СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Ондук бѳлчѳктѳрдү ондук бѳлчѳккѳ бѳлүүгѳ карата кѳнүгүү иштѳѳ

Категория: Математика

Нажмите, чтобы узнать подробности

Ондук бѳлчѳктѳрдү ондук бѳлчѳккѳ бѳлүүгѳ карата кѳнүгүү иштѳѳ

Просмотр содержимого документа
«Ондук бѳлчѳктѳрдү ондук бѳлчѳккѳ бѳлүүгѳ карата кѳнүгүү иштѳѳ»



Математика

6-класс



Сабактын темасы: Ондук бѳлчѳктѳрдү ондук бѳлчѳккѳ бѳлүүгѳ карата кѳнүгүү иштѳѳ.

Сабактын максаттары:

Күтүлүүчү натыйжа

Билим берүүчүлүк максаты:

Окуучуларга ондук бѳлчѳктѳрдү ондук бѳлчѳккѳ бѳлүү жолун үйрѳтүү жана ондук бѳлчѳктѳрдү ондук бѳлчѳккѳ бѳлүүгө көнүктүрүү.

Ондук бѳлчѳктѳрдү ондук бѳлчѳккѳ бѳлүү жолун билишет, ондук бѳлчѳктѳрдү ондук бѳлчѳккѳ бѳлѳ алышат

Ѳнүктүрүүчүлүк максаты:

Окуучуларды санды ондук бѳлчѳккѳ бѳлүүдѳ бѳлүнүүчүнү да, бѳлүүчүнү да натуралдык санга келтирип алып бѳлүүгө кѳнүктүрүү

Окуучулар санды ондук бѳлчѳккѳ бѳлүүдѳ бѳлүнүүчүнү да, бѳлүүчүнү да натуралдык санга келтирип алып бѳлүүнү аткара алышат.

Практикалык максаты:

Окуучулардын санды ондук бѳлчѳккѳ бѳлѳ билүүсүнѳ жетишүү.

Окуучулар санды ондук бѳлчѳккѳ бѳлѳ билишет

Тарбия берүүчүлүк максаты:

Окуучуларды тактыкка, тыкандыкка, шамдагайлыкка тарбиялоо жана ой жүгүртүүлѳрүн ѳстүрүү

Окуучулар тактыкка, тыкандыкка, шамдагайлыкка тарбияланышат, жана ой жүгүртүүлѳрү ѳсѳт

Сабактын тиби: билимдерди бышыктоо, жалпылоо сабагы

Сабактын ыкмасы:

  • кѳрсѳтмѳлүү (интерактивдуу доскада компьютер аркылуу презентация кѳрсѳтүү),

  • практикалык (тапшырмаларды аткаруу )

  • интерактивдүү (топтордо иштѳѳ, класстер),


Сабактын формасы: эсеп чыгаруу - жарыш түрүндѳгү сабак

Сабактын жабдылышы: кѳнүгүүлѳрү менен түстүү карточкалар, ноутбук, электрондук такта, мультимедиялык проектор, доскада тема жазылган түстүү кагаздар, окуу куралдары ж.б.

Предмет аралык баланышы: кыргыз тили, адабият

Улуттук педагогика: макалдар, курак куроо ѳнѳрү, улуттук оюу чиймелер

Сабактын жүрүшү: 

  • Сабакты уюштуруу;    

  • Υй тапшырмаларын текшерүү;

  • Жаңы сабак

  1. Уюштуруу: класстын тазалыгына кѳз салуу, классты сабакка даярдоо

  2. Υ й тапшырмаларын текшерүү: Υйгѳ №136-кѳнүгүү берилген: Кѳрсѳтүлгѳн таблицанын ар бир сабындагы удаалаш эки сандын оң жагындагысы анын сол жагындагы санды 0,5ке бѳлгѳнгѳ барабар. Ушул эреже боюнча чакмактарды толтургула.



Проектордун жардамы менен үй тапшырмасын доскага чагылдырып, берилген таблица боюнча текшерүү жүргүзѳбүз.

6,4

6,4:0,5=12,8

12,8:0,5=25,6

25,6:0,5=51,2

2,4

2,4:0,5=4,8

4,8:0,5=9,6

9,6:0,5=19,2

11,2

11,2:0,5=22,4

22,4:0,5=44,8

44,8:0,5=89,6

Суроо: Ондук бѳлчѳктѳрдү ондук бѳлчѳккѳ бѳлүү кандай аткарылат?

Жооп: а) Бѳлүүчү натуралдык сан болгондой кылып бѳлүнүүчүнү да, бѳлүүчүнү да 10го,

100гѳ, 1000ге ж.б.у.с. тиешелүү санга кѳбѳйтѳбүз;

б) Натуралдык санга бѳлүүнү аткарабыз.

  1. Жаңы сабак

Υй тапшырмасын жана ондук бѳлчѳктѳрдү ондук бѳлчѳккѳ бѳлүүнү кайталап алдык. Эми ушул теманын үстүндѳ кѳнүгүүлѳрдү аткарабыз.

Тактада проектордун жардамы менен слайд - чоң эненин сүрѳтү чагылдырлат.

Чоң эне кѳз айнегин издеп кеткен кѳрүнѳт. Бул чоң эненин сандыгы окшойт. Ичинде эмне бар экенин кѳрѳлүчү. Ичинде кат жана бир нече кесимдер бар экен. Эмне деп жазылганын окуйлучу: “Кесимдерди алып артындагы эсептерди чыгарып, ирээти менен жайгаштырсанар курак куралат. Бүткѳн соң четин кыюулоо керек”. Келгиле чоң эне келгиче курагын курап коёлу.

Кана эмесе балдар үч топко бѳлүнүп алып курак куроого киришели. “Жигитке жетимиш ѳнѳр аздык кылат” дейт, андыктан бул ишке балдар да кошулат. Баарылап ишке киришели. Биринчи топтун аты “Манас”, экинчиси “Семетей”, үчүнчүсү “Сейтек” болсун. Ар бир топтон бирден окуучу чыгып бир кесимди алып эсепти чыгарып, номери боюнча доскага чаптайт. Топторго эсеп туура чыгарылган учурда 2 упай, катасы менен чыгарылып, оңдолсо 1 упай берилсин. Упайлар боюнча жыйынтык чыгарабыз.





















Ал эми топтордун ишин төмөнку таблицадагы алдын ала даярдалган таблица менен текшерсек болот

КАРТОЧКАДА берилиши

ЖООБУ

13,5:0,3

45

12,6:0,3

42

0,02:0,1

0,2

12,5:0,5

25

1,8:0,6

3

3,5:3,5

1

7,5:2,5

3

4,2:2,1

2

2,8:1,4

2

5,5:1,1

5

4,9:0,7

7

7,2:3,6

2

27,09:0,03

903

2,5:0,4

6,25

0,4:2,5

0,16

5,5:0,05

110

30:0,03

1000

18,4:7,36

2,5

1,75:3,5

0,5

68,04:5,4

12,6

86,1:2,46

35

19,86:0,3

66,2

3,6:1,44

2,5

5,76:4,8

1,2

0,27:0,9

0,3

1,35:2,7

0,5

1,4:0,7

2

0,12:0,6

0,2

1,44:3,6

0,4

14:1,75

8

Жыйынтык чыгарабыз. Кайсы топ утушка ээ болгонун жарыялайбыз. Азаматсыңар!

Эми курактын 4 капталына кыюулары керек. Ал үчүн силер №145, 146-кѳнүгүүлѳрдү аткарып келгиле. Ошону менен курагыбыз толук куралып бүтѳт.

  1. Жыйынтыктоо. Демек ондук бѳлчѳккѳ бѳлүүдѳ кандай кадамдарды аткарышыбыз керек экен? Ар бир топ ѳз оюн класстер түрүндѳ чагылдырып беришсин. Ал эми ар топтон бир окуучу чыгып класстерди жактап берсин.

  2. Билимдерин баалоо: Сабакка катышкандыгына жараша окуучуларга күндѳлүккѳ жана журналга баа коюу. Бүгүнкү сабакка активдүү катышкандарга, мыкты аткаргандарга “5”, жакшы аракет кылгандарга “4”, калгандарына да тиешелүү баалары коюлат.

  3. Υйгѳ тапшырма: №145, 146-кѳнүгүүлѳрдү чыгарып келесиңер.




Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!