Просмотр содержимого документа
«Органикалык заттардын негизги класстарынын ортосундагы генетикалык байланыш.»
Сабакка чейин
Сабактын темасы: Органикалык заттардын негизги класстарынын ортосундагы генетикалык байланыш.
Сабактын методу: репродуктивдүү
Сабактын тиби: аралаш
Сабактын формасы: эсеп чыгаруу
Максаты | Көрсөткүчтөрү |
А)Конкреттүү максаты (билим берүүчүлүк): Органикалык заттардын негизги класстарынын ортосундагы генетикалык байланышты окуп үйрөнүшөт. | Органикалык заттардын негизги класстарынын ортосундагы генетикалык байланышты химиялык теӊдеме аркылуу жазып бере алышса. |
Б)Конструктивдүү (ѳнүктүрүүчүлук, тарбиялоочулук): Органикалык заттар, касиеттери, түзүлүшү, функционалдык топ, реакциянын типтери, реакциянын механизими, химиялык теӊдеме боюнча түшүнүгү өнүгөт. Жоопкерчиликтүү болууга тарбияланышат. | . Айланууларды аткарууда органикалык заттар, касиеттери, түзүлүшү, функционалдык топ, реакциянын типтери, реакциянын механизими, химиялык теӊдеме боюнча алган билимдерин пайдалана алышса. Өз алдынча айланууларды иштей алышса. |
Күтүлүүчү натыйжа:
Органикалык заттардын негизги класстарынын ортосундагы генетикалык байланыштар боюнча көнүгүүлөрдү өз алдынча аткара алышат.
Сабактын мотивациясы (бул сабак эмнени берет?): Органикалык заттардын негизги класстарынын ортосундагы генетикалык байланыштар боюнча айланууларды иш жүзүнө ашырууга үйрөнөт, мурунку алган билимин бекемдейт.
Сабактын ѳбѳлгѳсү (Окуучунун априордук билими (мурунку билими)): Органикалык заттар, касиеттери, түзүлүшү, функционалдык топ, реакциянын типтери, реакциянын механизими, химиялык теӊдеме боюнча билими бар.
Сабактын жабдылышы: Слайддар, сүрөттөр, моделдер, анимация колдонулат.
Убакыт: 45 минута
Убакытты бѳлүштүрүү: Чакыруу этабы:5-8мин
Түшүнүү этабы(сабактын негизги бѳлүгү):20-25 мин
Ойлонуу этабы(сабакты бышыктоо):10-12 мин
Сабак
Сабактын жүрүшү:
Чакыруу этабы:
Сабактын чөйрөсү:
Саламдашуу,класстын тазалыгына кѳз салуу,тактоо.
Жагымдуу маанай тартулоо:
Үй тапшырмасын текшерүү жана ѳтүлгѳн теманы кайталоо:
Пентандын жана гександын изомерлерин жазгыла.
Түшүнүү этабы(сабактын негизги бөлүгү):
этан→хлор этан→бутан→бутен-1→2-бромбутан→бутанол-2→көмүр кычкыл газы
Ойлонуу этабы(сабакты бышыктоо):
Мугалимдин иш аракети: | Суроо-жооп, аӊгемелешүү менен сабак лекция түрүндө өтүлөт. |
Бышыктоо: 4,4-диметилгексен-1 дин 4,4-диметилгексин-1 ге айлануу реакциясынын теӊдемесин жазгыла. Алынган алкиндин гидратациялоо жана бромдоо реакциясынын теӊдемесин түзгүлө. Ацетиленди алууга мүмкүн болгон реакциялардын теӊдемелерин түзгүлө. Ацетиленден бензолду алуунун химиялык реакциясын жазгыла. | |
Үйгѳ тапшырма:
метан→ацетилен→бензол→циклогексан→көмүр кычкыл газы.
этан→этен→этин→суу→этанол→этаналь→этан кислотасы
Баалоо: