден соолук”, “ЭВМ мектепте”, “Окутууну окуучулардын өндүрүмдүү эмгеги менен бириктирүү”, “Жаштарга кесиптик-техникалык билим берүү” сыяктуу комплексттүү жалпы академиялык программаларды ишке ашырууну талап кылды Советтик педагогиканын 60–80-жылдардагы өнүгүшүндө окутуу-тарбиялоо процессин өркүндөтүүнүн негизинде окуучунун өз алдынча изденүү чыгармачыл өнүгүүсүн камсыз кылууга керектүү бир катар төмөнкүдөй концептуалдык теориялар иштелип чыккан: – окутуу процессин активдештирүү теориясы (М. А. Данилов); – акыл аракеттерин этаптар боюнча калыптандыруу теориясы (П. Я. Гальперин, Н. Ф. Талызина); – мазмундуу жалпылаштыруу теориясы (В. В. Давыдов); – проблемалык өнүктүрүү теориясы (Т. В. Кудрявцев, И. Я. Лернер, М. И. Махмутов, A. M. Матюшкин, М. Н. Скаткин); – личностту чыгармачыл өнүктүрүү теориясы (В. И. Андреев, А. Е. Ларин); – окутууну алгоритмдештирүү теориясы (Л. Н. Лында, И. Марев, В. П. Беспалько); – окутууну оптималдаштыруу жана интенсивдештирүү теориясы (Ю. К. Бабанский); – окутуу процессинин теориялык негиздери (В. В. Краевский). Новаторлук статуска жетишкен мугалимдер өздөрү иштеген окуу жайынын материалдык-техникалык шарттарына жана профессионалдык устаттыгына жараша жогоруда көрсөтүлгөн теориялардын тиешелүүсүн практикада колдонуунун конкреттүү ыкмаларын иштеп чыгышып, үзүрлүү эмгектенип жатышат.



Кыргыз педагогикасынын пайда болушу жана өнүгүү жолу

XX кылымда элдердин жалпы маданий өнүгүшүнүн көз карашындагы тарыхый-педагогикалык проблемаларды чагылдырган эмгектер чет элдерде пайда боло баштаган (К. А. Шмидт). 1917–жылдагы Октябрь революциясынан кийинки Кыргызстандагы мектептер, педагогикалык ойлор СССРдеги элге билим берүүнүн бүткүл системасынын составдык бөлүгү катарында өнүгө баштаган. 19 www.bizdin.kg Тарыхый-педагогикалык мүнөздөгү алгачкы эмгектер XVII кылымдын аягында пайда боло баштаган. XIX кылымда педагогиканын тарыхына кызыгуу өскөн. Ал кездеги тарыхый-педагогикалык эмгектер тарбиялоо менен окутуунун теориясы жана практикасынын ар түрдүү тармактарына тиешелүү болгон бир топ материалдарды камтыган. Кыргызстанда тарыхый-педагогикалык изилдөөлөрдү республиканын бир катар илимпоздору (Д. Айтмамбетов, Б. Кулдашев, А. Э. Измайлов, М. Р. Балтабаев, М. Р. Рахимова, А. Э. Имаева, Н. И. Асипова ж. б.) жүргүзүшкөн. А. Э. Измайловдун Кыргызстандагы советтик мектептердин 40 жылдык тарыхы боюнча очерктерин (1917–1957)”, М. Р. Балтабаевдин Кыргызстанда жалпыга милдеттүү орто билимди ишке ашыруу проблемаларына арналган эмгектерин, М. Р. Рахимованын Кыргызстанда мектепке чейинки билим берүү педагогиканын болуу жана өнүгүү маселелерине арналган эмгектерин ж. б. көрсөтүүгө болот.

1993-жылы Жусуп Баласагындын (XI–XII к.) бүткүл дүйнөгө белгилүү “Кут билим” аттуу дидактикалык поэмасынын байыркы түрк тилинен кыргызчага которулушу кыргыз коомчулугундагы маданий жана педагогикалык маанилүү окуя болду. Эпикалык мазмундагы бул дидактикалык поэмада кыргыз элинин жашоо турмушу, чарбалык уклады, билими жана түшүнүгү, каада-салты, материалдык жана руханий маданияты чагылдырылган. Анда автор асман менен жерди, тоолор менен талааларды, суу менен денизди, жылдыз менен күндү мактап ырдаган, анын айтуусу боюнча бүткүл адамзаттык нарктуулуктар улуу төрт түшүнүккө бириктирилген: 1) адилет; 2) ырыс; 3) чындык – ак дилдик; 4) каниет- токтоолук.

Элдик педагогика элдин жашоо тиричилигинин укладында (тартибинде) сакталып калган, оозеки элдик чыгармачылыкта, салт-санааларда, үрп-адаттарда, балдар оюндарында ж. б. чагылдырылган педагогикалык маалыматтардын жана тарбия берүү тажрыйбаларынын жыйындысы катарында педагогиканы этнография жана фольклористика менен байланыштыруучу атайын тармакты элдик педагогика деп түшүнүүгө болот. Элдик педагогика элдин миндеген жылдык тажрыйбасында иштелип чыккан жана бүгүнкү күнгө чейин анын турмуш-тиричилигинде колдонулуп жаткан педагогикалык маданиятын изилдейт. Этнопедагогика болсо – бул кыйла тар түшүнүк. Ал белгилүү этникалык жалпылыктагы педагогиканы изилдейт. Этнопедагогиканын предмети болуп уруктун, уруунун, элдин жана улуттун педагогикалык маданияты эсептелет. Ар бир эл өзүнүн тарыхый өнүгүү жолунда тарбия берүү практикасын калыптандырган, окутуу жана тарбия берүү ыкмаларын иштеп чыккан. Тарбия берүү тармагындагы элдик тажрыйба педагогикалык билимдердин түзүлүшүндө татыктуу орун ээлеген. Бул айтылгандар толук бойдон кыргыз элинин этнопедагогикасына да таандык. Ал азыркы Кыргызстандын аймагында жүздөгөн жылдар бою өнүгүп келген педагогикалык процесстин составдык бөлүгү болуп эсептелет. Этнопедагогика ошол элдин чарбалык-тиричилик укладдагы жана көзкараштагы туруктуу салттарына таянат. Кыргыз элинин улуттук этнопедагогикасы бул жагынан алганда четте калбайт. Бул салттар убакыттын өтүшүнө жараша түрүн өзгөрткөн, бирок алар көп жагынан коомдун психикалык, коомдук аң-сезимдин, үрп-адаттардын, ырым- жырымдардын көптөгөн белгилерин, тиричиликтин жана бүтүндөй руханий маданияттын өзгөчөлүгүн аныктоону уланта беришкен. Кыргыз этнопедагогикасы улуттук руханий маданияттын өзөктөш бөлүгү болуп эсептелет. Кыргыз педагогика илим- изилдөө институтун түзүүдө жана илимий иштерин уюштурууда анын биринчи директору, таланттуу педагог Б. К. Кулдашевдин (1916–1950) эмгеги зор. Б. К. Кулдашевдин изилдөөсү болгон “1917–30-жылдардагы кыргыз совет мектептеринин тарыхы” (Алма-Ата, 1950) Кыргызстандагы элге билим берүүнүн тарыхы боюнча биринчи илимий эмгек. Б. К. Кулдашевдин педагогикалык мурастары кеңири чөйрөдөгү маселелер боюнча макалаларды түзөт. Анын негизги темалары: К. Д. Ушинский менен А. С. Макаренконун педагогикалык системалары; негизги предметтерди окутуунун натыйжалуулугун жогорулатуу жолдору; балдарды мектепте жана үй-бүлөдө тарбиялоо проблемалары (мында Т. Сатылгановдун педагогикалык көз караштары жөнүндө, кыргыз эл жомокторунун материалында окуучуларды тарбиялоо жөнүндө, башталгыч класстардагы тарбия иштеринин өзгөчөлүктөрү жөнүндө, өз учурундагы оригиналдуу эмгектер атайын бөлүнүп көрсөтүлөт), мектеп ишин башкаруу; класстан сырткары жана мектептен алдыңкы педагогикалык тажрыйбаны жалпылоо сырткары иштер; алдынкы педагогикалык тажрыйбаны жалпылоонун жана аны кеңири маселеге жайылтуу жолдору, мугалимдерге методикалык жардам көрсөтүүнүн формалары ж. б., бир сөз менен айтканда Б. К. Кулдашевдин китебин кыргыз совет мектебинин төрт он жылдыгынын мазмундуу летописи деп эсептөөгө болот. Республикада педагогика илимдеринин көрүнүктүү ишмери, педагогика илимдеринин доктору, профессор А. Я. Ареттин (1907–1974) негизги эмгектери өзүн өзү тарбиялоо проблемасына арналган, өзүн өзү тарбиялоо идеялары республикада эле эмес, анын чегинен сырткары-Бүткүл союздук масштабдагы педагогикалык изилдөө мекемелеринде, ошондой эле жалпы билим берүүчү мектептердин жана жогорку окуу жайларынын практикасында да түздөн түз колдонулууда. Өзүн-өзү тарбиялоо – бул адамдын же жамааттын өзү өзүнүн оң сапаттарын өнүктүрүп, терс сапаттарынан арылуусу болгондуктан, ал концепция педагогикалык илим изилдөө иштеринде орчундуу орун ээлейт, анткени бул түшүнүктөн өзүн өзү жөнгө салуу, өзүн өзү уюштуруу, өзүн өзү башкаруу, өзүнө өзү жетекчилик кылуу сыяктуу адамды личность катары калыптандыруу жөнүндөгү негизги проблемаларды иштеп чыгуу зарылдыгы келип чыгат.

Кыргыз мектептеринде орус тилин окутуунун методун өнүктүрүүгө республикадагы даярдоо класстарын алгачкы уюштуруучулардын бири В. П. Петров (1910–1974) чоң салым кошкон. Ага лингвометодика тармагында 70тен ашык эмгек таандык. В. П. Петров – лингводидактика боюнча окуу китебинин, программалардын, методикалык разработкалардын, илимий- теориялык эмгектердин автору. “Кыргыз мектептеринде орус орфографиясын адепки окутуу ыкмалары” (1962) жана “Сүйлөөгө жана жазууга алгачкы окутуу” (1966) деген монографияларында В. П. Петров илимпоз–методисттердин алгачкыларынан болуп терең байланышкан кубулуш катары орус тилин окутуунун, сүйлөөнүн жана сабаттуулуктун лингвистикалык, дидактикалык, психологиялык негиздерин иштеп чыгууга аракеттенген. Анын бул көз караштары методикалык концепцияларында чагылдырылган: орус речинде сүйлөөгө, окууга жана жазууга үйрөнүү комплекстүү жүргүзүүсү, ал тарбиялык мааниге ээ болуп, тилди өздөштүрүүдө оптималдуу натыйжа берүүгө тийиш. Кыргызстанда даярдоо класстары башка республикаларга караганда мурдараак иштей баштаган (1966). Бул класстарда орус эмес балдарды орусча сүйлөөгө үйрөтүү методунун негиздөөчүсү В. П. Петров болгон. Кенже окуучулардын класстык коллективин уюштуруу, орус эмес балдарды орус тилине окутууга системалуу мамиле жасоо, орус тилинин каражаттары аркылуу аларды коллективдикке тарбиялоо, өз өмүрүндө бул негизги ишти ишке ашыруу боюнча илимий-практикалык ишмердикти, педагогикалык чеберчиликти туруктуу иштөөчү семинарлар аркылуу республиканын даярдоо класстарынын мугалимдерине берүүдө, Кыргызстанда педагогиканын жана орус лингвометодикасынын көптөгөн проблемаларын коюуда жана чечүүдө В. П. Петровдун киргизген салымы зор. Белгилүү педагог П. С. Дадабаева (1930–1976) окуучуларды тарбиялоо маселелери боюнча бир катар илимий эмгектердин автору. Анын бүткүл педагогикалык ишмердиги Кыргыз педагогика илим-изилдөө институту жана Кыргыз мамлекеттик университетинин кафедрасы менен байланышкан. Республикада анын окуучуларга эмгектик тарбия берүү боюнча илимий эмгектери белгилүү. А. Э. Измайловдун төмөнкү эмгектери кыйла белгилүү: “Кыргызстанда 40 жылдагы советтик мектептердин тарыхы боюнча очерктер (1918–1957)”, “Туташ сабатсыздыктан агартуунун туу чокусуна карай”, “Орто Азия менен Казакстан элдеринин педагогикалык көз караштары” ж. б. илимий эмгектери педагогдор үчүн абдан маанилүү. Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын корреспондент-мүчөсү, педагогика илимдеринин доктору, профессор М. Р. Балтабаевдин Кыргызстанда педагогика илиминин таралуусунда өз орду бар. Анын “Развитие всеобщего среднего образования в Киргизской ССР”, “Кыргызстандагы элге билим берүү иши 60 жылда” ж. б. эмгектеринде улуттук билим берүүнүн тарыхына арналган. Педагогика илимдеринин доктору, профессор М. Р. Рахимованын “Кыргыз Республикасында мектепке чейинки тарбия берүү системасын өнүктүрүү 1917–1992-жылда”, “Педагогика тарыхынын очерктери”, “Педагогикалык сунуштар”, бала бакчалар үчүн жазылган окуу китептери, хрестоматиялар ж. б. эмгектери белгилүү. Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын корреспондент-мүчөсү, эл аралык педагогика жана социалдык илимдер Академиясынын академиги, педагогика илимдеринин доктору, профессор И. Б. Бекбоевдин илимий ишмердиги негизинен билим берүүнү башкаруунун аспектине, педагогиканын жалпы проблемаларына, окутуунун методикасын изилдөөгө, илимий жана илимий-педагогикалык кадрларды даярдоого багытталган. Ал билим берүү тармагына көрүнүктүү салым кошкон, математиканы окутуу методикасынын проблемаларын изилдөөчүлөрүнүн илимий- мектебинин негиздөөчүсү. Бекбоев 150дөн ашык илимий жана илимий-методикалык эмгектин (анын ичинде: 9 монография, 20 окуу китептеринин жана окуу колдонмолорунун) автору. Алардын негизгилери: “Программаланган окутуунун принциптерин математика сабагында колдонуу” (1970), “Физика-математика адистери эмес үчүн жогорку математиканын жалпы курсу” (1984, 2000), “Задачи с практическим содержанием как средство раскрытия содержательно-прикладного значения школьного курса математики” (1967), “Ориентация на личность” (2000), “Инсанга багыттап окутуу технологиясынын теориялык жана практикалык маселелери” (2003) ж. б. Бекбоев өзүнүн шакирттери менен Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу орто мектептин I-XI класстары үчүн математика боюнча стабилдүү окуу китептеринин толук циклин түзүп чыгарды. Эл аралык педагогика жана социалдык илимдер академиясынын анык мүчөсү, педагогика илимдеринин доктору, профессор Л. А. Шейман кыргыз мектептеринде орус адабиятын окутуунун методикасынын калыптанышына чоң эмгек сиңирген. Л. А. Шейман кыргыз мектептери үчүн окуу китептерин, методикалык адабияттарды жазган. Окумуштуунун жетекчилиги менен орус тили жана адабиятын окутуунун концепциясы, “Русский язык и литература в школах Кыргызстана” деп аталган илимий-методикалык журнал түзүлгөн. Л. А. Шейман илимий кадрларды даярдоого көп көңүл бурат. Эл аралык педагогика жана социалдык илимдер академиясынын анык мүчөсү педагогика илимдеринин доктору, профессор Э. Мамбетакуновдун окутуу процессинде окуучулардын жана студенттердин илимий түшүнүктөрүн калыптандыруу, табигый илимдерди байланыштырып окутуу маселелерине арналган эмгектерин окуучулар, студенттер жана мугалимдер кеңири пайдаланууда. Мектеп окуучуларын тарбиялоо жана билим берүүнү өнүктүрүүнүн маселелери педагогика илимдеринин доктору, профессор Ж. А. Аманалиевдин “Пути развития и перестройки образования Кыргызстана”, “Общеобразовательные школы Кыргызстана на современном этапе” деген эмгектеринде изилденген. Өсүп келе жаткан муундарга дене тарбиясы сабагын берүү маселелери педагогика илимдеринин доктору, профессор Х. Ф. Анаркуловдун “Совершенствование физического воспитания учащихся общеобразовательных школ” ж. б. эмгектеринде каралган. Кыргыз этнопедагогикасынын теориялык жана практикалык маселелерин изилдөөнү Ж. Койчуманов “Тоголок Молдонун агартуучулук ишмердиги жана педагогикалык идеялары” (1964), Н. Имаева “Токтогулдун чыгармаларындагы тарбиялык идеялар” (1971) эмгектеринде алгачкылардан болуп жүр-гүзүшкөн. Педагогика илимин өнүктүрүүдө, кадрларды даярдоодо Эл аралык педагогикалык жана социалдык академиянын академиги, анын Кыргызстандагы филиалынын президенти, физика-математика илимдеринин доктору, профессор, Кыргыз улуттук илимдер академиясынын академиги А. А. Бөрүбаевдин эмгеги зор. Кыргыз Республикасынын президенти А. Акаев тарабынан аныкталган улуттук “Билим” программасынын негизинде А. Бөрүбаевдин жетекчилиги менен “ХХI кылымдын педагог кадрларын даярдоо” деген программа түзүлгөн. 21 www.bizdin.kg Өткөн кылымдын 40-жылдарынын акырына чейинки мезгилде билим берүү жана жалпы педагогикалык маселелер өкмөт менен партиянын тиешелүү чечимдерине ылайык мектептер үчүн айрым окуу предметтерин, окуу программаларын жана окуу китептерин түзүүгө, ошондой эле кээ бир темалар боюнча тарбия берүүгө керектүү чакан методикалык сунуштарды жана көрсөтмөлөрдү иштеп чыгууга гана багытталып келген. Бул мезгилде педагогика адистиги боюнча илимий даражалуу бир дагы изилдөөчү окумуштуу болгон эмес. Кыргыз Республикасында педагогикалык изилдөөлөрдүн пайда болуп, акырындык менен алдыга жылышы Түркстандагы, советтик чыгыш республикаларындагы жана Кыргызстандагы билим берүүнүн тарыхы боюнча жалпыланган эмгектерде (Д. О. Айтмамбетов, К. Е. Бендриков, А. Э. Измайлов, Б. К. Кулдашев, А. К. Карыпкулов, С. Ч. Чечейбаев жана башка) чагылдырылган. Бирок, педагогикалык проблемалар мурда айрым авторлордун атайын изилдөө предметинин чегинде кээ бир убакта гана каралып келген. Республикада узак жылдар бою айрым предметтерди окутуунун тарыхына көп көңүл бурулган, бирок, ошондо деле изилдөөчүлөрдүн эмгектери негизинен хронологиялык тар чөйрөдөгү маселелерди (билим берүүнүн советтик доорунун айрым этаптарындагы же мектептин окуу курстарынын айрым звенолорун, мис, башталгыч билим берүү) кароо менен гана чектелген. Мына ушул өңүттөн алып караганда “Антология педагогической мысли Кыргызской ССР” (М., Педагогика, 1988) масштабдуу десек болот. Бирок, бул китепте да негизги орун кыргыз этнопедагогикасына, эл акындарынын жана советтик адабияттын тарыхынын баштапкы мезгилиндеги классиктеринин чыгармачылыгына берилип, профессионалдык педагогика илими ошол монография даярдалып басылган моментке чейин көзү өтүп кеткен айрым окумуштуулардын ысымдарын (А. Я. Арет, С. И. Денисов, П. С. Дадабаева, Б. К. Кулдашев, В. П. Петров) атоо менен гана чектелип калган. Ошол кездеги шартка жараша бул монографияда тоталитардык режим менен репрессияланган кыргыздын улуттук маданиятынын көрүнүктүү ишмерлери Касым Тыныстанов, Базаркул Данияров, Сатыбалды Наматов, Ишеналы Арабаев ж. б. агартуу ишмерлери жөнүндө да эч маалымат берилбей калган. Педагогика илиминин биздин республикада расмий түрдө өнүгүүсү 1951-жылдын ноябрь айында Кыргыз ССР Министрлер Советинин токтомунун негизинде түзүлгөн Кыргызстан педагогикалык илим-изилдөө институтунун уюштурулушунан башталган. Бул институттун ишмердүүлүгү 1945-жылы уюштурулган Мугалимдердин квалификациясын өркүндөтүүнүн республикалык институтунун иши менен тыкыс байланышта жүргүзүлгөн. Кыргызстан илим-изилдөө педагогика институту 1992-жылдын ортосунда Кыргыз билим берүү институту (КИО) болуп кайра түзүлүп, анын составына мугалимдердин квалификациясын өркүндөтүү институту кошулган. Бул институт ошондой эле Кыргызстандын жогорку окуу жайларынын жана Кыргыз Республикасынын улуттук илимдер академиясынын окумуштуу-педагогдору менен, республиканын демилгелүү чыгармачыл мугалимдери менен тыгыз кызматташтыкта илим-изилдөө иштерин жүргүзүп келет. 1950-жылдардан баштап институт Кыргызстандын педагогикалык борбору болуп, мында мектептер үчүн базалык окуу программалары, окуу китептер, окуу-методикалык колдонмолор, кийинчерээк о. эле билим берүүнүн мамлекеттик стандарттары, предметтик концепциялар ж. б. таяныч нормативдик-педагогикалык материалдар иштелип чыгат. Институтта таяныч окуу предметтерди окутуунун теориясы жана методикасы боюнча, Кыргызстандагы билим берүүнүн тарыхы боюнча, этнопедагогика жана педагогикалык этнокультурология боюнча бир катар фундаменталдык эмгектер иштелип чыккан. Бул эмгектер республиканын гана эмес коңшулаш башка өлкөлөрдүн педагогдорунун жана окумуштууларынын да жактыруусуна татыктуу болду. Педагогиканын масштабдуу проблемалары боюнча эл аралык жана республикалык илимий-практикалык конференцияларды, педагогикалык окууларды, негизги окуу предметтер боюнча мектеп окуучуларынын олимпиадаларын өткөрүүдө институтка негизги роль таандык. Буга мисал катары республикалык педагогикалык окуулардын 23 сессиясы, 10дон ашык эл аралык жана республикалык илимий-методикалык конференциялар өткөрүлүп, аларда 25000ден ашык мугалимдер менен окумуштуу-методисттердин алдыңкы тажрыйбасы жалпылангандыгын эскерүү жетиштүү. Институт тарабынан даярдалып өткөрүлүүчү Республикалык педагогикалык окуулардын ар бир сессиясы Кыргызстандын педагогдорун дайыма туруктуу кызыктыра турган өзгөчө актуалдуу, өтө зарыл проблемаларга арналган. Мис., элге билим берүү системасындагы болуп жаткан кайра куруу республикада мурдатадан бери адатка айланып кеткен нормалардын жана баалуулуктардын сенектик тенденцияларынан акырындык менен кутулуп, аларды жок кылууну талап кылган. Бул милдет өтө татаал жана эң жооптуу болчу. Мына ушул шартта ишке ашырылуучу кайра куруунун өзөктүү маселелери боюнча окумуштуулар менен билим берүү кызматкерлеринин диалогу эң зор мааниге ээ болгон. Анткени илимий тематиканы калыптандырууда, практика өзүнүн ишенчиликтүү сөзүн айтат, илимий теория болсо практиканы туура жолго багыттап өркүндөтөт. Алар биргелешип коомдогу саясаттын, экономиканын жана маданияттын динамикасына сөзсүз реакция кылууга тийиш. Ошондуктан республикалык педагогикалык окуулардын кезектеги XX сессиясынын темасы бекеринен “Взаимодействие психолого-педагогической теории и практики в условиях перестройки народного образования” (элге билим берүүнү кайра куруунун шарттарындагы психологиялык- педагогикалык теория менен практиканын өз ара аракеттешүүсү) деп аталган эмес. Бул сессиянын зарылдыгы эмнеден көрүндү? Биринчиден, ал окумуштуулар жана мугалимдер окуу-тарбиялоо илиминдеги теория менен практиканы бири- бирине байланыштуу өнүктүрүүгө өтө терең кызыгыша тургандыгын ачык көрсөттү. Экинчиден, окуу-тарбиялоо процессин түп-тамырынан бери оптималдаштырууга керектүү шарттарды түзүү зарыл жана ага толук мүмкүнчүлүк бүгүнкү күндөгү мектепте бар экендигин бул окуулар иш жүзүндө эң сонун далилдеди. Үчүнчүдөн, бул окууларда алдыңкы мугалимдер жана республикадагы элге билим берүүнүн башка кызматкерлери өз ара пикирлешип, чыгармачылык менен тажрыйба алмашып, мектептин ишин андан ары алга жылдырууга керектүү оригиналдуу жолдорду белгилөөгө мүмкүнчүлүк алышты. Төртүнчүдөн, педагогикалык окуулар мугалимдин чыгармачыл күчтөрүн



Билим берүүдө жана тарбиялоодо улуттук өзгөчөлүктөрдү чагылдыруу маселелери

Билим берүүнүн мазмунун аныктоодо окуу материалынын окуучуларга жеткиликтүү болуу принцибин толук сактап, бүткүл адамзаттык руханий баалуулуктарды мак сималдуу чагылдыруу менен катар Кыргыз Республикасынын элдеринин спецификалык, улуттук өзгөчөлүктөрүн чагылдыруучу жергиликтүү этнопедагогикалык жана этнопсихологиялык материалдарды да пайдалануу үчүн жетишерлик орун берүүгө туура келди. Анткени этникалык маселелер бүгүнкү күндөгү эң курч проблемалардын бири. Мурунку СССРдин территориясындагы, ал гана эмес планетанын көп точкаларындагы кризистер көбүнчө этникалык себепке байланыштуу. Граждандык тынчтык, улуттар 26 www.bizdin.kg арасындагы биримдүүлүк, саясый жана адеп-ахлактык атмосфера, коомдун менталитети көбүнчө Кыргызстандагы билим берүү мекемелеринин ишине байланыштуу. Бул өңүттөн алып караганда билим берүү сферасын жаңылоо проблемасы биздин республикадагы элдердин этникалык группаларында гана эмес, андан кем эмес даражада нагыз улут үчүн да – кыргыздардын өздөрү үчүн да курч мүнөздө болуп отурат. Бул проблемалар баарыдан мурда мамлекеттик программаларды иштеп чыгып ишке киргизүүнү, даярдоону мамлекеттик тилде окуу китептерди, окуу-методикалык жана илимий-педагогикалык колдонмолорду даярдоону терең ойлонуп, кынтыксыз оперативдүү чечүүнү талап кылды. Мазмуну адекваттуу аныктоонун өзөктүү маселеси – бул улуттук жана жалпы адамзаттык баалуулуктарга таянуу менен дүйнөнү системалуу түшүнүп билүүнү жана ойлонууну калыптандыруу болчу. Ал болсо адамдын табияттык-илимий, техникалык жана гуманитардык маданиятын синтездөөнүн негизинде гана мүмкүн эле. Бул маселенин татаалдыгы бир четинен 70 жылдан ашык мезгил ичинде борбордук саясаттын буйругу боюнча окуу китептерин даярдоо жана басып чыгаруу элдердин традицияларына жана маданиятына багытталгандыгы менен түшүндүрүлөт. Тескерисинче, коомдук жана табигый илимдер боюнча улуттук тилдерде окуу китептерин даярдоого катуу тыюу салынган. Улуттук билим берүү – бул билим берүүнүн өзгөчө түрү эмес, ал жөн эле жакшы билим берүү экендигин биздин окумуштуулар жетекчиликке алышты. Улутту бөлүп-жарбай, анын биримдигин чыңдай турган илимий бийиктикке жана жогорку маданиятка багытталган билим берүүнү чыныгы улуттук билим берүү болуп эсептелет.



мобилизациялоонун эң таасирлүү каражатын, жаштарды окутууну жана тарбиялоону өркүндөтүү үчүн жаңы факторлорду таап аныктап чыгып, аларды жаңы резервдер катары пайдалануунун эң сонун фактору экендигин дагы бир жолу ырастады. Өз кезегинде илим изилдөөлөр мугалимдердин профессионалдык устаттыгын арттырууга олуттуу таасир этти жана азыр да таасир этүүдө. Педагогика илиминин республикада өсүп–өнүгүүсү, албетте, биринчи иретте илим изилдөө мекемелелеринде, жогорку окуу жайларында эмгектенүүчү педагогикалык адистиктеги илимдин кандидаттарын жана докторлорун даярдоого түздөн түз байланыштуу. КББИ (КИО)нун аспирантурасы жана анын адистештирилген кеңеши аркылуу педагогикалык илимдердин 400дөн ашык кандидаттары жана 10дон ашык докторлору – Кыргызстандын көрүнүктүү окумуштуулары даярдалып чыгарылды. Бүгүнкү күндө өзүнүн профессорлук-окутуучулар коллективинин составында КИОдон даярдалып чыккан адистер иштебеген бир дагы жогорку окуу жай жок. Кыргызстан педагогикалык илим-изилдөө институтунун түзүлүшү республикада педагогиканын жана билим берүүнүн өсүп–өнүгүүсүндөгү эң зор учурдун белгиси болгон. Ошондон баштап мектептерди программалар менен, котормо жана оригиналдуу окуу китептери, окуу–методикалык колдонмолор менен илимий негизде системалуу, ар тараптан камсыз кылып турууга керектүү фундамент түзүлгөн. Жалпыга милдеттүү окутууну уюштуруу, политехникалык билим берүүнүн мазмуну жана методикасы, котормо жана оригиналдуу окуу китептеринин сапатын жакшыртуу сыяктуу ошол мезгил үчүн эң эле актуалдуу маселелер илимий кызматкерлердин көңүлүнүн борборунда болгон. Котормо жана кыргыз тилиндеги оригиналдуу окуу китептерди даярдап чыгаруу боюнча олуттуу иштер аткарылган. Кыргыз мектебинин IX (азыркы Х) классы үчүн 1961-жылдан бери чыгарылып келген орус адабиятынын оригиналдуу окуу китеби Азербайжанда, Өзбекстанда ж. б. республикаларда чыгарылуучу ушуга окшош наамдагы окуу китептери үчүн үлгү катарында пайдаланылды. Биздин республикадагы бул китеп 1981-жылы СССР ВДНХсынын күмүш медалына татыктуу болгон. Республикада билим берүү системасы бир нече жолу реформалангандыгы белгилүү. Билим берүүнү акыркы жолу реформалоо процессинде институттун илимий кызматкерлери тарабынан 15 концепция, мамлекеттик 22 стандарт, 220 окуу программалары, 160 окуу китептери жана окуу-методикалык колдонмолор иштелип чыкты. Жалпы орто билим берүүчү мектептердин I–IV, V–IX жана X–XI класстары үчүн математика боюнча оригиналдуу окуу китептерин түзгөндүгү үчүн институттун бир катар илимий кызматкерлери 2002-жылы Илим жана техника боюнча мамлекеттик сыйлыктын лауреаттары болушту. Педагогика илиминин өзгөчө кыйынчылыктуу өнүгүүсү 1958– жана 1966-жылдардагы мектеп реформаларын ишке ашырууга керектүү окуу-нормативдик жана илимий-методикалык документтерди даярдоого, алардын республикада колдонулушунун практикалык тажрыйбасына байланыштуу болду. 1960-жылы кыргыз мектептери үчүн чет тилдери боюнча биринчи программа түзүлүп, оригиналдуу окуу китептерин даярдоо иштери башталган, 1961-жылдан 1969- жылга чейин V–VIII класстар үчүн англис, немец жана француз тилдери боюнча 11 окуу китептери басылып чыгарылган. 1965-жылы институттун илимий кызматкерлеринин күчү менен республиканын тарыхында биринчи жолу “Башталгыч мектепте кыргыз тилин окутуунун методикасы” даярдалып чыгарылган. Республикада билим берүүнүн жана педагогикалык проблемаларды изилдөөнүн эффективдүүлүгү мектеп мугалимдеринин квалификациясын жогорулатууга түздөн түз байланыштуу. Бул ишти активдештирүүчү маанилүү документ – КПСС БК менен СССР Министрлер Советинин 1972-жылдын 20-июнундагы “Жаштарга жалпы орто билим берүүгө өтүүнү аяктоо жана жалпы билим берүүчү мектепти андан ары өнүктүрүү жөнүндө” токтому болуп эсептелет. Токтомдо педагогикалык кадрларды кайра даярдоо жана алардын квалификациясын жогорулатуунун системасын андан ары өркүндөтүү белгиленген. Бул иш биздин республикада бир нече багытта жүргүзүлдү. Биринчи багыт – мугалимдердин билимин өркүндөтүүнүн республикалык институтунун, шаардык жана райондук методкабинеттердин ишин жакшыртуу. Экинчи багыт – педагогикалык кадрлардын квалификациясын педагогикалык билим алуунун (сырттан жана кечки) окутуу жолдорун жакшыртуу аркылуу жогорулатуу. Билим берүүнүн мындай формасы бирдиктүү эки маселени: иштеп жаткан мугалимдердин саясый, илимий жана адистик даярдыктарын жогорулатууну, ошондой эле агартуу сферасы үчүн жогорку орто билимдүү жаңы адистерди даярдоону чечкен. Үчүнчү багыт – мектептердин, мектепке чейинки жана мектептен тышкаркы мекемелердин жетекчилеринин квалификациясын жогорулатуу. Бирок мектептердин жетекчилерин даярдоонун жана кайра даярдоонун мурда болуп көрбөгөндөй эң жаңы өзгөчө маанилүү формасы орто мектептердин директорлорунун квалификациясын жогорулатуунун факультети (ФПК) болуп эсептелген. Чындыгында эле буга чейин башкаруунун теориясы жана методикасы баяндалган илим анын ичинде мектепти башкаруу жөнүндөгү өзүнчө атайын илимдин бар экендигине карабастан, мектеп жетекчилерин мектепти кантип башкаруу керектигине эч жерде эч ким окутуучу эмес. Турмушка сыйышпаган бул парадоксту жоюу максатында өткөн кылымдын жетимишинчи жылдары өкмөттүн атайын токтому менен Советтер Союзунун республикаларынын ири жогорку окуу жайларынын алдында мектеп жетекчилеринин квалификациясын жогорулатуунун факультеттери уюштурулду. Биздин республикада мындай факультет СССРдин 50 жылдыгы атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин (азыркы КМУУ) алдында 1975- жылдын март айында жалаң Кыргыз илим-изилдөө педагогикалык институттун кызматкерлеринин күчү менен түзүлүп, анын иши институттун И. Б. Бекбоев, А. Н. Тимофеев, Б. С. Тетенькин, И. Н. Шерстюк, Н. Я. Ильяшева, Т. И. Шумакова сыяктуу тажрыйбалуу кызматкерлерине жүктөлгөн. Алар факультеттин угуучуларын окутуу ишине университеттин башка кафедраларынын окутуучуларын, Агартуу министрлигинин кызматкерлерин тартуу менен төмөнкүдөй маселелерди ишке ашырышкан: 23 www.bizdin.kg – педагогика, психология, башкаруу, элге билим берүүнүн экономикасы боюнча акыркы жетишкендиктерди угуучулардын активдүү кабылдап өздөштүрүүсүн камсыз кылуу; – угуучуларда элге билим берүүнү демократташтыруу шартындагы мектепти башкаруу боюнча билгичтикти калыптандыруу жана өнүктүрүү; – окутуунун формаларын жана методдорун өркүндөтүү, окуу-тарбиялоо процессин интенсивдештирүү; – жалпы билим берүүчү мектептерге методикалык жардам көрсөтүү; – профессорлор жана окутуучулар составынын квалификациясын, анын саясый-идеялык, педагогикалык, адистик жана жалпы маданиятынын деңгээлин жогорулатуу. Бул факультеттин иштеген 17 жылынын ичинде республиканын мектептеринин 6000ден ашык директорлору жана алардын орун басарлары (алардын 80%тен ашыгы айыл мектептеринин жетекчилери) кайра даярдоонун 2 айлык курстарынан өткөрүлгөн. Өлкөдөгү ФПКлардын ишмердүүлүктөрүнүн биринчи жылдарында Советтер Союзу боюнча бирден бир жалгыз “Научные основы управления школой” (“Мектеп башкаруунун илимий негиздери”) кафедрасы биздин республикада түзүлгөн, составында ошол кафедрасы болгон ФПКны бештен ашык жыл бою профессор И. Бекбоев түзүп жетектеген. Өзүнүн иштей баштаган биринчи эле жылдарында бул факультет ишмердүүлүктүн бардык түрлөрү (окуу, окуу-методикалык, илимий, уюштуруучулук, аудиториядан тышкаркы) боюнча олуттуу ийгиликтерге жетишкендиктен, 1977-жылы октябрь айында факультеттин базасында Советтер Союзунун ушундай факультеттеринин декандарынын Бүткүл союздук семинар-кеңешмеси өткөрүлүп, ага бардык союздук республикалардын, алардын ичинде Москванын жана Ленинграддын өкүлчүлүктөрү катышып тажрыйба алышкан. ФПКнын составында жогоруда аталгандай атайын кафедра түзүү сөзсүз зарыл экендигин кеңешменин катышуучулары бир добуштан колдошуп, кийинки жылдары мындай кафедралар бардык союздук республикалардагы ФПКларда уюштурулушуна жетишишкен.



Инсандын маданиятын тарбиялоо

Инсандын маданияттуулугунун башкы көрсөткүчтөрүнүн бири анын нравалык (адеп–ахлактык) туруктуулугу болуп эсептелет. Кайра куруунун шарттарында коомдун бардык сферасында анын бардык ойчулдарынын инсандык туруктуулугу биринчи кезекте укуктук маданиятка көз каранды. Укуктук маданияттын таяныч элементтери – булар: көздөгөн максатка карай алга жылуунун ыкмасын акыл-эстүүлүк менен туура тандап алууга керектүү экономикалык ишмердиктин укуктук негиздерин билүү; өзүңдү коргоп тургандыгын сезиш үчүн мамлекеттин жаштарга карата болгон эмгектик закон ченемдүүлүктөрүн жана социалдык саясатынын негиздерин билүү; укук менен милдеттин, укук менен эркиндиктин ортосундагы байланыштарды сезе билүү, эркиндик дегенди түшүнүп–билинген зарылдык катарында кабылдоо, коомдо кабыл алынган нравалык (адеп-ахлактык) нормаларды сактап баш ийүү. Билим берүүнүн мазмунуна маданияттуулук менен мамиле кылуучулук принципти ишке ашыруу үчүн окуучуларда коммутативдик маданияттуулукту калыптандыруу өтө маанилүү. Башталгыч мектептин окуучулары маданияттуу жүрүм-турумдун элементардык эрежелерин өздөштүрүшөт; ортоңку класстарда мугалимдер менен класс жетекчилери окуу жана сабактан тышкаркы иштердин адеп-ахлактык багытталышын ишке ашырууга аракеттенишет; экономиканын негиздери боюнча өтүлүүчү сабактарда үй - бүлөдөгү өз ара мамилелешүүнүн м а даниятына көңүл бурулат; мындан тышкары жогорку класстарда “Иш боюнча мамилелешүүнүн этикасы” аттуу курс окулат. Кыскасын айтканда, билим берүүнүн мазмунундагы маданияттуулук баарыдан мурда окуу-тарбиялоо процессинин ар бир элементинин окуучулардын жана мектептин бүткүл окуу ишинин маданиятын калыптандырууга тийгизген таасири менен аныкталат.



Корутунду

Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн бекитилиши, анын коомдук маданиятынын түп-тамырынан жаңыланышы, социалдык багытталган рыноктук экономикага өтүүсү элге билим берүү органдарынын алдына өтө жооптуу жаңы милдеттерди койду. Билим берүү системасынын ар түрлүү звенолорунда жүргүзүлүүчү иштер республиканын жана бүткүл шериктеш мамлекеттердин элдеринин социалдык-саясый, экономикалык, адеп-ахлактык, идеологиялык турмуш сфераларында болуп жаткан негизги өзгөрүштөргө адекваттуу болууга тийиш. Мына ушундай шарттарда окуу предметтеринин мазмунун принциптүү түрдө сапаттуу жаңылоо биринчи планга коюлат. Бардык окуу предметтерин кыргыз мектептеринде гана эмес, окутуу кайсы тилде жүргүзүлгөндүгүнө карабастан биздин территорияда жайгашкан бардык окуу жайларында окутууну илимий-методикалык жактан тейлөөнү республика өзү камсыз кылууга тийиш эле. Ошондуктан билим берүүнүн мазмунун жаңылоо, Кыргызстандын мектептерин азыркы илим менен практиканын талаптарына жооп бергидей жана республиканын улуттук-регионалдык өзгөчөлүктөрүн туюнтуучу оригиналдуу окуу-нормативдик жана илимий-методикалык материалдар менен камсыз кылуу кыргыз билим берүү институтунун кызматкерлеринин эң башкы, өзөктүү милдети болду. Институттун чакан илимий кызматкерлери билим берүүнүн мазмунун жаңылоо боюнча жаңы окуу китептерди иштеп чыгышып, мурдатадан бери колдонулуп келе жаткан окуу китептерин, окуу пландарын, окуу программаларын, окуу-методикалык жана илимий-педагогикалык колдонмолорду түп-тамырынан кайрадан иштеп чыгып, өркүндөтүшкөн. Илимий- педагогикалык оозеки жана жазуу жүзүндөгү сын-пикирлери жана сунуштары толук эске алуунун негизинде колдонуу үчүн басылып чыгарылган. Билим берүү системасын реформалоонун соңку он жылы ичинде институтта 150дөн ашык окуу программалар иштелип чыгып өркүндөтүлгөн. Улуттук кыргыз мектебин жаңылоонун стратегиялык жолдорун аныктоо учурдун эң маанилүү маселеси болуп эсептелди. Албетте, улуттук мектеп улуттун маданиятын “аттап өтүшү” мүмкүн эмес эле. Баарыдан мурда окуучуларды өз элинин маданиятын ар тараптан терең билүүгө үйрөтүү керек, алар улуттун нарктуулуктары менен сыймыктанууга, ошондой эле башка улуттардын маданиятын билүүгө тийиш.



Колдонулган адабияттар

1.google.ru

2.



План:

  1. Киришүү

  2. Педагогика илими жана анын категориялары.

  3. Педагогиканын келип чыгышы жана өнүгүшү.

  4. Советтик педагогиканын пайда болушу жана өнүгүшү.

  5. Кыргыз педагогикасынын пайда болушу жана өнүгүшү.

  6. Билим берүүдө жана тарбиялоодо улуттук өзгөчөлүктөрдү чагылдыруу маселелери.

  7. Инсандын маданиятын тарбиялоо

  8. Корутунду

  9. Колдонулган адабияттар


Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!