Сабактын темасы: Ондук бѳлчѳктѳрдү кошуу жана кемитүү
Сабактын максаты: | Күтүлүүчү натыйжа |
Билим берүүчүлүк максаты: |
Окуучулардын ондук бѳлчѳктѳрдү кошуу жана кемитүү жѳнүндѳ түшүнүктѳрүн кеңейтүү, билимдерин бышыктоо. | Окуучулар ондук бѳлчѳктѳрдү кошуу жана кемитүү эрежелерин билишет, билимдерин бышыкташат |
Ѳнүктүрүүчүлүк максаты: |
Окуучулардын ондук бѳлчѳктѳрдү кошуу жана кемитүүгѳ карата маселелерди чыгара билүү жѳндѳмдѳрүн ѳнүктүрүү. | Окуучулардын ондук бѳлчѳктѳрдү кошуу жана кемитүүгѳ карата маселелерди чыгара билүү жѳндѳмдѳрү ѳрчүйт. |
Практикалык максаты: |
Окуучулардын ондук бѳлчѳктѳрдү кошуу жана кемитүүнү ѳз алдынча аткара билүүсүнѳ жетишүү. | Окуучулар ондук бѳлчѳктѳрдү кошуу жана кемитүүнү ѳз алдынча аткара билишет. |
Тарбия берүүчүлүк максаты: |
Окуучуларды тактыкка, тыкандыкка тарбиялоо жана чыгармачыл ой жүгүртүүлѳрүн ѳстүрүү | Окуучулар тактыкка, тыкандыкка тарбияланышат жана чыгармачыл ой жүгүртүүлѳрү ѳсѳт |
Сабактын тиби: билимдерди ѳркүндѳтүү сабагы
Сабактын ыкмасы:
кѳрсѳтмѳлүү (интерактивдүү тактада иштѳѳ, презентация кѳрсѳтүү),
интерактивдүү (топтордо иштѳѳ),
Сабактын формасы: практикалык (ѳз алдынча кѳнүгүү иштѳѳ)
Сабактын жабдылышы: ноутбук Acer, мультимедиялык проектор, түстүү карточкалар, доскада тема жазылган түстүү кагаздар, окуу куралдары ж.б.
Сабактын предмет аралык байланышы: география, биология, кыргыз тили, тарых
Сабактын жүрүшү:
Уюштуруу
Υй тапшырмаларын текшерүү:
Берилди: карточкадагы берилген мисалдарды аткаруу. Ар бир топтон бирден окуучу чыгып доскага туура жоопту жазат.
5,928+3,51202-6,9285=9,44002-6,9285=2,51152
1,25+2,62-1,15=3,87-1,15=2,72
73,46-(4,554+3,6)=73,46-8,154=65,306
11,25-(6,15+3,999)=11,25-10,149=1,101
47,56-(2,395-1,244)=47,56-1,151=46,409
Өтүлгѳн теманы кайталоо: Кана балдар кайталап алалы. Ондук бѳлчѳктѳрдү кошуу жана кемитүүдѳ кандай эрежелерге таянабыз?
Сабактын жүрүшү:
Класс үч топко бѳлүнүп отурушат. Топторду “Ак куу”, “Ак чардак”, “Ак кеме” деп атап алалы.
Топтор сабактын жүрүшүндѳ ар бир тапшырма боюнча упайларды топтошот жана анын жыйынтыгы менен жеңүүчү топ аныкталат. Топтордогу окуучулар ѳз тобу үчүн упай алып келүүсү керек. Ал эми топ башчысы берилген кагазга топто иштеген балдардын аткарган иштерин белгилеп турат. Ээлеген орундарына жараша кызыктыруучу сыйлыктарды алышат.
Упайлар электрондук доскага жазылып турат. Класс тѳмѳнкү тапшырмаларды аткарышат:
Математикалык диктант. (ар бири ѳз алдынча)
Оозеки суроолор. (ар бир топтон бир окуучу)
Карточкадагы тапшырмалар. (ар бири ѳз алдынча)
«Телибайдын каты» (топ менен иштѳѳ)
Карточка менен иштѳѳ. Маселелер. (ар бири ѳз алдынча)
Жыйынтык чыгаруу. Баалоо.
Диктант жазуу үчүн ар бир окуучу даяр кагаз алышат, жоопторду жазышат.
МАТЕМАТИКАЛЫК ДИКТАНТ
| Жазуу жүзүндѳ берилген ондук бѳлчѳктѳр | Сан түрүндѳ (сенин жообуң) | Сан түрүндѳ (туура жооп) |
| Эки бүтүн миңден он эки | | 2,012 |
| Жыйырма беш бүтүн он миңден жүз үч | | 25,0103 |
| Алтымыш сегиз бүтүн миңден токсон тогуз | | 68,099 |
| Тѳрт миң бүтүн он миңден бешмиң эки жүз сегиз | | 4000,5208 |
| Он үч бүтүн жүздѳн сексен жети | | 13,87 |
| Жүз эки бүтүнмиңден жүз эки | | 102,102 |
| Жыйырма жети бүтүн жүздѳн тогуз | | 27,09 |
| Он тѳрт бүтүн миңден эки жүз элүү сегиз | | 14,258 |
| Үч жүз алтымыш тогуз бүтүн миңден үч | | 369,003 |
| Жүз жыйырма үч бүтүн миңден тѳрт жүз элүү алты | | 123,456 |
Оозеки иштѳѳ. Суроолорго жооп бергиле.
Быйылкы жыл тарых жана маданият жылы болгондуктан тарыхый маалыматтарга да токтоло кетели.
Быйыл “Үркүндүн” 112,03-12,03 жылдыгы (100)
Кыргызстандын эгемендүүлүгүнѳ 150,56-125,56 жыл толду (25)
Ысык-Кѳл областында 1,2+3,8 район бар (5)
Чолпон-Атага шаар статусу 1-жолу 2016,6-41,6 жылы берилген (1975)
Ысык-Кѳлдүн туурасы 23,087+34,913 (58 км)
Ысык-Кѳлдүн эң терең жери 189,369+512,631км (702 км)
Оозеки эсептеп, жоопту топтун атынан бир окуучу айтат жана доскага жазат.
Карточкадагы тапшырмалар
Ар бир окуучуга ѳз алдынча тапшырма берилет. Жоопту доскадагы туура жоопторду карап жанындагы окуучу текшерет, баалайт.
Телибайдын каты.
Телибай тентек бизге кат жазыптыр. “Балдар тѳмѳнкү эсептерди чыгарууга жардам берүүңѳрдү сурайм.
М ен ондук бѳлчѳктѳрдү жана жѳнѳкѳй бѳлчѳктѳрдү бирден карточкага жаздым. Кайсы ондук бѳлчѳк кайсы жѳнѳкѳй бѳлчѳккѳ барабар?.
(1-топ кызыл конверт, 2-топ жашыл конверт, 3-топ сары конверт)
Ондук бѳлчѳктѳр: 0,24 3,76 3,076 0,024
Үтүрлѳрдү кокустан ѳчүрүп алдым. Ашыкча го деп ойлогом. А бирок жооптор туура эмес болуп жатат. Үтүрлѳрдү тууралап коюуга жардам бергиле. Кандай болгон учурда барабардыктар туура болот?
52 + 18 = 7 42 + 17 = 212 63 – 27 = 603
3 + 108 = 408 736 – 336 = 4 57 – 4 = 17
32+18 = 5 3+108 = 408 42+17 = 212
в . Мен үч бурчтуу калпагымдын эки жагын ченесем 23,7см жана 19,6см болду. А менин калпагымдын ѳлчѳмү (размери) 52,5см. Үчүнчү жагын ѳлчѳѳнү унутупмун. Калпагымдын үчүнчү жагы канча см?
а=23,7 см Р=а+в+с
в=19,6 см с=Р-(а+в)
Р=52,5 см с=52,5-(23,2+19,3)=52,5-42
______________
с-? Жообу: үчүнчү жагы 10 см.
Топтор Телибайга жооп жазышат. Жооп жазылган плакатты доскага чапташат. Жооптор текшерилип упайлар берилет.
Тѳмѳндѳгү тапшырмалар боюнча топ башчылары топтогу окуучулардын иштѳѳсүн белгилегиле.
| |
1 | Математикалык диктант | |
2 | Оозеки суроолорго туура жооп берсе 1 упай | |
3 | Телибайдын каты | 1-тапшырма | |
4 | 2-тапшырма | |
5 | 3-тапшырма | |
6 | Карточка менен иштѳѳ | |
| Жалпы канча упай | |
Тѳмѳнкү тапшырмаларды аткаргыла. Таблицада коюлган жооптордун тушуна жазгыла
а) 3,5+1,1 = ы в) 7,8+0,7 = т д) 0,933-0,167 = м ж)10-0,25 =к
б) 0,98+0,02 = н г) 7,55-2,45 =ы е) 0,92 + 12,08 = а
5,1 | 4,6 | 1 | 13 | 8,5 | 1,1 | 9,75 |
ы | ы | н | а | т | м | к |
Жоопторду жазган соң “Ынтымак” деген сөз куралды. Демек балдар ынтымак менен баарын жеңсе болот. Ынтымактуу болгула. Эми сабагыбызды жыйынтыктайлы.
Сабакты жыйынтыктоочу суроолор берилет:
Ондук бѳлчѳктѳрдү кантип кошобуз? Кошуу эрежелерин айтып бергиле.
Ондук бѳлчѳктѳрдү кантип кемитебиз?
Баалоо, баа коюу. Топтордун башчылары тобундагы ар бир окуучуга кенешип коюлган баа баракчасын жыйнап келет. Ошого жараша бааларды журналга, кундөлүккө коёбуз
Ү й тапшырма берүү. Ондук бѳлчѳктѳрдү кошуу жана кемитүүгѳ карата 5 тен мисал түзүп чыгарып келебиз. Андан сырткары №26, 27 – кѳнүгүүнү чыгарып келесинер.