СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Паремиялардын педагогикалык каражат катары колдонулушу

Категория: Всем учителям

Нажмите, чтобы узнать подробности

Паремияларды тарбиялоонун элдик каражаттары катары ар тараптан терең изилдеп, окуп, үйрөнүү менен элдин руханий байлыгы болгон ички дүйнөсүн, маданиятын аңдап билүү учурдун талабы болуп саналат.

Просмотр содержимого документа
«Паремиялардын педагогикалык каражат катары колдонулушу»

ОшТУнун академик Б.Мурзубраимов атындагы Эл аралык Өзгөн технология жана билим берүү институтунун окутуучусу, фил.илим.канд., доцент А.Абдулатов, ОшТУнун академик Б.Мурзубраимов атындагы Эл аралык Өзгөн технология жана билим берүү институтунун ага окутуучусу З. Мааткеримов

Паремиялардын педогогикалык каражат катары колдонулушу

АННОТАЦИЯ

Паремияларды элдик тарбиянын негизги каражаты катары ар тараптан терең изилдеп, окуп үйрөнүү менен элдин руханий дүйнөсүн, турмуш тиричилигин, маданиятын аңдап билүү. (түшүнүү)

Ачкыч сөздөр: паремия, паремиология, макал-лакаптар, этнопедагогика

АННОТАЦИЯ

Широкое исследование и тщательное изучение паремию как основные средства народной воспитании и понимание их как духовного мира, культуры и повседневной жизни кыргызского народа

Ключевые слова: паремия, паремиология, пословица, этнопедагогика

ANNOTATION

Wide research and studying paremy as the main means of thoroughly studying and national education of their spiritual world, culture and everyday life of Kyrgyz people.

Key words: paremy, paremiology, proverbs and sayings, ethnopedagogy

Паремия түшүнүгү бир нече илимдин курамында жолугат. Бул көп кырдуу жана функциялуу элдик чыгарма катары философияда, этнографияда, эстетикада, этикада, тил илиминде, этнопедагогикада, психологияда жана башка дисциплиналарда колдонулуп, алардын изилдөө предмети болуп калды.

Паремия негизи филологиялык обьект. Бул термин фольклордун эң кичинекей көлөмдөгү чыгармаларын жалпылап атайт. Паремиология болсо аталган жанрды түзүүчү чыгармаларды топтоп, изилдөөчү илимий багыт. Мунун чегинде паремиялардын жаралыш жолдорун, функцияларын, түзүлүшүн, түрлөрүн, көркөм каражаттарын изилдешет. Ошондой эле паремиология бул чыгармалардын ар кыл аспектилерин (философиялык, линвистикалык) жана методологиялык негиздерин талдайт.

Паремия тилдик каражат катары төмөндөгүдөй белгилерге ээ.Ар бир паремия сүйлөм түрүндө кездешип, бүтүн бир ойду билдирет. Көлөмү чектүү, көбүнчө бир эки жөнөкөй сүйлөмдөн турат. Паремия жалпыланган типтүү, конструктивдик формулаларга баш иет.Сөз курамы аларда салыштармалуу туруктуу болот.

Паремия турмушта көп колдонулат жана аны пайдалануучулардын дээрлик баарына түшүнүктүү болот. Паремия образдуу келет да, анын түзүмүндө эч болбогондо бир көркөм каражат (литофера, салыштыруу, контраст ж.б.у.с.) учурайт. Паремиянын мааниси жалпы болот. Ал сүйлөөчү менен жазуучунун оюн көркөмдөп таасирдүү берет. Угуучу менен жазуучунун оюна терең из калтырып, күчтүү сезим ойготот. Элдик билим – тажрыйбаны жыйнап, жалпылап жана таратып турат. Паремия типтүү ситуациаларда, жагдай шарттарда колдонулат. Угуучу менен окуучунун акыл-оюн өнүктүрөт жана байкоосун байытат. Маалымат “ныкталып” пресстелип берилет. Ал дидактикалык сапатка ээ болуп, окуу-тарбия максатында пайдаланууга ылайык келет. Мунун баары паремиялык эпизодду түзүүчү тилдик каражаттардын биримдигин, бүтүндүгүн түзөт. Бирок паремияларды бир кылка чыгарма катары кароо бир беткейликке алып келмекчи, анткени паремиялар ич ара ар түрдүү болуп бир аныктамага баш ийбейт.

Паремияларды эң оболу пикир билгизүүчү же билгизбөө мүмкүнчүлүгүнө карап эки топко бөлүүгө болот. Биринчи топту пикир берүүчү паремиялар түзөт. Бул паремияларда тигил же бул предметтин же анда тигил же бул сапаттын бардыгын же жоктугун билгизүүчү ойдун типтүү формалары катары берилет. Кыргыздар дүйнөдүгү эң эле байыркы элдерин бири экендиги жөнүндө кара тарых бетинде баян этилет. Көчмөн турмушунун жана жашоонун түрдүү катаал шарттарынын кырдаалында кыргыз байыртадан ичинен кубаныч, шаңы менен, кайгы-муңун көркөмдөп элестетүү баяндап келишкен. Улуу сөз сепилдерин укумдан-тукумга мурас кылып калтырышкан.

Ата- бабалардан калган бул асыл баалуу руханий кенчти канчалык терең изилдеп үйрөнүп, туура баалап, чеберчилик менен пайдалана билген сайын, алар бизге өзүнүн укмуштуудай купуя сырларын улам жаңылап ачып бере берет. Элдердин руханий дүйнөсүнүн, жүрүш-турушунун, турмуш тиричилигинин, маданиятынын да өзөгүн дал ушул паремиялар түзөт.

Мисалы, орус элинин: “Уул тарбияласаң-эркекти, кыз тарбияласаң улутту тарбиялайсың”-деген накыл сөзү нукура акылдын каймагы. Анткени, кыз - келечек колукту, эне, чоң эне! Энелер-аялзаты-улуттук тарбия системасынын өзөгү.

“Кыздын кырк чачы улуу”-деп аялдарды урматтап, мамиле кылуу менен катар, “Кыздуу үйдө кыл жатпайт”,”Кызга кырк үйдөн тыюу”, “Эшигин көрүп төрүнө өт, энесин көрүп кызын ал” деп, кыз тарбиялоого талапты катуу коюп, биздин бабаларыбыз кыздарды социалдык жактан тезирээк жетилтирүүгө умтулушкан.

Кыз балдар жашынан эле суу ташуу, казан асуу, идиш-аякты таза тутуу, дасторкон салуу, үйдү таза кармоо, оюп чийип, сайма сайуу ж.б.у.с. иштерди аткарышкан.

Биздин ата-бабаларыбыз балдарын мектепке бергенде “эти сеники, сөөгү меники”-деп мугалимдин колуна тапшырышкан. Мугалим окуучуларын кемсинтпей, сый-урмат менен, ага ишенич көрсөтүп, баланын адамдык беделин көтөрө чалып: “Баланы көөнү- жашоонун көөнү”-деп аны кемсинтпей мамиле жасашкан. “Адам болоор киши бар, адам болоор кишинин адам менен иши бар”-деп айтылат кыргыздын элдик макалында.

Турмушка жана ишкердикке балдарды жашынан машыктыруунун үлгүсүн ата-бабаларыбыз бизге мурас калтырып: “Баланы жашынан, катынды башынан” деген макалды айтышкан.

“Ата каргышы-ок, ...”, анткени, назарынан калган бала эч качан эр жарытар кул болбойт, ал сөзсүз элдин да назарынан калат. “Элдин назары-кудайдын назары” деген ишенимге ынандырган. Бала кандайдыр бир жаман жоруктарды жасап койсо, анда ата ачууга алдырып, баласын каргап жибериши ыктымал. Анда бала атанын назарынан калат.

“Жакшы ниет-жарым ырыскы”-дейт эл макалында “Жаштын тилегин кудай берет”-дейт. Бул паремия макалдарды таржымалдай турган болсок, аларда бай педагогикалык мазмун жатат. Демек, жашынан алдына алыскы перспективаны-жакшы ниет коюп, ага жетүүгө жан дили менен аракеттениши керек, ар бир адамдын тилеги сөзсүз ишке ашат. Анткени, ак тилеги, куш ою бар бала эч качан жаман ишке барбайт, өзү жөнүндөгү элдин пикирин өтө жогору баалайт. Эл мени жакшы десе деген күчтүү талап, аны элдин оор түйшүгүн кебелбей көтөрүүгө дем берет. Элдин бирөөлөргө кубаныч, бакыт алып келүүчү ишти аткарууга кара күчүн да, акыл дараметин да аябайт. Андай жаштарга эл ыраазычылыгын билдирип, алкыш айтат, ак ниетинен бата берет. Элдин купулуна толгон жаш өспүрүмдүн зоболосу көкөлөп бийиктей берет. “Элдин назары, кудай назары” дегендин түпкү жагдайын ушундай деп айтсак болот.“Жакшы болуу аста-аста, жаман болуу бир паста”-деген паремия макал бар. Жакшылыкка баланы жашынан үйрөтүү зарыл. Эгерде баланы жашынан жакшы жөрөлгөлөр акыл менен, адептүү, жоомарт, чыныгы инсан болот, ошондо жакшылык колунан келет.Ал эми жашынан баланы жаман жөрөлгөлөргө үйрөтсө жыйынтыгы жамандыкты берет. Эгерде жерди бешене тер менен тынымсыз иштеп, эгин, бак дарак, гүлдөр өстүрбөсө, аны сөзсүз уйгак басат, жамандык эч ким сеппей эле дүркүрөп өскөн уйгактай болот.Эр жигиттин абийири бир гана үй-бүлөнүн же ата-эненин үлүшү эмес, бүт уруунун, бүткүл элдин абийири катары эсептелет.“Уят өлүмдөн катуу” деген макал айткан ата-бабаларыбыз эл алдында уяты чыгып, абийири төгүлгөндөн көрө өлүмдү өйдө көргөн. Элдик педагогика жигиттеги зарыл касиеттин эң биринчиси-жигиттин абийири деп эсептеген, “Эрди- намыс, коёнду камыш өлтүрөт!”. Жигит өзүнүн жүрүш турушу, аялдарга жасаган мамилеси менен өзүнүн жана үй- бүлөсүнүн гана намысын коргобостон, бүт уруунун, элдин, намыс ариетин коргоону көрсөтүүсү зарыл.

Бүгүнкү күндө жаштарыбыздын ичимдик менен баңгиликке жакындыгы-улуттун традегиясы болуп саналат. Булардын айынан-кем акыл, мунжу, майып төрөлгөн балдардын саны күн сайын өсүүдө. Элибиздин “Балалуу үй-базар, баласыз үй мазар”-деп баланы ыйык тутуп, ал жөнүндө жан-дили менен кам көрүп,өзүбүздүн ата-бабаларыбыздын нускалуу мурастарын унутууга акыбыз барбы?-деген суроо таштайт.

Ата-бабаларыбыздын нускалуу маданият баалуулуктарын чагылткан, бир нече ондогон кылымдар бою чогулган элдик педагогиканын мурастарына негизделген таалим тарбия аркылуу жаштарыбыздын адеп ахлагын оңдобой туруп, дүйнөлүк цивилизациянын деңгээлине көтөрүлө албастыгыбызды ар бир адам баласы түшүнүүсү зарыл. Ар бир балада кандайдыр бир нерсеге болгон умтулуу турат. Ал дүрмөт, аны тутандыруу үчүн учкун гана керек. Адамды адам кылган эмгек жана эмгек тарбиясынын усулдарынын илимий негизин акыл калчап туура түшүнгөн эл: “Көрө-көрө көсөм болуп кыз өсөт; Устадан шакирт өтөт”-деген макалдарында, балдардагы өзүнөн улуулардын, ата-эненин тарбиясынын эптүүлүк, чеберчилик менен өткөргөн ишине, уздугуна суктанса- ал учкун балдардагы жөндөмдү от алдыраарын жакшы билгендигин айгинелейт.

Биздин ата-бабаларыбыз эмгек тарбиясынын чыныгы инсанды калыптандыруудагы ролун туура түшүнүп, балдарды өтө жашынан үй-тиричилигине тынбай иштетип үйрөтүшкөн. “Кары келсе-ашка, жаш келсе-ишке”-бул балдарды жакшылык жактан даярдоого болгон элдин ой-мүдөөсүн чагылдырган макал. Анткени бардык байлык эмгектин натыйжасы: пешене тери менен тапкан каражатты ар кандай эле адам сарамжалдуу пайдаланаарын байкаган ат-бабаларыбыз “отун албаганга от жактырба” деген макалды айткан. Өзү эмгектенбеген адам эмгекти да, эмгек кылган адамды да кадырына жетпейт, аны барктай албайт.

Кыргыз элинде “эмгектен тапкан нан ширин” деп айтылган сөз бар эмеспи. Элдин арасында өз оокатын эптеп жей албаган, бечара, жүүнү бош, келесолор дагы кездешет. Ошондой бекерпоз баласына атасы бир күнү “Бар балам, иштеп, бешене териң менен акча таап кел”-дейт. Анда баласы иштегенден эринип досторунан акча сурап келип, атасына берет, атасы отко ыргытып жиберет. Ошентип жүрүп бир күнү бирөөгө жалданып иштеп, эмгек акысына акча алып келип берет, анда атасы акчасын отко дагы ыргытып жиберет, ошондо бала акчаны отко түшүрбөй туруп, кармап алат, анда атасы балам, бул акчаны өз мээнетиң менен таап келипсиң: “Балам эмгектенип тапкан анан ширин болот деген ушул”-деп айткан экен.

Кыргыздын элдик педагогикасында балдарды үй-бүлөлүк турмушка тарбиялоого, бөтөнчө көңүл бөлүшкөн. Алар эркектин баркын, кыздын абийирин байлык катары бийик тутушкан. “Жети атасын билбеген кул”-деген макалдын мааниси: атасынын, чоң атасынын, бабасынын, бубасынын, кубарынын, жотосунун, тегинин ысымдарын гана билүү дегенди түшүндүрбөйт. Ал өткөн муундардын, ар бир элдин камын ойлоп, намысын коргой алуу дегенди түшүндүрөт. “Атага баш ийүү-кудайга баш ийүү”-деп макалдап айтышкан. Элдик педогогикалык ой-толгоосунун дараметине, “Кыздын кырк чачы улуу”-деп аялзатын бийик туткан кыргыз элинин бийик маданиятына тан берип, акыл калчаган белгилүү орус академиги Г.Н. Волков элибиздин таалим тарбия жөнүндөгү идеяларынын залкарлыгына таң калып, тамшанат. “Энени көрүп кыз өсөт, эжени көрүп сиңди өсөт”-делет эл макалы кыздарга тарбия берүүдө колдонулуп келет. Балдарды туура тарбиялоодо ата-эне өзүнүн эмгекке, коомго, жолдошторуна кылган мамилелери менен балдарындагы чынчыл, тартиптүү, адептүү болуп жашоосуна үлгү болууга тийиш. Макал-лакаптар жеке кишинин гана эмес, коллективдин иш-аракетинин да жыйындысы катары да эчен ирет кайталанган, такталган, далилденген иш-аракетинин, байкоолорунун жыйындысы болгондуктан, мааниси жагынан жалпы элдик мүнөздө реалдуу чындык турмуш менен тыгыз байланыштуу келет. Макал-лакаптар дидактикалык мүнөздө болгондуктан, таалим-тарбия багытында акыл айтуу, кеңеш берүү максатында колдонулат.

“Ушакчыдан алыс бол, жакындаба,

Ушак сөзгө өрт болуп- күйбө ага.

Айткан ушакчы эмес, айтып барган ушакчы”.

Холим адабият.1.том. Бишкек. “Кыргызстан” 1993.

Канткен менен да аялзатынын турпаты эң манилүү иштерди жасаган. Аялзатынын башына үй жумуштарын кармоо түйшүгү бүт бойдон жүктөлгөн:боз үйдү жайлоого көчүргөндө жана жаңы конушка келгенден тартып, төөгө жүктөрүн, үй эмеректерин артып, кайра жүк түшүргөнгө чейин жаны тынбайт. Кыргыздар аялдардагы күндөлүк турмушуна таандык болгон мамилени төмөндөгү макалдарга батыргансыйт: “Аялың урушчаак болгон соң, элиңдин тынч жашаганынан не пайда?”, Өтүгүң тар болгон соң, дүйнөнүн кеңдигинен не пайда?” “Катынымды канча кааласам ошончо урамын, өлсө кунун төлөймүн”. Кыргыздар аялдарды өтө баалап, сыйлап келишкен калк. Шарият боюнча төрттөн ашык аял алууга болбосо да, алар аны анчалык кармана беришпейт, каалашынча үйлөнө беришет. Ошондуктан кыргыздар салтты бекем кармап: “Сарт байыса там салат, кыргыз байыса катын алат”-деген макалды ушунун негизинде айтып келишкен. Кыргыз элинин көп аял алаганын себеби да бар. Мисалы: кыргыз эли көчмөн калк болгон, башка уруулар менен чабышып турушкан, ошол жоодон сактаныш үчүн көп аял алган. Анткени ал аялдар төрт, бештен бала төрөп, уруусун көбөйтөт, жоодон көпчүлүк менен чыгып кетет, жеңип алат. Келин үй-бүлөнүн гана келини эмес, өзү келин болуп келген уруунун да байлыгы катары бааланган. Уруу адамдардын саясий, коомдук, чарбалык биримдигин түзгөн уюм сыяктуу болгон. Мейманкерчилик, туугандык байланышка карата жасалат: туугандык кыргыздарда кырк тамырга чейин эсептелип кете берет. “Жети атасынын атын билбеген адам жесир”-деп айтылат кыргыз макалында. Ошондуктан кыргыз бейтааныш адам менен сүйлөшүп жатканда алгач анын жети атасы жөнүндө маалымат сурайт. Мейман тосуу кыргыздарда эң ыйык нерсенин бири катары эсептелет: алыскы жол жүргөн жолоочу кыргыз жеринде, дайыма алар кайсы жерде токтоп, түнөп калбасын, алар өзүнүн курсагы тойгузулуп, атына жем-чөп берилишине ишене берсе болот. Кыргыз конок сыйлоону өзүнүн эң бир бийик ар-намысы деп билет: “Мейман бул кудайдын сүйгөн адамы” дейт кыргыз макалында. “Бир күн тузун татсаң, кырк күнү таазим кыл”-деген макал да бар. Эгерде мейман тоскон үйдүн тамак-ашы жетпей калса, ага колу-коңшулары жардамга келишет да, “конок-аш” деп ар кимиси өз тамагын ала келишет. Айрым учурларда кембагал адамга мейман тосуу кыйын сыноо болгонуна да карабай мейман тосуудан качпайт. “Берген бешөө көп десе, алган алтоо аз дейт”. Манаптын келинин манап ала качып алса, ал эки лакаптын кесепетинен “эки нар жөөлөшсө, кара чымын кырылат” дегендей, эки ортодо кедейдин жалгыз аты, дыйкандын канчалаган азаматтары өлүп, чоң бүлгүнчүлүккө түшөт. Баатырдык тууралуу кыргызда “баатыр алтоо, бай төртөө, кедей сегиз, бий жалгыз, кул тогуз” деген эски макал бар. Демек баарынан кедей көп, кул көп, анан баатыр ошол бай, ошол бий. Эгерде жолдошунун аты жүрбөй калган болсо, жоодон ат түшүрүп, аны мингизип ала жөнөйт.

“Качсам да бир ат олжом бар, куусам да бир ат олжом бар”. “Мен дагы эл эмесминби, тигилерден кантип кем болоюн” деп анык баатырларды туурап, жоону качырып, дайым жоого түшөт, “айласыз баатыр чочкого чабат” деген макал ушундан калган. Баатыр алтоо деген ушул. Жайы кышы жалгыз көчөт, жалгыз жайланат. “Жаман атка жал бүтсө, жанына торсук байлатпайт, жаман эрге мал бүтсө жанына коңшу кондурбайт”-деген макал болгон. Бул деген ач көз, эч кимге эч нерсе бергиси келбеген, өзүмө гана болсо деп , өзүн гана ойлогон ою арам адам жөнүндө айтылган. “Жылкычынын бир көргөнүн хан, бир көргөнүн ит көрбөйт”-дейт макалда. Жылкычы бүткүл малчы, малайдан даражасы бийигирээк болгон. Ошол себептен жогорудагы макал келип чыккан. “Жигит деген бөрк ал десе, баш алат”-деген макал жигит бай-манаптын жанында жүрүп, атын багат, манапка мал уурдап, жоосун жоолойт, доосун доолайт, кедей-кембагалдарды ошондой жигит талкалаган, ошонун негизинде жогорку макал айтылып калган. “Башы мукул, аягы тукул, сайда саны жок, кумда кулу жок, жетесиз кул”-деген макал бар. Башы тукул деген- ата-бабасынан бери кул-күң болгон, аягы тукул деген-баары кул күң, бирөөнүн оту менен кирип, күлү менен чыккан, сайда саны жок-эчтекеден эби жок деген. Кулда кун жок-эл-журтун билбеген дарексиз кул, күң деген.

Адамга акыл үйрөткөн жана адептүү жүрүш-турушка үндөгөн элдик оозеки чыгармалардын түрүнө макал-лакаптар кирет. Эл ичинде макал-лакаптан “сөздүн гүлү”, “сөздүн чүйгүнү” катары бааланат. Анткени макал-лакаптарда адам турмушунун тажрыйбасы, учкул терең мазмундагы сөз тизмектери аркылуу, эки же андан көп саптардан турган ыр түрмөктөрү аркылуу айтылган макалдардан адамга керектүү ар кыл мазмундагы ой түйүндөрүн жолуктурабыз. М: “Өлөңдүү жерде өгүз семирет, өлүмдүү жерде молдо семирет”. Бул паремия макалды таамай сөз менен келеке кылып айтышкан. Дин кызматкерлери илгери өлүм болгон жерде адамдарды көптөгөн чыгымдарга учуратышкандыктан, анын негизинде чөнтөктөрү толуп, “өлүмдүү жерде молдо семирет” -деп айтылып калган.

Айрым макалдар ата мекенди коргоо, аны чексиз сүйүү, душманга сыр бербей туруктуулук кылып аягына чейин күрөшүү, элдин биримдиги, ынтымактуулугу сыяктуу ойлор, тарбиялык маанилерин да көрсөтөт.

Туулган жердин топурагы алтын.

Ар бир адамдын туулуп-өскөн жери кымбат, аны сүйө билет жана коргой алат.

Макалдар адамдарды эмгекчил, чынчыл, адептүү, сылык кайраттуу болууга үндөйт. “Ашың калса калсын, ишиң калбасын”, “Улууга урмат, кичүүгө ызат”, “Жакшы болсоң жатык бол, улук болсоң кичик бол”-деген макалдарда эмгекти сүйүү жана адептүү жүрүш-туруш, улууларды сыйлоо жөнүндөгү эски ойлор айтылып жатат. Эл өзүнүн макал-лакаптарында жатып ичер жалкоолорду, бирөөгө кара санаган ушакчыларды, ичи бузук адамдарды, кошоматчыларды, элдин эсебинен жашаган мителерди жерине жеткире сындап ашкерелеген. Мисалы: “Бекерчиден безе кач”, “Касапчы энесине сөөк сатат”, “Өз атасын сыйлабаган өз уулунан сый көрбөйт”.

“Мурун чыккан кулактан кийин чыккан мүйүз озуптур” -деген макалдын мааниси эмгекчил, аракетчил, иштерман адамдардын ийгиликке жетүүсү жөнүндө айтылат. “Өлгөн аттын такасын издеп, бир бай алты ай жер казган экен”-деген макал сөзсүз түрдө, бир болгон окуянын негизинде пайда болуп айтылып калган. Бул лакап ач көз, зыкым адамдардын олдоксон кылык-жоругун кайталоодон сак болууну эскерткен. “Бай өзүндө союуга козу таппай, жардынын жалгыз улагын сураптыр” деген лакаптын түпкү мааниси да ач көз адамдардын тойбостугу, өзүндө турган нерсени көрбөй, жардынын колунда же үйүндө турган буюмду көрүү жөнүндө маалымат берет.

ЛАКАПТАР:

Ачка олтургандан көрө айранга нан туурап жеген жакшы.

Айдаганы беш эчки ышкырыгы таш жарат.

Адал сынган молдонун үйүнөн алты камандын башы чыгыптыр.

Колдонулган адабияттар

1. Зулпукаров К.З. Кыргыз паремияларынын түрлөрү, түзүлүшү жана педагогикалык максатта колдонулушу.//Эл агартуу-2002-№ 3-4.-53-58-бб.

2. А.Абдулатов Паремияларды когнитивдик –педагогикалык максатта сыпаттоонун айрым проблемалары. Ош-2008-ж.

3. Г.Н.Волков. Этнопедагогика –Чебоксары,1974 г






Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!