СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Отоо чөптөрдү соттоо

Категория: Химия

Нажмите, чтобы узнать подробности

Отоо чөптөрдүн пайдалуу жана зыяндуу жактарын чагылдырган сабак

Просмотр содержимого документа
«Отоо чөптөрдү соттоо»

Отоо чөптөрдү соттоо.


Катышуучулар; Сот, адвокат,прокурор,кара буудай, чет элдик мейман,секретарь.


Күнөлүүлөр: Шакар чөп

Шыбак

Көндөй сүт тикени

Койчу баштыкча


Запкы тарткандар:Жалкообаев Адвокат, прокурор, кара буудай, чет элдик мейман, секретарь.


-Секретарь.Ордунардан тургула сот келе жатат!

(залда олтургандар ордунан турушат.Сот келип ордуна олтурат)


-Сот .Урматтуу жолдоштор!

Бизге “Ак-Жар” айлынын тургуну Жалкообаевден арыз түштү.

Анда Койчу баштыкчанын Шакар чөптүн,Шыбактын,Көндөй сүт тикенинин чарбага тийгизген зыяндуу таасирлери жөнүндө,элдин түшүмүн тартып алуучулугу жөнүндө жазылган. Тергөө көрсөткөндөй көндөй сүт тикени жер семирткичтерди көбүнчө азот жер семирткичтерин өзүнө тартып алган.

Натыйжада маданий өсүмдүктөр запкы тартып, начар түшүм берүүдө.


Шакар чөп жер бетинде өзүнүн “уругунун банкын” түзгөн.

Ал жыл сайын топуракты культивациялаганлан кийин массалык түрдө өсүп чыгып Кант кызылчасынын өсүшүнө тоскоолдук кылат.

Ошондой эле ал шыбак жана койчу баштыкча менен бирдикте айдоо талааларынын тегерегинде жайгашат да талаадагы өсүүчү маданий өсүмдүктөргө кол салып турат.

Тергөө иши көрсөткөндөй 10миң жылдан да көп убакыттан бери маданий өсүмдүктөргө зыян келтирип келүүдө б.а. адам баласы айыл чарба өсүмдүктөрүн өстүрүп баштагандан бери.


-Азыркы сөз запкы тарткан Жалкообаевге берилет.


-Көндөй сут тикенинин уругушамал аркылуу таралып, өсүмдүктөргө зыян келтирип чарбадагы түшүм 2эсеге азайып турат. Шакар чөптун айынан тракторум дем албастан бирде жүгөрүнү,бирде кант кызылчасын культивациялайм, бирок ал массалык түрдө дүркүрөп өсүшүн токтотпойт.


-Сот: Сөз Көндөй сүт тикинге берилет.


-Булардын баары калп !Запкы тарткандар өздөрү күнөлүү

Мен эч кандай жамандык жасаган жерим жок.Жер семирткичтерди өзүмдүн тамыр сабагымда катып койдум,ал эми чирий баштаганда аларды кайтадан кайтарып бердим.Мен топурактын калын катмарларынан минералдык элемментерди алып турдум анткени жүгөрү менен буудайдын тамырлары терен кетпейт.

Запкы тарткандар агротехникалык эрежелерди бузбай, комбайндарды өз убагында оңдоп жөндөгөндө мен мынчалык көбөйбөйт болчум.


-Сот. Сөз Шакар чөпкө берилет.


-Мен да күнөлүү эмесмин! Мени да өздөрү таратып жатышат,эмне үчүн культивацияны кеч жүргүзүшөт, ошондуктан менин уругум топуракта таралууда.Алар 20жылга чейин топуракта жатат да,кээ бир бөлүктөрү жыл сайын өсүп чыгууда. Өздөрү шарт түзүп жатканда өспөгөндө эмне?


-Сот. Сөз күнөөкөр Шыбакка берилет.


  • Мени жөн эле күнөөлөп жатышат! Мен айдоо талаасында өскөндү жаман көрөм . Менин сүйүктүү жерлерим жолдун жээктери жана айдоо талаасынын четтери, эгерде мага тийишпесе менин пайдадан башка зыяным жок. Зыяндуу курт кумурскаларды коркутуп турам. Запкы тарткандар отоо чөптүн кайсы түрүнө кирерибизди териштирбестен эле күнөөлөп жатышат.

-Сот. Сөз прокурорго берилет.


-Булардын күнөөсү көп. Булардын айынан биз бир жыл сайын 20-30% чейин түшүмдү кем алып жатабыз. Биздин негизги максат талааны отоо чөптөрдөн арылтуу. Ал үчүн гербициддерди колдонуп, талааларды терең кылып айдоо керек.

- Сот. Сөз адвокатка берилет.


Урматтуу жолдоштор! Биз отоо чөптөрдү айыптаган көп сөздөрдү уктук, бирок сот чечим чыгаруудан мурда, алардын күнөөсүн жеңилдетүүчү нерселерди да эске алсак. Чындыгында Шыбак, Төө тикен, Коко тикен, Чалкан менен бирдикте рудер өсүмдүгүнө кирет. Алар таштандыларга, жолдун жээктерине жакын өсөт. Рудер өсүмдүктөрүнүн көпчүлүгү пайдалуу дары өсүмдүктөр. Алардын кээ бирлеринен силос даярдоого болот. Ал эми Куйчу баштыкчадан алынган препораттар медицинада эң сонун кан токтотуучу каражат болуп эсептелет. Мен сөзүмдүн аягында күнөөкөрлөр күнөөлү эмес деп айткым келет. Алар өздөрүнүн талаада аз болушуна каршы эмес. Алар жердин терең катмарынан азык алуучу элементтерди алышып, жер семирткичтерди жамгыр менен жуулуп кетүүдөн сакташып, зыяндуу курт-кумурсканы коркутушуп, топуракты эрозия процессинен сактап туруу менен маданий өсүмдүктөргө жардам берүүдө.

Менин оюм боюнча запкы тарткандар айыл чарбасында өздөрү туура эмес иш жүргүзүп жатышат. Уруусу күчтүү болсо, ээсин жыгат болуп отоо чөптөрдү күнөөлөп жатат. Запкы тарткандар экологиялык билимсиздиги үчүн жоопко тартылышы керек!


-Кара буудай. Урматтуу жогорку сот!

Менин сөзүм бар. Мен Кара буудаймын көп жылдарга чейин отоо чөп болуп келгенмин. Мага адам баласы көңүл буруп карап, тандоо жүргүзүп азыркы учурда маданий өсүмдүк катары баардык өлкөлөрдө тигилем. Менин составымда белок жана В витамини көп. Ошондуктан менин туугандарымды соттогонго шашпасаңыздар экен. Мүмкүн алар күнөөлү эместир.


-Чет элдик. Мен жүгөрү компаниясынын өкүлү болом. Менин ойюм боюнча отоо чөп күнөөлү эмес. Дыйкан чарба өздөрү күнөөлү. Мен өзүмдүн иш тажрыйбамдан айтсам, отоо чөптөр түшүм алууга жардам берип, зыяндуу курт-кумурсканы кубалап, ар кандай оруулардан коргоп турат. Отоо чөптөргө каршы пестициддерди көп колдонбостон, экологияны коргошубуз керек! Жерди сакташыбыз керек!


-Сот. адвокаттын жана күбөөлөрдүн сөзүн угуп, мындай чечимге келди, Көңдөй сүт тикени, Шыбак, Шакар чөп, Койчу баштыкча күнөөлүү эмес. Сот залынан бошотулсун!



Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!